Көк бөрү арамбы?
Автор:
Чубак ажы Жалилов
Улуттук кайра жаралуу доору деп айтсам туура болобу (?) же улуттук кайра калыптануу доору десем андан да түзүктөй болгону турат, айтор мурда артистер эле кийчү кыргыздын улуттук кийимдерин кийүү кадимкидей көрүнүшкө айлангандыгы көңүл жылытат. "Ислам кийимдеринин модасы" сыяктуу иш чаралардын өтүүсү да улуттук маданиятыбыз менен ислам маданиятыбыздын жуурулушунун камсыздайт.
Менин айтайын дегеним ушул сыяктуу көңүл жылыткан башка маселе "көк бөрү" же "улак тартуу" улуттук оюну тууралуу болмокчу. Эзелтеден улак тартып келген ата-бабаларыбыз.
Кадырлуу конок келсе улак тарттырып тосуп алган. Кыргыз мусулман динин кармангандан кийин деле Адигине, Тагай бийлер Исламды дин тутунууну жалпы кыргыз атпайга ыктыяр кылгандан кийин деле бул тураасында өрөскөөл сөз айтылбаптыр.
А бирок заман акыр жер такыр болгон акыркы убактарда улак тартууну "арам, шариатка каршы келет" деген кадыр-барктуу кээ бир молдокелерден угуп калып жүрөбүз. Улакка чабылган аттарды эпсиз кыйнап коюу,союлган торпок менен текени кыйнап тарткылоо жана улак тарткандардын намаз окубай коюусу, кээде улак тартылган жерде ичимдиктин ичилүүсү сыяктуу маселелерди жүйөгө тартып жүрүшөт. Ушул айтылган сөз канчалык туура? Канчалык шариаттуу?
Улак тартуу тууралуу... Көк бөрү арамбы?
#2 06 April 2013 - 23:40
Дегеле кыргыздын нарк-насилине,
каада-салтына байланыштуу маселерге фатва бергенде, кыргыздын ичинде чоңойгон, анын тилинде сүйлөгөн адам болуусу кажет. Ысык чөлдүү арабыстандан келген дамбылданын фатвасы жарабай калат кээде кыргызга. Анткени фатва берүүдөгү негизги эсте тутулчу маселе,"фикхул ваакиь" маселеси. Фатва бере турган маселесин толук элестете албаса, ага кантип фатва айтмак эле. "Көчпөс үй, учпас тоок" болуп олтурган журттардан чыккандардын дегеле көк-бөрү туурасында фатва берүүгө шариат тараптан укугу жок. Ошондой эле "Манас"
эпосун окубаганадамдардын да мындай-тигиндей деп сөз чоюусу туура эмес болуп калат. Чыккан кыз чийинден сырткары дешчү беле илгертен...
Дагы бир айта кетчү маселе, төмөндө Надырбек ажы Алымбековдун "Куттуу Куран" аттуу Куран аяттарынын маанилерин ыр менен жазган чыгармасынан келтирүүнү туура таптым.Дагы бир айта кетчү маселе, төмөндө Надырбек ажы Алымбековдун "Куттуу Куран" аттуу Куран аяттарынын маанилерин ыр менен жазган чыгармасынан келтирүүнү туура таптым. Албетте, ар бир инсан тараптан аткарылган эмгекте кемчилдик болбой койбойт. Ыр түрүнө жазылган эмгекти кээ бирлер жектеп, андай таризде жазылуусу туура эмес деп айтышат. Албетте ал сөздүн өзү туура эмес. Ким кандай усулда түшүндүргөнгө кудуреттүү болсо, ошол усулда жазат эмеспи. Алыкулду кара сөз менен жазбадың, же Чыңгызды ыр менен жазбадың деп айтуубуз дурус эмес болот. Надырбек ажы акын катары кара сөзгө караганда ыргак менен жазуу жөндөмү күч болгондуктан, ошого багыт алыптыр. Аны жектөөнүн кереги жок. Туура, кээ бирлердин Курандын сөз тизмек түзүлүшүндөй көркөмдүктө беремин,ар бир сөздүн ордун табамын деп опурулуусу жеткен акылсыздык болот.

#3 06 April 2013 - 23:46
Кеп оролу шариатта...
Ыйык Куранда жылкы баласы жөнүндө айтылат:
· Аадияат сүрөөсүнүн1- 5- аяттарынын тафсиринде:
"Күлүктөргө ант!
Туягынан от чачырап (кай бирде),
Энтигишип, күйүгүшкөн чапканда,
Таңга маал жоону каптап, дүңгүрөп,
Арт жагынан чаң көтөргөн асманга.
Учур келсе жарып кирген топ бузуп,
(Учур келсе, Жардам берген жоодон аман качканга)" , деп АллахТааланын касам менен айтуусу жылкы тукумунун фазилет-артыкчылыгына берилген баа экендиги талашсыз кеп. Демек, жылкы фазилеттүү жаныбар. Аны менен куусак жетип, качсак кутулабыз.
· Нахл сүрөөсүнүн 8-аятынын тафсиринде:
"Ал жаратты эшек, качыр, аттарды,
(Тойго минсең мындан өткөн барк барбы?)
Ылайыктап салтанаттуу жүрүштү,
(Түзүп берди эң бир сонун шарттарды).
Ал жаратат,
(Өркүндөтөт адамдардын өнөрүн,
Бийиктигин, ылдамдыгын, көлөмүн).
А силер болсо билбейсиңер чынында,
(Келечекте кандай амал берээрин)" , деп Аллах Таала жылкыны минүүгө, короолорубуздун көркүнө көрк кошууга жараткандыгын, андан башка да биз билбеген пайдалуу жаныбарларды жараткандыгын билдирет. Демек, жылкы момундардын зыйнаты.
· Аали Имраан сүрөөсүнүн 14-аятынын тафсиринде:
"Аял чиркин сулуулуктун (башында),
Бала чиркин кандай таттуу (жашында).
Алтын-күмүш, күлүк атың, мал-жериң,
Айтып бүткүс, кандай кымбат асыл баа.
Бул ушул дүйнөдө пайдалуу.
(Кооздуктар калып кетет ким өлсө,
Коштоп келбейт топуракка түнөсө).
Ал эми,
Жараткандын (даярдыгы өзүнчө),
Жаннаты бар жерден кооз миң эсе", деп Аллах Таала пендезатына сыноо үчүн аялдарды жакшы көрүү делебесин, перзенттерге болгон тартылуу сезимин, топтолгон алтын-күмүштөрдү, көркөм-сулуу, асыл-тукум жылкыларды, төрт түлүк малды, бакзар, эгин талааны жакшы көрүүнү насип этти. Айтылган нерселерди пенденин көңүлүнө сүйүктүү кылып койду. Булардын бардыгы жалган дүйнөнүн жасалгасы. Чыныгы ырахат Кудай Таалам момундарга даярдаган жаннатта болоор деп баяндады. Демек, жылкыларды жакшы көрүү сезими инсандын табиятында бар. Аны жектөөгө болбойт.
· Анфаал сүрөөсүнүн60- аятынын тафсиринде:
"(Эй момундар! )
Согушкула шайманыңар шай болсун!
Курал-жарак, камылгаңар бай болсун!
Душман көрсө атчандарды тизилген,
(Көңүл кантип андай кезде жай болсун?)
Коркуп турсун каршылаштар –душмандар!
(Коркуп турсун купуя сыр туткандар! )
Силер билбес касыңар бар жашыруун,
(Эртең бөрү, бүгүн майда чычкандар).
Андайлардын Алла билет жөн-жайын,
(Алар душман ниеттерин бузгандар).
Сарп кылсаңар Алланын ак жолуна,
Кайтарылат толук бойдон колуңа.
Алла жактан силерге жок зулумдук,
(Жамандык жок жакшы иштердин соңунда)" , деп Аллах Таала момундар душманга каршы чыккан убакта колдон келген күчтү камдап, атчан аскерлерди согушка даярдап коюунун милдеттүүлүгүн баяндайт. Анткени атчан аскерлердин сүрү бар. Ачык душман да, котур ташын мойнуна каткан жашыруун душман да мына ушул атчан аскерлерден коркуп душмандыгын ачыкка чыгара албай тургандыгын айтат. Демек, жылкынын сүрү, атчан аскердин кудурети өзгөчө мааниге ээ.

#4 06 April 2013 - 23:51
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Жылкынын маңдайына жакшылык кыяматка чейин жазылган. Жылкы баккандардын жылкы багуусуна жеңилдик көмөк көрсөтүлөт.
Жылкыга жем-чөп берип баккан адам садака берген адам сыңары!"
(Абу Иваана Муснадында 4\449, Ибну Хиббаан 4674, Табарааний Муьжам кабиирде22\
339, Хааким 2\100). Пайгамбарыбыз алайхис салам жылкы жаныбарды жакшы көргөн.Аны таптаганды,
бакканды, чабандестикти жактырган. Ал эле эмес жылкынын урматында жайына койгон. Эркиндик, эгемендүүлүк үчүн болгон жихадта жөө адамга бир насип олжо ыйгарса, атчан адамга эки насип олжо ыйгарган. Пайгамбарыбыздын өзүнүн беш аты болгондугу айтылат, кээ бир маалыматтарда он тогуз жылкысы болгондугуда белгиленген.
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Атыңарды үйрөткүлө! Мингенге жана согушканга көндүргүлө! Бул кыл куйрук үйрөткөнүңөрдү үйрөнөт!" (ТабараанийМуьжамул кабиирде 8\112).
Пайгамбарыбыз алайхис салам башка хадисте мындай дейт:"... мусулман адамдын жаа атканды үйрөнүп машыккандан, атын тарбиялап үйрөткөндөн, ак никелүү аялын эркелеткенден башка алектенген оюндары убакытты текке кетирүүчү "лахвун" деп билинет" (Абу Дауд 2513, Термизий 1637, Насааий3578, Ибну Маажа 2811).
Айтор, Пайгамбарыбыз алайхис саламдан ат багуу, аны бапестөө туурасында ого эле көп риваяттар айтылат. Ушул риваяттарды жана ислам аалымдарынан айтылган жылкы туурасындагы нускалуу кептерди баяндаган атайын адистешкен китептер бар. Мисал катары айта кетсек:
1. "Фазлулхайли" . Хаафиз Димяатий 705-хижрада өткөн. Наваадир басма үйүнөн жарыккачыккан. (Жеке китепканамда бар)
2. "Рашахаатулмидаад фиимаа ятаьаллаку бис сафинаатил жияад". Аллаама Бахший Халабий1098-хижрада өткөн (кол жазма).
3. "Акдулажяаад фис саафинаатил жияад". Мухаммад Пааша Жазааирий (замандаш).1293- хижрада биринчи басылган.
4. "Алхайлу ва фурсаанухаа" . Нажииб бек Хуурий Лубнааний (замандаш).1912- миладийде басылган.

#5 06 April 2013 - 23:54
Улак тартыш оюну туурасында учкай кеп:
Улак тартышуу туурасында Пайгамбарыбыз алайхис саламдын осуяттарында ачык айтылбаган менен кыйыр түрдө ишаарат берет.
· Улактартышуу аттын тарбия алуусуна, керек болсо согушка кирүүгө тайманбастыкка тарбиялайт. Жөн эле байгеге салуу, же жорго салдыруу, опоң-чычаң кылып ары-бери бастыруу менен ат тиешелүү тарбияга ээ болбойт.
· Улак тартууга чыккан жигиттер да жигиттик касиеттерди өздөрүнө энчилешет. Ошол жигиттер эл башына күн түшкөндө өтүгү менен суу кечип, ошол аттар ооздугу менен суу ичет.
· Улак тартууда аттар кыйналат деген болбогон кеп. Биринчиден улакка тапталган аттарды салат, эшекти же башканы улакка салбайт. Экинчиден азыр эркин күндө кыйналып тапталбаса, кыйын кезеңде ээсин жолго таштап, үркүп шаштыңды кетирген чалпоо аттын кимге кереги бар?! Элге кебин айтпаса эрендерден не пайда дегендей, ошондо ишке жарабаган аты согумга байлап, сүрсүтүп жеген жакшы.
· Улак тартылганда тартылуучу торпок же текени кыйналат деген да болбогон сөз. Анткени ал небак эле союлуп, ичеги-карыны чыгарылып улак тартууга даярдалган. Анын жаны ооруп калат деген укмуштуунун төөсү жорго дегендей маани. Торпок союп мантууга майдалап кескенде кыйналбайт, шишкебек кылып ачуу сууга аралаштырып ачытып, оттун табына куйкалангангда кыйналбайт да, он чакты жигит ары-бери тартылаганда кыйналып калгандагысы күлкүнү келтирет. Тирүү тартып жаткан болсо да болбойт деп айтсак болот эле.
· Улак тарткандар ичимдик ичишет деп эле улакты арамга чыгарууга болбойт. Анда машине базарда ичимдик ичишет деп машине базарды жаап коюшубуз керек болобу? Туура, арак ичкен арам. Ал бардык жамандыктын башаты. А бирок иче турган адам улак-сулагы жок эле ичип жатпайбы? Мен көп такыба жигиттерди билем, арак эмес ачыган айранды оозуна албайт. Улактын көркүн чыгарып тартып, аны көргөндө кыргыз болуп жаралып калганыңа Жаратканга ыраазы болуп, көңүлүң көкөлөйт. Деги эле чабандестердин арак ичип калгандары акыр түбү ооматын сактап кала албайт. Ага алыскы-жакынкы тарых күбө.
Улак ойногондор намаз убактысын өткөрүп жиберишет. Ошол себептен улак тартуу дурус эмес дегендин өзү дурус эмес. Футбол ойноп деле убактысын өткөзгөндөр бар. А бирок футболду ошол себептен арам деп айтыптыр деп этибарлуу аалымдардын биринен деле укканыбыз жок. Ар бир нерсе намазды калтырса, аны аткарган адам күнөөкөр болот. Куран окуп олтуруп, намаз окубай калса да күнөөкөр болот. Жогоруда айткан такыба дааватчы улакчы жигиттерибиз беш маал намазы эмес, тахажжудун калтырбагандарын билем. Азыр тахажжудду эмес беш маалын эптеп окуганына шүкүр айтып жүргөндөр толтура.

#6 06 April 2013 - 23:59
Жогорудагы маалыматтарды жыйынтыктасак улак тартуу сүннөт болуп чыгат. Анткени Пайгамбарыбыз алайхис салам айтып жатпайбы: "Атты тарбиялоо үчүн ойносоң, ал оюнга эсеп болбойт, ал ибаадат!"
, деп. Никелүү аялын эркелетүү сүннөт болгондой эле, улак тартуу да сүннөт.
Акыйкый мусулман болуу үчүн төмөнкү адептерди ар бир улакчынын биле жүргөнү ийги:
· Атты жөндөн-жөн башка чаппоо. "Ат сыйлаган жөө калбайт".
· Жарабаган атты улакка алып кирбөө. "Ат, аттан кийин жат", дейт кыргыз. Адегенде таптап, андан кийин сал.
· Улакка кызыгып кетип намаздын убагын чыгарып жибербөө.
· Улак оюну кумарга айланып кетпөөсү үчүн, улак ойногондор өздөрү эки тарап болуп бири-бирине соорун сайбоосу. А бирок, үчүнчү тарап соорун сайып, байге коюп берсе максатка ылайыктуу болот.
· Улакчылар жаман, богооз сөздөр менен сөгүнүүнү токтотуу керек.
· Улакчылардын билермандары койгон эрежелерди бузбастан, аны сактоо.
· Пайгамбарыбызга жага турган иш жасап жаткандан кийин, улакчы арак деген арамды оозго албоосу. Дегеле ошол нерсени жашоодон чыгарып койсо, андан жашоо кызыксыз болуп кетпейт.
· Улакты шылтоолоп, кегиңди ала албай жүргөн башка бир мусулманды камчы менен башка чаппа.
· Улакчылардын аксакалы болуп калган карт улакчылардын урматын жайына кой, Сен да бир күн карырсың. Кумарың кармап улакка барсаң, кырчылдаган жаш жигиттер сага ашырып турса, көңүлүң көккө серпийт.
· Кээде урматтуу адамдар келип калса, атыңды бир азга бере тур. "Ат аяган жер карайт, куш аяган көк карайт" болбо. "Жоргонун тери, эркенин жашы кургабайт" деп бере тур.
· Атың жок болуп улакка барсаң, сага урмат кылып атынан түшүп берсе, бир эки айланып, кайра ээсине бер. "Ат мингендики, тон кийгендики" деп кечке эле аттын белин оорута бербе. "Ээси келсе бээсин бер" кыл.
· Улакка киргениңде бисмилланы айтып, Кудай Таалама тобокел кылып, сооп үмүт этип кир.
Кудайым акыйкатты акыйкат деп билдирсин, билген акыйкатка эргешкенди насип кылсын. Кудайым туура эмести туура эмес деп туюндурсун. Туюнган туура эместен алыстаганды насип кылсын. Кудайым Пайгамбарыбыз алайхис саламдын сүннөтүнөн айрыбасын. Омийин.
Урматым менен Чубак ажы.

#7 07 April 2013 - 01:31
Демек, 'кумар оюндарына кирбейт' денизчи, ээ?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#8 07 April 2013 - 02:02
#10 19 December 2016 - 15:14
Эн сонун маалымат экен
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУ ЖОЛДОР БАР
МЕН ЖОНУНДО ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОН ОЙЛОЙ БЕР
МЕН СЕН ЖОНУНДО ОЙЛОП БАШ ООРУТПАЙМ
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУ ЖОЛДОР БАР
МЕН ЖОНУНДО ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОН ОЙЛОЙ БЕР
МЕН СЕН ЖОНУНДО ОЙЛОП БАШ ООРУТПАЙМ

Супер-Инфо
super.kg
видео