ELTYN (26 Январь 2012 - 15:24) жазган:
Мен суроом томондогучо: 1.Сиз кыргыз болгонунуз учун сыймыктанасызбы а балдарынызчы?
2.Уулдарыныз кандайдыр бир социалдык тармака катталганбы мисал келтирсем:@mail. ru ,фейзбук ж.б?
3.Уулунуз Нурмухамед менен социальный тармак аркылуу байланышат болчумун. Нурмухамед мен казакмын деп айткан улутун эмне деп сураганымда. Уулунуз уялабы кыргызмын деп айтыштан жана анын сайтында кыргыздын эч кандай символу жок жалан гана казакстандын желеги,домбырасы улуттук кийими кийип желегин домырасын которуп тушкон суротто.Уулунуздун бул кадамдары сиз учун минус болуп жатпайтабы? Шайлоодон кийин кызмат учун соодалашуу болгонбу?Шайлоо бутор замат 1жумадан кийин москвага карап сапар тарттыныз мунун себеби эмне?алдын ала рахмат суроолорго жооп бергениниз учун.
1. Мен ар дайым айтып келем,бакытың эмне деп сураса “Жараткан мени мусулман кылып, анын ичинде кыргыз кылыпжаратып койгондугу үчүн бактылуумун” деп жооп берем. Сыймыктанганым ушул. Мениканчалаган кыргыз гезиттери жеткен улутчул деп тепкилеп жүрүшөт. Башка улуттун өкүлдөрүжашаган жерге барып, “бул улутчул, кыргыздан башка эч кимге пайдасы тийбейт.Бул келип калса баарыңардын башыңарга калпак кийгизет экен” деп какшап жүргөнүканча.
3. Уулум жалгыз эле домбрада эмес комузда, пианинодо жанагитарада мыкты ойнойт. Анын кайсы учурда, эмнени ойноп жаткандагы сүрөтүнчыгарып койгон болсо балалык да. Сезим ошондой. Мен баламды мактап жаткан жеримжок, кемчиликтери толтура. Бирок, уулумдун мекенине сүйүү сезими аябай катуу өрчүгөндүгүнөтерең ишенем. Анан анын кыргыз экенин билип туруп “кыргызсыңбы” деп сураса,атасынын баласы катарында каны кайнап кеткенде атайлап тескери жооп берип койсокерек. Ошондой деп түшүндүм. Биздин үйдө таң эртеден кечке чейин бир гана кыргызтилинде сүйлөйбүз.