Суперстан: Адахан Мадумаров Суперстанда - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Адахан Мадумаров Суперстанда Суроо узатыңыздар

#121 Пользователь офлайн   wumida   31 Январь 2012 - 15:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 070
  • Катталган: 02 Июль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2021 22:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Эн ыйык жер....

Info jooptor kana,kuto berip charchadim. :108:


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Zamira   31 Январь 2012 - 16:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 155
  • Катталган: 18 Апрель 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2012 17:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек.

Бул ким?! Эмне үчүн мен тааныбайм?! Келип мага жоолугуп кетсин! Срочно! Айтып койгула!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Адахан Мадумаров   01 Февраль 2012 - 16:38

  • “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Саясатчы
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 26 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Фев 2012 15:36
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Likvidator (26 Январь 2012 - 21:53) жазган:


2). Жактырган чыгарманыз кайсы ?




Жактырган чыгармалар көп. Бул чыгарма жагат, бул жакпайт деп айткандан алысмын. Көп чыгармалар бар, мыкты делген. Биринен-бири өтө турган. Азыр мода болуп кетпедиби, "Жакшы көргөн жазуучуңуз ким? Жакшы көргөн чыгармаңыз кайсыл?" десе эле "Айтматов! ", "Чынгыз Айтматов" дей берет баары эле, себеби алар башка жазуучуларды таанышпайт. Айтматовдун чыгармалары - бул кыргыз элинин түгөнгүс кенчи, казынасы, маселе жок. Биз дүйнөлүк адабият чыгармалары менен өтө жакын тааныш болушубуз керек. Аль-Газалинин "Жетекчилерге насыят" деген китеби бар. Бул адамдын ойлорун окуп отурсаңар, адам баласынын акылын чөнтөгүнө салып алгандай китеп, укмуш чыгармалары бар. Евгений Викторович Тарленин "Наполеон" , Уткин "12 императордун жашоосу". Дүйнөлүк масштабдагы кенч. Адам баласынын тарыхын камтыган кереметтер.
Мен окуган чыгармалардын баардыгы жагат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   Адахан Мадумаров   01 Февраль 2012 - 16:51

  • “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Саясатчы
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 26 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Фев 2012 15:36
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения BaatyrEl (27 Январь 2012 - 04:51) жазган:

Сизди патриот жана таза адам катары сыйлайм. Бирок менин ойлондурган бир жагдай бар. Баарыбызге белгилүү президенттикке талапкерлеинин теле таймашында алып баруучу айым сиз интервью берген гезиттен сиздин айткан сөзүнүздөн үзүндү келтирсе. Сиз "мен антип айткан эмесмин" деп сөзүздөн танып кеттиниз. Мен кийин ал интервьюнуздун оригиналын интернеттен таап окудум, сиз чын эле ошентип айтыпсыз. (мына бул сөзүнүз " Бакиев демократ, разве он расстрелял бы мирных людей как это сделал северянин Акаев в Аксы).
Мен бул айтылган сөздүн мааниси боюнча сизге суроом жок. Менин суроом эмне үчүн айткан сөзүнүздөн сиз танып кеттиниз? Анан кантип азыр сиз берип жаткан убадаларынызга ишенсек болот? Мүмкүн анан кайра эле ушу га окшоп айткан сөзүнүздөн танып кетсенизчи? Бул суроону чын дилден берип жатам, сизден сураныч чын дилден жооп берип коюнузчу. Алкыш сизге!



Бирөөнө баа бергенден мурун карап корүш керек да, кандай жагдайда айтылды ,кандай мааниде айтылды. Кыргызда эң кыска "и" деген сөз бар, бир тамгадан турат, ошол кандай айтылат? "И" - кекетип айтылат, "И" - колдоп айтылат, "И" - анан деген сөз, туурабы? Эгер мага суроо берип жаткан кыз кыргыз тилин түшүнбөсө, кыргыз тилинде түш көрө албаса, кыргыз тилин чанып жүргөн болсо, ал кызга жараша жооп берем. Ошого жараша жооп алган ал кыз. Түшүнбөсө ошондой болот. Ошондуктан айтам, кыргыз болуш үчүн кыргыз болуп төрөлүш аздык кылат. Улутун "кыргыз" деп жаздырып алып кыргыздын жыты чыкпаган, кыргыздын бир сезими жок, кыргыздын ой толгоосу жок, кыргыздын мүнөзү жок канча деген маңкурттар жүрөт. Макулсузбу? Бирок "Кимсиң?" десе "Кыргызмын" дейт. Эми менин сөзүмдү кандай түшүнсө ошол кишинин өзүнүн деңгээлине жараша.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Адахан Мадумаров   01 Февраль 2012 - 17:30

  • “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Саясатчы
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 26 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Фев 2012 15:36
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения USSR (27 Январь 2012 - 05:07) жазган:


Сиз жаныдан саясатка аралаша баштаган кездеги Кыргызстан менен азыркы учурдагы Кыргызстанды салыштыра кетинизчи.


Асман менен жердей. Жаңыдан саясатка аралаша баштаган кезде элибизде умут бар эле, тилек бар эле. Ал мезгилде кишинин кийген кийимине, айдаган машинасына, чөнтөгүнө, ээлеген кызматына карабайт эле. Ал кишинин сүйлөгөн сөзүнө, акылына, тарбиясына карайт эле. Ал кезде акыл таразасы акча таразасын басып турган кез эле. Азыр башка. Акыл таразасын акча таразасы басып калган учур. Айырмасы өтө чоң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Адахан Мадумаров   01 Февраль 2012 - 17:48

  • “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Саясатчы
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 26 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Фев 2012 15:36
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения azamatai (27 Январь 2012 - 09:49) жазган:

Саламатсызбы Адахан Мадумаров мырза !

Сиз Бакиевдин убагында жазалма оппозицияда чыгып кеттинер бэле бийликке кайра келиш учун ? Же эмнеге Бакиевдер менен мамиленер бузулуп калды эле ? Мумкун болсо так айтып бере аласызбы ?

Рахмат




Мен эч качан оппозиция болдум деп айткан эмесмин. Мен бир эмес эки жолу өз эрким менен кызматыман кеткенден кийин бир да жолу оппозицияга чыга калдым деп айта салган жокмун. Сиз айтып жаткан "жасалма оппозицияны" өтө жек көрөм. Соодагер деп коет муну. Эмне үчүн кетип калдым? Эгер ал киши менен көз карашым дал келбей калган болсо ал кишини да кыйнабай, өзүмдү да кыйнабайм. Кызмат сага бакыт алып келбейт, кызмат сага байлык алып келбейт. Мен жыйырма жылдан ашык саясатта жүрөм, мен жыйырма тыйын пайда көргөн жокмун. Тескерисинче жаштыгымдын баары кетти, өзумдун курдаштарымдай оюн-күлкү сала алган жокмун. Өзүмдүн курдаштарымдай кандайдыр бир ишкерлик менен да алек болгон жокмун. Мен эки чоң кемчилигим бар. Бирөөсү, Мен саясатка барам дагы туура эмес болуп жаткан нерселерди айтсам андай нерселер жасалбай калат деп ойлочумун да, бул катачылык. Бул бае сезимдер менен айтылган сөздөр болсо керек. Күрөшүш керек, тынымсыз күрөштү токтотпош керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Адахан Мадумаров   01 Февраль 2012 - 18:31

  • “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Саясатчы
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 26 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Фев 2012 15:36
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения kaitpas (27 Январь 2012 - 15:02) жазган:

Ассолому алейкум Адахан Кимсанбаевич биринчиден ишинизге ийгилик уй-булонузго тынчтык каалайм.1-суроом: эмне учун сиз президенттик шайлоодон кийин анча деле корунбой койдунуз? 2-суроом озунузду патриотмун деп эсептейсизби и.о.э парламентте кайсыл депутаттарды патриот деп эсептейсиз? .3-суроом: азыркы кундо кандай кызматта иштеп жатасыз?алдын ала чон рахмат.


1. Азыркы күндө "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасымын. Көрүнбөй койдуңуз дейсиз көрүнүш үчүн эмне кылышты билбейм эми.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   naklysA   02 Февраль 2012 - 14:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 09 Июнь 11
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 00:25
  • Жынысы:Аялзаты

Адахан байке сизди мен аябай сыйлаймын! Кыргызстанга сиздей башкаруучу болуш керек !
bostars+ naklysA=бактылуу уй-було
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Адахан Мадумаров   02 Февраль 2012 - 15:00

  • “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Саясатчы
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 26 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Фев 2012 15:36
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения adi_kg_94 (27 Январь 2012 - 17:57) жазган:

Саламатсызбы! Сиз Жалгыз Аллахка ишенесизби? А.Атамбаевди айт намазга дааратсыз келип окуду деген созунузду далилдей аласызбы?Сиз чындыкты гана айтаарынызды билем жана Кыргызстанга кызмат кылат деген ишеничтемин! !


Алмаз Атамбаевдин эле эмес, ошол жердеги бүт чиновниктердин бүт баары түнү менен башка жерде, ресторанда отурушуп алышып, эртең менен барып тизилип калышат, алар Алладан корккон үчүн эмес, алар ошол камерага көрүнүп калайын, эл көрүп калсын, теледен көрсөтүп калсын деген булар Кудайды да алдайбыз дейт. Даарат алыштын өзүнүн жолу бар, келме келтир десең келме келтиргенди билбегени барып тизилип алыгандарын көрүп айтам, ошолор ошол жердеги сапты да бузуп жатышат да. А даарат бул улуу нерсе. Анын өзүнүн эрежеси бар. Дайыма даарат менен жүргөн азаматтарыбыз бар. ... Анан ар бир сөзүндө Кудай сактасын, Кудай буюрсун, Алла бизди колдосун деп айтып жатышат, бирок каапыр жасабаган иштерди жасап жатышпайбы. Мусулманчылыкта эң чоң күнөөлөрдүн бири, жетим менен жесирдин акысын жеген. Бул эң чоң күнөөлөрдүн бири. Булар канчалаган балдар мектептеринин акчаларын соймоп жатышат. Ошол жердеги бир убак ысык тамак берүүнүн маселесин чечише албай, акча каражат жетишпей, жоюп салалы деген талкууларды жүргүзүп жатышпайбы. Бул чоң күнөө, ага терең караш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Адахан Мадумаров   02 Февраль 2012 - 15:21

  • “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Саясатчы
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 26 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Фев 2012 15:36
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения gunsNroses (28 Январь 2012 - 10:37) жазган:

Саламатсызбы Адахан Кимсанбаевич! Сизге суроолорум бар эле ачык жооп берип коюнузду суранам!
1) Сиздин аз убакытта байып кетуунуздун сыры эмнеде?Же болбосо ким колдоп турат?Бакиев деп уккам ошол канчалык денгеелде чындык?

3) Кыргызстан болуп туруп бардык документтер ж.б.орус тилинде ошол сиздин оюнузча туурабы?



1. Менин байкаганымды кайдан байкадыңыз? Мен баймын. Башында жооп бергендей, жанагы чыгармаларды окуп, ошол чыгармалар менен сугарылганым менен баймын. Мен баймын, бүгүнкү күндө Кыргызстандын кайсыл жерине байрбайын башымды бийик көтөрүп, көздөрдү тике карап бир жарандан бир сом албаган инсан катарында баймын. Мен баймын, мамлекеттен бир кирпич албаган инсан катарында баймын. Мен баймын, бирөөнүн акысын жебегендигим үчүн. Мындан өткөн чоң байлык жок. Мен баймын, атам менен энем, элим ыраазычылык айтып, рахматын айтып бата берип турса ошол байлык. Мен баймын, менин үй бүлөөмдө айыккыс оруга чалдыкпай, Кудай ошондон сактаган үчүн баймын. Мен баймын, эртең менен турганда өз бутум менен турам, өз көзүм менен ааламды көрөм, өз тилим менен пикиримди айтам, өз кулагым менен бирөөнүн сөзүн уга алам. Мына байлык, бул чексиз байлык. Кезинде түшүнбөйбүз да.
Байлык деген чөнтөгүңдөгү акча эмес, өзүң менен өзүң жүрө алсан, өзүңдун көзүң көрө алса, сени бирөө жетелебесе, оорукчан болуп төшөктө жатып калбасаң мына ошол байлык экен. Кыргыз бекер айтпайт, алты саның аман болсун деп. Мына байлык.

3. Ошол туура эмес деп Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда айтып коюп канча сабоонун алдында калдым мен. Бирок ал пикиримден кайткан жокмун. Эсенгулов абабыз айтып кеткендей, "улут болсом тилим менен улутмун" деген сыяктуу тилиң жокпу дилиң жок, дилиң жокпу диниң жок, диниң жокпу сенде ыйман жок, ыйман жокпу демек адам эмес айбансың.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Адахан Мадумаров   02 Февраль 2012 - 15:24

  • “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Саясатчы
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 26 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Фев 2012 15:36
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Ksm_11 (28 Январь 2012 - 13:22) жазган:

Адахан Кимсанбаевич шайлоо таза оттбоду деп митинге эл чыкты. А сиз эл учун эмнеге айагына чейин курошкон жоксуз?


Аягына чыккыдай эмне курал көтөрүп чыгып басып алыш керек беле? Андай жапайчылык жолунан алыспыз биз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Адахан Мадумаров   02 Февраль 2012 - 15:33

  • “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Саясатчы
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 26 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Фев 2012 15:36
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения baku24 (29 Январь 2012 - 13:30) жазган:

Саламатсызбы Адахан Кимсанбаевич менин суроом төмөндөгүчө

2. Деги эле саясатка аралашып эмне таптыңыз жана эмне жоготтуңуз?



2. Жакшылыкты да, жамандыкты да менден деп билгин дейт Жараткан. Жакшылыгы ушул болду, не деген залкар инсандар менен чогу үзөнгүлөш иштештим. Кыргыз тил энциклопедиясына айланып калган Усубалиев менен он жыл, кыргызда тазалыктын символу болуп калган Масалиев он жылдан ашык үзөнгүлөш болдум ж.б. кыргыздын не деген мыкты эр азамат инсандар менен иштештим. Жоготконум жаштыгым болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   Адахан Мадумаров   02 Февраль 2012 - 15:36

  • “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Саясатчы
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 26 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Фев 2012 15:36
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Латыш (30 Январь 2012 - 09:41) жазган:

Эмне себептен агитация кылып атканда "Кудай, намаз" сыяктуу создорду колдоно баштадыныз? Чын журогунуз менен ишенесизби же добуш чогултуунун жолу беле?




Мусулман падышалар, чапанында жамаачы менен журушкон, керек болсо алардын атын азыр укканда да коздордон жаш агат. А эмнеге силер майды аз ичкен машина айдап, ысрап болуп аткан нерселерди кедей-кембагалдарга бербейсинер? Билишимче LEXUS LX 570 айдайсыз, ишикылса шайлоого ошондой машина менен келгенсиз.



Кудайга чексиз шүгүрчүлүккелтиришибиз керек, чоң атам кезинде чоң молдо болгон. Молдо Мадумар дешип,абдан көптөгөн залкар адамдар келип, ал киши менен кеңешип турчу. Таятам дагычоң молдо болгон. Эки чоң молдо жаш кезинде бири уулдуу, бири кыздуу болушкандагы “кудай буйруп, насип этсе биз кудалашабыз” деп бешиктеги мезгилде эле шерттешипкоюшкан экен. Мен ата-бабалардын жолунда жүргөн кишимин, эл көзүнө кожо көрсүндеп Кудайлап калган жерим жок. Кудай кут кылсын, мен ошол ата-бабалардынжолунда, мусулманчылык менен айыл жергесинде тарбияланган адаммын. Мунунсаясатка тиешеси жок, дин саясаттан миң бир эсе баалуу нерсе.




Биринчиден “Лексус 570” эмес, “Тойота 200” унаасында жүрөм. Бирөө эмес, экөө. Бизди колдогон, пикирлеш болгон инсандардын берген жардам, көмөгү.Туура, брондолгон унаа. Ал эми илгери падышалар самолет менен учуп, телефон жеэлге кайрылганда микрофон колдонгон эмес да. Заман ушундай азыр. Кеп эмне“тээп” жүрөсүң, эмне колдонуп жүрөсүң эмес, ошону кантип алдың, маңдай тер төгүпалгансыңбы же, зордук-зомбулук менен алгансыңбы? Кеп ушунда.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Zamira   02 Февраль 2012 - 16:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 155
  • Катталган: 18 Апрель 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2012 17:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек.

Саламатсызбы? Адахан Кимсанбаевич! Суроо: Азыркы тапта жаңы көтөрүлүп жаткан маселелердин бири: паспорттогу улут графасын алып салып анын ордуна жөн гана жарандыгы: Кыргызстандык деп көрсөтүү дегенге сиздин көз карашыңыз? Оюңуз... 

Билдирүүнү түзөткөн: Zamira: 03 Февраль 2012 - 06:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   za.MiR   02 Февраль 2012 - 16:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 718
  • Катталган: 01 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 30 Дек 2012 02:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бан

Просмотр сообщения Адахан Мадумаров (02 Февраль 2012 - 15:21) жазган:

1. Менин байкаганымды кайдан байкадыңыз? Мен баймын. Башында жооп бергендей, жанагы чыгармаларды окуп, ошол чыгармалар менен сугарылганым менен баймын. Мен баймын, бүгүнкү күндө Кыргызстандын кайсыл жерине байрбайын башымды бийик көтөрүп, көздөрдү тике карап бир жарандан бир сом албаган инсан катарында баймын. Мен баймын, мамлекеттен бир кирпич албаган инсан катарында баймын. Мен баймын, бирөөнүн акысын жебегендигим үчүн. Мындан өткөн чоң байлык жок. Мен баймын, атам менен энем, элим ыраазычылык айтып, рахматын айтып бата берип турса ошол байлык. Мен баймын, менин үй бүлөөмдө айыккыс оруга чалдыкпай, Кудай ошондон сактаган үчүн баймын. Мен баймын, эртең менен турганда өз бутум менен турам, өз көзүм менен ааламды көрөм, өз тилим менен пикиримди айтам, өз кулагым менен бирөөнүн сөзүн уга алам. Мына байлык, бул чексиз байлык. Кезинде түшүнбөйбүз да.
Байлык деген чөнтөгүңдөгү акча эмес, өзүң менен өзүң жүрө алсан, өзүңдун көзүң көрө алса, сени бирөө жетелебесе, оорукчан болуп төшөктө жатып калбасаң мына ошол байлык экен. Кыргыз бекер айтпайт, алты саның аман болсун деп. Мына байлык.

3. Ошол туура эмес деп Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда айтып коюп канча сабоонун алдында калдым мен. Бирок ал пикиримден кайткан жокмун. Эсенгулов абабыз айтып кеткендей, "улут болсом тилим менен улутмун" деген сыяктуу тилиң жокпу дилиң жок, дилиң жокпу диниң жок, диниң жокпу сенде ыйман жок, ыйман жокпу демек адам эмес айбансың.

+1000
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   wumida   02 Февраль 2012 - 18:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 070
  • Катталган: 02 Июль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2021 22:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Эн ыйык жер....

Саламатсызбы Адахан аке,менин суроомо жооп берип койосузбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Nursaikal   03 Февраль 2012 - 11:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 693
  • Катталган: 29 Июль 11
  • Соңку аракети: 07 Окт 2019 10:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Менин дагы суроолорума жооп берип койсонуз, же жооп бербешиниздин себебин жазып койсонуз...
Ар бир пенде адашуучу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   admin_superstan   03 Февраль 2012 - 12:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бул темадагы кээ бир суроолор менен телефон аркылуу байланышка чыккандардын суроолору маанилери жагынан окшош болгондуктан форумда жооп жазылган жок.

Ошол жоопторду газетабыздынбүгүнкү санында окуп, видеоверсиясын жакын арада "Медиа-портал" бөлүмүнөн көрө аласыздар.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Maral-kg   03 Февраль 2012 - 12:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 16 Мар 2016 13:57
  • Жынысы:Аялзаты

Мен Адамахан Кимсанбаевичтин да, Камчыбек Кыдыршаевичтин да туз байланышка келип, суроолорго жооп бергендерин кылдаттык менен окуп чыктым.
Менде бул мезгилге чейин эки саясатчыга тен эч кандай симпатиям жок эле, бирок бул туз байланыштардын пайдасын эми кордум, алар берген жоопторду окуп чыгып кимдин ким экени мага кадимкидей билинди.
Мурун Мадумаров мындай, Ташиев тигиндей деген создорго маани берчу деле эмесмин. Ушул туз байланыштардан кийин мен учун Камчыбек Ташиев кадимкидей сыйга ээ болду. Ал эми Адахан Кимсанбаевичти жоопторунан кийин куру создор менен элдин башын айландырып алган адам катары кордум. "А" деген суроо берсе "бээээ" деп жооп бергени жакпады.
Озгочо "Биринчиден “Лексус 570” эмес, “Тойота 200” унаасында жүрөм. Бирөө эмес, экөө. Бизди колдогон, пикирлеш болгон инсандардын берген жардам, көмөгү." деген жообу жанды куйгузду. "Байсызбы? " деген суроого акча булактарын айткандан качып дагы буйтап жооп берген. Анда кайсыл акчага жашап жатат деген суроо туулбай койбойт. Анан жалан мактанган жооптор, мен мынткем, мен тигинткем, мен айткам. Бирок бир да так жооп жок, корунуктуу иши жок. Жаккан жок!

Туз байланышты уюштуруп бергендерге рахмат! Мындай жол менен элдер озулору учун кимдин ким экенин билип алып жатышат.

Баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   FALLAH   03 Февраль 2012 - 17:20

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 154
  • Катталган: 31 Май 08
  • Соңку аракети: 11 Май 2024 11:27
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Maral-kg (03 Февраль 2012 - 12:32) жазган:

Мен Адамахан Кимсанбаевичтин да, Камчыбек Кыдыршаевичтин да туз байланышка келип, суроолорго жооп бергендерин кылдаттык менен окуп чыктым.
Менде бул мезгилге чейин эки саясатчыга тен эч кандай симпатиям жок эле, бирок бул туз байланыштардын пайдасын эми кордум, алар берген жоопторду окуп чыгып кимдин ким экени мага кадимкидей билинди.
Мурун Мадумаров мындай, Ташиев тигиндей деген создорго маани берчу деле эмесмин. Ушул туз байланыштардан кийин мен учун Камчыбек Ташиев кадимкидей сыйга ээ болду. Ал эми Адахан Кимсанбаевичти жоопторунан кийин куру создор менен элдин башын айландырып алган адам катары кордум. "А" деген суроо берсе "бээээ" деп жооп бергени жакпады.
Озгочо "Биринчиден “Лексус 570” эмес, “Тойота 200” унаасында жүрөм. Бирөө эмес, экөө. Бизди колдогон, пикирлеш болгон инсандардын берген жардам, көмөгү." деген жообу жанды куйгузду. "Байсызбы? " деген суроого акча булактарын айткандан качып дагы буйтап жооп берген. Анда кайсыл акчага жашап жатат деген суроо туулбай койбойт. Анан жалан мактанган жооптор, мен мынткем, мен тигинткем, мен айткам. Бирок бир да так жооп жок, корунуктуу иши жок. Жаккан жок!

Туз байланышты уюштуруп бергендерге рахмат! Мындай жол менен элдер озулору учун кимдин ким экенин билип алып жатышат.



Ой молодец! мен дагы окуп чыгып бу киши жондогу оюм дагы да бекемдешти. Создон качып эле. Каяктагы бир нерселер менен элдин башын айлантат. Бугункуго чеинки дебаттагы жоопторун корсонор да дал ушундай. Эл (копчулук) туура кылды, буга окшогондор бийликке кеелсе баарыбызды жинди кылат, жомок айтып берип. Бир дагы жообу жеткиликтуу эмес. Балыкчы балыкчыны алыстан корот болуп, эки партия дагы биригип жатышыптыр. Орусча айткандай: УЖААААС!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 05:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: