"Москвада текшеруу иши кучоду" темасы менен бириктирилди.
Guzi88, жаңылыктарды ушул темада бөлүшүңүз!
Москвадагы акыркы жаңылыктар! Бул темага жалаң жакшы,жагымдуу жаңылыктарды жазабыз!
#2362 21 October 2015 - 11:11
Кандай рейд???
Эч кандай рейд жок го!!
Эч кандай рейд жок го!!
Мен берейин деген жоопту мага чейин берип коюшуптур.Эки кун мурун мигранттардын уюгу болгон соода-сатык жайларын," Садовод"" Южная Ворота"базарларында Омондор ,рейд болгон ,эми дагы бир чон туйун ТЯК Москвада болуусу кутулуудо андан тышкары метролордо журуудо .
#2363 21 October 2015 - 12:48
Кечээ Москвада бир аялды зордуктады деген кылмышка шектүү деп изделип жаткан эки мигрант кармалыптыр,
текшерүүлөр ушул окуя менен байланыштуу болусу ыктымал.
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
#2364 22 October 2015 - 01:06
Сахарово кыштагындагы
мигранттарды убактылуу
камоочу жайда бүгүнкү
күндө 70тен ашуун
кыргызстандык жаран
катталган. Алардын
арасында бир жылдан бери
акыйкаттуу сотко жетпей же
Орусиядан мекенге
депортацияланбай
жаткандар дагы бар.
23 жаштагы Элдияр Нурпаиз
уулунун бул жерде жатканына
бир жыл болду. Иш учурунда
полиция текшергенде анын
жанынан керектүү
документтер чыккан эмес.
“Бир жылдан бери өзүмдүн
аты-жөнүм такталып,
кайрадан сот болушун күтүп
отурам”, - дейт Элдияр.
- Ресторанда ашпозчу болуп
иштечүмүн. Ошол жерден
кармап кетишкен. Патентим,
паспортум кыскасы, бардык
документтер бар болчу, бирок
алар үйдө калган. Үйгө
телефон чалып,
документтеримди алып
келгиче эле, булар (полиция
кызматкерлери) алып барып
кагаздарга кол койдуруп,
соттоп, камап коюшту...
Элчиликке апам күн сайын
бара берип, ошол жактан бир
адвокатты сунушташкан
экен. Ал адвокат акчасын
алып, чыгара албай койду...
Элдияр Нурпаиз уулу
Москвада иштеген Элдиярдын
энеси Гүлмира Тойчиева бир
жылдан бери жардам сурап
кайрылбаган жери
калбаганын айтты:
- Элчиликке тынбай каттай
бердим. Ошол жерде
Кубанычбек деген иштейт
экен, Вадим деген адвокатты
таап берди. Ал жардам берем
дегенинен 15 миң рубль
карматкам. Ал “документин
туураладым, сотко кайрылып
жатабыз, ана-мына” деген
боюнча жоголду. Телефонун да
өчүрүп салды. Кайра элчиликке
барсам, “эртең чыгарабыз,
бүрсүгүнү чыгарабыз” деп
жатып туура бир жыл өттү.
Балам ал жерде сокур ичеги
болду. Аны Сахароводон
Москвага алып келип, бир
күндө операция кылып, кайра
алып кетишти. Жада калса,
бизди жолуктурган да жок...
Элдиярдын ишин карап
жаткан юрист Вадим
Захаряев болсо мигранттар
полиция кызматкерлерине
башка бирөөлөрдүн аты-жөнүн
айтып, өздөрүнө өздөрү залака
келтирип жатканын
белгилейт.
- Башка бирөөнүн аты-жөнү
менен соттолгон жарандарды
мекенине чыгаруу оор. Мен
Элдиярдын аты-жөнүн
тактап, тууралаган кезде
процедуралар өзгөрүп кетти.
Мурун соттун чечими боюнча
жарандын аты-жөнүн
өзгөртүү оңой болсо, эми
мындай ишти жасоого сот
аткаруучулары катышуусу
керек. Алар прокуратурага
кайрылышат, анан сот карап
чыгат, ошондон кийин гана
соттолгон жарандын аты-
жөнүн өзгөртүүгө болот...
Бул иш менен юрист
Орусиянын президентинин
адам укуктары боюнча
кеңешине үч ай мурда
кайрылган, бирок алигиче
жооп ала элек.
Файзидин Омотов
Сахароводо камакта төрт
айдан бери жаткан дагы бир
кыргызстандык жаран
Файзидин Омотов адвокаты
жок түн жарымында
соттолгон. Ал камоочу
жайдагы шарттарды айтып,
күзөтчүлөр күч колдонуп
жатканына даттанууда.
- Эртең менен бир кашык кант
менен тооктун жемин
кайнатып беришет. Ошону
менен күнүбүз өтөт. Анан түн
жарымында күзөтчүлөр
кирип, укугун билген балдар
болсо, алып чыгып сабап,
каалаганын кылып жатышат.
Сотко чейин кол көтөрүшкөн
эмес, бирок, соттон кийин
ичке согуп, электрошок
колдонуп жатышат...
Сахароводогу мигранттарды
кармоочу жай ачылгандан
бери укук коргоочу Андрей
Бабушкин ал жактагы
акыбалды коомчулукка айтып
келет. Эки-үч ай мурда
кесиптештери камакка кирип
чыгып, кармоочу жайдын
шарты жакшырбаганына күбө
болгон экен.
- Биз үч доомат койгонбуз.
Биринчиси - жарандарды
мыйзамсыз камакка алуу.
Мисалы, орус жарандыгын
алган туугандары бар же 92-
жылдары Орусияда жашаган
жарандарды деле депортация
кылып жатышат. Экинчиси -
камакта кармоо шартка
байланыштуу. Кармоочу
жайдын ичи кир,
камералардын ичи
желдетилбейт, тамак-аш
сапаты начар. Үчүнчүсү -
негизсиз чектөөлөр.
Камактагы мигранттар
телефон менен сүйлөшө
албайт, таза абадан дем алуу
үчүн сыртка көп
чыгарышпайт.
Бирок чет элдик жарандарды
камоочу жайдын
башкармалыгы укук
коргоочулардын көзөмөлү
менен айрым шарттарды
жакшыртканын белгилөөдө.
Москвадагы элчиликтин
экинчи катчысы Айымкан
Кулукееванын
маалымдашынча, 20-октябрга
карата Сахароводогу камакта
71 кыргызстандык жаран бары
белгилүү болгон. Алардын
26нын өздүгү жана жарандыгы
такталууда, 21и экинчи сотун
күтүүдө жана 24 жаран
жакында Кыргызстанга
депортация болот.
Айымкан Кулукеева
- 30-сентябрда Эмгек, жаштар
жана миграция министри
Айбек Азыранкулов менен
Орусиядагы Кыргызстандын
элчиси Болот Жунусов
Константин Ромодановский
(Федералдык миграциялык
кызматтын башчысы - ред.)
менен жолукканда бир жылга
чейин камакта күтүп отурган
23 жарандын тизмесин колмо-
кол берген. Эмне себептен
ушунча кармалып жатат
деген суроо көтөрүлгөн.
Камакта жаткандарга
жардам берип, ишин кароону
тездетүү айтылган.
Ошолордун ичинде Элдияр
Нурпаиз уулу дагы бар. Ал
полицияга кармалганда өзүн
Абытов Муратбек
Муктаржанович деп
тааныштырган экен...
Элчиликтин кызматкерлери
Сахароводогу камакка акыркы
жолу февралда барып,
жарандар менен кездеше
албай кайтышкан. Ал жактагы
укук бузуулар тууралуу
элчиликте арыз жок.
Ал эми өз аты-жөнүн
жашырып, жазадан кутулуп
кетүүнү көздөгөн
кыргызстандык мигранттар
ушундай мөөнөтү чектелбеген
капаска камалууда.
мигранттарды убактылуу
камоочу жайда бүгүнкү
күндө 70тен ашуун
кыргызстандык жаран
катталган. Алардын
арасында бир жылдан бери
акыйкаттуу сотко жетпей же
Орусиядан мекенге
депортацияланбай
жаткандар дагы бар.
23 жаштагы Элдияр Нурпаиз
уулунун бул жерде жатканына
бир жыл болду. Иш учурунда
полиция текшергенде анын
жанынан керектүү
документтер чыккан эмес.
“Бир жылдан бери өзүмдүн
аты-жөнүм такталып,
кайрадан сот болушун күтүп
отурам”, - дейт Элдияр.
- Ресторанда ашпозчу болуп
иштечүмүн. Ошол жерден
кармап кетишкен. Патентим,
паспортум кыскасы, бардык
документтер бар болчу, бирок
алар үйдө калган. Үйгө
телефон чалып,
документтеримди алып
келгиче эле, булар (полиция
кызматкерлери) алып барып
кагаздарга кол койдуруп,
соттоп, камап коюшту...
Элчиликке апам күн сайын
бара берип, ошол жактан бир
адвокатты сунушташкан
экен. Ал адвокат акчасын
алып, чыгара албай койду...
Элдияр Нурпаиз уулу
Москвада иштеген Элдиярдын
энеси Гүлмира Тойчиева бир
жылдан бери жардам сурап
кайрылбаган жери
калбаганын айтты:
- Элчиликке тынбай каттай
бердим. Ошол жерде
Кубанычбек деген иштейт
экен, Вадим деген адвокатты
таап берди. Ал жардам берем
дегенинен 15 миң рубль
карматкам. Ал “документин
туураладым, сотко кайрылып
жатабыз, ана-мына” деген
боюнча жоголду. Телефонун да
өчүрүп салды. Кайра элчиликке
барсам, “эртең чыгарабыз,
бүрсүгүнү чыгарабыз” деп
жатып туура бир жыл өттү.
Балам ал жерде сокур ичеги
болду. Аны Сахароводон
Москвага алып келип, бир
күндө операция кылып, кайра
алып кетишти. Жада калса,
бизди жолуктурган да жок...
Элдиярдын ишин карап
жаткан юрист Вадим
Захаряев болсо мигранттар
полиция кызматкерлерине
башка бирөөлөрдүн аты-жөнүн
айтып, өздөрүнө өздөрү залака
келтирип жатканын
белгилейт.
- Башка бирөөнүн аты-жөнү
менен соттолгон жарандарды
мекенине чыгаруу оор. Мен
Элдиярдын аты-жөнүн
тактап, тууралаган кезде
процедуралар өзгөрүп кетти.
Мурун соттун чечими боюнча
жарандын аты-жөнүн
өзгөртүү оңой болсо, эми
мындай ишти жасоого сот
аткаруучулары катышуусу
керек. Алар прокуратурага
кайрылышат, анан сот карап
чыгат, ошондон кийин гана
соттолгон жарандын аты-
жөнүн өзгөртүүгө болот...
Бул иш менен юрист
Орусиянын президентинин
адам укуктары боюнча
кеңешине үч ай мурда
кайрылган, бирок алигиче
жооп ала элек.
Файзидин Омотов
Сахароводо камакта төрт
айдан бери жаткан дагы бир
кыргызстандык жаран
Файзидин Омотов адвокаты
жок түн жарымында
соттолгон. Ал камоочу
жайдагы шарттарды айтып,
күзөтчүлөр күч колдонуп
жатканына даттанууда.
- Эртең менен бир кашык кант
менен тооктун жемин
кайнатып беришет. Ошону
менен күнүбүз өтөт. Анан түн
жарымында күзөтчүлөр
кирип, укугун билген балдар
болсо, алып чыгып сабап,
каалаганын кылып жатышат.
Сотко чейин кол көтөрүшкөн
эмес, бирок, соттон кийин
ичке согуп, электрошок
колдонуп жатышат...
Сахароводогу мигранттарды
кармоочу жай ачылгандан
бери укук коргоочу Андрей
Бабушкин ал жактагы
акыбалды коомчулукка айтып
келет. Эки-үч ай мурда
кесиптештери камакка кирип
чыгып, кармоочу жайдын
шарты жакшырбаганына күбө
болгон экен.
- Биз үч доомат койгонбуз.
Биринчиси - жарандарды
мыйзамсыз камакка алуу.
Мисалы, орус жарандыгын
алган туугандары бар же 92-
жылдары Орусияда жашаган
жарандарды деле депортация
кылып жатышат. Экинчиси -
камакта кармоо шартка
байланыштуу. Кармоочу
жайдын ичи кир,
камералардын ичи
желдетилбейт, тамак-аш
сапаты начар. Үчүнчүсү -
негизсиз чектөөлөр.
Камактагы мигранттар
телефон менен сүйлөшө
албайт, таза абадан дем алуу
үчүн сыртка көп
чыгарышпайт.
Бирок чет элдик жарандарды
камоочу жайдын
башкармалыгы укук
коргоочулардын көзөмөлү
менен айрым шарттарды
жакшыртканын белгилөөдө.
Москвадагы элчиликтин
экинчи катчысы Айымкан
Кулукееванын
маалымдашынча, 20-октябрга
карата Сахароводогу камакта
71 кыргызстандык жаран бары
белгилүү болгон. Алардын
26нын өздүгү жана жарандыгы
такталууда, 21и экинчи сотун
күтүүдө жана 24 жаран
жакында Кыргызстанга
депортация болот.
Айымкан Кулукеева
- 30-сентябрда Эмгек, жаштар
жана миграция министри
Айбек Азыранкулов менен
Орусиядагы Кыргызстандын
элчиси Болот Жунусов
Константин Ромодановский
(Федералдык миграциялык
кызматтын башчысы - ред.)
менен жолукканда бир жылга
чейин камакта күтүп отурган
23 жарандын тизмесин колмо-
кол берген. Эмне себептен
ушунча кармалып жатат
деген суроо көтөрүлгөн.
Камакта жаткандарга
жардам берип, ишин кароону
тездетүү айтылган.
Ошолордун ичинде Элдияр
Нурпаиз уулу дагы бар. Ал
полицияга кармалганда өзүн
Абытов Муратбек
Муктаржанович деп
тааныштырган экен...
Элчиликтин кызматкерлери
Сахароводогу камакка акыркы
жолу февралда барып,
жарандар менен кездеше
албай кайтышкан. Ал жактагы
укук бузуулар тууралуу
элчиликте арыз жок.
Ал эми өз аты-жөнүн
жашырып, жазадан кутулуп
кетүүнү көздөгөн
кыргызстандык мигранттар
ушундай мөөнөтү чектелбеген
капаска камалууда.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#2365 22 October 2015 - 23:48
Бугуна Москвада кайсы бир базар куйуп анын кесепетинен жанындагы турак жайларда куйуптур,суранам ошол жонундо жазгылачы суранам
#2366 23 October 2015 - 01:00
Келерки жылы метро жол киреси : 7 % пайызга кымбаттоосун кабарлашты.
Орус маалымат каражаттары.
Мындан келди, жыл аягында азыркы баада жол кирени да! Ойлоп койуу маселеси жаралат.
#2367 23 October 2015 - 07:10
Салам Москвичи .. Бал(асел) кайдан алсам болот.супермаркеттерде туру коп экен бирок даамы мекендикине жетпейт.. балким таанышынар бардыр бал саткан 2 л керек болуп жатат.. темадан алыстап кеткендигим учун кечирим сурайм...
#2369 23 October 2015 - 14:51
саламатсыздарбы?
сурайын дегеним украина печаты жарайбы бизге кирип чыксак,базадан чыкпай,же киргизбей базага коюп атышат экен ким билет?
#2371 24 October 2015 - 19:13
#2374 25 October 2015 - 04:37
#2375 25 October 2015 - 04:40
#2376 25 October 2015 - 04:40
Элдер москвада документ кандай болуп жатат экен .
Регистрациянда кайсыл адрес жазылган болсо, ошол райондун налоговоюна барып озуно ИНН номер аласын, карыганда пенсия алуу учун.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#2377 26 October 2015 - 17:42
Азыр тан заардан батирлерди текшерип, катталган жеринде жашабадын деп! Соттко алып барып ! Олкодон чыгып кеткиле + 7000р толой кеткиле деп жатыптыр ) : (
#2378 27 October 2015 - 00:07
#2379 27 October 2015 - 19:14
Квартираларды тытып жатат экен!Рейд журуп жатат.
[color="blue"]Салам[\
blue]
#2380 27 October 2015 - 19:17

Супер-Инфо
super.kg
видео



















