Кулкулуу апыртмалар (сынак учун)
#1 24 Май 2013 - 00:33
Ар бир форумчу башында айтылгандай 3 билдируу калтыра алат. Ыр саптары, тамсил, ангеме болобу апыртмалуу, жана тамашалуу боорго жетип, кулку менен таш жаргандай жеткиликтуу, кулкулуу апыртма болуусу абзел. Жана ошондой эле ар бир форумчуларды, акимдерди, админдерди катыштырып озгочо апыртма жаратсаныздар да болот.
М: Эрте менен ресторанда той,
Уйлонуптур кочкор менен кой.
Ичип алып жинди кумурска,
Тоого айтып чыкты турмушка.
Аны уккан тоо ойу жок,
Кумурсканы тепти тумшукка.
Ушул сыяктуу ырлар, ангемелер, ж.б апыртмалуу, кулкулуу ырлар болуп эсептелет. Ийгилик каалоо менен, экинчи тур ачык деп жарыйалайбыз! <br class="Apple-interchange- newline">
#2 24 Май 2013 - 08:55
"Күрсө-күрсө жөтөлүп,
Ала-Тоону көтөрүп,
Келе жатсам алдымдан,
Жолборс чыкты кекенип.
Ачуумдан тырчыйып,
Кабак-кашым мурчуюп,
Ала-Тоодон бир күкүм
Таштап ийсем үстүнө,
Өлүп калды былчыйып..."
М. Суеркулов.
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#3 25 Май 2013 - 07:25
Уйлонуптур Лунка менен Такеша
той болуптур Загс+Той темасында
алардын бактысы учун, алардын суйуусу учун
ырдап жатты Jinn. деген эжеша
тойго келген АОТЕ менен JINN
Келип эле бирди урду чиркин
чимирилип бийлеп жатты
мас болуп калган экоосу, прикин
белдери сонун иймелген
бийчилер келди бийлеген
Армин Айкоша Мая деген
алардын атын мен билем
тойго келди ырчылар
АйЛайм тобу баштаган
ырчылардын баарысы
созушуп ырдап жатышкан
позитивди чогулдуп
ryzhak байкеда келиптир
алар сахнага чыгышып
кызуу ойноп бериптир
Тойго келди канчалаган элдер:
коноктор, жарандар и акимдер.
Тартипти такылдата карашып
ортодо журушту супер админдер
тойго келди lime_boy менен jenevra
падаркасы неизвестно бир баляаа
арак куйса беребиз дейт, куйбаса бербейбиз дейт
кармап алып лимонду колуна.
Эки жаш озунчо бактылууго
бирин бири издешип журуп тапканго
суйгонумо жеттим дешип экоотен
столдун торундо, беймараал олтурганго
баары отурушса ичип
daud авам келдиго кирип
аркимге насаат айтып койот
озуда анча мынча ичивирип
оздорунчо сайран болуп жатканда
бир маалда башталдыго талпа
свет очуп карангыда
канча идиштерди сындырдыда
karl.marks байкуш калдыго талпада
Rinatik болушуп кирди karlga
мынтип айтты: "Карл досум алгаа"
voin ринатты уруп койуп
админ аны коро койуп
voin байкуш айдалды БАНяга
эптеп септеп тойда аяктады
келген эл уй уйуно тарады
а бирок ринат окунуп
voinды чыгарганы БАНягы барды
банга барса админдер отурат
кебелбей суйлоп койушат
канча доллар берсе анан
аран зорго ынашат
ошентип чыты банядан
муш башталды кайрадан
бирок эчким женбеди
анткени, алар дос эледа качантан
***
форумчулар тугой болушса
мен аябай кубанам
буларды жазган umnitsa
коменттерди кутуп калам
P.S. Тарс эткендин баары тамаша экенин унутпаныздар э анан
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#4 25 Май 2013 - 22:55
Жаздын бир айларында,
Таанышты маектен,
Takesha менен Лунка.
Бири бирине жагышып,
Mail даректерин алышып.
Андан соң сүрөтүн көрүп Лунка,
Чыгам деди турмушка.
Бири бирине кат жазып.
Сүйүү сөздөрүн бат жазып.
Убакыт өттү уланып,
Лунка жүрөт кубанып,
Кубанган менен пайда жок,
Турмушка чыгуусуна такыр айла жок.
Анткени нике шакегин катынып,
Takesha жүрөт жашырып.
Ага ишенген Лунка,
Дагы эле жүрөт,
Чыгам деп турмушка.
Мамилеси уланып,
Адатагыдай Лунка
кат жазды кубанып.
Каттан жооп болбоду.
Жубайы tokitokko кармалып,
Takesha байкуш оңбоду.
Аны билген Лунка.
Үйүн таап келди чаң салып.
"Канча убакыт азгырып.
Канча жигиттен калтырып,
Башымды эмнеге кармадың,
Чырактай жубайың бар туруп.
Айта бербейин өңгөсүн,
тагдыр силерди бөлбөсүн" -деп аларды түшүнүү менен карап.
Тагдырына таарынып
Курусун маек, агент форум -деп.
Үйүнө кайты калтырап, ийнедей буту шалдырап.
Таарынган менен пайда жок эле,
Анан Лунка кантсин башка айла жок эле. Аягы.
Билдирүүнү түзөткөн: Orbit_bezsahara: 25 Май 2013 - 22:59
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#5 26 Май 2013 - 17:52
Эртен менен короодон эчки чыкты.Кыйынсынып озумду коруй тургaн муйузум бaр,бaргaн жеримде сыйлaнa тургaн сaкaлым бaр дегенсип койкоюп эки жaгыны кaрaды.Короонун aлдындaгы уй,кой,aт жaнa эшек дa суктaнып aны кaрaп aткaндaй болду.Aaa...кaрaчы, бир гaнa тоок козуну жумуп 'зикир чaлып', кыйынсынгaн эчкини кормоксон болуп турaт.Эчки бир aз кaбaк буркоп тыржыйып мындaй деди:
Мээ,мээ,мээээ
Мени кaрa тоок
Сен мени сезип турaсын
Мaндaйындa aнкоо жок
Кaлп эле кормоксон болбо
Эгер дaйым ушунтсен
Бул короого жолобо
Мээ,мээ,мээээ
Тоок aстейдил бир козуну aчты,озуну тигилип кaрaп тургaн эчкини корду, 'ууф' деп кaм сaнaбaй кaйрa козуну жумуп aлды.Буну бaйкaгaн эчкинин aнсaйын жини келди.Мaндaйындaгы кокулуну бир серпип aлып унун созолонтту:
Мээ,мээ,мээээ
Короонун aк сaкaлы
Келгенде козун жумaсын
Ошол учун зaaрлaнип
Кормоксон болуп турaсын
Кaнaтын бaр учбaсaн
Эмнене мынчa мaктaнaсын
Оорубaсaн,этбесен
Кунго мынчa кaктaнaсын
Же кундо туугaн жумурткaн
Тaбa aлбaй ордунaн
Aзa кутуп кaлдынбы?
Aaa,корбой кaлыпмын
Оорунa конул aйтбaпмын
Жумурткaн aлгaн кожоюн
Тойбой кaлып бир бутунду
Жулуп кеткен турбaйбы
Ой шордуум,ооой
Aл эми мени кaрaсaн
Жыл сaйын эгиз тууп берем
Кожоюнумду суйунтуп
'Бир кыз,бир уул' берем
Мээ,мээ,мээээ
деп мaктaнгaн эчки кокурогун которуп,aлдынкы эки буту менен жерди чaпчылaп койду.
Тоок козуну aчты.Шaшбaй койнунa кaттaп aлгaн бир бутуну жерге койду.Эчки сыйкыр коргонсуп 'укмуш' деп койду ичинен.
Эx,эчки бaйым,эээx
Мынчa куру мaктaндын
Озунду гaнa коруп сен
Кокурокту кaкбaгын
Aйлaнaнды кaрaчы
Aлa уйдун муйузу бaр
Болгондо дa эбегейсиз
Сенден беш эсе кучу бaр
Сaкaл aл,aты сaкaл
Aны aлып жургон 'чaкaл'
Жaкындa aбa ысысa
Кожоюн
Жунунду,сaкaлынды кыркып сaтaaр
Aa... дaгы эмне бaр эле
Тороттон соз кылгaнсын ээ
Кичине болгонумa кaрaбa
Мaмиленди дa aбaйлa
Жылдa жожо чыгaрaм
Эгиз эмес учузду
Учуз эмес бешизди
Бешиз эмес онузду
Дундон чыгaрaм жожону
Aйлaнтып журсом эшикте
Ээлеп aлaт кочону
Сен боюмa кaрaбa
Aр кимди корунгондой aндaбa
Мындaн кийин кошунaм
Эгиз тууйм деп чaкчaндaбa
Чындыктaр aчуу белем,эчки уу чоп жегенсип коздору кызaрды.Ушул топтой тооктун созуно сынгaнын которо aлбaй,буттaры титиреп короонун ичине кирди.Жинини бир нерседен чыгaрыш керек болчу...Жугуруп бaрып тaш дубaлды сузуп кaлды.'Кырс' эткен ун чыкты,от чaгылышa тушкон козуну aчты, 'тaaжым' деп мaктaнгaн муйузунун бироосу сынып жерде жaткaнын корду...
Билдирүүнү түзөткөн: elif: 26 Май 2013 - 17:58
#6 26 Май 2013 - 17:54
Бир күнү центрге түштүм САМСЫ жегени (билестер Ноокаттын самсысындай самсы жок) анан бир чайкана кирдим. Кирсем Джет Ли жүрөт... Анан мен анын жанына барып Ноокатта эмне кылып жүрөсүз деп сурасам САМСЫ жегени келдим дейт. Анан мен аны менен таанышып ини дос болуп, экөөбүз үчтөн САМСЫ жедик төртүнчүсүн жей албай койду.
Анан экөөбүз Ысык-Көлгө бардык, ал жерде үч-төрткүн жашап, бир күнү Ли айтып калды "эй мен бир кызды сүйүп калдым, анын номерин алып берчи" деп. анан мен айттым номерим алып бере албайм, андан көрө логинин алып берейин дедим. Антсем Ли байкен сүйүнүп тим эле...
Анан интернетти таң аткыча тытып отуруп жанагы кыздын логинин таптым. Эртеси эрте менен Лиге бердим. анан ал эки-үч күн ал кыз менен сүйлөштүда аны алам деп калса болобу. Анан мен айтым биздин кыргыздын кыздары башка улутагыларга тийбээйтдедим. Арадан бир күн өттү эрте менен ойгонсом Ли жок, кайда кетти экен деп кабатыр ала баштадым телефонуна чалсам өчүк, бир оюм кетти ТАЛЛАСтыкар тутуп алып уруп койбоду деген...
Анан бир сааттан кийин Ли КЫРГЫЗ калпакты кийип келип калды " эй сага эмне болду" десем "өзүң айттыңго КЫРГЫЗДЫН кыздары башка улуттагыларга тийбейт деп" дейт. Көрсө ал жанагы кызды алыш үчүн калпак кийип, Кыргыз жарандыгын алыптыр.
Анан экөө үйлөнүштү... Үйлөөнү тою өтө чоң рестеранда болуп кадимки кыргыздын салты боюнча - кыздын ата-энеси, Линин ата-энеси тойго келишти.
Кыздын ата-энеси бай кишилер экен ДОРДОЙдон чок ортосунан БИР контейнерди эки жашка белекке беришти, ал эми Линин ата-энеси куру койбостон Бишкектен бир бир квартира белек кылышты.
Ошентип тойда бүттү бар таркашты, эки жаш жалгыз калышты...

арадан эки жыл өттү азыр алардын Манас Ли деген бир уулу бар...
БҮТТҮ...

Көрбөйт деп уурулук кылба.
#7 26 Май 2013 - 18:33
" Жаштайынан дос болуп келишкен Дауд менен Нурислам, бири-бирине ушунчалык катуу тамашалашат. Бир күн Даудтун сокулукта жумуштары чыгып калып жөнөп чыкса, жакын досу Нурислам келип калат.
- Оой доске кандайсың анан? Ырас эле келип калбадыңбы. Сокулукка барып келишим керек. Жур дос кажылдашып барып келели. Өткөн-кеткенди сүйлөшүп дегендей- деп Дауд Нурислам досун чогуу барып келүү үчүн аракетин баштап калды. Бирок Нурислам үйүнөн чыкканда акчасын унутуп коюп, досу Даудтан үйүнө жетип алууга карыз акча сурап турууга келген болчу.
- Жоок дос. Озун эле барып кел. Менин да иштерим зарыл- деп келген максатын жашырды. Бирок ой-боюна койбой Дауд досун ынандырды. Кызыл-Аскерде маршрутка кутуп турса "ЧАЛДОВАР- БИШКЕК" маршруту келип калат. Бош орундуктары бар экен. Олтурат да жоноп кетишет. Жолдо ысыктыктан Нурислам уктап кетет. Дауд Сокулукка жетип уктап жаткан досун атайын тургузбай тамаша кылып бир топ кун эстеп кулуп журолу деп тушуп кетет. Чонтогундо сокур тыйыны жок Нурисламды айдоочу Чалдоварда ойготот. Анын акчасы жогун Дауд кайдан билсин. Сениби шашпа деп Нурислам кантип эсептешсем деп тамаша планын ойлой баштайт. Кундордун бир кунундо экоосу саякатка Германияга сапар алышат. Сени Германияда шерменде кылбасам элеби деп Нурислам откондогу окуяны эстеп койду. Берлинди айланып журуп бир дуконго киришип 2000€дон окшош 42-размердеги бут кийим сатып алышат. Мейманканага келгенде Дауд душка кирип кетсе, Кыргызстанга жеткенде журогун түшүрөйүн деп Нурислам Даудтун бут кийимин алып сол бутун озунун каробкасына салып озунун оң бутун тигинин каробкасына салып коёт. Мындайча айтканда Даудтун каробкасында бут кийимдин оң буттары өзүнүкүндө эки сол бут кылып салып коёт. Ошентип кайра Кыргызстанга жөнөп калат. Аэропортто каттоодон өтүп учуп кетишет. Кыргызстанга келип түшкөндө, Дауд:
- Э доске. Бул немецтер мен ойлогончолук акылдуу эмес экен, себеби мага тупойдугу кармап бут кийимдин эки оң бутун салып коюптур.
- Анан эмне болду?- деп Нурислам сыр бербей сурап калды.
- Эмне болмок эле... Самолет учканча чуркап барып алмаштырганга араң жетиштим да...
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
#8 27 Май 2013 - 08:46
Алтын балык көл жээкте,
"Загар" алып жатыптыр,
Жарым жыл тамак-аш ичпей,
Курсагы абда-ан ачыптыр.
Суу түбүндө кийиктин,
Бирөөсүн мээлеп атыптыр,
Калган аркар-кулжалар,
Түбүнө көлдүн качыптыр.
Сүрсүтүү үчүн эттерди,
Суусунан көлдүн чачыптыр,
200 метр ич этин,
7 күн бою артыптыр,
Куйкалап күндүн нуруна,
Шорпосун даамдап, татыптыр.
Аны көргөн кумурска,
Ментке "жирно сатыптыр" ,
"Браконьер" -деп күнөөлөп,
Балыкты камерага "катыптыр" .
Айланага көз салса,
Кыпкызыл пил жатыптыр,
Кыскарып мурду түбүнөн,
Аябай өңдөн азыптыр,
Уяттан жүзү саргарып,
Кара чачын кашыптыр,
Анткени, жуунбай жыл бою,
Денесин желе басыптыр.
Кылмышын тактап сураса:
Ал шордуу, жумуртка уурдап сатыптыр.
"Эс алайын" - деп балык,
Бутту столго асыптыр.
1 саат өтпөй көз ачса,
Таң агарып атыптыр,
Айланага көрк берип,
Ай нурун жерге чачыптыр,
Калышпай Күн да жаркырайт,
Дарбыздар гүлүн ачыптыр.
Бурулуп, бурчту караса,
Кызыл пил жок! Качыптыр!
Чычкандын ийни аркылуу,
Боштондукка шашыптыр,
Түнү менен жол жүрүп,
Кеткендир далай ашып кыр.
Мына, кызык, тамаша,
Балык жалгыз калыптыр,
"Алып кет"- деп бөлөсү,
Акулага чалыптыр,
Ташбаканы айдатып,
Бөлөсү жетип барыптыр.
"Ийнелик неге келбейт"- деп,
Алыстан таштап узак кеп,
Учкусу келгенин айтып,
Биздин балык наалыптыр.
2 күн жатып түрмөдө,
Ак чач болуп карыптыр,
"Сары" тишин калтырып,
Калганын, кариес жеп алыптыр.
Жашоосу менен тааныштың,
Замандаш, алтын балыктын!
PS: Калпыма "тормоз" тебейин,
Калбай калды сөзүм "тыр",
"Плагиат, тамсил экен"- деп,
Салбаңыздар мага чыр,
Эки жыл ойлонуп жазган,
Фирменный эле болгон ыр. ))
#9 27 Май 2013 - 12:55
- Аке мен үйлөнүп жатам. Султан досуңузду алып тойго өтүп келиңиздер. Сөзсүз келишиңиздерди Манзура экөөбүз чыдамсыздык менен күтөбүз.
Баралбайбыз деп ар кандай шылтоону айтып көрдүм. Такыр болбой көгөрүп туруп алды. Ошентип Султан деген досум менен тошкентке жөнөп калдык.
Сахалин-Тошкент билети жок болгондуктан, Москвага барып андан ары учмай болдук. 9 саат учуп араң дегенде Москвага келдик. 12 саат күтүп олтуруп "Узбекистон авиалайнари" самолетуна чыктык. Бардык жүргүнчүлөр орундарына олтуруп болгон соң, башкы стюардессанын үнү жаңырып калды.
- Урматтуу жүргүнчүлөр! Биздин авиа компаниябызды тандаганыныздар учун чон рахмат. Биздин бортко кош келипсиздер! Аба ырайы сонун, учууга ынгайлуу. 10минутадан сон которулобуз! Бел курду тагыныздар!
Самолет жерден которулгондон кийин, стюардессалар самоорго чай алып киришип чайниктерге көк чай кара чай кылып демдеп бере башташты. Мени баарынан таң калдырганы самоордун башынан кадимкидей жалын алоолонуп туруптур. Айланама карасам эч кимдин иши жоктой сезилди. Бир кезде самолеттун арт жагынан коюу түтүн каптап келатканын көрүп, коркуп кеткенимден ПОЖАААР деп кыйкырып жибердим. Олтурган өзбектер баары каткырып эле жыргап атышты. Бул эмне деген самолет өзү деп чуркап лётчиктер олтурган жерге кирип бардым. Мына кызык... Лётчиктер рульду автопилотко коюп коюшуп, өздөрү кеңири мангалга шашлык бышырып атыптыр. Алдында бир летчик, арак куюп таркатып жүрөт. Эч нерсеге түшүнбөй самолеттун артына өтсөм стюардессалар сабиз пияз туурап жатышат. Алардын артында эки чоң килейген очоктордо бирөөсүндө аш бирөөсүндө шорпо даярдалып жатат. Кадимкидей от күйүп жатканына акылым жетпеди. Чуркап бардым да капитанды таап бул эмнеңер деп ызы-чуу чыгардым. Бир кезде ачуусу келген мас неме:
- Кааласаң азыр как раз Бишкектин үстүндө баратабыз, парашют берели түшүп кал-дейт. Биз досум экөөбүз десем эки парашют берип койду. Самолет жарылып кеткенче түшүп калалы деп мен биринчи секирдим. Бир аздан соң парашютту ачтым да Султанды карасам көрүнбөйт. Дагын жакшы москвадан роуминг мегафон алыптырбыз. Чалсам Султан мындай дейт.
- Бул жерде бир өзбек аялдын бишкектик эженен 20000сом карызы бар экен ошону берип кой деп суранганынан күтүп турам дейт. Мен ошентип Кой-ташка түшүптүрмүн. Султан Ошко жакын барып түшүптүр. Ошондон бери самолеттон корком. Айрыкча өзбектердикинен.
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
#10 27 Май 2013 - 21:46
Форумдагы жаран солжылан,
Жарылды го бугун агынан.
Караан кун тушуруп башына,
Айдаптыр банга модур сагызган.
Неге банга кетти деп сурасан,
Журок сыры болумун карасан,
Флуддаптыр каалашынча чалчандап,
Ойго келгенин жаза берип талтандап.
Таанышып алгыла:
Илбирс,YKY,сагызган,
Куумайык жана арыстан.
Форумдагы акимдер,
Буларга тенелчу киминер?
Акыл насаатын айтып ар кимге,
Журокту болоп мээримге,
Зыяны жок эч кимге.
Элди ынтымакка чакырган,
Активист юзер Калдыркан.
Оюн кулкунун кызыгына батчулар,
Аккуу,кекилик курбулар,
Бука,суур,таракан,
Форумдун коркун чыгарган.
Боксер,футболист пингивин,
Спорт болумунун алып тизгинин.
Окуп алып ыйлайсын,
Монологун кирпинин.
Жаны катталган кашкулак,
Маекте журот ар убак.
"Бияктан табам!" -деп, суйгонун
Издеп журот тугойун.
Суперде да бар акындар,
Башынан ырга жакындар.
Ийнелик,чегиртке, конузу,
Колунан тушпой комузу.
Интервью берди аары,
Жабылып суроо берди баары.
"Суйгонун барбы?"-дейт кумурска,
Оюнда:"Чыксам деп турмушка! ".
Гулдоп онуккон Суперде,
Сынак болду бир кезде.
Чыйырчык,коëн, балтеги,
Чычкан,балык, кандеги.
Жарышка тушушту жабыла,
Биринен-бири отуп
Чыгармаларын жаза шашыла.
Азыр сынак учуру,
Апыртмасын жазды кенгуру.
Ушуну менен,
Аяктайт экен 2-туру.
Кайран омур эскирер
#11 28 Май 2013 - 11:48
Той берди айыл тойчудай
Калтырбай эски досторун
Баарына айтты Жолчубай
Ойлонуп карайт тизмесин
Чё-то той “супсак” болчудай
Көрсө, шернедеги негизги“
Достору” калган, жазылбай
“Туп-туура саат экиде
Келгиле конок болчулар”
Чакырык берип баарына
Санаасы тынат койчубай
Чакырык алып бат барат
Токойго коён жар салат:
“Тойго баарың барасың”
Деп чабандын сөзүн аткарат.
“Кулагы катуу – куу түлкү
Сага өзгөчө арналат.”
“Өткөндө уккан эмесмин”
Деп түлкү улам карганат.
“Уксам барат элем го
Айткан жок мага жарганат
Барсам уктап жатыптыр”
Деп түлкү улам арданат.
Чакырык алып ар бири
Ойлонуп атат ар кими
“Эмне берсек тоюна”
Деп сөздү баштайт Акими
Анда карайт баары эле
Сүлөөсүн жакты ар бири.
Сүлөөсүн айтат кенебей
“Болду бербейм тебетей
Өткөндө бере коём деп
Куйругум калды кенедей
Жаман экен куйрук жок
Шымы жок жүргөн немедей”.
“Өткөндө той болгондо
Түлкү келбей койгондо
Май таман аю кургурдун
Элүүгө жашы толгондо
Берди эле эки путёвка
Париж деген борборго
Берген соң жакшы берели
Дагы эле келет тойлорго”
Деп айтат тойгон карышкыр
Чабан караган койлорго.
Коён анда кеп айтат
Кеп айтканда эп айтат
“Баягы тапкан алтындын
Бирин берели” деп айтат
Макулдашып баарысы
Даярданалы деп кайтат.
Той болчу да күн келет
Токойдун ичи керемет
Баардыгы тең жасанып
Бүт эле сулуу тегерек.
Кирпи жүрөт кырынып
Устарага ийне тыгылып
Колтуктагы ийнени
Не кылсам деп кыйылып
Маймыл деген жок баягы
Эмне деп коёт жанагы?
Бутундагы жүндөрдү
Кырып жүрөт ал дагы
Бутуна таштап кездеме
Шыпырылаар бекен деп
Текшерип коёт абалы.
Кумурсканы жөн коёлу
Ушундай жорук болобу?
Шиш така кийсе бутуна
Баарысы көрүнүп коёбу?
Мурутун алган кыскартып
Эми адашпаса болгону.
Баягы бака таанылбайт
Боёктон көзү ачылбайт
Тостойгон эки көзүнө
Эч кимдин көзү арыбайт
Жакындаса жалгыз бир
Каныкейдин көзү жакындайт
Өлөм деп жүргөн карышкыр
Жашарып болбой калыптыр
Үйлөнүп аткан немедей
Төшүнө гүлдү тагыптыр
Тийишип болбой маралга
Арзуусун арнап алыптыр
Эми сөз аягы түгөнбөйт
Тилди убакыт жүгөндөйт
Кыскарта турсам мен эгер
Түрү суук болуп токойдо
Жалгыз эле мен жүрөм дейт.
Чогулуп баягынын баардыгы
Топозго минип алдыбы
Батпай калган кумурска
Таксини көздөй чалдыбы
Токойдо жандык калган жок
Жөө кетти калган калдыгы
Айтор өмүрүндө биринчи
Токой жалгыз калдыбы.
Топоз тердеп келиптир
Жалпысы толук жетиптир
Караса киши көрүнбөйт
Жалгыз үй кала бериптир
Көрсө, келген меймандар
Ушу жерден чын айтам
Туп туура экиде келишип
Кайра саат төрттө кетиптир
Баятан бээри самсаалап
Айтчу тостун кайталап
Сулууланган жандыктар
Кечигип келип арданат
Көрсө жакын жашап айылга
Кыргызга баары айланат.
Бирок, той да болду акыры
Баардыгы чабандын жакыны
Түнү бою тойлошуп
Жыргап алды баардыгы
Алтын сөзүн аябай
Ырын да төктү акыны
Чимирилте бий бийлеп
Бийчинин тынбайт такымы
Эстен кеткис күн болду
Ушундай тойдун тарыхы.
Айтчу сөзүм ак айттым
Келген жок менин калп айткым
Ишенбейм эгер десеңер
Токой жака барып кайткын
Азыр деле жүрүшөт
Айтып бүтпөй ай сайын
Мени жиберди десеңер
Ачылышып ан сайын
Көбүртүп айтып беришет
Мен көргөн тойдун ал-жайын.
Жолчубайдын кошунасы.
Билдирүүнү түзөткөн: Altyshok: 28 Май 2013 - 11:59
#12 28 Май 2013 - 13:40
Эрте менен адатымча эрте турдум. Балам ойгонгончо, анча-мынча майда-барат жумуштарды бутуро салып, жолдошума ысык чай берип, жумушуна узатайын деген жаным тошоктон турганда эле озумду кундогудон башкачараак сездим. Жок, оорубай- нетпей эле. Жок, чын эле ойгондум. Ойгондум да, ажатканага шаштым. Ме сага! Жок, мындай эмес. ММЕЕ ССАГААА!! ! Кайдан илештирдим? ! Кхм, мен муну эмне кылам, ыя? Эркектин алигиси менде эмне кылып журот?! Бир жагы кызык корунуп, кудундап коем, жолдошум корсо, 'шок' болот деп. Жун баскан, бир башкача буттар козумо урунду. Катастрофа! Кошмар! А жок, норма эле да, нагыз эркектин буттары. Кызыык, мен эркекке айлансам, жолдошум айым болуп калдыбы? Ххе-хее десее... Мына сага тамаша! Кудум кинодогудай!
Бирок, экинчи жагынан, унитазды так мээлеген да кыйын жумуш экен... Эчтеке эмеес, негизгиси, эми мен эркекмин. 'Эркекмин' деп алып, автоматтык турдо кокурогумду карадым. Торт, беш сербейген кылдан башка эчтеке корунбойт. Ффу! Айым деген 'аккуратная' болушу керек да, сербейтпей! Туура, айым деген... Мыйыгымдан мылжыйып кулдум, а эркектерге боло берет! Эми мен ич кийим эмес, футболка да кийбей журо алам. Иехуу!!! Так секирген бойдон, кузгуго бутумдун учу менен чуркадым. Ммм, бир аз арыктыгым эле болбосо, бой десе бойлуу, кара каш, кара коз, кырдач мурун 'крассавчик' эле жигит турбаймбы. Бетимди сыйпап койдум. Бул эмнеси?! Аа, сакал... Сакал турбайбы. Жана мурут... Ээ, тим коем. Жарашабы, жокпу, эркек деген экспериментке даяр болушу керек да. Осо берсинчи. Баса, жолдошум экообуз алмашсак, мен эмнеге анын денесинде эмесмин?! Эмнеге башкачамын? Кандайдыр бир жаман ой 'кылт' этти да, жоголуп кетти.
Автоматтык турдо ашканага бет алдым. Чайнекке суу толтуруп, газды жандырдым. Кызык, эми чай коеюнбу же койбой эле койсом болобу? Кантсе да дасторкон жаймай аялдын иши эмеспи.
Эх, ушу аялдар, эртерээк турбайбы, кишини куттурбой? Ойлоору ойлоп алып, каткырып койдум. Конулум жайдарыланды. Терезени ачып сыртты карадым. Негедир кошунанын короосунда акыра менен эшек журот. Эшек го мейли, акыра кайдан пайда болду?
Жолдошумдун кадамдары угулду. Озу да корунду. Адатымча жылмайып, "Кутман таныныз менен,"- дедим. "Сенин да,"- деген бойдон жуунчу болмонун эшигин ачты да, ичкериге кадам койду. Эшигин жапты. Жарым секунд отпой, бир грамм да уйкусу жок умачтай ачылган коздору менен болмодон атып чыкты.
- КИМСИН?!
- Мен да, жаным,- жылмайган бойдон бетинен назик сылап койгум келип, колумду сундум. Мага тааныш эмес тарбайган, туктууроок колдор жолдошумдун бетине жакындады. Ал тан кала, жийиркеничтуу карай озун ары ала качты да, мени селейип тиктеп катып калды. Мен да колдорду коруп, бир саамга далдырай туштум. Аа...ооба да... Аа... АА... ААА!!! ЭМНЕГЕ ЖОЛДОШУМ ЭРКЕК?!
- Эмнеге сиз эркексиз?
-ЭЭМНЕЕ?!
-Алмашпадык белее?!
Жолдошум автоматтык турдо ич кийимин ачып, карады да, женилдене 'шуу' ушкуруно мага карады:
- Сен кимсин?- коз карашы прокурордукунан да отот.
- Бул менмин да, мен. Эмне, эми когуш уй-було болобузбуу? !- мен озондоп ийдим,- аларга закон чыга элек даа! Эми калган балдарыбызды ким торойт? Уу-уу, - ыйлап кирдим,- Жоок, чыдабайм эле! Аный! Мындай жарабайт!
Оюма бирдеме 'кылт' этти эле, андан бетер оксудум:
- Эмнее, эми башка кыздарга барасызбы, ыя-аа???- кызганычтан ичим куйуп, куйуп кетти, козумдон жашым он талаа, - жок дегенде баланы ойлосонузчу!
"Бала" деп алып, озум чочуп кеттим, деги ойготуп койбодук бекен? Жолдошум экообуз тен уктачу болмого чуркадык. Ыйлаганы угулбайт. Эшикти кынайта ачтык. Уулубуздун ордунда кичинекей кун болмону жаркытып, керебеттин устундо учуп турат. Эсим ооп, жыгылып туштум...
Озумо келсем, жолдошум тарбагай, каруулуу колумдан аяр кармап, жалооруй тиктеп отуруптур. Мен "а" дегенче болбой, дагы ыйлап кирбесин деп, шаша созун баштады.
- Жаным, эчтеке эмеес, сен го адам бойдон калыптырсын, сыртта сенден да коркунучтуу, кхм, башкача гибриддер, айбандар, канаттуулар журот. Жок, сен коркунучтуу эмессин, алар коркунучтуу. Ооба, ушинтейин дегем. Кечээ кошуна эже жолдошун тилдеп жатпады беле, "Эшек, мен сенден алда канча ойдомун, а сен эшексин" деп жатканын укпадык беле, мына, озу акыра, жолдошу эшек болуп калыптыр. Андан да жолбун иттер кобойуптур. Жаш балдар балапан, кун, чымчык, мамалак, коенек болуп калышыптыр. Арты жылан, башы крокодилдер да журот, ким экени белгисиз. Каман, аюуларды айтпай эле коеюн, галстуктары менен кочонун чанын шыпырып журушот. Айрым уйлордон элдер донгоч, текелерди корушуптур. Бир эжеге болсо кошумча алты кол осуп чыгыптыр, бир мырзанын алигиси теректей болуп осуп, шактап, бутактап кетиптир, сагызгандар гезит которуп учуп журушот дейт. Айрымдар жылдызга айланып, кундуз куну корунбой калышыптыр. Кээ бири аларды"Космоско учуп кетишкен" деп жат...
Маалыматтан башым айланып, "токтонуз" дегендей, аран ишаарат кылууга жарадым. "Баары мурдагыдай болсунчу. Мен аял бойдон калгым келет. Баламды сагындым," - деп шыбырадым. "Кел анда, кечинде жатаарда чын журоктон тилек айталы,- жолдошум мени жылмая карады,- " Жакшы тилек - жарым ырыс" дейт."
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#13 28 Май 2013 - 16:52
Жоголгончо кaрaaным
'Жылдыздуу' деп мaктaшaт
Жaш эркек бaлaмын
Куштaр уясынa конгондо
Тунку сaaт он эки болгондо
Aстaн турдум тошоктон
Жaрыктын бaaры очкондо
Aдaттaгыдaй aчтым 'компумду'
Бaштaдым сaйттa жортуулду
Бул кумaрбы? же aрзуубу?
Чыгaрa aлaй корутунду
Кулгун тус кийген кыз кордум
Мaгниттей тaрткaн коз кордум
Aрбaшып кaрaп жaткaндa
'Комптун' ичин коздодум
Aйлaнaм aппaк aйнектей
Бaш aйлaнaт чыдaбaй
Aлыстaн кaрaaн коргонсуйм
Кийгени кулгун ырaндaй
'Келе aтaт' дедим ичимден
'Нур тогулду' тишимден
Кaйдaн жaйдaн гул тaптым
Кыйынсып кылгaн ишимден
Соомойу менен чaкырып
Бурулуп кетти кaткырып
Жон турбaй бaрдым жугуруп
Опкум келип жaткырып
Колунaн тaрттым озумо
Жумжумшaк колу,aпaпaк
Ушундaй бир ооп кaлгaндa
Бетиме
'Шaк' дей тушту шaпaлaк
Умaчтaй aчсaм козумду
Жaтыпмын стол aлдындa
Элендеп кaлдым шaшылып
Aпaмды коруп кaршымдa
'Aa,кечирин' деп сурaндым
Ордумдaн тез турa кaлдым
Aпaмдын колун опконум учун
Aябaй эле уялдым
Кaрaсaм 'комп' жaнымдa
Aчык турaт жызылдaп
A экрaндa бaягы кыз
Мени кaрaйт шылдындaп
Бaйкaп туруп кaрaсaм
Aлaкaны экрaндa
Мен дa койдум колумду
Эч ойлонбой экрaнгa
'Шaп' тутту колумду
'Мaгa кел' деп согунду
Тигилип мындaй кaрaсaм
Вaмпир болуп корунду
Тaртып aтып колумду
Тырмышып aрaн куткaрдым
Aл кыз кетти aлыстaй
Монитордун экрaны
Чоюлуп кaлды сaгыздaй...
#14 29 Май 2013 - 10:40


Мынча элди башкаруу оңой эмес экенин түшүнгөн форумдун админ, аким, ж.б. форум башчылары


Баардыгы толукталган соң, “Тоогоэмне менен барабыз?” деген катуу талкуу башталат. “Башы иштегендерди издейбиз! ” бөлүмүндө жашагандар







“Самолёт менен баралы”, “мотоцикл менен баралы”, “эшек минип баралы”... ар бири өз оюн айтып бүтпөйт. Баягы шок жигит MIRlan кайрадан киришет “Танка менен барбайлыбы, танка менен. Биротоло кытайдын чек арачыларын коркута келебиз ))

“Эйй болдучу. Ушу сен келбей эле үйүңдө чайыңды кайнатып ичип отура берсең болмок. Дөөрүйсүн эле дөөрүйсүң. Кыйын экенсиң жок дегенде мени алып барганга тачка сүйрөй келбейсиңби” деп айтканынан улам Jinn

Aijan айым – балык. Эч ооз ачпастан башкаларды угуп гана отурат. Aijanэкени дагы билинбей калыптыр. Башында көнүшө албай жатса керек баары менен. Балким көнүшүп кеткенде анан башталат да. “Аа баса, менин да бар экенимди унутпасаңар. Мындай талаштар болуусу көнүмүш адат. Анткени ар бирибиздин дүйнө таанымыбыз, түшүнүктөрүбүз ар башка...” Ушул жерден admin_superstan

Талаштын баары voin.teni

Америкалыктар эмне кыйналышты билбейм. 10 суткадан бери эзилип поезд менен келип алышыптыр. Поезд дат басып калган. Океандан өтүп, кайра чөлдөн өтүп отуруп ушинтип калса керек. Ал делегацияны Evelet айым баштаган

Бирок, жакшы эс алдык. Түшкө чейин Күңгөй Ала-Тоодо, түштөн кийинТескей Ала-Тоодо... Кыдырып эле жүрдүк дейсиң. Айрым кыздар гүл отургузганга деп топурак да алып келишти, айрым балдар үйлөнөт элек








Кайтып келе жатканда арабызда 2 маймылдын пайда болгонун байкадым. Дагы кимиси калып калды деп сарсанаа болуп турсам, жоктой келгенде баары түгөл болуп 2 маймыл ашып калып жатпайбы. Аларды дагы арабызга кошуп алдык

Ал күнү суперге кирген киши болбоптур. Net.kg нин статистикасы боюнча акыркы орунда калып калыптырбыз. Бирок,антсе да ал күнү форумда эч кандай (!) талашып тартышуу, кайым айтышуу болгонэмес. Анын ордуна Ала-Тоодо оюн, күлкү, бири-бирин сыйлоо, тамашалоо көп болду



Бул жерде аты чыкпагандар жакшыэле жүрүшкөн, бирок кайтып келатканда тоонун бир капталындагы өрттү көрүп бир нерседен шекшип койдум.

Башкасы апыртмага окшошпосо дагы, суперчилердин баардыгы тоого чыгып келгени апыртма болсо керек.
Жолчубайдын кошунасынын кошунасы.
Билдирүүнү түзөткөн: Altyshok: 29 Май 2013 - 10:54
#15 29 Май 2013 - 12:28
Жыланач баатыр.
"Жыланач баатыр,
Чаап келе жатыр,
Отуз кызды бетинен,
Суйуп келе жатыр,
Отуз кызды такымга
Уруп келе жатыр..."
(Эл оозундагы апыртма)
Жыланач баатыр,
Чаап келе жатыр.
Ат устундо купулдоп,
Учуп келе жатыр.
Чолдун чанын ызгытып,
Бузуп келе жатыр,
Кун ысыкта коп тердеп,
Сузуп келе жатыр.
Жыланач баатыр,
Элдин камын ойлогон,
Эртенкини болжогон,
Кан жаныртып, кыргызды
кобойтом деп жойлогон,
Ана, тийди бир журтка,
Мына тийди бир журтка,
Жайдак атта жайдак уул,
Дагы тийди мин журтка.
Сулуу кыздан коп терди,
Бирин койбой, бут терди,
Кулукко бирден мингизип,
Кунун кошо алперди.
Чырайлуу кыздан бут терди,
Чийимин минге жеткирди,
Шум бала болсон шундай бол,
Чырагын кошо алперди.
Акылдуу кыздар калбады,
Амалдуу кыздар алданды,
Сепке деп каткан бут кенчин,
Жайдак атка оноруп,
Тагдырын ага байлады.
Кыскасы, созулган бийкеч калбады.
Жупуну жургон жардылар,
"Ала кет эле, ала кет",
Деп кыздарын оздору арнады.
"Албай койсо не болот?"-
Деп шекшинген энелер,
Алтымыш канат ак боз уй,
Уйдой болгон сары алтын,
Доодой болгон чылк кумуш,
Акчаны тартууга беришти.
"Болгон оокат ушу,"- деп,
Жуз мин жылкы, бодо мал,
Миллион кой, он чебич,
Алтымыш мин атан,
Алты инген,
Сексен мин тайлагы менен,
Айдап келип беришти.
"Болбостур муну албасам,
'Неудобно" кылбайын,
Ынтаасыз куйоо дедиртип,
Жаман атка калбайын," -
Деп ойлоп тыржык Жыланач,
Тартууну алып, ийилди,
Ыраазычылыгын билдирди,
Тоодон онду калтырып,
Койдон минди калтырып,
Калганын,
Жайдак аттын жалына,
Оттосун деп кое берди,
Алтын, кумуш тыйынын,
Кулагына атынын,
Сойко жасап кол менен,
Майыштырып, ийилтип,
Тагып койду, бекитип.
Кийин издеп журбойун деп,
Кулагына сойколуу,
Эн бастырды, билинтип.
Алтымыш канат ак боз уй,
Такасына жайдактын,
Билинбестен жашынды.
Майда-чуйдо оокаттар куйругуна асылды.
Калган тоону, мин койду,
Туш болгончо туштончу,
Озок жалгап турайын деп,
Жыланач баатыр бир сорду.
Жыланач баатыр,
Кайын журт менен коштошту,
Жайдак атты такымдап,
Уйду карай 'зуу' койду.
Жайдак аты, жаманы,
Жуз мин, жуз мин чакырым,
Бир секундда бир отот,
"Бачым барбасак болбойт!" - деп
Ансайын баатыр демитет.
Ким билиптир мындайды,
Ким коруптур ушундайды?
Сан мин журттун чубалган,
Арканы (атка) илешип калыптыр,
Ылдамдыгын ойлогон
Жыланач баатыр, жайдак ат,
Муну такыр байкашпаптыр.
Атандын кору, дунуйо,
Узун аркан тартылып,
Тигилген боз уй, чатырын,
Алачыгын, кабатын,
Бутун чубап чыгыптыр,
Кокуйлаган элдерди,
Бут журтунан которуп,
Жыланачтын артынан салыптыр.
Жыланач баатыр,
Чаап келе жатыр,
Кырк мин кызды оноруп,
Алып келе жатыр,
Кырк мин кунду экиге болуп, болуп, колтукка
Кысып келе жатыр.
Оттой жанып, нурданып,
Кыз сурунон уялып,
Ысып келе жатыр.
Жыланач баатыр,
Чаап келе жатыр,
Алтымыш кызды белинен,
Имерип келе жатыр,
Сексен кызды жузунон,
Суйуп келе жатыр.
Жыланач баатыр,
Жайдак атка жабышып,
Кыздар менен алышып,
Чаап келе жатыр,
"Кыргызымды кобойтом,
Буюрса, эмки жылы ар бирин,
Экиден эгиз торотом,
Журтумдун санын кобойтом,
Буюрса, эки жыл отсун, ар бирин,
Торттон эгиз торотом,
Аман болуп, олбосом."
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#16 29 Май 2013 - 15:55
Мен "Бриллиант жылан" деген чыгарманы окугандан бери озумчо эле ЛАМА сыяктуу болуп, транска кирип козум ачыла баштады. Бироолордун ойлорун суйлотпой биле турган болуп калдым. Жыргал эле болбодубу ким мен жонундо эмне деп жатканын билип алып "шумшуук десе" деп койуп журо берем.
Ошондой кундордун биринде базарга бардым. Базар аралап журсом баардык сатуучулар эле аландап мени карайт. Озумо "буларга эмне болду" деп суроо берген жокмун. Анткени тигилердин оюн билип турамда. Алар: "уфф ушул кыз дайыма эле мунунуз канча сом мунунуз канча сом деп койуп эчнерсе албай эле журо берет " дешип мени жаман коруп жатышыптыр. Анан кой ушуларга жаман корунбой бир демке алып коеюн деп, сатуучу эжеге барып "эже бул туфли канча сом" десем, ал: "ай кызым кундо келип ушул туфлини сурайсын, канча сом экенин тек эле жаттай албадында" дейт. Озум уялып кеттим. Анан базар айланып бутуп уйго баратсам кочодо бир гезит жатат. Чуркап барып алсам "супер инфо" экен. Ичин ачсам иий жык эле нандын майдасы (ушак). Анан бир бурчунда жарнама бар экен. Лотерея жонундо. Ал ошто ойнотулуп жатыптыр. Ойнотулуп жаткан жерге бардым. Анан мен билемда кайсыда эмне бар экенин. Анан ошол лотереядан 7 кир жуугуч машина, 12 нан жапчуу духопка, 81 утук (утюг), 23 чай кайнатчуу чайнек (тефаль), 1 BMW машина уттум. Уткандарымды эмне кылаарымды билбей сатып жибердим. Менде аябаай коп акча болуп калды. Анан башка олкого барып саякаттоону туура кордум. Америкага бардым. Америкадан 7 жылдыздуу мейманканага жайланышып, жакшы эс ала баштадым. Эрте менен турсам алдымда турлуу турлуу тамактар, эшикке чыксам турлуу турлуу машинелер турат. Анан арасынан бир эн сонун "запарожест" деген машинаны тандап, эн чон магазинге жонодук. Магазинде адамдын журогунон башка бардык нерсе бар экен, чиркин. Анан ал жерде мени атайын Кыргызстандан келиптир дешип аябай конок кылышты. Ошентип тойуп алып эшикке чыгып кетип жатып, эшикке батпай калдым. Эптеп кыпчылып атып эшикке чыгып, запарожестке отуруп шаар айланып саякатка чыктым. Америкадагылар баары эле мен отурган машинаны карашат. Корсо алар омурундо мындай кымбат баалуу, мындай кооз, мындай акыркы маркадагы "запарожестти" коргон эмес экенда. Бир убакта бир негр келип машиненди сат деди. Мен макул болдум. Ал мага 99999999999999 ушунча доллар берем деди. Бул канча доллар экенин озумда билбейм. Мен ойлонбой туруп макул болдум. Анан ал мага жанагынча долларын берди аны алып озумчо кубанып, дагы кайсы олкого барсам деп кыялданып козумду жумуп отурсам бироо Айсалкын деп мени чакырды. Ойиийда Америкада да мени тааныгандар бар экен деп козумду ачсам Аклима барго (forumda Armin) журу картошка эгишип койчу дейт. Корсо жанакылар тушум экееен ((
анан экообуз талаага картошка эккени бардык. Картошка эгип жатсам астымда жанакы менин запарожестимди алган негр турат. Аны коруп кубанып кетип "кандайсын Обама" дедим. Алда кыргызчалап "ой жакшы, баары жайында. Бул жерде эмне кылып жатасын Андан коро мен менен Англияга барып эс алып келбейсинби " деди. Мен эми Обамадай досум суранып жатса кантип барбай коймок элем. Экообуз Англияга бардык. Ал жакта баары мени тааныйт экен. Баары келип мен менен учурашып жатса Обама озунчо эле ынгайсызданат. Кейпи, ичинен "АКШнын президентин тааныбай, Кыргызстандын бир мектеп окуучусун тааныган кандай немелер" деп жатты корунот. Анан экообузду Англиялыктар бир жерге алып барышты. Каер экенин билбейм бирок мен мындайды кыялымдада коргон эмес болчумун. Ал жерде дагы кыялдана туштум, дагы козумду жумуп кыялданып отурсам бироо Айсалкын деп чакырды. Козумду ачсам даагы эле Аклима : "болчу тезирээк" деп жатат. Аттиин булда тушум экен.
Бирок онумдо болбосода тушумдо Американын, Англиянын канчалаган жерлерине бардым. Баары онумдогудой сонун болду.
Уфф ошондо Аклима тоскоол болбогондо дагы коп жерлерге бармакмын- деп кыялданып отурганымды тундо тушумдо кордум

адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#17 29 Май 2013 - 16:39
Тер агат баштан шыргылдап
Бир жерде БУРГО жатпады
Кок койго болгон сезими
Кокурокко батпады
Ак койнок менен кара шым
Кызыл роза бир шампан
Бургого турду жарашып
Аран тапты кок койду
Жун ичинде адашып
-Куйдум бир гана куйдум ии
Куйдум чок ии иий. Деп
Ак суйуусун арнады
Сага деген суйуум ак
Жетпей журом козуно
Багып алам алтыным
Кун тийгизбей озуно
Анда ак кой кирпиктерин серендетип
Келишинди билгенмин
Куну туну уктабай
Журогумдон сезгемин
Мен дагы сени айттырбай
Томолок кылып багамын
Кун корбогон былпылдак
Колоко жерге катамын
Колтукташып эки жаш
Жайлоодо бирге журушту
Бул бир келген омурдо
Жаштыктын доорун сурушту
Кундор отуп арадан
Кок койдун чыкты кылыгы
Жашабайм болду кетем дейт
Башкага козун кысасын
Тубуно сенин жетем дейт
Кой алтыным алынба
Тажадым сассык уйундон
Башкага кетсем таарынба,деп
Кара бурго!
Кен олтуруп ой салды.
Ары бери ойлонуп.
Адамга карай жол салды.
#18 29 Май 2013 - 21:12
Колго жетээр менен бири жээкке, бири кире бериште айтор орундарына жоноп калышты, мен туз эле эс алып жаткан болмолоруно жонодум. Ар кайсы жерде сакчылар алардан оной эле оттум дечи. Мына Путиндин эшигин чертеин десем пол жууган аял кармап калбасбы. "Бул жакка кантип оттун" деп сурак баштады. "Мен агентмин" дедим такалбай, " КГБнынбы?" деп чекчейди тан калып, "Жок orifleim сатып журом, мына сизге каталог" деп эсин жыйганча кирип кеттим. Начар деп олумуш болбой эле чынын айтам, соодам жакшы болду. Пугачева баш болгон биртоп ырчыларды агент кылып озумо жазып кечке маал баягы троллейбус менен уйго жетип алдым капчыгымды кампайтып.
#19 29 Май 2013 - 23:33
Суперстанга башка кирбейм деп эжеме убада берген кундун акыркы муноттору, эки жылдан бери суперстанда олтуруп эч такыр аудиоклептерге баш бакпапмын. Кокусунан баш багып калдым, кирерим менен эле "СУПЕР РАДИО СУПЕР ЫРЛАР СИЗДЕР УЧУН ЖАНЫРАТ, АНДЫКТАН БИЗДИН АРТЫБЫЗДАН КАЛБАНЫЗДАР" деп супер радио жанырып калса болобу. Кызык, абдан кызык болду, тан калып кызыгуу менен угуп отурдум. Тунку саат он эки болчу, тунку саат экиде супер радио жанырып чыкса уйдогулор чочуп ойгонушуп кеткенини айтпа. Акырындатып унун угуп олтурдум.
"Супер радио сиздер учун жанырат, андыктан биздин артыбызда калбаныздар, ар убак биз менен болунуздар! Саламатсыздарбы урматуу супер радионун угармандары! Супер радиодо тунку саат он эки. Урматуу замандаштар бугун биздин, тактап айтканда супер радионун жыйырма беш жаш марекеси. Туулаган кунун менен супер радио! Супер радиодо супер ырлар сиздер учун жанырат урматуу угармандар. Ошондой эле азыркы кезекте куттуктоолор менен тунку супер радиосу сиздер менен болмокчу. Бугун биздин дарекке келип тушкон куттуктоолорду оз ээсине угузуп кетсем. Суперстандын активис жарандары Rinatik94, Leskovatr, Ramantik, Egoes, Vani.ten, Joosh bala, Begim kyz, Kokjar92, Saltanat, Angeli4ka_96 аттуу активис жарандарынын уда келген туулган кундору менен куттуктайбыз!
Жегенинер жузум болсун,
Жузунордо кулку болсун,
Атынар бийик болсун,
Айдаган машинар Жип болсун. Силерди чын журоктон куттуктаган супер адиминистратор. Томондогу ыр супер радионун атактуу ырчысы Evelet Акимден жагымдуу ыр сиздер учун.
Форумчуларга кошулуп, форумчу торолот,
Карап турсам суперстан шанга болонот.
Форумчулар ай, суперстан ай,
Силерсинер менин маанайым.
Форумчулар ай, форумчулар ай,
Силерсинер суперстандын жыргалы,
Форумчулар ай, форумчулар ай.
Силерсинер Форумдун жыргалы.
Жагымдуу музыка сиздер учун жанырып отту, кайра куттуктоолорду улантам. Бугун супер радионун жыйырма беш жаш маракесине арнап, суперстандын белгилуу жаш талантуу ырчы мырзасы Arstan Аким супер радиого арнап ыр жазган экен анда эмесе биргеликте чогуу угабыз.
Жыйырма беш жаш бугун сенин коногун,
Дуйно кезип келсем дагы ырдагын,
Супер радио сен жашомудун жыргалы,
Алыс кетпей кундо сени угамын.
Кайырма:
Жыйырма беш, жыйырма беш,
Супер радио гулдой турган кез,
Соонун кез, осо турган кез,
Супер радиону кундо уга турган кез. Жыйырма беш.
Жыйырма беш жаш маракенер куттуу болсун чын журоктон арнап жаздым эле, чын журоктон кабыл алып коюнуздар! Элден арта калбай элден мурда куттуктайын деп атайын уктабай куттуп отурдум (кулуп). Чон рахмат чын журоктон кабыл алдык, биринчи болуп куттуктадыныз учун сизге дагы рахмат, талантыныз оркундоп осо берсин. Урматуу суперстандын супер радио угармандары биз мындан аары куттуктоолорду ээлерине жеткиребиз. Бугун биздин дарекке Амеркадан кат келиптир ачып окуйлукчу. Ооо бул кат биздин суперстандын кадырлуу жана атактуу суперстанда эмгек синирген Mondur аттуу ырчы айымдан экен.
Саламатсыздарбы? Супер радионун адиминистратору сиздердин бугунку жыйырма беш жаш маракениздер куттуу болсун! Эмки жылы супер теле каналын дагы ачышыныздарга тилектешмин. Алыста болгонума байланыштуу кат аркылуу куттуктоого туура келди, маракениздерге баралбаганым учун кечирим сурайм. Сиздерге терен ыразычылыгым менен жалан менин ырларым жазылган дискти кабыл алып коюнуздар. Кааласаныздар супер радиодон берип турсаныздар дагы болот. Сиздерди терен урматоо менен акиминиздер Мондур.
Чон рахмат Мондур айым, белегинизди кабыл алдык узакта болсонуз дагы унутпай кат аркылуу болсо дагы куттуктаганыныз учун сизге дагы рахмат. Урматтуу суперстан жарандары угуп жаткан болсонуздар Мондур айымдын бир ырын биргеликте угуп корбойлукпу? Андай болсо суперстандын атактуу ырчысы Мондур акимден "Суйумду таптым" аттуу ыры супер радиосунда.
Суперстанда радио бар экен,
Ал радиону угамын мен туну менен.
Супер радионун кызыктуу жагын,
Мен азыр сага айтып берем.
Угуп туруп каткырып куломун мен,
Эмнеге угам радиону озум билбейм.
Кайырма:
Маанай которулуп кубандым,
Кыялм орундалып калды,
Мен бактымды таптым,
Мен суйуумду таптым.
Оз суйуумду табамын деп акыры таптым,
Супер радиого мен аябай ыраазымын.
Бирок дале суперстан эстен кетпейт.
Бир кездеги эски суйгонумду энсей берем.
Кайырма:
Маанай которулуп кубандым,
Кыялм орундалып калды,
Мен бактымды таптым,
Мен суйуумду таптым.
Супер радиону уга берем, суйуумду тапсам да.
Супер радио супер ырлар сиздер учун жанырат, андыктан бизден арта калбаныздар. Кандай соонун жагымдуу ыр , талантынызга таазим Мондур айым, талыкпай ырдап журо берин. Урматтуу угармандар биз кайра куттуктоолорду улантабыз.
Ой тобо эки жылдан бери суперстанда бекер эле отурган экенмин го. Супер радиону укпай жургон турбаймынбы ой гелесоо десе, эч нерсеге кызыкпаганындан улам да. Баса суперстандагы Evelet, Arstаn, Mondur булар кантип, неге? Аким болуп калган а?-деп дайым коруп алып тан калчумун. Корсо алар жыйырма беш жылдан бери супер радиодо эмгек синирген ырчы турбайбы. Супер радиодо эн мыкты ырдаганы учун аларды супер адиминистратор суперстанга аким кылып шайлап койгон экен. Супер радио укпаганымда аны дагы билмек эмесмин.Шашылыш курбу кызга телефон чалып кабарладым суперстандагы супер радиону. Курбу кызым ишенбей нотбугун жандырып суперстанга кирди. Айтып коюп радиону угуп олтуруп дагы бир нече кызыктуу маалыматтарды таптым. Бир четине шилтеме коргозулуптур, коргозулгон шилтеме боюнча кирсем. Мындай маалымат бар экен. Жанакы Evelet аким ырдаган ырды Роза Шакирова "Энекелер ай" деп ага кошумча соз кошуп ырдап чыккан экен. Arstan аким ырдаган ырды Чынгыз Мырзаев "Жыйырма беш жаш" деп ал дагы соз кошуп ырдап чыгыптыр. Анан Каникей болсо Mondur акимдин "Суйумду таптым" деген ырын супер форумдан тугой табам деп алданып, адашып калып ал "Адаштым" деп пародия кылып ырдап чыгыптыр. Мен тааныган ырлардын мен суйуп уккан ырлардын автору негизи суперстандагы Evelet, Mondur, Arstan акимдер экен корсо. Ангыча курбу кызым кайра чалып калды алсам:
-Алло, досия.
-Ооу угуп жатам,
-Мен таппай койдум издей берип. Аудиоклипке кирсем окубай жатат.
-Азыр мен карап короюнчу.
-Аха карап корчу.
-Макул. Ошентип турупканы коюп суперстандан сурап суруштуруп кордум. Корсо супер радиону суперстанга катталган суперстан жарандары гана уга алат экен. Супер радиону угу учун суперстанга каталу керек экен. Ошентип курбу кызыма суперстанга катал экен дедим. Супер форумчулар силер дагы уктунар беле укпасанар угуп коргуло супер экен.
#20 30 Май 2013 - 10:11
Кечигүү..
Эртең менен түнкү саат 3тө, бетиме тийген муздак кардан улам уйкум умачтай ачылды. Үйүбүздүн чатыры заманбап "сезгич" болуп жасалгандыктан, аба-ырайыдагы ар бир өзгөрүүдөн кабардар болуп турабыз. Май айынын 25де "кылычын сүйрөп" кыш мезгили келип калган экен. Шаша-буша туруп, сүйүктүү мышыгым Тосянын терисинен тигилген "Норка" тонумду ийниме арта сала, жумушка жөнөдүм. Күндөгүдөй эле 1чи каттамдагы автобуска түштүм. Кишинин көптүгүн мындан бил, бир орундукка 3- 4 киши беймарал уктап бара жатышат. Бут коерго жер жок болгонуна байланыштуу, сумка койулуучу текчеге чыгып, бутумду салаңдата отуруп алдым. Ылдый карай салсам, адамдар ширеңкенин чийиндей болуп көрунөт экен. Башым айлана түштү.
Аялдамада отурган кыз- жигиттин сөздөрүнө кулак салдым. Узун бойлуу, буту кыска жигит, жанындагы селкиге "Мен көзүмдү тиштей алам"-деп шыбырап жатат. Аны далилдөө максатында, жигит бир көзүн колуна алып, аста тиштеп коет. Көрсө, ал көзү жасалма экен. Кыз "делдейип" тиктеп турат. Анысына машырланган жигит, 2чи көзүн да тиштей ала тургандыгын айтат. "Эки көзү тең жасалма болсо, кантип көрмөк эле"- деп ойлогон кыз, ага да далил сурайт. Мага да кызык болуп, карап калдым. Анда тиги жигит тишин (протез экен) алып чыгып, соо көзүн тиштетип койсо болобу?! Аны көргөн кыздын көздөрү чанагынан "пук-пук" деп пружиндай чоюлуп, чыгып кете жаздады. Ал аңгыча, автобустун арткы терезесинен шыпылдай секирип түшкөн кош бойлуу келинге көңүлүм бурулду. Ичиндеги баланын 12 ай болуп калганына карабай, жонуна бир кап картошка көтөрүп, шымын шымалана тизеге чейин түрүп алыптыр. Эч кимдин орун берээр ою да жок! Аялзаты катары менин ага боорум ооруп, орун бербесем да оор жүгүн көтөрүшүүнү туура көрдүм. Анан ал келиндин боюндагы балдарын эки тиземе отургузуп алдым. Эгиз экен! Ким биринчи жарык дүйнөгө келээри тууралуу талашып жаткандарын айтышты. Ойлоруна койсоң, ал экөө дагы 2 ай апасынын ичинде жүрө берчүдөй. Анткени, төрөлөөр менен доктур көчүккө катуу чабаары тууралуу, эгиздердин байкеси смс жөнөткөн экен.Аларды угуп отуруп, унумду чыгарбай, каткырып күлдүм. Кош бойлуу келин кийинки аялдамадан тушмок экен. Мага рахматын айта, 12 айлык балдарын жана картошкасын көтөрүп түшүп калды.Эгиздер мага көнө түшүшкөнбу кол булгалап, кыйкырып жатышты.
Бир убакта, Кудай сактаа... "тарс-турс" , "карсылдаган" үндөр чыгып, чаң көккө сапырылып эле калды. Автобустун маңдайкы айнеги чачырап кеткен экен. Бизге карама - каршы катуу ылдамдыкта келе жаткан чымын менен сүзүшүп алыптырбыз. Биз эч нерсе деле болгон жокпуз. А чымын байкуштун канатынын тарамыштары узулуп, сол бөйрөгү катуу жабыркаганын айтышты. Кырсык каш-кабактын ортосунда экенине дагы бир жолу ынандым. Жумушка кечигип жаткандыктан, торпоктор байланган аялдамага чуркадым. Кичирээк, күлгүн өңдөгү торпокту тандап, жибин колго орой кармадым. Жолдогу тыгынга, светофорго да карабай, "диңкилдеп" чуркаган боюнча 1 сааттык жолду, 1 мүнөттө басып өтүп, жумушка аман-эсен жетип алдым. А баса, мен торпокту минген жокмун, жөн гана жибинен кармаган боюнча кошо жарышып чуркап келдим.
PS: Көз тиштеген тууралуу окуя болгон...сиздерге жылмайуу тартуулоо максатында кошуп койдум. Капачылыктар болбосо керек ээ?
Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 30 Май 2013 - 10:45