Суперстан: Астрономия - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Илим жана техника
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Астрономия

#61 Пользователь офлайн   vankuver   19 Февраль 2014 - 20:48

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

ЧОЛПОН ПЛАНЕТАСЫ
.
Чолпон(орусча Вене́ра) —Күн системасынын экинчи планетасы. Чолпон планетасы өзүнүн чоңдугу боюнча Жерден бир аз гана кичине. М.В.Ломоносов анын атмосферасы Жердин атмосферасына салыштырганда бир кыйла тыгыз деп туура айткан. Планетанын атмосферасынын 97%ин көмүркычкыл газы (СО2), 2%ин азот, 0,01%ин кычкылтек ж-а 0,05%ин суу буусу түзөт. Атмосферасы Марстыкына окшош. Чолпондун бетинин температурасы 500°Сге (750 К) чейин жетет. Анын атмосферасынын төмөнкү катмарында жана анын бетинде температуранын жогору болушу, «парник эффектиси» менен түшүндүрүлөт. Күн нурунун энергиясыанын төмөнкү катмарына жутулат да, кайра инфра нур түрүндө нурланып, көчөттөр тигилген парникте жылуулук кармалган сыяктуу, анын атмосферасынын тыгыз катмарында сыртка чыга албай кармалып калат. Натыйжада, планетанын бетинин жана бетине жакын жайгашкан атмосферасынын катмарында жылуулук жогорулайт. Чолпон планетасынын бетинен улам бийиктеген сайын, анын температурасы төмөндөп,стратосферасында суутек газы өкүм сүрөт. Көптөгөн радиолокациялык байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында планетанын радиусу 6052 км, орточотыгыздыгы 5,24 г/см3га барабар экендиги аныкталган. 1992-ж. «Магеллан» планеталар аралык автоматтык станциялардын жардамы менен тартылып алынган сүрөттөрдө Чолпон планетасынын бети Жердики сыяктуужанар тоолордон жана чуңкурчалардан турары белгилүү болгон. Алардын эң бийик жери 25 км, диаметри 90 кмден ашык. Ал эми чуңкурчалардын диаметри 500 кмге чейин жетет. Планетанын көптөгөн мүнөздөмөлөрү Жердикине окшош болгондуктан ал планета Жер тибиндеги планеталардын катарына кирет. Күндөн Чолпонго чейинки орточо аралык 108 млн.км же 0,7астрономиялык бирдикке (а.б.) барабар. Күндүн айланасында айлануу мезгили 225 сутка. Төмөнкү биригүү учурунда Жерге 40 млн. кмге чейин жакындайт. Айлануунун сидерикалык мезгили 224,7 сутка, айлануунун синодикалык мезгили 243 сутка. Орбита боюнча айлануусунун орточо ылдамдыгы 35 км/сек.Чолпон кечинде Күн баткандан кийин же таң заарында көрүнөт. Чолпон асмандагы Күн менен Айдан кийинки эң жарык жылдыз. Диаметри – 12 100 км (Жердин диаметринин 95%и, массасы 4,9•1024 кг же Жердин массасынын 81,5%ине барабар же Күндүн массасынын 1/408400ин түзөт. Орточо тыгыздыгы – 5,2 г/см3, бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу – 8,6 м/сек2 (Жердикинен 90%и.).Чолпон өтө татаал рельефтүү планета. Чолпондун табигый жандоочулары жок. Жасалма жандоочулары – «Венера-9» ж-а «Венера-10» (1975-ж. окт. чыгарылган советтик автоматтык станциялар), «Пионер – Венера - 1» (1978-ж., дек. чыгарылган амерерикалык космос аппараты).

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   vankuver   19 Февраль 2014 - 20:49

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

МАРС ПЛАНЕТАСЫ
.
Марс—Күн системасынын төртүнчү планетасы, бул планетаны "кызыл планета" деп дагы аташат.Марс планетасы Марс планетасы - Римдик согуш кудайынын атын алып жүрөт."Кызыл планета" деп аталышынын себеби —темироксиди басымдуулук кылганынан планетанын үстү кызгылт түстө. Марс — бул жука атмосферасы бар, үстү айдагыдай кратерлерди жана жердегидей вулкандарды, өрөөндөрдү, чөлдөрдү жана полярдык калпактарды камтыган жер тобунун планетасы. Марстын диаметри Жердикинен 2 эсеге жакын кичине. Анын орбитасынын эксцентриситети (эллипстин фокусунан борборуна чейинки аралыктын чоң жарым огуна болгон катышы) чоң болгондуктан (е = 0,093), ал улуу тогошуу учурунда перигелийинде, жарыктыгы боюнча Чолпон планетасынан кийинки орунду ээлеп,асман сферасынан балбылдап жакшы көрүнөт.Ал тогошуу улуу тогошуу деп аталып, ар бир 15, 17 жылда бир жолу кайталанып турат. Анын эң акыркы жылдагы улуу тогошуусу 2003-ж-дын август айынын ортосуна туш келген. Марс жылынын узактыгы Жердикине салыштырганда эки эсеге жакын узак. Анын орбиталык тегиздиги эклиптикалык тегиздикке 24°56' лык бурчка жантайгандыктан, Жердики сыяктуу жыл мезгили алмашып турат. Марс планетасынын суткасы 24 саат 37 минута 23 секунданы (24°37' 23") түзүп, Күндү толук бир айланып чыгуусу (бир жылы) 687 жер суткасына барабар. Бул жагынан планета Жерге көп жагынан окшош болгондуктан, аны Жер тобунун катарына кирген планета деп аташат.Өткөн кылымдын экинчи жарымынан баштап, 1969-ж. «Маринер 6» ж-а «Маринер 7» амер. автоматтык станциялар 3400 км ж-а 1800 км аралыктан биринчи жолу Марстын сүрөтүн даана тартып алышкан.1971- ж-а 1974-ж-дары планеталар аралык станциялар «Марс 2», «Марс 3» ж-а «Марс 5» Марстын айланасында тынымсыз айланып, анын жасалма жандоочусу болуп, планетадан көптөгөн маалыматтарды алууну камсыз кылган.1974-ж. космостук станция «Марс 6» Марсты жандап өтүп, андан бөлүнгөн аппарат дүйнөдө биринчи жолу Марска конуп, планетанын ар кандай мүнөздөмөлөрү ж-дө өтө жогору тактыктагы билдирүүлөрдү берген.1976-ж- дагы учурулган америкалык автоматтык станциялар «Викинг 1» жана «Викинг 2»ден бөлүнүп чыккан аппараттар планетанын бетине конуп, анын бетинин сүрөтүн, температурасын, атмосферасынын курамын так белгилеген. Жогорку космостук станциялар аркылуу Марстын бетине конгон аппараттардын жардамында Марстын топурагы изилденип, анын кызыл түстө болушунун себеби, анын курамына 14%тен ашык темир, 20%ке жакын кремний, 5%тен көбүрөөк кальций ж-а магний, 3%ке жакын күкүрттөн тургандыгы м-н түшүндүрүлгөн. 1877-ж. амер. астроном А.Холл Марстын «Фобос» жана «Деймос» деген 2 табигый жандоочусубар экенин ачкан. Ал жандоочулардын космостук станциялар аркылуу тартылып алынган даана сүрөттөрү бар. Фобос Марсты 7с39мин-да бир айланып чыгып, Марстан 9400 км аралыкта жайгашкан. Деймос Марсты 1,262 суткада же 30 с 18 минда бир айланып, планетадан 23 500 км аралыктан орун алган. Марстын атмосферасы Марстын атмосферасы – Күн нурун чачыратууга жана жутуп алууга жөндөмдүү Марс планетасынын газдуу катмары. Марстын газ катмары атмосфера менен курчалган. Спектрдик байкоонун жыйынтыгы бонча Марстын атмосферасы 60 – 65%көмүркычкыл газынан, 30 – 35%инерттүү газдан (аргон) турат. Атмосферада кычкылтек менен озон байкалган эмес. Кээде көгүш булуттардын пайда болушу жана жаздын башталышы менен уюлдук калпагынын тез эриши атмосферанын нымдуулугунун аздыгын билгизет. Марстын атмосферасында сейрек булуттар менен тумандар кездешет. Аларды уюлдук калпагынын үстүнөн тез-тез байкоого болот.Марстын атмосферасынын басымы – 0,007 атм. (700 Па) ашпайт, башкача айтканда болжол менен Жер бетинен 40 км бийиктиктеги атмосфера басымы менен бирдей. Мындай төмөнкү атмосфера басымында суу суюк абалда болушу мүмкүн эмес, 5оС температурада бууга айлангандыктан буу, кар жана муз түрүндө болот. Марстын бети Марстын бетинин рельефи өтө татаал. Бетинде борбордук тоолуу көптөгөн кратерлер,тоо кыркалары, чокулар жана башкалар бар. Кумдуу чөлдү элестеткен ачык сары жана кызгылт сары түстөгү бөлүгү шарттуу түрдө материктер, караңгы чоң зоналары – деңиз, дөмпөк жери – булуң, караңгы тактары – оазистер, көл деп аталган. Планетанын эң бийик жери «Олимп Кары» жанартоосу (вулканы). Ошондой эле кыртышында зор жаракалар бар. Эни 120 кмче болгон өтө зор жарака 4000 кмдей узундукта созулуп жатат. Марстын Түштүк жарым шары Түндүк жарым шарына караганда бийик келет. Андагы тоолордун орточо бийиктиги 3 кмден ашат. Планетанын бетинин көпчүлүк бөлүгүн өрөөн ээлейт, анда дайыма чаңдуу туманды пайда кылган шамал болуп турат. Кээде катуу шамалдан Марстын бүткүл бетин коюу чаң каптап, байкоочуга планета көрүнбөй калат. Марстын бетинде базальт катмарлары, таштар көп болгондуктан качандыр бир убакта анда жашоо болгон болуш керек деп божомолдонот. Марстын бетинин температурасы– өтө өзгөрмөлүү. Күндөн орточо аралыктагы бетинде 220 ± 10К, перигелийде 10%ке жогору, афелийде ошончолук төмөн болот. Экватордо түштөн кийин 300 К, ал эми Күн батарда дароо төмөндөп 220 Кге, түнкүсүн 50 Кге, Күн чыгарда 174 Кге (-100°С), 45° кеңдикте 282, 200 жана 160 Кге жетет. Уюл калпагында 150 К, б.а. –125°Сге жакын болот. Караңгы жерлери жарык жерлерине караганда жылуураак, атмосферасы муздагыраак келет. Марстагы жай айы– Марстын экватор тегиздигинин анын орбитасынын тегиздигине 24о56'га жантайгандагы абалы. Марста Жердики сыяктуу эле жыл мезгилдери бар жана климаттык алкактарга (уюлдук, мелүүн, тропиктик) бөлүнөт. Бирок Марстын жайы түштүк жарым шарында түндүктөгү караганда ысык жана кыска болот. Марстын кратерлери Ай кратерлери сыяктуу Марстын бетинде 300дөн ашык кратерлер байкалган. Алардын диаметри 3 кмден 180 кмге чейин жетет. Кээ бир кратерлеринин чокусу конус түрүндө катып калган базальт катмарынын агымы жаткандыктан, бул кратерлер вулкандардын жарылуусунан, ал эми кичине өлчөмдөгү кратерлер астероиддер алкагынан келип түшкөн чоң метеориттердин пайдаболушу мүмкүн. Марстын магнит талаасы Марстын магнит талаасы – Жердин магнит талаасынан 500 эсе начар. Анын уюлдуулугу Жердин магнит талаасынын уюлдуулугуна карама-каршы, башкача айтканда түндүк магнит уюлу планетанын Түндүк жарым шарында, түштүк уюлу – Түштүк жарым шарында жайгашкан. Магнит талаасы күндүзү 2000 км, түнкүсүн 9500 км аралыкка чейин созулат. Марстын улуу тогошуусу Марстын улуу тогошуусу – Марстын өз орбитасынын перигелийине жакын болгон учурдагы тогошуусу. Бул учурда Марс Жерге өтө жакындайт, башкача айтканда андан 55 млн. кмдей аралыкта болот. Улуу тогошуу мезгилинде Марстын жаркырактыгы Чолпондон кийинки орунда болуп, асманда балбылдап көрүнөт. Мындай тогошуу ар бир 15 же 17 жылда кайталанып турат. Марстын акыркы улуу тогошуулары 1971, 1988, 2003-жылдадары байкалган. Марстын уюлдук калпагы Марстын уюлдук калпагы – түндүк жана түштүк уюлдардын айлансында күзүндө пайда болуп, жайында жоголуучу ак тактар. Бул актактар Марс жылынын ичинде өзгөрүп турат. 1976-ж. «Викинг-2»космос станциясы түндүк уюлдук калпактын үстүндө суу буусунун кескин жогорулашын каттаган жана ал калпак планетанын кыртышындагы суунун көптүгүн билгизген көмүр кычкылдыгынын жана суу музунун катуу аралашмасынан турарын аныктаган. Кыш ортосунда уюлдук калпак Марстын бетин 50° кеңдикке чейин ээлейт. Жайкысын түндүк бөлүгү бүт жоголуп, түштүк бөлүгүнүн бир аз жери калат. Марстын уюлдук калпагы. өтө жука кар катмарынан жана аны курчаган тумандан тургандыктан суу өтө аз санда болот.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   vankuver   19 Февраль 2014 - 20:50

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Уран планетасы
.
Уран—Күн системасында жетинчи планета. Зор планеталарга кирет. Диаметри бонча Жерден 4 эсе чоң. Көлөмү Жердин көлөмүнөн 61 эсе, массасы жер массасынан 14,56 эсе чоң. Ортодогу тыгыздыгы 1,58 г/см3. Ал Күндөн өтө алыс жайгашкан жана 19,2 астрономиялык бирдик аралыкка жакын орбита бонча айланат. Уран 84,015 жылда Күндү толук бир жолу айланат. Спектрдик жол менен анын планетасында молекулалуусуутектин жанаметандын бар экендиги аныкталган. Уранды 1781-жылы кокусунан У.Гершель ачкан.Урандын 27 табигыйжандоочусу жана шакектер системасы бар. Эң чоң 5 жандоочусу: Миранда,Ариэль, Умбриэль,Титания, Оберон.Урандын кыймылы– башка планеталардан айырмаланып өз огунда айланганда капталынан жаткандай көрүнөт. Ошондуктан 84 жылда толук бир айланып чыкса уюлундагы уюлдук күн 42 жылга, аны менен алмашкан уюлдук түн да 42 жылга созулат.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   vankuver   19 Февраль 2014 - 20:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Сатурн планетасы
.
Сату́рн—Күн системасында Күндөн аралыгы бонча 6 -планета. Юпитерден кийин, экинчи зор планета. Сатурн, Юпитер, Уран жана Нептун газ гиганттары деп классификацияланат. Шакекчеси менен таанымал. Сатурндун орбитасынын чоң жарым огу 1,43 млрд. кмге барабар, эксцентриситети 0,056, орбита тегиздигинин эклиптика тегиздигине жантайышы 2°291. Күндү 9,64 км/сек орточо ылдамдык менен 29,5 жылда толук 1 айланып чыгат. Өз огунун айланасында айлануусу анын экваторунда 10 саат 14 минутага жана экватордон алысыраак орто кеңдигинде 10 саат 39 минга барабар. Сатурндун экваторунун радиусу 60240 км болуп, көлөмү Жердин көлөмүнөн 770 эсе, массасы Жердикине салыштырганда 95 эсе чоң, андагы эркин түшүүнүн ылдамдануусу g =1100 см/сек2ка барабар болору жогорку тактыкта аныкталган. Сатурндун орточо тыгыздыгы өтө аз болгондуктан ал жеңил газдардан турат деп болжолдонот. Спектрдик анализдин жыйынтыгы бонча планетанын атмосферасынын курамында суутек-H2, метан – CH4, атцетилен – C2H2, этан – С2H6 болуп, анын 99%и суутек менен гелийден турары аныкталган. Сатурндун өзүнөн чыккан 0,5 эрстедге (магнит талаасынын чыңалышынын системадан сырткары бирдиги) жакын магнит талаасы жана радиациялык курчоосу бар. Анын айланасында азыркы кезде белгилүү болгон 17 жандоочусу жана кооз шакектердин катмарлары орун алган. Жандоочулардын дагы жаңы ачылыштары болушу ыктымал. Сатурндун негизги өзгөчөлүгү – экватордук тегиздигине жайгашкан алкагы. Бүгүнкү күндө Сатурндун16 табигый жандоочусу –Титан,Янус, Фёба ж. б. бар Сатурндун магнит талаасы аныктала элек.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   vankuver   19 Февраль 2014 - 20:53

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Нептун планетасы
.
Непту́н—Күн системасынын сегизинчи планетасы жана бул Күндөн эң алыс жайгашкан планета. Нептун 1846-ж. немец астроному И. Галле жана Генрих д’Аррелер тарабынан ачылган. Күнгө чейин орточо аралыгы 30,06 а.б. же 4500 млн. км.Нептун орбита бонча 5,4 км/сек орточо ылдамдык менен Күндү 164,79 жылда толук 1 айланып чыгат. Анын диаметри Жердин экватордук диаметринен 3,88 эсе (49500 км), көлөмү Жердин көлөмүнөн 57 эсе, массасы 17,28 эсе чоң. Орточо тыгыздыгы 1,84 г/см3га барабар, бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу 11 м/сек2ка жакын. Жылдыз чоңдугу+7m,6га барабар. Н-дун атмосферасынын курамында метан, суутек, гелий бар. ЖандоочуларыТритонжанаНереида. Нептун Жерден өтө алыс болгондуктан, аны изилдөө кыйын.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   vankuver   19 Февраль 2014 - 20:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

ПЛУТОН
.
Плутон(Pluto) –күн системасындагы чоң планеталардын бири.Аны 1930-жылы америкалык астроном К. Томбо ачкан. Плутондун физикалык мүнөздөмөлөрү толук изилдене элек. Массасы Жердин массасынын 0,002 бөлүгүнө барабар деп болжолдонот. Күндөн аралыгы 39,5 а.б. Жерден байкаганда 15-жылдыз чоңдугунчалык чекит объектиндей болуп көрүнөт. Плутон Күндү өзорбитасы бонча 247,7 жылда бир айланат,эклиптика тегиздигине кыйшаюу бурчу 17°. Башка планеталарга салыштырганда Күндөн өтө алыс жана жарыктанышы начар болгондуктан Плутонду изилдөө өтө татаал. Плутондун диаметри 3000 кмге жакын, бетинин темп-расы -220°.Атмосферасы сейректелген жана негизинен газ абалындагы метандан турат. Плутондун 1жандоочусубар. Анын диаметри 3 эсе кичине жана анын айланасында 20 000 км аралыкта айланат. 1 айлануусу 6,4 суткага барабар. Плутон планетасынын радиусу 2500 км, тыгыздыгы 7,4 г/см3. Күндү 248жылда толук 1 айланып чыгат. Өз огунун айланасында толук 1 айлануусу 6 сут 9с. 17 минутага барабар. Бул жагынан Плутон планетасы зор планеталардан бир аз гана айырмаланат. Кийинки күндөрдө планеталар аралык автоматтык станциялардын жардамы менен планетанын табигый жандоочусуХароначылып, Плутонду радиусу 17500 км болгон орбита менен айланып жүрө тургандыгы аныкталган.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   vankuver   19 Февраль 2014 - 20:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

ЮПИТЕР ПЛАНЕТАСЫ
.
Юпи́тер—Күн системасында бешинчи планета. Көөлөмү боюнча эң чоң планета (Күн системасында). Юпитердин экватордук радиусу 71400 кмге, уюлунун радиусу 66900 кмге барабар. Анын уюлдарынын көбүрөөк кысылганы тартылып алынган сүрөтүнөн да көрүнүп турат. Эркин түшүүнүн ылдамдануусу g =2500 см/сек2ка барабар жана Жердикине салыштырганда 2,67 эсе чоң. Бул планетанын өтө кысылганын анын өз огунун айланасында өтө тез айланышы менен түшүндүрүүгө болот. Анын экватордук бөлүгүндөгү айлануусу 9 с 50,6 мин жана орто кеңдигиндеги бөлүгүнүн айлануусу 9 с 55,7 минутаны түзөт. Юпитердин экватордук жана уюлдук бөлүктөрүнүн айлануу ылдамдыктарынын түрдүүчө болушу, ал катуу тело эмес, газ же суюктук түрүндөгү тело экенин түшүндүрөт. Зор планета – Юпитердин атмосферасы негизинен суутек молекуласынан, метан (CH4) жана көп сандаган гелийден турары аныкталган. Жер атмосферасында пайда болуучу өтө кубаттуу куюндар Юпитер атмосферасында андан да күчтүү болот. Юпитер куюнунун өзгөчөлүгү өтө туруктуу болуп,анын жашоо убактысы 100 000 жылды түзөт. Анын бетиндеги кызыл тактын болушу ушул кубулуш менен түшүндүрүлөт. Кийинки күндөрдө өтө кубаттуу телескоптор аркылуу анын бетине байкоо жүргүзгөндө мындай тактар планетанын бетинин башка бөлүктөрүнөн да орун алгандыгы, бирок алардын өлчөмү бир кыйла кичине болору байкалган. Күнгө чейинки аралыгы боюнча 5-орунда. Күндүн айлансында 5,203 а.б. (778 млн.км) аралыкта кыймылдайт. Орбитасынын эксцентриситети 0,048, орбита тегиздигинин эклиптика тегиздигине болгон жантаюусу 1,3о. Юпитер 13,06 км/сек ылдамдык менен Күндү 11,862 жылда толук айланыпчыгат. Орточо синодикалык айлануу мезгили 399 сутка. Юпитер 12 жылдабүт асманды басып өтүп, Күн менен тогошкон абалында 2,6 жылдыз чоңдугундагы саргыч жылдыздай көрүнөт. Жаркырактыгы боюнча Чолпон менен Марстан кийинки планета. Юпитердин дискасы тогошуу учурунда огу 46,5ўў ж-а 43,7ўў бурчтарында көрүнгөн эллипс формасында көрүнөт. Юпитердин экватордук диаметри 142 600 кмге, полярдык диматери – 134 140 кмге барабар. Юпитердин айлануу мезгили экватордо 9 саат 50 минута 30 секунда, орточо кеңдикте – 9 саат 55 минута 40 секунда. Юпитердин көлөмү Жердин көлөмүнөн 1315 эсе, массасы 318 эсе чоң болуп, Күндүн массасынын 1:1047,39 үлүшүн түзөт. Орточо тыгыздыгы (1,33 г/см3) Күндүн орточо тыгыздыгынан көп айырмаланбайт. Юпитердин байкоогоалынган бетинин атмосферасы булуттардан жана башка атмосфералык түзүлүштөрдөн туруп, күңүрт түстөгү тилкелерм-н кесилген. Юпитердин 13 жандоочусу белгилүү: I. Ио (1820; 4,9); II. Европа (1530; 5,3); III. Ганимед (2610; 4,6); IV. Каллисто (2450; 5,6); V. Амальтея (120; 13); VI. Гамалия (~80; 14,2); VII. Элара (~50; 17); VIII. Пасифея (~12; 18); IX . Синопа (~10; 18,6) ; Х. Лизифоя (~8; 18, 8); XI. Карма (~9; 18, 6); XII.Ананке (~8; 18,7); XIII. Леда (~5; 20).Кашаада радиустар км м-н, тогошуу учурунда (1976) көрүнгөн жылдыз чоңдуктары берилген.Юпитерге жана анын жандоочуларына байкоо жүргүзүүар түрдүү ыкмалар менен жүзөгө ашырылат. Мис., радардык ж-а инфракызыл нурунун жардамы м-н байкоолордо жандоочулардын беттери муздан жана муз-зоока аралашмасынан турары аныкталган. Америкалык «Пионер-10» (1973) жана «Пионер-11» (1974) планеталар аралык станциялары менен Юпитер жана жандоочулары ж-дөгү маалыматтартакталып толукталган. Бул станциялар Ганимед жандоочусун жакын аралыктан сүрөткө тартышып, анын бетиндеги турактуу күңүрт ж-а ачык түстөгү түзүлүштөр табылган. Ио жандоочусу атм-рага, б.а. ионосферага да ээ экени аныкталган. 1979-ж. амер. «Вояджер-1» станциясы Юпитер планетасынын бетине жакын учуп өтүп, Юпитердин айланасын майда бөлүкчөлөрдөн турган жука шакек курчап турарын жана шакектиндиаметри 24300 кмге, туурасы 8700 кмге, калыңдыгы 30 кмге жакын экенин аныктаган. Юпитердин тегиздиги м-н анын биринчи 5 жандоочусунун тегиздиктеринин дал келиши, бул жандоочулар планета менен бир убакта бир эле заттын коюу абалынан пайда болгонун далилдейт. Калган жандоочулар кайсы бир доордо кичине планета (астероид) болуп, кийин Юпитердин жандоочусуна айланган деп болжолдонот. Юпитердин жана анын4 галилейлик жандоочусунун коллажын түзүү үчүн «Вояджер-1»дин Юпитерге жакын өтүп бараткандагы учур өзүнчө сүрөткө тартылып алынган (1979-ж). Масштабы эрктүү алынган, бирок алардын салыштырмалуу абалдары төмөнкүдөй: Ио (жогорку сол жактагы), Европа (ортодогу), Ганимед (төмөнкү сол жактагы) жана Каллисто (төмөнкү оң жактагы). Калган 12 жандоочусунун кыйла майдаларынын төртөө Ионун орбитасынын ичинде ал эми калгандары планетадан бир нече млн. километр аралыктарда айланышат (сүрөттү караңыз).Юпитердин ак тагы– туурасы 16 000 кмге жакын аралыкты ээлеген куюн сымал структуралуу түзүлүш.Биринчи жолу «Пионер-10» космос аппараты м-н ачылган. Түзүлүштүн жаратылышы азыркыга чейин толук аныктала элек.Юпитердин чоң кызыл тагы. Юпитердин булуттук түзүлүштөрүндө аздыр-көптүр турактуулукка ээ түзүлүштөр жашайт. Алардын бири Чоң кызыл так. Бул түзүлүш планетанын Түш. тропикалык зонасында болжол м-н 22о кеңдикте жайгашкан. Чоң кызыл так узуну 40 000 км, туурасы 13 000 кмге жакын сүйрү форманы ээлейт. Кээде зонанын ак фонунан кызыл өң начар байкалат.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   vankuver   19 Февраль 2014 - 20:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

АСТЕРОИД
.
Астероид- диаметри 1–1000 км чейин келген кичине планета, Күндүн тегерегинде эллипс орбитасы боюнча айланган космостук телолор. Өлчөмү 1 кмден кичине өтө майда кичине планеталарды ири телескоптун жардамы менен сүрөткө тартууга болот. 1801-ж. 1-январда Пиацци биринчи жолу Астероидти ачкан. Өтө чоң астероид –Цереракичине планетасы. Анын диаметри 1003 км. Андан кийин ачылган кичине планетанын катарына диаметри 608 км болгон Палладакирет. Орбиталарынын эксцентриситети 0,3төн кичине болгон кичине планеталар 97%ти түзөт. Азыркы убакта 2000ден ашык кичине планеталардын орбиталары так эсептелген. Астероидтердин жандоочулары Астероидтердин жандоочулары – астероидтердин айланасында айлануучу табигый же жасалма телолор. Ири планеталардын табигый жандоочулары сыяктуу кичи планеталардын, башкача айтканда астероидтердин да табигый жандоочулары аныкталган. 1978–1980-жылдарда кытай, япон жана америкалык астрономдор Метида кичине планетасынын табигый жандоочуларын байкашкан. Кийинки кезде көп сандаган кичине планеталардын табигый жандоочулары бар экени ачылган. Кичине асман телолорунун массаларынын салыштырмасы Астероидтер тобу Астероидтер тобу – астероидтердин ичинен орбиталары бири бирине окшош кичине планеталар. Мындай топтогу астероидтер гректер жана троялыктар деп аталат. Гректерге 10, троялыктарга 5 астероид кирет, бардыгы 15. Алардын 10 астероиди (“гректер”) узундук бонча 60° алдыда, 5 астероиди (“троялыктар”) артта. Булардын кыймылы Күндүн айланасындагы Юпитердин орбитасына дал келет. Күн, Юпитер жана А. т. 2 тең капталдуу үч бурчтукту пайда кылат. Астериод кратерлери Астериод кратерлери – астероидтердеги чөйчөк же оюлган жер сымал чуңкурлар. Жер, Меркурий жана башка планеталар сыяктуу кээ бир кичи планеталардын (астероидтердин) беттеринен да кратерлер табылган. Д. Голт өзүнүн жардамчылары менен бирдикте Церера астероидинин бетинен астероид кратерин байкаган.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   vankuver   19 Февраль 2014 - 21:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

КОМЕТА
.
Комета(грек. κομήτησ, komḗtēs —чачтуу) — туман менен коштолгон, Күндүн тегерегинде созулган орбиталарда айланган чоң эмес асман телосу. Кометалар –Күндүн алыскы мейкиндигинен орун алган, борборунда ядросу бар, асман сферасына жакын келгенде гана байкалганкүн системасынын мүчөлөрү. Алардын көпчүлүгү белгилүү орбита менен өтө созулганэллипсбонча кыймылдашат. Кометалар планеталар сыяктуу гравитациялык тартылуу күчүнүн аракети астында кыймылдайт. Алар жарыкты жана энергияны Күндөн алып, ага жакындаганда ядросунун бууланышынан кометалардын формасы өзгөчөлөнүп, кометанын башы жана куйругу пайда болгондугу байкалат.Комета Күнгө жакындаган сайын куйругу чоңоюп, Күнгө карама-каршы жакты көздөй багытталат. Англис илимпозу Э.Галлей(1656–1742) мурда ачылган 24 кометанын орбиталарынын элементтерин изилдеп, анын ичинен 1531-, 1607- жана 1682 ж-дагы көрүнгөн кометаларды ар түрдүү комета эмес, ал Күнгө мезгил-мезгили менен кайталанып келүүчү бир эле комета деп түшүндүрүп, анын кезектеги кайталанышы 1758-ж. болорун алдынала айткан.Чынында эле, комета Э. Галлей өлгөндөн 16 жыл өткөндөн кийин асман сферасынан көрүнгөн, ошондуктан ал Галлей кометасы деп аталып, кийинки кайрылып келүүсү 1835-, 1910-, 1986-жылдары болорун кийинки муундагы астрономдор күтүшкөн. Ушул жылдарда комета кайталанып көрүнгөн. Акыркы жолку 1986 жылы көрүнгөндө кометанын ядросу экиге ажыроого жиктелип калгандыгы байкалган.
Кометанын кезектеги Күнгө кайрылып келүүсү 2062-ж. күтүлүүдө. Кометалардынкүн системасындагы башка майда телолор менен байланышынын орун алышы алардын бар экендигинин дагы бир мүнөздүү өзгөчөлүгү. Ага карата 1772-жылы чех илимпоз астроному Биэла тарабынан ачылган комета, Күндү айланып чыгуу мезгили 7 жылга барабар болгондуктан, дайыма айлануу мезгилин сактоо бонча көрүнүп турган. Бирок бул комета 1846-жылы анын ядросу экиге бөлүнүп, начаркөрүнгөн эки кометага айланган. Кийинки жолу көрүнүүчү 1856-жылы ал комета такыр көрүнбөй калган. Жоголгон комета 1872-жылы астрономиялык так эсептөөлөрдүн негизинде Жерге «учуучу жылдыздардын» (метеорлордун) жамгырдай жаашы менен байкалган. Ошол убактан берибул кубулуш 27-ноябрь жыл сайын кайталанып турат. Жыйынтыктаганда Биэла кометасы метеордук телолордун уюктарына айланган. Жер шары метеордук уюктун ичине киргенде Жердин тартылуу күчүнүн натыйжасында, уюктагы майда телолор, Жердин атмосферасындагы молекулалар менен кагылышып, метеорлорду пайда кылат. Кометанын пайда болусу Кометанын пайда болусу – кыска мезгилдүү кометалар планеталар системасынын ичинде кыймылда болуп, акырындык менен бузулушат (талкаланышат).
Юпитердин тартылуусунан кээ бир кометалар Күндөн өтө алыс аралыкта кыймылдап, өтө чоң мезгилге ээ болот, б.а. ал кометалардын орбитасынын афелийи Юпитердин орбитасына жакын жайгашкан. Ошондуктан С.К.Всехсвятский кометалар Юпитер жана анын жандоочуларынын тобунан мейкиндикке бүркүлүп чыккан заттардан түзүлгөн деп болжолдойт. 1979-ж-дын мартында Юпитердин биринчи жандоочусу Иодо вулкандык аракет байкалгандан баштап ынандырарлык болуп калган.Кометанын башыКометанын башы – кометанын эң жаркырак чекити. Ал жылдыз түрүндөгү ядродон жана тумандуу газ катмарынан (кома) турат. Кометанын башыны диаметри анын массасына жана Күнгө чейинки аралыгына байланыштуу; начар кометалардыкы 25 000 кмге, жаркырак кометалардыкы 2000 000 кмге чейин жетет. Кометанын куйругуКометанын куйругу – Күн нурунун таасири астында ядродон учуп чыккан газдардын молекулалары (иондор) менен чаңдын бөлүкчөлөрүнөн түзүлүп, узундугу ондогон млн. кмге жетет. Кометанын куйругу Күнгө жакындаган сайын өсүү менен ага карама-каршы жакка багытталат. Айрым учурда кометанын куйругу Жерден Күнгө чейинки аралыкка жетет. Ф. А. Бредихин Кометанын куйругунун ийрилиги бонча анын бөлүкчөлөрүнө таасир эткен күчтү жана классификациясын түздү. Кометанын куйругунун курамында азоттун бирикмеси, көмүртек, суутек жана кычкылтек болот. Кээ бир кометалар түрдүү типтеги бир нече куйрукка ээ. Кометанын ядросу Кометанын ядросу (nucleus) – муздуу таш, газ жана чаң бөлүкчөлөрүнүн кошулмаларынан турган кометанын жылдыз сыяктуу жаркырак бөлүгү. Ядронун диаметри 0,5 – 20 км, массасы 1011 – 1019кг, аны түзгөн газдар катары аммиак, метан, көмүркычкыл газы, циан, азот жана башка кездешет. Кометанын ядросунунспектри Күндүн спектрименен бирдей. Анчалык чоң эмес гелиоборбордук аралыкта Кометанынядросунун спектринде металлдардын эмиссиялык сызыктары, көпчүлүк учурда натрийдин сызыктары пайда болот. Кометалар тобу Кометалар тобу - кандайдыр бир кометанын ажыроосунан пайда болгон бөлүктөрү; аларорбиталарынын элементтери жакын болгондо түзүлөт. Юпитер планетасынан жакын аралыкта өткөндө кээ бир кометалардын орбиталарынын элементтери кыйла өзгөрүүгө дуушар болот жана бир топтон бөлөк топко өткөн учурлар да байкалат.Кометаларды издөө жана аларга байкоо жүргүзүү Кометаларды издөө жана аларга байкоо жүргүзүү – көрүү талаасы 3 – 5° болгон жарыгы күчтүү оптикалык куралдар менен ишке ашат. Бул максатта талаа дүрбүсү, астрономиялык АТ-1 көрүү түтүгү, ТЗК, БМТ-110 бинокуляры, ошондой эле комета издөөчүлөр колдонулат. Фотографиялык ыкма менен издөөдө кометанын координаты жана орбитасы так аныкталат. Акыркы мезгилде визуалдык байкоо менен кометалар ачылууда.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   nazinur   28 Март 2015 - 01:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 03 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 06:05
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения vankuver (19 Февраль 2014 - 20:54) жазган:

ПЛУТОН
.
Плутон(Pluto) –күн системасындагы чоң планеталардын бири.Аны 1930-жылы америкалык астроном К. Томбо ачкан. Плутондун физикалык мүнөздөмөлөрү толук изилдене элек. Массасы Жердин массасынын 0,002 бөлүгүнө барабар деп болжолдонот. Күндөн аралыгы 39,5 а.б. Жерден байкаганда 15-жылдыз чоңдугунчалык чекит объектиндей болуп көрүнөт. Плутон Күндү өзорбитасы бонча 247,7 жылда бир айланат,эклиптика тегиздигине кыйшаюу бурчу 17°. Башка планеталарга салыштырганда Күндөн өтө алыс жана жарыктанышы начар болгондуктан Плутонду изилдөө өтө татаал. Плутондун диаметри 3000 кмге жакын, бетинин темп-расы -220°.Атмосферасы сейректелген жана негизинен газ абалындагы метандан турат. Плутондун 1жандоочусубар. Анын диаметри 3 эсе кичине жана анын айланасында 20 000 км аралыкта айланат. 1 айлануусу 6,4 суткага барабар. Плутон планетасынын радиусу 2500 км, тыгыздыгы 7,4 г/см3. Күндү 248жылда толук 1 айланып чыгат. Өз огунун айланасында толук 1 айлануусу 6 сут 9с. 17 минутага барабар. Бул жагынан Плутон планетасы зор планеталардан бир аз гана айырмаланат. Кийинки күндөрдө планеталар аралык автоматтык станциялардын жардамы менен планетанын табигый жандоочусуХароначылып, Плутонду радиусу 17500 км болгон орбита менен айланып жүрө тургандыгы аныкталган.


Плутон азыр планеталардын катарынан алынып салынган. Ал карлик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   28 Октябрь 2015 - 03:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Кутман кеч! Ушул форумда канча журсом да асмандагы жылдыздар планеталар тууралуу темаларды, талкууларды корбодум. Келгиле асмандагы планеталар тууралуу талкуулайлы. Суйуктуу планетаныз? А менин суйуктуу планетам Сатурн анын озгочолугу болгон шакекчеси ( кольцо) мени кобуроок кызыктырат. Астрономиялык дуйного кызыгасызбы? Кайсыл планетаны кобуроок кызыгып изденип маалымат алдыныз эле? Жер кантип жаралганын билесизби? Бир убакта жердин эгизи болгон планета кайсыл планета? Ай эмне учун жерден алыс кеталбайт? Кантип пайда болгон? Жерге пайдасы барбы, жокбу? Ушул суроолорго жооп издеп кордунор беле?

Билдирүүнү түзөткөн: Senuchunzhashaim: 28 Октябрь 2015 - 03:27

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   killer-star   28 Октябрь 2015 - 03:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 267
  • Катталган: 19 Март 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2018 20:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

меники Юпитер
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   admin_superstan   28 Октябрь 2015 - 10:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Астроном же Асманда" темасы менен бириктирилди.
Senuchunzhashaim , астрономия тууралуу ушул темага жазыңыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   28 Октябрь 2015 - 11:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Рахмат.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Patriot...kg   28 Октябрь 2015 - 19:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

Ай жердин огу. Ай болбосо жер ордуна турбайт
Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Patriot...kg   28 Октябрь 2015 - 19:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

Негизи планета кантип жаралган я? Ушул мага кызык
Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   28 Октябрь 2015 - 19:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Просмотр сообщения Patriot...kg (28 Октябрь 2015 - 19:30) жазган:

Ай жердин огу. Ай болбосо жер ордуна турбайт




Ай кайдан кантип пайда болгон билесинби? Ай жок болсо жер огунан чыгып кетпейт, ай жерди асманда учуп жургон (комета беле? ) таштардан коргоп турат...

Билдирүүнү түзөткөн: Senuchunzhashaim: 28 Октябрь 2015 - 19:55

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Kaple   30 Октябрь 2015 - 21:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 632
  • Катталган: 01 Февраль 15
  • Соңку аракети: 15 Окт 2018 14:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Жер,ай жана 8-планета жанысын кошпогондо, бизди курчап турган жылдыздар биздин ааламыбыз коптогон физик,астроном, математик окумуштулардын айтуусу боюнча,аалам этаптардан эмес,бир ЧОН ЖАРЫЛУУДАН ПАЙДА БОЛГОНУН тастыкташат. Альберта Эйнштейн бул биринчилерден болуп айтып чыккан.Андан кийин 20-кылымдын аягына келип космосто жарылуудан калган химиялык издерди аныкташты..
Бул жонундо окумуштуулардын баарынын ойу бирдей болуп,бул чон жарылуу бир гана ото чон кучко ээ болгон заттын иши экенине ынанышкан..
Бул зат Аллах!

Билдирүүнү түзөткөн: Kaple: 30 Октябрь 2015 - 21:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Илим жана техника
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 05:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: