Алгачкы, алгачкы.... балалык суйуум
#61 16 April 2015 - 16:50
Балалык биринчи сүйүүм мектепте окуп жүргөндө 3-чү класста башталган. Классташ кызымды сүйчүмүн ал да мени сүйчү. Бирок сүйүүбүздү бири-бирибизге айта алчу эмеспиз (жаш балабыз да, ойлосом жакшы көрүү сезими окшойт). Анын апасы айта берчү кызымды сага берем деп.
. Мектептин жанында бир дөңсөө бар болчу, ошол жерде кыштын күнү муз тепчүбүз. Бир күнү муз тээп атып, ылдый муз тээп түшөбүз кайра жогор жакка жактырган кыздарды жетелеп чыкчубуз да. Анан баардык балдар жактырган кыздарын жетелеп чыгып кетип атса, мен эч кимди жетелебей өзүм чыгып кетип атсам ал (классташ кызым) айтып атпайбы: "баары эле сүйгөн кыздарын жетелеп жогору жакка алып чыгып, чогуу муз тээп жатышат, сен неге мени жетелебей жатасын"-
деп. Классташтарга табылбай эле калды го, баары тийишип, тамашалап жыргап эле калышты.Кийин мен мектепти бүтпөй эле шаарга келе бердим. Мектепти бүткөндөн кийин ал да шаарга окууга келген экен, экөөбүз жолугуп баштан өткөн окуяларды эстеп бир сыйра жыргап каткырып алдык.
#63 17 April 2015 - 12:18
Суйуп корбогон адамдарга боорум ооруйт!!
! Жашоонун таттуусун билесе керек!
Алга жана алга!
#67 23 June 2015 - 21:49
Анда мен биринчи класста окучумун, аяш атамдын баласын жакшы көрчүмүн. Анын да мени жакшы көрөөрүн билчүмүн бирок, ал мага мен ага "сезимдерибиз"
тууралуу айта алчу эмеспиз. Дүкөнгө баратсам жолумду тороп алып :"Гүлдана эмне алып берейин?"
дей берчү...уялганымдан жооп бербей кетип калчумун. Бир жолу майрам болуп мугалимдер белек берип, мага жетпей калды
) анан Кайрат келип өзүнүн белегин бергени эч эсимден кетпейт.
Биринчи классты аяктап жатканда вальс бийлей турган болдук, атайын бөлүштүрүп койгондой Кайрат экөөбүз болуп калдык, ошентип даярданып бийледик.))) Ал үйүнө барып апасына "Апа мен колу жумшак бир кызды сүйүп калдым"-деп айтыптыр
, аяш энем "келин кылып алам "-деп көп айтчу эле. Андан кийин биз шаарга көчүп кеттик, 10 жылдан кйин номеримди сураштырып жатып таап чалыптыр. ОШОНДО "СҮЙҮҮСҮН"
билдирген.
Бирок ал учурда баары кеч болуп калган эле..
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#68 23 June 2015 - 22:24
Мен озубуздун менден бир жаш улуу баласын жактырчуумун.
Мектепке чейинки куракта эле.Ал да жактыраарын сезчуумун.Бирок,
ушул убакка чейин айткан жок,угушум боюнча дале жактырат экен((
#69 23 June 2015 - 23:27
Мен 7-класста лицейге келгенде паралель класста окуган классташ баламы бир коруп суйуп калгам баары на суйлойтлем бир Эле ошого келгенде тил Аркага кетип мондраж кармап калатле ал дагы мага сурдоп суйлой алвайтле кундо корбосом башым ооруп калатле аны мыскылдап анальгин деп ат коюп койгонбуз кундо тушумо киретле тел.до оло смс жазышып корушкондо эле мондраж кармайт азырга чейин суйлой алвайбыз кызык эле суйуу болгон азыр корсом ошонун несин суйгон экем деп кулом)))
#70 23 June 2015 - 23:29
Мен классташ кызымы оло жакшы корот элем. Кичинебизден чогуу чонойгонбуз.
Менен башка балдардын баары жакшы корчуу.Кийин ал башка жака кочуп кетти.Москвага келгенде табышып, бирок кызгагычтын айыган суйлошпой калдык. Азыр ал 2-балалуу болуп калды.
#73 24 June 2015 - 10:37
Мен 8-класста бир баланы жактыргам. ошондо менде биринчи жолу жактыруу сезими болгон
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#74 24 June 2015 - 10:49
Ток суйуулорду айта берсем соз бутпосо керек, ар бир классга кочкондо ар бирин жактырып калып дегендей, чынын айтсам ишенесинерби ишенбейсинерби 1 класста эле 1 казак кызды жакшы корот элем, албетте бул эми жон гана жакшы коруу сезими да, ток суйуу дегендей.
Бирок азыр суйгум дагы келбейт башкасы деле кереги жок, бирону жакшы коруу сезими менен гана жактырып жашагым келет.
Бирок азыр суйгум дагы келбейт башкасы деле кереги жок, бирону жакшы коруу сезими менен гана жактырып жашагым келет.
*************************************
#75 24 June 2015 - 14:32
Менин алгачкы жакшы коруу сезимим 8-класста ойгонгон менден 4жаш улуу биздин мектептин призидентин жакшы корчумун керек болсо 23 февральда подарка бергем, аны корсом кызарып кетчу элем эми ал жакында эле уйлонду бактылуу болсун,а алгачкы суйуумду 13.01.2012 кезиктирдим суйлошуп журобуз бирок марага жете элекмин кудай буюрса жакындап калды окшойт!
#77 24 June 2015 - 15:51
Убагы менен баары татту дегендей .
Азыр корей сериясын коруп вай ээ мынча романтиктер дейм да . бирок биз деле ошолордой романтик болгонбуз экен .
Мен 5-А ал 5-Б бир кун чогулуп окуп калдык ошондо башталган суйуу .а класс б класска кошулуп окушту кутот элек . бир кун кайдан жайдан жанындагы места бош экен анан мага да кашайып места жок . жанында отурам калтырап титиреп . бир барака -
кандайсын ? Деп жазды
мен жакшы озун ?
Ал ден соолуктар ,
мен баары соонун озундо ,
сабак жагып атабы ?
Ал ооба соонун ,
ал кундо менин жаныма отур .
мен эгер бош болсо .
Ж.б. ушинтип отуруп эки бетти толтурат эле болбосо бир партада отурабыз . ошол кагаздар азыр деле тамбашыда бир кычыкта тургандыр . баш аягы суйуу каттары 20 дан ашык эле . ошол менин эн эн эн .
Азыр корей сериясын коруп вай ээ мынча романтиктер дейм да . бирок биз деле ошолордой романтик болгонбуз экен .
Мен 5-А ал 5-Б бир кун чогулуп окуп калдык ошондо башталган суйуу .а класс б класска кошулуп окушту кутот элек . бир кун кайдан жайдан жанындагы места бош экен анан мага да кашайып места жок . жанында отурам калтырап титиреп . бир барака -
кандайсын ? Деп жазды
мен жакшы озун ?
Ал ден соолуктар ,
мен баары соонун озундо ,
сабак жагып атабы ?
Ал ооба соонун ,
ал кундо менин жаныма отур .
мен эгер бош болсо .
Ж.б. ушинтип отуруп эки бетти толтурат эле болбосо бир партада отурабыз . ошол кагаздар азыр деле тамбашыда бир кычыкта тургандыр . баш аягы суйуу каттары 20 дан ашык эле . ошол менин эн эн эн .
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#78 24 June 2015 - 16:27
Мен эч кимди суйуп коргон эмес , экемин ...........
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#80 24 June 2015 - 23:52
Кыска жана нуска жаза кетейин. Менин алгачкы суйуум 6 класста окуп жургондо келген. Азыркыга чейин жылмаюу да окунуу менен да эстеп калам. Озумдун параллель класста окуган классташ баламды суйгом. Коп кабатту уйлору бар бир райондо жашагандыктан уйубуз жакын эле. Кээде чоогуу ойноп калаар элек, бирок негедир кийин такыр эле суйлошпой калганбыз, анткени курбу кыздарым менен уруша кеткен экен. Ал баланы далай эле андып журдум го мектептен деле, мектептен сырткары деле)) Кыз болгондон кийин "гордость"
деген балакет бар да, ошол жол бербей суйуумду айтканга, коп эле кыйналдым го. Аны кором деп коп кабаттуу уйдун крышасына чыгып алып анын уйунон андыганымчы курбу кызым экообуз))) Бирок создон соз болуп атып курбу кзым аркылуу ал менин ага болгон сезимимдин бар экенин чет бучугун билип калган. Эн акыркы кездешуубуз 7-класста жаны жылдык мектеп дискотекасында болгон, ошондогу анын коз карашы коз алдыма тартыла берет, бийге чакыралбай жургондой. Эх, ошондо билсемчи аны мындан ары корбой калышымды
. Кышкы каникулга чыыктык, Жаны жыл, жогоруда айтып кеткендей уйлорубуз жакын болгондуктан эшикте салют аттырп журсом ал да журуптур алыстан кордум. Ал Жаны жыл анын акыркы тосуп жаткан майрамы экенин ал билген болду бекен?((( 12 январь, уйдо отурсам классташ кызым келип калды,
- Аселя, бир нерсе айтсам таарынбайсынбы?
- Жок, неге таарынмак элем.
- К..... каза болуп калыптыр....
- Кантип эле, калп айтпа....(((
- Чын, жаны эле угуп келе жатам, жаман болуп....
Алгач мен такыр ишене албадым. Уй телефонуна чалып сурайын десем колум барбайт, ыйлаарымды билбей же кулоорумду билбей отуруп калдым, чын бышыгын да билбейт элем. Анан эртеси уктум, чын экенин, апам кошуналардан угуптур. Мына сага, ошондо анан ишенип ыйлай баштагам. Апам журот, жапжаш туруп не обу жок ыйлайсын деп, же ортонордо серьезный бир нерсе болду беле деп. Корсо ал байкуш "пневмания" оорусуна чалдыгыптыр, бир эки кундой комада жатып анан кете берген экен байкушум
. Ал кеткенде далай эле ыйлап кыйналып журдум. Азыр анын баары тээ балалык кездеги убакта кала берди. Убакыттын отушу менен унутулат экен. Бирок мен унутпайм, жылмаюу мененэстейм,
балалык таза тунук сезимдерим боюнча журогумдун тупкурундо сакталып кала берет. Алгачкы суйуум мына ушундай. А азыркы суйуум боюнча кененирээк башка убакта айтып берейин.
- Аселя, бир нерсе айтсам таарынбайсынбы?
- Жок, неге таарынмак элем.
- К..... каза болуп калыптыр....
- Кантип эле, калп айтпа....(((
- Чын, жаны эле угуп келе жатам, жаман болуп....
Алгач мен такыр ишене албадым. Уй телефонуна чалып сурайын десем колум барбайт, ыйлаарымды билбей же кулоорумду билбей отуруп калдым, чын бышыгын да билбейт элем. Анан эртеси уктум, чын экенин, апам кошуналардан угуптур. Мына сага, ошондо анан ишенип ыйлай баштагам. Апам журот, жапжаш туруп не обу жок ыйлайсын деп, же ортонордо серьезный бир нерсе болду беле деп. Корсо ал байкуш "пневмания" оорусуна чалдыгыптыр, бир эки кундой комада жатып анан кете берген экен байкушум
Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде эрин нымдап алайын.
Жок дегенде эрин нымдап алайын.

Супер-Инфо
super.kg
видео























