Спутник кг маалымат порталынын билдирүүсүнө караганда; КР өкмөтү студенттер үчүн акы төлөп билим алуу үчүн төмөнкү, тагыраагы, эң арзаны деген баанын көлөмүн белгилеген токтом кабыл алды. Бул туурасында Билим берүү министрлиги билдирди.
Эң төмөнкү баа окуу жайдын ээлик формасына карабай коюлган. "Билим берүү", "курулуш"
, "экономика жана башкаруу"
, "экология"
жана "туризм"
адистиги боюнча билим алуу 26 360 сомдон кем болбошу керек. Акы төлөп окуунун эң жогорку баасы "саламаттыкты сактоо" адистиги боюнча белгиленип,
ал 39 540 сомду түздү.
Билим берүү, курулуш, экономика жана башкаруу, экология, туризм — 26 360 сом;
Тоо-кен иштетүү өнөр жайы, транспорт, айыл чарба — 28 996 сом;
Энергетика — 30 314 сом
Компьютердик технология,
телекоммуникация жана байланыш — 31 632 сом;
Жабдуу, технологиялык адистик — 34 268 сом;
Саламаттыкты сактоо — 39 540 сом.
Башка окуу жайлардын баасын жаза кетиңиз..
Бекер окутулган окуу жай жана факультеттерди өзгөчө белгилеп кетиңиз..
Абитуриентке маалымат: Жогорку окуу жайлардын баалары...
#2 06 July 2016 - 17:27
Юр.академияда судебно-прокурорский факулетти мен окууганда эле 45 000 эле, азыр кымбатаса керек.
#3 06 July 2016 - 20:44
Колледждердин контрактары көтөрүлүп кетиптир. Унверситеттин контрактарында өзгөрүү болбосо ошол бойдон эле. 18 миңден 30 минге чейин.)
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#4 09 July 2016 - 22:06
Инфак да 34000 болот экен деп жатышат, ушул чынбы?
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат

Супер-Инфо
super.kg
видео










