Суперстан: Акын-жазуучу Меңди Мамазаирова - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акын-жазуучу Меңди Мамазаирова анын чыгармалары терең мааниге эээ

#21 Пользователь офлайн   Mondur   15 Апрель 2012 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 244
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

Solnyshko жакшы тема экен,дагы да Акын эжебиздин ырларынан иле тур..
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 16:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

7 март,1988 жыл....
Түнөргөн асман ыйлаба ,токто.
Түндүктөй түптүү уулуңду жокто.
Көгөргөн асман кулаба токто
Көйкашка акын уулуңдү жокто.
Күкүктөй акын күйдүрбө асти.
Күңкүгөн элди күйүтүң басты...
Турумтай акын туурунан кулап.
Тууган эл мөгдөп,көз жашы булак.
Булбулдай акын бурулбай кетти.
Бейбагың-Меңдиң канатты бетти.
Акырет досуң-Мухтарың турат
Айнектей көздөн жаштары кулап.
Кыргызда канча кыз-келин ыйлайт?
Күйө албай ачык,жандарын кыйнап.
Айылымда канча апалар ыйлайт.
"Баламдай" дешип жаштарын тыйбай.
Ала Тоо башы кайгыдан аппак
Алыстан ыйлайт ак башын чайкап.....

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 17:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

12 март ,1988 жыл

Көкүрөгүм көрдөй караңгы.
Кош каректен ысык кан агат.
Көктө менен бүткөн жарамды.
Көмөктөшөт кимдер дарылап?
Көкүрөгүм катар көрүстөн.
Сүйүүм,Жарык, Жаштык-таңымды.
Чогултушуп мында көмүшкөн.
Ээн калган байкуш жүрөгүм.
Эмне менен сени толтурам.
Достор бүгүн аза күтүп отурам.
өлгөн Күнүмдү көмүп олтурам.
Асманыма кайра туулбас.
Айымды мен көмүп олтурам.
Азабымды баштан жуулбас.
Арманымды кайдан толтурам?



Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 17:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Асман- жердин ортосунда эзилдим.
үнүм жетпей Кудуретке көктөгү.
Чачым жулуп,бетим тытып өксүдүм.
"Күйбө көктө!Күн жарыгы өч!"- дедим
"Жаркыраба! Башка жайга көч!"дедим.
Ичи тардык илешпеген боюма...
Чөккөн эмес карагаттай көзүмө.
Жуккан эмес бала өстүргөн колума.
Анан мынча ичип күйүп өксүдүм.
Көктө Күндү башка жайга көч дедим.
Датымды укпай Кудуретим көктөгү.
Асман-жердин ортосунда сөгүлдүм.
Күнү-түнү жамгыр болуп төгүлдүм...
Кайгы сели каптай берип үйүмдү...
Шамал жүрүп бырыксытты гүлүмдү...
Ич тардыктын ызасына чөмүлдүм.
Сен көмүлдүң ,мен да кошо көмүлдүм...

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 17:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Муңга батып ,чаташкан курган башым.
Муунум зилдеп көлдөтөм көздүн жашын.
өзүң сүйүп,кулпурган гүл эриним
өпкүлөдү мүрзөңдүн иуздак ташын.
өзүң сүйүп жыттачу чачтарымды,
Көрүстөндө шум ажал чачкылады.
Жалгыз койбой жанына жатайынчы.
кабырынын эшигин ачкылачы...
Бирок кабыр эшиги бек жабылган.
Бир өмүргө жетерлик муң табылган.
Кызыл күйүт чырылдайт канды бойлоп,
Мээлеп алган жүрөктү ал чагылган!

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 17:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Күндөр. ..
Кыйгап өттүң,чаба жааган жамгырдай.
Жанбоюма жылуу ырайың жуутпай.
Карызга алып,максаты жок чагылган.
Акча сымал........... .же базарым кызытпай.
Кайрымы жок күндөр дале буй салат...
Жалган-жалаа өзөгүмдү куйкалап...
Доско арнаган белегимди береерде
Калган сымал чөнтөгүмдү сыйпалап.
Куру жашап алган күндөр кунаарсыз.
Дарегимди таппай жүргөн чыгаарсыз?
Кайра жашайм!
Кеткен мезгил мазмунун-
Жүз эселеп төлөйм......
Аны угаарсың..... .

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   solnyshko   15 Апрель 2012 - 17:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Жайдын ысык илеби эле,түн эле.
Атымды айтып чакыргансыйт. ...Ким эле?
Таттуу уйкудан сагыныч болуп ойготкон.
Жаным сенин кыягыңдын үнү эле....
Ыргып турдум,добушуңду тыңшадым
Сенин демиң.....Башка шоорат укпадым.
Сен үн болуп түн ичинде ойготсоң...
Кантип тынчып?кантип гана уктадым?
Кыяк үнүн баспай көпкө бүлүндү.
Бирде бийик,бирде пастап үзүлдү...
Кайра шаңшып, канат кагып уча албай.
Шумдук добуш өрдөп барат жүлүндү...
Аалам тунуп,караңгы эле караңгы....
Уйку сооонун арасынан качанкы.
Кайра конбос туйгунумду кыйкуулап.
Кыяк үнү издеп жатты жарамды...
Сен издебе,өрттө калган кезимди...
Ал шумдук иш өзөгүмдү куйкалап...
чыдагамын кырча тиштеп эринди...
Аны ырастап жүрөк гана айталат!
Жарам оозун көз жаш менен бүтөгөм..
Кыяк үнүн күйүп түтөгөм...
Көрбөйүн деп,алыс көчүп кетсем да.
Кусаланып,күндө күйүт күчөгөн...
.....Кыяк үнү кайра баштан боздобо...
Тереземден кирбе,ойготпо, жоктобо!
Бул куракка жарашпаган иш болоор...
Унутулган ал шойкомду козгобо!

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   solnyshko   17 Май 2012 - 12:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Менин Атакеме арнап жазган ыры...Сүрөт

Султаным!

Чагылгандай чак түштө жерге түшкөн.
Мага жетти,шум кабар телефондон.
Как жүрөгү жарылып,тирүүлүктөн. ..
өттү дешти Султаның бул дүйнөдөн.
Суук кабар апкелген телефондон
Кимдин үнү экенин туя албадым.
Кетбукадай, ыпысык коргошунду
Телефондун оозуна куя албадым
Керең болуп кулагым чуулдактан
Укпас болуп калбады жамандыктан
Сокур болуп көздөрүм шум кабардан
Көрбөс болуп калбадыбы бул жарыктан!
Арсыз ажал сага не өчөштү экен?
өмүрүңдү Кудай не өлчөдү экен?
Жаш жаныңда кыйылып кете бердиң.
Беш баланын сулуусу,көркөү элең.
Туугандардын мыктысы,султаны элең.
Араздашкан жамандыкты бириктирген
Тукумуңду улаган балдарыңды
Медер кылып,каниет кылып өтөм.
Туугандардын чынында султаны элең!Сүрөт

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Begimkyz   17 Май 2012 - 13:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Алтын калем менен жазылган ыр саптар, тээ коптон бери мынчалык берилуу менен окуй элек болчум. Автор, азаматсыз,!
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   solnyshko   19 Июль 2012 - 17:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Менин Атакем жонундоСүрөт

Кайдыгер болдун эмнеге?


Денин сак эле,кайраттуу элен жашындан
Оору,дарт деген,сен учун эмне кеп беле?
Журогун ооруп журсо да бизден жашырган
Алтындай омур,сен учун баасы жок беле?
Озуно озун кайдыгер болдун эмнеге?
Муунун ооруса,доктурган корун,кел десем....
Кечиктин.Дарттындын шыпаасын тапчу дабаагер
Борбордон издеп,суйлошуп койгон элем мен.
Ооруса мунун,калтыра бердин кийинге
"7 Апрель,коогалан каттуу кундордо
Жуздогон балдар,тарамыш муундан ажырап,
Дары да врач жетишпей жаткан мезгилде
Чыдаймын-дедин, -меники женил бирдеме"
7-апрель кесепети
Жон жерден эле,Султаным сага тийди эле
Аттин ай,тагдыр,муундан жетип журокко
Тез эле андан кабылдап турган кез экен.
Тируулуктун жакшысы менен жаманы
Журокту кыйнап,тытылып турган боз экен
Мурдараак неге ден-соолук камын корбодун?
Кайдыгерлигин- алтындай омур кунунбу?
Ак конул боорум,эл иши бутсун деп журуп
Жарылып журок,айнектей козун жумулду
Куураак болсон,озумчул болсон азыраак
Олумдун мерез,капканы калмак чаба албай
Которуп баккан неберелерин ыйлашат...
"Таята" дешип,ордунду карап таба албай
Эмирин кутот,кишилер журсо,жол жактан
Келатабы?деп, которуп алып шоколад
Ал али бала,кайтпасын билбейт ал жактан
САгынып журот,кусага батып арыктап
Сыздатып койгон,бей ажал олум курусун
кутпогон жерден,жайында тушкон кар сымал
Арманга салган уй-булоо,тууган, уругун
Алалбай турган,соок очту,кеги бар сымал
Аттырбай келген,бейажал олум курусун"! Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 19 Июль 2012 - 17:04

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   solnyshko   19 Июль 2012 - 17:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Айрылуу.......

Каран кал ай!
Асман жердин арасы,
Суйунучко толуп чыгып кетти эле
Кан айланып,тамырымдын тарашы
Кучурктонуп кокурокту тепти эле
Ушунчалык коптугунуон бакыттын
Эт-журогум бир ачышып кетти эле
Каран кал ай!
Ошол танда сол козум
Аркы-терки тартып кирди балкылдап,
Батпай турдум эт-териме бир озум
Журок тирейт,коодонумо лакылдап...
Асман,жердин ортосунан кара нур
Балким,мага келе жатты жакындап
Ошол танда
Жаткан элем талмоорсуп,
Мен ойгонсом,тошок эбак муздаган
Колу бутум,кан айланбай артына
Жан-турпатым бурап-бурап сыздаган
Тура калып сыйпаласам озунду
Урунганы ушул болду колума
Таап алдым,бир тал канат ордундан...
Каран кал ай!
жанды кайда коерду?
Билбей жаттым мин тирилип,мин олуп.
Ушундай да шумдук иштер болобу?
Баш айланат,айла- амалым тугонуп
Ичим кымгуут,дуйном жатты булунуп
Жайкы танда,кыш чилдедей ушудум
Не адисе,болду сага Кукугум?
Каран кал ай!
Канатымды сабалап
Учтум издеп,Ай-асманды аралап
Тыттым:Тундук, Туштук,Батыш, Чыгышты
Кайрылганча тырмактарым, тумшугум
Карегимден кан акканча шуушундоп
Атынды атап чакырганмын, Кукугум
Умутсуздук. ...кокурокту. ..жаралап....
Каран калгыр!
Тагдыр дагы сынады.
Бул жолкусу кескиледи жанымды,
Канбай калган махабаттын ышкысы
Тырп этерге аргасы жок чарчатты
Тырп эттирбей,алып тынды алымды.
Табериктей, кундо он маал карайбыз
Жаздыгымда сенден калган канатты
АНдан бери.......
даалай суулар чамынып
Далай мезгил тен талашты агылып.
Жаз келгенде,Кукук унун уксам деп
Эртели кеч,бакты карайм саганып
Эр жетишти,сенден калган уул-кыздар
Ар кимине ар кандай бак табылып...
А Сайнегин,канаттары талса да....
Кирпик-кашын ак кумуштор басса да...
Кок асманды карап калат кусалууу,
Кукук куштан умут узбойт сабылып......

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   solnyshko   19 Июль 2012 - 17:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Омур..........

ТОгулсо омур...
Бир гана сен деп тогулоор
Узулсо жаным...
бир гана сен деп узулоор
Гор дунуйо курусун...
Арканда калаар чачылып.
Алтын баш жатаар.
Топурак,чымга басылып.
Шар аккан суунун
Тамчысы жете чачырап...
Суйкайып чыккан Ай калаар....
Кокто асылып
кыз-жигит ырын
Тыншаган тугол шарактап
Жылдыздар калаар
Жымындап,ымдай шашылып.
АК шоокум сала,
Чыгышты каптап бутундой
Агарган тандын....
Артынан чачып шооласын
Кутунгон жаамы макулук....
Кылгырып,кыздын
Уялып турган козундой
Кун-пааша калаар
Карынгылыкты качырып,
Эч качан муюбай....
Тугонбой чети оюлбай.
Туболук туптуу
Жанымдан артык асылым.
Баарынан кымбат,
Коз жашым сымал аялуум-
Акырет кетсем-
Кыргызым калса буюрбай....
Ушуну гана...
Которбой журок тытылаар.....
.

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   solnyshko   19 Июль 2012 - 17:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Унчукпастарга! !!
Унчукпай жерди саткан.
Унчукпай кенди саткан
Унчукпай кылмыш кылган
Бокондой боожуп боккон
Улутташтын канын токкон.
Жемкор,канкор, жексурлардын.
Азабы элиме откон
Унчукпай кызды саткан
Ата-баба руху тургай
Силер менен бизди саткан.
Тамагына алтын,кумуш
Ак монгулор,тоолор баткан
намыс арсыз,эл башчылар..
Чыркыраган дилим менен
Чынырган унум менен
ыр менен салам айтам.......

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   solnyshko   19 Июль 2012 - 17:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Эй!
Эштендеген ары жок "кыргызбайлар"
Кум толтуруп,ким тикти оозунарды?
Ойлобогон эртенин жыргалбайлар
Массынарбы бугун же соосунарбы?
Соо болсонор,ойлогула жер тагдырын!
Мас болсонор тезинен солуккула
Бийиик коюп ,озу башындан эл тагдырын
Бир муштумга жолугууга жолуккула!
Тыбырчылайм, не кылам ,таппай айла
Узонгу-кууш кетти эбак кытайларга
Саткычтардын бийлиги,каруусу бар
Акын уну кум,кулакка жетмек кайда?
Сулуу жайлоом,Каркырам кыйналганы
кулагыма угулат ыйлаганы.....
Жашыл тулан,саргайды сагынычтан.
Жен денесин тепсеген мал-туягы!
Сох жерим го соорундалып кеткен качан
Да бир "дондун" чонтогун кампайтканы
"Убактынча алып турсун озбек достор,кайтарат" -деп,
бизди алдап,калп айтканы....

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   solnyshko   19 Июль 2012 - 18:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Жер каймактап,бул аалам жаралганда
Ысык-Колум кыргызга кошо буткон
Кобойушуп,адамзат таралганда
Коз арткандар кече албай колго тушкон
Коркуп кетем,дагы бир дарданпоздун
Акак колго кесепети тийбейби?-деп
Кан куюлат козумо,аны ойлосом
Ботондорго пулдап бир ийбейби-деп
САкта Кудай Колумду манкурттардан
Улутумдун ырысы уюп турган..
Жат адамдар,келе жатса,жат ой менен
Сапырылып толкуну туюп турган....
Эл кунунан чогултуп тапкан пайда
Унчукпастар, айткыла кетти кайда?!
Балдарынын, баласына чейин жетип
Жыргагандар- башынар калсын сайда!

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   solnyshko   19 Июль 2012 - 18:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Ушу азыр да тынчыбай Туштук тарап
Тажик,озбек астыртан сугун артат
Сурабастан ичкери жылып ,кирип.
Биздин жерге уйлорун куруп жатат.
Орусияга кетишип ээн калган....
Кыргыз уйун айласыз арзан сатат..
Кара аламан элиме иштебеген
Конституциядан митаамдар пайдаланат.
Жан багалбай кыйналган эноо боорум
Эртенкисин ойлобой уйун сатат
Кайра сурап барганда болоорун
Кийин билип,анан байкуш куйуп атат......

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   solnyshko   19 Июль 2012 - 18:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Апрельди. .. ким баштады...ким аткарды?
куноолуну коруп туруп,унчукпадын!
Тогуп коюп калкындын ,кызыл канын.
Желмогуздар, кантип гана тынч уктадын

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   solnyshko   11 Сентябрь 2012 - 11:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Сен түрлөнүп түшкө кирдиң

Сен бүгүн түшкө кирдиң дагын.
Кызганып,адатынча таарынганың.
Кыжалаат кылып,ыйлап атыптырмын
айта албай,сени аябай сагынганым

....Кайсы бир сапарыңдан кайтып келдиң...
Таркатып балдарыңа белектериң.
Жарылып маңдайыбыз сүйүнүчтөн
Отурдук жыргалына ошол кечтин.

....Капасың ,отурасың саал кызып.
Дивандын бир четинде ойдон талып
"Темпланга" киргизбей салган сызып.
багы жок китебиме ичтен наалып

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   solnyshko   11 Сентябрь 2012 - 11:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Жүрөк
Жүрөк ооруйт,неге ооруйт?
гөйгөйлөр көп талыткан
бир адамдын тагдыры
Бир күндө эле карыткан.

Жазда жамгыр жаабаса
Дыйкын күнү курусун
Уругу өнүп,дан чыкпай
Бекер калат буурсун.

Тескерисинче жамгыр жаап
Ай-талаада сел жүрсө.
Анда да урук токтобой
Кургап калат жел жүрсө

Күндүн нуру тийбесе.
Буудай кантип баш алсын.
Баш албаса дыйканың
Кантип,тынчып жата алсын.

Бала менен Эненин
Ден соолугун чын болсун.
Ата менен баланын
Ат көөлүгү тың болсун.

мунун баарын ойлогон
Эл баштаган жетекчи
Жаамы журттун гөйгөйү
Оорутат да журөктү...

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   belka   03 Октябрь 2016 - 15:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Менди эженин Жангак гулу деген чыгармасы бар беле?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 02:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: