gulku (16 Апрель 2012 - 23:23) жазган:
жашым 20 да.Мени копчулук эле жашындан улуу коруносун дешет.ушуну уккандан тажады....
кантип жашыымы жараша коруном деп башым катат.суйлошкон жигиттеримда мени тендер.эгер ошолордун бироосуно тийсен куйоомдон улуу корунуп калам деп корком... андан тез карыймынбы деп да!
кенеш беруунуздорду суранам досто....р.
кантип жашыымы жараша коруном деп башым катат.суйлошкон жигиттеримда мени тендер.эгер ошолордун бироосуно тийсен куйоомдон улуу корунуп калам деп корком... андан тез карыймынбы деп да!
кенеш беруунуздорду суранам досто....р.
Эч кимдин картайгысы келбейт.. 60 жашта 40тай, 50 жашта 30дай көрүнүүгө болот. Бул айымдын каалоосунан жана аракетинен көз каранды. Бирок кээде айымдар тескерисинче өздөрүн улуу көрсөтүп алышат. Эгер төмөнкү эрежелерди сактасаңыз, сиз мындай нерсеге кабылбайсыз.
Чарчаңкы көз караш
Жумуштагы кыйынчылык, үй-бүлөдөгү маселелер, жашоонун оош-кыйыштары. .. Сиз көчөдө кайгылуу, чарчаңкы көз караш менен баратасыз. Билип коюңуз, бул учурда айланадагылар сизге өз жашыңыздан жогорку жашты беришет. Экинчиден, мындай көз караш менен адамдарды өзүңүздөн түртүп турган болосуз.
Эмне кылуу керек? Жашоого жөнөкөй караңыз, адамдар менен көбүрөөк сүйлөшүңүз жана жөн гана ички дүйнөңүздү, мүнөзүңүздү жеңилирээк кылыңыз. Маселе бардык адамда бар, эгер азыр болбосо, кийин сөзсүз болот. Бирок бул жашоону сүйбөй коюуга себеп эмес.
Ачык түстүү макияж
Негизи эле макияж айымды улуу көрсөтөт. Ал эми кыпкызыл помада, ачык түстүү тень, калың коюлган тоналдык крем, ачык түстүү лак... булар айымды андан бетер улуу көрсөтөт.
Бырыштар
Карылыктын эң негизги белгиси - карылык. Бырыштан арылууга жасаган аракеттен көрө анын алдын алган аракет бир топ жеңил. Дал ушул үчүн күндөн коргонуучу, терини жумшартуучу кремдерди колдонуу сунуш кылынат. Жаш кезде териңизге канчалык кам көрсөңүз, улуу болгондо ал ошончолук жакшы көрүнөт.
Күнгө ашыкча күйүү
Шоколад түстүү тери өз жашыңызга дагы бир нече жаш кошуп берет. Андыктан, күнгө ашыкча күйүп алуудан сактаныңыз.
Кам көрүлбөгөн колдор
Аялдын жаш курагын колуна карап билүүгө болот. Кургак, "соолуган" , шуудураган колдун терисинен жаман эч нерсе жок. Андыктан, идиш-аяк, пол жууганда атайын резина кол капты же болбосо коргоочу кремдерди пайдаланыңыз.
"Соолуган" моюн
Сизди "сатып коюучу" дагы бир нерсе - моюн. Моюндун териси өтө жука болот, ошондуктан, ал эрте картаюуга жакын болот. Андыктан, бетиңизге кандай кам көрсөңүз, моюнуңузга да дал ошондой кам көрүү сунушталат.
Айтмакчы, боюңузду туура кармап жүрүүгө көнүңүз. Бүкүрөйүп, башыңызды ылдый салып жүргөнүңүз моюнуңуздун терисине тескери таасирин тийгизет. Компьютерде көп отуруп иштегендерге да түз отуруп, башты өйдө көтөрүп отуруу сунушталат. Ал эми кышында жылуу шарф сизди бир гана сасык тумоодон сактабай, моюнуңуздун терисин аяздан да сактайт.