Окуучулук мезгилди эстесем бир жылмайып калам.Апам отурушка жиберсе экен деп алдын ала жагалданып оокат кылган күндөрүм,ак эткенден,так этип ошол күндү аябай күтөсүң да,анан ата-энең 2саатка эле жиберип койчу"облом"
кылып."2 саттан кечиксең,үйгө келбей эле кой,кайда барсаң анда бар"деп койчу эле.Анан көрүп ал отурушта улам саат карап,чыйпыйың чыгып.Анан 2саат өтпөсүн десен шуулдап өтүп кетээр эле.Ошентип окууну аяктап,выпускной бал да келди.Классташтардын баары мага"сен бир аягына чейин отурганга суран эми,акыркы отурушубуз"
дешкен эле.Апамдан сурансам таптакыр болбой койду,баякы эле 3-4саат ашып кетсе.Отурушка барып,4саат өткүндөн кийин кетейин десем кайран балдарыбыз бут кийимимди катып коюп,таң аткыча отургам.Анан таң атып келатканда жүрөктүн лакылдаганын угуп ал,ыйлап атам шолоктоп
"апам-атам өлтүрөт" деп.Ошентип,
классташтар таң атпай баары мени артка салып алып,биздин үйгө жөнөдүк актаныш керек эле да эптеп.Үйгө жетип эле мен ээң артына туруп алдым классташтардын,
апам чыкса эле баары кыдыракей тизилген,чоочуп "кокууй деги аманчылыкпы,
кызым аманбы" деген экен.Ооба апа коркпоңуз,аман эле,кечөө ушундай болуп калды десе,апам күлүп жиберген экен.Анааан артынан ууру мышыктай болуп мен чыгып келатпаймынбы"
кечирип койгулчы"
деп.
Ата-энелер кубалап жөн отургузбаган отуруштар. Ар бир жаштын,окуучунун эстеп күлгөн эскермелери
#22 05 July 2012 - 19:00
Менин классташ кыздарымдын ата-энелери такай эле саат 12 ге чейин эле алып кетип калышчу. Анан жалан балдар калып калчыбыз бири-бирибизди тиктешип.
Реал чемпиооон!!!
#24 06 July 2012 - 21:25
oo men barbagan otyryw kalgan jok, baardyk ele kyzdar oi meni jiberbeit dep atyp ele ke4inde daiar bolup kalyw4y ele. anan saat 12 bolgondo ii koi oltyrot ketebiz dep 4ygyw4uu. anan baarybyz olsok 4oguu oloorbyz barbaibyz baarybyz dep kalyp kal4ybyz, egerde jiberbei koigon bolso ewiginin aldyna baryp tyryp al4ybyz jiberip koiunuz4yy dep, owentip jyryp byttyk, kairan kez
#25 07 July 2012 - 02:41
Отуруштарды уюштуруууп уюштурууп барвай калып кетчумун
апам вааще строгая болчу да
Барпылыктар рулит))
#26 11 July 2012 - 11:36
Эх сонун тема экен. Амиали азаматсын. Мындай учурлар далай жолу эле баштан откон го. Эстеп алып улам-улам жазып турам буйруса. Бир куну 8-мартта классташ бадарыбыз кыздара деп, бир балабыздын уйундо отуруш кылып калышты. Майрам экенине карабай, эртеден баштап кечке чейин зымдарды толтуруп кир жуудум. Апама алдын-ала айткан элем да. Анан коробуз, атана кантип айтам деп койду. Эх атам мугалим болгондуктан аябай строгий киши да. Анан падход кылып атам. апам болсо унчукпайт. Анан 2 бала 1 кыз классташтарым кошуналарым эле да. Анан алар суранышып чыгып мага келип калышты. Бир кошуна балабыз жакын тууганыбыз дагы болчу. Анан атам апамы эптеп кондуруп жооп алып берди. Болгондо дагы жанагы тууган балабызга катуу дайындап, 4саатта алып келесин деп. Анан баргандан кийин ана танцага туш, ана тамактанып отур. Балекетинеби,
кызуулук менен кечке кир жууган жаным, жанчылып, ордуман тургум келбейт. Падход кылып барам деп, же бир танцасы жок, же бир нормально тамактаныш жок, 4 саатта уйго шелпийип кайтып келгенмин. Анан жанагы тууган балабыз болсо "Чон апа Назгул кандай барса, ордунан турбастан кайра ошол боюнча келди" деп жатпайбы. апам кулоо берип, атан уруша электе уйго тез кир десе, шыпылдап кирип кеткен боюнча, уйкуга кеткенмин. Эх падход кылып отурушка уруксат алуу олллооо кыйын эле да.
Балам бактым-балам базарым!
#27 11 July 2012 - 11:38
Эх окуучулук алтындай кундорум. 9-класстан баштап балдар кыздар 3 жыл катарынан сумолок откордук. Балдар менен ага чейин ыркыбыз келишпей, уруша эле берчубуз. Ынтымакта бололу деп ниет кылып, сумолок дагы откордук. Каяктан сумолоктун эртеси эле урушуп кетчубуз. Эх бактылуу коз ирмемдер. Эч кимибизде ой деген жок, жаштык курчтук кез. Жылмаю менен эскерем ар дайым.
Балам бактым-балам базарым!
#28 11 July 2012 - 11:43
Раматылык чон энем аябай катуу инсан эле. Отуруш дегенди укканда, атама барып, апама барып барбайт деп эле кесе айтчу. Алар энеми тилинен чыгышпайт эле да. Кээде оллооо баргым келгенде дагы бара албай калчумун. Анан энеми алдамайга отмой. Жалдырамай,
тигил тууган балабыз Турсунбай менен барып, кайра ал озу алып келип коет десен дагы ыначу эмес. Кээде жакшы пейили тутуп калганда 2 сааттка жонотчу. Эх эки саатта уйдо болбосон, таягын таянып отуруш болуп аткан уйго келип, айнегин таягы менен такылдатып,
алдына куп гана салып алып алып кетчу да. Уят болуп калбайын деп энем келип алаарын билген жаным, ал келгиче жолго чыгам. Отуруш кызый баштаганда,
кетип калмай. Анан чындап эле жарым жолдон кездешебиз.
Таягын таянып келе жаткан болот. Ыраматылык энеми эне дебей "апа" деп чонойгонбуз.
берген тарбиясынын пайдасын азыр коруп жатабыз.
Балам бактым-балам базарым!
#29 30 July 2012 - 21:59
Эх сонун тема экен. Амиали азаматсын. Мындай учурлар далай жолу эле баштан откон го. Эстеп алып улам-улам жазып турам буйруса. Бир куну 8-мартта классташ бадарыбыз кыздара деп, бир балабыздын уйундо отуруш кылып калышты. Майрам экенине карабай, эртеден баштап кечке чейин зымдарды толтуруп кир жуудум. Апама алдын-ала айткан элем да. Анан коробуз, атана кантип айтам деп койду. Эх атам мугалим болгондуктан аябай строгий киши да. Анан падход кылып атам. апам болсо унчукпайт. Анан 2 бала 1 кыз классташтарым кошуналарым эле да. Анан алар суранышып чыгып мага келип калышты. Бир кошуна балабыз жакын тууганыбыз дагы болчу. Анан атам апамы эптеп кондуруп жооп алып берди. Болгондо дагы жанагы тууган балабызга катуу дайындап, 4саатта алып келесин деп. Анан баргандан кийин ана танцага туш, ана тамактанып отур. Балекетинеби,
кызуулук менен кечке кир жууган жаным, жанчылып, ордуман тургум келбейт. Падход кылып барам деп, же бир танцасы жок, же бир нормально тамактаныш жок, 4 саатта уйго шелпийип кайтып келгенмин. Анан жанагы тууган балабыз болсо "Чон апа Назгул кандай барса, ордунан турбастан кайра ошол боюнча келди" деп жатпайбы. апам кулоо берип, атан уруша электе уйго тез кир десе, шыпылдап кирип кеткен боюнча, уйкуга кеткенмин. Эх падход кылып отурушка уруксат алуу олллооо кыйын эле да. 
Абдан подход кылдырып туруп анан жибербей койгондочу кайран ата энелерибиз( облом
#30 01 August 2012 - 02:37
эх окуучулук кундор. Кайра келсе армансыз ойномокмун.
Бирок АРТКА ЖОЛ ЖОК. Биздин класс ар кайсы айылдан топтолгон окуучулар болчу. Жыйналыш эн чон проблема. Вечеринкага кыздарды жибербейт вот проблема. Мен прямой апасынан сурап алып кетчумун кыздарды озум алып келип коём деп соз берип. Тан атканда кыздарды кайра жеткирчумун бирден. Азыр эстесем , бир кулуп алам
#31 09 October 2012 - 11:33
Мен да чон энемдин колунда тарбияланып калдым.Жыл сайын мага окуу жылы октябрдын аягында башталчу.Ата апам шаарда болгондуктан мен айылдагы уйубузго баргым келчу эмес,барыбир алып барып таштап келишчу,болбосо мугалимдер арыздана беришчу кызынар окубаса башка мектепке которулсун деп.Мектепте да заочно окуучумун ,бирок жакшы окугандыктан мугалимдер мага унчуга алышчу эмес.Отуруш болоордо мугалимден уруксат алыш керек да мен эжейлерге жагынап ,подход кылып суранчумун ,ушул баланын уйундо отуруш болот 3-4 саат эле отуруп тарайбыз ,ата-энебиз уруксат берди,директорго айтпай эле коюнуз деп,жооп берип калса жыргап калчубуз.Бир жолу 6 класста окуп жургондо , эжейден озум баш болуп суранган элем(класском болчумун) баарына озум жооп берем,чон энем да отура бергиле деди деп(чон энем биз окуган мектепте 40 жыл иштеп пенсияга чыккан , баары сыйлап турушчу).Кеч кирди мен болсо чон энеме эмне шылтоо айтышты билбейм,сураган эмесмин да.Оюма бир нерсе келе тушту,классташ кызымдын апасы уйундо жок экен, барып отуруп турайын апасы келсе эле келем десем маакул болду.Айылыбызда кафе сыяктуу бир жай бар болчу ошол жерде отурдук.бир маалда класс жетекчибиз,
чон энем,кошунабыз,
дагы бир агай болуп келип калышты эмне дээримди билбейм...Унчукпай чыктым да чон энемдин алдына тушуп дынкылдаган боюнча уйго келдим.Чон энем унчукпады ,мен кечирим сурап колу бутунан ооп жатам акыры кулуп жиберди экинчи кайталанбасын деп.Эртеси куну сабака барбай койдум эле уйдон чакырып кетишти,линейкага чыктык,мурда жалан мактоо укканы чыксам эми уруш угуп жаттым,жер жарылбады мен кирбедим...Дагы эстеген сайын жазам ...
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#33 26 November 2012 - 22:22
11 классты буткучокту вообще барган эмесмин. Отуруш эмне экенин билбей эле бутуп кеттим го мен байкуш. Апамдын мыйзамынан чыга албай.
#34 27 November 2012 - 23:20
мен коп барчу эмесмин, анча мынча барып бирок тополон чыгарып кетип калчумун, ата энем да жонотпойт эле 11класста гана коп баргам, азыр такыр конул жок баргым келбейт
Журоктор ыйманга толсун.
#35 30 November 2012 - 18:47
Мпнин укам классташ балдарым менен жакын дос,ошон учун укам да мен барган вечеринкаларга барат,атам укам барганы учун мени да ишенип жоното берет.
#36 24 February 2013 - 10:17
Бир да жолу отуруш кылган эмеспис
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#37 11 March 2013 - 00:31
#38 11 March 2013 - 17:21
Oilop korsom 9- klassta bir jolu oturuwka bargan ekem atam strogiy bol4u saat 9da uido bolgun dep jibergen.Anan toptolup bargy4ek 8 bolgon,emi tamaktangany otursak 9 boloin dep kalyptyr anan ketem desem jiberbei koiuwkan,akyryn syrtka 4ygyp ka4yp jonogom any bir kl bilip artyman kuuganda ka4yp baratyp bir tufliyim butuman 4ygyp ketken exe.e.e bir tufliy menen uigo 9da jetip barganym e4 esimen ketpeita.a.a.a
#39 12 March 2013 - 22:12
Хехехе биз кече вечеринка кылдык...
Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
Көрбөйт деп уурулук кылба.
#40 15 March 2013 - 16:41
Окуучулук кезде эң жакшы кундөр өтту. Класс жетекчибиздин коюп берген баасы 30 сом болчу ошону көтөрүп алып жөнөчүк эле, ырымы кылып))) Ага же бир нерсе келсечи. Бара турган күнү кошунанын эшигинин алдына чейин шыпырып, болгон жумушту кылып, отура албай ары бери басып жүрмөй, жиберсе экен деп кудайдан тиленип. Кошуна 4 кыз бир класста окучук. Бирөбүз барбай калсак эле ата-энелерибиз "тигинин кызы үйүндө эле отурат сага не бар" деп коюшчу, ошо үчүн биринчи үйдөн жөн эле чыгып кошунанын кызын сурайбыз, алар келип мени сурашат, ошонтип биз барганча кыргызча саат болот, анан 2 саат отурганда папам келип төртөбүздү тең алып кетип калчы. Ар бир кечэге 2 ата-энеден кошулуп барышып башка бөлмөгө отуршат, аларды зерикпесин деп улам бирөбүз барып ырдап же бийлеп же дагы бир нерсе аткарып берчибиз))) Кээде параллель класстын балдар-кыздарын чакырып алчык, ага ата-энелер каршы болушчу кокус көрүп калышса кечебиз трагедия болуп эрте бүтчү)))
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...

Супер-Инфо
super.kg
видео



















