Суперстан: Бузукулар үйүрү... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бузукулар үйүрү... же сойкулуктун арты...

#21 Пользователь офлайн   Zamira   29 Апрель 2012 - 04:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 155
  • Катталган: 18 Апрель 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2012 17:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек.

Просмотр сообщения Takeshbek (29 Апрель 2012 - 02:06) жазган:

Кайран мээнет эч ким окубайт го..... :батан:


Эмнеге кайран мээнет?! :ыыы: Ким окубай жатыптыр?! :80: Мен күндө ачып,күндө күтүп жатам! Жанаарак киргенимде сен жүрүпсүн, :97: жазып бүтсүн,анан кирем :jd: деп чыгып кеткем. Кана жазганың?! :макоо: Күтүп жатса... :гезит: :94:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Elit   29 Апрель 2012 - 07:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Takeshbek (22 Апрель 2012 - 02:27) жазган:

- Жо, арзан эле. Жылаңач ийнинден бир өптүрсөң мага ошонуң жетиштүү...
Айжамал кылыктанып жайкы көйнөгүнүн жакасын ача берди. Арытан толук, чымыр эмчектеринин кулгун тарткан учтары көрүнө түштү.
-Андай болсо сенден карызымдан азыр эле кутулайын..
- Жо жаным, -деп шыбырады Жылкычы, - эртен кечкисин кечирээк келем. Азыр бүткөрө турган зарыл жумушум бар.
Ал чынын менен эле бул кербез тарткан аялга азгырыльп бараткандыгын сезди. Аны белинен капшыра кучактап оозунан өптү да, тышты карай жөнөдү. Ойлогон ою жүзөгө ашты, эми Айжамалды тандырбаштын акылын табыш керек эле. Бирок кантип? Аял эри үсүнөн чыгып кармап алган күндө да тана берет эмеспи.
Ал кечки лаззаттын жыргалын көз алдыга келтириштин өзү кыйын. Айжамал чындап эле өрт менен жалын экен. Экөө тамакка тоюшуп, коньяктан басышкан соң жат-жатка келишти.
- Жарыкты өчүрбөй эле коёлубу, -деп сурады Айжамал, - же...
- Бүгүнчө караңгыда эле бири бирибизди тааныйлы, анан эртенден баштап...
Ошондой кылышты. Айжамалдын озондоп-боздогону таң кылайганча басылган жок. Таң ата кийимин кийинген Жылкычы магдырай тартып аялдык кумары жазылган Айжамалдын алкымынан жыттады.
- Мен эми барайын, жерге жарык кире баштады...
- Эртең да келесиңби, жаным?
- Ананчы, ошо да кеп бекен...
Үчөө бөлмөдө олтурушат. Асек келээри менен телефон чалып, Жылкычыны үйүнө чакырткан. Каалгый баскан Айжамал кайрадан суздуктун чүмбөтүн жамынып тасмалды тейлештирип жүрөт. Асектин дили да эки анжы. Азыр баардыгы чечилет. Анын мындан аркы турмушуна же балта чабылат, же... Асектин столдун үстүндө жаткан эттүү манжалары майда калтырайт.
- Кана, -деп сурады ал Жылкычыдан, - биздин талаш эмне менен аяктады?
-Ымм...
- Эмне мыңкылдайсыц, айтпайсыңбы?
- Өзүнөн сура.
Айжамалдын узун кирпиктери серпиле тушту. Бул экөөнүн эмне билгени бар? Кандайдыр бир коркунучтуу шек мээсине чабылып барып кайра тарады.
- Анда сөз кезеги сенде, Айжамал.
- Кандай сөз?
- Мен жокто Жылкычы менен жаткандыгьң чынбы? - Айжамал ордунан секирип тура калды. Көрсө ушундай турбайбы. Бирок муну ким деген анын мойнуна коё алат?
- Жок ботом, аны сага ким айтып жүрөт?
- Мен! -Жылкычынын үнүндө өзөнө бекем ишенгендик бар эле.
- Оо өлүгүндү көрөйүн тузум урган, Челек! -деп аны беттен алды Айжамал, - биздин турмушубузду калп айтып бузгандан эле муйуз аласыңбы!
Эми Асек да эс ала тушту. Жылкычы өз максаты үчүн калп айтса калп айтып койгондур. Көргөн күбө жок болгон соң анын мааниси канчалык.
- Жылкычы, сен буга эмне дейсин?
Ал дегеле кебелип коёр эмес, мыйыгынан мыскылдуу жылмайып токтоо олтурат. Каргыш алгыр, көздөрү жылчыйып деле адамдан башкача.
- Катынынды чечин де...
- Эмне?
- Катынынды энеден туума чечинт деп жатам, анан көрөсүң... Айжамал шолоктоп ыйлап кирди. Бирок эки эркектин эрегиши анын көз жашына караар эмес, акыры чечинип берди. Оо тагдыр, Асек башын кош колдой мыкчып олтуруп калды - Айжамалдын аппак соорусуна быжырата печать басылган эле.
- Потребсоюздун печаты, -деп борс-борс күлдү Жылкычы, - ар бир кошулган сайын бирден басылган. Кумарга берилген катының аны караңгыда кайдан билип коюптур. Эмесе мындан ары эсине тутуп жүр, Асек - бербеген катын жок, алабаган эркек бар. Макул анда, өз маселеңерди өзүңөр чечип алгыла.


Жылкычы ордунан туруп сыртты карай жөнөдү...


СүрөтЭэк, окуп буткучо Айжамал алднбаса экен деп тилеп аттым эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Elit   29 Апрель 2012 - 07:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Мына сага! Шумдук го, Басира менен Зуура ынтымактуу абысындар экен.:достор:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Takeshbek   29 Апрель 2012 - 23:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

Просмотр сообщения Zamira (29 Апрель 2012 - 04:08) жазган:

Эмнеге кайран мээнет?! :ыыы: Ким окубай жатыптыр?! :80: Мен күндө ачып,күндө күтүп жатам! Жанаарак киргенимде сен жүрүпсүн, :97: жазып бүтсүн,анан кирем :jd: деп чыгып кеткем. Кана жазганың?! :макоо: Күтүп жатса... :гезит: :94:


Мен эч ким окубаса жазбайле койоун деп жаткамда .... Көрсө.... Эми жазам мындан да кызыктууларын...
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Zamira   29 Апрель 2012 - 23:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 155
  • Катталган: 18 Апрель 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2012 17:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек.

Просмотр сообщения Takeshbek (29 Апрель 2012 - 23:36) жазган:

Мен эч ким окубаса жазбайле койоун деп жаткамда .... Көрсө.... Эми жазам мындан да кызыктууларын. ..


Күтөм. :ханыша: Күтүп атааам! :108:Даагы кирсе дааагы жок!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Zamira: 30 Апрель 2012 - 00:06

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Arstan   30 Апрель 2012 - 02:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Оо жакшы кызыктуу экен,союз убагын элестетип кеттим.
Такешбек дагы жаныларын кутобуз.

О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Takeshbek   30 Апрель 2012 - 22:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

Просмотр сообщения Zamira (29 Апрель 2012 - 23:59) жазган:

Күтөм. :ханыша: Күтүп атааам! :108:Даагы кирсе дааагы жок!!!


Мына эжекоо Жазам азыр. Башынан баштап обещайтеткен "Дудук кыздын махабаты" деген ангемени таттуу кылайын...)))
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Takeshbek   30 Апрель 2012 - 23:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

Биринчи алдын ала кечирим сурайм анткени Вордко жазып кочургондо ортосунда пробел жок создор кетип калды ондогонго убактым ото эле тар калгандыктан жетише албай калды туура тушунуп койгула....
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Takeshbek   30 Апрель 2012 - 23:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

Эшикти кыз ачты. саамга аптыга туштум. Алдымда турмушта сейрек кездешчү чүрөк турат.Коюу, үрөң чачын бир өрүм кылып артына таштап койгон. Бийиктаза маңдайына калем кашы ого бетер көрк берип турат. Жоодураган кой көздөрүндөадаттан тыш сулуулук жашырынат. Бирок андан да башка кандайдыр кусалыктынүлүшү көз кычыктарынан көрүнө калат. Анысы бет түзүлүшүн бузбастан, кайраого бетер ажарын ачып тургансыйт. “Суулуу болгуң, келсе, азап тарт депфранцуздар береинен айтышпаган чыгаар ал сыңары кыздын жалпы көрүнүшүндөкандайдыр бир тымызын баш баккан муң бар эле. Телегейи тегиз адамдын биринчидушманы. Ал башкалардын ич тардыгын жаратат, жек көрүүнүн уругун себет. Кыздынтелегейи тегиз эле. Ошонусуна карабастан анда өзүм жакшы түшүнбөгөн бир жетишпегендиктурду. Сулуу жузу эмнегедир сүрөт сымал кыймылсыз, тоң көрүндү. Өзүм -художникмин. Бирок азыр сүрөт тартуу менен жан бага албайсың. Элдин курсагытойбой атса, кайдагы бир искусство менен эмне жумуштары бар. Сулуулукка кызыгууда кең-кесири турмуштан келип чыгат көрүнөт. Бул жагы мыйзам ченемдүү дечи,антсе да искусствону жаратуучулар - жазуучулар, акындар, бедизчи мененсүрөтчүлөр ишсиз калдык. Кандай арга, канчалык генийликти жүрөккө сактап сыймыктаныпжүргөнүм менен курсакты да багышым керек. Мен кистилерим менен мольбертимдикүнүмдүк жыйыштырып салып, касапчылыкка өтүп кеткем. Күлкүң келет - касапчылыканан сүрөтчү. Булар бири бирине салыштырып Караганда эки уюлдагы кесиптер эле.Сөздүнчындыгын айтканда, учурдагы кесибим мага күндөлүк нанымды таап берип жаткан.Бул үйгө келишим да ошол кесибиме байланыштуу. Белек кайдандыр топоздун этинарзан баада таап берем деп убада берген. Акчасын да алдын ала алып койгон. Мейли,топоздорду кайдан тапса андан тапсын, маа десе уурдап келсин, мага иши кылыпколума эт тийгени эсеп. Ал эми бойдоктугума карабастан мага акча ар убактажетишпейт эле. Алибетте, кечил эмесмин, демек, кыз-кыркын келгенде уяндыкты дакөрсөтө койбойм. Ошондуктан акчамды көпчүлүгүн кайда коротоорлугум белгилууэмеспи.

Ушинтип бет алдымда турмуштан сейрек кездешуучу турду.Мен сүрөтчү катары анын мүчөсүнө да баа берип койдум. Эч кынтыгы жок келишкенмүчө. Халатынын бир аз ачыла берген жакасынан жайык төшүнүн чети көрүнөт. Боюортодон бир аз жогору, чытыраган соорусу терисине тар келгенсип, аялды насилин огобетер көркүнө чыгарат. Чың жана түз балтырлар ишенимдуу. Дароо эле көз алдымачоң суунун жээги элестеди. Бул кызды дырдай жылаңач сүрөткө тартып жатам. Күрөңсаамайын жумшак жел леп-леп сылап өтөт. Көздөрүн күн нурун жүлжүйтө берип, магачымыр сандарын тосот. Мен жанталашып тартып жатам. Кыздын мүчөсүндөгү ар биркыймылды, урунттуу жерлерин көз жаздымыман кетиргим келбейт. Жанымдан кандайдырбир мыңкылдаган туюк үн угулгансыды. Кыялдын сересинен жерге түшүп, акылымакеле калдым. Кыз мага таң калгансып кой көздөрүн бакырайтып карап туруптур.Кыязы, менин ойго бата түшкөнүмө анчалык түшүнө бербей жаткан шекилдүү. Ананжайдары күлүп жиберди. Мага бүркөк күн ачыла түшкөндөй эле туюлду. Күрүчтөй текшитиштери бермет сымал жаркырай түштү

-Белектин квартирасы ушулбу?

Кыз баш ийкеди, бирок үн чыгарып сүйлөгөн жок. Менидагы эле ар тарабыман сынай карап турат.

- Өзү үйдөбү?

Кайта да ийкеди башын. Жиним мурдумдун учуна жыйыла түштү.Аны өзүнүн сулуулугун билип, андан улам текебер тарткан кыздай сезип кеттим.

- Кирүүгө уруксатпы, анда жумушум бар эле...

Кыз четке чыгаберди. Астанага шыбоодон улам былчылдап чыккан бут кийимимди чечтим да,жагымсыз жыттан өзүм уялып, конок бөлмөсүнө өттүм. Бөлмөгө диван, стол,орундуктар коюлуптур. Орто жердеги столдун үстүнө кооз графиндеги роза гүлдөрүбөлмөгө көрк берип турат. Кыязы, кыз гүлдөрдү жакшы көрсө керек. Анысында жаңылыкжок, кыз аттуунун баары эле гүлдү көрсө жантыгынан жата калышат эмеспи. Белекдиванга кыйшая тартып телевизор көрүп олтуруптур, мени көрдүда ордунан козголду.

-А Мелис, кел-кел, баатыр акеси, Мадина, чай коёсалчы.

-Жо, мен бат эле, - дедим учурашьш жатып, - баягы ишбоюн келдим эле...

-Олтур-олтур, орустар айткандай бутта чындык жокэмеспи. –Чайыңды кайната бер, Мадина.

Тасмалга келип олтурдук. Мадина чай куюп берип жатат.Анда-санда мени көз кыйыгы менен карап коёт да, мен карап калсам чоктой кызаратүшөт. Анысынан эркектер менен көп мамиле кылбагандыгын баамдайм. Жүрөгүмадаттан тыш түрсүлдөп кагат. Мурда башымдан өтпөгөн бир жагымдуу нерсе келипчыкчуудай тынч ала албайм, адаттан тыш сүрдөп да жатам. Мындай экенин өзтажрыйбамдан жакшы билем. Эмнегедир жакшылык

менен жамандыктын келээрин терим аркылуу күн мурунтансезип турам. Мадина муздаткычтан бир шише алып чыгып алдыбызга койду. Кыз дагыэле үндөбөйт. Белек эле жаман короонун текесиндей бапылдап жатат. Ичимдиктенэки ирет алып жибергенден кийин анын бабырлыгы ого бетер күчөдү. Дегеле бизге сөзберер эмес. Мадина ууртунан назик жылмайып коёт, бирок дагы эле ооз ача элек.

- Сулуу кыз бекен, - деп жатты Белек, - жалгызкарындашым. Мындай эстүү кыз бул жер үстүндө чанда. Бардыгы колунан келет.Үй-оокатты жөн эле мизилдете кармайт. Азыр он тогузда.

Бирок...

Мадинанын көздөрү бир башкача жалдырай түштү. Кыязы, агасынмындан ары сүйлөбө дегиси келип жатат көрүнөт. Мен да таң, кала түштүм.Белектин чоң эле кызды кем акылдан бетер кыял-жоругун жиликтеп жатышы мага өөнучурады. Жо, бул жерде бир нерсе бар. Кулак түрүп жатам. Белек кайдыгер колун шилтепкойду.

- Капа болбо, Мадина, эртедир-кечтир Мелис чындыкты би­летда. Мындайча алганда Мадина беш жашынан тартып сүйлөбөй калды. Анда үйүбүзшаардык котелныйдын жанында боло турган. Мадина өзө теңдүү балдар мененкотелныйга чукул дөңдө чана тээп жүрөт. Күтүлбөгөн жерден буу казан жарылыпкетет. Кырсык от жаккычтын өлүмү жана Мадинанын ооруканага жеткирилиши мененаяктады. Карындашым тирүү калды, бирок кандай аракеттерди жасасак да сүйлөтөалбадык.

Оозум ачылып эле калыптыр. Айыптуудай кызара түшкөнкыздын жүзүнөн карегимди албастан тура бериптирмин. Жүрөгүм бир башкача зыркырапчыкты. Кыздын жанагы мен көмүскө туйган керти, көрсө ушул тура. Дегележаратылышым - алсыздарды аяганым күч. Мунжуну көрдүм дегиче көзүмө жашым толотүшөт. Ушул учурда чырактай жанган кызды аяп турдум, ал үчүн колумдан келгенжакшьшыгымды жасагым келип турду.

- Кантет, - деп ого бетер чүнчүттү Белек, - жыгылыптүшпө. Биздин Мадина сага окшогон далай жигиттердин эсин оодарган. Андан көрөбойдоксуң, үйлөнүп ал. Ооба, ошент. Сага татыктуу жар боло албаса, мурдумдутуура кесип берейин.

Тамтандаган аракеч, эми кудай урбадыбы. Көзүнө жашыкеле калган Мадина ордунан атып туруп, коңшу бөлмөгө кирип кетти. Кулагымданбери ысып чыктым. Ал күнү Белек менен сооданы бышыктап алып жолума түштүм.

Бир үйдүн жарты эти калды эле, аны соодаламыш болом.Эси дартым эле Мадинада. Анын жаштыгын, сулуулугун аяп турам, ар дайым бир үйдөжалгыз калып эч ким менен сүйлөшө албаган тагдырын аяйм. Акыры чыдай албадым,эттин калганын таразалап туруп шеригиме өткөрдүм да, үйдү карай жөнөдүм. Баса,Мадина гүлдү жакшы көрчү эмес беле, жолдон бир букет гүл сатып алдым да, үйгөкелдим. Чоң күзгүнүн алдына туруп алып өзүмдү иретке келтирип жатам:сакал- мурутумду таза кырындым, кара галстукту ак көйнөккө тагынып, уюлгуганчачтарымды тарап койдум эле касапчыдан студентке окшой түштүм. Эмне учунбаратам? өзүм да жакшы түшүнбөйм. Иши кылып Мадинаны көргүм келип турат. Каргышалгырдыкы, ошондо бурулуп, көптөгөн ойношторумдун бирине кетип калсам, анданкийинки кырсыктарга жол берилбей калат беле. Бирок тагдырга арга кыла албайсың,ал мени дегдеңдете белгисиз кумарды карай сүйрөп баратты.

Эшикти ача берген Мадина саамга дел боло түштү. Экикөзү колумдагы гүлдө эмес, менде эле. Башка кийим кийинип, жуунуртарангандыктан, кыязы, ал көргөндөн кыйла жашара тушкөн сыяктанам, кыздынкөздөрүнөн кубанычтын учкундарын байкадым өзүм да бул кездешүүгө толкунданыптурам. Мындан да жүрөгүм менен туйбаган кандайдыр бир таттуу сезим көз жаштегеретип жиберди. Мадинаны кучактай калууга аз калып барып, эсиме келе калдымда, колумдагы гүлдү суна койдум чектен тыш кубанычта жадырап-жайнап кабыл алды.Анан колумдан аяр кармап бөлмөгө жетелеп кирди. Белек жок экен. Маңдай-тескей олтурабыз. Эмнегедир карегимди андан алалaap эмесмин. Анын да көздөрү, жаштыкты эңсөөдөн чыгаар. Бир башкачажашылданып турат. Сүйлөөнүн мында кажети деле жок. Баары тең түшүнүктүү болучу.

- Журу, киного барып келели, Мадина, - деген сунушумдуайттым көптөн кийин. Оозума ошол сөз келиптир. Иши кылып анын көңүлүн көтөрүп,бактылуу кылуу жагы келген максатымдын башкысы экендигине эми түшүндүм. Мадинасекелек кыздан бетер чексиз сүйүнүп кетти. Балким, аны ушунча болуп бир дагыжигит менчилеп киного чакырган эместир, же менин аны толук кандуу аял катарысанап жаткандыгым жага түшкөндүр, айтор, Мадина кубанычтуу кыска үн чыгарды датөркү бөлмөгө кирип кетти. Күтүп олтурам, өзүмө өзүм таң калып да олтурам.Чырмалыша баштаган мамилебиздин аягы эмне менен аяктаарын дегеле ойлогонум жок.Акыры Мадина бөлмөдөн чыкты. Оозумду ачып эле карап калыптырмын. Гүлдүү малакөйнөкчөн периште бет алдымда турду. Жөн эле буралат, мойну койкоюп, көркөмбашы сыймыктуу чалкалайт. Ал мени секелек кызча колдон алды да сыртты карайсүйрөп жөнөдү. Көчөдө баратабыз. Ал мени эски таанышындай колтуктап алган. Эмианын сулуу жүзү баштагы кыймылсыз жансыздыгын жоготуп, бир башкача ажарланып,бакытка бөлөнүп баратты. Фильм да экөөбүзгө ылайык сүйүү жөнүндө экен. Мадинаолтурганда эле ийиниме көркөм башын жөлөп койгон, ошол боюнча кино бүтөрбүткүчө козголгон жок. Кээде менин манжаларымды кысып-кысып коёт, андан баштаайланткан жеңил атырдын жыты келет. Кинодон кийин үйүнө дейре узатып бардым. Алжүрү дегендей колумдан аста жетеледи. Аны ээрчигендин ордуна белинен имеретарттым да оозунан узакка сордум. Кыңкыстап онтологон үн угулду. Таштай катуукош алмасы төшүмө тиреле түштү да башымды айландырып жиберди. Ушинтип бир аз турсакэле мен чыдай алаар эмесмин, кыздын абийирине кол сала турганмын. Ал эмикучагымда эч кандай коргоосуз, турмуш жагынан алып Караганда наристе кыз турду.Ошондуктан мындан көбүрөөккө барыш менин бетсиздигимди көрсөтмөк. Андан обочожыла бердим да: «Пока», - деп коюп чуркап жөнөдүм. Жүрөгүм бир башкачалакылдайт. Кыз өпкөн жагынан наристе болбосом да бүгүнкү алган таасирим өзгөчөкөрүндү. Кандайдыр бир мен башында билип туйбаган аруу сезим жалын сымал жүрөгүмдүкаптап баратат. Кылчая берип карасам, Мадина дагы эле артымдан көзүн албайтуруптур. Кол булгаладым, ал дагы колун жансады. Кетип баратам, баштакезикпеген кубанычты сезип баратам.

Андан кийинки экөөбүздүн мамилебиз мага түш сыяктуу.Мадинаны көргүм эле келип турат, бирок жумуштан колум бошобойт. Кан жыттангансалондун ичи менин күндөлүк азабыма айланган. Кажылдаган көпчүлүк, колдонсуурулган алып сатарлар базардын демейдеги жашоосун түзүп турат. Ошол уу-дуу тур­муш эле. Кубаныч, кайгыны, жүзү каралыкменен сүйүүнү, шылуундук жана адамкерчиликти өзүнө камтыган турмуш болучу.Кантсе да мен интеллигент катары башкаларга Караганда айлана чөйрөмдү акылгасалып түшүнчүмүн. Ошол уу-дуу менен байкабай калыптырмын, карай салсаммаңдайымда Мадина турат. Жазгы гүлдөй жайнап, бул ар кошкондон түзүлгөн оройкөпчөлүккө сыйышаар эмес. Мен кан жуккан халат жамынган кейпимен, майланышканколдорумдан анын алдында чүнчүй түштүм. Мадина жайдары жылмайып, эки манжасынкөрсөттү. Дароо эле тушундум да арыдан бери чүйгүн жеринен чаап, эки килограммэтти тартып бере салдым.

- Акчасынын кереги жок, Мадина, - дедим шаштым кетип,-мен өзүм деле эт алпарып берейин деп жаттым эле...

Ал көркөм башын чайкап койду да алдыма акча таштады. өзуколун булгалап коюп, сыртты карай жөнөдү. Акчаны алып санасам, арасында кагазжүрөт. Алып окудум. «Мелис, кечинде сени күтөм. Байкем үйдө жок болот, Мадина»,- деген жазуу бар экен.

Атаганат, ошондо барбай койгонумда андан кийинкитүйшүктөр келип чыкпайт беле, ким билсин. Айтор, менин эркектик ышкым аны карайжетелеп туруп алды. Анымда жаңылык деле жок, менин ордумда кайсыл эркекболбосун ошону жасамак. Салондогу кечке кыйналганымды Мадинанын жаркын жүзүнкарап олтуруп тараткандыгым күнөөгө деле жатмак эмес. Жумуштан эрте чыгып тазажуундум. Ошондо да кандын жыты кетпейт, каргыш алгыр. Арга канча, атырдан басасебинип, ал жагымсыз жытты баскан болдум. Кийимимди которуп кийинген соң,көчөгө чыктым. Камоктордун биринен шампан, жакшы винодон сатып алып, таксикармадым. Мадина мени демейкисиндей эле жадырап-жайнап тосуп алды. Шампанданкылт эткизип олтурабыз. Тамак да даамдуу жасалыптыр. Иши кылып бөлмөдөгү бардыккөрүнүштөн аялдын камкор колу сезилип турду. Мадина магнитофонду ишке киргизди.Музыканын жагымдуу ыргагы бөлмөлөргө тарай түштү. Туруп барып кыздын белинеколумду койдум. Булчуңдуу чың дене алаканымды ысытып жибергенсиди. Тангонун жайыргагында бийлеп жатабыз. Мадина төмөнтөн жогору карай көзүмө тигилет. Кудайай, көздөрү бир башкача жалдырайт. Жөн эле: «Менин үмүтүмдү үзбө, Мелис, биржаманчылык кыла көрбө!» - дегенсийт. Жүрөгүм өзүнөн өзү кысылып чыкты. Эңкейдимда аста эрдинен сордум. Мадина жүзүн төмөн жашыра берип, ыйлап жиберди. Чачынанжыттагылап жатам, жалыныш туу сөздөрдү шыбырап да жатам. Ансайын Мадина эс-учунжоготуп баратат. Анан түзөлө калды да колумдан учкай алып, мени уктоочубөлмөсүн карай жетеледи. Сулуу көздөрүндө кандайдыр бир чечкиндүүлүк менентобокелге салгандык бар. Аргасыз аны ээрчий бастым. Экөөбүз тең эстен таныптурабыз. Жо, жаштыктын акылы жетпеген кумары бизди эстен ажыратып таштадыкөрүнөт, Мадина халатын чечип туурага ыргытып жиберди. Ич көйнөгү жок экен.Ууздай аппак сандары, тирсийген кош мамагы мага учурдун арты кийинин туураойлонуштурууга мүмкүдүк бербеди. Анын алкымынан аймалап жалынып жибердим дадиван-кроватка басып жыгылдым. Андан аркысы мага түш сыяктуу. Катуу бир онтопалган Мадина эриндерин кырча тиштенди. Мен башта болуп көрбөгөн ырахаттынкөлүнө чөгүп кеттим. Мадина мурда төшөк-кумарын башынан өткөрүп көргөн эмесдечи, антсе да аялдык жаратылышы эркектин махабатын эч кынтыксыз кабыл алды.Алдымда жаштыгы чытыраган чың дене балык тай туйлап жатты. Оо анан ал онтолойчиренип, мен кынкыстап жибердим. Эч нерсеге тендешсиз сезим эстен тандыражүлүнүмдү аралап барып тынчып калды. Шалдырай тартып чалкабыздан түшүп жатыпкалдык. Мадина кайрадан ыйлап кирди, мен аны кыйбастан узун чачынан өтөназиктик менен сылагылай бердим. Мында жубатуунун кереги жок эле, ал күйүткөбатып, балалыгы менен акыркы ирет кош айтышып жаткан. Кыйладан соң турду менида орой түртө ордумдан козгоп, кан болгон шейшепти башкасы менен алмаштырды. Биз кайрадан камырдай жуурулу лаззат кумарына кирип кеттик.

Оо жараткан, ошондон тартып менин азабым да, жыргалымбашталды. Мадина мени бир мүнөт да көрбөй тура алчу эмес.Мен ага жакшы элежумуштан кийин келеримди түшүндүрөм, бирок кайра эле өз билгенин жасайт. Магажакын келе албайт, кыязы өзүнүн дудуктугу менен мени башкалардын алдында уяткылуудан чочулайт көрүнөт, бирок салондун муздак дубалына жөнлөнгөн тейде мени алыстанкараганы караган. Кандайдыр делбе сыяктуу. Кээде Мадинага алаксый түшүпдөңгөчтөгү этти да жаза чаап алам. Шеригим мени жаман көзү менен акшыя карапкоёт.

- Кечээ катыра ичкен экенсиң ээ, эргулум.

- Ии, ооба, - дейм агакаршылык көрсөтпөй, - уйкум келип турат.

Бара-бара Мадинанын ал жоругу мени тажата баштады өзүмда билбейм, аны жакшы көргөнсүп эле турам, бирок ошондой болсо да ортобузда бирбелгисиз тоскоолдук бардай туюлат. Мен аны менен элкин эмес элем, кандайдыройноштук жасап жаткансып кымырынып-кысынганым күч. Анан жүрүп олтуруп түшүндүм.Менин ага карата мамилем чыныгы махабат эмес эле көрсө кыздын мажестигин, башкалардан кемдигин аяптырмын. Акмак жаным ошонумду махабат катары көрүптүрмүн. Эми минтип жүрөгүмө шек туулуп олтурат. Эмне кылышым керек? Ал мени бучкактапбир карыш да ээн-элкин бастыра турган түрү жок. Демек, анын мага берилипкалгандыгы айдан ачык. Анткен сайын дилимде өзүм да жакшы түшүнбөгөн жипкирүүбүчүр ала баштагандыгын аргам кете туюп, андан кача баштадым. Эптеп эле биршылтоолорду таап жылт коюуну көздөйм. Аныкына барганды дээрлик токтоттум. Ал датүшүндү го, эмнегедир кийинки күндөрү мени баштагыдай акмалабай калды. Бироканын мага көрүнбөй бир буйткадан көз салып тургандыгын кандайдыр терим аркылуусезем. Уятымдан бетим чымырайт, аны аягандыктан жүрөгүм кысылат, өзүмдү өзүмашата сөгөм. Бирок арга канча, жүрөгүң тартылбаган нерсеге бара албайт экенсиң.

Ошол күнү Жийде экөөбүз кафелердин биринде олтурдук.Ал менин эски ойнош кызым. Жийде эмнегедир шаардан көрүнбөй калган. Корееайылда жүрүп жакында эле келиптир. Кантсе да денебиз тийишип калган эмеспи, аныжолуккан боюнча таштап кете албадым, кафеге кирип тамак ичип чыгууга чакырдым.Алибетте, Жийде сулуу кыз, бирок сойкулугу да ошончо. Анысынан ал кымырыныпкысынбайт. Кыскасы, накта учурдун ургаачысы, уят-сыйыт дегенди чөнтөгүнө салыпалган. Аркы-беркини сурашып олтурдук. Алган бир шише винобуз да аяктап калды.

- Кечинде кел, - деди Жийде, - баягы эле үйдөмүн.Элеттин ээндигинде журуп эркекти да сагынып калдым көрүнөт.

Мен «макул» дегендей башымды ийкедим. Анан айнектенсырт жакты карап алып, далым дүрүлдөй түштү. Сырттан бизди Мадина караптургандай сезилип кетти мага.өңүм да өзгөрүлө түшсө керек, Жийде чочулайсурады.

- Сага эмне болду?

- Эч нерсе, турдукпу анда...

- Кечинде келесинби?

-Уг-гу...

Жийде жашаган үй мага башынан белгилүү. Алибетте, анынсойкулутун жакшы билсем да өзүмө тааныш аялдык кылыгын сагынганым күч эле.Адаттагыдай эле чөнтөгүмдө бир шише арак. Күүгүм коюуланып баратат. Буттарымдакүздүн эрте түшкөн жалбырактары шуудурайт. Жанымдан бирин-экин жеңил маши­нашуулдап өтө берет. Мен үчүн ушул бойдокчулук жашоо жагып турган. Башкатүйшүктөрдөн алыс чөнтөгүмдөгү бир шишенин дүүлүктүргөн кубатын алдын аласезип, анан да Жийденин теңдешсиз ысык кучагын, кыңкыстаган башкача үнүнэлестеп, жай өмүрдүн кучагында көп катары күн кечирүүнүн өзү канчалык жагымдуу.Обу жок интеллигенттердей ышкы отун изденбей, санаадан алыс, чыгармачылыктынтуйшугунөн тышкары жандүйнөнү тынчытып өмүр кечирүүнүн өзү, менин нормалдууадамдарга жакындай баштагандыгымдын күбөсү. Айтам да, пайдасыз генийликтинкимге кереги бар эле. Анын ой жетсе да кол жетпеген азабы менден алыс. Мендемейдеги эле кече таптаган пенделердин биримин. Ал эми канчалык ойлонсоң дажашоо анда да ашып түшпөсүн башымдан кечирип жатам. Ушунун өзү менин руханий жактанчирий баштагандыгымдын күбөсү экендигин деле түшүнүп турам, -бирок жандүйнөмдөгү ойлонууга карата жалкоолук баардыгынан күчтүү болучу. Мен жөн ганакемчилик, ийгиликтери менен жашаган катардагы пенде болгум келет. Баягыделбетаптанып генийликти пир туткан кезим эми түштөгүдөй элес-булас келе калыпжок болот.

Жакындаганымда Жийденин үйүнөн кирип-чыгып жатканадамдарга көзүм түштү. Бир нерседен чочулай калдым да дарбазанын алдынатоктодум. Кишилер өз алдынча кужулдашып жатышат. Ангыча милициянын машинасыныначуу сиренасы угулду. Ого бетер тынчым кете түштү.

- Айтыңызчы, эмне болуп жатат? - деп сурадым андатурган бирөөнөн.

Ал мени ормоё карап койду, анан мендеги чочулоонутуйду белем, кайдыгер колун шилтеди.

- Ээ, ушунда бир кыз жашай турган. Көптөн бери көрүнбөйкалып, жакында эле келгендей болгон. Ошол кызды кимдир бирөө мойнуна жип оропмуунтуп таштаптыр. Жаш эле бечара, су­луу да болчу...

Башка чапкандай кайра тарттым. Байкуш Жийде, аны сойкулуктунакыры ушуга алып келмек. Кызганыч кимди гана эмнеге түртпөйт. Анан ар кимгекуйругун шыйпандата берсе душманы чыкпайбы. Жүрөгүм тызылдагансып баратат.Жашоонун күнүмдүк экендигине ызам келет. Анан ашканалардын бирине кайрылдым да,чөнтөгүмдөгү аракты бут ичтим. Ачкарын ичкендиктенби, эс-акылымды жоготупсалыптырмын. Кетип бараткандай эле болгом, анан ойгонсом, төбөмдө жылдыздаржыбырайт. Айланам тыптынч. Эмнегедир үстүмө атыр жыттанган аялдын күзгүпальтосу жабылган. Башым кандайдыр бир жумшак, жылуу нерседе жаткансыйт. Жакшылапбоолголосом, кимдир бирөөнүн тизесине башымды коюп жатам.

- Сен кимсиң? - деп сурадым араң эле сүйлөп. - Менкаердемин?

Жооп ала албадым. Белгисиз адам үндөбөстөн колумдантартып өйдө тургузду. Агарып келаткан таңдын шооласынан аны тааный койдум.

- Сенсинби! - кыйкырып жибердим. - Бул жерге каяктанке­лип калдың?!

Мадина баягы эле үндөбөгөн калыбында шымыма жуккан чөп-чарды тазалап жатты. Эмнегедир ыйлагым келип кетти. Көрсө таң аткыча башымдытизесине коюп олтура берген турбайбы, анан да күздүн аз эмес суугунда күрмөсүнмага жаап коюп, өзү көйнөкчөн... Калтырап үшүп... Оо каргыш алгыр махабат!Ошондо да дилим тоңдугунан жазбады, жадаса Мадинаны кучактап өөп койгонго дажарабадым.

Дегеле эркектерге арга жок экен. Алардын туруксуздугу, жел тамандыгы башынан ашат. Ал жагыбызды өзүбүз байкоос ала бербейбиз. Ар бираялдын үстүнөн болгон жеңишибиз бизге сыймык катары көрүнөт. Ал эми алданганжүрөктөрдүн канап, жанына жай бербей ооруп жаткандыктары менен жумушубуз жок.Жийде бат эле эсимден чыгып кетти. Анан университетте окутан Лариса деген кыздытаап алдым. Алибетте, ага үйлөнөйүн деген оюмда жок, аз да болсо жашчылыктындооранын талаптагыдай сүрүп алуу башкы максатым. Заматта эле кыздын башынайлантып таштадым. Экөөбүз бир нече ирет кафелерде олтурдук, кино-театрларга бардык.Ошол кечте да киного экөөбүзгө белет алып койгом. Жатаканасын, кайсыл секциядатурарлыгын жакшы билем. Болжошкон убакта келип, вахтёр аялдан киргизип коюусунөтүндүм.

- Кимге барасың? - деп сурады ал. -Ларисага,214- секция.

- Эмне, уга элексинби?

- Дагы эмнеси чыга калды? - чочуп кеттим мен.

- Азыр эле сенин алдында кимдир бирөө аны таш мененбаш­ка чаап салыптыр. Ооруканага алып кетишти абалы оор дейт.

Дел боло туштум. Катар-катар келген бул кырсыктакандайдыр бир байланыш бар эле. Ошол кырсык эмнеликтен мен сүйлөшкөн кыздан элеарылбайт? Анан күтүүсүз жерден түшүнө койдум. Жийденин өлүмүнө да, Ларисанынжаракат алышына да себепчи мен элем. Оо Мадина, ушуга кантип бардың! Чуркап баратам,айла кеткендиктен ээгим ээгиме тийбей шакылдайт. Жо, бул акмакчылыкты токтотуш керек!Мадинанын баягы эле кусага баткан суз жузу алдымдан каршы алды. Олтурганым жок,аны үрөйүм уча карап, адаттан тыш айкырып жибердим.

- Эмне учун минтесиң, Мадина! Киши өлтүрүүгө кантип ко­лун,барды!

Ал козголуп койбоду, ого бетер уурту тартылып, көздөрүжал- жылдай түштү, арытан кагаз, калем алып чыгып, бир нерселерди жазды да, магасунду. «Сенсиз өмүрүм жок, Мелис! Мен тирүү турганда сени эч бир аялгабербейм! » деген жазууну окудум. Ба­шымды эки колдоп мыкчыдым да, сыртты карайатып жөнөдүм эмне кылыш керек? Ички иштер бөлүмүнө кайрылсамбы? Бирокдудуктарга сурак да, сот да жок дешкендерин угуп жүрөм. Анын үстүнө Мадинаныалдаган өзүмдө да күнөө аз эмес. Жо, бирден бир арга - шаардан башка жаккакетишим керек. Ооба, ошентишим керек!

Көп өтпөй Токмок базарынын касапканасынан орун алдым.Иштеп жүрөм. Казактардын базарынан мал алам да кайра союп сатам. Киреше жакшыэле түшөт. Кээде акчамды сойкуларга тойлотуп жиберем. Анда деле кабыгым-кашымдебейм. Бирок мени баягы эле жалгыздык, баягы эле бир беткей көңүлсүз өтүпжаткан өмүр кыжалат кышат. Бир курдай зериккенден эстеп коюп олтурат элем, өтүпбараткан Белекти байкап калдым. Арты кийинин деле ойлогонум жок, ал көзүмө бирбоорумдай жакын көрүнүп кетти.

-Белек! Беке-чакырдым.

Ал бурула калып мени тааныды да, эмнегедир жыландыкөргөндөй кетенчиктей түштү. Анан бир нерсени ойлоно калгандай жаныма басыпкелди.

- Кандайсың Беке?

Колумду сундум. Ал байкамаксанга салып койду. Чөнтөктөрүнантарып бирдеңке издеп жатат. Акыры блокнотунун арасынан бир тилим кагазды алыпчыкты да мага сунду.

- Мадинанын акыркы сөзү, - деди ал буулуга унчугуп, -сени каргыш ал сын!

Көзүнүн жашын сыга берген Белек бурулуп басып кетти.Мен эч нерсеге түшүнгөнүм жок, жанымдагылар да мени шектене карап калышты.

- Белек, Белек! - деп артынан кыйкырдым. - Коё турсаң,түшүндүрсөң!

Бирок ал кайрылган жок, базардагы көпчүлүккө аралашаберип көрүнбөй калды колумдагы кагаздан төмөндөгүлөрдү окудум: «Сенден үмүтүмүзүлгөндө менин өмүрүм бүтөт, Мелис!»

Кандайдыр бир суук илеп денемди чыйрыктырып жиберди.Кийин уктум, Мадина жүрүп бараткан тепловоздун алдына боюн таштап өмүрүнаяктаптыр.

Мен даты эле жалгызмын. Канчалык аялдар менен мамилетүзсөм да баягы Мадина тизесине башымды коюп, таң аткыча жаткан мээримдеймээримди алардан кездештире албадым. Изденем, бирок табылбайт. Ошондуктаналигиче жалгызмын. Оо Мадина, сага учурунда түшүнгөн эмес экенмин! Кечир мени!Мендей көпкөлөң айбанды кечирип кой!




Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   kaitpas   01 Май 2012 - 12:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Молодец! Такешбек мага аябай жакты,даже образга кирип окудум.Сенден ушундай сонун чыгармаларды кутуп калабыз.Жашоодон алынган же болгон окуя деп ойлоп калдым.Деги ушундай нерселер чындыгында болуп жатат.Сага чыгармачылык ийгилик эге сенин чыгарман болсо.Не болсо да ото кызыктуу ошону менен бирге кайгылуу жазылыптыр. Ачык-айкын болгонун болгондой жазыпсын дагы бир жолу азаматсын!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Begimkyz   01 Май 2012 - 15:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Мдааа.... Учурунда эч нерсенин кадырына жете албайт экенбиз...
Авторго ырахмат, жакшы жазыптыр дагы кутуп калабыз....
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   aminali   02 Май 2012 - 04:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Просмотр сообщения Takeshbek (22 Апрель 2012 - 14:00) жазган:

"Декамерон" же кызганычтын арты...

Турмушта эмнелер гана кезикпейт. Алардын кээсине күлкүң келсе, кээлери акылга сыйып турат. Ал эми жеке инсандын жан дүйнөсү өз алдынча турган ой-пикирден түзүлгөн.Демек, чыга калчу жорук-жосундар да ар башка. Жакыпбек аялын ушунчалык сүйө турган, сүйгөндө да ичине эч бир кинем албай сүйүүчү. Басса-турса аялынан карегин албай, анын сулуулугуна, кыял-жоругуна сыймыктанып, андай бакытка кезиккенине төбөсү көккө жетээр эле. Аялы Басира анчалык деле шилекей агыза турган келин эмес. Бирок калыстык кылганда аны Жакыпбектин көзү менен караш керек эле. Ошондо гана Басиранын нукура сыны чыкмак. Анан эле баары тең күтүлбөгөнжерден башталды.
Кырсыкты кайдан деп болбойт эмеспи, бир жолу Жакыпбек жумушунан келатып, бутун кокустатып алды. Алибетте, биртоп кызуу келе жаткан. Анан эле арыктан аттай берип, оң бутунун «зыр» эте түшкөнүн туйду. Эртеси бастыраар эмес, кызыл ашыгы кара көк тартып чыгыптыр. Аргасы канча, доктурга кайрылууга туура келди. Сөөгү таза экен, бирок тарамышы чоюлуп калган. Бир жумадай тынч жатса ошону менен баардыгы жайына келе турган. Ал доктурга бюллетен ачтырды да,иштеген жерине кабарлады.
Үйүндө жатат. Элдин баары жумушта, ал гана үйүндү. Зериккенди айтпа.Жумуштан чыкканда бардан эки курушке пиво жута койчу эле, же Жумакадыр үйүндө болсо, беш карта чабышчу. Иши кылып күндүн кандай өткөнүн билбей кала турган.Эми үйүндө. Каргыш алгырдыкы, күн өткөрүүнүн өзү да тозок көрүнөт. Алманын көлөкөсүндө жатат, мандай жагында байланган дөбөт. Кээде өзүн ошол дөбөткө салыштыра коёт.Сыртка чыгуудан үмүтүн үзүп алманын түбүндө жатса, ал дөбөттөн айырмачылыгыкайсы. Коншусунун чоңоюп калган кызы бар. Колунан китеп түшүрбөйт, окуйт эле окуйт. Анын эмнесине кызыгаарын шайтан билеби, китеп чөйрөсү Жакыпбекке чоочун.Балким окугандын да бир мааниси бардыр? Өзу чыгармаларды дамамат калпка чыгарып коюучу. Жазуучунун эле ойлоп тапканы, башка эч нерсе эмес деп эсептөөчү. Эми дегеле убакытты өткөрүш үчүн китеп окуп көрсө кантет? Айнура да бактын түбүндө олтурат, тиктегени баягы эле китеп. Энеңди урайындыкы, адам зериккенден ар нерсеге бара алат экен го. Айнурадан китеп сурап алып, байкап көрсөбү? Ансыз убакытың жылаар эмес.
- Айнура! -деп чакырды ал.
Кыз башын жогору көтөрдү. Көздөрү жоодурайт, төшү дөмпөйүп аялдык мүчөсүчыга баштаган.
- Папам үйдө жок, -деди Айнура.
Мына кызык, андан папасын сураган ким бар, же Кубанычбек айткандай,китепти көп окугандар келесоосуна тартып калышабы?
- Жо, Айнурка, мага китебиң болсо бере тур, зеригип кеттим.
-А-а...
Орусчасынан «Аа» - дейт. Азыр баары тең эле орусча. Эми Англистин жөрөлгөсүнө өтсө, анан эр болсоң таза кыргызды таап ал. Анда «Кандайсың? » - деп сурасаң,жетишип калгансып «О Кей» - деп турушат эмеспи. Анан өз маданиятынан ажырап бараткан кыкеңдин колунан эмне келет эле. Чөнтөгү толо түшсө той берет, энеси өлсө мал кырганга уста. Айнура ага китеп алып келип берди. Китеп болбосон коё кал,салмагы эле эки кадак чыга турган. Муну быйыл да окуп бутө албайт го. Тышын жийиркене карап койду. «Декамерон» - деп жазылып турат.
- Мамамдын китеби, - деди Айнура, - эч кимибизге карматпай окуйт. Сиз ага көрсөтпөңүз.
Демек, Салия окуп жаткан соң, мааниси бар көрүнөт. Ал башкалардай эмес,серезный катын.
- Макул, ырахмат Айнурка...
Кыз далдалактап чуркап жөнөдү. Жаңыдан чыңала баштаган куйругу титирейт, балтырлары шилекей агызат. Кыз бала бат эле чоңоёт экен го. Былтыр Айнура мындай эмес эле. Эми аялга окшой түшүптүр. Кудая тообо, зериккенде башка ар-кандай ойлор келе берет турбайбы. Айнуранын кыска көйнөгүнүн этегинен көгүш түстөгү плавкасы көрүнүп баратат. Анын ичинде... түгү чыгып калды бекен, же... түү,акмакчылык, деги эмнелерди ойлонуп жиберди? Басиранын базардан келер убактысы болуп калды. Бах, эмне деген катын! Ал аял эмес эле жалын. өңгөдөн да наздуулугун айтпайсыңбы, кыңшыласа күчүк биякта эле калсын. Жөн эле жанынды сууруп алат, ээрдинден ээрин калбайт. Үйлөнгөнүнө бир жылдан ашып баратса да Жакыпбектин кумары андан кана элек, өзүн кечээ эле баш кошкондой сезет. Анан андан башка катындын ага эмне кереги бар? Чындап алганда анын аялдан жолу болуптур.Демек, бакыт дегендин өзү ушул эмеспи. Да... китеп... Ал китептин биринчи бетин ачып, көз жүгүртө баштады. Мына кызык, жазуучу чыгармасын эркек түгөнүп калгансып катындарга арнаптыр. Эмне деген маселени козгоду экен? Кызыгып калды. Бара-бара такыр эле берилип кетти. Шайтан алгыр, жөн эле «Мин бир түндөн» өтөт го. Ошол боюнча ал күн батып барактын тамгалары көрүнбөй калганча окуп олтурду. Үйгө келген Басираны да баштагыдай элес алган жок. Кечинде чалкасынан жатып алып,кыялга чөмүлүп кетти. Көрсө турмушта көп нерселер кездешет турбайбы. Алар такай эркек менен аялдын өз ара мамилесине барып такалат экен. Бирок аял аттуунун баары тең эле сойку жана амалкөй келишээри кандай өкүнүчтүү. Жигиттен жигитти тандаса, үйдө да, сыртта да күйөөсүн алдаса... оо энеңди урайындын жашоосу,ушундай былыктыкты сезип туруунун өзү канчалык оор. Айнуранын мамочкасына да ырахмат, көрсө ушул китептен көз жазгыруунун түрлүү айла-амалдарын үйрөнүп жүрүптүр.Күтүүсүздөн анын жүрөгү зыркырай түштү. Каргыш алгыр, мындайча айтканда Басира деле аялдарга кирет эмеспи өзү бутунун айынан үйдө жатса, ошол учурда Басиранын эмне кылып жатканын ким билсин! Жүрөгү ачышып кетти. Балекет баскан китепти да кайдан колуна ала койду эле. Басира! Чын эле ал кимдир бирөө менен ойноп жүрбөсүн? Башында бул жагын эмнеликтен ойлобогондугуна таң калды.Катындын жыныстык катнаштан асты тойбостугун жазуучу деле айтып жатпайбы. Ал китепти кайрадан колуна алып, электр жарыгы менен окуп кирди. Төх... дүйнөң түшкүр,анын соодасы бүткөн экен! Жашоо китептегидей келип чыкса эле Басира соо эмес. Балким кээде кечигип калганы да ошондон улам чыгаар. Анда эле шермендени мууздап салат. Басирасыз бул жашоонун кызыкчылыгы ага бир тыйын.
Ушундан соң Жакыпбек таанылгыстай өзгөрүп кетти. Басираны жылабастырбай андыйт да турат. Кайда, эмне кылып жүргөндүгүн тергеп-тескей берет.Этинен да шылына түштү. Ага эмне деген балээ жабышкандыгы белгисиз, айтоору мурда байкалбаган кызганычы чектен ашат. Эми Басира дегеле эркек аттуулар менен сүйлөшпөй калды. Бечера келин кантсин, күйөөсүн жанындай жакшы көрөт. Анын көзүн жазгырмак түгүл ойлоодон да жипкирет. Ага асылган жигиттер жок дейсиңби, бирок Басира күйөөсүнүн алдында сүттөй таза эле. Андан башка эркекти да каалаган эмес. Анан Жакыпбекке эмне жин тийди? Күндөн кунгө кишиликтен чыгып баратат.Басса- турса аңдыганы аңдыган.
Эми үч күндөн бери командировкада жүрөт. Иштеген жери Кел жээгине пансионат курдуруп жатыптыр, ошол курулушка иштегени бир жумага кеткен. Жөн эле мойнунан байлаган ит, үйдөн кыйылып жатып араң чыкты. Кеткени да курусун, жөнөп бараткан Жакыпбек анын жүрөгүн түшүрүп салды.
- Көзүндү кара, - деди ага муштумун кезеп, - аялдардын сойку экендиктерин жакшы түшүнөм. Бирок мени алдайм деп түк ойлобо. Анда эле мууздап салам!
Басира үндөбөй калтырап-титиреп туруп берди. Баарынан күйөөсүнүн андан башка жоругу да жолдо калсын. Дегеле анысын бирөөлөр укпасын. Аял болуп башына түк чыкканы Басира мындай акмакчылыкты угуп же көргөн эмес.
Түшкө жакын Зуура келип калды. Абысындарынын ичинен жакшы санаалашы,бир чети сырдашы да ушул Зуура. Андан бир топ улуу, башынан өйдө-төмөндү өткөргөн токтолуп калган аял. Эки катындын башы кошулса эле ушак-айынга кирет эмеспи. Ал сыңары экөө Келдикенин жаңы келген келинин бир сыйра “жиликтеп” чыгышты. Качан барсан. эле уктап жатканын көрөсүн. Ал эми байкуш кайненеси эшикте нан жаап жүрөт.Кыясы келин лаззат кумарында таң аткыча кирпик ирмебейт көрүнөт. Баары тең эле жаш болгон. Бирок кайнене, кайнатадан ийменип турчу эле. Эмкилер босогону аттаары менен үйгө ээ болуп алышат. Артынан эркектерге өтүштү. Алардан да акыштуулары чыгаарын Басира биринчи жолу Зуурадан укту.
- Илгээри мен жаш кезимде, - деди Зуура, - айылда агроном болуп иштеп жүргөн Кеминдик жигит бар эле. Дегеле бура бастырбайт. Асылды да калды. Акыры көнүп бердим. Буудайдын арасында жатабыз. “Жабдыгы” анчалык деле эмес экен, бирок акышын айтпа! Ахылайт-охулайт, киндигимден өпкүлөйт, эмчегимдин үрпүнөн сорот,айтоору мендеги дүүлугүү эң чегине жеткендиктен жанымды таштап салдым.Кандайдыр кумарым бир башкача жазылды. Күйөөмө берип жатканда да анын акышын элестей берчүмүн. Кийин башка жакка которулуп кетти. Угуп жаткан Басира уят иш жасаганданбетер жер карады, бирок ангеменин чоо-жайы ага жагып тургандыгын туйду.
- Деги эркектин мүчөсүнүн кандайы жакшы? — деп сурады Басира. Сураарын сурап алып, кызара тушту. Ал дегеле бирөөлөр менен мындай темада сүйлөшчү эмес.Зуура күлдү. Басиранын али бала бойдон экендигине таң калды.
- Эмне, күйөөндөн башка эркекти көрө элексинби?
-Ооба...
- Келесоо десе, жашын өтүп, сени бирөө карабай калганда өкүнөөрсүң. Эркектикине жетеби. Ачыгын айтканда жарыкта ошол үчүн жашап жүрбөйбүзбү. Демек,эркектин жабдыгынын баары эле жакшы. Бирок колдон келсе, кирип-чыкканда “тигининди” шыкап өткөн жоондоруна жана жатыныңа такала түшкөн узундарына кайдан жетсин. Алэми сен күйөөндүкүнө ыраазысыңбы?
- Ооба. Бирок ал акыркы күндөрү ченебегендей кызганчаак болуп баратат.Баскан турганымды андыйт да турат. Эмне кылаарымды да билбей кетем. Ушул кетээринде бир иш жасады, анысын дегеле киши укпасын. Бир азга токтоло калган Басира ыйлап жиберди. Ички куйутун Зуурага айтпаганда кимге айтат. Мейли уксун,акмактын кылыгын талдасын. Басира туруп барып серванттын көзүнөн жумуртка алып чыкты да шырдактын үстүнө коюп койду.
- Мына кайниндин кылганы, - деди анан жаш аралаш cүйлөп, - жумуртканы “тигил жагыма” салып көрүп минтет: «Жети күндөн кийин келем. Көрдүңбү өлчөп койдум. Эгерде тигинине жумуртка кең-кесири кирип кетсе эле, анда соо эмессиң. Билип кой, мууздап салам!» бугун жумуртканы ченеп көрдүм. Жөн эле шалкылдайт, каргыш алгыр. Эмнегедир меники кенейип калыптыр.Эмне кылаарымды да билбей калдым. Кайниң келсе чын эле мууздап салат го.
Зуура кыткылыктап күлүп жатат. «Жумуртка» - дейт да ыкшыйт. Кээде «Ой акмак,» - деп коёт. Күлүп жатып көзүнөн да жаш чыгып кетти. Басира таарына түштү. Ал эмне кылаарын билбей турса мунун күлүп жатканы эмнеси? Жардам бергендин ордуна кайра шылдындайт.
- Эмнеге күлөсүң, жеңе, - деп бир тийди, - «касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы». Ошол эчкиден да өткөн жаман абалдатурса. ..
- Жанагы акмак кайнимдин жоругуна күлүп атам, - деди Зуура, — акмактыгы менен сага өзү жол ачып берген турбайбы. Сен эркекти эңсегендиктен денең балбырап, тигил жагың да кеңейе түшкөн да.
- Анан кандай кылышым керек, жеңе?
- Тарытуунун жолу оңой эле. Сага асылып жүргөн жигиттер барбы?
- Ооба бар, бирок...
- Ошонун бирин ээрчитип кел да таң аткыча “дүпүлдөттүрүп” чык. Анан эртең менен жумуртканы ченеп көр, учу батканын көрөйүн.
- Чын элеби , жеңе?
- Айтканыма бөркүңдөй ишене бер. Мен сага Караганда бир нече көйнөктүмурун жырттым эле го.
- Ымм....
Зуура кайра эки күндөн кийин келди.
- Жумуртканы ченедиңби? - деп сурады ал Басирадан. Басира унчукпай башын ийкеп койду. Көздөрү үлдүрөп мурункудай эмес, бир башкача жайнап турат.Бакытына жетине албагандай уяң жылмаят.
- Демек, жагып калган экен го.
- Жөн эле шумдук, жеңе, - деди Басира, - сен олтура тур. Мен барып бир шише алып келе коёюн, сага ооз басырык берейин.


Бирок аял аттуунун баары тең эле сойку жана амалкөй келишээри кандай өкүнүчтүүСүрөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Zamira   05 Май 2012 - 20:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 155
  • Катталган: 18 Апрель 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2012 17:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек.

Жашшооо... Чындык.чындыыык. .. :smoke:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Likvidator   05 Май 2012 - 20:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ооба . Чындык . Бирок окунучтуу чындык . Такеш иним , адамдын журогун ооруттун го . Бирок жогорку денгелде жазылган . Сага ийгилик .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Narynbek   06 Май 2012 - 00:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Жаныбекке окшоп кызгана баштабасак болгону?Мен да жеңеңди опузалайм.Ошериңден асам деп.Сүрөт
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Narynbek   06 Май 2012 - 01:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Эх сүйүү,сүйүү! Абдан сонун чыгармалар экен.Такешбек эч ким окубайт деп кыжаалат болбо!Ар дайым кирип окуп турабыз.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   AeCHka   06 Май 2012 - 04:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Тууууй ата Tакешбек, окуп жатып уялдым...бирок аягына чейин окудум. бекеринен "алиги" темасына koп кирбейт экенсин, азамат Акышбек, ой Такешбек.:)
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Zamira   06 Май 2012 - 12:53

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 155
  • Катталган: 18 Апрель 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2012 17:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек.

Такешбек,эмне болду сага? Илхом уктап жатабы? Суу сееп ойготсоң боло?! Мага ушундай кыска-кыска чыгармаларды окуган жагат. :гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Mariya   06 Май 2012 - 17:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 25 Май 11
  • Соңку аракети: 09 Янв 2016 22:58
  • Жынысы:Аялзаты

Кызыктуу экен, зээриккенде кирип окусан болчудай. Бирок буну окуган эркектердин, аял затына болгон ишеничи жоголо баштайтко.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Takeshbek   10 Май 2012 - 14:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

Баарына сагынычтуу салам туугандар)))) Кандайсынар юаарынарды сагындым аябай.....

Азырынча шарт жок болуп жатканына байланыштуу дагы жазганга болбой жатат мумкун дагы бир кундордун бир кундорундо жазаармын (жакын арада) Рахмат окуп койгонунударга суйунуп калдым :достор:


Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: