Саламатсыздарбы.
Мен бул теманы ачканымдын себеби озум январь айынан бери кургак учук оорусу менен ооруйм.Ким бул оору ж-о кандай маалыматтарды билет?ким ооруп айыккан,негизи эле бул оорудан айгып кетуу мумкунбу?Мен сыяктуу ооругандар болсо келиниздер таанышалы, кенешиниздер менен болушунуздор.
..
Туберкулёз (кургак учук)
#2 18 April 2017 - 13:06
Мага январь айында инф.туберкулез деген диагноз коюшкан.Эч кандай оорунун белгилери болгон эмес.оору башталгандан бери закрытый(жугуштуу эмес).2 ай туб.больницада дары ландыш, азыр амбулаторный химиотерапия алып жатам (рифампицин-
изониазид).колумда 2 жаштагы балам бар,закрытый болсо жукпайт дешкен бирок мен баламан коркуп жатаМ. Фтизиатрга барсан ар кимиси ар башкача айтышат.
#3 18 April 2017 - 13:49
Мен да ооругам бул оору менен айлап-жылдап больницада жатчумун, окуучулук күндөрүм больницада эле өттү...
Азыр кудайга шүгүр толук айыккам, эң негизгиси дарыларды калтырбай өз убагында ичиш керек.
Жалал-Абад туб.диспансеринде өзбек аял дарылаган, намаз окуйт эле" Аллахтан суран, дуба кыл сакайып кетейин деп" көп акыл насааттарын айтчу эле " мен жөн гана себепчимин, Аллах шыпаасын берет" дечү эле өтө боорукер эже болчу

#4 18 April 2017 - 13:55
men da 15 jyl murun oorugam. azyr attai elemin. chiyki piazdy tamaka kowup taz tez jei bersen ele sakaiyp ketesin taptaza bolup
#6 18 April 2017 - 20:34
Мага январь айында инф.туберкулез деген диагноз коюшкан.Эч кандай оорунун белгилери болгон эмес.оору башталгандан бери закрытый(жугуштуу эмес).2 ай туб.больницада дары ландыш, азыр амбулаторный химиотерапия алып жатам (рифампицин-
изониазид).колумда 2 жаштагы балам бар,закрытый болсо жукпайт дешкен бирок мен баламан коркуп жатаМ. Фтизиатрга барсан ар кимиси ар башкача айтышат.
купуяга катка кирсен сага жазып койдум
#7 20 April 2017 - 02:36
Бул оору айыгат.Жакшы дарыланып,тамакты убагында жесен.Жылкынын эти,ундуктун этинен алыс бол.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#8 20 April 2017 - 13:53
Акыркы маалыматтар боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча ар бир секунд сайын дүйнөдө бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алат.
Пайда болушу
Кургак учук - жугуштуу дарт. Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микобактериясын бөлүп чыгарган сыркоо адамдан жугат. Башка микробдордон айырмаланып, кургак учуктун микобактериясы өзгөчө сакталуу касиетине ээ. Ал жерде дагы, карда дагы өзүн мыкты сезет, ошондой эле спирт менен кислотанын таасирине да туруктуу келет. Микобактерия ыплас жерде, нымдуу үйдө бир нече ай, бейтаптын кийим-кечесинде, үй эмеректеринде 3-4 ай, сүттө, майда 1 жылга чейин сакталат. Алар жогорку температурага туруштук бере алышпайт, тике тийген күн нуруна көпкө чейин кактаганда гана жок болот. Алар жогорку температурада жана хлор камтылган заттардын таасиринен улам жок Кургак учукту козгогучтардын бир нече түрү (кишиники, бодо малдыкы жана канаттуулардыкы ж. б.) белгилүү. Адамдар негизинен кишинин кургак учугу менен оорушат, бирок кээде бодо малдын кургак учугу менен да жабыркашы мүмкүн. Ооруну негизинен микробдуу какырык бөлүп чыгарган адамдар жана малдар таратышат. Айрыкча кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам коркунучтуу. Кургак учуктун таякчасы ар кандай жол менен жугушу ыктымал. Оору көбүнчө оорулуунун какырыгы, түкүрүгүнүн чачырандысы менен булганган аба менен дем алганда, ошондой эле оорулуу пайдаланган буюмдар (сүлгү, тиш щётка, жүзаарчы, кийим-кече ж. б.) аркылуу жугушу мүмкүн. Андыктан жугушсуздандыруунун катуу тартибиндеги чараларды көрүү талап кылынат.
Эмне үчүн айрым адамдардагы кургак учук башкаларда жоктугун дайыма эле түшүндүрө албайбыз. Бирок айрым адамдар башкаларга караганда кургак учук менен ооруп калуу коркунучуна кабылышат. Коркунуч фактору оорунун өнүгүү деңгээлин жогорулатат. Кургак учук оорусунда төмөндөгү симптомдор байкалат: жөтөлдүн күчөшү, токтобошу, кетпеши, дем алуунун кысылуусу, демигүүсү, көкүрөктүн дайыма ооруусу, жөтөлгөндө кандын пайда болуусу, үндүн кыркырап калышы, өпкөнүн жугуштуу ооруусу (мисалы, пневмония), дайыма чарчап-чаалыгуусу, салмагынын азайышы (арыкташы). Бул симптомдор көбүнчө кургак учукка тиешелүү, ал эми ден соолуктун башка проблемалары аларды пайда кылышы мүмкүн. Бирок ар бир адам алардын себебин билүү үчүн, мындай симптомдор байкалганда врачка кайрылууга тийиш жана зарылдыгына жараша дарылоону эрте баштоосу абзел.
Түрлөрү
Өпкөнүн кургак учугу. Кургак учук көбүнчө өпкөнү жабыркатат. Ошондой эле лимфа жана кан тамырлар аркылуу муундарга, сөөктөргө, мээ кабыгына, бөйрөккө ж. б. тарашы мүмкүн. өпкөнүн кургак учугунда өпкөнүн микобактерия түшкөн ткандарында сезгенүү очогу пайда болуп, некрозго айланат. Андан кийин ал катуу кабык менен капталат да, акырындап кальций туздары топтолот. Балдарда бул байкалбайт, рентгенге тартканда гана билинет. Эгер баланын организми начарлап кетсе, процесс таралып кетиши ыктымал. Мында баланын эти ысып, жалпы абалы начарлап, жөтөл коштолот. Чоң кишилерде да алгач байкалбайт, бирок адамдын алы кетет, арыктайт, түнкүсүн тердейт. Андан кийин денеси ысып, көп учурда бир аз чыйрыгат, бат-бат жөтөлөт, тамакка табити тартпайт, дем алганда капталы сайгылашып ооруйт, кан Сөөктүн жана муундун кургак учугу.Муну менен көбүнчө 10 жашка чейинки балдар, ошондой эле чоң адамдар да ооруйт. өзгөчө омуртка тутуму, жамбаш, тизе, кызыл ашык муундары, ошондой эле сөөктөр жабыркайт. Алгач башталышында баланын көңүлү ачылбай, чыргоолонот, түнкүсүн начар уктайт, арыктап, бозоруп, тез чарчайт, тамакка табити тартпайт. Кечкисин же түнкүсүн омуртка тутуму, жамбаш ашташы жана тизе ооруйт. Кээде бала түнкүсүн оорудан кыйкырып ойгонот. Оору күчөгөндө муундары шишип, ооруйт, аксай баштайт. Алдын ала дарыланбаса, бейтаптын муундары өспөй калат. Күчөп кеткенде, жабыркаган сөөк ириңдейт, сөөк, жумшак ткань тешилет.түкүрөт. Мына ушул белгилердин бири эле байкалары менен дароо врачка кайрылуу керек.болот.
Лимфа түйүндөрүнүн кургак учугу. Мында жабыркаган бездер чоңоюп, кыймылдатпай ооруйт. Ириң тээп кеткен учурда, ал сыртка жарылып, айыккандан кийин тырык болуп калат. Бул дартты врач гана дарылайт. Ан үчүн алгач оорулууну рентгендик текшерүүдөн өткөрүп, диагнозун аныктоо кажет. Дарылоо учурунда оорулуу врачтын көзөмөлүндө болот. Эгер дарылоодон жакшы натыйжа болбосо, оорулууга хирургиялык жол сунуш кылынат.
Оорулуу, баарынан мурда, гигиена эрежесин сактап, жакшы тамактанып, жылдын бардык мезгилинде мүмкүн болушунча таза абада жүрүшү керек. Белогу көп эт, балык, быштак, сыр, сүт, жумуртка жеши зарыл. Мөмө-жемишти, айрым жашылчаларды, маселен, помидор, сабиз, кара карагат, лимон, жүзүмдү жеп, ширелерин ичүү абзел. Мындан тышкары, витаминдерди алыш керек. Оору күчөп кетсе, тынч жатып дарыланып, оңоло баштаганда, дене көнүгүүлөрүн жасап, сейилдеп, денени чыңдоо зарыл. Оорулууну дарылоодо үзгүлтүккө учуратпаганга, тамеки чекпегенге, арак ичпегенге аракет кылуу керек.
Алдын алуу жолдору
Кургак учуктун алдын алуу үчүн, баарынан мурда, микробдорду таратпоочу чараларды көрүү зарыл. Эгер оорулуу болсо, аны башка бөлмөгө бөлүп, өзүнчө төшөнчү, ич кийим, идиш-аяк менен камсыз кылып, аларды обочолоп коюу керек. Бөлмөнү ным (самын-соода эритмеси кошулган ысык сууга малынган) чүпүрөк менен жууп-тазалап, ич кийимди, шейшепти, сүлгүнү, идиш-аякты 2 пайыздуу сода эритмесине кайнатып, жугушсуздандыруу керек. Ал үчүн 5 пайыздуу хлорамин эритмесин пайдаланса да болот. Оорулуунун бөлмөсүнөн килем ж. б. ашык буюмдарды чыгарып, жууп-тазалаганга оңой эмеректерди гана калтыруу зарыл. Жумшак эмерекке тыш кийгизүүнү унутпаңыз.
Оорулуунун какырыгын 5 пайыздуу хлорамин эритмеси куюлган атайы түкүргүчкө түкүртөт. Какырыктуу түкүргүчтү атайын идишке салып, 15 мүнөт 2 пайыздуу кир жуугуч сода эритмесине кайнатып туруп, канализацияга куюп жиберүү керек.
Кургак учук менен ооругандардын үй-бүлөсү мезгил-мезгили менен кургак учукка каршы медициналык мекемеде текшерилип турууга тийиш. Оорунун алдын алуу үчүн, оорулуунун үй-бүлөсүндөгү балдар менен өспүрүмдөргө кургак учукка каршы дарылоону дайындайт. Ошондой эле балдар мекемелеринде, коомдук тамактануу жайларында, шаардык транспорт жаатында иштеген кызматкерлер, чач тарачтар флюрографиялык текшерүүдөн өтүп турушу талапка ылайык.
Кургак учуктун өнүгүү коркунучунун бири - ооруган адамдын тамеки тартуусу, ал эми кургак учуктун айыгуусунун эң мыкты ыкмасы - тамеки тартуудан баш тартуу. Ал өз убагында кургак учук менен оору коркунучун азайтат.

#9 24 June 2017 - 12:04
буллезный болезнь жана буллезный эмффизема деген оорудан айыкса болбойбу бул ооруга каршы эч кандай дары жок илим изилдеп тапкан эмес,деп врач айтты. Болгону опко жарылганда операция жолу менен гана жардам бере алабыз Кудай деп озунду карап жашай бер деп койду. Мен айыгып кетериме толук ишенем. Ушул оору жонундо толук тушунук алып бергилечи урматтуу супер инфо жамааты алдын ала рахмат.
#10 02 December 2017 - 17:38
Мен да бул оору менен боюмда бар мезгилде оорудум.Азыр кудаага шугур!даарыланып болдум.Тороп да алдым.Кудай озу сактасын баламдын денсоолугу жакшы.Торогончо эмне деген нерселер болду..Алдырып сала жаздагам дас жерден....Эми суранып отурам жараткандан.
.Мындан ары оорудан алыс бололу деп..
#11 02 December 2017 - 19:10

#12 09 January 2018 - 10:26
Саламатсыздарбы?
Ушул оору боюнча менда 2010ж ооругам тун уулумду тороп 4кундук болгондо суу алдыргам жугуштуу эмес экен баланды эмизип кучтуу тамак жей бер деген,мен кургак учук мн ооруган адамдар мн жаткызган эмес балана жугузуп аласын деп гинекологияда жаткам эки жолу суу алдырып 10кун эле жаткам уйундо кылам калган лечениянды деп чыгарып койгон бабам мн,5жыл сактан торобо дешкен бирок 2013ж болуп калып кыз тородум кыйналбадым эле,кызым 5чыгып калды,азыр 3чум боюмда бар 2айлык бирок суу алдырган жерим какшап кундо кечинде чыйрыктырып жатат,жотол жок эмне кылсам болот?
#14 21 October 2018 - 14:10
#15 21 October 2018 - 14:13
#16 21 October 2018 - 14:53
#17 21 October 2018 - 15:15
Элдик медицина менен айыгып кеткендерди уккандар же коргондор жокпу...? (
#18 21 October 2018 - 15:49
Элдик медицина мн убактылуу гана толук айыккандарды уккан эмесмин.
Бир айылдашым больницага жатпай "озун озу "даарылынып журуп отуп кетти.(жайы жаннаттан болсун)
Медицина гана жакшы,бирок кээ бир органдарга куч келиши толук мумкун (боор,тиштер, териге,бойрокко)бирок кучтуу тамактар,туура режим мн дарыгердин козомолундо болуу керек.

#20 10 December 2018 - 23:38
Элдик медицина менен айыгып кеткендерди уккандар же коргондор жокпу...? (
КАЛЬЦИУМИТ деген настой бар. Составы: 10 даана Лимондун согу, 6 даана үй (домашний) жумуртка, 300 грамм бал жана 3\4 стакан таза коньяктан жасалат.
Эгер керек болсо, толук жасалышын жана кантип ичишин жазып чыгам. Болбосо гуглга деле атын жазсан чыгат.
Толук айыгат. Укканмын, көргөнмүн. Эгер ишенбей жатса муну больницада жаткан убагында деле ичкенге болот. Эч кандай зыяны жок.
Ушул ооруу менен жабыркагандар "КАЛЬЦИУМИТ" настойун сунуштайм, интернеттен дагы да кененирээк окугула өзүңөр.

Супер-Инфо
super.kg
видео