Суперстан: АалыТоктосунов: Карылыкка капамын - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

АалыТоктосунов: Карылыкка капамын же "иттер"менен алышуу

#1 Пользователь офлайн   morther   19 Июль 2013 - 18:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2018 21:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыскы кыргыз айылы

Бул атамын акыркы ыры болчу....

Карылыкка капамын.

Жаштык менден кетээр менен арылып,
Бүткөн бойду ээлеп алды карылык.
Өзү келбей кошо келип далай "ит",
Көөдөнүмү талап кирди жабылып.

Кезек-кезек сыздаттырып "холест-ит" ,
Кээде талып,кээде мыжыйт "миокард- ит".
Бассам-турсам мени кошо "үрдүрүп" ,
Кайда барсам ээрчип жүрөт "бронх-ит" .

Жанымды өйкөп,жай бербеген "гастр-ит" ,
Ээн баштыкты көрсөтүштү далай "ит".
Айла таппайм,ажырабай өзүмдөн,
Өмүрүмө жолдош болду "геппат-ит" .

Далай жылдар азап тартып келемин,
Шалдырады шайы кетип денемин.
"Ит ээлери"канча аракет кылса да,
Таба алышпайт айыктыраар себебин.

Катар басып,каткырышып күлө албай,
Сакал сылап,эл ичинде жүрө албай.
Канча кылсам арыла албайм онтоодон,
Карылыктын доорун жакшы сүрө албай.

Араң күтөм кээде таңдын атаарын,
Түнү бою "ит талоондо" жатамын.
Ит ээрчиткен мергенчидей, байкатпай
Жөн келбеген карылыкка капамын. (Алымжан Токтосунов)

Билдирүүнү түзөткөн: morther: 20 Июль 2013 - 00:21

Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Kg.lady   20 Июль 2013 - 00:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

:капамын:
бардык оорулардын атында "ит"-деген мучо журот экен чындап эле......

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   skatoruk   20 Июль 2013 - 11:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 277
  • Катталган: 03 Июнь 11
  • Соңку аракети: 22 Ноя 2019 09:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Сүрөт
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Speznaz41   20 Июль 2013 - 19:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 01:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олкодо

Бул ырды акын Алымжан Токтосуновдун оз оозунан уктум эле.жаны жаннатда болуп,аллах бейиштен оорун берсин.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   belka   18 Февраль 2016 - 09:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Алла рахматына алсын.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Bermet_Kasymova   10 Март 2016 - 14:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 269
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2019 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Сонун жазыптыр. Бейиштен орун алсын жаны.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 07 Авг 2025 04:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: