Азыркы учурдагы кыргызчага которулган Ыйык Курандын котормолоруна анча канааттана бербейм. Алардын баарын чогултуп туруп атайын адистер кайра баштан редакциялап чыгышса абдан жакшы болмок. Кээде отуруп сөзмө-сөз жана карапайым тилде которгонго аракет кылып калам.
Ошол котормолорумду сиздерге сунуш кылам. (Бирок, мунун үстүнөн дагы көп иштейм иншааллах) Сын-пикирлериңиздерди туура кабыл алам.
(1) ФААТИХА СҮРӨӨСҮ[1]
- Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен...(6:118); (11:41); (27:30); (59:22-24)
- Бардык мактоо – ааламдардын [2] Роббиси[3] болгон Аллахка гана тийиштүү.
- Ал - Мээримдүү [4] жана Ырайымдуу, [5] (59:22)
- «Дин» күнүнүн Өкүмдар-Падышасы. (82:15-19)
- «(Оо, Жараткан! ) Сага гана ибаадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз.
- Бизди Туура Жолго баштагын.(2:213); (3:51); (4:175); (5:16); (6:125-126, 153, 161); (7:16); (10:89); (11:112); (36:4,61); (42:15,52); (46:13,30); (48:2,20); (67:22); (72:16); (81:28); (92:12)
- «Каарыңа калгандар» менен «Адашкандардын» [6] (жолуна) эмес, Өз жакшылыгыңды бергендердин жолуна сала көр! (Амин!)» (4:69)
(105) ФИИЛ СҮРӨӨСҮ
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен...
- Сенин Роббиң (Каабаны кыйратуу үчүн келген) «Пил ээлерин» кандай (ойрон) кылганын көрбөдүңбү? ...
- Алардын амал-айлаларын текке кетирбеди беле?
- Жана аларга топ-тобу менен «куштарды» жөнөттү.
- (Ал куштар тигилердин үстүлөрүнө) бышырылган чоподон болгон таштар менен таш жаадырышты.
- Ошентип, аларды (курт-кумурскалар) жеп кеткен эгин сымал кылып салды.
(106) КУРАЙШ СҮРӨӨСҮ
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен...
- Курайштардын көнүккөн нерселери үчүн.
- Алардын көнүккөн нерселери: Кышкы жана жайкы (соода) сапарлары.
- Ошондуктан «Бул Үйдүн» Роббисине ибаадат кылышсын,
- анткени, Ал (Аллах) – ачарчылыкта аларды тамактандырган жана коркунучтардан аларды аман сактап калган.
(107) МАУУН СҮРӨӨСҮ
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен...
- «Динди» жалган дегенди көрдүң беле?...
- Дал ошол жетимдерди кубалаган
- жана жардыларга тамак бербеген (адам).
- Ошентип намаз окугандарга кайгы болсун;
- анткени, алар намаздарын «унутуп» коюшкандар
- жана алар (кылган иштерин) элге көрсөтүү үчүн жасашкандар
- жана да кайыр-садагадан тыйгандар! ...
(108) КАУВСАР СҮРӨӨСҮ
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен...
- Акыйкатта Биз сага КАУВСАРды бердик.
- Ошондуктан Роббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал!
- Ырасында, сени капаланткан – ал өзү «АБТАР!»
(109) КААФИРУУН СҮРӨӨСҮ
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен...
- Айткын: «Эй, каапырлар!
- Силер сыйынган нерселерге мен сыйынбаймын.
- (Ошондуктан) Силер да мен сыйынган нерсеге сыйынбай жатасыңар.
- Жана да мен (эч качан) силер сыйынган нерселерге сыйынбаймын.
- (Ошондуктан) Силер да мен сыйынган нерсеге сыйынбай жатасыңар.
- Силердин диниңер силерге жана менин диним өзүм үчүн!»
(110) НАСР СҮРӨӨСҮ[7]
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен...
- Аллахтын жардамы менен жеңиши келген кезде (9: 25-27); (61:13)
- жана да адамдар Аллахтын динине топ-топ болушуп кирип жатышканын көргөнүңдө,
- Тезинен Роббиңе мактоо айтып аруулагын, жана дагы Андан кечирим сура! Албетте, Ал тооболорду кабыл кылуучу.
(111) МАСАД СҮРӨӨСҮ[8]
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен...
- Абу Лахабдын эки колу куурап калсын жана ал куурады!
- Анын байлыгы да тапкан-ташканы (кесиби) да Ага эч бир пайда берген жок.
- Жакында ал «Алоолонгон отко»[9] түшөт,
- отун көтөргөн аялы[10] да.
- Анын мойнунда курма буласынан эшитилген арканы (бар).
(112) ИХЛАС СҮРӨӨСҮ[11]
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен...
- Айткын: «Ал – Аллах Бирөө.
- Аллах – Беймуктаж...
- (Ал) Төрөгөн эмес жана төрөлгөн да эмес (6:101); (19:88-90); (21:26-27);
- жана да эч ким Ага теңдеш эмес!»
(113) ФАЛАК СҮРӨӨСҮ[12]
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен...
- Айткын: « Баш калкалайм таңдын Роббисине;
- (Ал) жараткан нерселеринин жамандыгынан,
- Караңгылык каптаган кезде, анын жамандыгынан
- жана түйүндөргө дем салуучулардын жамандыгынан
- жана да көрө албастардын көрө албай кызганган жамандыгынан. »
(114) НААС СҮРӨӨСҮ[13]
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен...
- Айткын: «Баш калкалайм адамдардын Роббисине,
- адамдардын Өкүмдар-Падышасына,
- адамдардын Кудайына;
- (Аллахтын аты эстетилген кезде) жашырынып кала турган азгыруучулардын жамандагынан.
- Алар адамдардын жүрөктөрүнө азгырык салат,
- (Алар) жиндерден да жана инсандардан да (бар).» (6:112);
[2] «Асмандарда миңдеген ааламдар бар. Жылдыздардын кээбирлери ар бири өзүнчө бир аалам болушу мүмкүн. Жердеги ар бир жаратылганнерселердин түрлөрү да өз өзүнчө бирден аалам. А түгүл ар бир инсан дакичинекей бир аалам. «Ааламдардын Роббиси» деп айтуу менен: «Ар бир ааламтүздөн түз Аллах Тааланын Рубубуяты менен башкарылып, тарбияланып жана тартипкесалынып жатат» - деп түшүнүү керек. (СаидНурси, Мектубат 329-бет.)
[3] «Рабб» - Эге, Кожоюун, Тарбиячыдеген маанилерди камтыйт.
[4] Мээримдүү (Рохман) – Аллах Тааланын мусулман, каапырдебей бардык адамдарга кылган бул дүйнөдөгү мээримдүүлүгүн түшүндүрөт.
[5] Ырайымдуу (Рохиим) – Аллах Тааланын Акырет күнүндөгүыймандууларга гана кылган ырайымын түшүндүрөт.
[6] Аллахтын «Каарына калгандар» – Яхудийлер (20:86-91);(2:80, 88-98, 104, 116, 146, 174); (3:23-24, 77-78, 112, 181-184); (4:46,51-52, 107-109, 150-157). «Адашкандар» болсо, Христиандар (2:116); (5:14-17,72-73); (9:30-31).
[7] Мадинада түшүрүлгөн. 3 аяттан турат. Сүрөө биринчи аяттаайтылган «Наср» (Жардам) сөзү менен аталган. Ибн Умар (РА)нун айтымынакараганда бул сүрөө түшүрүлгөндөн кийин Пайгамбарыбыз (САВ) сексен күн жашаган.
[8] Бул сүрөө Меккеде түшүрүлгөн. 5 аяттан турат. Шуараасүрөөсүнүн 214-аяты түшкөн кезде Пайгамбарыбыз (САВ) жакын туугандарын чакырыпИсламга даават кылды. Пайгамбарыбыз (САВ)дын Абдулузза деген абасы: «Сен биздиушул үчүн чакырдыңбы? » - деп, жаман сөздөрдү айтты жана өмүр бою Пайгамбарыбыз(САВ)га чектен тышкары зыяндарды кылды. Ошентип «Абу Лахаб» (Тозок отунунатасы) деген атка конду. Риваяттарга караганда Абу Лахабтын колдору куурапүйүндө өлгөн. Үч күн жаткан эч ким билген эмес. Сасып, жыттанып кеткен абалдакөмүлгөн. Сүрөө 5-аяттагы «Масад» (Курма буласы) сөзүнөн улам аталып калган.
[9] Тозокко.
[10] Аялы Умми Жамил, дайыма күйөөсүнө болушуп адамдардыПайгамбар (САВ)га каршы кайраштырып, душмандык «отун» жагып жүргөндүктөн, Тозокто дагы күйөөсүнүн азап чегүүсү үчүн ага отун ташып берип турат.
[11] Бул сүрөө Меккеде түшкөн. 4 аяттан турат. Бир топ Меккемушриктери (кээ бир риваяттарда ичинде Кааб ибн ал Ашраф менен Вахйа ибн Ахтаббар болгон яхудийлер) Пайгамбар (САВ)дын алдына келишип, Аллааны сүрөттөпберүүсүн сурашканда аларга жооп ирээтинде бул сүрөө түшүрүлгөн. Сүрөөдө Таувхидакыйдасынын өзөгү камтылган жана Алла таала өзүн ушул таанытканына чын ыкластаныйман келтирүүгө буйруйт. Ошондуктан бул сүрөө «Ыклас» (Чын жүрөктөн ишенүү)деп аталып калган.
[12] Бул сүрөө Меккеде түшкөн. 5 аяттан турат. Сүрөө өзүнүналгачкы аятындагы сөз менен - «Фалак» (Таң) деп аталган. Ушул жана мынданкийинки «Наас» сүрөөсү экөөнө «Муввазатайни» (Аллаадан коргоо же баш калкалоосуралуучу эки сүрөө) деп айтылат. Муввазатайнды ар дайым окуп жүргөн адамга жинтие албайт жана сыйкыр,терс дубалар таасир бербейт.
[13] Бул сүрөө Меккеде түшкөн. 6 аяттан турат. Сүрөө өзүнүналгачкы аятындагы сөз менен - «Ан-наас» (Инсандар, адамдар) деп аталган.

Супер-Инфо
super.kg
видео










