Бактыгүл, плагиат дегенге кандай кєз караштасыз?
Кийим кийїї, ырдоо стили,башка ырчылардын ырын уурдоо дегендей. Өзүңүз бул нерсени колдонуп көрдүңүз беле? 2-суроом. Сизди шоу чөйрөдөгү бай адамдардын катарына кошуп келишет. Мындай ийгиликке кантип жеттиңиз, балким, талантыңыз же сулуулугуңуз же?..
Бактыгүл Бадыева Суроо бериңиз
#402 08 Май 2012 - 18:52
ютибде ролик бар. башкы каарман сиз чыбык ат минип манастап ураан айтып чуркап жургондо. мас белениз или бул монтажбы .ушул суроо аябай кызыктырып атат. коруп алып аябай кызык болгом булбулдун сайраганы сонун бирок ... чокуганы жаман дегендей эле бар экен
Мас эмес болчумун. Жөн эле досторубуз менен ойноп, утулуп калып алардын берген тапшырмасын аткарып жаткам. Ар бир эле адам жакындарынын жанында ошондой эле ойноп, күлүп жүрөт деп ойлойм. Мен деле ошондой эле адаммын. Мен деле ойнойм, тамашалашам. Ошондо кадимки эле тапшырманы аткарып жаткам. Анын эч нерсеси жок. Тамашаны түшүнгөн адам гана аны түшүнөт. Ал эми түшүнүгү жок адам гана туура эмес түшүнөт.
#403 08 Май 2012 - 18:54
Саламатсызбы Бактыгул эже!
Эже мени бир эле суроо кызыктырат. Мен инимди бала бакчага алып барган жерге сиз да бир баланы алып барасыз коп кором сизди, ал ким баланызбы же ининизби?
Алдын ала рахмат.
Эже мени бир эле суроо кызыктырат. Мен инимди бала бакчага алып барган жерге сиз да бир баланы алып барасыз коп кором сизди, ал ким баланызбы же ининизби?
Алдын ала рахмат.
Жок, ал мен эмесмин. Сиз башка адам менен алмаштырып жатсаңыз керек. Үй-бүлөөдө мен эң кенжесимин. Анан бала бакчага кимди алып бармак элем?
#404 08 Май 2012 - 18:56
Salamatsyzby Baktygul eje. Sizdin yrlarynyz maga jagat myndan ary da orkundoto beriniz dep jana uwu yrdap chykkan yrlarynyzdyn maanisine sizdin turmuwta kandaidyr bir rol oinoibu? misaly sizdin jawoodon alynyp jazylgan yrlar barby?
#405 08 Май 2012 - 19:00
Salamatsyzby Baktygul eje?Sizge suroolorum tomondogucho.
1)Kantip yr duinosuno kelip kalgansyz,Kichinekei kezinizde da yrdachuu beleniz?
2)Kancha bir tuugansyz ,bir tuugandarynyz menen kandai mamiledesiz?
3)Birinchi suigonunuz bashkaga uilonup ,alsa suigonunuzgo bakyt kaalait beleniz je baktysyzdykpy?
Aldyn ala raxmat sizge baktyluu jashoo ishinizge iygilik daiyma juzunuzdon kulku ketpei,elibizdin aldynky yrchy kyzdarynan bolup juro beriniz.Sizdin yrlarynyz baary jagat suuiup ugam yrlarynydy.
1)Kantip yr duinosuno kelip kalgansyz,Kichinekei kezinizde da yrdachuu beleniz?
2)Kancha bir tuugansyz ,bir tuugandarynyz menen kandai mamiledesiz?
3)Birinchi suigonunuz bashkaga uilonup ,alsa suigonunuzgo bakyt kaalait beleniz je baktysyzdykpy?
Aldyn ala raxmat sizge baktyluu jashoo ishinizge iygilik daiyma juzunuzdon kulku ketpei,elibizdin aldynky yrchy kyzdarynan bolup juro beriniz.Sizdin yrlarynyz baary jagat suuiup ugam yrlarynydy.
2. Үй-бүлөөдө 4 бир тууганмын. 3 кыз, бир эркек. Албетте жакшы мамиледемин.
3. Эгерде кимдир бирөөнө бактысыздыкты кааласаң ошол сага кайтып келет, ошондуктан ар бир адамга, душманыма дагы жалан гана жакшылыктарды каалайм. Ушул күнгө чейин жамандык эч кимге каалай элекмин. Себеби жүрөгүң кенен болуш керек. "Всё, что не делается – всё к лучшему!" деп коюшат эмеспи. Эч качан кайгырбаш керек. Эгер болбой калса, тескерисинче сүйүнүш керек, себеби алдыда анда да жакшы нерсе сени күтүп турат.
#406 08 Май 2012 - 19:03
саламатсызбы Бакуля эже
1) кайсы озгочолугунуз менен мактана аласыз
2)апанын ак сутун актай албайбыз бирок учу болсо да эмне менен сыймыктандыра алдыныз
3)бул дуйного жаралганынызга окунбойсузбу эмнеси менен кызык жашоо байлык,бийлик
1) кайсы озгочолугунуз менен мактана аласыз
2)апанын ак сутун актай албайбыз бирок учу болсо да эмне менен сыймыктандыра алдыныз
3)бул дуйного жаралганынызга окунбойсузбу эмнеси менен кызык жашоо байлык,бийлик
2. Ооба, актап бүтө албайбыз. Колдон келишинче сураган нерсесин аткарганга аракет кылам. Маанайын бузбай. Колума көтөрүп Меккеге алып барсам да актай албайм. Бирок азыр оозунан чыккан ар бир сөздү аткарган аракет кылып жатам.
#407 08 Май 2012 - 19:06
Саламатсызбы?
Бактыгул эжеке
1.сиз учун бул жашоодо байлык кандай рол ойнойт?
2.А дахан Модумаров менен мамилениздер кандай, бир аз ушак айтылып кеткен болчу ушулар туурабы?
3.качан турмуш жолуна аттанууну максат кылып жатасыз?
1.сиз учун бул жашоодо байлык кандай рол ойнойт?
2.А дахан Модумаров менен мамилениздер кандай, бир аз ушак айтылып кеткен болчу ушулар туурабы?
3.качан турмуш жолуна аттанууну максат кылып жатасыз?
1. Байлык мен үчүн биринчи орунда, негизги орунда турбайт. Ден-соолук, жакындарыбыз биздин байлыгыбыз. Акча бүгүн бар эртең жок, эртең жок болсо бүрсүгүнү бар дегендей. Ошондуктан акчага көп илешпеш керек.
2. Чынын айтсам биз тааныш да эмеспиз. Керек болсо мен ал адамды жакындан көргөн да эмесмин.
#408 08 Май 2012 - 19:09
ЭхЭСуроолор аябай жаап жатыптыр ''& Урматтуу!
Бактыгул Бадыева Сизге суроом:
- Ушактардан тажаган жоксузбу? Турмушка качан чыгасыз?
- Эмне себептен биринчи 2005-2006-жылы чыккан Бакуляны коро албай жатабыз? Же жашоонуз озгоргонбу же озунуз озгордунузбу?
- Негизги жашоодогу болуп жаткан маалыматтарды кайсыл маалымат булактарынан аласыз?
- Суроолорума туура, так жана ойлонуп жооп бересиз деген ойдомун... Рахмат.
1. Ит үрө берет, кербен жүрө берет. Ушак сүйлөгөндөр сүйлөй берсин. Элдер сүйлөй берет, а мен болсо алдыга кете берем. Ойлоп көрсөңөр, ушакты кидер жөнүндө сүйлөйт? Ырчылардан мен жөнүндө ушактар көп айтылат. Демек мен белгилүүмүн. Исламда бар го, эгер сен жөнүндө канчалык көп ушак айтылса сен күнөөлөрүңдөн арыласың деп. Ушакчылар сүйлөй беришсин, мен тазалана берем.
Турмушка буюрган күнү чыгам. Буюруп койгон бир күн турат да.
2. Эми айырмасын айтсам, азыр көптү көрдүм, акыл эсим өстү, адамдарды жакшы айырмалай алам. Ал эми сырткы көрүнүш боюнча айтсам, мезгилдин талабына жараша өзгөрүп жатам.
#409 08 Май 2012 - 19:13
Салам, Бактыгүл!
1. Күнүмдүк жашоо образыңды айтып берчи. Бойдок, ийгиликтүү айымдын күнү кандай өтөрүн билүү кызык мага.
2. Сени өкүндүргөн нерсе барбы?
3. Кыздарда көрө албастык көп болот эмеспи. Негизи эле сен кыздар арасындагы достукка ишенесиңби?
4. Ишенген курбуң жана сүйгөн адамыңдын ортосунда тандоо кылыш керек болуп калса, кимди тандайт элең?
5. Материалдык кандай байлыктарың бар?
1. Күнүмдүк жашоо образыңды айтып берчи. Бойдок, ийгиликтүү айымдын күнү кандай өтөрүн билүү кызык мага.
2. Сени өкүндүргөн нерсе барбы?
3. Кыздарда көрө албастык көп болот эмеспи. Негизи эле сен кыздар арасындагы достукка ишенесиңби?
4. Ишенген курбуң жана сүйгөн адамыңдын ортосунда тандоо кылыш керек болуп калса, кимди тандайт элең?
5. Материалдык кандай байлыктарың бар?
1. Эртең менен саат 6 да турам. 7ге чейи даярданып, саат 7.30 да чыгып кетем. Жумушка барам, жумуштагыларды тосуп алам, тапшырмаларды берем. Андан кийин сабагыма, ар кандай курстарга барам, түштөнөм, ар кандай жолугушууларга барам. Ар күнүм ар кандай. Бүгүн мисалы, бул жакка туз байланышка келдим, кечинде киного барам, эртең фотосессияга барам, эртең кечинде ыр жаздырам, бүрсүгүнү болсо дагы башка редакция менен жолугушам. Ар күнүм ар кандай. Иштейм, эс алганга да убакыт табам. Бирок азыр жашмын, мүмкүнчүлүктөрүм, убактым бар кезде иштеп алышым керек деп ойлойм. Анан турмушка чыгып балалуу болгондо көп убактым үй-бүлөө, балага кетет. Ошондуктан азыр пландарымды ишке ашырып алайын деп жатам.
2. Бул эми менин жеке пикирим, элибиз бир аз ынтымагыбыз жок, ич күйдүлүк деген бар. Ошол нерсе өкүндүрөт.
3. Адамдар ар кандай. Беш кол тең эмес, беш кыз бирдей эмес. Курбу кыздар бар. Чынчыл курбу кыздарым бар. Ооба, ишенем.
4. Бул эми сыр бойдон эле калсын.
#410 08 Май 2012 - 19:17
Бактыгул, сен ачык-айрым кызсын го, бирок кээде бой которгондугун жакпай кетет. Негизи ошол боюнча сурайын дегем, ырчылар бой которуп журуш керекпи созсуз, же табиятынанбы ал сапат? Биринчи суйуу канча жашында келген жана эмне себептен суйлошпой калдынар эле? Шоу-бизнес кир дешет, кошуласынбы?
Озунду профи ырчы катары эсептейсинби?
Жинин келип турган чакта кантип ачуунду басасын, тамеки тартасын, клубга кетесин, жаратылышка барасын, суйгонун менен корушосун...
. Жакын курбу кызын барбы, сен ишенип, сырынды айткан? Рахмат алдын ала.
Элдер мени бой көтөргөн деп ойлошот. Негизи сиз мени менен сүйлөшүп көрсөңүз бул оюңуздан кайтасыз. Бирок бой көтөргөндөргө бой көтөрүп деле коем. Негизи мендей жөнөкөй ырчылар аз эле. ))))))
Биринчи сүйүүм 17 жашымда келген. Азыр деле жакшы достордонбуз. Бирок ал сүйүү деле эмес экен.
Шоу бизнести кир дегенге кошулбайм. Ар нерсенин кир да, таза да тараптары бар.
Профи ырчы деп мен өзүм айта албайм, аны эл айтат да. Мен өзүмдү Уитни Хьюстонмун деп эсептебейм, албетте. Менин өзүмдүн да күйөрмандарым бар.
Жининди тамеки тартып, клубдан чыгарсан, ал жиниңди басып бербейт да. Жиниме тийген адамдын өзү менен сүйлөшүп жинимди таратам. )))
#411 08 Май 2012 - 19:18
Саламатсызбы?
Негизи мага оңою менен киши жакпайт. Оңою менен бирөөнү мактабайм. Бирок сиз мага аябай жагасыз. Бүт-бүт,турган турпатыңыз,
кийинген стиль,сүйлөө,
баскан-турган манераларыңыз,
сулуулугуңуз деги койчу баары жагат! Баары орду-орду менен. Менин сизге суроом деле жок,болгону ийгилик каалап коёюн деп эле баш бактым. Ушул татаал жашоо жолунда ар дайым сизди ийгиликтер гана коштоп жүрсүн! Өнүп-өсүп өркүндөй бериңиз, ден-соолукта ар дайым жакындарыңыздын,
досторуңуздун алдында жаркырап-жайнап,
кадыр-баркка ээ болуп жүрө бериңиз. Чыгармачылык ийгилик каалайм! Эч качан,ээч качан
душмандарыңыздын алдында сынып бербеңиз!
Сизге дем,күч,кайрат!

Чоң рахмат!
#412 08 Май 2012 - 19:19
Куурчак да ойночумун, машина менен да ойночумун. Бирок илгери юла деген оюнчук бар эле го, ошол аябай жакчу. Азыр нарды, боулинг, теннис жагат.
Бала кезимде оюнчуктарым көп эле. Аларды ата-энем алып беришкен да.
Мен кичинекей кезимден бери эле иштеп, өз каалаганымды өзүм алчумун.
#413 08 Май 2012 - 19:20
Кайсы гезит бетин ачпайын, сиз жөнүндө эмне жаңылык окубайын, ар убак "менин жигитим, менин сүйүктүүм"
эле деп жүргөнүңүздү байкайм. ("70 кг болсом да сүйүктүүмө жагам", "Сүйүктүүм мен үчүн гүл уурдап" деген сыяктуу макалалар буга далил).Албетте аялзаты катары сиздин бактылуу экендигиңиз мени өтө кубантат. Бирок, ар дайым эле жигитиңизди кыпчый бериштин зарылчылыгы чоңбу?
Негизи эле кыргызда "ун көрбөгөн бор сугунат" деген жакшы кеп бар эмеспи. Балким сизде да буга чейин жигит болгон эместир, анан "дүлөй укканын, сокур көргөнүн койбойт" болуп атпай элесизби?
Негизи эле кыргызда "ун көрбөгөн бор сугунат" деген жакшы кеп бар эмеспи. Балким сизде да буга чейин жигит болгон эместир, анан "дүлөй укканын, сокур көргөнүн койбойт" болуп атпай элесизби?
Мен жөн эле отуруп алып жигитим мындай, тигиндейдебей элем да. Жигитим тууралуу элге кызык болуп сурап жатышат, мен болгонужооп берип жатам.
#414 08 Май 2012 - 19:22
кытайлык кыргыздары атнан жаз демындей жылуу салам! урматтуу ежеке бактыгүл бул жактагы кыргыздар ары атпай ыр күэрмандарыңыз сызды мыкты ден соолук менен кыргыз естырадасы үчүн жан күйдүрүп емгегтенүүңүздү суранышат.емнегедыр жууктан беры жаңы чыгармаларыңызды укпай калып жатабыз, же бул жактарга гелып боло албай жатабы...
Чоң рахмат!
Чакыруулар болсо албетте Кытайга да барганга аракет кылам.
#415 08 Май 2012 - 19:23
Салам Бакуля!
1.Жакынкы аралыкта турмушка чыгуу планыңда барбы?

2.Куран окуганды билесиңби?<
br>
3.Байкашымча "киргиздер"
менен жандашып каласың айтайын дегеним досторуң менен жалаң кыргыз тилинде эле баарлашасыңбы же көбүнчө орус тилине ыктайсыңбы?

4.
Достукка ишенесиңби?

5.
Чындыгында сулуусуң бирок косметика колдонбосоң ажарың чыгат.....без макияж жүрө аласыңбы?<
br>
Алдын ала ыраазычылык.
Жан-дүйнөң, жашаган төрүң, келечегиң жана чыгармачылыгыңды көз жоосун алып түркүн-түскө боелуп буралган гүл аңкытып, ийгилик коштогон узак-өмүр байырласын!
Ак жол!!!

1. Бул суроого жогоруда жооп бергем.
2. Билем.
3. Аралаш.
5. Ооба, макияжсыз жүрө алам. Эмнеге жүрө албайм? Көзүм кыйшык, мурдум жок эмес да.
Чоң рахмат!
#416 08 Май 2012 - 19:24
Cаламатсызбы Бактыгүл. Сиз тууралуу көптөгөн тамашалар коюлуп келет...сурайын дегеним сизди туураган күлкү жаратуучуларга кандай көз караштасыз?
Туура кабыл алганга аракет кыласызбы же теригесизби?
Өтө популярдуу адамдарды мындай нерселер ээрчийт. Мени туурап тамашалап жатышабы анда мен популярдуумун.
#417 08 Май 2012 - 19:25
Саламатсызбы!
Саат 17:00дон ашты

Менин суроом:
Саат 17:00дон ашты
Менин суроом:
- Күткөндү жакшы көрөсүзбү же күттүргөндүбү?
- Эмнеден коркосуңар? (Фобия)
- Орозо кармадыңыз беле? Кармасаңыз канча жыл болду?
- Жиниңиз келгенде эмне кыласыз?
- Ушактарды кандай кабыл аласыз?
1. Чынын айтсам, экөөсүн тең жаман көрөм. Бироккээде шарт ошондой болуп, бүгүнкүдөй күттүрүп калган учурлар болуп калат.
2. Эч нерседен коркпойм.
3. Мурун кармачумун. Бирок азыр ашказанымдын ооруганына байланыштуу кармай албай жүрөм.
4. Жиним келгенде эми ар кандай болот. Ситуацияга жараша.
5. Сүйлөй беришсин.
#418 08 Май 2012 - 19:26
#419 08 Май 2012 - 19:29

p>
Эгер ыр жагып калса, ырдагандын неси жаман? Азыр биркытайча ыр жагып жатат, ошону кыргызчаласамбы деп жүрөм. Биз эле эмес, бүтбаары казак, өзбек, орус болобу, плагиат кылып которуп эле жүрүшөт го. А бирокушул кезге чейин бирөөнү туурап ырдап, кийине элекмин.

< br>

Бактыгүл, плагиат дегенге кандай кєз караштасыз?
Кийим кийїї, ырдоо стили,башка ырчылардын ырын уурдоо дегендей. Өзүңүз бул нерсени колдонуп көрдүңүз беле? 2-суроом. Сизди шоу чөйрөдөгү бай адамдардын катарына кошуп келишет. Мындай ийгиликке кантип жеттиңиз, балким, талантыңыз же сулуулугуңуз же?..

< br>

#420 08 Май 2012 - 19:31
Салам Бактыгул!
Сен мурда аябай жакшынакай кыз элен? Капа болбо! Азыр кандай десем орусча айтканда "КОРОВА"

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия