Бактыгүл Бадыева Суроо бериңиз
#422 08 Май 2012 - 19:36
Бактыгүл баардык форумчулардын суроолорго жооп бергенге аракет кылды. Жооптор толукталат.
#423 08 Май 2012 - 19:38
#424 08 Май 2012 - 20:08
Бактыгүл биздин кеңседен чыгып бара жатканда аны күйөрман кыздары букет гүл менен тосуп алышты. Кыздар сүйүктүү ырчысын 2 саатка чукул убакыт күтүшүптүр.
SUPER.KG - МААЛЫМАТ-МААНАЙШАТ ПОРТАЛЫ
#425 09 Май 2012 - 12:50
Мм... ушуну ойлонбоптурмун.
Жашоодо Кудайдан корком.
Адам болуп жашоо: бирөөнү алдабаган, өлтүрбөгөн, уурдабаган жашоо. Эч кимди алдаган жокмун, эч нерсе уурдабай элемин, эч кимди өлтүргөнүм жок. Туура эле жашап жатам деп ойлойм.Кантип мен өзүмдү туура эмес жашап жатам деп айтам.

Жооп учун чон рахмат.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#426 09 Май 2012 - 16:21
Салам Бакуля!сени сыйлайм,сендей сулуу кыргыз кыздары менен сыймыктанабыз.
Азыр эмне менен алектенип жатасын?сахнадан корунбой кеттин?турмушка чыкты,тороду деп да угубыз.чынбы?
Трумушка чыга элекмин, бирок жүрөгүм бош эмес. Азыр салонумдун иштери менен эле жүрөм. Андан сырткары акырындан ырларымды жаздырып жатам. Буюрса сахнадан жолугабыз.
#427 09 Май 2012 - 16:45
Саламатсынбы Бактыгул. Саясатка кандай карайсын?Азыркы ырчылардын кобу саясатка жакын,сенда ошолордун ордун толуктайын деген оюн жокбу? Жаш кезинде кантип кыялданат элен,чонойгондо ырчы болом деп ойлогон белен? Турмшуш курсан болочок жолдошун сахнадан кет десе кетет белен? Чыгармачылыгына ийгилик. Ар дайым элибизге кызмат кыла бер!
Саясатка коп деле кызыкпайм. Бирок жаңылыктарды карап коюп турам. Себеби Кыргызстандын тагдыры мени да кызыктырат.
Мм... Жолдошум сахнадан кет десе кетип деле калам. Себеби, эң негизгиси үй-бүлөө, бала-чака. Бирок менин болочок жолдошум антпейт, мен билем. Себеби ал чыгармачылыкты, менин ички дүйнөмдү түшүнгөн адам.
#428 09 Май 2012 - 16:55
салам Бактыгул!
сага бир суроо баардык эле атактуулар убагында жук тушургуч же дагы башка кара жумуштарды жаш кездеринде жасашып кийин анан буттарына туруп кетишкен, айтсан сени дагы Токмокто биринчи мектепте окуп жургон кезинде базарда эл катары соода кылчу дешет ушул чынбы? жана ошол денгеелден азыркы ийгиликтерге жеткениндин сыры?
Ооба, чын. Мен кичинекей кезимден бери эле иштеп, таңкы саат төрттө Бишкекке келип жемиштерди жүктөтүп алып саат сегизге чейин Токмоктогу базарга өткөзүп, саат сегизде сабакка барып калчумун. Мектептен чыгып алып азык-түлүк алып үйгө келип, тамак жасап апамды тосуп алчумун. Ошентип тамак жасаганды да төртүнчү класста окуп жүргөндө өзүм үйрөнгөм. 13 жашымда лагман созуп, манту түйчүмүн. Себеби апам жалгыз, апама кыйын болгон. Биз төрт бир тууганбыз. Бизди жалгыз апам баккан. Менден улуу эжелерим жогорку окуу жайларда окуп, апама кыйын болгондуктан мен жардам берчүмүн. Негизи эле айтканда, кичинекей кезимден бери эле иштегенди, эмгектенгенди жакшы көрчү элем. ошондуктан азыр ушундай деңгээлге жетип отурам. Эгерде алардын баарын ошондо көрбөгөндө азыркы даражага жетпейт элем деп ойлойм да.
#429 09 Май 2012 - 16:59
Саламатсыз!
Суроолорум томондогучо?
Бизнес чойросундо иштеген оорбу же ырчылык кесипте эмгек кылган оор бекен, экоону таразалап кордунузбу?
Ишкер чойросуно жургонунузго бир топ болуп калды, тажырыйбаныз деле топтолуп калса керек?
Мен да кичине ишкерликти жаныдан баштап келе жаттым эле, Ийгилике жетиш учун эмнелер талап кылынат.
Эмне кенеш бере аласыз? Рахмат.
Сизге чын ден соолук, ишинизге ийгилик, бакыт каалайм!

Бизнес чөйрөсү да ырчылык да экөө ар башка. Бизнес чөйрөсү да өтө кыйын, шоу чөйрөсү да отө кыйын. Жеңил жумуш жок. Оңой акча деген жок. Экөө тең кыйын, бирок кыйынына карабастан жүрөгүңө жагыш керек. Менин жүрөгүмө сулуулук жааты да өтө жагат, чыгармачылык дүйнөсү да өтө жагат. Ошондуктан кыйын болсо дагы экөөнү бирдей алып кеткенге аракет кылып жатам ушул күнгө чейин.
#430 09 Май 2012 - 17:20
#431 09 Май 2012 - 17:27
Салам Бакуля!Биринчиден ден-соолуктар жакшыбы?Анан мен да эл катары суроо берип кетейин.
2-Сени саясатчылардан кимдир колдойт деп уккам,эгер сыр болбосо ал ким?
3-Сен да саясатка кызыгасынбы, мисалы: азыркы кырдаалга коз карашын кандай жана бийликти колдойсунбу же оппозицияныбы?
5-Клиптеринде башка улут жигиттерин коруп калам,анын кандай жери жагат?же кыргыз жигиттерин ойноткун келбейби?Мисалы: кайдасын деген ырында озбек жигит ойногон.
Ушу суроолорума жооп берип койсон,алдын ала чон рахмат сага чыгармачылык ийгилик,уй-булолук бакыт каалап кетем.

2. Саясатчылардан ушул күнгө чейин эч ким колдогон эмес, колдобойт дагы.
3. Чындыгында алакандай эле кыргызбыз, анан бөлүнбөй эле биримдиктүү болсок деп ойлом. Эң алгач башка элдерге өзүбүздү таанытып алалы, анан мен тигини колдойм, мен муну колдойм дешибиз керек.
5. Бир эле "Сагындым" деген клибимде, ал да илгери бир өзбек улутундагы бала тартылган. Андан кийин жалан гана кыргыз балдар тартылып жүрөт. "Жалгызым" деген клибимде да кыргыз бала тартылган. Ата-энеси кыргыз, жөн эле келбети акжумал. "Сумерки" тасмасындагы актерге окшош. Ал менин курбу кызымдын иниси болот. Мен ойлойм, жаман улут жок, жаман адамдар бар. Мен эч качан улутуна карбайм. Мен кыргызымдын патриот кызымын. Кыргыз кызы экениме сыймыктанам. Бирок мен эч качан улуттарга бөлбөйм адамдарды. Кыргыздарда да, орустарда да жакшылары да жамандары да бар. Менин колумда 30-40ка жакын адам иштейт. Ар улуттун өкүлдөрү.
#432 09 Май 2012 - 17:35
Достукту биринчи орунга коёсунбу же суйууну анткени кыздардын арасында достук копко узабайт, Суйгон жигитин досун жакпайт достошпо десе абалдан кандай чыгар элен? 
Ар кандай болот, шартка карата.Эгер татыктуу дос болсо башка кеп. Илгери, илгери айтат элем, достукту тандайм деп. Анан достукту көрдүм мен. Начар досторду да көрдүм. Ошондуктан азыр албетте сүйүүмдү тандайм деп айтам.
#433 09 Май 2012 - 17:42
сиз интервью бергенде такалып соз таппай каласыз бул сиздин кыргызча суйлой албаганыздабы же соз байлыгыныз жокпу? мисалы анжелика орусча деле кыргызча деле аралаштырып суйлоп оз оюн жеткире алат а сиз эмнеге тушундуро албайсыз? сиз озунузду алайлыкмын деп айтасызбы же чуйлукмун дейсизби?
Бул соз байлыгымдын жоктугу. Такалсам да аягында түшүндүргөнгө аракет кылам. Сөзгө жок экенмин, Кудай бербептир эми эмне кылам?...)))
Негизи атабыз кайсыл жерден болсо мен да ошол жерденмин деп ойлом, туурабы?! Бирок атам Алайдан болот, апам Нарындан. Өзүм болсо Токмокто чоңойгом. Негизи Кыргызстандан болом. )))
#434 09 Май 2012 - 17:49
салам бактыгуль
1. куйормандарын келбетине баа берет деп ишенесинби же талантынабы?
2. озундун калемине таандык чыгарман кайсы(же обонун)?
3. республика партиясынын тизмесинде канчанчы катардасын же кандайча ал партияны тандап калдын? эгер алар алдыга чыкса депутат болмокчу белен?

1. Күйөрмандарымдын кээ бири талантыма, кээ бири келбетиме баа берет. Ар кандай.
2. Өзүм жазган ырым "Кайдасың? ". Тээ илгери ильхом келип сөзү обонун өзүм жараткам.
3. Чынын айтсам "Республика" партиясынын катарында жокмун.
#435 09 Май 2012 - 18:20
Эл козуно корунуп калган адамдарды ар кандай жаман, жакшы создор ээрчийт. Эл оозунда элек жок. Сиздин ишинизге ийгилик каалап, Кыргызстандын атын жакшы жагынан чыгарган айымдардан болушунузга тилектешмин!
1) Эл аралык денгээлдеги конкурстарга катыштыныз беле? Келечекте катышуу пландарыныз барбы?
2) Акыркы кундору мен сизди ТВдан таптакыр корбой калдым, эмнеге?
1) Эл аралык денгээлдеги конкурстарга катыштыныз беле? Келечекте катышуу пландарыныз барбы?
2) Акыркы кундору мен сизди ТВдан таптакыр корбой калдым, эмнеге?
Чоң рахмат!
1. Аракет кылам, Кудайдан тилейм, балким болуп калат.
2. Башка жумуштарым менен жүрөм, буюрса эми көрө аласыз. )))
#436 09 Май 2012 - 18:27
#437 09 Май 2012 - 18:30
Саламатсызбы Бактыгуль эже..
5.Суйгон адамыныздан эн жагымдуу кандай белек алдыныз эле?
Сизге чын журоктон аялдык бакыт каалайм жана ошондой эле жакындарыныз менен оорубай аман-эсен ден-соолукта болунус!! !
5.Суйгон адамыныздан эн жагымдуу кандай белек алдыныз эле?
Сизге чын журоктон аялдык бакыт каалайм жана ошондой эле жакындарыныз менен оорубай аман-эсен ден-соолукта болунус!! !
Белектерди эми айтпай эле коеюн. Азыр белектерди айтсам, дагы эмне мактанып жатат деп айтышат. Эң негизги чоң белек Кудайым жиберген ошол адам.
#438 09 Май 2012 - 18:34
Salamatsyzby Baktygul eje. Sizdin yrlarynyz maga jagat myndan ary da orkundoto beriniz dep jana uwu yrdap chykkan yrlarynyzdyn maanisine sizdin turmuwta kandaidyr bir rol oinoibu? misaly sizdin jawoodon alynyp jazylgan yrlar barby?
- “Кайгырбаймын”, “Жашоо жалган”, “Жүрөк тагы”, “Прости”, “Кетчи эми”- мунун баары турмуштан алынган ырлар. “Жалгызым” деген ырыма кайырмасын да өзүм жазгам, азыркы жигитиме арнап.
#440 09 Май 2012 - 22:31
Мурдагыдан кыйла чоноюп, акылдуу айым болгон шекилдуу
. Кут болсун! Кыргыздын ушундай ажардуу, акылдуу айымдары кобойо берсин!
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия