Урматту форумчулар 8 жаштагы Эрбол Атабаев тууралу уккандырсынар.
Ушул баланын келечеги жонундо сиздин ой-пикириниз.
...
ал эми бул жактан окусаныздар болот: www.sport.kg/content/
view/2162/1/
Барселона жана Эрбол Атабаев Эрбол Атабаев
#2 04 Февраль 2010 - 14:20
bul jonundo kabar jakshki ele kiyin bala eken birdeme jakshi ele chigat okshoyt
#3 04 Февраль 2010 - 14:27
Бизди ар-кай жакка чуркатпай кыскача жаза салсаныз жакшы болмок экен.
Мээнет кылгыла дегениниз го ыя?
Мээнет кылгыла дегениниз го ыя?
Эн мыкты сот-абийирибиз!
(Н.И.Гнедич)
#4 04 Февраль 2010 - 14:37
Бизди ар-кай жакка чуркатпай кыскача жаза салсаныз жакшы болмок экен.
Мээнет кылгыла дегениниз го ыя?
Мээнет кылгыла дегениниз го ыя?
бул жонундо копчулук эле билет да, мен бул жакта талкуулоо максатында гана ачкам теманы...
ал эми видеосун болсо бул жакка жуктой албайбыз да...
Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#5 06 Февраль 2010 - 15:03
Видеосун коро албадым, ал эми жазгандарына караганда копту умуттонсо болот ал баладан... Алга кыргызым!
!!
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
#6 22 Июль 2010 - 22:53
Men al bala jonundo ukbapmyn birok Realga talapker degeni any emne Realga 4akyryp jatywaby je.... tuwunbodum bilgen adamdar bolso joop jazgyla4y surany4/
#7 30 Июнь 2012 - 01:33
Салам достор кыргыздын кичинекей Мессиси аталган Эрбол Атабаев жонундо оз оюнарды калтырып кетсенер.
#8 02 Июль 2012 - 10:54
УРА-
А! КЫРГЫЗ ФУТБОЛЧУСУ «БАРСЕЛОНАДА»!
№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
Оюн стили, чач жасалгасы жана бою аргентиналык Лионель Мессиге окшош болгондуктан, “Кыргыз Месси” аталган 11 жашар талант Эрбол Атабаев каталондук “Барселонанын” кароосунан ийгиликтүү өттү. Эми ал аталган клубдун футболдук мектебинде 2 жыл тарбияланат.
Негизи, “Барсанын” мектеби 300 жаш таланттын 10-15ин гана кабыл алат. Мындай күчтүү атаандаштыкта клубдун мурунку президенти Жоан Лапортанын 2 уулу өтпөй калганы маалым болду. Эске салсак, Эрбол 2 жыл мурун мадриддик “Реалга” кабыл алынбай калып, 2 жыл орусиялык “Рубинде” окуган. Учурдун мыкты футболчусу Мессини тарбиялаган “Барса” Эрболду андан кем эмес футболчу кыларынан үмүт чоң. Мессидей чыгып, “Реалдын” чекесине чыккан чыйкан болот деген ишеничтебиз.

#9 02 Июль 2012 - 15:29
Эрболдой кыргызымдын мыкты жигиттери ар дайым осо берсин, мен ушундай таланттуу жигиттерди дайыма колдоймун.
#10 04 Июль 2012 - 14:49
Видеосун коргондо аябай суйундум эле
Азаматсың Эрбол!!!
Жаштыгыңа карабай ушундай ийгиликтерди жаратып жатканыңа Ата-Энең ,Бир Туугандарың эле эмес, бүтүндөй Кыргыз Эли сыймыктынабыз.
.. Атына затын жарашкан, Кыргыздын атын алыска чыгарган жигиттерден болушуна тилектешмин!
!! Сага чын ден-соолук жана албан-албан ийгиликтер!
!!
Бири кем арман дүйнө...
#11 05 Июль 2012 - 16:02
Эрбол Атабаев "Барселонада"
азырынча 2 жыл окууру айтылып жатат. Кадимки мектептегидей эле 9 ай окуу, 3 ай каникул болот экен.
тоголок жерде, тоголок суроолорго бай болгон тоголок жашоо....
#12 05 Июль 2012 - 16:03
Баса, учурда Эрбол Кыргызстанда эс алып журот. Кузго жакын Каталонияны коздой учуп кетет
тоголок жерде, тоголок суроолорго бай болгон тоголок жашоо....
#13 09 Сентябрь 2012 - 20:40
Эрбол жонундо ким эмне билет ал Барселонага кеттиби ким билет? Билсенер маалымат бере кетсенер.
#14 13 Сентябрь 2012 - 08:12
Men bul inichek jonundo ukkan elem, myna emi surotun korup, atynda bildim. Emi videosun korush kerek,kaidan korsom bolot, yuotube da barbeken..? Kandai syimyk kyrgyzdarga,barca dai chon klubda oinoo futbolchumun degendin baarynyn syimygygo..! Emi iygiliktuu ulantyp, messi, xavi,iniestalardan kem kalyshpagan cheber oiunchulardan boluusun tileit elem!!!
#15 13 Сентябрь 2012 - 11:52
ушуга окшогондорду топтоп,мамлекет тарабынан каржылап,чет жактарга жиберип,кайтып келуу шарты менен,анан буйурса 2016жылы Кыргызстан Фифада финалда ойноп калат
#16 08 Октябрь 2012 - 03:40
11 жаштагы кыргызстандык Эрбол Атабаев Испаниянын айтылуу “Барселона” клубунун футбол академиясына расмий кабыл алынып, окуп жана машыгып жатат.
Эрбол Атабаев 2001-жылы 15-августта Кант шаарында туулган. Азырынча бою – 134 сантиметр, салмагы – 30 килограмм.
Учурдагы жетишкендиктери - Орусияда өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн 4 ири мелдеште “Мыкты оюнчу” болуп табылган. Кыргызстанда өткөн жеткинчектердин турниринде “мыкты чабуулчу” деген сыйлыкка арзыган. Эрбол Атабаев үч жыл
Кант шаарынын “Абдыш-Ата” клубунда, эки жыл Орусиянын Казан шаарындагы “Рубин” футбол мектебинде тарбияланган.
Эрбол катардагы эле үй-бүлөнүн кулуну. Үйдө 3 бир туугандын ортончусу. Улуу агасы Алмаз 26 жашта. 6 жашар Алиаскар аттуу иниси бар. Апасы Чолпон кесиби боюнча орус тили мугалими. Атасы Канат 20 жылдан ашуун Мамлекеттик автоинспекция тармагында иштеп, учурда ардактуу эс алууда.
Эрбол баскан күндөн тарта топ тээп, футбол ойноп, чоңоюп келатат. Алтыга чыкканда канттык машыктыруучу Николай Рослов анын жөндөмүн байкап, өзүнөн 3 жаш улуу балдар менен кошо машыктыра баштаган. Анын футбол талаасындагы ордун таап, ачыла элек булактын көзүн ачкан ошол Николай Рослов болду.
2010-жылы Эрбол мадриддик “Реал” футбол мектебине барып, сынактын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кабыл алынбай калган.
- Андан кийин Татарстандагы “Рубин” мектебине барган. Жаш баланын шагын сындырбайлы деген ата-энебиз Канттагы үй-жайды таштап, Эрболду алып Казан шаарына барган. “Рубин” Эрболду мыкты деңгээлге өстүрүп чыгарды, - дейт агасы Алмаз Атабаев.
Быйыл “Барселонанын” кароо-сынагына барып, апрелде 1-турдан өткөн. 2 ай Барселонада жашап, июнда 2-турдан өттү. Негизи Эрболдой жаш таланттар Европадан агылып келгендиктен, тандап алууда 15 орун үчүн 300дөй бала ат салышкан.
- Сынак жөнөкөй типте өткөрүлдү. Балдарды командаларга бөлүп ойнотуп, чеберчилик менен майдандагы ой жүгүртүүсүнө карап тандашты. Бул – Эрболдун кезектеги тепкичке көтөрүлүүсү. Азыр футбол десе Испания курама командасы же “Барселона” эске келчү заман болгондуктан, Эрбол үчүн мыкты мектеп болот,- дейт өлкөнүн Испаниядагы ардактуу консулу Таалайбек Бапанов.
Бул мектепте Эрбол 3 жыл окуйт. Окуу жылы – 9 айга созулат. Жылына окуусуна 10 миң доллар төлөнөт. Аптасына 3 ирет машыгуу, бир ирет оюн болот. Испан тилин билбегендиктен Эрбол бир класс төмөнкүлөр менен окуп жатат.
Эрбол даңазалуу футболчу – Лионель Мес#### окшошкусу келет. Ал түгүл чач жасалгалары да окшош. Экөө тең 10 номерде ойношот.
Бойлору кичинекей. Азыр Эрболдун бою – 134 сантиметр. 11 жашында Мессинин бою 140 сантиметр болгон экен. Ойноо ыкмалары окшошуп кетет. Ошондон улам Месси “Жаңы Марадона”, Эрбол “Кичинекей Месси” деген лакап атка ээ болгонун серепчилер айтып жүрүшөт. Экөөнүн тең ата-энелери уулунун келечеги үчүн Испанияга барып жашайт. Месси – чабуулчу. Эрбол ортодо оюнду уюштуруучу борбордук коргоочу.
Испаниянын “Барселона” академиясына Месси 13 жашында, Эрбол 12ге толо электе келди.
- Эрбол футбол ойноп баштагандан тарта “Абдыш-Атанын” президенти Советбек Сакебаев көп жардам берип келет. Өлкөнүн Испаниядагы ардактуу консул Таалайбек Бапанов да каралашып, демөөрчү табууга жардам берип жатат, - дейт Эрболдун атасы Канат Атабаев.
“Барселона” футбол академиясына кабыл алынган Эрбол Атабаев Испанияда үч жыл окуп, машыгат.
Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын устаты Ниязбек Алиев Эрбол келечекте кыргыз футболунун жылдызы болооруна ишеним артат:
- Эрбол Канатбек уулу топту жерге түшүрбөй 285 ирет элеп, адистердин көңүлүн бурган. Эгерде ушул калыбынан жазбай, машыгып, таланты дагы ачылса, кыргыз футболунда жылдыз болооруна ишенем.
Жаш өспүрүмдүн жөндөмүн байкаган Түркия, Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөрдөгү футбол клубдарынан сунуштар, чакыруулар түшө баштаган. Бирок Эрбол Испаниянын “Барселона” академиясын тандады.
“Абдыш-Ата” футбол клубунун менежери Азатбек Шайлдабековдун айтымында, эки жүздөн ашуун жөндөмдүү балдар футбол менен машыгып, Эрболдон сырткары Киев шаарынын “Динамо” клубуна кабыл алынган өспүрүмдөр да бар.
Бири кем арман дүйнө...
#17 24 Октябрь 2012 - 08:24

ооииий, булардын баарын кайдан билесиз? Маалымат учун рахмат.
Ар бир пенде адашуучу
#19 25 Октябрь 2012 - 13:16
Азамат Эрбол! "Кичинекей Месси" лакап атына жетүү эле кандай ийгилик... таланты өркүндөй берсин... Кыргызстандын футболу 7-8 жылдан кийин кичине да болсо оңолобу деген үмүт пайда болот экен (албетте жалгыз Эрбол эмес, башка мектептерде машыгып жаткан балдарды да эске алсак...)...
Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия