Суперстан: "Бриллиант жылан" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Бриллиант жылан" Чолпонбек Абыке уулу

#101 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 20:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Биринчиден, орус тилин жакшы билет экенсиң. Экинчиден, азиятсың. Россияда азияттар өз үйүндө жүргөндөй жүрөт дешет экен го. Анан да силер барып алып келүүчү же ошол жактан сүйлөшүп сөздү бүтүрүүчү "бута" да азият окшойт. Балким, сенин жердешиңдир. Кыскасы, оюң бузулса италиялыктан сак бол. Оюң бузулбаса деле ал желмогуздан сак бол. Бир жакка тапшырмага барса өнөгү кырсыктан өлүп, дайым өзү соо келет. Өткөн бир тапшырмадан кайтканда "өнөгүн өзү эле бейкүнөө өлтүрүп койду. Бүт сыйлыкты өзү алыш үчүн" деп шекшип калышып текшерүү жүргүзүшсө да далилдей алышпады. Мырза кыздын сөзүн үнсүз, дымып отуруп укту. "Россияга барасың"дегенди укканда эле жүрөгү дүкүлдөй түшсө да сыртынан сыр бербеди. Кыз сөзүн бүткөндө жылмая басып келип, өзүнө имере тартып эриндеринен өөп койду да:
- Рахмат кабарыңа. Бир чети кожоюндун мага ишенбегендигинин деле жөнү бар. Мындай оор тапшырмаларга чыга элекмин да, -деди сыр бербей.
Кыз Мырзанын мойнуна асыла:
- Мен эмнегедир сени экинчи көрбөчүдөй болуп турам. Арманда калбайын, дагы бир жолу махабат жыргалына баталычы, - деди да али жыйнала элек төшөккө басып жыгылды. Демиккени али басыла элек Мырзанын оозунан өбө кыз кылыктана суроо узатты;
- Эл жериңди сагынсаң керек? Барсам деп эңсеп жүрөсүңбү?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 21:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Мырза кыздын түндөтөн берки максатын боолгоп түшүнө баштады. Азыр жүрөгүндө уюп жүргөн чындыкты айтса, башынан да айрылып каларын туя албагыдай кеңкелестерден эмес болчу. Анын үстүнө окутуучусу Раджу жала киши өлтүрүү, согуш өнөрүн гана үйрөтпөстөн, эмоцияны ичке сактай билүү, куулук өнөрүнө да машыктырган. Кыздын суроосуна кайдыгер кейипте жооп берип койду.
- Чынымды айтсам мен анчалык эс тарта элегимде эле согуш лагерине окууга кеткем. Ошол бойдон сыртта жүрөм. Бизди болсо чыныгы жоокерликке үйрөтүштү. Мен үчүн негизги максат- берилген тапшырманы так, учурунда аткаруу. Бүт жер жүзү мен үчүн Мекен. Бардык мусулмандар менин диндеш катары туугандарым. Кыз Мырзаны "Бул азият чынын айтып жатабы" дегенсип тикчие карап сөзүн бузбай укту.
- А-а сенин кандаш бир туугандарың болгонбу?
- Жок. Мен балдар үйүндө өскөм. Энемди да, атамды дa билбейм. Билгим да келбейт. Мени төрөлөөрүм менен таштап кетишиптир.
Мырза кыжыры келип кеткенсип кыжынып койду.
- Кечирип кой. Мен сенин оорулуу жериңе тийип алам деп ойлогон эмесмин. Мындай суроону бербесем деле болмок. Кыз жароокерлене өөп
койду.
- Эч нерсе эмес. Мен өмүр бою жооп берип келаткан суроолор. Көнүп калгам. Бир чети сыртта жүргөнүмө кубанам. Бул жакта сени эч ким: "Ата-энең ким? Уругуң кайсы?" деп сурабайт. Балким, өз жеримде болгондо кыйналмакмын. Кыздын кучагынан бошонуп ордунан турду.
- О-й мен сени менен
эзилишип жатып жумуштан кечиге турган болуптурмун. Кыз секирип туруп шашыла кийине баштады. Арадан бир саат өтпөй кыз шефинин астында толук отчет берип турду. "Менин баамымда, Мырзада эл-жерин сагынуу деген сезим жок. Жоокерлик тартипке өтө берилген" деп жыйынтыктады сөзүн.
- Жаш жигиттин кумарына кызыгып кетип толук тамырын тарта албай калган жоксуңбу? - деди шефи каардуу.
- Мындай тапшырманы биринчи жолу аткарып жаткан жокмун го, - деди кыз үнүн пас чыгарып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 21:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Мырзанын ичи уйгу-туйгуtболуп, өзүн коөрго жерtтаппай турду. Чын эле Россияга, Москвага жиберишеби? Эгер барса, Москвада кыргыздар көп болуш керек. Жолугушу мүмкүн. Москвадан ары Кыргызстан Мырза чүн тим эле кол сунса жетчүдөй туюлду. Жерин эстегенде көздөрүнүн кычыгы суулана түшөт. Туулган жер. Мекен дегенден айрылуу мүмкүн эмес экенин жыл өтүп, акылы жетилген сайын терең сезип келатат. Куду бүгүнкү күнгө чейин түшүнөн жээгинде ойноп өскөн Ысык-Көл кетпейт. Бирде көк ирим көлдө кайдадыр чабак уруп жээгине жетпей кыйналып, бирде кум кечип, үлүл кабыктарын чогултуп, кайык таштарды кайыта көлгө ыргытып ойноп жүргөн болот. Бирде ат минип көк жашыл шиберлүү жайлоодо жүрүшөт. Ала-Тоонун шаңкыйган элеси көз алдынан кетпейт. Кайдан да тирүүлөй түбөлүк түрмөгө түштүм эле. Тачка түртсөм да өз эл жеримде жүргөнүм артык экен го дегенди акыркы жылдарда көбүрөөк ойлой баштаган. Бул туңгуюк түбү жок, тегерегин тоскон тосмосу да жок, бирок, темир торду ичиндегиден да жаман көзгө көрүнбөгөн камоодон кантип чыгып кетерине акылы жетпейт. Өмүрү кылдын учунда. Кылт этсе жок кылып коюш бул жердегилер үчүн көп ойлоонууну деле талап кылбаган иш. Сураары жок. Документи эч убакта колуна берилбейт. Тапшырма менен чыгып калганда убактылуу документ берилет да кайра келээри менен алып коюшат. Россияга барарын уккандан баштап түнү уйкудан кетип, ичинен "ит өлүп", өзүн коөрго жер таппаса да сыртынан сыр бербей, демейдегидей эле күнүмдүк машыгууларына барып, эч нерсе болбогонсуп жүрдү. Кыздын жөн эле жакшы көрүп калганынан келбегенин болжоп билди. Ошондо да "италиялыктан сак бол" дегенине түшүнө бербеди. Россияга барганда италиялыкты жок кылып коюш оор деле болбойт. Маселе андан аркысында турат. Кайда барат? Кыргызстанга барса муну ким кабыл алат? Тааныган эч кими жок. Буга кандай документ беришет али белгисиз. Балким, убактылуу урунгудай бир нерсе карматып коюшар. Деги, азыр Кыргызстан кандай болуп калды экен так кабарын билбейт. Анча-мынча уккандарына караганда турмуш баягы Мырза Бишкекте тачка
түртүп жүргөн жылдардагыдан да төмөндөп кеткен имиш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 21:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Көпчүлүгү жумуш издеп чет өлкөлөргө, Россияга тентишүүдө. Мамлекет оор кризиске батып, элинин көбү оор жакырчылыкта дегенди угуп жүрөгү ооруйт. Азырынча баш паанек кылып булар менен жүрө берсемби деп да ойлоп кетет. Кыргызстанга барса эмне иш кылат? Кесиби жок. Балким, фирмаларга телохранитель болуп иштеп кетер. Кантип эле иш таппай калсын. Деги тачка түртсө да эл жерине кеткиси келет. Мына ушундай эки анжы ойдо жанчылып, бир жыйынтыкка келе албай кыйналат. Дагы бир чочуган жайы, азыр элине эптеп качып-бозуп барса кабыл алабы? Балким, кармап кесип жиберишээр? Барса, баягы төрөлгөнү тууралуу күбөлүгүн, калган көл боюндагы балдар үйүн таба алабы? Паспорт жасата алабы? Ким жардам берет, жан кишини тааныбаса. Суроо көп, жооп жок. "Россияга барат экенсиң" дегенди укканда ушул суроолор кайра жаңырды. "Мүнөзүндө өзгөрүү болууда" деп байкап калышпасын деп гана сыртынан сыр бербей, күндөгүдөй эле тамактанып, машыгууга барып жүргөнү менен "ичинен ит өлүп" жатты.
Үчүнчү күнү эрте барып Фаризаттын дос кызынын үйүн сыртынан акмалай баштады. Ички туюму көп тынчсыздандырбагандыктан Фаризатка эч нерсе деле болбогонун билип турган. Көп өтпөй үйдү акмалаган баягы аэропорттогy жигиттерди тааныды. Фаризат көрүнбөйт. Тигилердин дүкөндө иштээрин да ушул эле күнү билди. Кечке жуук гана Фаризатты байкап калды. Артынан түшүүгө үлгүрбөдү. Так#### түшүп жок болду. Бир санаа тартканы өзү Фаризатка байкалган жокпу, ушунда турду. Ишенгени ички күчтүү туюму гана болчу. Өзүн кимдир бирөө алыстан болсо да көз албай тиктесе, сөзсүз сезмек. Андай кабыл алуу болбоду. Демек, Фаризат байкаган жок болуш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 21:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Россиядан, "тиешелүү кишинин изине түштүк. Эки-үч күндүн аралыгында колго түшүрөбүз. Биз суракка ала беребизби же өзүңүздөрдөн киши келеби?" - деген кабар келер замат италиялык менен Мырза жолго дайынданышты. Мырзага Россиянын атуулу, улуту башкыр деген паспорт даярдап беришти. Италиялык болсо орусча одоно акцент менен сүйлөгөндүктөн чет элден барган турист катары документ даярдашты. Мырзага негизинен италиялыкты кайтарып, айтканын аткарып жүрө турган телохранителдик иш тапшырылды. Жумуш кандай бүтсө ошол замат кайра артка кайтышат. Кайра жөнөтүү таш-пиши Москвадагы өнөктөргө жүктөлдү.
Биринчи жолу Мырзаны шефи чакырып алып бетме-бет сүйлөштү. Кара сакал, бетинин териси быткыл-быткыл чуңкурлуу өңү серт. Көзү үңүрөйүп сүрдүү тиктеген. Дүйнөлүк террористтердин башчысы катары атын уккандын жүрөгүнүн үшүн алган бул адам Мырзадай жигиттери менен чанда өзүнө чакырып сүйлөшчү.
Мырза кирип келери менен бутунан башына чейин сыдыра үнсүз тиктеп турду. Мырза да унчукпай какайып буйрук күткөн жоокерче тура берди.
- И-и, демек, Мырза иш мындай. Сени Москвага жөнөтүп жатабыз. Милдетиң кошо барган өнөгүңдүн чекесине черттирбей кайра аман алып келиш. Анын өмүрүн коргош. Эгер ал кырсыктаса же башка бир биз каалабаган ишке туш болсо сен кандай жоопкерчилик тартарыңды билесиң да - деп дагы тиктеп койду.
- Билем - деди Мырза так.
- Билсең ушундай. Сага дагы бир айтарым, сенин сыноо мөөнөтүң ушул Москвага барып келгенден кийин бүтөт. Анан банктан өзүңө тиешелүү эсеп ачтырып акча салдыра баштайбыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 21:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Москвадан кайткандан кийинки биринчи эсебиңе түшө турган акча он миң доллар болот. Ушинтип ар бир тапшырма аткарып келген сайын эсебиңе акча түшүрүп турабыз. Ал акчаны эмне кылып урунасың өз эркиң. Он жылдык кызмат кылуу мөөнөтүң бүткөндөн кийин кааласаң өз алдыңча кетесиң. Кааласаң биз жай жумуш таап беребиз. Оор тапшырмаларга барбай каласың,- деди көздөрүн кымыңдата.
- Сизге кызмат кылууга даярмын, урматтуу кожоюн, - деди Мырза жоокерче какайган калыбында.
- Эмесе жолуңар шыдыр болсун! - деп коштошту шефи.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 21:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Шаа алгач үйдүн сыртын бир сыйра мыктап текшерип алып, анан ичине кирип Фаризатты куткаруу планын түзүүнү туура тапты. Анүчүн караңгы киргиче күтө турган болду. Бул дача үйлөрдүн арасында жалгыз басып жүрсө көзгө урунуп калчудай, кайда барып убакыт өткөрсөм деп ойлой басып келатса астынан бою өзү кырдуу велосипед жетелеген орус жигит чыга калды. Велосипеддин артына ящик орнотуп, шишелерди толтуруп алыптыр. Кейпи, дачадагы үйлөрдү кыдырып шише чогултуп жүрсө керек. Катарлашып өтө бергенде башына бир ой келди да кайра артына бурулду. Велосипед жетелеген жигит кандай уктап калганын да билген жок. Болгону, эки кулагынын асты "тыз" дей түштү. Аны ээн үйдүн короосуна сүйрөп кийирип дубалга жөлөй жаткызып коюп, өзү анын үстүндөгү эски күрмөсүн чечип кийип, эски топусун алды да велосипедин жетелей шише чогултуп жөнөдү. Фаризатты алып киришкен үйдүн эшигинин коңгуроосун басары менен көп күттүрбөй эле дарбазадагы кичинекей көзөнөк ачылды да эки көз көрүнүп:
- Сага эмне керек - деди күркүрөй.
- Шише сатасыздарбы? -деди Шаа үнүн өзгөртө чыйылдап.
- Жок. Жогол көзгө көрүнбөй - деди да көзөнөктү шарт жапты.
- Бул үйдө дайым шише болчу эле. Мен жакшы баага алам - деди Шаа дагы чыйылдап. "Шарак" - деп жалгыз киши кирүүчү кичинекей эшик ачылды да күрсүйгөн бою эки метрче бар неме чыга келди.
- Сен эмне укпайсыңбы? Мен сага жогол дедим го - деди да Шаанын колунан велосипедин жулуп алып ыргытканда шишелери шарактап сынып, велосипеди эки-үч метрдей барып түштү. Өзү буйтап кача бергенде чала-ула көчүккө тээп калды.
- Энеңди... тентимиш. Экинчи бул үйдөн он метр айланып өтүп жүр. Уктуңбу?! -деди
күркүрөй. Эшик ачылганда үйдүн таза, эки кабат экенин, подвалын кошсо үч кабат болорун көрдү. Терезелеринин көздөрү кичинекей, темир тор менен тордолгон экен. Экинчи кабаты балкону менен курулуптур. Башка эч нерсе көрө албады.
- Кечириңиз... кечириңиз...- деди да рули кыйшайып калган велосипедин жетелей бөйпөңдөп качып жөнөдү. Тигил өз ишине ыраазы боло үйүнө кирип кетти. Велосипедди сынгандан калган шишелери менен кошо ээсинин жанына апкелип дубалга жөлөп, күрмөсүн чечип коңурукту кош тартып уктап жаткан неменин үстүнө жаап, башына топусун кийгизип, күрмөнүн чөнтөгүнө болжогондо сынган бөтөлкөлөрдүн баасындагыдай акча салып койду да өз жолуна түштү. Кантсе да дарбазанын ичине бир башбагып алсам деген ою толук ишке ашпай калды.
Кой бир жерди дагы
айланчыктасам көзгө урунуп калам, андан көрө мейманканага барып
караңгы киргиче эс алайын -деп чечти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 21:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Эшикти тыкылдатпай эле бирөө ачып кирип келгенде Мырза ванна жакта жүргөн. Ичинен "Бул ким болду экен? Баягы кыз дагы келдиби? Башкалар болсо эшикти тыкылдатат эле" -деп ойлой чыгып келатып "Жырткыч" менен бетме-бет тиктешип туруп калды. Мунун ооруканадан чыкканын уккан эмес. Оозуна келген биринчи сөз:
- Жакшы болуп чыктыңбы? -деди.
- Жата берсең, жата бересиң. Өзүм чыгып баса бердим. Сенде сөзүм бар -деди Мырзаны тиктеген калыбында. Көздөрү
ойноктоп турду. Мырза ичинен "эмне сөз болду экен?" деп ойлой;
- Макул, сүйлөшөлү. Тигил бөлмөгө өтөлү. Өзү жол баштай басты.
- Жок, бул жерден эмес. Менин жашаган жериме баралы. Мырза үнсүз кичине ойлоно калды да:
- Анда кийинейин, деп жатуучу бөлмөсүнө өттү.
- Мен коридордо күтүп турам, деди да "Жырткыч" чыгып кетти. "Эмне сөзү бар?" деген ой Мырзанын тынчын кетирип, эсине "Жырткыч" жеткен кекчил. Өмүрү өчүгүп калганынан өчүн албай койбойт" деп уккандарын эстеди. Кайра өзүн сооротуп "Андай болушу мүмкүн эмес.
Өткөндө ок тиштешпедикпи" деп коөт. Эмнеси болсо да "Жырткычтын" жүрү деген жагына баруудан башка жолу жок болчу. Тез-тез кийинип чыга жөнөдү. Жанына курал алган жок. "Бар тобокел. Бара көрөйүн" деп ойлоп койду. Экөө ээрчише эшикке чыгышса машина күтүп туруптур. Отурушкандан кийин "Жырткыч" алгач сөз баштады.
- Угушумча Россияга тапшырма менен жөнөп жатыпсың?
- Ооба. Ошондой тапшырма алдым. Муну көп деле киши билбейт го деп ойлогом.
- Туура. Көп деле киши билбейт. Бирок, биз билип турабыз. Өзүнө өзү курсант болуп койду. Узак жүрүшпөдү. Чакан кооз үйдүн астына келип токтошту.
- Россияга kетериңде
коноктоп коөюн дедим. Кантсе да ок тиштеген достордон болуп калбадыкпы.
- Ырахмат. Мындай сыйды күткөн деле жок элем. "Жырткыч" каткыра күлүп үйгө өзү баштап кирди. Түз эле компьютер анан телевизор турган бөлмөгө киришти.
Эми "Жырткыч" үнүн өзгөртүп токтоо сүйлөдү.
- Мырза, сен биринчи жолу оор тапшырма менен чыгып жатасың. Ошондуктан кожоюн сага ишенбей, "Россияда кала бериши мүмкүн" деген күдүк ойдо болуп, кайта-кайта текшертип жатат. Антип санаркаганынын да жөнү бар. Далай жигиттери ушундай чоң өлкөлөргө барганда кайрылып келбей, жалккан жайы да бар. Кантээр экен дегенсип Мырзаны сынай тиктеп койду.
- Менин Россияда кала берейин деген деле оюм жок. Текшертсе-текшерте
берсин. Анысына кызыкпадым деле, - деп койду кайдыгер. Кичине унчукпай туруп;
- Мага Россияң, Италияң, Аравия баары бирдей. Башкысы, иштээр ишим болсо болду. Ал эми менин колумдан келчү иштин кожоюну бардык жерден эле чыга бербесе керек. Экинчиден, мен ушул кезге чейин өз эрким менен чымчык да ата элекмин. Мени согуш лагери буйрукту гана так аткаруучу мүнөзгө тарбиялап койгон. Эгер мага бирөөлөр жол көрсөтүп, багыт берип, буйрук берип турбаса өз алдымча ашкана кайда экенин да таппай калышым мүмкүн.Кыскасы, мен тирүү роботмун.
Мунун баарын "Жырткыч" да мени текшерип жатат го деген ой менен ишенимдерин бекемдеп коөюн деп айтты.
- Россияда кала бересиңби же кайта келесиңби менин ишим жок. Болгону сенин астыңдагы достук парзымдан кутулуп коөюн дедим. Себеби мындай. Эгер тапшырма ойдогудай аткарылбай калса кожоюн катуу жазалайт. Катуу дегеним сен канчалык табылгыс кымбат болсоң да жок кылып коюшу мүмкүн. Кейпи, кандай да болсо ишти так аткарууга далбасташсын дегени го. Экинчиден, канча катуу болсо ошончо тартип да болот эмеспи. Сени менен болсо жанагы оңбогон италиялык шумпай баратыптыр. Андан эки эмес, төрт көзүңдү тең ачып сак бол. Аны мындай ишке жибере койчу эмес эле, аргасыз, орус тилин билгендиктен тандаса керек. Эң башкысы бул эмес. Эми негизги сырды ачайын. Бул экөөбүздүн гана ортобузда калсын. Оозуңдан бирөөгө чыкса менин жанымды садага чапканың. Кана, мындай отур, - деди да компьютердин
маңдайындагы орунтукту көрсөттү.
Өзү компьютерге отуруп шыпылдатып тере баштады. "Жырткычтын" Компьютерде иштегенине Мырза оозу ачыла таң калып карап калды. Компьютерден бир кылмышкердин досьесин таап чыкты да:
- Мырза, жакшылап карап ал. Мына бул адамдын улуту орус. Азыркы дүйнөлүк киллерлердин атактуусу. Өзгөчө мурунку СССРдин аймагында иштөө боюнча буга жеткен эч ким жок. Азыр Майамиде турат. Өзү билльярд оюну десе ичкен ашын жерге коөт. Чынында мыкты ойнойт. Ошондуктан "Игрок" деген кличкага ээ болгон. Мен муну менен жакындан таанышмын. Ал түгүл эки-үч иште чогуу да болгонбуз. Англисче эркин сүйлөйт. Ооган согушуна катышкан. Чыныгы аты-жөнү ким экени сага
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 21:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

кереги да жок. Паспорт которуш бул үчүн "сокур ит бок жалаганчакты" иш. Өңү-түсүн да оңой өзгөртүп, бирде кара чач, кара мурут, көз айнекчен боло калса, бирде мышмыйган сары. Кыскасы, өз ишинин чыныгы профессионалы. Жанында жүрүп байкаганым бар. Бир гана өзгөртө албаган адаты тамак ичкени же пиво ичкени отуруп жатканда болсун, бирөөлөр менен көчөдө сүйлөшүп атканда болсун сол колунун үстүн оң колунун ортону менен үч-төрт жолу кашып тырмап коймою бар. Мындай жаман сапат кайдан жукканын билбейм. Так ушуну эсиңден чыгарба. Жанатан үнсүз угуп отурган Мырза тигини таң кала карай, чыдабай сөзүн бөлдү.
- Мунун баарынын мага эмне кереги бар?
- Мадыра башым. Даана сүт оозсуң да. Сен эми кааласаң да каалабасаң да жанды оозго тиштеген тапшырмаларды аткара баштайсың. Эгер аман келсең. Ошондуктан өтө көп нерсени билишиң керек. Кожоюн италиялык экөөңдү коө берип коюп кала бербейт. Артыңардан дагы бирин жөнөтөт. Анын милдети бирөө гана. Силердин кайда жүргөнүңөрдү аңдып, сары изиңерге чөп салат. Кылт этсеңер жок кылат. Мындайга "Игроктон" артык табылга жок. Анткени, мурун да бир нече жолу кожоюнга ишенимдүү иштеген. Билип турам "Игроктун" өзүн эмне жибербейт дегиң келип турат. Ал киллер. Эч ким менен сүйлөшүү жүргүзгөндү билбейт. Бирөөлөрдү айдап келгенди, байлап келгенди билбейт. Жок кылганды гана билет. Өзүн эч кимге көрсөтпөшү керек. Эми кичине түшүндүңбү? Мырза унчукпады. Айтар сөзү да жок болчу.
- Дагы бир киллерди көрсөтөйүн. Кайрадан компьютерин терип көздөрү жүлжүйгөн азиятты таап чыкты.
- Мунун улуту ким экенин да эч ким билбейт. Кыскасы, азият. Балким, сенин жердешиңдир. Муну менен иштешкен эмесмин. Өзгөчөлөнгөн адаттарын билбейм. Кличкасы "Катынпоз" . Барган жеринде биринчи кезекте эң сулуу сойкуну төшөгүнө сүйрөйт деп уккам.
Менин оюмча, эгер "Игрок" оюнга кошулбай калса кожоюн ушул "Катынпозду" жалдайт. Себеби, бул да мыкты киллерлерден. Өтө куу, түлкүдөй сак. Көбүнчө жумушсуз байкуштай же челнокчудай болуп кубулат деп уккам. Анан да өзүн кары 50-60 тагы кейипте көрсөтө алат дешет. Менин сага берээр кеңешим ушул. Балким, кереги тийип калар. Анан дагы бир жеке пикиримди айтайын. Эгер тапшырма ойдогудай бүтпөй калса кайрылып келбей эле кой дейт элем. Жакшысы, Россиянын учу-кыйырсыз mейкиндигине сиңип кет. Жашсың. Сага жанды оозго тиштеген жашоонун эмне кереги бар. Кеп көп акча табышта эле бекен. Мына менин бир нече миллион долларым бар. Өзүм жыргап жүрөмбү? Түрмөдөгүдөн жаманмын. Кожоюн кааласаң бошсуң деп коөт. Кылт этейинчи. Интерполго шыбырап коөт. А-а мени ал жакта "электр орунтугу" эчен жылдан бери саргарып күтүп турат. Ушундай, жаш досум. Муну сага жөн эле айттым. Эрк өзүңдүкү, - деп колдорун көтөрүп койду да ордунан туруп, жүрү, кофе ичели, -деди.
- Ичкилик сунуш кылбайм. Себеби, ичпесиңди билем. Ичпегениң жакшы. Мырза үнсүз артынан ээрчиди. Эч нерсе сүйлөй да албады. "Жырткыч" берген кабарлар чындыгында баалуу болчу. Болгону муну "Жырткыч" эмне ой менен айтты башы жетпей турду. Чын эле өзүнүн сүт ооз экендигин мойнуна алып сына түштү. Ооганстандын талааларында жортуп жүрүш башка иш. Ал эми миңдеп сени курчаган түрлүү адамдардын арасында өзүңдүн ким экениңди жашырып алып жүрүш башка иш экенин түшүнө баштаган. Мына ушуга көнө албай жүдөй түшөөр эле.
Экөө кофе ичип отурганда:
- Менин бактыма силердин артыңардан аңдыбайм. Анткени, орус тилин билбейм. Ал эми киллердин ишинде тил болбосо болбойт - деп күлүп койду. Анан да өз иштерине тиешелүү көп "өнөрлөрдүн" сырларын чечиле айтып берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 21:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Аба лайнери аппак болуп уюлгуган булуттардын үстү менен зымырап баратат. Ажатканадан келаткан Мырза өздөрү отургандан төрт катар арткы орунтукта башын кыйшайтып уктап келаткан орус жигиттин улам колунун үстүн тырмап койгонун байкары менен эсине "Жырткычтын" айтканы түштү. Жөн эле туш келүү мүмкүн эмес. Демек, "Жырткыч" чындыкты айткан экен. Анын үстүнө компьютердеги сүрөттөрүн улам бир капталынан чоңойтуп карап атканда сол кулагынын астынан ширенкенин башындай меңди байкаган эле. Оң жагына кыйшайып уктап бараткан тигинин сол кулагынын астындагы меңи да даана көрүнүп турду. "Игрок" тууганым биздин артыбыздан түшкөн экенсиз да" - деп ичтен ойлоп койду. Азыр эле жанына отура калып катуу укуп бир кабыргасын сындырып, жүрөгүнө кийре уруп тынчытып койсомбу - деп колу кычышып барып, кайра бара көрөлү деп чечти. Бейкапар уктап келаткан италиялыктын жанына отуруп үргүлөмүш болгону менен ою уйгу-туйгу болуп ичинен ойлогону "Боштондукка чыгуучу жалгыз мүмкүнчүлүк ушул. Эгер муну колдон чыгарсам анда бейкүнөө өмүрдөн айрылам же өмүр бою кожоюндун "түрмөсүндө" жүрөм" деген ой улам бекемделе берди. "Кантип?" деген гана бир суроонун жообун таппай келатат. Самолеттун ичинен эле италиялыкты да, тигил "Игрокту" да жайлап, жалгыз түшүп кетсе кантет. Анда тосуп алуучуларга эмне дейт. Аларга көрүнбөй жылт койсочу. Жок. Өтө опурталдуу. Бара көрөйүнчү. Дагы ылайыгы келээр - деп чечти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 21:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
"Игрокко" жаңы тапшырма боюнча сунуш түшкөндө сыртынан сыр бербей, кербезденип
соодалашымыш болгону менен ичтен кубанып кетти. Биринчиден, акыркы мезгилде иш жок, буга чейинки жыйган каражатынын түбүнө жетип, капчыгы бошой баштаган. Экинчиден, жаңы тапшырма сунуштаган кожоюн эч убакта соодалашчулардан
эмес болчу. Ал бардык нерсенин баасын билчү жана жетишээрлик түрдө мыкты төлөчү. Анын үстүнө тапшырма "Игрок" үчүн деги эле иш деп атагыдай да көрүнбөдү. Бир суу мурун жаш бала менен кайдагы бир
калжаңдаган талиялыктын сыртынан акмалап Россияга барып келет. Болгону күн сайын кожоюн менен байланышып эмне кылышты, кайда жүрүшөт кабарлап турат. Эгер жок кыл десе экөөнү тең жок кылат. Тийбе десе тийбейт. Эмне болсо да этегинде ири өлчөмдө акы алат. Тигилерди жок кылса да же жок кылбай эле акмалап жүрүп кайра келсе да, төлөнчү сумма бир. Кошумча бүт чыгаша кожоюндун эсебинен. Кыскасы, Россияга эс алууга барып келет турбайымбы деп кубанып алды. Москваны эле көрбөгөнүнө үч жылдан ашыптыр. Кантсе да мекенин сагынып калганын самолетко отуруп жатканда билди. Экөөнү теңине албай
кербезденип келатканын самолeттогу жүрөгүн "тыз" дей түшкөн сезим бузуп, ичтен дүпөйүл боло түштү. Калп эле уктамыш болгону менен көнгөн профессионалдык адаты менен экөөнөн көз кыйыгын албай келаткан. Мырза ажатканага чыгып кайра келатып 3-4 секундача аны аябай караганын сезди. Минтип тааныган адамын же шекшиген кишини тиктейт. Өңү-түсү белгилүү адамдардыкынын бирине да чендебейт. Окшоштуруп карап жатабы дегидей. "Бул суу мурун эмнеге тиктеди". Акмалап байкаса башкаларды антип тикчие тиктемей деле адаты жок экен. "Бирөөлөрдөн шек кетип, кабардар болуп калганбы? Кимден? Кандайча?" деген суроо турду. Кайрадан Мырзанын
досьесин эстеди. Согуш лагеринде он төрт жашынан тарбияланган. Өзүнө берилген буйрукту так аткарган мыкты жоокер. Бир жылдан ашык кошумча телохранителдик окууну жана жүрүш-туруш эрежелерин окуган. Демек, бул суу мурундун тыңчылык куулук-шумдугу болушу да мүмкүн эмес. Маселе
италиялыкта турат. Балким, ошол акырын буга шыбырап койсочу. Анда даана акмактыгы да, мындай эне сүтү оозунан кете элек неме бат эле билгизип коeрун түшүнбөйбү. Балким, ашыкча шекшинип
жаткандырмын - деди да дагы сынап көрүүнү туура тапты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 23:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Мырза орунтугунда чалкалай ойго чөгүп баратып "Жырткыч" досунун берген көрсөтмөлөрүн эстеди. "Игрок" чыныгы профессионал, ошондуктан сак бол. Эгер сенин байкап калганыңды шекшисе сынап көрүшү мүмкүн. Маселен, жөнөкөй трюктар бар. Күтүүсүз көптүн арасынан жок болуп кетет. Бирок, бир жерге жашынып сени карап турат. Сен алактап издей баштайсың. Демек, байкап койгонуң чын. Экинчи, күтүүсүз артыңдан чукул келет да саламдаша кетет. Сен алактай түшөсүң. Ал түгүл тердей да түшүшүң мүмкүн. Бул да өзүңдү-өзүң сатканың. Үчүнчү, таанышып алууну сунуштайт. Ал түгүл мейманкана табышууну, керек болсо чогуу жашоону. Өңү-башың кубарып өзгөрө түшсө бул да өзүңдү сатканың. Анткени, сени өлтүрө турган адам сени менен чогуу жашайлы десе кимдин өңү кубарбайт экен" - деген өңдүү билген акылдарын колдон келишинче үйрөткөн. Баарына кайдыгер кара. Мейли, ал чыйпылдасын. Сен кебелбе. Ал баары бир сенден алыс кетпейт. Сени айланып жүрөт. Болгону түсүн өзгөртөт. Жүрүш- турушун, кейпин өзгөртөт. Жон териң менен гана кайда жүргөнүн, кай капталыңда экенин сез да өз ишиңди кыла бер - деген. Чынында Мырза "Игроктун" байкап калганын сезген жок. Жөн гана көрсөтмөнү так аткарып көнгөн жоокерлик адатына салып "Игрокко" экинчи көңүл да бөлбөй коюуну туура тапты. Самолеттон атайлап тигилердин аркасынан түшкөн "Игрок" эгер суу мурун байкап калса мага кылчактап карайт го деп ойлоду эле андай болбоду. Мырза эч нерседен бейкапар италиялыкты жандап, дөлдөйүп кетип баратты. Бир-эки жолу атайлап жашынып "жоголуп" да көрдү. Мунусунан да эч нерсе чыккан жок. "Кейпи, мен ашыкча шекшинип жиберсем керек" деген ою бекемделе баштады. Ошондо да профессионалдык күчтүү туюмунда жүрөгүндө эрибеген "муз" турду. Туюу сезими булардын ишинде чоң мааниге ээ болгондуктан баягы "турист болуп ойноп келчү иш экен" деген бейкапарлыгынын ордун түшүнүксүз санаа ээлей баштады. Ал түгүл адатынча оозуна сагыз салып жатып
колдорунун манжалары кичине титиреп турганын сезди. "Эмне болуп баратам, чын эле картая баштадымбы, кайдагы бир сүт оозунан кете элек неме тиктеп койду деп ушунча санаа чегип. Балким, ага менин уктаганым жагып калгандыр" деп өзүн-өзү жоошутуп кол шилтей кетти. Тигилерди болсо күтүп тургандар бар экен. Тосуп алышып коштоп жөнөштү. Берки да шашыла такси кармады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 23:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Аэропорттон Мырзаларды тосуп алган дүкүйгөн-дүкүйгөн орус жигиттер капкара "Аудиге" отургузушту да зымыраган бойдон жөнөштү. Жолдо карата улам сотка телефондор менен сүйлөшүп коюшат. Мырза ичинен "Россияда кризис дешчү эле кризиси деле байкалбайт го. Кыйналып жашагандары ушул болсо" деп ойлоп койду. Италиялык адатынча тигил жигиттер менен мааниси жок эле бир нерселерди кажылдашып баратты. Булар Москвага киришкен жок, чет жакасы менен жүрүп отуруп калың дачаларга кайрылышты. Дубалы бийик, дарбазасы темир бир үйгө түз эле машина менен кирип кетишти. Күн батып күүгүм талаш болуп калгандыктан кандай жерге келишкендерин Мырза толук деле айрый албады. Машинадан түшкөндө үйдүн анча чоң эмес чакан короосунун оозунда автоматчан эки жигит, экинчи кабаттагы балкондо бир жигит турганын көрдү. Коштоп келген үчөөнүн да коюндары тултуюп, асынган куралдары бар экени көрүнүп турат. Үйдүн эшик алдынан буларды бою эки метрче бар кең далылуу, аюудай күрсүйгөн орус тосуп алды. Утурлай баса;
- Мырзалар, чарчабай-чаалыкпай келип калдыңарбы? Чыдамсыздык менен күтүп аттык эле - деди күркүрөй. Учурашкандан кийин өзү баштап үйгө киришти.
- Кантсе да жол жүрүп келбедиңерби, алгач кечки тамакка отурсак кантет? -деди эле италиялык:
- Ошентсе да болот. Анан ишти көңүлдүү баштайбыз да, - деп койду шашпаганын билгизип. Италиялыктын бир адаты ичкиликке көп жок болчу. Орустар тамак учурунда салттары боюнча арак сунуш кылышты эле кичине ууртады да ичпей койду. Тамактан кийин ээрчишип үйдүн астына жертөлөгө түшүштү. Калың дубдан жасалган эшиктин сыртынан бир куралчан жигит кайтарып турган экен. Ичкериге киришкенде бурчтагы жерге бекем орнотулган креслого окшоштурулуп жасалган орунтукта бир татынакай кыз таңылып туруптур. Аны көргөн италиялык алакандарын чаба;
- Мырзалар, ушундай сулуу чымчыкты да ушинтип таңып коөсуңарбы? Мунуңар болбойт го - деди бир чети таңдана, бир чети нааразы боло. Мырза да таң кала кызды карады. Онго чукул куралдуу күрсүйгөн эркектер ушул ийрейген кызды кайтарып жүрүшөбү? Анысы аз келгенсип таңып да ташташыптыр - деп ойлоду. Италиялык "кызды чечкиле" деп буюрду. Орустар бири-бирин карап калышты эле жанагы күрсүйгөнү эң чоңу окшойт, "чечкиле" деп ишарат кылды. Кыз таңылуудан талыган колдорун ушалай беркилерди бакырайган капкара көздөрү менен тикирейе карады. Өңү кубарып турганы менен аябай корккону байкалбайт. Италиялык арытан бир орунтук алып так кыздын маңдайына барып отурду да:
- Сулуум, чыныңды айтчы, Азияттан качышка эмне түрткү болду? Маселен, мен жанагы Саид деген келесоонун сени азгырганга жараганына көп ишенбей турам. Себеби, мен аны жакшы таанычумун да, -деди какшык аралаш. Кыз тигини кыжырлана тиктеп туруп:
- Мени чоң кожоюнга алып баргыла. Ансыз өлтүрсөңөр да мен силердин эч кимиңер менен сүйлөшпөйм, - деди үнүн өкүм чыгара.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 23:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Мырза ичинен "Бул шуркуя оңой эмес го" деп ойлоп койду.
- Балким, сен күткөн "чоң кожоюн" маңдайыңда отургандыр - деди италиялык тамеки тутанта.
- Сен Азияттын аялы Фаризат менен сүйлөшүп атканыңды унутпа. Мен "чоң кожоюн" ким экенин жакшы билем. Ашык сүйлөгөнүң үчүн жооп берип калба, - деди дагы деле өкүм. Италиялык сөз таппай ойлонуп отуруп калды да беркилерге кайрылып:
- Бардыгыңыздар эшикке чыга турасыздарбы? Биз өзүбүзчө бир аз сүйлөшөлү, -деди. Мырзага болсо, -эшиктин сыртынан кайтарып турчу, - деди англисче. Фаризат англисче таптак сүйлөп:
- Булардын бири да англисче билбейт. Биз англисче сүйлөшсөк түшүнүшпөйт. Эгер каалашса отура беришсин - деди. Италиялык оозу ачыла Фаризатты бир карап койду да, дагы англисче:
- Сактык жакшы го, өзүбүзчө эле калалы, - деди. Беркилер үнсүз сыртка жөнөштү. Мырза да кошо чыгып эшикти сыртынан жаап, мурда орус жигит отурган орунтукка отура кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 23:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Шаа астыда чоң иштер турганын сезгендиктен мейманканага келери менен жок дегенде төрт саат тынч уктап мыктап эс алып, боюма керектүү энергия топтоюн деп чечти да диванга түптүз чалкасынан жаткан боюнча уктап калды. Арадан төрт саат өткөндө ойгонуп малдаштокунуп он беш минутадай отурду. Анан кийине баштады, ичинен нинзалар кийүүчү кара жука кийим кийди да баягы бел боосун оронду. Белбоого түрлүү ичке бычактарды, жылдызчаларды бекитти. Артына сабын укумча чыгарып кош кылычын тагынды. Астыдагы беттешүүдөн жүрөк опкоолжуткан бир кара көлөкө көрүнүп турду. Ошондон башкасынан оңой өтчүдөй. Сыртынан спорт формасын кийип, чөгөлөй отуруп дагы бир жолу сыйынды да шарт чыга жөнөдү.
Такси менен баягы Фаризатты алып кирип кеткен үйдүн жанына келгенде түн ортосуна жакындап калган. Үйгө дубалдаш коңшу дачанын короосунда өскөн бийик кызыл карагайды күндүз эле болжоп койгон эле. Коңшунун огороду аркылуу ошол кызыл карагайдын түбүнө келгенде ийиндеги кичине сумкасына сырткы киймин чечип салды да кайра аркасына илип, өзү мышыкча шыпылдай бактын башына бат эле чыгып кетти. Карагайдын бир бутагы тигил үйдүн крышасынын кайкы жерине чукул экен, өзүнүн салмагын көтөргүдөй жерине чейин барганда күүлөнүп туруп секирди эле крышанын үстүнө буттарынын учтары менен "дүп" деп түштү. Тең салмагын сактап бүкчүйүп, ийиле кыймылсыз катып туруп калды. Экинчи кабаттын балконундагы кароолдо турган жигит добушту чала угуп, кулак төшөп калды. Башка добуш угулбагандан кийин жанынан тамеки алып күйгүзүп шашпай чеге баштады. Крыша менен дабыш чыгарбай мышыкча баскан Шаа четине келди да төмөндө, балкондо тамеки чегип турган жигитти даана көрдү. Жанынан бир жылдызчаны алып чыгып шилтеп калганда тигил кичине темтеңдей түштү да, анан акырын бүк түшүп кулап калды. Бул жылдызчалар уктатып коюучу күчтүү ууга сугарылган эле. Шаа эми түптүз балконго секирип түштү. Балкондон ичке кирген бөлмөдө эч ким жок экен, шыпылдай чуркап ичкериге кирди. Экинчи кабат айлампа түрүндөгү бөлмөлөрдөн туруп,
биринчи кабаттын фойеси кенен экен. Бүт жигиттер тобу менен ошол жерде
отурушуптур, бешөөнүн экөөсү кыска "УЗИ" автоматтарды ийиндерине илип алган. Бул жерден кол салуу өтө коркунучтуу. Демек, деди да кайра балконго чыгып балкон аркылуу короо ичине секирип түштү. Дарбазанын оозунда бир жигит ары-бери басып туруптур. Бири үйдүн эшик алдындагы орунтукта чалкалап, тамеки чегип отурат.
Жылдызчалардын бирин ары-бери басып турганга ыргытты эле, ал темтеңдей түшкөндө берки аны карап отурса керек: "Эй, сага эмне болду? Баары жайындабы?" - деп ордунан тура калды. Эми экинчи жылдызча анын мойнуна кадалды.
- Бул жерде бир иш бар -деген бойдон кулап түштү. Аларды далдоого араң сүйрөдү. Бери дегенде жүз килден кем эмес килейген немелер экен. Дарбазаны ичинен ачты да сигналын басып коюп өзү ичкеридеги караңгы бурчка жылт койду. Үйдөн экөө удаа чыкты. ылдызчалар
экөөнө удаа кадалды. Дагы ичкериде үчөө бар.
Тигилерди эки-үч метрче эшик алдынан оолак сүйрөп коюп кичинеге күттү эле дагы бири чыга келди. Элеңдей карап, "Эй силерде баары жайындабы? Шеф сурап жатат?" - деп кыйкырды, чыга элек жатып. Жылдызча моюнуна
кадалганда манжалары ийнине асынган "УЗИ" автоматынын курогунда турса керек, кулап баратып көктү карата эки атып калууга үлгүрдү. Шаа "Шайтан алгырдыкы" деп кыжынып алды да түз үйгө жүгүрдү. Эшикти шарт ачып чыга келген жигит экөө беттеше түшүштү. Колундагы пистолетин ыргыта тепти да тигинин санына ичке бычакты матырып алды. Бул бычактар да ууга чыланган
эле. Ал "Ки-аа" деп бутун көтөрүп
тебейин деп аратып
темтеңдеп кулап түштү. Эми ичкериге кирди. Фойеден күрсүйгөн кожоюн экөө бетме-бет чыгып калышты.
- Мына сага, сен кайдан чыга калдың? - деди кожоюн таң кала. Маңдайындагы капкара кийинип эки эле көзү көрүнгөн ниндзяны тиктей. Көкүрөгүнө жылдызча кадала түштү.
- Уу акмак. Мен сага көр...-тили булдуруктай жанынан пистолетин сууруп чыкты. Шаа дагы бир жылдызча ыргытты эле ал сол
каруусуна сайылды. Ошондо да тамтаңдай пистолет менен туш келди бир атып анан кулап түштү. Үстүнөн атылган октун үнү Мырзага бул жолу даана угулду. Жана эки жолкусу да угулган "УЗИнин" үнү экенин да тааныган, бирок, ордунан жылган эмес. Мунусу
"Макаровдуку" . "Эмне кылуу керек?" - деди да жертөлөгө
башбагып талиялыкка:
- Үстүндө атышып жатышат окшойт. Биз кантебиз? -деди суроолуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 23:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Италиялык чочуп кетти.
- Эмне деп дөөрүп жатасың?
- Дөөрүгөн жокмун. Эки жолу "УЗИнин" бир жолу "Макаровдун" үнүн уктум. Мырзанын шылдың кепти көп көтөрө албаган намыскөй экенин италиялык да билип калган. Кайра сөзүн оңдоп:
- Кечир мени, көнгөн
адатым боюнча эле... Эмне кылалы деп ойлойсуң? Кайра суроо узатты. Мырза кичине ойлонуп турду да:
- Мен үстүнө чыгып карап, эмне болуп жатышат билип келейин. Силер ушул жерде болгула. Ичинен бекитип алгыла - деди да шарт бурулуп чыгып кетти. Шаа тигил күржүгүйдү жыккандан кийин Фаризатты кайдан издерин билбей башы ката түштү. Биринчи кабаттагы бир эшикти ачса ажаткана экен. Экинчисин ачса ашканасы болуп чыкты. Аңгыча төмөнгө кеткен тепкич тараптан бирөөнүн чыгып келаткан добушу угулду. Бурчка жашынып, жылдызча даярдап күтүп калды. Бою бир токсондон ашык, сөөк-саактуу, кара чач, көздөрү бакыракай, кара каш, эриндери калбыгыйраак сулуу жигит чыга келди. Жылдызчасын ыргытууга камынган Шаа ичинен "Ой, мунум кыргыз го. Же казакпы?" деп ойлоду да кайра жердештерге эзилүүгө убакыт жок деп шилтеп калды. Тигил капталынан учуп келаткан жылдызчаны карабай туруп буйтап кетти да, илбирсче түйүлүп калды. Шаа эмне болуп кеткенине түшүнбөдү. Кайра "Ии, жанагы мен чочуркап аткан кара көлөкө ушул экен го. Болбосо, жөн адамдар учуп келаткан жылдызчадан көрбөй туруп буйташы мүмкүн эмес эле" деп ойлой аяр баса ачыкка чыкты. Тигил көздөрүн бакырайта астындагы ниндзяны сынай карап койгону менен коркуп кеткени билинбеди. Экөө бири-бирин үнсүз тоорушту. Убакыттан шашкан Шаа биринчи чабуул койду. Буттары аба тилип, колдору ойногон менен бири да ойлогон жерине жетпеди. "Мына сага, мен кимге туш келип калдым. Чыныгы ниндзяга жолукканмын го" -деди таңдана. Эми тигил чабуулга өттү. Тим эле чагылгандай экен. Ар бир соккусу өлүм жыттанат. Жалаң гана жан кыйылчу талуу жерлерге багытталган. Шаа араң коргонууга үлгүрүп жатты. Астында оңой жоо
турбаганын билгенден кийин эми саксынып боюн жыйып, энергиясын топтоп бир чети кыжыры да келип түйүлө түштү. Экөө бир мезгилде бири-бирин качырып сала беришти, орунтуктар
талкаланып, дивандар оодарылып бир паста фойенин тозоңу чыгып кетти. Мындай күчтүү чыгыш күрөшүнүн чеберине жолугам деп Шаа ойлогон эмес. Анан калса тартактап колу- буту да узун болгону аз келгенсип эсепсиз күчтүү экени колунун кыры тийгенде быркырап кеткен орунтуктардан көрүнүп турат. Экинчи жолу ай ушул кыргыз болуп жүрбөсүн - деп ойлоду. Тигинин дагы бир артыкчылыгы эч ойлонбой эле автоматтай иштей берет экен. Эгер азыр минтип муштайм деп ойлонгондо эле Шаа астына ала түшүнүп коймок. "Кайдан кыргыз болсун. Кыргыздан ушундай неме чыкмак беле?" - деди да эмнеси болсо да сурап көрөйүнчү деп;
- Эй, сен кыргыз болуп жүрбө? - деди кыргызча. Жаңы эле илбирстей түйүлүп секиргени жаткан тигинин көздөрү бакырайып кетти да тиктеп туруп калды. - "Өзүң чын эле кыргызсыңбы? " - деп ойлоду бирок суроо берген жок. Шаа:
- Ооба, мен кыргызмын, -деди. Мырза дагы кичине үнсүз турду. Ичинен "Мен чын эле кыргызча угуп жатамбы же орусча менен чаташтырып жатамбы?" -деп ойлоду өзүнчө.
- Сен кыргыз тилин угуп жатасың - деди Шаа. Мырзанын даана башы айлана түштү. "Ойлонуп жатамбы же сүйлөп жатамбы. Эгер ойлосом тигил кантип билип коюп жатат?" - деди түшүнө бербей. Шаа бул жолу үн деген жок. Жөн гана башындагы маскасын чечти. Мырзанын маңдайында ортодон жогорураак бою бар чымыр денелүү кадимки кара чач, кой көз, тоголок жүздүү кара торусунан келген кыргыз жигити турду.
- Сиз кимсиз? - деди Мырза үнүн чыгара. Кыргызча тили булдурай түшкөндөй
туюлду. Канча жыл болду дейсиң өз эне тилинде бир ооз сөз сүйлөй элегине. Шаа жооп бербестен суроо узатты.
- Өзүң тигинин жигитисиңби? Мурда көргөн жок элем го? Арыта кулап жаткан ушул үйдүн ээсин көрсөтүп койду.
- Жок. Мен бүгүн чет жерден учуп келдим. Буларды түзүк деле тааныбайм - деди,
Мырза. Кыргызча сүйлөп жатса да тилинен күчтүү англис акценти билинип турду. Демек, дайыма англисче сүйлөшкөн жерден келген экен деп ойлоп койду Шаа.
- Өзүңүз кайдан келе
калдыңыз? - деди Шааны карап.
- Менин келген себебим, менин тааныш кызымды булар уурдап кетишип ушул үйдө камап атышат. Ошону бошотуп кеткени келгем - деди Шаа. Мырза сөз ким жөнүндө баратканын билди.
- Түшүндүм. Фаризатты айтып жатасыз го?
- О-оба. Ошол.
- Анда биз да ошол Фаризатыңыздын азабынан бул жердебиз. Аны бошотуп кетиш кыйын го.
- Кандайча? Силер атайы Фаризат үчүн келдиңерби? Канчоосуңар?
- Экөөбүз келгенбиз. Маселе санда деле эмес. Баары бир алып кетишибиз керек. Анткени, аныңыз биздин кожоюнга өтө керек экен.
- Демек, мени тынчытмайын Фаризатты бошото албайсың дечи? Деги атың ким. Сүйлөшүңө караганда бери дегенде беш жылдан бери кыргызча сүйлөбөсөң керек. Мырза кызара түштү.- Туура жети жылдан бери кыргызча сүйлөй элек болчумун. Атым Мырза.
- Балким, катуу кармашпай

Билдирүүнү түзөткөн: ROUSE: 28 Март 2013 - 03:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   ROUSE   27 Март 2013 - 23:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- А-а сиздин кожоюнуңуз
ким? - деди Мырза Шааны
ойлуу тиктеп.
- Менин кожоюнум жок. Мен
өз башыма өзүм ээмин. Биз
менен кетсең сен да өз
башыңа өзүң ээ болосуң -
деди, Шаа тим эле тигинин
эңсөө тилегиндегисин
айтып.
- Чын айтасызбы?
- Эмнеге калп айтмак элем.
Таза чындык.
- Анда ок тиштеңизчи?
Шаа тигил күрсүйгөн
кожоюндун колундагы
пистолетти алды да
магазинин чыгарып бир
огун сууруп чыгып Мырзага
көрсөтүп туруп;
- Калп айтсам ушул октун
анты урсун, - деп учунан
тиштеди.
Мырзанын көздөрү жайнай
түштү.
- Мага алгачкы учурда гана
жардам керек. Документ
табышканга
жардамдашсаңыз. Анан бир
аз бул жактын шартына
көнгүчө. Андан кийин Сизге
жүк болбойм.
- Андан кам жебе. Сен мага
жардам берсең, мен да
сенден колдон келген
жакшылыгымды аябайм.
- Сатып кетпейсизби?
- Жок. Менде андай адат
жок. Ишенбесең ок тиштеп
антташалы.
Шаа Мырзанын талуу жерин
билип калган. Жанынан
жанагы окту алып чыкты да;
- Ким антты бузуп убадага
турбай экинчисин сатса,
жамандык кылса ушул октун
анты урсун, - деп учун
тиштеп туруп Мырзага сунду.
Мырза Шаанын айтканын
угуза кайталап, анан ичинен
күбүрөп бир нерсе окуп
дубалады да окту
тиштегенден кийин жанына
салып койду. Курандын
тилинде дуба окуганын Шаа
туюп турду. Мырзанын
аурасын карап туруп
бирөөлөрдүн гана буйругун
аткарып жүргөн, өзүнүн
дили таза, адамга
жаманчылык кылууну ойлой
бербеген, куулук-шумдукту
көп билбеген, али
турмуштун өйдө-ылдыйынан
колдон чыгып бузула элек
жапжаш жигитти көрүп
турду. Ички туюмуна болсо
экөөңдүн тагдырыңар ушул
боюнча көптөгөн жылдарга
байланышкан деген сезим
берилип жатты. Ошондуктан
Мырзадан тартынбады,
келишимиш болуп алдап
туруп күч жумшап же
өлтүрүүгө аракет кылбасын -
деп коркподу.
Мырзанын көздөрүнөн
кубанычтын оту жанып,
ичинен "Кудай, чын эле
жолум ачылдыбы? Ушинтип
тирүүлөй түрмөдөн
кутуламбы? Эгер бул жигит
мага чын эле ак дилден
жардам берсе бир тууганы
болуштан да жок дебес элем
-деп ойлой кетти. Муну
кыргызча ойлонду.
Ошондуктан Шаа жакшы
түшүндү.
Көп жыл сыртта
жүргөндүктөн Мырза
негизинен англис же араб
тилинде ойлонууга көнүп
алган. Муну өзү деле сезчү
эмес. Эгер жанындагы
байланыш түзүп,
пикирлешип жаткан адам
түшүнүксүз тилде ойлонсо
кандайдыр тумандуу,
түшүнүксүз чаташкан
кабарлар келип,
байланышты токтотпосо
башы ооруп кетерин Шаа
биле баштаган.
Анан дагы өнөгүнүн бардык
эле ойлогон оюн кайра
өзүнө айтып берип, анын
ички оюнан бери билип
тураарын ачыкка чыгаруу
дайыма жакшылыкка
алпарбасын, тескерисинче
көп учурда терс жыйынтык
берерин да биле баштады.
Ошондуктан азыр Мырзанын
ойлогондорун жөн гана
түшүнүп койду да эч кандай
сыр бербеди.
Экөөнүн ортосунда түзүлө
калган тынчтыкты Мырза
бузду;
- Сиз издеген кыз астыңкы
жертөлөдө камалуу экен.
Менин экинчи өнөгүм анын
жанында.
- Эмесе тездейли. Убакыт
тар. Мылтыктын добушунан
милиция чакыра салуучулар
болобу. Анын үстүнө булар
деле көпкө уктап жата
беришпейт. Дарынын күчү
көп болсо бир, бир жарым
саатка чейин гана таасир
берет. Өнөгүңдө курал
барбы? - деди
шашкалактаган Шаа.
- Өнөгүмдө курал жок. Аны
мен өзүм эле тынчыта салам
- деп Мырза астыңкы жер
төлөгө баштап жөнөдү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 00:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Фаризат эсине жертөлөдө креслодо таңылып турганда келди. Башы катуу ооруп калыптыр. Кейпи, жигиттер дарыны көбүрөөк жыттатып коюшса керек. Алгач эки жагын алактап караган менен эч нерсе түшүнбөдү. Дагы үч орунтуктан бөлөк эч нерсе жок, асты кафелделген бөлмө экен. Терезелери да жок. Бурчта гана аба киргизген винтелятор акырын иштеп туруптур. Демек, жертөлөдө экенин түшүндү.
Тим эле Жан Клод
Вандаммды кармашкансып жерге бекем орнотулган темир креслого бекем таңып ташташкандарына
караганда булар Фаризаттан өлгүдөй коркушкан немелер болушса керек. Кресло да атайы ушул Фаризат өңдүү туткундарды таңып коюуга атайын орнотулса керек. Үстүнө эч ким кирбеди. Сурак башталбады. "Булар артымдан аңдып жүрүп кармашкан экен. Эми жолдош кызыма да кордук көрсөтүшпөсө экен" - деп ойлоп койду. Жолдош кызынын кол сумкасына тагылган микрофон аркылуу кармалганын түшүнбөдү. Анын үстүнө буларга "чоң кожоюндан" кармап туруу гана буйрулган. Эч кандай сурак жүргүзүүгө акылары жок болчу. Өз алдыларынча суроо берүүгө катуу тыюу салынган. Ошондуктан булар кармалаары менен жогор жакка, "Тиешелүү адамды кармадык. Азыр биздин колдо" - деп телефон кагышты да өздөрү күтүүгө өтүштү. Ал түгүл Фаризаттын үстүнө киргенден да коркушту. Себеби, жогор жак булар да өздөрүнчө сурак жүргүзүп сырды билип калды деген кабар алса, баары тыптыйпыл болуп калышарын жакшы
түшүнүшчү. Ушул кабарды эле күтүп турган "жогор жак" самолөтко астын ала
брондолгон билеттерди алышты да Мырза менен италиялыкты учурушту. Мунун баарын жер төлөдө жаткан Фаризат кайдан билмек. Башынын ооруганы басаңдап, ойлонууга
жараган сайын "Демек, булар мендеги "Бриллиант жыландын" кайда экенин же баягы Азият каткан дүйнөнүн кайда экенин билгиси келгендер. Ар кимиси телпектеп чуркап келип сурай берсе бирине да жооп бербейин. Керек болсо, жан алгычтын өзүнөн да коркпогон Азият да чоочуп туруучу "чоң
кожоюн" гана менин сары изиме чөп салып ушинтип издете алат. Демек, так ошол "чоң кожоюндун" өзүнүн астына бармайын кыйнаса да жооп бербейин. Анын бийлигисиз анан мендеги сырды билишмейин баары бир мени өлтүрө салышпайт" - деп чечти. "Чоң кожоюнду" Фаризат сүрөтү аркылуу таанычу. Азият менен чогуу түшкөн кара сакал, сүрдүү адамды көргөндө "Бул ким?" деп сураса "Мунун ким экенин сен билбей эле койгонуң жакшы. Менин соодадагы чоң өнөгүм. Керек болсо менден да күчтүү, өтө коркунучтуу адам" деп койгон. Кийинчерээк сөз арасында "чоң кожоюн" мындай тапшырма берди. Тигини аткаргыла деди" дешип дүргүп калганын байкап, баягы сүрөтүн көргөн адам жөнүндө сөз болуп жатканын боолгоп билүүчү. Азыр эми жертөлөдө жатып "Эгер анын астына барсам балким, өңүмө кызыгып жанымды аман калтыраар. Ал деле эркектир да. Бүт билгенимди айтып берип Азият үчүн кечирим сурасам, жаштык кылыптырмын, Саидге окшогон акмактын азгырыгына кириптирмин десем. Анын үстүнө Азият мага түк көңүл бурбай калган, бул да түрткү болду десем, кечирим берээр" деп ойлогонго үлгүрдү. Ойлонууга убакыт кенен болчу. "Эй, суу бергилечи? Суусадым? Колдорум ооруп кетти" деп кыйкырды эле бир жигит кирип келди да үнсүз колдорун чечип кружка менен суу ичирди. "Ажатканага барам" десе, аркы бурчтагы эшик ажаткана экен, каруусунан жетелей алпарып кийирди да өзү карап турду. "Эшикти жаппайсыңбы? " - десе үнсүз басып келип ичке бир урду да чала өзөрүп калганда этегин көтөрүп туруп ич кийимин шыпырып отургузуп койду. Фаризат булар менен калжаңдашуу болбосун түшүндү. Булар роботтой гана буйрукту так аткаруучулар. Мындайларды Азият менен жүргөндө нечен көрүп жакшы түшүнүп калган. Турары менен каруусунан кармап жетелеп барып жанагы креслого отургузду да кайра таңып таштады. Бир да сөз сүйлөгөн жок. Ажаткананы жаппай карап турганы, ичинен беките салып өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылабы же өзүмдү-өзүм өлтүрөм деп ар кандай талап коeбу дешип корккондору болчу. Муну да түшүндү. Өз баркынын чоң экенине көзү жеткен сайын жүрөгүндө коркуудан мурда шерденүү көбөйө баштады. Бирге учуп келген Шааны да эстеди. Балким, анын тилин алганда мындайга туш болбойт беле. Ким билсин. Балким, ал деле бирөөнүн жигитидир. Италиялык жалжактап кирип келгенде эле чет элдик экенин билди. Демек, булар күткөн киши келди деп ойлоду. "Булар суракка алышат. Балким, чын эле "чоң кожоюндун"
ишенимдүү адамдары да болушу мүмкүн. Бирок, жооп бербейм. Кожоюндун астына алпаргыла дейм" -деген мурдакы ою кайра да бекемделип, тикиреңдей тосуп алган. Мырзаны бир карап алып "Бул кайдан жүрөт. Казак же кыргыз го, же түркмөнбү? Жапжаш бала экен. Кейпи, италиялыктын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 00:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

телохранители го" деп ойлоп койду.
Өздөрүнчө калганда
италиялык сөздү англисче баштады.
- Экөөбүз ачык сүйлөшөлү. "Чоң кожоюн" мени эң ишенимдүү адамы катары жиберип отурат. Сен көп башты оорутпай берилген суроолорго жооп бер. Антпейт экенсиң күч колдонууга, түрдүү ыкмаларды пайдаланууга аргасыз болом. Кыскасы, бүт билгениңди эркиңе койбой лимонду сыккандай гана сыгып алам. "Мен аял экенмин. Мени аяп коюшат экен" деп ойлобой эле кой. Сен билген сырдын баасы сендей жүз аялдын башын кессе да толбойт. Демек, түшүндүң да. Азияттын аялы
болсоң тили сайрабагандар
кандайча булбул болоорун көрүп да калгандырсың. Көздөрүн бир башкача чакчайта тиктеп туруп үнүн сүрдүү чыгара сүйлөдү. Фаризаттын жонунан муздак тер чыгып, муундары калчылдай түштү.
Кыйноонун кандай түрлөрү бар экенин да мыкты билүүчү. Бул италиялыгыңдын чындап эле аяй турган түрү көрүнбөйт. Кантсе экен. Башы ката түштү. Убакытты
созуш үчүн;
- Мен эртең менентен бери наар ала элекмин. алким,
жок дегенде суу берип коөрсуз? - деди болгон өнөрүн көрсөтө назданып,
көздөрүн сүзө.
- Кылыктанып убара болбо. Андан пайда жок. Мен далай ######тардын кылыгын көргөм. Сенден өңдүүлөрдү
да каалаган учурумда төшөгүмдө уйпалап келатам.
Сууну да башкасын да мен берген суроолордун толук жообу болгондон кийин көрөсүң - деди, дале сүрдүү.
- Ашыкча кеттиң. Мен сага катардагы ######тардан эмесмин - деди Фаризат намыстанымыш болуп.
- Ал сенин өз оюң. Меники болсо өз оюм, - деп койду
италиялык мыскылдай.
Фаризаттын жүрөгү
өрттөнүп ичи күйүп кетти. Аңгыча эшик ачылып, Мырза сырттагы тополоң жөнүндө кабар айтты. Фаризат ичинен Кудайга жалынып кирди "ушул кан ичерлердин тырмагынан
куткара көр" деп.
Италиялык суроо бергенин токтотуп ойлуу ары-бер басып турду да, шарт бурула Фаризаттын маңдайына басып келип ээгинен катуу
кармай өйдө көтөрүп туруп:
- Сойку, эгер жаным аман калсын десең Азият наркотоварды кайсыл тоолорго катты эле айт? -
деди. Ээги ооругандан Фаризат
кыйкырып жибере сактады. Башын булкуп бошотуп
алды да;
- Мен ал сырды айтарым менен башымды кесесиңер. Аны билбегидей мен келесоо белем. Баары бир "чоң кожоюндун" астына
бармайын мен силерге эч нерсе айтпайм - деди, мурункусун кайталай. Бирок,
бул жолу үнү ишенимсиз чыкты.
Ичинен, "Туура эле болжогон экенмин. Баягы Азият түнү менен тоого каттырган ящиктер жөнүндө сөз болуп жатат. Эгер мен ал кайсыл жер, кайсыл капчыгай экендигин билбесимди айтсам анда булар мени азыр эле тындым кылып туруп бир чуңкурга ыргытышат. Жакшысы айтпайм дей турайын. Кыйнап кирсе кантем" - деп
ойлоду. Италиялык
жанагыдан да күчөй
чакчаңдап:
- Канчык, сенин эркектин бир жеринен башканы
ойлоого жарабай бузулуп калган башыңдын эч кимге
керек жок. "Башымды кесесиңер" деп акылдуусунуп коөт.
Колумдан айлан. Бүт сырды ачык айтсаң төрт-тарабың кыбыла, - деди.
"Булардан аман кутулбай калдым. Акыры ушинтип
кордук менен өлмөкмүн. Мага чала" деп ойлоду
Фаризат. Тигинин шылдың сөздөрү жүрөгүн тилип-тилип ачыштырып жатты. Кантсе да аялдык кылып кайраты качып, муун- жүүндөрү бошой баштады. Аңгыча эшик шарт ачылып Мырза менен Шаа ээрчишип кирип келишти. Италиялык:
- Мунуң ким? - деп суроо берип бүткүчө эле сулк кулады. Мырза көз ирмемде
колдун кыры менен
кекиртекке урган эле. Фаризат Мырзанын кол шилтегенин көрбөй да калды. Шааны көрөөрү менен "Сизби?" деп бакыра чуркап барып кучагына кулап:
"Мени бул жерден тез алып кетиңизчи?" деп жалдырап жиберди. "Мен ошон үчүн келбедимби. Баары
жайында болот" - деди Шаа кучагына назик кыса. Мырза италиялыкты
сулкуйта көтөрүп барып Фаризат отурган креслого отургузду да бир паста кычыратып таңып салды. Фаризат башы менен Мырзаны көрсөтүп "Бул ким? Кандай болуп кетти?" -деди эле Шаа; "Менин жердешим экен. Биз тил табышып, биригип кеттик" -деп койду шенимдүү түрдө кебелбей. Үчөө жүгүрө эшикке чыгышты да
дарбазаны ачып жиберип короодогу "ЖИПтердин" бирине отурушту. Эшик алдында жаткан жигиттин "Макаров" пистолети менен аркы экөөнүн жанындагы ок
салган магазиндерин алып жаткан Мырзаны көрүп Шаа унчукпады. Балким, кереги тиер деп койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 00:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Шаа бир нерсени эстей коюп "Мен азыр" - деп жүгүрүп барып арытан караңгы бурчта жаткан кийимдери салынган сумкасын алып келип машинага секирип түштү. Рулга Фаризат отуруптур. Шаа таң кала бир карап алып:
- Сиз айдайсызбы? - деди кыска.
- Мен бул ашинанын сырын жакшы билем - деди да бат эле дарбазанын оозун каратып бура салды. Дарбазадан чыгышаары менен Мырза кайра аны
жаба салды. Көчөнүн кууш экенине карабай Фаризат "ЖИПти" эпчилдик менен айдап баратканын көрүп Шаа тынчтанып калды.
- Артыбыздан аңдуучулар болбосун, абайлайлы - деди Шаа. Жүрөгү кандайдыр бир коркунучту сезе калган эле.
- Биздин артыбыздан биз эки көчө өткөндөн кийин бир машина чыкты, -деди Фаризат.
- Биздин сыртыбыздан "кожоюн" кошумча
бирөөлөргө аңдытып койгон эле, -деди Мырза "Игрокту" эстей коюп.
- Анда ошолор. Чоң көчөгө чыкпай ушул дачалардын арасынан адаштырып кете алабызбы? - деди Шаа Фаризатты карап. Фаризат үнсүз тар көчөнүн бирине чукул бурулду да, катуу баратып экинчисинен үчүнчүсүнө бурулду. Арттан ээрчиген жарыктын дайны жок болду. "Эми таксилер токтой турган чоң жолго жакындаганда жолго жетпей токтот" - деди да өзү
сумкасынан кийимдерин алып чыгып кийине баштады. Аркасындагы кош кылычын, бел боосун кайра сумкага салды. "Бул ниндзянын өнөрүн кайдан үйрөндү экен" деп ойлоп
койду Фаризат. Эмнеси болсо да туура желмогуздун
оозунан сууруп алгандай болгон Шааны жүрөгү элжирей эзилип карап койду
да, "Жалгыз өзү кантип жанагынча баш кесерди кырып салды экен" деп
ойлоду. Кийинип бүтүп калган Шаа "Алардын бирин да өлтүргөн жокмун. Жөн гана уктатып койдум. Чынында кырып салса деле
Кудай күнөөңдү кечүүчү адамдар экендиги көрүнүп турат" - деп айтып жибере сактап кайра өзүн кармап үн деген жок.
- Чоң жолго жакындап калдык. Эмне кылайын?, -деди Фаризат.
- Машинаны ушул жерге таштайлы да мындан ары такси кармайлы. Мындай
белгилүү машина менен алыс узабайбыз - деди Шаа. "Жипти" караңгы бурчка ташташты да үчөө биринчи эле кезиккен так#### отурушту. Астыга Мырзаны отургузду да Шаа өзү Фаризат менен артына отуруп;
- Азыр түз дос кызыңдын үйүнө айдайт. Ал жерден мен кирип аларды түнү менен бул шаардан качкыла же дарегиңерди которгула -дейин, болбосо, сени издегендер аларды
барымтага алып бекер бейкүнөө кыйнап коюулары
мүмкүн, - деп орусча
шыбырай үшүндүрдү да
"Булар эмне жашыруун сүйлөшүп баратат" деп ойлой баштаган Мырзага ишти кыргызча түшүндүрдү. Шаа кирип келгенде Фаризаттын дос кызынын көзү алая түштү. Өздөрү деле
коркуп отурушкан экен. Анткени, Фаризатты кармап
кеткенин көрүп калышыптыр. Анын үстүнө бир жигит келип тигинин кол сумкасындагы
микрофонду, үйдүн ар жерине коюлган, телефонго коюлган микрофондорду ачык эле чыгарып кетиптир да "Эгер досуң колго түшпөсө башыңдан айрылмаксың" деп коркутуп кетиптир.
Шаа кыскача түшүндүрүп, бул шаардан тез качып
кеткиле. Азыртадан калбай дарегиңерди которгула дегенде ашык суроо беришпестен макул
болушту. Болгону
"магазинди эмне кылабыз?" деди эле "Фаризат магазинге карашпасын. Өмүр табылбайт" деди
дегенди укканда кубанып кетишти. Шаа кайра бат эле
чыкканынан Фаризат, -"Эмне, үйлөрүндө жок
бекен?" -деди чоочуй.- Жок, бар экен. Өздөрү деле
качсакпы деп отурушкан экен. Көпкө түшүндүрбөдүм, - деп микрофон окуясын
айтып берди эле. Фаризат өз чекесин бир муштай;
- Кантип мени кармап калышты дейм да. Көрсө...ушу микрофон коюшарын ойлобопмун да деп өкүнүп койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Сен 2025 16:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: