ххх
Фаризат Шаанын адамдан өзгөчө жоруктарына таңданчу болду. Баягы түндө бүт өмүрүн айтканда "Бриллиант жылан" анын укмуштай өзгөчөлүгү,
баалуулугу жөнүндө да айтып, керек болсо жанагы "чоң кожоюн" издеген тоого катылган наркотовардан да бир нече эсе кымбат болушу керек. Муну эч ким билбей, түшүнбөй жатышат. Эгер билсе ошол жыланды издешмек эле" - деген. Шаа үн деген эмес. Бир күнү "Бриллиант жыланга" барып көрүп келбейлиби,
ордунда жатты бекен? Балким, алып келербиз"
десе, кайдыгер гана "Аны эмне кыласың Фаризат? Өз ордунда жата берсин. Колдон келсе андай жыланды ошондой үңкүрдөн козгобогон оң. Ал эми өзүң болсо ал жылан жөнүндө унут да экинчи эч жерде кеп кылба. Эч кимге оозуңдан чыгарба" деп койду.
Сыртынан сыр бербеген менен Шаанын ичинде эмне деген улуу күрөш жүрүп жатканын түшүнүүгө Фаризаттын даремети жетмек эмес. Өзүндөгү сырдын четин ачууга да Шаа акысыз. Ошондуктан кайдыгер көрүнгөн менен "Бриллиант жылан" кайда катылганын Фаризат айтып атканда ою менен ээрчип отуруп так билип алган. Эгер кааласа азыр өзү барып деле таап алууга кудурети жетет. Маселе "Бриллиант жыланды" колго кармашта эмес. Анын сыры өтө тереңде, түпкүрдө жатат. Фаризат жыландын кайсыл жерде катылганын айтып атканда Шаа жаткан ордунан каалгый, астынан кол өткүдөй көтөрүлүп барып кайра түшкөнүн Шаа
туйганы менен Фаризат туйган эмес. Бул эбегейсиз күч болчу. Шаанын жүрөгү кысылып барып араң оңолгон. "Бриллиант жылан" азыр өзүнүн таасирине өткөнүн толук туйган. Эми аны Шаадан ажыратып кетишке Теңир өзү гана башка бир тең тайлашаарлык кудуреттүү күч жибербесе, өзүнөн өзү Азияттан Фаризатка өткөндөй опоңой башкага өтө алмак эмес. Так ошол Фаризат сырды чечкен түнү "Бриллиант жылан" жаткан үңкүрдөн күңүрт добуш угулуп, үңкүрдүн оозу "күр- р" деп урап түшүп бүтөлүп калды. Муну Шаа туйду. Кайгырган жок. Кубанды. Эки ташты жылдырып ачыш чоң эмгекти талап кылбайт да. Хан-Теңирдин чокусуна жакын ак мөңгүлүү тоолордун ортосундагы кайнаган Ысык-Көлчөнүн ортосунан ошол түнү оргуган ысык фонтан атырылып, ысык буу бүрктү эле ал ак булутка айланып, буладай созулуп Хан-Теңир чокусун көздөй шамал менен учту. Кочкордогу "Ара-Көл"
термелип, көл жээктей боздоп чуркаган ак тайлакты айрымдар көрүштү.Бул эмне аян ким түшүнмөк.
"Бриллиант жылан" Чолпонбек Абыке уулу
#142 28 Март 2013 - 04:43
Бул сырдын бир эле түйүнү. Астыда канчасы турат. Суроо сансыз. Жооп жок. Он сегиз миң аалам эмне деген кеңдик. Сырды ачуучу Шаанын орду кайда? Бул улуу сыр, улуу ачкыч, түбү кайыптан бүткөн элимдики экен деп элине берсе көтөрөөрү барбы? Пенденин ичиндеги акыл эс, бийлик, байлык үчөө миллиондогон жылдардан бери биринен бири өйдөсүнүп, көкүрөк тиреп күрөшүп келатышат. Бирде акыл- эс жогору чыгып, бейпилдик келип жалпы пенде тынчтыкта өсүп-өнүп жашай баштаса аны көпкө узартпай бийлик кызыкчылыгы талкалап, тарпын ташына чыгарып акыл эс тепсендиде калып, кирди-чыкты эси бар дардаңдар бийлеп сайрандайт.
Андай сайран да көпкө узабай байлык өз чалмасын ыргытып жыландай сойлоп, ичтен да кирип, сырттан да кирип, азезилдей азгырып барып кучагына тартып, сыйкырлап ач көздүктүн, эки жүздүүлүктүн,
арам оокаттын ашына жылма сүйлөп тойгузуп утурумдук кара курсак үчүн бийлигиңди да, акыл эсиңди да кара баткакка оонаткандай оонатып, шалтактата булгап шылдыңдайт.
Байлык астында бүжүрөтөт. Көрсө, Пенде тирешкени ушул үчөөнүн тең чексиз экенин түшүнбөйт окшобойбу. Акыл эсте чек барбы? Байлыкта чек барбы? Бийликте чек барбы? Мен чегине жеттим деген барбы? Бул үчөө бирикпейт. Бириксе адам пендеси кайрадан бейиштеги жашоосуна өтөт. Кичинекей тоголок баштын ааламга батпаган түйшүгү ушунда окшобойбу? Шаа баарын бышырып даярдап апкелип, мына ушул үчөөнүн кимисине кул болуп жүргөндүн колуна улуу ачылышты салып бермек. Эмнеси болсо да китепти бириктирип Хан- Теңирдин койнундагы сырдын жолун ачайын да, калганын бара көрөйүн" деп бир дүйнөсү жулунса, бири "токто- токто, алгач жүрөгүңдөгү санаанын жообун тап"- дейт... Тагдырдын кайчылаш жолунда акылдаш болоор кими бар? Чиркин ай, мынчалык мөгдүп туюка камалган эместир. Өзү да эки эмес үчкө бөлүнүп, үч бөлүгү тең эмне кыларын биле алышпай ар жерде соксоюп отуруп калышкансыйт.
Ичтеги баягы тирешип талашуу да жок.
ххх
- Шаа... Шаа биздин Мырза тымпыйып жүрүп эң бай адамдардан окшойт, -деп Фаризат көңүлдүү кыйкыра жүгүрүп кирип келди. Шаа ойго чөгүп жаткан. Фаризат колуна кандайдыр бир кагаздарды көтөрүп алыптыр. Аркасынан кошо кирген Мырза Шааны карап ийинин күйшөп койду. Ордунан турган Шаа;
- Түшүндүрчү. ..- деди.
- Түшүндүрсөм мындай, Мырзаны бир атактуу араб байы мураскор катары тандап, өзүнүн бүт байлыгын буга калтырыптыр. Интернет менен текшерсем чын эле ал адам дүйнөдөгү саналуу байлардын
катарындагылардан экен. Эми бизге Лондонго учуп барып бул кагаздар аркылуу Мырзага бүт байлыкты которуп, каттатып коюу гана калды, - деди күлмүңдөй. Шаа кагаздарды колуна алып карап койгон менен англис тилин түшүнбөгөндүктөн окуй алган жок. Мырза өзү бул кагаздарды жанынан чыгарбай катып жүргөнү болбосо, маани-маңызына тиши өтчү эмес. Кандайдыр бир байлыкка ээ боло коөруна деле ишенбөөчү. Фаризат экөө англисче сүйлөшүп отуруп "Момундай кагазды түшүнүп окуй аласызбы?" - деп көрсөтө койгон. Фаризат болсо мындай иш кагаздарын чемичкедей чагарын кайдан билди. Шаа кубанган экөөнү карап туруп "Үстүңөрдөгү кара булут тарап кетиптир. Кейпи, чоң кожоюн силерди унутса керек" деп койду. Тигилер Лондондогу байлыкка жүрөктөрү дүкүлдөп жаткандыктан Шаанын сөзүнүн маанисине көңүл деле бөлүшпөдү. Шаа ичинен " Теңир жолунун бузулбаганын кара.
"Бриллиант жыландын" байлыгы жетиштүүлөрдүн колуна тийчү кылымдардан келаткан шарты бар эмес беле. Көрсө, сыры бул жакта тура",- деди да, Балким, көкүрөгүн өйүгөн жообу чечилбеген түйшүктүү суроолордун жообун
табуунун мезгили келгиче Фаризат менен Мырза айткан күнүмдүк көрпенделик менен
алектене турганым оңдур" деп ойлоду. Адам баласы үчүн аягы белгисиз улуу
ачылышты ачууга саналуу кадам турган менен эгер касиеттүү Улуу Теңир өзү жар болбосо бир да кыймыл жасай албай турган сызыкка жеткен. Муну жүрөгү менен туйду. Эч нерсе менен иши жок тигил экөө азыр эле жолго чыккылары келип жээлигип турушкан. Көрсө, тирүүлүктө көрпенделиктин рахаты да, түйшүгү да бүтпөйт тура.
Аягы. Бишкек-2001

#143 28 Март 2013 - 14:30
Мен да толук окуп чыккам элем жумуш кылбастан уй тапшырманы да аткарбай жатып.
#144 05 Май 2013 - 18:26
Ой аягы ошо менен буттубу?
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#147 07 Май 2013 - 13:43
Ушуну кичинемден окууну энсеп жургом,рахмат сиздерге,ананда жоопсуз суроом калды да бриллиант жылан ошо ункурдо калдыбы? А эки китеп да бирикпей калды,линин кызын таппай калабы ошо боюнча деген суроолор. Дагы уландысы болсо жакшы болмок.
#148 07 Май 2013 - 17:58
Учоо Лондонго барганда, Мырза менен Шаанын жолу болунот. Кийин Ли менен Мырза биригет. Ли болсо Мырзанын Шаа менен санаалаш экенин билгенде сол бутун айыккыс кылып сындырат, бирок олтургонго чейин Шаа барып калат да Лини олтуруп китепти бириктирет.
Айтмакчы 2 уул бир кыздуу болот Шаа менен Фаризат. Мураскору катары кызы калат...
Пы.Сы. Уландысы кытайча жомок болгондуктан, кыскача мааниси ушундай...
Пы.Сы. Уландысы кытайча жомок болгондуктан, кыскача мааниси ушундай...
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
#151 23 Май 2013 - 14:35
Чолпон Абыкеевдин бул чыгармасы адабият дуйносундогу жаныча жанрда келген алгачкы чыгарма десек да болот.Мен да абдан кызыгып окугамын.Дагы ошондой кыргыз детективдери болсо жан дилим менен окуйт элем.Азаматсын,
ушундай чыгармаларды таап жарыялап турсан супечилерге жакшы болот эле.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#152 24 Май 2013 - 00:30
Кытайчадан которулганын жазгылааааачы,
суранам аягын
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#155 03 Июнь 2013 - 06:09
Окуучу кезимде окуган элем,зерикпей дагы бир жолу окуп койсом болчуудай экен.....Детективдерге кызыгуумду жараткан чыгармалардын бирида.......
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#156 03 Июнь 2013 - 08:02
Ч.Абыкеевдин бул чыгармасын бир сынчы "Вульгарно жазылган"
деген эле. Мен баш ийкегем. Кандай болсо да баары бир Айгул Шаршендин бир окулуп унутулчу чыгармаларына караганда ашка-тойго барарлык.
Contra vim mortis non est medicamen in hortis
#157 03 Июнь 2013 - 09:29
))) бала кезде айылдагы чон аталар топтолуп алышып бриллиант жыланды узуун жомок кылып айтышаар эле. ооруданбы же озу ошондойбу тили булдурап тушунуксуз суйлогон ата кобунчо айтып берчу, таятам менен отуруп алып бир созун тушунсом бирин тушунбой кулагымды тикчийтип ойноп кетпей укчу элем.
#158 03 Июнь 2013 - 14:40
Аябай кызык китеп экен. Рахмат, автор!
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#159 03 Июнь 2013 - 17:22
Мен да окуган элем,жакшы чыгарма.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#160 04 Июнь 2013 - 02:50
бул китептин автору, Чолпонбек Абыке уулу деп журот. кытайлар кочуруп жазган эмеспи? кытайлардан Чолпон байке кчургонбу?

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия