Чынын айтканда не деп баштаарды да билбей турум. "Көп эле нерсени жазып берем го?" - деп ойлоп жаттым эле, негедир колума эч нерсе илешпей жатат. Кара курсак өзүнөн кабар берип жаткандан улам го
Бул жакта көп эле форумчулардын чет жакта окуп же иштеп же дагы бир башка иштер менен саякаттап жүрүп, анан ошол жүргөн өлкөлөрү жөнүндө толугураак маалымат же тактап айта турган болсом, ошол адамдын (кыргыздын) көзү менен ошол өлкөдөгү абалды, элдин менталитетин, салт-санаасын, ал жакта орноп калган адаттарды же саясий акыбалды. күнүмдүк турмушту - иши кылса биз интернеттен таап окуй албай турган маалыматтарды бул жакка жазып койбогонуна ичим чыкпай жүрчү эле. Азыр деле чыкпайт..
Балким, бул менин баштап берген темам, башкаларга да таасир берип алар да өздөрү күн өткөрүп жаткан өлкө тууралуу азыноолак болсо да маалымат берип кете ала турган темаларды ачышаар же болгон темага кызыктуу маалыматтарды калтыраар деген үмүт менен ачып жатканым. Неси болсо да мен баштап берген теманы демиңерди ичиңерге катып, кунт коюп окуп, анан да маданияты, тили, дини ар кыл Индия өлкөсү тууралуу жөпжөнөкөй кыргыз жаранынын көзү менен көрүлүп, ошол эле адамдын колу менен терилген тексттеги баяндан кызыктуу маалымат алууга кош келгиле деп айтмакчымын!
Кош келгиле!

Супер-Инфо
super.kg
видео













