17 февральда Москва шаарында «Зирек Club» тарабынан уюштурулган «Жекшемби күнкү мектеп» долбоорунун ачылышы болуп өттү. Долбоордуннегизги максаты Москвада жашаган мекендештерибиздин балдарына кыргыз маданиятынтаанытуу жана кыргыз тилин үйрөтүү. Сабактар мектеп жашындагы жана бакча жашындагы балдарга багытталган.
Сабактарда музыка, сүрөт тартуу, баарлашуу аркылуу кыргызтили жана маданияты таанытылмакчы.
Долбоордо орус тилин билбеген окуучубалдарга да орус тилинен акысыз сабактарды өтүү пландаштырылган.
Долбоор Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жунусов Болот Төлөгөнович жана элчинин биринчи катчысы Алмаз Асанбаевдин көмөк көрсөтүүсү менен ишке ашырылды. Сабак өтүүчү жай Бүткүл Россиялык Кыргыз Конгрессинин Президенти Кожоев К.Ш. тарабынан акысыз берилүүдө.
Долбоордун уюштуруучулары чыгымдарды толугу менен өз тарабынан каржылап сабактарды акысыз өтүүдө. Уюштуручулар өздөрү да эмгектенишкендиктен,
сабактарды жекшембикүнгө коюшкан.
Сабактар ар жекшембикүнү саат 11.00ден саат 14.00кө чейин өтүлөт.
11.00-12.00 – бакча жашындагы балдарга
12.30-14.00 – мектеп жашындагы балдарга
Сабактар ВВЦда (Жалпы Россиялык Көргөзмө Борборунда - Всероссийский Выставочный Центр) жайгашкан, №4 Кыргызстан павильонунда,
202 кабинетте өтүлөт(ВДНХ метросу).
Кошумча маалыматты www.zirekclub.
ru сайтынан ала аласыздар.
Зирек Club - Жекшемби күнкү мектеп Москвадагы мекендештер үчүн
#3 15 April 2013 - 13:19
Билбейм, бекерчилер эле барбаса, биздикилер базар кунуда иштешет.
Учурда клубда 3 группа бар.
Бакча балдары 15 чактуу, ар сабакта эң азында 7-8 бала катышат, орус тилин үйрөнүп жатышат
Мектеп окуучулары кыргыз тили: 3 окуучу, арасында кыргызчаны үйрөнгүсү келген орус кыз да бар
Мектеп окуучулары орус тили: 3 окуучу, орус тилин өздөштүрүп сентябрьдан Москванын мектебине окуганы максат коюшкан.
Үйдө бекер деле отурушкандар толтура балдарын алып келип кетишсе болот.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#4 20 May 2013 - 17:08
Жыл жыйынтыгы.
17 февральдан тарта ар Жекшемби сабактар өтүлдү. Албетте, жаңы баштагандыктан көп нерсеге жетиштик деп айта албайм. Бирок бакча жашындагы балдардан 20 чактуусу сабактарга катышты (албетте ар дайым келгендердин саны жетөө эле болду, калганы бир келип бир келбей жатты)
Мектеп окуучуларынан кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендер учурда үчөө эле болду, ал үчөөнүн бири орус улутундагы кыз. Бирок ал да жок эмес. үчөө болсо да сабактар улантылды.
Мектеп окуучуларынан орус тилин үйрөнгүсү келгендер көбүрөөк болду. Жалпысынан сабактарга 7-8 окуучу катышса, ар дайым катышкандар үчөө гана болду.
Окуучулардын аздыгы биринчиден уюштуруучулардын катасы деп ойлойм, балким жакшы жайылтылбай калды. Жарнамага жакшы көңүл бурулбады дегендей.
Сабактар толугу менен акысыз өтүлдү жана акысыз өтүү улантылат.
Бул сезондо акыркы (жыйынтыктоочу) сабак 2 июнь болот. Андан кийин долбоор күзүндө ишин кайрадан жаңылайт, бирок эң азында жумасына 3 сабак уюштурууга аракет жасалмакчы. Жана ошону менен бирге англис тили сабактары кошулмакчы.
Зирек Club менен бирге Жашоого зирек болгула достор.

#5 23 May 2013 - 15:10
Бул жерде башка ММК тарабынан даярдалган макала бар болчу.
Кайсыл жерден алынганын жазганы болбогондуктан (маңызы окшош сайттары жарыялоого болбойт) алып салууга аргасыз калдым.
Себеби форумда жарыялоого болбосо мен да маалымат булагын белгилебестен жазууну каалабайм.
Кайсыл жерден алынганын жазганы болбогондуктан (маңызы окшош сайттары жарыялоого болбойт) алып салууга аргасыз калдым.
Себеби форумда жарыялоого болбосо мен да маалымат булагын белгилебестен жазууну каалабайм.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#6 23 May 2013 - 22:57
Каап,екатеринбургда болгондо барбайт белем,эми эмне болот.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#7 24 May 2013 - 03:32
Каап,екатеринбургда болгондо барбайт белем,эми эмне болот.
Эгер муктаждык болсо ал жакта да ачылат деген үмүттөмүн.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#8 24 May 2013 - 12:45
Эгер муктаждык болсо ал жакта да ачылат деген үмүттөмүн.
Айтканыз келип,биз жаккада ачылып калса,жан дилим менен кыздарымды алып бармакмын.Балким Екатеринбургдун элчилигине сунуштап короорсуздор, долбоорду биргеликте алып баралы деп.Орусиянын ар бир облунда ачылып калса кана,кыргыздын коонорбос мурастары эскирбей муундан муунга отот беле.Эн эле жонокойу тилибиз сакталмак,киргиздердин сабаты жоюлуп
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#9 25 May 2013 - 02:58
Айтканыз келип,биз жаккада ачылып калса,жан дилим менен кыздарымды алып бармакмын.Балким Екатеринбургдун элчилигине сунуштап короорсуздор,
долбоорду биргеликте алып баралы деп.Орусиянын ар бир облунда ачылып калса кана,кыргыздын коонорбос мурастары эскирбей муундан муунга отот беле.Эн эле жонокойу тилибиз сакталмак,киргиздердин сабаты жоюлуп
Буйруса. Алгач Маскөөдө бир системага туураланып калса. башка региондорго да ачуу мүмкүнчүлүк болот. Балким ал жакта да кайдыгер эмес инсандар чыгып ачып калышса андан да сонун болот.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#10 03 June 2013 - 05:02
Сабактар жыйынтыкталды.
Эң негизгиси аз болсо да бир башталыш болду. Бул жыл так 3,5 ай сабактар уланды, анан башка окуу жайлар сыяктуу эле 2-июньдан тарта Зирек клаб да жайкы эс алууга жолдомо алды. Жайкыга пландар албетте көп. Эң негизги максат, күзгө чейин сабактарды өтүү үчүн бөлмө табуу, аны окуу жабдуулары менен камсыздоо, мугалимдерди табуу жана күзүндө баштала турган сабактарды системалаштыруу.
Албетте негизги принциптер белгилүү: мекендештерибиздин балдарынын өз эне тилин, маданиятын унутпоосун камсыздоо менен бирге, шаарга жаңы келген балдарыбызды орус тилин үйрөнүүсүн камсыз кылуу менен бирге коомчулукка социалдаштыруу. Ошону менен бирге эки группага тең күзүндө англис тили сабактары киргизилет, себеби дүйнөлүк тил деп саналган англис тилин билүү аркылуу бүт дүйнөгө жол ачылат, кантсе да дүйнө бир гана Кыргызстан жана Россиядан ибарат эмес.
Ал эми бул билдирүүлөрдү окуп жаткандарга иштин ийгиликтүү улануусуна тилек кылса клубтун ишин илгерилешине кошкон чоң салымы болот деп ойлойм.
Көп түкүрсө көл болот демекчи, кеңешип кескен бармак оорубайт, ошондуктан кандайдыр бир ойц пикирлер жана сунуштар болсо клубтун уюштуруучулары ар бир сунуш четке кагылбастан карап көрүлөт. Кандайдыр бир бир жакшы кеңештер бар болсо, тартынбай айта бериңиздер.
Жай бою жасала турган иштер көп жана ар аткарылган жумуш же жетишкендик тууралуу клуб уюштуруучулар сайт аркылуу же болбосо форум жана социалдык тармактар аркылуу кабарлап турмакчы.
Эс алууңар көңүлдөгүдөй өтсүн.

Супер-Инфо
super.kg
видео