эххх жакты мага дагы,,,жакшы саякат болуп келиптир аа,озумчо эле мен да ал жакта жургондой болдум....
Чыңгыз хандын мекенине (Монголия) саякат Монголдор чындап эле САСЫК болушабы?
#122 25 July 2012 - 17:33
#123 25 July 2012 - 19:54
#124 27 July 2012 - 13:27
Кийинкисинде “Мага эмне жакты?”, “Монголдор чындап сасыкпы?”, “Монголия Кыргызстанга үлгү боло алабы?” деген суроолорго кыскача жооп калтырам.
Качан жооп калтырат, саргарып кутуп отурам...
«
Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»
#126 28 July 2012 - 10:40
#127 29 July 2012 - 02:13
Мен окуп алып, Монголияга чогуу барып келгендей болдум. Жазылганы - мыкты! (журналист жазганы билинип турат)... кийинки саякаттарынызды да кутобуз
Жашоо ушундай кызык, кээде кутпогон, ойлобогон окуялар болот)))))
#128 02 August 2012 - 19:14
Биринчиден,
жакшылап баштап алып эле жоголуп кеткеним үчүн бул теманын окурмандарынан кечирим сурайм. Убакыт-шартка шылтаганым менен, экинчи жактан оюмду жыйнап, бир пикирге келейин дедим. Анда эмесе, алгачкы суроого жооп берүүдөн баштасак...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#129 02 August 2012 - 19:15
“Мага эмне жакты?”
Эгерде Монголия сапарындагы үч эң жаккан нерсеңди айт десе, ойлонбостон: “Чыңгызхандын эстелиги, Наадам күнүнө карата фестиваль, албетте тамак-ашы! ”,-демекмин. Эгерде теманы баштан-аяк окуп чыккан болсоңуз, сиздин пикириңизди билүү мага да кызыктуу болмок...
Чыңгызхандын эстелигинин комплекси аягына чыккандан кийин да көрүп келүү ырыскысы алдыда тургандыр. Азыркысы долбоордун башталышы гана! Эстелик менен дарбазадаяр болгону менен алдыда аны курчоочу жүздөгөн боз үйлөр күтүп турат. Келечекте бул комплекс дүйнө туристтерин азгыра турган кайырмак болот. Эң негизгиси капчыгын какшытып коюучу жайга айланары бышык. Мындай комплекстер акыркы жыйырма жылда Кыргызстанда деле курулуп жатты. Бир мисал, Манастын эстелиги Таласта, анан Бишкекте Манастын айылы да бар. Канчалык Манас деп төш каккылаганыбыз куру окшойт. Же эстеликке бөлгөн эстелик ар кимдин кекиртегинен өтүп отуруп, кенедей болуп калабы, билбейм, айрыкча Ала-Тоо аянтындагы акыркыМанастын эстелигин чоочун бирөөгө көрсөткөндөн да уялып калат экенсиң...(((
Эми Наадамга келсек, сүрөттөрдөн байкаган чыгарсыз, улуттук кийимге болгон сый-урматтын жогорку деңгээлин... Өз каада-салтын алаканга салып, өзгөчө кастарлаган калк гана маданиятын ийне-жибине чейин сактап калса керек. Улуттук кийимдин көп түрдүүлүгүнөн баш айланат. Жайкысы, кышкысы, майрамдык, карапайым күнүмдүгү... Биздечи? Чыныгы кыргыздар Нарында дешет, мени эч ким жаман көрбөсүн, бирок соңку үч аптадан бери хиджаб, узун чапан кийгендерди көрө берип, дагы үч жылдан кийин Нарын кандайдыр бир мусулман өлкөлөрдүн бир облусуна, вилаятына айланып калса, эч таң калбайм. Ош, Бишкек, же Көлдү да айтпайм. Анткени ал жакта бул маселе дагы таалуу... Монголдор буддист экен, эмнеге баары кечилдей кийинип алган эмес? Кыргыз оома калк десек, чычалабасак жарашат.
Тамак-ашты анчалык мактабайм, бирок жакты. Биздин бешбармак аларда жок, биздин максым-шоро аларда жок, биздин шишкебек аларда жок. Бир гана экс-президенттин сөзүн кыстарып кетким келет. “Карагычалы, түз аба каттам ачылары менен түрктөр жаңы аймакты таанып келүүгө ашыга жөнөшүптүр. Эртең эле алар Бишкектегидей кафелерди Монголияда ача башташат. Эмнеге кыргыз ишкерлери ошондой эле кафелерди ачаалышпайт? ”... Ойлонсо болот, туурабы?
Канчадеген кыргыз ишкерлердин ити чөп жеп, өсүп-өнүгүп жатат. Акча эч качан ашыкча болбойт.Түрктөр ээлегенге чейин эртерээк барып, рынокту басыш керек дегенге кошулам.Ашканабыз окшош, этти сүйгөн калк экенбиз. Менимче, монголдор жан деп, кыргыз ашканаларына баш багышмак...

#130 02 August 2012 - 19:18
“Монголия Кыргызстанга үлгү болоалабы?”
Ишенимдүү түрдө “ооба”! Биз үлгү алчу учурлар жетиштүү. Ошол эле 6 пайыздык ипотека,электрондук шайлоо процесси, көчмөндөр күнү...
Монгол президенти да ушул тизмеде. Биринчиден, бул кишинин учагы жок экен. Ал президенттин жеке учакта учуусун ашыкча чыгым деп эсептеп, кадимки монгол авиакомпаниясынын каттамдары менен учат. Экинчиден, дүйнөлүк коомчулук аны “жашыл лидер” депаташат. Анткени ал бийликке келери менен жыл сайын эки жолу өлкөдө масштабдуу бак тигүүнү уюштуруп баштаган. Биздикилер деле ишембиликке чыгышат дечи,курсактарын жабышкан футболкаларга тысырайтып алып, бирок бирөөсү да эл алдына чыгып “баланча күнү, түкүнчө жерде бак тигели” деп ооз учунан айтканы менен ошол бойдон унутта калат.
Улан-Батор шаарындагы курулуш. Өзүнчө тема кылууга арзыйт. Бишкекте деле кайсы көчөнү караба, атүгүл алты ай бою бир районго барбай калсаң, кийинки жарым жылдыкта ал жакка бийик имарат түшүп калганын байкап жатпайбызбы. .. Канчалык бизне сборборлору, турак-жайлар тургузулган сайын баа ошондой асмандап эле бара жатат.6 пайыздык ипотека бизде качан болот, билбейм... Элдин тиленгени ал эмес, дагы бир төңкөрүлүш болбосо, араң топтогон товарларымды мародёрлор тоноп кетпесе, иши кылып, бүгүнкү президент, премьер жана башка чиновник-депутаттар ынтымактажашашса экен дешет. Чынбы? Биздеги ипотека туура беш эсе жогору, анан качан жаштар үйлүү болот?
Билимдүүлүк. Ал толкун бизге деле келген, англис тилдүүлүктү айтам. Бирок Кыргызстанда эне тилден кийинки доминанттыкты орус тили бере элек. Постсоветтик мейкиндик деген куру шылтоо! Мына, Грузияны, же Арменияны алалы, алардын жаштары орус тилге караганда англис тилди ышкыртат. Биз кичинекей мамлекет экенибизди, баары бир ааламдаштыруу процессине баш ийүүгө мажбур болорубузду моюнубузга алышыбыз керек. Орусияны ордуна отургузуп, албетте, акырындык менен, экинчи тил катары англис тилине мамлекеттик деңгээлде өтө беришибиз керек. Антпесе кеч калчудайбыз. Антпесе кыргыз жаштары кыйналчудайбыз. Миңдегендер орус тилди эптеп кетем деп, Москвага же дагы бир Орусиянын шаарына жөнөшөт. Эгерде ошолор англис тилин да билгенде, жол кирени карызга алып болсо да, Европага, АКШгакетмек. Таз баштардын кордугу жок ал жакта. Айлыгы да салыштырмалуу жогору. Эң негизгиси ал жактан көп нерсеге үйрөнүп, өсүп, жетилип келет.

#131 02 August 2012 - 19:21
“Монголдор чындап сасыкпы?”
Кетерде“фуу, сасыктарга кетип жатасыңбы” деди эле бирөө. Ар бир элдин өзүнө таандык жыт болот эмеспи, сасыкпы, жыпар-жыттуубу, ар кимдики өзүнө ширин...)))
Чет жерде көп жылдар бою жашап калган тааныш-достор, тууган-туушкандар тамашалашып: “Манас” аэропортуна түшкөндө эле, эттин жыты келет. Мовундай... Бир...Казы-картанын жыты мурдуңду жарып жиберчүдөй болот”,- дешет. Жегенибиз эт болсо, албетте, денебизге сиңип бүтөт эмеспи...
Монголиянын аэропортунан түшөрүм менен 60 миллион төрт түлүк малдын жыты деле келбеди.Бирок мейманканадагы бөлмөгө киргенде бир кызыктай жыт келди, кичинекей мурдума...))) Бирок он-он беш мүнөттөн кийин ал билинбей деле калды. Ошол эле жытты кийин Ак үйдүн ашканасынан байкадым. Негизи ашкананы таппай жатканбыз да, анан жыты келип, ошонун изи менен жетип барбадыкпы. ..))) Кадимки эттин жыты!
Боз үйгө деле кирдик. Монголдор менен жанаша жүрдүк. Бирок, чындап сасык дегенден түк алысмын. Антпесе, алты күн кантип чыдамак элек?..)))
Ушуну менен тема да аягына чыкты окшойт. Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!

#132 03 August 2012 - 12:14

Сизге чооон рахмат, калеминиз курчуй берсин, зор-зор ийгиликтерди каалайм.
#133 03 August 2012 - 13:25
Калеминиз курчуй берсин демекчимин.
...

Эх кандай сонун саякат болду эээ...

Терен ыраазычылык! !!
Эх кандай сонун саякат болду эээ...
Терен ыраазычылык! !!
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
#134 03 August 2012 - 19:36
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#135 03 August 2012 - 20:17
adalsvards
сага чоң рахмат!Аягына чейин жазгыча сериaл күткөндөй эле күттүм го чиркин.Бир сыйра Чынгызхандын урпактары менен да таанышып алдык.Мындан ары дагы көп-көп жерлерге саякатка барып,бизге жазып тур ээ,калемиң курчуй берсин!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#136 03 August 2012 - 23:31
Абдан мыкты баяндалыптыр.
Монголияны мен да коргум келип кетти. Кызык,баш аягы канча каражат сарпталат болду экен коруп келгенге
#137 04 August 2012 - 12:16
Демек САСЫК эмес экен деп ойлоп калдым...Бардык форумчулардын оюна кошуламын эн жакшы жана тушунуктуу жазылыптыр.
..Мага да жакты азаматсыз!
!!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#138 04 November 2012 - 04:38
Университеттери жөнүндө кандай маалыматтар бар? Менин тааныш монголдорум (
) айтышып жаткан: "Казактар келип окуйт", - дешип. Ушул маалыматтын чын-төгүнүн билбейсиңби?
Ал казактар Казакстандын казактары эмес, Моңголиянын батышындагы этникалык казактар...
"Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу" Ч.Айтматов
#139 16 May 2013 - 19:58
Эми Наадамга келсек, сүрөттөрдөн байкаган чыгарсыз, улуттук кийимге болгон сый-урматтын жогорку деңгээлин...
Өз каада-салтын алаканга салып, өзгөчө кастарлаган калк гана маданиятын ийне-жибине чейин сактап калса керек. Улуттук кийимдин көп түрдүүлүгүнөн баш айланат. Жайкысы, кышкысы, майрамдык, карапайым күнүмдүгү...
Биздечи? Чыныгы кыргыздар Нарында дешет, мени эч ким жаман көрбөсүн, бирок соңку үч аптадан бери хиджаб, узун чапан кийгендерди көрө берип, дагы үч жылдан кийин Нарын кандайдыр бир мусулман өлкөлөрдүн бир облусуна, вилаятына айланып калса, эч таң калбайм. Ош, Бишкек, же Көлдү да айтпайм. Анткени ал жакта бул маселе дагы таалуу... Монголдор буддист экен, эмнеге баары кечилдей кийинип алган эмес? Кыргыз оома калк десек, чычалабасак жарашат.
Сиз да мени жаман корбонуз, бирок сиз да бул маселеде адилеттуу коз карашынызды айтпаптырсыз. Чындыгында хижаб, чапан кийгендерге караганда батыш кийимдерин кийгендер Кыргызстандын илибой жеринде басымдуулук кылат. Жада калса (адашпасам) Монголияга барган кыздарыбыздын бироосу эч уялбай нетпейле шортачан журот. Улуттук кийимге куйгонубузду билдиргенде аз сандагы хижабтууларга асылбастан, толуп жаткан батыштын кийимдерин кийгендерге асылсак кантет? Мен озум да батыштын кийимдерин кийем. Ошондуктанда калп эле патриот болуп улуттук кийимге куйгондой тур корсотпоймун. Куйгон адам озу биринчи кийип улгу болсун. Озу кылбай туруп башкага кантип айтат тушунбоймун. ..
Анан да буддизмде атайын кандай кийим кийуу керектиги тууралуу корсотмо берилгенин билбейт экенмин. Ал эми Исламда бул боюнча корсотмо берилген. Айырмасы тушунуктуу эле го.
Тема жакшы жазылган. Монголия жонундо коп нерсе билип алдык. Ал эми аягында сиз чыгарган жыйынтыктардын баарына кошулбасымды билип алдыныз.
Маалыматтар учун ырахмат!
#140 16 May 2013 - 20:32
Козум жабылып корбой калыпмын, чын ле сериал экен, мдааа жакшы жазыпсын Адальс таппаганын жок ай, анан теманын атын анан акыркы бетин окуп алып коммент жазгандарга
. ...Буйруса улуттук кииймдерге коп маани берилип,жаштар да кызыга баштады го, умут кылалы эми..
Да ар бир улутта жыт болот, мен кореецтерден, орустардан коп уккам фуу кой жытанасынар дегенди

Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...

Супер-Инфо
super.kg
видео