Экинчи кабатка чыгып, кууш коридор аркылуу дагы бир кабатка көтөрүлүп, Чыңгызханды жакындан, тагыраагы маңдайынан да көрдүк. Каштары бириккен өзүнчө эле, темирден жасалганын,
жандуу эмес экенин билсең да, коркутат адамды. Энем болгондо “кейпиң менен жерге кир, түрү суук” демек... Тарых менен адабиятты жатка билген ал киши Чыңгызханды анчейин сүйбөйт, жок, жек көрөт. Бешиктеги ымыркайдан бери кылычы менен матырып кетсе, албетте, “кан ичкич” дей турганы бештен белгилүү.
М-даа. Чыңгыз хандын бытыранды моңгол урууларынын башын бириктирип бир мамлекет, болгондо да күчтүү мамлекет кылганы эле болбосо, калган канкордугу үчүн эчендер каргыштаган болушу керек.
Шаардыктар менен айылдыктардын ажырымы кандай экен? Колхоз жана мырк деген сыяктуу сөздөр колдонулат бекен дегеним да.

Супер-Инфо
super.kg
видео



















