"Махабат мазары" (Канат менен Зарина) Жыпар Исабаева
#21 11 Август 2012 - 01:48
- Апа, уулунуз жетиге али жете элек экен. Эмдиги жылы алып келиниз! - деген мугалим.
- Айырмасы эки эле ай эмеспи, баламды бозала кылбай ала бер, балам. Озу да зирек, айланайын. Тамганы бут билет.
Шааркул апа мугалимге жалынып, суранган болчу. Алардын эмне жонундо суйлошуп атканын андап, билип аткан кичинекей Канат анда апасые жалдыратып, укпай аткан ошол эжекени жек коруп кеткен.
Унулдап ыйлаган Канатты сумкасы менен кошо жонуна которуп алып, таенеси жол бою ага жалынып-жалбарып сооротуп барган.
Корсо, Зарина экоону тагдыр ошондо бири-биринен катып, ала качып, убакыт-сааты жеткенде гана сагыныч, энсоо менен кезигишсин деген го. Так ошол Канат ыйлап кеткен куну Зарина да ата-энеси менен келип, так ошол эжекеге катталып, биринчи класска кирген. А тугул жолдо келатып, Канат жашаган 141-уйдун биринчи кабатындагы китеп дуконго киришкен эле.
* * *
Канат жайда Кыргыз - Орус Славян университетине отту. Эки ашыктын ошондогу кубанганын сурабаныз!
- Куттуктайм менин кеменгерим! - деди кыз жетип эле жигиттин мойнуна асылып:
- Мынакей, сен дагы ошентип студент болдун. Кудай буюрса, биздин болочок " мамлекетибиздин " пайдубалы туптоло баштады. Бугун сен анын алгачкы кышын койдун. Куттуктайм сени! Менин эн сулуу, эн келишимдуу, эч кимге окшобогон жанюиргемсин. Канатым, менин!..
Ангыча, Заринанын чонток телефону безилдеп ийди.
- Алло, - деген кыздын ону сустайып, эмнегедир озгоруло тушту да, телефонду очуруп койду.
- Ал ким экен?- деди Канат.
- Эч ким.
- Ким? - кайра сурады Канат.
- Канат чынымды айтсам, мен учун сенден башкалардын бардыгы тен эч ким эмес!
Канат унчуккан жок. Экоондогу тен эми элеки шайыр кулку токтоп, томсоруп отуруп калышты.
- Зарина, кел уйлонуп алабыз? - деди ангыча Канат баягы сунушун дагы киргизип.
- Эртерээк, - деди кыз.
- Эмне учун эрте?!
- Уйлонгон сон, бала-бакыра деген болот да, ыраспы?
- Болсо эмне экен?
- Келесоом менин! - Зарина тултуя тушкон жигитин эркелете. - Озубуз аз келгенсип, балдарыбызды да ата-энелердин мойнуна мингизип койсок, акылга сыйбай калат го? Окууну бутолучу, адегенде. Анын устуно коп балалуу болобуз дейт эмессинби...
- А сен баарын чогуу торобойсун да!
Каткырып кулду кыз:
- Албетте. Ошентсе да.
#22 11 Август 2012 - 12:41
- А сен анчалык коркпой эле кой, мен балдарымды эч качан сенин ата-энене жук кылбайм! - деди Канат. Заринага анын " менин, сенин " деп болунгону оон учурап кетти:
- Эгер мен кааласам, балдарымды эч кимге бербей, оз уйумо эле багып алам! - деди ал да.
- Орус кыздын сени бакканы эле жетет!
- Канат?! - Зарина чындап чычалады. - Эмне деп атасын?
- Эмне уксан ошо деп атам!
- Болуптур, - деди кыз машинадан тушуп кетип атып. - Жакшы кал!!!
Эшикти " тарс " жапты да, озунун Хундайына отуруп, заматта " зуу " этип коздон кайым болуп кетти. Эмне болуп кеткенине тушунбой копко отурган жигит Зарина кеткен тарапка бир аз журуп, бирок капысынан эле онго буруп кетти.
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 13 Август 2013 - 10:53
#23 12 Август 2012 - 00:30
Жол жээгине токтоп, рулга обоктой бир азга отурду. Эмнегедир журогу тез-тез кагып, кайышып атты. Ошондон улам: " Канатчы? -деди озуно-озу суроо берип. - Менин соо журогум ушунча тупойул болуп ооруйт?.. "
Коз алдына Канаттын баягы эриндери кеберсип, суналып тошокто жатканы элестеп кетти. " О, жок! Жок! Анын бетин ары кылсын! Кечирчи, мени Канат? Кечир? Канатым, менин!.. " Колдорун майда калтырак басып, Канаттын телефон номерин шашылыш терди: " Ту-ут! Ту-ут! " " Телефонду которчу, Канат? Кечирчи, мени Канат?.."
- Да? - деди ангыча Канаттын суз уну.
- Канат, кечирчи мени? - деди Зарина. - Угуп атасынбы, Канат? Келчи, кайра кезигели?
Азга унчукпай калып, анан: - Кайдан жолугалы? - деди Канат да таарынычы тарагандай шар кетип.
- Биздин трассадан!
- Жарайт!
Коп отпой эле ээрчишкен эки машина баягы, " Манас " аэропортуна кетчу трассада бири-биринен отуп, зуулдап баратты.
- Алло, - деди Зарина сарсанаа болгондой, бат эле кайра телефон чалып. - Алло, Канат анчалык катуу айдаганга болбойт. Алло, угуп атасынбы, Канат?!
Алдыда бараткан Канат ылдамдыкты азайтчудай эмес.
Акырында Зарина Канатка тенеле тушуп, козго илээшпей анан алда кайда алыстап, алдыга кетти эле, эми Канат конгуроо какты:
- Алло, Зарина?!
- Да? Мен сизди угуп атам, мырза!
- Анчалык катуу айдаба деп атам! - чындап эле буюра айттты улан. Ылдамдыкты азайт деп атам!
- Азайттым жаным. Азайтмак турсун, токтоп сизди кутуп атам - деди.
- Корунбойсун го?
- Келе берсениз коросуз да!
#24 13 Август 2012 - 22:02
- Экинчи мен сени менен ойнобойм, - Канат чындап ачуулана айтты.
- Неге?
- Ошого! - деп анан:
- Кел анда элдешели. Бирок экинчи катуу айдабайм деп убада бер? - деди.
- Болуптур, - деди кыз. - Анда сен да экинчи мени таштап алдыга кетпейм деп убада бер?
- Жарайт, келе колду...
Экоо ушинтип турганда Заринанын телефону кайра дагы безилдеди.
- Алло? - деди кыз.
- Зарина, телефонду койбосонуз, - деди ары жактагы жигиттин уну. - Мени уксаныз, Зарина?! Алло, алло?..
Жанагыдай болуп, кайра да ону сустая тушкон Зарина керилип туруп, туш келди эле телефонду ыргытып салды:
- Мына сага! - деди белгисиз ким бирооно ачууланып, - Очургон жокмун, эми каалашынча суйлошо бер!
- Ким ал?! - деди Канат Заринага жан тарта. - Эмне керек экен ага?!
- Билбейм! - деди кыз. Кепке созго тушунбогон бироо да!
" Кап, бул тууралуу Канат билбей эле койсо болмок! - деп ойлогон кыз телефонду очуруп салбаганына окунду. - Баарынан да менин номеримди ал кайдан билди?! "
- Заринка, - Канат таарыныч аралаш ун катты, - Биздин бири-бирибизден жашырган сырыбыз жок го дечу элем?..
Кыз туюкка кептеле тушту. Арга издегендей жигиттин кокурогуно тумшугун катып, ашыгынын тааныш, жагымдуу илебинен кере-кере жыттап алып:
- Ал... аталаш агам болот! - деди калп айтып. Оюна ушул келе калганына озу да кубанып кетти.
- Жигит менен суйлошпо, эшикке чыкпа! Сага али эрте дейт.
- Ал башта каякта эле? Мурда айтчу эмес элен го?
- Айылда болчу. Азыр уйдо, убактылуу меникинде жашап атпайбы...
Канат ишенди. Бирок, телефон чалган ошол жигит аны сыртынан жек коруп, кандай гана болбосун Зарина экоонун ортосун суутуп, кызды озуно имерип алууга аракеттенип, ар кыл айла-амалдарды ойлоп жургонун билген жок. Озунун чойросундо " шеф " аталган ошол жигит баягыдан кийин Заринаны тажатчу болгон. Зарина албетте ага бой салчу эмес. Тескерисинче ансайын жек коруусу ырбачу. Ансайын тигил да кошоруп, жабышты да калды. Атугул аз эле убакыттын ичинде кыздын ата-энеси, ата-тегинен бери изилдеп билип алды.
#25 21 Январь 2013 - 03:25
- Угуп атам, -деди Канат уйку-соонун ортосунда.
- Алло, Канатсыңбы? Кандай жубарымбек? ! - деди кимдир бирөө.
Канат саатты карады. Түнкү экиден отуз беш мүнөт өтүптүр.
- Ким бул?! - деди бейтааныш опузадан көзү ачыла түшкөн бала.
Эмне жүрөгүң түшүп кеттиби, бок жүрөк?! - тигил ынтыга кекээрлей сүйлөдү. - Айтмакчы, бу сенин кайсы каадалуу жүрөгүң бар эле ыя?! Ха-ха-ха!..
- Алло, ким бул?!
- Сен мага жакпай жүрөсүң балакай! - деди тигил күлгөнүн токтото коюп. - А бирок сен Пайгамбар да, Кудай дагы эмессиң да, ыраспы?!
- Кимсиң сен?!.
- Тим эле тигини кара! Эмне чочоңдойсуң? ! Менин ким экенимди билгиң келсе билесиң жакында!
Байланыш үзүлүп, телефон " тутулдап " калды: " Ту-ут! Ту-ут!.. "
" Кызык ким бул?.. " Андан кийин кайдагы уйку? Бирок табышмагынын жообу көпкө чейин табылган жок. Бир убакта эсине Заринанын " аталаш агасы " түшүп кетти. Ошол деди ичинде. Жана ага каяша кылып катуу сүйлөбөгөнүнө кубанып кетти. Канткен менен Заринкамдын агасы да, - деди оюнда. - Анын үстүнө ичип алган окшобойбу...
Ошондон кийин гана санаасы тына көзү илинип кетти.
- Түндө мага сенин аталаш агаң телефон чалды, - деди эртең менен университетке бараткан жолдо Заринага чалып. Адегенде Зарина:
- Ким?! - деп алып анан өзү ойлоп тапкан аталаш агасын эстей коюп, жүрөгү опкоолжуп кетти:
- Анан?!
#26 22 Январь 2013 - 22:41
#27 13 Август 2013 - 10:56
Aziku007 (11 Октябрь 2012 - 10:34) жазган:
Ashurova- gulida (21 Октябрь 2012 - 02:56) жазган:
bakyt_9393 (13 Ноябрь 2012 - 13:01) жазган:
#28 14 Август 2013 - 17:28
айтты.Сыягы, ага менин жүрөгүм жакпайт окшобойбу... Канткен менен сен үчүн кабатыр
болотго, агаң эмеспи.
– Наадан десе! – деди кыз ачууланып, – Кыйындыгын карасаң. Канат, мен сенден
суранам, соткаңды алмаштырчы? Ага чейин өчүрүпэле таштасаң, Канат? Сүйлөшпөчү
экинчианы менен!
–Мен бир нерсеге такыр түшүнө албай атам, Зайка. – Канат чын оюн айтты. – Андан
эмнегеанчалык коркосуң? Эгер мен ага азыр эле барып жолуга кетсемчи?
–Жок, жок, Канат! Ага жолугуунун анчалык деле кажети жок. Эң негизгисиэкөөбүздүн
тилегибиз, дилибиз бир эмеспи.
–Ошентсе деле...
Акырычындыкты айтуу керек экендигин түшүнгөн кыз:
–Канат, анда кечинде жолугалычы. Мен сага ал тууралуу баарын айтып берем, –деди.
** *
Экинчидарста эшик такылдап, сыртка баш баккан лектор:
– Канат Дайырович, эшикке чыгып келиңизчи! – дедибеймаал келип сөзүн
бөлгөндөргөда, Канатка да нааразы болгондой кабагын чытып.
Аныкоридордо бейтааныш экөө күтүп туруптур. Бири лөкүйгөн кара жигит. Экинчиси
агакарама- каршы – эжигейдей сары, чилбийген арык неме экен. Адегенде адеп сактап:
–Салоом алейкум! – деди Канат кол узатып. Бирок тигилер алик алган жок. Кичинеси
колунсунуп келатып, жанындагынын кекирейип, чыйрыйган кебетесин бир карап алып,
колункайра тартып ала койду. «Заринанын агасы болсо керек», – деп ойлоду Канат өзүн
бутунунучунан төбөсүнө чейин сыдыра тиктегенжигитти. Канчалык ичинде тигини
жактырбайатканы менен өзүн сабырдуураак кармап, токтоо болууга аркеттенип:
–Эмне айтайын дедиңиз эле, кулагым сизде? – деди.
«Мунуногеле маданияттуу, сыпайлыгын көр! – деди оюнда тиги. – Балким, Заринага
булошонусу менен жагаттыр? Болбосо, башкалардан анчалык деле артыкчылыгы жок
го?»
Анткенменен «Жакшы сөз жыланды ийнине киргизет» болуп, эмнегедир мизи саал
кайтарылатүштү. Эми элеки тилинин учунда турган сөздөрү оозунан чубуруп, агып түшүп
калгансып, ортону канчага жымжырттык уялай калды.
– Менин атым – Азык. Балким Заринаайткандыр? – деди бейтааныш жигит бир
убакта.
–Айткан, – деди Канат. Лөкүйгөн жигит Канатка ансайын таң кала карады: «Бумадыра
башэмне мынча сабырдуу?! Же мени теңине албай турабы, же таянган тоосу барбы?
Коркоктуккылып атат дейин десем, жалтанбай тике тиктегенин көр!..»
–Түндө сиз чалдыңызбы? !
Канатанын ошол экенин үнүнөн таанып турса дасөз учугун улагысы келип сурап
койду.
–А эмне, корктуңбу?! – түндөгүсүн кайра да кайталады тиги. – Түшүнсө болот,анткени
жүрөгүң начар эмеспи, балакай! Айтмакчы, ал бечарагаашыкча жүктүн, маселен
махабаттынэмне кереги бар эле дейм да?!
Аныкубаттагысы келдиби, берки эжигей-сары жагымсыз кыткылыктап күлүп ийип,
«шефи»күлбөгөн үчүн го, отко суу куйгандай кайра эле бат жалп деп өчүп, томсоруптуруп
калды.
Канаталарды тоготпогондой, айтпаганы менен жандилинде мыскылдап, аягандай түр
менен болор-болбосжылмайып, бийиктиктен карап турду. Ошону сезип, Азыктын ого бетеричи бышып, бет алдындагы бой-келбети келишкен, керилген кербез уландын
алдындаөзүн бечера сезип кетти...
Заринагажолукканы анын кыял-жоругу кыйла өзгөргөн. Ошол кыздын табитин
тапкысы, жаккысы келип, анын деңгээлине теңелем деп аябай эле аракеттенип айтканы
бу.«Болбосо! .. Баягыдай болгондобу! ..– деди оюнда. – Сени менен эсептешип,эзилишип
турбайтэлем, мадыра баш!»
Кететурган болуп обдулган Канат:
– Мен эми кире берсем болобу?– деди кантсе да болочок «кайнагам» эмеспи
дегендейжол сурап.
Азыксыртында билгизбегени менен ичинде кагаздай ушаланып, эмнегедир мусаапыр
кейпинкийе түштү да:
–Деги, сага эмне керек?! – деди түшүнүксүз.
–Магабы? ! – деди Канат. – Мага сизден эч нерсенин кереги жок!
–Бери кара?! – деди Азык эрөөлдө утулуп калып: «Кепке келели?!» – деген оюнчудай
Канаттыкаруудан кармап токтоо, жоош, үн катып:
– Сенде баары бар, туурабы?! Жаштык,келбет, өң! Сен бир эмес, эки үйдүн эрке,
жалгызбаласысың! Сенин балалыгың барчылыкта, бактылуу өттү! Сен мага окшоп
кенедейкезинде эле эне-атасы арак ичип, таштап кеткен таалайсыз эмессиң! Менин
балалыгымар кимдин колунда, а кийин ар кандай жагымсыз жагдайларда калды! Мен
керекболсо сендей кезде билесиңби, кайда отурганымды? !. Кара курсактын камы үчүн
уурукылгам, киши тоногом! «Карышкырлардын уюгуна» киргем! А бирок мен аял
мээрими, сүйүүсү эмне экенин билбедим! Андайнерсе өзүмдө да болбоду! Мен
кыздарды, аялдарды каалагандай сатып алып пайдаландым! Азыр да акчага денесин
саткандарменин алдымда мышыктай мыёолошот! А бирок, ишенесиңби, кайсы бир
күндөнтартып, менин жандүйнөмдө бир кызыкокуя, жаңылык болду... Менимче, мен
аялзатынанкандайдыр бир башкача нерсени туйгансыдым. Мен сүйдүм окшойм! Бирок!..
Канатбир чети кызыга түшүп, бир чети: «Булардын мага кандай тиешеси бар?» – деп
ойлоптурганда танапис болуп, заматтын ортосунда коридордо студенттер жайнап кетти.
Группалаштарыаны акмалап, атүгүл аз-аз эле арытада күтүп туруп калышты.
– Болуптур, байкеси! – деген Канат «кайнагасынын» жанында андан ары турууга
чамасыжок экенин билдирип, кечирим сурагандай ийнин куушуруп койду да, ал жерден
батэле узап, көпчүлүккө аралашып кирип кетти.
#29 14 Август 2013 - 17:30
Клара- апаиштен кийин кызыныкына кайрылды. Наташа ашканада манты түйүп,
Заринаболсо сууга түшүп атыптыр.
–Кандай жатасыңар?– деди эне бөлмөлөрдү бир сыйра кыдырып карап чыккан соң.
–Жакшы эле, Клара Досматовна, – деди үй кызматчысы. – Жашап атабыз...
– Мантынын устасы болгонсуң го? – деди эне орус кыздын төрсөйтүптүйүп аткан
мантысынмактап.
Наташа:
–Заринанын мектеби да, – деди күлүп.
АңгычаЗаринанын телефону «ырдап», сотканы Клара-апа алды. Анын добушун
тааныйкойгон жигит азга мукактана калып:
–Алло. .. Саламатсызбы? – деди.
–Саламат. Кандай Канат? Окууларың жакшыбы? – деди эне.
–Эң жакшы, эже, – деген Канат адатынча жаркылдады.
–Эже, биздин сүйүктүү, кереметтүү Зайкабыз үйдө бекен?
Эне күлдү:
–Ал азыр ваннада, Канат. Аздан кийин чаласың го.
–Мейли, – деп алып кайра:
–Алло, алло? – деди Канат бир нерсе айтуучудай шашып.
–Айта гой?
–Азык байке менен сүйлөшсөм болобу?
–Ким менен?!
–Азык байкечи? Алиги, Зайкалар менен жашаган?
– Зайкалар менен жашаган?!. Мен сени түшүнбөйатат окшойм, Канат? Зайкалар
мененким жашайт экен? Эч ким жашабайт.
–Аталаш агасычы? Айылдан келди дебеди беле Зайка. Азык байкечи?
Клара- апаНаташага карады. Ал көздөрүн алайтып, оңтойсуздана түштү. Кандайдыр
бирмаанилүү же адаттан тыш бир нерсе болгондо анын ошентип калмайы болотурган.
– Канат, анда азыраак коё туруп чаласың го? – деди эне. – Андайды билбейт,
тааныбайтэкемин. Мен кыздардан сурайынчы.
–Мейли. ..
Абирок Канат андан ары чалбады. Тескерисинче өзүнүн тефонун өчүрүп таштап:
«Агамдеди эле го? Анда, ал ким?! Зайка мени эмнеге алдады? Бул жерде бир сырдын
түйүнүбардай! » – деди оюнда.
–Наташа, Азык деген ким? – деди эне да Канат менен сүйлөшкөндөн кийин.
Булубакта Зарина да суудан чыга келди.
–Ой, апакем?! – деди кубанып, – куш келипсиз!
Эне-балажүз көрүшүп, учурашкандан кийин:
– Кызым, Канат каяктагы «агаң» жөнүндө айтып атат? Түшүнбөдүм, үйгө ким келди
эле?Кимди жашатып атасыңар? Азыгың ким?! – деди.
Кыздарбири- бирин карашты.
–А сиз... ага эмне дедиңиз? – деди Зарина кайра өзүнө суроо берип.
–Эмне демек элем, андайды эч билбейм, бул жерде андай жашабайт дедим.
–И-ий, – деди кыз, – Бүттү баары!..
Энеаңкая карады:
–Эмне бүттү?!
Заринаданболгон окуяны угуп отуруп:
– Кызым, башынан эле чындыкты айтсаң болмок экен, – деди эне. – Эмиделе кеч
эмесго, бирок жөп-жөнөкөй нерсени өтө чийелештирип ийген турбайсыңбы!
#30 14 Август 2013 - 17:45
Айткандайэле, Канат коюу тумандын ичинде калды. Канчалык сыр түйүнүн чечмелеп,
эмнеболуп атканын түшүнүүгө аракеттенгени менен баары бир акылы айран. «Бул эмне?
Өңүмбүже түшүмбү? Зарина – Заринабы же башкабы? Жок, ал абалкы Зарина эместей!
Андаким? ! Ал алдабайт эле!.. Клара эже кантип калп айтсын?. Анда... мен түш көрүп
атамбы? А тигил ким? Ал каяктан пайда болду? Кайда эле, башта?!. А баса ал жана Зарина
жөнүндөайткан го?!. А балким, чын эле ал күнөөлүү эместир? Ал да мендей... чындап эле
Заринанысүйүп, а Зарина ал экөөбүздү тең эки канаттай тең күүлөп, тең сүйүп, тең алдап
жүргөнбү? О, жок! Жок! Ишенбейм! Жалган! Анчалык эки жүздүүлүктү Зарина көтөрө
алмакэмес! ... Ким билет, а чын эле көтөргөнү ушудур?! . Эки сүйүүдөн чарчап, акыры
канатыталып, сүйүүлөрдүн сапары карыдыбы? Билбейм, билбейм!». .
Бирубакта экинчи бир сезими аны түрткүлөдү: «А сен Азыктын өзүнө чалбайсыңбы? !»
«Ырасэле! ..»
Заринагатаарынып, атайылап өчүрүп таштаганчөнтөк телефондун кнопкаларын
баскылапотуруп, түндө чалган абонентти тапты. Саатты карады. Кечээки ошол маал экен.
«Эмнесибар экен?– деди оюнда. – Алделе ушул маалда чалбады беле. Анын үстүнө,
айбыккандайал ким эле мага?!» Жана күндүз ага адеп көрсөтүп, сыпайычылык кылганына
арданды. «Мени коркок дедиң го, ээ? Эми жолук, эр болсоң!» – деди оюнда.
–Алло? ! – деди Канат ызалуу.
–Ким бул?!
–Канат! !!
–Эмне керек?!
–А сага эмне керек?!
ТигилКанаттан мындай кыял менен курчтукту күтпөсө керек, саал буйдала түшүп
анан:
– Эдиреңдеп калгансың го, бала! Сага мине болгон, я?! Эркекболсоң мында
келбейсиңби, эрмектешели? ! – деди.
Арыжактан алагүү өңдүү аял-эркектердин үндөрү угулуп атты.
–Каяктасың? ! – деди Канат. Анын өктөм сураганы тигиге атүгүл жага да түштү:
– Эрсиң го, балакай! Келсең мында кыздарда бар. Кааласаң гарем жасап берем.
Бирок, мага сенден эмне керек экенин билесиң да?!.
–А сен Заринаны кайдан билесиң?!
Тигилкүлдү:
–Ал сага айткан жок беле, макоо?!
–Эмнени? !
–Экөөбүздүн эски тааныш экенибизди? !!
–?! . – Канат унчукпай калды.
–Аны мен эмес, менин жигиттерим да тааныйт! – деп анан ары жактагы ким бирөөнө
сүйлөдү:
– Ыраспы, Шерип?! Мына ушундай, дос! – деди анан Канатка, – Асен сулууларга
сугалакокшойсуң го?! Аркы-беркисин аңдабай элеадыраңдап, алданып жүрө берген?!
Антпешкерек, балакай! Антпеш керек! Аялзатынын амалы көп болот!..
Анданары да көп эле бирдемелерди айтып аткансыды Азык. А бирок Канат аларды
укканжок. Колунан телефону ыргып шалдая түштү.
Уулунунмаанайы пас экенин көрүп, Канаттын бөлмөсүн улам келип тыңшап, анын ким
бирөө менен телефондон кобурашып атканынан уламсанаасы тына, жаңы эле көзү
илинипкеткен Шааркүл апа дабыштан чочуп турду. Ошондон кийин бат эле үйдөгүлөр
дүрбөп, көз ачып-жумгуча «тез жардам» да жетип келди...
** *
Зарина таң эрте телефон чалды. Канаттын соткасы деле иштей элек экен. Сабакта
отурупда эки-үч ирээт чалды. Жок. «Таарынды, – деди ичинде кыз. – Каяктагы бир
ээнбаш, тарбиясыз акмак неме үчүн!.. Касканактай болуп каяктан да кабыла калды эле?!»
–Апаке, Канат менен эч кабарлаша албай атам, – деди сабактан кийин апасыначалып.
–Эмнегедир эле жүрөгүм опкоолжуйт, ооруп калса кантем, апаке?!
– Кудайым сактасын, кызым! – дедиэне. – Убайым жей берип, өзүң да куурадың
балам. Ушундай кантип болсун?! Кичине арыдан бери эле болгон жакшы эмеспи?!
–Апа, эмне кыл дейсиз? Бирдеме деңизчи?..
Эненин өзү үчүн куурап, убайым чеккенин билбей, кайра эле Канатты айтып,
кайталайткыз.
–Соткасы албаса, үйүнө чалып көрбөйсүңбү? – деди, акыры айласы кеткенде эне.
Трубканы Канаттын агасыалды окшойт:
– Ал азыр сүйлөшө албайт. Уктап атат, – дедиал. «Уктап атат!..» Кыздын жүрөгү
«болк! »этти. «Канат эч качан беймаал уктабайт эле!» Эмнегедир эле санаасы тынчыбай,
капкайдагыбир башаламан ойлор келип туруп алды. «Барайынчы! » – деди акыры.
Алкирип келгенде Канат жаңы эле ойгонуптур. Эмнегедир, Заринаны көрүп эле
таарынгандайбашын буруп кетти. Канчалык карагысы келип атса да, ошентти. Эми
эмелекианы көргүсү келип, жаңы эле ооруп,дарыдан кийин оңоло түшкөн жүрөгү ага
Заринанынайыпсыз аруу экенин айтып аткан болчу.
–Канат? – деди Зарина керебеттин жанына чөгөлөй отуруп. – Канатик?!.
Эреркеп, эркелегиси келгенин жашыргысы келгендей Канат көздөрүн жумду.
Кыздынкарегиндеги мөлтүлдөгөн ысык жаш салаалап жүзүн жууп атты.
–Канатик? – деди ал шыбырап, ыйлап атып. – Мени кечир, Канат? Кечирчи, жаным?
Эгердесен мени кечирбесең, анда мен да өзүмдү эч качан кечирбейм. Эч качан!
Заринанынкечирим сураганы Канатты кайра муздатты: «Демек, баардыгы чын экен
да?!Андай болсо, мен эми эч качан, эч качан сени кайра сүйө албайм!» – деди оюнда.
–Канат, – деди кыз. – Сен мени угуп атасыңбы?
КанатЗаринанын кетип калышын каалагандай калп эле укпаган, уктаган адамга
окшоду.
– Уктай гой, жаным, – дедикыз анын жүзүнөн сүйүп. – Сен ойгонгондо, буюрса
баарын-баарынайтып берем... Анан, сени экинчи эч качан, эч качан таарынтпайм жаным.
Эгеркааласаң, бүгүн үйлөнөлү десең дамакулмун. Сен эмне десең баарына – баарына
даярмын, берекем. Болгону эле, оорубачы? Мен сенден суранам. Канат? Бизди азапка
салбачы? !Сени сүйгөн адамдарың сенсиз кантет, Канат? Таятаңды, таянеңди, ата-энеңди,
мениаячы, алтыным?
Ушинтипкобурап, Канаттын жаздыгынын бир учуна башын жөлөдү кыз:
– Билесиңби, Канат, Кудай буюрса, ушул жаздыккажакында экөөбүз башыбызды
коюп,ушул керебетке экөөбүз жатабыз. А бул төшөктү экөөбүз жамынабыз...
Төшөктүаздектей, аяр сылагылады кыз.
ЭмнегедирКанаттын күлкүсү келип кетти. Бирок, дагы эле кууланып, уктамыш болуп
жатаберди. Жанагы Азык деген жигит тууралуу эмне айтар экен деп, чындыкты анын өз
оозунануккусу келди.
Айткандайэле, ойго батып, тунжурай түшкөн кыз жигиттин колун эриндерине
тийгизип, өпкүлөдү да:
– Билесиңби, жаным,– деди. – Алиги неме менин эч кандай агамэмес. Мен сени
алдагам, жаным. Ал үчүн мени кечир?.. Деги эле ал мага эч ким эмес! Бул окуя... мындан
экижыл мурун болгон...
Заринаошонун баарын көз алдынан чубатып, үн чыгара ойлоп, эстеп атты:
–Убагында, сага аны айтпайын дегем. Жүрөгүңдү оорутуп алгандан коркком... Анын
үстүнө,сөз кылууга ал арзыбаган тема эле да! А бирок, эми анын минтип кесепети тийип,
карабайсыңбы! ..Кечирчи мени, Канат? Сенин жүрөгүңдү оорутуп, азапка салганымды
кечирчи?
Кыздынымандай сыры, көздөн аккан жашы, жагымдуу жыты, илеби!..
Канатакыры чыдабай кетти. Жүрөгү аныалдабаптыр. «Эх, менин жүрөгүм! – деди
оюнда. – Оорулуу болгонуң менен кандайгана сезгич, көрөгөчсүң? ! Бу саам дагы мен
жеңилдимсага! Сен мени алдабапсың! Көрсө, чын эле менин Зайкам керемет тура!
Кандайкызды сүйгөнсүң деги өзүң?!»
Канаттынжүзү нурданып, эмнегедир түшүндө күлүп аткандай тамылжый түшкөнүн
көргөнкыз:
–Канат?! – деди кубанып. Канаты көздөрүн ачып, Зайкасына кучак жайды:
– Закулям, менин!
– Жинди! – деди Канаттын көкүрөгүнө башын коюп, кубангандан көздөрүнө жаш
тегеренгенкыз. – Жүрөгүмдү түшүрбөдүңбү! ..
** *
Бужолу Дайыр менен Гүлнара өздөрүнчө акылдашып, Сооронбай ата, Шааркүл апа
мененкеңешип, тоо койнунда таза абада эс алсын дешип Канатка «Жылуу Булакка» дем
алуу үйүн сунуш кылышты. Адегенде Канат агаанчалык муюбады. «О-уу, бир жума бою
экитоонун ортосунда жалгыз!..» Ушинтип ойлогон уландын оюнда, анын үстүнө алиги
Азыкда бар болчу.
– Барып, эс алып келгиле, – дедианын оюн окугандай атасы. – Заринанын да ата-
энесинен сурап көрөлү. Сен да айт. Тоо койнундажаратылыш азыр жакшы. Нөшөрлөп
төккөнжамгыр, дабыраган мөндүр, себелеген ак кар!... А бирок, ар убак жылуу булак
жылжыпагып, андан көлмө жасап коюшкан. Укмуш!
Заринаныукканда Канат көңүлдөнө түштү. «Чын эле Зайка тоону сүйөт эмеспи»...
Ата-энелертелефон аркылуу сүйлөшүп, кыздын ата-энесин ынандырышты. Аны
уккандаЗарина кошулуп, Канат тараптагылардын кубанычы тоодой болду.
–Баары жакшы болот. Балдарга өз-өзүнчө бөлмө алып берип, өзүм да тамак-аштан
өксүтпөйкүн сайын барып, көз салып турам, – деди Дайыр Жеңиш менен сүйлөшүп.
–Кларочка, Закуляны жиберип койчу. Канат ансыз бара турган эмес, – деди Гүлнара.
Кыздыната- энеси ары кетип, бери кетип атып акыры: «Ата-энелери антип атса, анын
үстүнөбалдар да ак эткенден так этип, ээленип алышыптыр», – деп макул болушту.
Тоокойнунан орун алган эс алуу үйү эки жашка абдан жакты. Дайыр аларды
жайгаштырыпкоюп, түш оой шаарга түшүп кетти. Ошондо эле кошо чыккан кыз-жигит тээ
бирдалайга чейин сейил куруп, табиятка сонуркап көпкө жүрүштү.
– Чын эле тоолор түнкүсүн коркунучтууэкен, – деди Зарина күркүрөп-шаркыраган
суунундабышын тыңшап. Канат аны койнуна ороп, күрмөсүнүн ичине катып алды:
–Коркуп атасыңбы?
–Ики! – деп башын чайкаган кыз: – Канат? – деди бир нерсени эстей калган окшоп.
–Ов?
–Баягы-ы. .. баягы карышкыр каякка кеткен?
–Кайсыл? ! – деп алып анан Канат каткырыпкүлүп ийди, – Ошону унута элексиңби?
Сыягы,ашыгы айдан түшүп келген окшобойбу, бечеранын...
Өздөрү ойлоп тапкан жомокко өздөрү кайра ишенип, тээ карышкыр отуруп, айды
карапалып ыйлачу бийик-бийик чокулар тарапка жылмая карашты.
–Адамды жаратканда, сөзсүз анын сүйүүсүн жүрөгүнө жазып туруп, кошо берет дейт,
– деди Канат. – Кийин ошол жүрөгүндөгү адамды издеп, тапмайынча ал жалгызсырай
беретимиш. Ошентип жүрүп канча өмүрү, канчажылы башка эле бир адамдар менен,
бактысызөтө берет окшойт... Кээси издеген адамына өтө кийин, кеч кезигип, өкүттө өтөт
экен.Кээде адам ошого да каниет дейт тура, минтип:
Мениздеген, мени издеген адамым,
Сенсизкүндүн бар бактысын танамын!
Булөмүрдөн өткүчөктү акыр бир,
Барэкениң билиш үчүн табамын!..
–Кандай арман! – деди Зарина чын жүрөгүнөн кейип. – Дагы айтчы, Канат?
–Эмнени уккуң келет, жаным?
–Мага сенин адам, жашоо, сүйүү жөнүндө айткандарың жагат. – деген Зарина жанагы
теманы кайра улайушинтип сурады: – А эгерде алар кеч болсо да бардыгына кайыл болуп,көздү жумуп туруп жетелешип алып, аларды эч ким билбеген, көрбөгөн жактарга
кайыпболуп кетишсечи?
–Андай мүмкүнчүлүк дайыма эле, баарында эле боло бербейт да, жаным. Алардын
колу-бутунбайлап, жеке бакыттан баш тартууга аргасыз кылган башка да себептер болот.
Маселен, чырмалышкан тагдыр, үй-бүлө, балдар... Муну уксаң:
«Сенэкөөбүз батыш менен чыгыштай,
ОртобуздаКүн бар үчүн кыйышпай,
Экибашка, коошпогон дүйнөбүз,
Өзүбүзгөөз- өзүнчө ыйыктай...
Бирибиз– күн, бирибиз – түн окшойбуз,
Чоочуркайбыз, демибизди кошпойбуз.
Жакынтуруп, маңдай-тескей бар туруп,
Алысбойдон кала берет окшойбуз! ..»
–А биз кандай бактылуубуз? – деди Зарина.
Тоокойнунда жашоо кызык! Эми элеки эркелеп, этек-жеңди экилене делпилдетип,
желе-жортоойногон сыдырым жел акырындап дырылдап ырылдаган ышкырыкчан
шамалгаайланды да, азыркы эле ачык асман заматта түнөрүп, себелеп жамгыр жаап
келди.
–Үшүдүм, – деди кыз чыйрыккандай.
–Үйгө кирелиби?
– А мен сизди чайга чакырам, – дедиЗарина экөө бөлүнөөрдө өзүнүн босогосунда
туруп.–Бул сунушум сизге жагабы, мырза?
Ансызделе бөлүнө албай араң турган жигит сүйүнүп кетти:
– О, бийкеч! Жакканда да кандай жагат! Сиздинмына бул аппак, жумшак, назик
колдоруңузданкуюлган чай мени канчага чейин жылытаарын эгерде сиз билген
болсоңуз! ..
Кызуландын ушундай тамашакөй, куудул мүнөзүн өзгөчө жактырат. Тим эле жыргап
күлүп,ашыгынын мойнуна оролуп, кучактап жүзүнөн сүйдү:
–Кереметим, менин!
Канатанын бир тутам белинен имере кучактап, эми эле жаңы көргөндөй кайра-кайра
көздөрүнөн, алкымынан аймалап, ыпысык эриндеринен өпкүлөдү. Бакытка башкача бир
денесибалкып, башы айлана түшкөн кыз алда неден сестене түшүп:
–Канат?! – деди шыбырап.
–Ов?
–Жүрү, чай ичели...
Өзгөчө бир ырахаттуу, табышмактуу да кызык сезим бүтдүйнөсүн титиретип, ушул
мүнөт,ушу ирмемдин эч качан бүтпөшүн тилеген жигит Заринанын эмнеге анткенин
түшүндү:
– Зайка, – деди кызды такыр кучагынанчыгаргысы келбей, айдарым желге
дирилдегенжалбырактын добушундай үн менен, – Зай?.. Жаным, менин! Экөөбүз эмнени
күтүпжүрөбүз? Кел, бүгүн биз биротоло бөлүнгүс болуп, бири-бирибизге жандилибизди
элеэмес. .. өзүбүздү да кошобуз?
–?..
«Эмнеэкен? – деди кыздын бир ою. – Анын эмнеси бар экен? Ансыз деле акыры биз
бирбүтүнгө айланып, өмүр бою биргебиз го?..» «Жок, жок. Зарина! Сен апаңдын
айткандарынэсиңден чыгарбагын да! – деди дагы бир акыл-туюму, – Ал эмне дечү эле?!
Эмнедеп убада кылып келдиңер эле?!».
«Селт»дей түштү кыз: 51
–Болбойт, Канат! Убадага турушубуз керек! Ишенимди алдабайлы да?
–А биз аларга айтпайбыз, эч ким билбейт!.. – кумарлуу шыбырады улан.
–Аларды алдаганыбыз менен, өзүбүздү алдай албайбыз, Канат!
Канаткызды кучагынан бошотуп, шаабайы сууй түштү:
–Деги бизди биротоло бириктирчү күн болор бекен?!
–Болот, берекем! Сөзсүз болот! – кыз жапакечтене Канаттын ууртунан өөп койду. –
Билесиңби, жаным, мен сенин ак көшөгөңө ата-бабадан калган салт менен, аруу киргим
келет.
–А сен бая күнү эле эмне дегениң эсиңдеби?
–Качан?
–Бая күнүчү, биздин үйдөн? Мен уктап атканда?
–Эмне дедим эле?
– «Эмне десең баарына макулмун... Экөөбүз бир жаздыкты жазданып, биртөшөктү
жамынабыз. ..»дегениңчи?
Заринакөздөрүн алайтты:
–А сен... анда уктап атпадың беле?!
Канаткыздан качып, каткырып күлүп ийди:
–Ооба, бирок, калп уктап аткам!
–Ойгоо белең?!
–Ооба да!
–Токто, анда! Сени элеби, шашпа!
Кубалашканжаштар ойноп, качан гана чарчап суй жыгылганда чайга отурушту.
Бирине-бириокшобогон романтикалуу, оюн-күлкү, кубанычка жык толгон кызык
күндөрөтүп атты.
Арбир күнү эртең менен эрте, Зарина адатынча ак таң менен кошо ойгонот да,
Канаттынкаалгасын кагат. Канат ачпай, азыраак эле кечиге калса жүрөгү дүкүлдөп,
эмнегедироюна алда нелер келе калат да корконунан ыйлагысы келип, ызага муунуп
кетет:
– Жаным! – дейт бир убакта уйкусу канбайкөздөрүн ушалап, чачтары уйгу-туйгу
уйпаланып, махро-халатын чала-була үстүнө иле коюп эшикти ачкан жигитти мойнунан
кучактап:
–Ушунча да уйкучу болосуңбу?!
Ашыгынаймалап өөп, бир топко чейин кучактап турган улан:
– Кел, «экөөбүз бир жаздык жазданып, биркеребетке сыйып, бир төшөк
жамынабыз? »– дейт ашыгынын баягы сөзүн эске сала, тамаша-чындан.
– Али эрте! – дейт кыз канчалык жалын болуп,жандилинде өзү дагы ашыгынын
кучагынакуштарлана калып атса да өзүн андан коомайлантып.
–Эх-х! – дейт жигит улутунуп.
– Ошол күн качан келет десең?!
Таарынгандай, төшөгүнө «култ» деп кирип кетип, чүмкөнүп алат.
–Туруңуз, мырза! Өзөгүңүз карайды го? – деген Зарина бир оокумда анын төшөгүнөн
тарткылап,таманынан кытыгылайт.
#31 14 Август 2013 - 18:06
күндөбир маал тоо тарапка каттайт. Балдарга тамак ташып, экөөнүн ал-акыбалынан кабар
алыпкайтат да, ар бир жолу Клара Досматовнага телефон чалып:
–Клара, балдардан бир да кабатыр болбоңуз. Жакшы эс алып атышат. Жаңы эле ошол
жактанкелдим, – дейт.
Дайырдынкөңүлү алда неге токпейил. Кудай буюрса, Зарина жакшы бүлө болчудай.
Арбир жолу аны көргөн сайын атанын ичи жылып, ыйбаалуу кызга ыраазы болот:
«Энесинкөрүп кызын ал» демекчи, апасы жакшы адам окшобойбу... » – дейтоюнда
болочоккудагыйы менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп, өзүн али көрө элек болсо да
кызынынкыял- жоругу, тарбиясынан улам баамдап.
Тоокойнунда кечээ эле көнөктөп жамгыр төгүп атты эле, бүгүн кыламык кар жаап, боз
түшүптуруптур. «Балдар үшүгөн жок болдубекен? – деди жолдо санааркап. – Суукка
урунупалышпаса экен...»
Демейдегидейэле шыдыр кирип бара албай, уулунун эшигинин алдында саамга
буйдалакалды. Канат менен Зарина сыягы үйдө окшойт. Ичтен жагымдуумузыка, ыр
угулупатыптыр. Атанын эшик черткенин балдары укпай калышты. Жооп болбогон соң
ичкерибаш баккан ата:
–Кандайсыңар, тоолуктар?! – деди. Китеп окуп отурган Зарина:
–Ой! Келиңиз? – деп ордунан элпек ыргып тура калды. – Саламатсызбы?
–Саламат, Заринка. Кандай эс алып атасыңар?
–Жакшы, – деди Зарина иймене унчугуп.
Музыкаугуп жаткан Канат да тура калып, атасын утурлай басты:
–Салоому алейкум!
–Алеки салам!
Алыпкелген азык-түлүгүн Заринага карматып атып:
– Бу силер эмне, аба менен азыктаныпатасыңарбы? – дейт ата. – Деги эле тамак-
ашыңардынчекеси оюлбайт?
–Албетте, жалгыз эле мен тамак жеп атсам! – дейт Канат. – Зарина болсо тамакты
кенедейденэле, чымчылап жейт экен.
–Ал эмнең? – дейт ата Заринага. Кыз үлбүрөп, унчукпайт.
Анынаппак, кичинекей сулуу манжалары эң эле элпек, эптүү да экен.
Болочоккелин баласынын кыймылына бир эле назар түшүп өткөн атанын көз кырына
ушуилинди. Анын бир паста эле тыпылдатып туурай койгон быштагы менен салаттары
көпөтпөй эле дастаркондун ажарын ачып, ортого келди.
Аңгыча,жаңы эле оозуна бурдап пирожный сугунуп алган Канатка атасы шашкалактап:
–Канат! Мен аны Заринкага алып келгемин! – деп ийди. Оозун толтуруп сугунупалган
уулуадегенде жегенин токтото калып, эмнегедир анан күлкүсү келип кетти. Заринага
акырынкөз ымдап коюп:
–Карап кой, кызын менден да жакшы көрүп, тамактын таттуусун апкелген тура! – деп
огобетер тигини бурдап сугунат. Андайда Заринанын күлкүсү белен да, эки ийнин
бүлкүлдөтүпкүлүп атат.
–Бер, Заринага да! – дейт атасы.
–Ики! – башын чайкайт уулу. – Бербейм!
– Бул кызык бала го?! – дейтанда чындап эле атасы. Качан гана колундагысы
түгөнгөндөКанат:
–Ата, баары бир Зарина аны мага бермек! – дейт.
Кайракайтып кетип баратып, жолду катар алардын ар кыл жоругун ойлогон Дайыр
өзүнчөэле жыргап күлүп келатты.
** *
«Баарынбилем, жалгыз гана өлөөрүмдү билбейм» -дечү менин чоң энем. Анын
сыңарындай, адам баласы алдыда аны эмне күтөөрүн билбей, ак таңдарга умтулуп,
жакшылыккаишеним, үмүт менен өмүр улайт.
Анынсыңарындай, Канат менен Заринанын дагы эртеңдерге сүйүүсү чексиз эле!
Алардынбул жашоодон аласасы, бересеси да мол болчу. Анткен менен, алдыда алардын
саналуу,аз эле өмүрү бар экенин учурунда ким билиптир, арман күн!
00 -жылдын акыркы сааттарында кыз-жигитресторанда отурушту. Башкача бир
маанай менен жаңы жылды утурлап, мында отургандардынбаарынын көңүлдөрү шат.
Сыбызгыгансыйкырдуу, кереметтүү музыканыныргагында эки-экиден ыргалып,
бийлегендердинарасында жашы да, карысы да бар. Аларга куштарлана, ак тилек менен
караганкыз- жигит да бүгүн өзгөчө сулуу, өзгөчө жарашыктуу, көңүлдүү.Таттуу шарап,
шампанданууртап- татып, ансайын экөөнүн тең жүзү албырып, сүйүү толгон кош каректер
коймолжуп, экөө бирдей бакытка мас!
Ошоучурда эң эле бир адеми, татынакай булашыктарга ким болбосун көз кырын
салып,суктанбай кое албайт эле! Айрыкча музыканын музасында колдор аяр кармашып,
акуулардайкалкып учуп, Заринанын үлбүрөгөн ак көйнөгүнүн этек-жеңи желбиреп, Канат
аныжеңил коштоп, тегеренип бийлеп жүргөндөрү өзүнчө эле бир көркөм тасма, жандуу
картинаэле! Ошондо аларды сүрөткө тартып калган бирөө-жарым болгондобу! Оо, укмуш
болмок!Ошол элес сүйүшкөндөрдүн дубалында илинген ыйык сүрөткө, баа жеткис
байлыккаайланмак! Атаганат десеңчи!
–Мен сени чексиз сүйөм, менин бегим! – деди бийлеп келип, жаңы элеотурганда
кыз.
Алучурда ордуларынан тура калып, эки жашты узата караган көпчүлүктүн дүркүрөтө
колчабуулары али басыла элек болчу.
–Браво-о! Жашагыла! – деп, алардын керемет бийине куштар болгондор кыйкырып
атышты.Беттери албырып, жүрөктөрү туйлаганКанат менен Зарина ордуларынан туруп,
элгеызаат кыла жүгүнүп, алакан чабуулар токтогондо гана кайра ордуларына отурушту.
– Биз кандай бактылуубуз, жаным, – дедиКанат бокал көтөрүп. – Көрдүңбү,
чоочундарда биздин сүйүүбүзгө бакыт, ак жол каалап атышат.
–Кызык,– деди Зарина шарапка эрдин тийгизип, – Алар биздин жүрөгүбүздө махабат
барэкенин кантип билишти?
–Жүрөктөрү айтат да. Адамдын жүрөгүнөнсезгич, адамдын жүрөгүнөн баамчыл эч
нерсежок, жаным.
Саатжебеси туп-туура он экини какканда кыз-жигит ордуларынан туруп, эриндер
эриндердиөөп, бокалдар шыңгырады:
– Ден соолугуң чың, өмүрүң узун болуп, аппак сакалың жайкалган абышка бол,
кымбатым! – деди Зарина.
–Эгерде сен ошондо да кудум азыркыдай жанымда болуп, кудум азыркыңдай сүйүп,
жанымдажөлөп- таяп турсаң, албетте, жүзгө деле чыга берем, Күнүм! – Күлүштү.
– Айтмакчы, бүгүн сага менин өтө баалуу белегим бар, – деди кыз бир убакта
кылыктанакаш кагып, – А бирок, адегенде сен анын эмне экенин табышың керек.
–Табам! – деди Канат ойлонуп. – Мм...
Көздөрүнжумду жигит. А бирок айткандарынын баарына тең эле Зарина «жок, ал
эмес»,«ал дагы эмес» деп башын чайкай берди. Таптакыр айласы кетип, көздөрүн жумуп
алыпар кайсыны бир айткан жигитке карап кыткылыктап күлөт кыз:
–Бол, эртерээк тап! Болбосо мен аны кийинкиге калтырып коюшум ыктымал.
–Баш тамгасын айтып койчу?.. – дейт Канат жалооруп.
–Айта турган болсом, ал сенин көптөн бери каалап жүргөн белегиң, – дейт кыз ого
бетертабышмактантып, – Атургай канча мезгилдерден бери таарынып, күтүп да жүрөсүң
аны!
Жигиттинкөздөрү жайнап кетти:
–Таптым! – деди ал. – Таптым! Демек?..
Башийкеди кыз:
–Демек мен сиздин сунушуңузга макулмун. Үйүңүздүн ак босогосун аттап, апаңыздын
акжоолугун салынып, көйкөлгөн көшөгөңүздүн артында көгүчкөндөй койкоюп отурганга
макулмун.
–Ура-а! Ошентип, жер үстүндөгү эң акылдуу, эң сулуу бийкеч экөөбүз жакында тагдыр
аттуучынар теректин кылда учуна арзуудан ажайып, алтын уябызды курабыз да,
кичинекей- кичинекейКанат менен Зариналарды жаратабыз!
Махабаткамас болгон улан менен бийкечтин шыңгыр добуш, кыткылыктаган кооз
күлкүсүансайын аларды көрккө бөлөп, бакыттан баштары айланып отурушту.
–Мен сага бир нерсе көрсөтөйүнбү?
Канатички, төш чөнтөгүнөн кичинекей кутучаны алып чыгып, Заринага узатты.
–Бул эмне? – деди кыз.
–Ачсаң көрөсүң!..
–Ай-и-ий! – деди кутучанын ичиндеги алтын шакектерди көргөн кыз кубанып:
–Укмуш экен го, тим эле! Буларды качан алгансың, жаным?
Шакектердиалаканына салып, улам бирин айландыра караган ашыгынын колунан
өөп:
–Аларды алганыма көп болду, – дедиКанат, – А бирок сага көрсөтпөй, ушулкүндү
күтүпжүргөм.
–Султаным, менин!.. – кыздын сүйүү толгон каректери жигитти жалжылдай, жал-жал
карады: – Кээде мен бир нерсеге таптакыр жооп таба албай, кыйналчу болдум. Мени
ушунчалыкарзытып, атургай азапка да салып, акылымдан адаштырган өзүңдө кандай
сыйкыр,касиет бар болду экен? Эмне үчүн менсени ушунчалык сүйөм? Сен эмнеге
ушунчалыкжакшы жаралгансың, жарыгым?..
– Мен да кээде так ошентип ойлойм. Сыягы, сенэкөөбүздүн бешенебизге,
жүрөгүбүзгөтуулганда эле бири-бирибизди жазып койсо керек Теңир. Биз бири-бирибиз
бар үчүн гана өмүрдө бактылуу болушубуз мүмкүн.Болбосо, бул жашоого тапткакыр
канааттанбай, карайлап жүрүп өтмөкпүзбү деп ойлойм.
– Адамдын чыныгы, сүйүү менен жашаган ар бир күнү дээрлик бир өмүргө тете
дешет...
–Мүмкүн. Оо-у, анда биз бир кылымдан да ашык жашаптырбыз го! Мынчалык зор
бакыткабашты ийип, таазим этиш керек жаным!
–Анда, кел Канат, ушул шараптай өмүрүбүз, сүйүүбүз таттуу болсун дейбиз.
–Биздин эртеңки күндөр, сүйүү үчүн! Сен үчүн Зайка!
Экөөнүн бокалдарды «шыңк» этип, шампандан ууртаптатышты да, Канат болочок
жубайынынмойнуна ак алтындан чынжыр такты:
–Ушул айдын этегинде ата-энем барып, ата-энең менен кудалашып, кулагыңа сөйкө
салса,аркы айдын башында баш калааны дүңгүрөтө бир чоң той берсек... кандай дейсиң
жаным?Бирок, бир айды кантип күтүп, кантип гана өткөрөөр экенбиз, ээ? Январь айында
башкошконго болбойт дешет турбайбы, болбосо...
Жүрөгүалып учуп, жүзү нурданган жигит ушинтип сүйлөп отурду.
– Айтмакчы, сени таятам менен таянем айрыкчажактырып калышыптыр. «Буюрса,
үйүбүзгө бүлө кирет. Башыбызга баш кошулат» деп алардын азыр кымылдап аткан
кездери.
–Мага да алар абдан жакты, – деди Зарина. – Өз ата-энемдей ичим жылып, эмитен
элеимериле берчү болдум.
–Айтмакчы, жүгүнгөндү билесиңби?
–Билем, – деди Зарина. – Билмек турсун мага бул салт аябай жагат. Чоң энем менен
таянемайткандай, жаш келиндин жоолук салынып, улуу-кичүүдөн ыйбаа кылып, ийилип
таазимэтип турганы -сулуулук имиш. Андайда аны улуу-кичүү алкап, бата беришет дешет.
Алэми бата алган келиндин көшөгөсү көгөрүп, алтын көкүл кыз-уулдарды төрөп,этегинен
жалгайтэкен. А мен ага ишенем. Бирок эле...
Бирнерсе эсине түшө калгандай муңая калды кыз.
–Бирок эле эмне? – жигиттин дагы жүрөгү түпөйүл боло түштү.
–Бирок, апамды аяйм! «Чыккан кыз чийден тышкары» дешет. Кыз бала эзелтен эле
бөлөк үйдүн бүлөсү болуп эсептелинет эмеспи. Антсе да, мен кетсем апакемдин
кабыргасыкайышып, бир капшыты эңшериле түшөт го. Ушуну ойлосом заманам куурулуп
кетчү болду. Эч болбогондо бир эле сиңдим, жеиничегим бар болсо эмне?!. Мен анда
кайдакетсем да көңүлүм тынч, санаам ток кете берет элем.
Канаткүлдү:
–Ой-ой, тим эле Венерага кетип аткансып!
–Баары бир.
–Муңайбачы, берекем. Чын эле жердин бир учунан экинчи учуна кетип аткан жоксуң
да.Мурункудай эле кирип-чыгып турасың. Тескерисинче эми алар эки балалуу – мендей
уулдууболуп атышпайбы. Анан, оо-уу! Жыбыраган неберелери болот! Эгерде эригип
атышса,күн алыс алпарып моюндарына мингизип коебуз. Ызылдап жата беришсин анан!
Эриккендимындай гой, сени да бат эле эстеринен чыгарып салышат.
Мунучын дилинен айтты Канат. Зарина кыткылыктап күлүп:
–Ырас эле... – деп ынанып калды. – Амен өзүмдү алардан таптакыр эле бөлүнүп
кетүүчүдөйсезипмин. ..
– Жаным! – деген жигит кыздын колункармалап, ичи ысыгандай сүйө тиктеди. –
Кандайтаттуу, кандай жакшы кызсың?! Бар дүйнөм, жандүйнөм менен берилип сүйдүм
өзүңдү!Мага кудум өзүңө окшогон кө-өп кыз төрөп берсең!.. Оо-у, мен анда...
–Жок, адегенде сага окшош уулдуу болгум келет менин!
–Аны эми... акылдашып көрөбүз да! – тамашалады жигит.
–Сага жолуккан тагдырыма миң ыраазымын, – деди кыз. – Мен сенсиз кантет элем?
Сенсизменин жүрөгүм жалгызсырайт болчу.
–Билем...
Канатордунан туруп, Заринаны бийге чакырды. Жай, мукам музыканын ыргагында
кызжигитинин мойнуна колдорун ороп,төшүнө жөлөнүп, кээде баш көтөрүпашыгына
эркелейкарап коюп, Канат да аны аяр кучактап бийлеп атышты.
–Канат,– деди бир убакта кыз алда нени ойлой койгондой.
–Ов?
–Билесиңби. .. – Саамга кайра тунжурай калды:
– Эмнегедир, акыркы күндөрү ушуну көп ойлончу болдум... Балким бул күнөөдүр,
бирокэртеби- кечпи акыры ал да адамдын башына келе турган иш дечи... Бирок...
–Айта бер, Зайка?
– Бул жашоого баары бир түркүк болчу киши жокго, кийин-кийин сапарым карып,
аркыдүйнөгө сенден мурда кетип калсам, кара жердин астында сенсиз кантип жатам да,
кайрылыпсени көрбөс болуп, кантип айрылам? А кокус, тескерисинче сенден калсам,
кантипжүрөгүм түтүп, кантип сенсиз жашоого чыдайм? Билбейм!.. Адамдар аркы
дүйнөдөнжолугушат болду бекен... – деген кыз Канатка жалжылдай тигилди: – Мен
сенденэч качан, атүгүл ал жактан да айрылгым келбейт, Канат!
Канатдагы тамашалады:
–Зайка, бу сен шампан урртап-татып аткансыдың эле, кызып калгансың го дейм.
– Колумдан келсе, жаныңа жаның болуп куюлуп, сенин ичиңе кирип алат элем да,
жүрөгүңболуп согот элем!.. – деди анда Зарина.
Экөөбийлегенин токтотуп, туруп калышты.
–Сен ансыз деле менин жаным, жүрөгүмсүң Зарина! – деди Канат бу саам чындап. –
Андайболгон соң, бул жалганда эле эмес, экөөбүз өлгөндө да биргебиз. Ошон үчүн
эмитенэле капкайдагы нерселерди ойлоп алып, кичинеке-ей, кичинекей, мына бул эт
жүрөгүңдүнтынчын алып, тыбырчылатпай жөн жүрчү! Жарайбы?
«Жарайт! ..»дегендей күлүмсүрөп, балача башын ийкеди да, Зарина оюнда ушуну
ойлоду:
«Сенинбарың билбей жашап жүрүшкөн,
Жашоодогубүт аялды аяймын..»
#32 14 Август 2013 - 18:06
Мынданаркысын жазуу мага кыйын окшобойбу! .. Канча күндөн бери кайпактап, кагаз
мененкалемсаптан качып жүрөм. А тигинде Заринанын үлбүрөк көк жоолугу илинип
турат.Мага аны Клара эже берген:
– Жыттасаң, Заринанын ушунда жыты бар... – деген мага аны берип атып өзү да
жыттап.
Айткандайэле мага андан керемет атырдын жыты, аны менен кошо Зайканын илеби,
демикелгенсийт. Тирүүсүндө аны көрбөсөм да,ушул китепти жазып атканымда анын
жандүйнөсү менин каным менен тең айланып жүргөндөй, анын аста күлүмсүрөп, анан
жаркэте күлүп ийип, башын саал бир ийнине төшөй, жадырай тиктеп калганы көз алдыма
тартылып,көп учурда ал тээ бийиктен, булуттан агылып түшүп мени карап тургансыйт.
Тургансыбайэле, турат! Тигине, ал. Анын капкара, бадырайган каректери мени жакынсый
тиктейт.Ал мага эркелеп аткандай, менин дагы ага ичим ысыйт. «Заринкам, менин! –
деймоюмда ага,– Кандай гана тамчыдай таза,ыйык кызсың?! Жандүйнөм менен
берилип,жакшы көрөм мен сени!»
Алда мага жооп кылып, күлүмсүрөйт. А бирок менин карегимде ыпысык жаш айланат.
Алүн чыгарып сүйлөбөйт, биз сезим аркылуу сүйлөшөбүз:
– Эжеке, сиз качандыр бир керемет, улуусүйүүгө кезиктиңиз беле? Эселек кезден
эңсегенэң сүйүктүү, эң жакын, жүрөгүңүздө гана жашаган жакшы адамыңызды жашоодон
таптыңызбеле? Арзуунун аселин татып, көңүлүңүздө уялаган уяң дагы, чагылгандай курч,
өктөм,ошол сезимиңизди сүйгөн асылыңыздын алдында алоолонтуп оттой жагып, өзүңүз
даошол оттун илебинде күйүп-жанып, же болбосо сүйүүнүн жан чыдагыс азабын
тарттыңызбеле? – дейт ал. – Абалким, булардын баарын так ушул маалда сиз
башыңызданөткөрүп же анын келишин күтүп жүргөндүрсүз?
Эжеликыйбаа менен, тек гана күлүмсүрөйм.
–Эжекем, менин! Сиз кандай бактылуу жансыз! – дейт Зарина кубанып:
–Чыныгы сүйүүлөр гана ааламды ар кыл апаат-алааматтан, ыпыластыктан арылтып,
арачалаптурат. Ал адамдардын акыл-сезимин, жандилин агартып, аруулайт!
–Анда эмнеге ошол аруу, улуу сүйүү Канат экөөңдү өлүмдөн арачалап калган жок?
–Тескерисинче, бизди сүйүү өлбөстүккө айлантпадыбы! – дейт Зарина. – Биз -барбыз!
Мынакей,мен азыр да сиз менен сүйлөшүп, сиз менен сырдашып атам го!..
–Ырас эле, – дейм мен.
Аңгычакты, бала-бакчадан эми эле келген кичинекей Нурэлим эдиреңдеп чуркап
кирет.Адатынча, Сооронбай Жусуевдин экинчи жолу жарыкка чыккан «Канат менен
Заринасын»көтөрүп алган.
–Барактары айрылбасын, балам. Акырын! – дейм. Ал жаныма тепейип отуруп алып,
китептибарактайт да, өзүнчө сүйлөнөт. Сыягы, окуп атам дейт го:
– Бул – Канат, бул -Зарина... Эми сен окучу, – дейт. Дастандан эки-үч куплет окуп
берем.Элейип тыңшап отурат да, андан ары ойноп, чуркап кетет...
Булчыгармада. .. Канат менен Заринанын өлөөрүнө аз эле күндөр калды...
Колумбарбайт, негедир! Менин эркиме койсо, каармандарымды таптакыр эле өлгүс
кылып,узак- узак жашатып, өздөрү айткандай ак чач эне, аппак сакал чал кылып, чейрек
кылымжашатат элем, чиркиндики!
–Апа, а сиз Канат менен Заринаны өлтүрбөйэле, бактылуу кылып жазбайсызбы? –
дейтбир күнү менин оюмду окугандай, тестиер кызым Мырзайым.
–Андай болбойт! – дейм. – Чындыкты жазыш керек да!
Дегенимменен, такыр эле даабас болдум!.. Ошол кайгыны кагазга түшүрүү кандай
кыйын?!Андай болсо... эки жаштын маңдайы, тагдырына ошону жазган, ошол жыргалдуу
да,жыластуу да күндөргө күбө болуп, баарын өз колу менен жасаган Жараткандын
каардуудагы, ошончону көрүп, көтөргөн кайраттуу, көтөрүмдүү дагы кудуретине таң
берем!
** *
Жаңыжылдын үчүнчү күнү.
Жолбоюндагы ансыз да ачкыл жыттанып туруучу чакан пивокананын ичин ого бетер
көктүтүнгө ыштап, тиги бурчта отургандарошол жерге биротоло маталып калгансып,
бүгүноңой менен козголо турган түрү жок.
–Шеф! – дейт адатынча баягы узун чач жигит Азыкка карай кыйшактап. – Койчу, шеф!
Ошогода ошончо капа болосуңбу?! Кыз деген кекиртектен! Керекпи, азыр эле барып эки-
үчтүапкелип берейин?!
Шефиунчуккан жок.
–Анын үстүнө, ак сөөк кыздар бизге жарабайт! – деди кара тоголок жигит аныкоштоп.
–Алар биздин турмушка көнбөйт, чыдабайт дагы! Ыраспы, балдар?
–А эмне, биздин шеф итке минип калыппы?! – деди сары чийкил, баягы арык жигит. –
Чын-чынынакелгенде анча-мынча күркүлдөрдөн кем калышпайт! Анын үстүнө, биз
барбызго!
«Бизбарбыз го»... – дегендин артында бирдеме жатканын туюп:
–Аны менен эмне дегиң келип атат?! – деди узун чач Шерип.
–Шеф эмне буйрук кылса, аткарууга даярбыз дегеним!
Анынкандай буйрук тууралуу айтып атканын беркилер түшүнүштү.
– Кеңкелес, көйгөйдү чече турган «ошол» эле болсо, сенден сурабайтэлек да! А
бирок,кеп башкада болуп атпайбы! – дагы бири сөзгө аралашты.
–Маселен эмнеде?!
– Эгерде биз Канатка кол тийгизсек, Заринадантаптакыр кол жуурубузду
ойлобойсуңбу? !
Бусаам да кайра:
–Эмнеге?! – деди сары жигит аңкоо эмедей суроосун кайталап.
–Эн-нең! ..– кара тогологу аны сөктү:
– Эмнеге мынчалык мээң аз, ыя?! Эгерде сени эле биз солдойто койсок,жанагы
кыйшыкбут катының бетибизден өбөбү?!
–А биз – жик билгизбей кылабыз да!!.
–Кантип?!
Дегенменен ар кимиси өз-өзүнчө так ошолтууралуу ойлонуп калышты. Баятан бери
үстөлгөөбөктөп, унчукпай дуңкуюп отурганы менен «шеф» өзү да сары чийкил жигиттин
сунушуна:«Ырас эле, кандай кылсак да тойго тоскоол болушубуз керек!» – депмуюп
калды.
–Эмне дейсиңер? – деди анан беркилерден сөз күтө кыдырата карап. – Айткандай эле
ушулжагын ойлонуп көрсөк кандай болот?
Жаңылыкачкандай, сунуш киргизген жигит отурган ордунда ойдолоктоп, тура
калчудайэки- үч ирет көчүгүн көтөрө коюп кайра отурду.
–А эгер... иш тескери жагына ооп кетсечи? – деди кара тогологу.
–Профессионалдуулук менен иштеш керек! – деди шеф талап коё:
– Ойлонууга он мүнөт убакыт берем, сунушуңардыайткыла!
–Жалпы жонунан Канча убактыбыз бар? – деди кара тоголок неме аңгыча туюк сурап.
–Тиги айдын башы, – деди аны түшүнгөн узун чач. – Ага чейин барып сөйкө салышат
имиш.
–Той кайда өтөт экен?
–Азырынча так маалымат боло элек.
–А балким, «агент» атайылап эле айтпай атпасын?– деди шеф:
–Сураганын берип атасыңарбы?
–Ал кыз ставканы көтөрүп атат, эн-нең!.. – деди узун чач:
–Бирок өзүң үчүн баарын жасайбыз да, шеф!
–Шеф!! ! – баятан бери пивого кызып калгандай бети-башы кызарып, унчукпай ылдый
карапотурган Жанболот деген жигит баш көтөрдү:
–А балким, ушул ишти ушул жерге эле таштап салсакчы?!
–Коркуп атасыңбы?!
– Коркпойм! Бирок мен кичинемде сүйүү жөнүндөгү китептерди көп окугам.
Индиянынкинолорун жакшы көрчүмүн. Ар кандай тоскоолдуктарга, каршылыктарга
кабылып,бири- бирине жетпей калган ашыктарды аячумун. Алар менен кошулуп ыйлап,
аларгакыянаттык кылгандарга кыжырым келчү! Түнү бою түшүмө ошолор кирип чыкчу!
–Эми бүгүн бизди түш көрүп чык! – деди узун чач аны какшыктап.
–Сүйүшкөндөрдү аяйт имиш! А сен «шефтин» сүйүүсүн эмне үчүн аябайсың?!
–Шеф аны сүйбөйт да?! – деди Жанболот эмнегедир.
–Эмне?!
–Шеф деген... – алагүү болсо да жигит артын качыра, кептин нугун азыраакөзгөртүп,
оюндагысынбурмалап койду:
–Шеф деген биздин эртеңки күнүбүз үчүн, биздин камыбызды ойлоп, ооматтуураак,
оокаттуураакүй- бүлөнүн кызын алып, жашообузду тыңдап алалы деп атат! Бирок! Бирок
ишоңунан чыкпай калса, биздин шефсиз көргөн күнүбүз кандай болот?! Мени коркуткан
нерсеошол болуп атпайбы!
Азыксаал жибип, кумсара түшкөн өңү өзгөрүлүп, артылып келип алиги жигитти
ийнинентаптап койду.
–Мен бир нерсени ойлодум, – деди анан бир топтон кийин ортодогу жымжырттыкты
бузуп:
–Канаттын жүрөгү оорулуу экенин билесиңер да?!
–Билебиз, – деген беркилер андан ары эмне кеп-сөз чыгаар экен дегендей Азыктын
оозункарашты.
–Демек, ага ошол аркылуу сокку урушубуз керек. Ал үчүн «агент» менен абдан тыкыр
иштешиңкерек!
Узунчачка карады:
– Акыркы мүмкүнчүлүгүбүз калганда алдырбайлы! Сураганын аянбай төлөгүнүң да,
экөөнүнтең соткаларын иликте!
–Өзүнө жолугуп эле... эркекче сүйлөшсөкчү, шеф, а?! – деди дагы бири баятанберки
кеп-сөзага жетпей калгандай.
–Жок! Биз көшөгөнүн артында туруп иштешибиз керек. Жанболот ырас айтат, эгерде
башкачааракеттенсек, эртең тордун артында отуруп калышыбыз ажеп эмес!
Ананда, кыздын атасы мент экени ар дайым эсиңерде болсун! Тигилер да жөн
кишилерэмес. Дедушкасы бүтүндөй республикага таанымал деп атасыңар! Демек,
жыландынкуйругун басып алгандан сак болгонубуз оң!
– Ура-а! Жашасын биздин шеф! – депийди сары чийкил жигит же чындаганы, же
кошоматтанганытүшүнүксүз ордунан тура калып:
– Келгиле, ушул күрүшкөнү биздин шефтин генийлиги жана алтын башынын
амандыгы үчүн ичебиз! Жана да жаңы эле жаралган жакшыойлор, пландарыбыздын
ийгиликтүүишке ашышы үчүн!
«Шефтен»башкасы ордуларынан туруп, кружкаларды шарактатып кагыштырышты да,
жама-жайларынанкуюлтуп, кулкулдатып жутуп ийип анан отуруп калышты.
Ошондонкийин эмнегедир «шеф» баш болуп, баарынын көңүлдөрү көтөрүлө, ким-
кимисинежайдаңдап жан кирип, абал өзгөрүлө түштү.
–Жакентай, эми айт жанагы жомогуңду! – деди четки жигитти кара тогологу далыга
чаап,– Сүйүшкөндөрдү аяйм, атүгүл ыйлайм, түшүмө кирет деп аттың беле?! Кана, кайра
дабир жомогуңду угузчу, байкеси? Балдар, менимче иттей интересный жомок
окшобойбу, а?!
Аныкоштоп калгандары каткырып күлүштү эле, жаман пивокананыны ичи жаңыра эле
түштү.
–Бу, сүйүү дегениңер өзү эмине?! – деди аңгыча сары чийкили. – Деги эле түшүнсөм
өлүпкетейин!
Алчындап эле сураган. А бирок аны беркилер тамаша, тигил жигитке карай какшык
катарыкабыл алышып, кайра дагы каткырышты. Эмнеге күлүп атканын билбей, сурарын
сурапкоюп алиги жигит көздөрүн жымшыйтып, өзү кошо бүлкүлдөп күлүп атты.
–Сүйүү эмне экенин эмдигиче билбесеңер, анда силер!..
Кыраан каткырыктын ызасында калган жанагы жигитандан аркысын айтпай, ичине
жутупалды. Эми элеки күлкү «жалп» өчүп:
–Анда биз эмне?! – деди узун чач кекирейе карап.
– Анда силерди аяш керек! – дедижигит көпчүлүктөн тартынгандай, оюндагыны
таамайайта албаганына ичтен сызып.
– Бу сен качантан бери элди аяп, боорукер болупкеткенсиң? ! – узун чач уруш
чыгаргысыкелгендей обдулуп калды эле, «шеф» аны чыканактан тартып, жоошутуп
койду:
– Биз демократиянын заманында жашап атпайбызбы. Ар ким өзүнүн ойлогонун
айтуугаакысы бар.
Анткенменен Азыктын бул дегенинде деле какшыктын кермек даамы татып турган:
–Жөн кой, айтсын! А балким бизге андай сөздөр керектир? Анткени азыр биз такушул
теманынтегерегинде иш жүргүзгөнү атпайбызбы! Башка маселелерге кийин
кайрыларбыз. ..
Жанболотанын кекээрин түшүндүбү, жокпу, а балким кызуулук менен ич күптүсүн
эмнесиболсо да айтып калайын дедиби:
– Билесиңерби, – деди тили саал булдуруктаганыменен бу саам башын жанагыдан
бийигирээккөтөрүп. Эмнегедир анын бети кара-көк тартып, мойнунун кантамырлары
чыңалып,көзү канталап, кызарып кетиптир:
– Билесиңерби, сүйүү үчүн тентип кетүүгө, керек болсо жанды дакыюуга болот! Бу
силердеги китеп окуйсуңарбы? ! Качандыр бир окудуңар беле?! Силерди жылдызы
жымыңдаганайлуу түндө боз үйдүн түндүгүн ачып таштап, чоң атаңар койнуна алып
жатыпалып жомок, санжыра айтып, атүгүл обон созуп ырдап берди беле?! Ыя?!
Ушинткенжигит баарын тегерете карап чыгып мыскылдуу күлүмсүрөдү:
–Жок! Силерди эч ким анткен эмес! А мен түнү бою, түшүмдө ошол жомоктогу баатыр
болуп,көгөргөн көктүн асты менен карарган жердин үстү менен аргымагымды азынатып,
учуп өтчүмүн... Мен анткени ай десе аркы, күн десекөркү келишкен ошол периштени
издечүмүн. Ошол сулууну таап, тоо койнуна өңөрүп келип, чоң атама келин кылып берсем
дечүмүн.А бирок, мен кийин ошол периштени жылдыздардын арасынан эмес, өзүмдүн
элеайылымдан тапкамын! Анан... ал бир күнү билим издеп борборго кетти. Мен аны
күтүпжүрдүм. Бирок!.. Бир күнү эле Айганыштычет элдикке эрге тийип кетиптир деген
кабарайылдын аяк-башына «дүң» этти. Эс-мас болуп, эңгирей түштүм! Жер кучактап,
ботодойбоздоп ыйладым! Өзөгүм өрттөнүп, өксүдүм! Ошол өрттү өчүрүүгө даба издедим.
Ичтим!Жумалап, айлап аракка сугарылдым! Ачууну ачуу басат дешти эле. А бирок
арманымды, арзуумду да, ачуумду да кастарын тиккендей ачуу баспай койду! Ансайын
менда өчөшүп, өксүп ичтим! Акырында... аңга түштүм!! !
Кошколдоп башын мыкчып, өңгүрөп ыйлап кирдиЖанболот. Беркилер шефти
карашты.Ал: «Жайына койгула!»- дегендей баш чайкады.
–Айганы-ыш! !! Уу-уу-у!
–Уңулдаган акмак! – деди бирок чыдамы жетпей кеткендей узун чач. – Уялбай дагы
«сүйүү»деп коёт! Сени таштап, эркек калбай калгансып чет элдикти эрчип кеткен бир
шуркуяүчүн ыйлап!.. Ошобу, сенин сүйүүң?! Урдум мен андай кызды, сүйүүнү! Тфу!...
Жанболотага мыйыгынан күлө бакты:
–Сен аны эч качан, эч качан түшүнбөйсяя, яяяяелдей! ..
** *
Абирок, канчалык жандалбяяяяяяяяары менен алардын а күяяү планы дагы оңунан
чыкпай,таптакыр таш каап калды! Канатка сыртынан арзып, Зарина экөөнүн махабатына
ичкүйдүлүк кылып, арманда жүргөн кыздардын ичинен бири аларга шериктеш болуп, эки
ашыктынортосуна от жагууга абдан эле аракет кылышты. Булардын кыбыр эткенин
төкпөй-чачпай, сатып аткан дагы ошол кыз болчу. Демейде Канаттын көзүн карап, кареги
менентең айланганы даяр турган, а турсунтелефон чалып, радио толкундарынан салам
жолдоп,ашыктыгын билдирип, жолугууга куштар экенин айта берчү ал кыздын антип,
тымызынарамдык кылып жүргөнүн Канат каяктан билсин. Ал гана эмес акыркы күндөрү
ДиляЗаринага ат тезегин кургатпай, дембе-дем телефон чалып, тийиштик кыла баштаган:
«Азкүндө Канат меники болот! Айрылууга азыртан камына бер!»-дечү ал.
Толупжаткан бузуку сөздөр, ушактар, ойдон чыгарылган жалган жалаалар алар
үйлөнөбүздегени экөөнүн ортосунда ого бетер жамгырдай жаай баштады.
Абирок, Канат менен Заринанын бири-бирине болгон чексиз сүйүүсү, ишеними
алардынмизин ысуулай майтарып коюп атты. Эки ашыктын махабаты алардан алда канча
эсегекүчтүү болчу. Кээде экөө ошолорду айтып алышып: «Деги адамдаркызыкпыз». ..–
депкүлүшөт эле.
Бусаам да Канат жаңы эле эшиктен кирсе телефон үстөккө-босток чырылдап атыптыр:
–Алло,– деп трубканы көтөргөн уландын эмнегедир денеси жыйрыла түштү:
– Бу сен качан токтотосуң? ! Андай эле кыйынэкенсиң, эмне ал жакта далдаланып
жатасың?! Келбейсиңби, эркекче жолугалы! – деди Канат,– Болбосо телефондун аркасына
жашыныпжатып алып, какылдай бергенден тажай элексиңби?!
–Бала жолборсчо бакылдайсың го, балакай!!
–Каяктасың? ! Дарегиңди айтчы, көздөшөлү! – деди Канат.
–Тикини! Тим эле тили тикилдейт, ой! О-ха-ха, оха-ха-ха!
Ыгыкелбесе деле «охалап» каткырып, трубканы коюп койду.
–Келесоо! – деди Канат. – Кем акыл!
Заринанынчөнтөк телефону өчүк экен. Сыягы, ал дагы ушуга окшогондордон качкан
окшобойбу, үйүнө чалса Наташа алды:
–Закуля апасына кетти, – деди ал. Канат өзүнчө ойлоп, ичинен кудуңдап койду:«Алар
датойго камынып атышса керек»...
АңгычаКанаттын жаңы эле иштеген чөнтөк телефону безилдеди. «Закуля?».. Жок,
таптакырбашка номер түштү.
–Алло, – деди Канат,– Ким бул?!
–Мен! – деди азыткыдай болгон баягы үн. – Көрдүңбү, менден эми эч кайда кача да
албайсың! Мен бирде – анда, бирде – мында, тигиндемин! Кааласаң түшүңө да киремин!
–Мен сага бир жакшы кеңеш айтайынбы?– деди Канат күлкү аралаш, чындап эле. –
Сенмага эмес, жиндиканага чалышың керек окшойт. Бир шаригиң жетишпейт го, сыягы!!!
Телефондуөчүрүп койду.
Тигилызалана түштү. Бир бозоруп, бир кызарып, томсоруп эле отуруп калды.
–Эмне дейт?!– деди жанында тыңшап, шыкак берип отурган узун чач,– Эмне болду,
сага?!
– Эч нерсе! – деди тиги. Таяк жеген баладайбалбырап, шалдая калган шефин
аягандай:
–Эн-нең! ..– деди узун чач ким бирөөнө ызырынып.
–Шеф!– деди анан жакшы бир нерсе таап алгандай кубанып. – Шеф! Ансыз да
канчаубактың, нервиңди түгөттүң! Кел, баарын эстен чыгарып таштап, башка иштерге
өтөбүз?! Каалайсыңбы, баягы бийкечти табайын? Эсиңдеби, баягы-баягы перичи?!
ЭмнегедирАзык да ага ынангандай: «Ай!»– деп алданеге кол шилтеп салып,
жайдаңдайтүштү:
–Бөрү баласы чын эле ит боло албайт экен!– деди анан. Анын эмнеге, кимге карата
анткенинШерип түшүнгөн жок. Эмнегедир бир жүктөн кутулгандай дегдеңдеп, Азыктын
далдайганколун кош колдоп, көпкө чейин силкилдетип атты.
#33 14 Август 2013 - 18:07
Заринада бир кызык мүнөз күттү. Анысын өзү да байкап, туюп эле атты. Кээде өзүнөн-
өзү эле кыжалаттанып, туталана берет десең.Анткен менен мунун баарын Зарина кыз
жакшылыккажоруп жүрдү: «Албетте, алдыда аларды улуу күндөр күтүп атат! Жакында
аларбири-бирине жакшынакай жарашкан жар, жубай болушат. Сүйүү, тилектер эле эмес,
эмиалардын өмүрү, тагдырлары жуурулушат. Ага чейин ар бир эле кыздын ушинтип
жүрөгү жүдөйт, санааркайт. Анткени, бөлөк-бөтөн элебир үйдүн бүлөсү болуп, алар
мененымалалашып, ысык-суугуна аркалашуу адегенде эле оңойго турбайт да! Арийне, ар
бирүй-бүлө өз-өзүнчө кичинекей мамлекет, өз-өзүнчө дүйнө. Ар биринин өз-өзүнчөкулк-
мүнөзү,мыйзамы болот...»– дейт Зарина оюнда өзүн-өзү жубатып. Канат да кечээ:
–Сени апамдар менден да жакшы көрүшөт, көрөсүң го! – деген. – Силер оңой эле тил
табышып,эң эле ысык – ынакболуп, эне-баладай ымалалашып аласыңар.Анткени,
апаларымда, сен да ошого татыктуу асылзаада жансыңар! Кээде энесиз, аялзатысыз
жашоонуэлестетсем жүрөгүм түшөт. Элестет, жер үстүндө солдоюп жалаң эле эркектер
жашапатканын! Анда бизге кийимдин деле кереги жок болмок, чачыбызды тарабай,
сакал-муруттуда албай, саксаңдап-үксөңдөп жүрө берет элек да!
Заринада чын эле деп, ошону элестетип алып аябай күлгөн.
–Билесиңби, – деген Канат алда нени элестете, кыялданып. – Биз үйлөнгөндө бүткүл
Кыргызстангатаанымал таланттуу, аттуу-баштуу адамдар: «Сооронбай Жусуевичтин
небересикелинчек алыптыр!» – деп биздикине агылышат. Ошондо сен аппак жоолугуңду
үлпүлдөтө салынып, аларга ийиле таазим этип, жүгүнөсүң.Алар анда: «Алганың менен
тең кары, айланайын! » «Көшөгөң көгөрсүн! », «Акжолтой келин бол!», «Артыңды мал,
алдыңдыбала бассын!», «Күйөөңдү көзүңдүн карегиндей сакта!» – деп бата беришет.
Акыркысүйлөмдү ажыкыстанып, атайылап эле сөз арасына кыпчып, илип коёт.
–Ошентип айтышабы? – дейт Зарина ишенип.
–Ооба! Ансыз деле ошондой да! – дейт Канат барктанып.
– Анан? – дейт Зарина ашыгынын жомогунаансайын куштарлана эркелеп. – Дагы
айтчы?
–Дагы айтсам, сага тамшанып, суктана карагандардын көзүнөн, сөзүнөн таянем сени
аластап,көкүлүңө көз мончок, көкүрөгүңө тумар тагат! – дейт.
АндаЗарина:
–Ай-ий!. ..– деп кыткылыктайт.
Ушулардыойлоп, ууртунан жылмайган кыз сабактан кийин түз эле апасыныкына өтүп
кетти.Сыр бербегени менен эне деле тымызын кызынын себин, куда-сөөккө жоолук-
чапанынкамдап аткандай.
–Апаке-ов, – дейт Зарина апасын кучактап, жапакечтене өпкүлөп.
–Эмне дейсиң, берекем?
– Апаке, атам экөөңөр жөнүндө айтсаң? Каяктан, кантип таанышкансыңар? Анан...
араңардыарзуу сезими кантип уялап, кантип сүйүштүңөр эле? Силер да биздей
таарынышып, сагынышып, бири-бириңе шашып, сабалап учуп канат какчу белеңер?
Андайкезде эненин ой-кыялы алда кайда чабыттап, алыс-алыс жактарга алып учат:
– Бир күнү – бир күнү, – дейткүлө багып, – Андаменин да сендей жаш, ойносо –
оюнга,күлсө – күлкүгө, иштесе – ишке тойбой турган чагым. Жаз айынын жыпары аңкыган
биркечи болчу. Курбу кыздар каткырып күлүп, кайдадыр кетип бараттык эле, аңгыча
алдыбызданаскер кийимчен, абдан келшимдүү, керилген жигиттер чыга калышты.
Алардынарасынан сенин атаң дароо көзүмө көрүндү эле, ошондо. Көздөрү ойноктогон
кумаркөз, шыңга бойлуу, сулуу жигит болуучу.А бирок, андан ары узап кете берет
болчубуз.Алардын ичинен бирөөсү жаныбызга келгенде атайылап эле бизге угуза:
–Биздин кыздар, кыргыз кыздар кандай сулуу, кандай гана келишимдүү? .. Кудум жаз
күнүндө кыраңда өскөн жоогазынды, көз жоосун алган гүлкайырды элестетет, – деп
калды.Кыздар да андайда жөн калчубу, жооп кайтарышты. Ошентип, таанышып да
алдык.
–Бүгүн биздин эң кымбат, эсте каларлык күнүбүз, – деди жигиттер, – А балким,ошол
кубанычыбыздытең бөлүшүп, биз менен чай ичип кетээрсиздер?
Жакшынакайсылык, сыпаа суранып, конокко чакырышты балдар. Ал кезде кыздарды
капакылмак турсун, жигиттер даап колубуздан өбө алышчу эмес. Тарбия, тартип ошондой
эледа анда. «Кызга кырк үйдөн тыюу» деп, тааныбыган эле эне-эжелер көчөдөнтоктотуп,
туураэмес басып баратсаң да сын айтып, акыл айтып өтүүчү. Ошону да туура кабыл алып,
уялыпкалчубуз. Ийменип, улуулардын алдында тартынып туруучубуз.
–Анан? Атам экөөңөр жөнүндө айтыңызчы?
– Атаң экөөбүз ошентип таанышканбыз. .. А бирок, биздин тагдыр, өмүр сапарыбыз
бирэкенин анда биз ойлогон деле эмеспиз. Ошондон тартып атаң мага бат-бат келип
турду.Бара- бара махабатыбыз тутанып, бири-бирибизге абдан ысык-ынак боло
баштадык.Атүгүл, кийин-кийин атаң Украинанынкайсы бир шаарына которулуп
кеткениндемен аркасынан издеп бардым. Бат-бат кат келип туруучу. Сагынганын айтчу
атаң. Өзүм да сагынычтан саргайып, санаага батыпжүрөт элем. Бир күнү эле мага ой
келди:«Барып, учурашып келсемби?..» -деген. Ошенттим. Менин келээримди атаң күткөн
эмесэкен. Самолеттон түштүм дагы, ал кызмат өтөгөн аскер бөлүгүн издеп таап,
чемоданымдыкөтөрүп эле кирип бардым. Мени көрүп аң-таң боло түштү. Көргөн көзүнө
ишенбейкетти окшойт. Анан кучагын жайып, утурлап чуркады эле...
–Кантип таптың мени? – дейт.
–Ошентип эле. Мага сүйүүм жол таап берди, – дедим.
Акийин сен төрөлгөндө, бул ааламда бизден өткөн бактылуу адам жок эле!
Айтмакчы,бир окуя али да так ошол күнкүдөй көз алдымда турат. Ал күнү сен курсагымда
болчусуң.Жеңиш экөөбүз жетелешип алып, Ош базарына барганбыз. Бир убакта,
капысынанэле алдыбыздан бир укмуштуудай самтырак кийинген, колунда аса-муса таягы
бардумана чыга калбаспы. Советтик мезгилдин бир өзгөчөлүгү, ал убакта кайырчы,
думанадегендер, болсо чанда-чанда эле болуп, а болбосо биз аларды жомоктон эле
укчубуз.
–Бар болгула, жубайлар?! – деди ал. Биз аны карап, аңкайып эле туруп калыппыз.
–Бул – кыз болот, – деди ал менин боюмдагы баланы айтып. – Салмагы үч кил, үчжүз
элүүграмм!
Ошонуайтып коюп эле, баягы думана бир убакта жер жутуп, же желге учуп кеткендей
көздөнкайым болуп кетти. А кийин, айткандайле сен так ошондой салмак менен
төрөлгөнсүң. ..
** *
Канатбу күндөрү баягыдан да башкача тамашакөй болуп, маанайы ачык, жаркылдап
куунакжүрдү. Атасына-апасына айланчыктап, эби келе калганда энесинин көкүрөгүнөн
элгекөрсөтпөй шорулдата-шорулдата жыттап!..
– Оорубагыла! – дейт аларды. – Ооруганга уруксат жок! Силер деген узак-узак
жашашыңаркерек! Уктуңарбы?
– Уктук! Уктук! – дейт таятасы тамашалап. – Бусиздин буйругуңузду укпай, айныган
адамбар бекен?
Андайдакөздөрүн күлмүңдөтүп, аппак тиштерин кашкайта каткырып күлөт да:
–Мен кеттим! – деп эшикке камынат. – Мен келгиче эрикпей тургула!
– Абайлап айдай көр, айланайын! – деген Шааркүл апанын эми ал келгиче ичкени
ирим,жегени желим: «Кагылайыным! Каякта, кантип баратты экен? Аман жүрсө экен,
Жаратканөзү жар болсо экен!» – деп, кеч кире баштаганда анан:
–Балам эмнеге кечикти, я? – деп жол карай берет. Аны билген Канат ар качан:
–Менден такыр кам санабагыла! Андан көрө өзүңөрдү жакшылап сактасаңар! Силер
барболсоңор анан мен бармын! – дейт тамаша-чындан.
Бүгүнда үйдөн ушинтип чыккан Канат дене бойдудүркүрөткөн укмуштуудай бир
окуягатуш болду... Бул – Канаттын турмушунда, өмүр жолундагы күтүүсүз бурулуштун
болоруналдын- ала кабарлаган шумдуктуу окуя эле!..
Жаңыэле машинасын от алдырып атып, маңдайкы күзгүдөн артында отурган ким
бирөөнө капыл-тапыл көзү уруна түштү. Белгисиз, бейтааныш ошолбирөө аны акыйып,
кежигесинентеше тиктеп отуруптур. Эмнегедир денеси бир кызыктай болуп, «дүр-р!» дей
түштү.«Бу кайдан чыга калды? Эми эле эч ким жок эмес беле?»– деп саамга кыймылсыз
кататүшкөн жигит, шарт бурулуп артына карады. Алиги отурган киши... жок! «Көзүмө
көрүнүпкеткен тура!..» – деген менен жүрөгүнүн опкоолжуганы көпкө чейин басылбай
койду.Авторадиону канчалык заңкылдатып, өзүн-өзү алаксытканы менен улам-улам эле
жанагыкараан кайра дагы эле пайда болуп, бирде артында, бирде жанында отургандай,
бирдемашинасын жандай чуркап келаткандай сезиле берди. Ар кайсыны ойлоп, алагды
болупкелатып бет маңдайынан чыга калган машина менен аз жерден сүзүшүп да кала
жаздады.
– Эй, бала! Сен эмне, уктап баратасыңбы? !– деди тигил «Волганын» айдоочусу.
Алтымыштынары жак, бери жагындагы аксакал адам экен. Канат катуу уялып калды.
–Кечириңиз? – деди уруп ийүүчү өңдөнүп, ачуудан ынтыгып чуркап келген адамдын
алдындаайыбын мойнуна алып. Ыраңы ыймандуу баланын анткени «Волганын» ээсин
саалжоошутуп койду:
–Абайлап жүр да, балам, – деди анан атасындай акыл айтып. – Аз жерден кырсыкка
учурапкала жаздадык. Анан калса, азыркы балдар башкача курчсуңар! Кудай деш керек!
Анданкийин Канат жол жээгине чыгып, машинени токтотту да, көздөрүн жумуп,
башынартка жөлөдү. Апаларынын ар убак эле күйпөлөктөп: «Ай жүр, аман жүр! Акырын
айдайкөр, абайлай көр!» – деп эле эмнеге чебелене берерин ойлоду. Көрсө, саат-кырсык
дегенчын эле каш-кабактын ортосунда окшобойбу!
Эмиэлеки, ак «Волганын» алдынан капыл-тапыл чыга калганы, бири-биринен качкан
унаалардынчимирик атып, дөңгөлөктөрдүн «чыйк-чуйк! » эткен ачуу үндөрү, туш-туштан
пипилдеп,папылдаган сигналдар, заматтын ортосунда чогулуп, жабалактай караган
көздөр!. .Ушунун баары кино тасмадай кайра-кайра көз алдында кайталанып, көпкө чейин
эсиненкетпей атты. Ара чолодо оюна жанагы көрүмчү түшүп кетти: «Азыткы деген
ушундайболот тура, – деди оюнда. – Алаксытып атып... карасаң!»
Үйгө суз, кумсарып киргени менен ата-энелерденанысын жашырып, билгизбегенге
аракеткылды. Ансыз да сарсанаага батып, кичине эле кечиксе кейип-кепчип жол карап,
аркайсыга жоруй берүүчү энелерин аябадыбы! Балалыгы да, болбосо антип,
Жараткандынсыр бергенин билгенде ата-энеси балким ырым-жырымын жасайт беле?!
Капдесеңчи! Канат бирок анын баарын ичине катты да, бүгүнкү жагымсыз окуяны тек
ганакүндөлүк дептеринин бир бурчуна кичинекей кылып кыстарып койду.
Ошолтүнү улам-улам уйкусунан чочуп, кызыктай бир түштөрдү көрүп чыкты.
Түшүндөалиги караан машинасына дагы түшүп алыптыр.
–Сен кимсиң?! – дейт жигит. – Сага эмне керек?!
Абирок ал үн катпайт. Адамдыкына даокшобогон, кандайдыр жагымсыз, муздак,
жансызкөздөрү гана Канатты өзүнө оптартуучудай сугула тиктейт. Канат жандалбастап,
анданкачууга аракеттенет. Чалынып-жыгылып, буттары тушалат. А тиги ансайын
аркасынанарсактап күлүп, ээрчийт...
Ойгонупкетсе, кудум түшүндөгүдөй жүрөгү лакылдап, кара терге түшүп кетиптир.
Анданкийин кайдагы уйку? Жарыкты күйгүзүп, терезени карады. Кар лапылдата жаап
атыптыр.Түнкү шамдын алдында агыш-сары нургачагылышып, жылтылдаган кар
бүртүкчөлөрү анын эми элеки убайымын саамга унуткарыпийди. Табияттын так ушул
сүрөтүнкүндөлүгүнө көчүрүп жазгысы келип,колуна калемсап, кагаз алды. «Зарина да
ушинтип,сампарлап жааган ак карды жакшы көрөт»,– деди оюнда. Калемсабынын учун
тиштегилеп, а бирок көчүрүүгө сөз таба албай аткандай теребелге телмирет. Оюна кайра
элеЗарина түштү: «Ал азыр таттуу уктап атса керек... Түшүнө эмне кирип атты экен?Тынч
уктасаэкен, назигим! Мага кирген жаман түштөр кирбесинчи ага! Мени түш көр,
Закулям! ..»
Жашбаладай чукуранып, ууртунан болор-болбос күлүмсүрөп уктап аткан Заринасын
көзалдына элестете, өзү да акырын жылмайып койду жигит. Эсине бирнерсе түшүп
кеткенсыяктуу артына кылчайды да, Заринанын катылган каттарын тапты. Керебетине
чалкасынантүшүп, шурудай тизмектешкен сулуу ариптерге көз жүгүртүп, ар бир катты
ынтаакоюп окуп чыкты:
«Канат!
Кымбатымменин!
Сенисүйүп,
сендеп ыйлап,
карегимденжаш акты!
Булөмүрдү сен деп сүрүп,
сендеп жедим азапты!
Мениныйым,
Ырымдагы өзүңсүң!
Эңсөөм,эркем,
Экикара көзүмсүң!
Сүйөмсени,
Карааныңакагылып,
Дарыядайсен тарапка агылып,
Сүйөмсени,
Акылымданадашып!
Кээдесени,
Сениөзүңдөн талашып!
Булжашоого
сендеп келген эмедей,
Сүйөмсени,
эчбир жанга теңебей!
Сенсизмага -
күндөрсупсак, кунарсыз,
Сенсизжашоо -
Керегижок кенедей!
СенинЗакуляң! »
** *
«Канатым,менин!
Сенжиберген роза гүлү сексен тал,
Сенинчексиз, ууз сүйүүңдүн символу ал!
Ушулгүлдөй жарашыктуу, жагымдуу,
Биздеалдыда кандай жакшы күндөр бар!
СенинГүлүң Зарина».
** *
«Канат!Билесиңби, мен эмнеден чарчадым? Адамдардын бирине-бири кастарын
тигип,кара санап, бирине-бири ор казганы, экижүздүүлүгүнөн! Эмнеге адамдар
ушундайбыз?
Баягыларбүгүн да телефон чалышты.
Амен аларды жек көрбөдүм. Тескерисинче сайсөөгүм сыздап, ушунчалык аядым.
«Шордуусуңар! »– дедим. «Мен силерди жандилим менен аяйм!»– дедим!
Алараз келгенсип, алиги жигитчи, депутаттын баласы, ал да бүгүн колумду сурайт!..
«Эгердемен үйлөнсөм, атам белекке вертолетсатып бергени атат»– дейт. «Сүйүү
вертолеткоалмашылбайт! »– дедим. «Жигитиң ким!»– дейт. Мен ага сен жөнүндө айтып
бердим.«Кандай бактылуу жигит!»– деди. Мен анда: «Биз, экөөбүз тең бактылуубуз! » –
дедим.
Ырасэле, мен бу жашоодо сен бар үчүн ганабармын! Сен бар үчүн бактылуумун,
Канат!Сүйөм сени! Зарина».
Канаткаттарды эринине тийгизип, көкүрөгүнө кысты:
–Мен да сени сүйөм, менин Күнүм! Канчалык катуу сүйөөрүмдү айтууга сөз да таба
албайм!
Таң кылайып агарып келатыптыр. Канат жаздыгынабашын коюп, көздөрүн жумду.
Эмнегедир, кайра туруп дары ичти...
Эртеңменен телефон чалган Зайкасы:
– Үнүң чарчаңкы го? – деди Канатканчалык билгизбейин деп жайдаңдаганы менен
анынабалын көрүп тургандай сезип.
– Чарчадым, – деди Канат анын сезимталдыгынабир чети ыраазы боло, бир чети
эреркейтүшкөн өңдүү:
Чынэле аябай чарчап турам...
–Эмне болду?
Канаткечээкилерди айтсамбы, айтпасамбы деп азга ойлоно калып, кепти кайра
башкагабуруп кетти:
–Сагынуунун, күтүүнүн күндөрүнөн чарчадым.
–Ошол элеби? – санаасы тына түшкөн кыз тамашалап күлдү. – Андачарчоонуздун
жарасыжеңил эле экен! Аз-аз эле чыдасаңыз, андан ары экөөбүз өлгүчөктү биргебиз!
–Жок! Өлгөндөн кийин дагы биргебиз!
Ушулсөз кандайча болуп оозуна келе калганын Канат өзү да байкабай калды. Жаттап
алгансып,мурда да бир жолу ушинтип айткансыган.
–Сени көргүм келип атат, – деди анан талыкшый айтып.
–Анда жолугалы?
–Кечинде барам! – деди Канат. – Азыр болсо кичине жата турайынчы, түндө уктаган
жокмун...
– Макул, келесоом! – эркелетти кыз. – Бирок, экинчи чарчадым деп айтпачы,
жарайбы?
–Жарайт! – деп телефонду коердо Канат:
–Алло, алло, – деди кайра. -Зайка?!
–Да-да?
–Сүйөм сени!
–Мен да сени сүйөм, жаным!
Ошондоалар акыркы ирээт сүйлөшүп аткандарын билишпеди. Бирок экөө тең
трубканыкойбой, бири-биринин демин тыңшап, жүрөктөрү бир нерсени сезгендей, көпкө
чейинкармап туруп алышкан...
Адамдынөмүрү, тагдыры ал жаралганда эле бешенесине кошо жазылат имиш. Ичер
суусу,көрөр күнү бүткөн күнү адамдын жанын алганы Жаналгыч-Азирейил келет экен.
«Баарыжалган, өлүм чын». Деги эле ажалдыалакчылаган ким бар экен?! Акылы
башынанашып- ташыган акылман-даанышман да, жыланды ийнинен чыгарып, тилинен
бал,шербет тамган чечен да, ийне менен кудук казган аалым, ай жарагын айга-күнгө
бөлөгөнбаатыр дагы анын алдында алсыз!
Антседа ажал ач көз! Ажалдын калыстыгы жок! Болбосо, бул жалганда аз гана өмүр
сүргөн,бири- бирин чыныгы, улуу сүйгөн эки жаш эртеңки күндөрдөн ажал эмес,
жакшылык,бакыт күтүшкөн! Алар эртеңдерге өлүш үчүн, ээрчишип алып, каражердин
астына,көрүстөнгө кириш үчүн эмес, апалардын аздектеп тарткан аккөшөгөсүнө кирип,
аталардынарнап көтөргөн ак өргөөсүнөн түтүнбулап, бактылуу болуп тагдыр, өмүр,
сүйүүлөрдүбир бүтүнгө айлантуу үчүн шашышкан!
Арманкүн десең!
** *
Алкүнү үйдө Канаттын таятасы, таянеси жок болчу. Жандай көргөн атакеси, апасы да
акыркыкөз ирмемдеринде жанында болбой калды! Эмнегедир эле жаткысы келип, жаны
жертарткан жигит жаздыгына баш койду. Эч нерсени ойлобой, тынч жатып уктагысы
келди.А бирок, көзүн жумса эле кечээки караан эшиктен акырын жылып кирип, тигил
бурчкашоңшоюп отуруп алуучудай элестей берди ага. Тек гана өзүн алдаш үчүн туруп
барып,эшикти ичинен бекитти.
Бирок!.. Жаңы эле көшүлүп, көзү илинип баратканда каяктандыр, ким бирөөнүн
акырынкытылдаган күлкүсү угулду!.. Өңү жетүшү экенин ажырата албай, уйку-соонун
ортосунда:
–Сен кимсиң? – деди Канат. – Эмне күлөсүң?!
Күлкүансайын жакындап, катуулап келатты:
–И-хи-хи-хи! А-хи-хи!..
«Эңэле жагымсыз күлөт экен»... – деп ойлоп, кирпиктерин араң-араң көтөрүп көзүн
ачса,керебетинин аягында шуңкуюп, баягы дагы отурат!
«Эшикбек эмес беле?!» – дегендей Канат:
–Сен каяктан кирдиң? – дейт.
–Тияктан! – дейт тигил дагы эле былкылдап күлүп. – Кире албайт дедиң беле?!.
–Сага эмне керек?!
–Сен! Жүрү кетели? – Тигил тарбайтып колун сунат. – Жүр?!
–Кеткиниң! Кет!.. – Канат колдорун артына катып кетенчиктейт.
«Өх-х!– дейт анан ойгонуп кетип. – Түшүм тура!..»
Анткенменен өңүндө да энтигип, сол ыптасы чымырап, таш байлап койгондой тулку
боюоордоп, жүрөгү сызылып ооруп калыптыр.
Кимбирөөнү чакыргысы келгендей, телефонго карады. Бирок, сунган колу соткасына
жетип-жетпей, ток ургандай орто жолдо бир катуу серпиле, жүрөгү демейдегиден
башкачабир катуу мыкчылып, жаны көзүнө көрүнө түштү.
–Аа!!! – деп кыйкырып алды. А бирок, экинчи жолку да:
–Апа-а?! – дегенин өзүнөн башка эч ким уккан жок! Эмнегедир, карегинен чолок жаш
«мөлт»деп ыргып, жаагы ылдый кулап кетти.
Таята-таянеси, ата-энеси, Заринанын элеси көз алдына элес-булас тартыла түшүп, жок
болду...
Аздап-аздапКанат караңгы бир дүйнөгө чөгүп баратты. Муун-жүүнү бошоп, кулагына
бүдүршоорат угулбай, дүйнөнү жымылдаган жымжырттык каптап, көзүнө мелмилдеген
боштуктанбашка эч нерсе көрүнбөй, аалам караңгыланып келатты. Ошо арада:
«Менкайда баратам?.. Кайда баратам?! Бул – түшүм болсо экен? Ойгоноюнчу? ..
Ойгонсомэкен! » – деп оюнда жандалбастап атты.
Аягыжок, башы жок, учсуз-түпсүз өңдөнгөнушул уйку, караңгы түштөн кимдир
бирөөнүнойготуп, тиги жарыкты көздөй колдон алып жетелеп кетүүсүн самады. Өзү да
оюндаобдулуп, улам-улам алыстап, бүлбүлдөп артта калып бараткан ак жарыкка туруп
кеткисикелип умсунуп, бирок коргошун уютуп койгондой денеси жылбай, а бирок ошол
калыбындакайдадыр калкып учуп бараткансыды.
Өлөмдеп Канат ойлогон эмес! Бул жалгандан өтүп баратканын ал билген да жок! Ал
болгонуэле. .. жаман түш көрүп аткансыган! Атүгүл аркасынын акмалап, акыркы убактарда
ээрчипжүргөн Ажалды да Канат тааныган эмес! Анткен менен жандалбастап, ойгонууга
аракеттенип, алыста бүлбүлдөп калып бараткан ак жарык, ата-энеси, Заринасы көздөн
учупатып.. . акыркы ирет денеси бир «солк!» этти да!.. Бут серппей сулк жатып калды,
кайранбала! !!
Коётурчу?! . Бу кандайча?! . Канат азыр эле бар эмес беле?! Азыр эле анын жүрөгү
кагып,сүйүп турган! Азыр эле анын жап-жаш денесинде жаштыктын жалындаган от илеби
чатырап,ысып- күйүп турган!
Алэч нерсеге кана элек, бу жашоодон көптү көрүп, көптү ала элек жап-жаш бала эмес
беле?!Сен ушундай жалган, сен ушундай арман белең, кем дүйнө?!
Армандууушул учурга күбө өтүп, демин ичине катканжымжырттык гана Канаттын
бөлмөсүндө«жым- жым!..» этип жымылдап ыйлап, ыргалып турду бу саам!
Сенушуну туйдуңбу, Канат:
–Оо, эл-журт, Канатымдан айрылып, кара көзүм кашайды, кокуй! Андан көрө алдыңа
менкетсем болот эле го?! Оо, берекем!! ! Кулунтайым! !! Кубатым эмес белең, кокуй!
Таянеңдиазапка таштап кайда кеттиң карангүн?! Боор этим менен тең эмес белең!
Боздотпойала кетсең болбойбу, ботом!!!
– Алтыным ай! Алдыңа гана кетип калайынартыгым, ай! Кантип гана жашоону
кыйдыңдейм да?! Жаның кейип, жандалбастап атканыңда, жаныңда болбой не болдум,
ботом?!Көзүңдөн караан учуп, карбаластап атканыңда, кашыңда болбой не болдум,
ботом?!Атаң- энең көздөн учуп арманда гана кете бердиң го, берекем!! ! Ажалга алдырып,
жулдуруп ийбедикпизаматта! – деп боорун тытып, боздоп калбадыбы, апаларың!
#34 14 Август 2013 - 18:08
Канатэкөө телефон менен сүйлөшкөндөн кийинЗарина саал санааркап калды.
Эмнегедиранын үнү, сөздөрү бүгүн ага демейдегиден башкача, кандайдыр бир
табышмактуутуюлду.
«Түндөэмнеге уктабады экен? Айткандайле, уйкуга мас окшобойбу, – деген ою кайра
көңүлүнтынчытып койду. – Эмнеси болсо да кечинде өз оозунан угам го...»
Абирок, ал күткөн кеч түнгө алмашып, анткен менен Канатынан алигиче дайын жок.
Эки-үчирет өзү чалса, албай койду. Эмнегедир, Заринанын ыйлагысы келди.
–Дагы таарыныштыңарбы?
Кожойкесининандайда канчалык азаптанаарын билген Наташа ушинтип сурады.
Заринаунчукпай, тек гана көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп, күлүмсүрөп койду.
–Мен ага такыр түшүнбөйм! – деди Наташа. – Ага кезиккени аябай эле азап тарттың,
канчажолу ооруп да калдың. Ал өзү деги кандай бала?! Чынымды айтсам, мен ошол
жигиттикөргүм келет. Ал бир көз боочу болуп жүрбөсүн? Же сыйкырчы эмеспи?!
Наташанынчын дилинен ушинткенине Заринанын чындап эле күлкүсү келип, ый
аралашкыткылыктап күлүп атты:
–Ал көз боочу да, сыйкырчы да эмес, –деди анан: – Ал деген... Ал деген!.. Атургай
аныайтууга сөзүм да жетпейт, Наташа! Ал бир асыл, бул жашоого бир келген белек, ал
менин – сагынчым, үмүтүм! Билесиңби,Наташа, мен тагдырга ушунчалык, ушунчалык
ыраазымын– мага ошол Канатымды жолуктурган күнү үчүн! Жада калса ошонун өзү дагы
бакыт,ырахаттай сезилет – аны сагынганым, таарынганым күнү-түн!
–Сыягы, мен бул теманы эч качан түшүнбөйт окшойм, – деди Наташа ийнин куушуруп.
– Качандыр бир, өзүң да мага окшоп чыныгысүйүүңдү тапканыңда, ошондо
түшүнөсүң.
–Мүмкүн...
«Алэртең сөзсүз чалат, – деди Зарина жатып атып да өзүн-өзү алдап. – Сыягы, дагы
элеойгоно элек окшобойбу. Бүгүн түнү түшүнө кирсем экен...»
АКанаты анда таптакыр ойгонбос болуп уктап жаткан!
Акыркыубактарда Зарина сабырдуулукту эш тутуп, жаман ойлордон жаа бою каччу
болгон.Деги эле бул анын бала күндөн келаткан мүнөзү. Бирок, «адамдын азыткысы
адам»деген чын белем, Канат экөөнүн махабатына кара санап, кастарын тиккендердин
аркандай аракеттеринен улам адамдарга, айлана-чөйрөгө мамилеси азыраак карарып
барыпоңолду.
«Бүгүнжолукпасак, эртең сөзсүз жолугабыз, – дедиал. – Эртеңдердин ары-ары
жагындабиздин ажайып күндөрүбүз бар! Ар мүнөт, ирмемдерден канат тагынып алып,
бизошол бийик, ыйык күнгө оболопбаратпайбызбы! Андан ары Канатым ар дайым
жанымдаболот. Каалаган убагымда карагат каректерине карайм, капкара чачтарынан
салаалап,кааласам жыргап-жыргап жыттап, кучагына жашынам!.. »
Абирок Канат эртеси да кабарлашкан жок. Кандайдыр бир жамандыкты сезген сымак,
жаныжай ала албай элеп-желеп боло берди кыз. Канатка кайра-кайра телефон чала
берип,акырында: «Урматтуу абонент! Сиз чалган номер өчүрүлгөн! » – деген жооп алды!
Эртесикүнү эртең менен эрте аэропортко барып, Оштон келген таянесин тосуп алды
Зарина.Кичинекей, чүкөдөй болгон байбиче жээн небересинин кыпкызыл «жоргосуна»
отуруп,жол бою Жаратканга жалынып, ыраазы болуп компойду. Зарина таенесин өз
үйүнөапкелип, ороп-чулгап отургузуп, ысык-ысык чай ууртатып, анда-санда ажыкыстана
тийишип,тамашалашып жыргап алды.
–Сиз эми кичине эс алып уктап алыңыз, апашка! Мен сиздин кызыңыздыкына барып
келейин.Же сиз да барасызбы? – деди Зарина чыгып баратып.
–Сеникинде эле калам! – деди таянеси да. – Эне керек болсо издеп келишээр!
** *
–Апаке! – деди Зарина эшиктен кирип келип эле. – Апаке, сүйүнчү, таянем келди!
Эне-балаэрмектешип, кыйлага баарлашып отуруп чай ичишти. Ошонун ортосунда да
жүрөгүсыгылып, ой-санаасы алда кайда оболоп учуп атты кыздын.
–Байбичеге качан барасыз? – деди кетип атып.
–Офисте азыраак жумушум бар, ошону бүтүрүп коюп кайрылам, – деди эне.
– Жарайт! – деген кыз жапакечтенеапакесин өөп, кайра-кайра жыттап, анан: –
Айтмакчы,кечинде өгүнкүдөй кылып, өз колум менен картөшкө кууруп бербесем... –
деди.
–Макул, жанбиргем, – деди эне күлүп.
Заринаөз үйүнө келип эле Канатты сурады.
–Чалган жок, – деди Наташа. Ындыны сууп, томсоро түштү кыз. Андайда бөлмөсүнө
кирипкетип, жалгыз калганды жакшы көрчү. Бу саам да ошентти. Көмкөрөсүнөн түшүп,
жаздыгынкучактап жатып, эмнегедир эле букулдап ыйлап алды. Ошентсе да көксөөсү
суубай,көкүрөгүндө кандайдыр бир түпөйүлнерсе өйүп турган... Көзү илинип кетсе,
түшүндөкоюу тумандын ичинде жүрүптүр. Кайдан-жайдан эле Канаттын үнү угулат:
–Зарина, каяктасың? – дейт ал.
–Сенчи?! Кайдасың Канат?! Мен сени таппай атам?!
Үнчыккан тарапка колун сунат кыз.
– Зарина, мен сени күтүп атам, келипкетчи? ! – дейт да ашыгынын үнү алыстап жок
болот.
Чочуптуруп эле телефон чалды кыз. Канаттын чөнтөк телефону иштей элек экен. Үйү
болсоэмнегедир албай койду.
– Закуля, сени телефонго чакырып атат, – дедиаңгыча Наташа баш багып. – Эмне
дейин?Барсыңбы же жоксуңбу?
Демейде:«Мен Канаттан башканын баарына «жокмун»! – дечү кожойкеси бу саам
анынким экенин да сурабай, трубканы шашылыш ала койду:
–Алло?!
Телефончалган Алима экен: 0
– Зарина?.. – деген менен ал андан ары эмнеайтаарын унутуп калгандай саамга
буйдалатүштү:
–Зарина?..
– Эмне болду? – деди анын добушунан кандайдырбир жамандыкты туйган өңдүү,
ансызда араң турган жандүйнөсү эңшериле түшүп.
–Канаттын. .. – деген кыз же «арты кайрылуу болсун» дей албай, же «өлгөнүн уктуң
беле?»дей албай кепке какай түштү.
– Эмнени айта албай атасың? – дедиЗарина ичинен канчалык чый-пыйы чыгып,
чыдамыжетпей атканы менен токтоо, салмактуу унчугуп.
–Зайка, – деди Алима бу саам да шыр кете албай, – Канаттын...
–Эмне Канаттын?! Батыраак эле айтчы, бай болгур?!
–Сен Канаттын... өлгөнүн уккан жок белең?!
– Ыя-а?! – деп бир катуу чочуп алды кыз.Уккан кулагына бирде ишенип, бирде
ишенбей,саамга эс-учун жоготпой эңгирей түштү. Кулагы чуулдап, заматта жер ага астын-
үстүнболуп кеткенсиди.
– Эмне дейсиң?! – деди «балким каңырыш угупалдымбы, ылайым эле калп болсо
экен»деп үмүт учкуну бир жылт эте түшкөн кыз. А бирок:
–Эки-үч күн мурун эле каза болуптур. Эртең жайына коюшат экен!.. – деди курбусу
бышыктап.
Заринанынколунан телефону түшүп кетти! Бир эле заматта өзгөрүлүп, ушунчалык муп-
муздакболуп, болуп көрбөгөндөй мисирейип, бир чекитти тиктеп мелтиреген кожойкесин
көрүп,анын бир шумдук кабар укканын билген Наташа:
–Зайка? – деди шыбырап. – Эмне болду, Зай?..
«Селт»деп, ойдон ойгоно түшкөн кыз:
–Наташа, – деди эриндерин араң, алсыз кыбыратып, – Канат... менин Канатым каза
болуптур! ..
–А-а! – Наташа эмне дээрин билбей, алакандары менен оозун басып, көздөрү алайып
кетти.Мынчалык суук кабар угам деп эч качан ойлогон эмес!
БирокЗарина антип көпкө турган жок. Салаалапаккан көзүнүн жашын алакандары
мененарчып, өзүн-өзү токтоо, сабырдуу кармап, унчукпай күрмөсүн кийип, машинасынын
ачкычыналды.
–Мен кеттим! – деп чыгып баратып, эмнегедир артына бир «жалт» карап алды.
–Зайка, сен кайда?! – деп соңунан кыйкырганы менен Наташа жооп ала алганжок.
Гаражданмашинасын айдап чыкты да, Зарина түз эле Канаттын үйүн көздөй бет алды.
Алкелгенде Москва көчөсүндөгү -үйдүнэшигинин алдында эл көп экен. Машинасын
үйдөнобочороок, жол жээгине токтоткон кыз, короону көздөй басты. «Алима балким
адашып,жаңылып аткандыр?..» – деген акыркы үмүтү аңгыча бычырап, бырын-чырыны
чыгатүштү! Канаттын короосунда боз үйтигилип, боз үйдүн ичиндеги аялдардын
боздогоныйы сай-сөөккө жетип атыптыр. Зарина да аңгычакты:
–Кана-ат! – деп көмөкөйүндө бир катуу чаңырып алды! – Канат?!! !
Боз үйдүн сыртында кара тасма байланган сүрөттө Канаты аны азырааккүлүмсүрөй,
баягы-баягыкусалыгы ашып-ташыган каректерин жайнатып, кадала тиктеп туруптур!
–Келдиңби? ..– деп жандана түшкөнсүдү сүрөт.
Зарина өзүн араң-араң кармап, кайра эле ыкчам артка кайтты. Ачууарманга толгон
ачуучаңырыгын көкүрөгүнө көтөрүп, карегиндеги каканактаган ысык жаштан калкылдап
жолкөрүнбөй, жер айлан-көчөк болуп келатты.
Анынбу жерге келгенин Канатынан бөлөк эч кимиси билбей калды! Машинаны
алысыраакалып барып токтотту да, рулга өбөктөп жатып алып солкулдап ыйлап атты.
Булубакта Наташа Клара Досматовнага телефон чалды:
–Клара Досматовна, жаман иш болуптур! ..
Чочупкетти эне:
–Жаман ишиң эмне, кызым?!
–Канат... Биздин Канатыбыз каза болуп калыптыр!
– Эмне дейт, чунак кыз?! – депжүрөгү «зырп» эткен эне, эмнегедир кызын сурап
ийди:
–А Зарина каякта?!
–Ошол жакка кетти окшойт. Же сизге кеттиби, айтор айтпай эле чыгып кетти.
КлараДосматовнага заматтын ортосунда жер астын-үстүн болуп кетенсиди. Ошентсе
да өзүн сабырдуу кармап, Заринаны азга аярлапкүттү. Соткасына кайра-кайра чалса,
эмнегедиркызы алган жок...
Батэле анан Сооронбай Жусуевичтин үйүнөн дарегин сурамжылап таап, жанына
бирөөнү алып, көз көрсөткөнү чыкты. Билген кишиге алар турган жерКанаттын үйүнөн
анчаделе алыс эмес, беш-он мүнөттүк эле жол болчу. А бирок, «алдыраарда –
жаздыраар»болуп, алар Москва көчөсүнөн -үйүниздеп, тегеренип жүрүшкөндө
Заринаошол үйдүн тушунда туруп, алардын алдында эле жүрүп кетен.
Ананкалса, так ошол Зарина келген кезде, демейде эшикте турган Дайырдын да жок
болупкалганын айт!
КлараДосмтовна келип эле баланын атасын сурамжылады.
–Ал тигине, тээтигил турган жигит, – деп Дайырды көрсөтүп беришти.
– Кайрат кыл, Дайыр! – деди өзүнүн да өзөгүөрттөнүп турган эне. – Кантели, Канат
менинда балам эле!.. Айла жок!..
Ансайынбуркурап, сайсөөгү сыздап кетти атанын.
– Кайрат кыл, Дайыр! –деген эне кызын сурады.
–Жок, келген жок. Кабар айттырып, балдарды жөнөттүм эле, таппай атышат... – деди
уулдунатасы.
Эненинжүрөгү «зырп!» эти:
– Анда мен азыр келем... Зайка келип калса... көз салып койчу? – депшашылып
чыкканКлара Досматовна ошондон эле туш-тушка телефон чалып, киши чаптырып кызын
издейбаштады. ..
** *
Заринабу кезде Манас аэропортун көздөй көзгө илээшпеген ылдамдыкта кетип
бараткан.Баягы, Канаты экөө кубалашып, жарышып өтчү кара жол!
–Канатым менин! – деп баратты көзүнүн жашы тыйылбай, ыйлап бараткан кыз:
– Кайдакеттиң, Канатым?! Мен сени кайдан табам?! Каяктасың?! Биз эч качан, эч
убактаайрылышпайбыз дебедик беле?! Анда эмнеге жыргалынан жыласы көп бу
жалгангамени жалгыз таштадың?! Мен эми кантем, Канат?! Кантип сенсиз жашайм да,
кантипсенсиз күн көрөм?! Канатым, ай-й! Кайда сенин мен искеген илебиң?! Кайда
эриниңмен өпкөн?!
Кайдакөзүң, эркелете караган?! Кайда сөзүң, кайда жыргал добушуң, уксам кумар
тараган?! Кайда сүйүүң, уялаган жүрөктү?! Жек көрөм мен, сени менден ала качкан ач көз
ажалтүгөттү! !!
Борошолоп, тээ батыштан ызгаар уруп келди... Зарина эмнегедир, машиненин айнегин
ачты.Ачык терезеден ырылдап соккон шамал анын саамайын, чачын туш келди чачып,
каалашынчауйпалап, ырахаттанып атты. Ага деле кайыл болуп, ээ-жаа бербей салаалаган
көзжашын дагы арчыбай, барчу жери бар өңдүү каяккадыр зымырап,каяккадыр эле
бараттыкыз. ..
–Мен сага баратам, Канат! – деди оюнда. – Мени күт, жаным!
Бул 00 -жылдынянварь айынын он бири болчу.
Күнгөишемби. Шыбыргактап, суу аралаш кар жаап келди.
Жерменен жер боло жапырылып, көзгө илээшпеген ушунчалык катуу ылдамдыкта
бараткандыктан, атүгүл атайылып тоскон МАИ кызматкерлери да спорттук үлгүдөгү бул
кызылмашинанын айдоочусун эле эмес, номерин тактоого үлгүрө албай, аркасынан
кубалаганыменен караандап да койбой алда кайда калып атышты.
Кудумтирүү кездегидей чебелектеп:
–Зарина! Закуля! Анчалык катуу айдаба! Абайла! Токто! -дегендей Канаттын элесибет
маңдайынанэлес- булас булактап, көрүнө калып аткансыды.
–Сен мени эч качан таштабайм дебедиң беле, Канат?!
– Мени кечир,Зарина? Сага берген антымдыбуздум. Убадама тура албадым. Ак
никелүү жар болчу, биздин күнгө жетпей калдым! А бирок сен эсиңе кел! Сендагы
жашашыңкерек, Зарина?!
– Канат! Мага сенсиз жашоонун кымындай дакереги жок! Экөөбүз өлгөндө да бир
болобуздебедик беле?!
– Ал үчүн кечир мени?! Мен өлүмдүнмынчалык эрте келерин кайдан билдим,
Зарина?!
–Жок, Канат! Өзүңсүз өткөн өмүр курусун! Кара жердин алдына сени кантип жалгыз
жаткырам?! Кантип сени караңгы көргө жалгыз кыям?!Кантип гана сен жаткан боз
топурак,жердин үстүн тебелеп басып жүрөм?! Анте албайм, жаным! Анте албайм! Андан
көрөк,сен тарткан азапты кошо тартып, сен жамынган кара жерди жамынып, жаныңда
жатканымжакшы! Азыр барам, жаным! Аз-аз чыда, аз-аз күт!!!
Абирок, ошо саам жандалбастап, Жаратканга жалынып, өң-алеттен кетип, өзүн издеп
жүргөнапасынын элеси да көз алдына тартыла калды:
– Апаке-е! – деди көзүнүн жашы он талаа болгон кыз эреркеп да, өксүп дагы, -
Апакебай! Алтыным апакем! Биз Канаттан айрылып калдык! Биздин Канатыбыз эми жок!
Баягысындайтамашалап, баягысындай каткырып күлүп, ал мени эшигимдин алдынан
тоспойт! Келесоом десе, эмнеге анчалык шашты дейм да?!
Кызыңдыкечир, апа?! Өзүңдү кыйып, өлүмдү беттеп баратканым үчүн кечир?! О,
мениналтын апакем! Мен үчүн өмүр сүрүп, кара жаныңды карч урганыңды,эмчек
сүтүңдү,ак тилек, асыл ойлоруңду актабай кетет белем, апакебай?! Асылым апакем,
менин!Азабымды тарттырып, сени азапка салам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес!
Меникечир? ! Мен да сага ыраазымын, апаке!!!
Ошолтрассанын оң жагында, айылдан чыга берерде кыркаар тарта өскөн теректер
бар.Ушул жолдо баратып, Канат менен Зарина ошол бактарга ар дайым токтоп, эрикпей
ылдыйтүшүп барып, кызарып батып бараткан күндү карап, кыялданып тээ көпкө чейин
тажабайотура беришчү.
Ошолбактардын оң тарабы айдоо аянты. Андажаз-күз кылактап, кызыл-тазыл
кийингенкыз- келиндер иштечү. Аларды саксактап, чыт курсак балдар, секелек кыздар
сексеңдепойноп жүрүшөр эле. Сокосу жерди омкоруп, жүрүшү жерди солкулдаткан каз
тамантракторлор да бу жерге бир башкача көрк берчү. Аңтарылган топурактын,
шыбактынкеримсел жыты керемет эле! Куштардын кубулжутуп сайраганы эки ашыкты
кубантып,куштар кылчу.
–Мен ушул жерди ушунчалык жакшы көрүп калдым, -деген жигит бир күнү кызынын
белиненимере кучактап отуруп.
–Мен дагы, – деген Зарина. – Деги эле сени менен кайсыл жерде болбоюн, ошол жер
магабейиш!
Эсинеушулар келе түшкөн кыз так ошол жерге келгенде, оюна бир нерсе түшө
калгандайрулду ушунчалык чукул бурду.
Трассанынбийиктиги жерден эки метрге жакын өйдөтөдө болгондуктан, ансыз да
дөңгөлөгү жерге тийип-тийбей келаткан машина ошончобийиктикте калкылдап, абада
учупбаратты! ..
–Мен сага баратам, Канат!!! – Акыркы жолу оюна ушул келди. Эмнегедир ал азыр
жанагыдайыйлабай, тескерисинче баягыдан да башкача агынан жарыла күлүмсүрөп,
эмнегедиражарына чыга түштү. Чындап эле сүйгөнүнө бараткандай, тээ кайдадыр аны
Канатыкүтүп, адатынча кучак жайып, жаркылдап тосуп тургандай, мына-мына ал тарапка
учупкетүүчү өңдөнүп , ошо ирмемде өзү да бир талпынып алды...
Мунунбаары көз ирмемге да жетпген убакытта болуп өттү.
Аңгычакты, кыз айдаган ошол кызыл унаа бет алдындагы терекке урунуп «карс!» дей
түштү.Тамыры үзүлүп кетүүчүдөй чайпала түшкөнтерек түгүл, жер өзү да болуп
көрбөгөндөйбир катуу «солк!» этип алды, ошондо!
Теректинтак жүрөгүнө барып урунган машина бат эле ылдый шыпырылып түшүп, бир
милдеттенкутулуп: «Өх-х!» -дегендей дымырап, жерде жатты.
Заринанынжаны, руху ушунчалык шашылгандай, бир ирмемге да аярлабай, ошол эле
заматКанатын издеп, чексиздикке «Зым-м!» эткен боюнча учуп чыгып кетти!..
** *
Аварияболгон жерге ары-бери өткөн машиналартоктоп, заматта эл чогулуп калды.
Такошол маалда «Манас» аэропортунан келаткан Клара Досматовнанын кызматкерлери
даЗаринанын кырсыкка учураганын көрүп токтоп, апасына телефон чалышты.
Ошондонкөп өтпөй эле МАИнин, милиция органдарынын машинелери, «Тез жардам»
мененудаа эле жакшы санаалаштары, жоро-жолдош, бирге иштешкендери коштогон
КлараДосматовна да жетип келди.
Заринаныношондогу элеси, ошол сүрөт эненин көз алдында өчпөс болуп, өмүр бою
сакталыпкалды:
Машинаныналдыңкы, күбүлүп түшкөн айнегинен кудум азыр канат кагып, учканы
обдулупбараткан чабалакейге окшоп, Зарина белинен өйдө койкоюп чыгып, каяккдыр
кошкарегин жайнатып, күлүмсүрөп карап туруптур! ..
Аныношол турушу кол менен атайын жасап койгондой, өзгөчө бир көркөм болчу! Өзү
дапериштеге окшоп, башкача бир татынакай эле!..
Анынэч бир жеринде жаракат, кызыл-жаян кан тургай, чийин да жок болчу! Чачтары
дагыазыр эле жасагандай сыйда, ирээттүү эле!.. Ал эми анын көздөрүчү?! Ал
абалкысындайэле бадырайып, жууган карагаттай мөлтүрөп... бактылуудай бажырайып
турган!
–Зайка?! Заринкам?! – деп кызына умтулган Клара Досматовнаны:
– Акырын! Азыр сенин үнүңдү укса алаксып, карай коем деп бир жерин оорутуп
албасын! Көрдүңбү, кызың жапжакшынакай эле турат, – дешти жанындагылар токтотуп.
«Ырасэле.. .» – деди эне да ынанып.
Алдынала сүйлөшүлгөн боюнча Зарина «түшкөн»«Тез жардам» жөн гана, энени
убактылууалаксытуу үчүн үстүндөгү жарыгын жаркылдатып, чындап эле тез жардам
көрсөткөнүшашылып бараткандай алдыда «кыйкырып» келатты. Анын артынан калбай,
КлараДосматовна түшкөн машина барат! Аңгыча, сааттай болуп алардын унаасы бузулуп,
жолдотуруп калышса болобу! Эненин ошондогу чыйпыйынын чыкканы ай! А бирок анын
даатайын эле алдыңкы машинадан «адашуу» үчүн жасалган аракет экенин эне кийин
билипатпайбы!
Бирубакта:
– Адашып калдык! – депкалп эле жанындагылар шаарды кыдырып, ар кайсы
оорукананы«сүзгүлөп», Заринаны «издеп» жүрүштү. Акыры, үчүнчү оорканадан табышты.
Булубакта саат түнкү ондон эчак өтүп калган маал болчу. А бирок алар азырморгго
келгенинэне анда да байкаган жок?!
Алдын-аласүйлөшүлгөн боюнча:
– Азыр операция жасайбыз, – дедиак халатчан жигит чыгып. – Эки саатан кийин
келиңиз,эже, кызыңыздын акыбалын ошондо айтабыз...
Бирок,баары бир эле эненин жүрөгү ыйлап туруп алган!..
** *
ЗаринанынКанаттын артынан жан кыйганы тууралуу кабар ошол эле түнү Сооронбай
атаныкынаайтылды.
ОшондогуДайырдын боздогону, ай! Анан калса, кечээ эле көрүстөндөн бирөөнү –
уулуна,экинчисин өзүнө арнап эки орун алган, ал!
«Эртеби-кечпи, качандыр бир өлүм келет. Ошондо уулумажанаша жатайын!
Тирүүсүндөжаныма алып жүрө албадым. Жок дегенде тиги дүйнөдө жакын болоюн!» –
дегената. А бирок ошол жерге өзү эмес, Заринанын жатып каларын ата каяктан билиптир,
арман?!
– Айланып кетейиндерим, ай! Алдыңарга менкетсем эмне?! – деп сыздаган атанын
көзалдына балдардын баягы, Жылуу-Булактагы элестери биринен сала бири тартылып,
эс-учунантангычакты эчкирип ыйлай берип жүрөк оорусу кармап, оорукананын кайра
жандандыруубөлүмүнө түшүп калганын өзү дабилбей, тээ түндүн бир оокумунда гана
эсинекелди.
Ушулэле күнү эки жашты Чоң-Арыккөрүстөнүнө жанаша коюуга уруксат сурап,
Сооронбайаталар кыздын ата-энеси, урук-туугандарына киши чаптырышты.
– Болбогон кеп! Андай болууга эч качан мүмкүнэмес! – дешти Жеңиш
Есенжановичтинурук- туугандары. А бирок:
–Апасы чечсин! – деди кыздын атасы.
Тигилжак да, бул жак да демдерин ичине катып, эмне деген кеп-сөз чыгаар экен деп
КлараДосматовнаны карашты эле:
–Эки баланын бири-бирин сүйгөнү жалган беле?! – деди алды-артын аңдап, көкүрөк-
көңүлүндө көп нерсени салмактап көрө билген көрөгөч, кыраакы аял «кудалардын»
сунуш-суроосунколдоп:
–Заринанын Канат үчүн кырчындай жаш өмүрүн кыйып, Канатынын артынан кеткени
калппы?! Андай болсо, бул жалганда бири-бирине жетпей, бирге болбой калышса да,
аркыдүйнөдө бирге болушсун! Мен – макулмун!
Анынайтканын кубаттагандай, көпчүлүк бир толкуп алды.
–Ырас айтат!
–Кеп эмес бекен, атаганат! – дешти уккандар.
Абирок Клара Досматовна уул тараптагылардын: «Канаттын сөөгүн дагы бир күнгө
кармап,эки жашты бир күнү коелу», – дегендерине макул болгон жок:
–Жок, ансыз деле бала көбүрөөк кармалып калды окшойт. Бизди күтпөй, өз убагы, өз
маалындаэле кое бергениңер оң. Бир күндүн ары-бериси кайсыл? – деди. Бул акылды да
ким-кимисиоң көрдү.
Январдынон экиси.
Шыбыргактапакырын кар жаап атты...
Сооронбайатанын эшигинин алдында эл көп. Канат менен коштошууга келгендер
короогобатпай, көчөнүн тээ тең жарымына чейин быкылдайт.
Канатты«сууга» алышып, жаназасы окулуп:
–Канат кандай адам эле?! – деди молдо калайык-калкка кайрылып. Туш-туштан:
–Жакшы адам эле!
–Жакшы жигит эле! – деген үндөр чыкты.
–Уулумдун бересеси болсо менден алгыла, аласасы болсо кечтим! – деп эртең менен
эртеооруканадан чыгып келген атасы эки-үч ирээт жар салды.
Канаттыкөрүстөндү көздөй алып жөнөй берерде чучуктай чыңырды энелер:
–Ала ке-ет, кубатым?!! Кагылып гана кетейиним ала кет, мени?!! Кара жанымды гана
чабайынберекем ай, кара жердин астына кантип гана баратасың?! ! Астыңа мен кетсем
болбойтбеле кокуй!!! Ай, Кудай, ай-й!!! Ай, балам ай!!! – депнебересинин артынан
жүткүнүп,боорун тытып боздогон Шааркүл апаны катын-калачтар туш-туштан кармап,
жөлөп-таяпбоз үйгө алып кирип кетишти.
– Канатым-м! ! Жалгызым, ай!! Жан балам, ай!!!Каралдым балам, ай-й!!! – деп
чыңырганГүлнаранын абалын айтууга дарманым жетпес!
Көрүстөндү көздөй чубалып, аяк-башы көрүнбөгөнкөпчүлүктүн ичинде Зарина
тараптанага- туугандары менен Жеңиш да бар эле.
Оо,оомалуу- төкмөлүү, бири кем дүйнө десең!
Ошол,Канатты жерге түшүрүп, көпчүлүк уучтап топурак салып атканда , жаңы эле
дөмпөйгөндөбөчөнүн жанында дагы бир жай казылып аткан болчу!..
«Оңурайып, оозу ачылган ошол оюкка эртең Жеңиштин боор эти менен тең бүткөн
жанбирге,үлбүрөгөн назик, жароокер, жалгыз кызы келип түшөт!..»
Өзөгү өрттөнүп, эси эңгирей түшкөн Жеңишке, экиийнин солкулдатып, эчкирип
ыйлаганДайырга, кайгыдан чайпалып араң турган Сооронбай атага угуза:
– Ким-кимиңер кайраттуу, сабырдуу болгула! -деди молдо бак-бак этип. – Башка
түшкөндү көтөрбөскө аргабыз жок! Андан көрө баланын жаткан жери жайлуу, топурагы
торкоболсун! Курандан башка айла жок!
Сооронбайата бетарчысы менен көзүнүн жашын аарчып, ичинен күңгүрөнүп:
–Кош, Кулунтайым? ! Кош каралдым! Кош... Коркпой жат...-деди,– Оо, Жараткан?! Эне
сүттөрүоозунан кете элек, наристе бойдон эмес беле, балдарым?! Бу не деген укмушуң?!
#35 14 Август 2013 - 18:09
Эртеси, -январькүнү Заринаны жайына алып чыгаарда Канаттараптан Сооронбай
ата,Дайыр баш болгон жоон топ адам келди.
Заринанынэшигинин алдында боз үй тигилип, ак маңдай кыз сүрөтүндө келип-кеткен
адамдардыкүлүмсүрөй тосуп алып, ар бирине агынан жарыла, мээримин төшөп
тургансыйт.
Тигине,көпчүлүктүн арасында кучагы толо кып-кызыл роза көтөрүп, а бирок эриндери
кеберсип, өңү чүпүрөктөй кубарган бир адамды эки жагынан жөлөп-таяп, жетелеп
келатышат! ...
Бутужерге тийип-тийбей, ортодо сүйрөлүп, эс-учун жоготуп келаткан шол адам –
Канаттынатасы, Дайыр!
Арманкүн десең! Ата өз баласын канчалык жакшыкөрсө, Заринаны да ошончолук
жакын,жанындай көрчү эмес беле! Жандилиндежапакеч кызына жалынып: «Айланып
кетейинаруу кызым!» – деп өзатадай эбедейи эзилип атчу. Уулунун бактысына
бажырайганбаёо, акыл-эстүү, эң эле жароокер,камкор кыздын кабылганына каниет
кылчу!Эми ошол эки «эгизинен» тең айрылып, шорго малынып атса кантет, катыгүн?!
Биржолу уулу кыпкызыл розаларды көтөрүп алыптыр болчу:
–Атаке, караңызчы?! Кандай экен? – деген бапыраңдап.
–Чын эле жакшынакай экен. Бул кимге? – атасы кимге экенин баамдап турса да сурап
койгон.
–Заринага! Бул анын жакшы көргөн гүлү! – деген уулу.
Ошолрозаларды кайра-кайра жыттап, көздөрүн күлмүңдөтүп узап бараткан уулун
атасыкөпкө чейин сыймык менен караган.
– Апаке, мен кийин жалаң кызыл розалардан гүл бакча жасайм! – дептир болчу
апасынабир ирет. – Билесизби, эмнеге?
–Эмнеге? – деген Гүлнара чын эле ынтызарлана.
–Анткени кызыл розалар – болочок келиниңиздин жакшы көргөн гүлү.
Ананда, Канат өзүнүн апасы менен Заринанынтуулган күнү бир күнгө туш келип
калганынакубанар эле:
– Кандай жакшы, ээ? Экөөңөрдүн туулганкүндү кийин дайыма бирге тосот
турбайбызбы, – дечү.
Мына-мынажыгылып кетүүчүдөй темтеңдеп, теңселип араң басып келаткан Дайыр
ушулардыойлоп келатты:
– Уулум! Мен сенин Заринаңа, ар дайым кызылрозаларын алып барып турам!!! –
дедиуулунун гүл кучактап, күлмүңдөгөн элеси көз алдына тартыла калып.
Экибетин салаалаган көз жашы жууп, ыйга муунган Дайыр боз үйгө жетип-жетпей,
Заринанынсүрөтүнүн алдына бөк түшүп, чөгөлөп отурду да, бооруна кыскан беш жүз тал
розагүлүн өтө аяр, өтө урматтоо менен коюп, көпкө чейин, кызга таазим этип, экиийинин
солкулдатыпыйлап отурду.
Гүлдүнтең жарымын боз үйдүн ичине киргизип, сөөктүн аягына койдурушту.
Ошентип,ошол күнү маркумдардын шаарчасына – жалган дүйнөдөн жоготкон
жанбирге,жакын адамын издеп жап-жаш, кудум тирүү кездегидей кош кареги жайнап,
күлүмсүрөгөнжакшынакай, аруу кыз келди. Келди да, ашыгынан эми эч качан, эч качан
айрылбастыгынаыраазы өңдүү, Канатынын жанына, ал жамынган кара жердин бир учун
жамынып,суналып жатып калды!..
** *
Экиашыктын аз өмүрдүн, арзуудан тапканбактылуу да, армандуу да таржымалы
тууралууушул аңыз ошондон кийин ылдам эле элди аралап, узун элдин учуна кетти.
Ыйлабаганжан калбады!..
Адамдарармандуу бу тагдырга аза күтүп, кайгырып да, кайра ошончо башты бийик
көтөрүп,атамзаманда адам баласы менен кошо туулган ыйык сезимдин бүгүн да бар
экендигинеканиет кылып атышты:
– Капырай! Сүйүүнү жок дейсиңер! Мына – сүйүү! Ал эч качан жок болбойт! Сүйүү
жашайт,сүйүү бар! Сүйүүнү майдаланып, ыпыластыкка айланып кетти дейсиңер! Көрсө,
жаңылыпсыңар! Мынакей, ага далил! Сүйүүнү дене кумар, жанкумардын көз ирмемдик
ырахатыдейсиңер! Жок, сүйүү бу жашоонун бардыкырахатынан ыйык! Ал – руханий
улуулук!
Ошондонкөп узабай эле кыргыз адабиятынын алтын казынасына сүйүүнүн улуулугун
даңазалаганжаңы каармандар, жаңы дастан, чыгармалар кошулду. Көкүрөк дарты, көз
жашынансыя жасап, аза менен арманга жүрөгү ууланып, муңканып отуруп жазган
СооронбайЖусуевичтин «Канат менен Заринасы» окурмандар арасында колдон-колго
өтүпокулган, жандүйнөлөрдү жашытып, ошону менен катар эле аруулукка, адалдыкка,
махабаттынбийиктигине чакырган парасаттуу чыгармага айланды! Жыл айланбай бул
дастанбашка элдердин адабий казынасынан да орун алып түрк, орус, тажик жана башка
бирканча тилге которулду.
Аларчыныгы турмуштан алынган, жалганы жок тарыхый бу чыгарманы тегин жерден
сүйүшпөдү! Өз элинде, өз урпактарына махабатты даңазалап, анын улуулугун даңктап,
рухдүйнөлөргөжаназык кылуу үчүн алышты.
Агаудаа эле эки ашыктын кыска, нуска өмүр-таржымалы, армандуу да, ак сүйүүсү
тууралууондогон акындар чыгармаларды жаратышып, ондогон обондор оболоду. Эл
артистиНасыр Давлесовдун реквиеми оркестрдин коштоосунда, кыргыз искусствосунун
небир чеберлеринин аткаруусунда чоң сахналарда жаңырып, мини-спектаклдер, бийлер
жаралды.
Бул,албетте, өлүмдү даңазалоо эмес! Тескерисинче, андан да бийик, андан дагы ак,
чыныгы,таза махабаттын бар экендигин даңктоо! Сүйүү үчүн, сүйүүгө чын татыктуу жигит
Канатыүчүн кырчындай кезинде кыйылган кыз – ал тирүү! Ал өзү менен кошо Канатын да
кайратирилтип алып аалам кезип, жер кезип ырдап кетишти!
Өлбөстүккө айланып арабызда, жүрөгүбүздө, куштай учканмезгилдин канатында
жашап,алар кылымдардын канча бир кырын ашып, түбөлүккө жашатат.
Канатменен Зарина жаткан жер бүгүн эле МАХАБАТТЫН МАЗАРЫНА айланууда.
Андайболсо, сүйүү үчүн, сүйгөнү үчүн Зарина кыз жан кыйган -январь – СҮЙҮҮНҮН КҮНҮ
экендигинким танат?
** *
Ата-энелерат тезегин кургатпай, Канат менен Заринанын «айлына» тез-тез каттай
беришет.Балдар бар кезде, куда-сөөк боло элек кезде бири-бирине сый мамиледе болсо,
эмиалар чындап эле чырмалышып, бири-бирине ичтери ысып имерилип, ымалашып
калышкан.
Биркүнү таң эрте келишсе, Зарина каза болгон жерди айланчыктап, колуна чака
көтөргөнтестиер бала жүрүптүр.
–Мында эмне кылып жүрөсүң? – дейт Клара-апа таң калып.
–Заринанын багын актап атам, – дейт бала.
–Неге?
Булараны азыр айыпка жыгуучудай буркуюп, жер караган бала анда: – Анткени, бул...
ыйыкбак да, – дейт.
Жеңишменен Кларанын көздөрүнө жаш тегеренипкетти. Алардан жеме укпай
турганынакөзү жеткен бала ошондо гана жайдаңдап:
–Бул жерди биз дайыма карап турабыз, – дейт. -Антпесек, бу тегеректе мал көп.Алар
гүлдөрдүжеп коет. Анан да апамдар, атамдар, баары эле келип куран окуп турушат.
Ошолбакта куушуп ойногон эки апакай көпөлөктү кыздын ата-энеси келген сайын
көрөт.Ар дайым, алар келген сайын кош чымчык ошол бутакта безилдешип, кубулжутуп
сайрапаткан болот. Атүгүл, тегереги тосулганошол белгинин айланасында башкача бир
кооз, үлбүрчөк назик гүл жайы, кышы менен мөлтүрөпгүлдөп турду... Анан калса, ал
жердегүлдөр жалгыздап, же болбосо топ-топ болуп эмес, эки-экиден жупташып өсүшөт.
Заринагүлдү сүйүүчү: «Гүлдөр өтө сезимтал. Алар назик, анан да алар эч качан
адамдыалдабайт! – дечү ал. – Алар адамдын тилин, дилин түшүнүшөт. Алар кубанышат,
кайгырып,ыйлашат. ..»
Менин үстөлүмдө азыр Заринанын Канатка жазган дагы бир каты жатат. Аны мага
КлараДосматовна жанараак эле берди:
«Гүлбар жерде – аруулук,
Махабатбар таптаза!
Ишен,жаным,
Алар– тирүү, алар ыйык башкача!
Сөздагы айтып жеткире алгыс сүйүүнү,
Анандагы –
Сенижүрөк эч убакта кыйбасын,
Аларгана айта алышат, кымбатым! ..
Каник!Туулган күнүң менен!
Менсени ушунчалык – ушунчалык сүйөөрүмдү
жанаар дайым сени күтүп, сагынаарымды, сен деп жашап жүрөөрүмдү билсең экен...
СенинЗайкаң, . . 000.»
Заринаказа болгондон кийин, анын өз үйүндө, гүлгө байланышкан бир таңкалыштуу
окуяболуп өттү.
Эртеңменен туруп карашса эле, Заринанын портретинин алдына коюлган ак, кызыл
гвоздикаларжарым кулачтай алыстыктан бири-бирине мойнун созуп, кудум кучакташып
алыпыйлап атышкан сымак, бири-бирине беттешип, чапталышып алышыптыр. Анан да ак
гүлкызгылтым түстү, ал эми, кызыл гүл агыш түстү өзүнө сиңирип алганычы?! . Укмушэле
бул!
Канатменен Заринага байланышкан ушундай укмуштуу, таңкалыштуу окуялар алар
өлгөндөнтартып, ушул күнгө чейин кандайдыр бир жакшылыкка, сүйүүнүн жаралышына,
асылдык,пакизалыкка чакыргандай тирүүлөргө сыр берип, кез-кез кезиге калыпкелатат. ..
Заринаким бирөөлөргө калем карматып, ыр жаздырат экен...
Ыйыккыздан аян болуп, ыр кураган ошол жандар буга чейин колуна калем кармап, эч
убактаэки сөздүн башын курап көрбөгөндөрүн айтышат.
– Таңкы саат төрт экен... – дейт НатальяВасильевна. – «Наташа, калемсапты колуңа
ал!» – депкайдан-жайдан мага тааныш, жагымдуу үнугулду. «Зайка?!.» – дейм уккан
кулагымаишенбей шашкалактап. «Жазгының! » – дейт ал. Уйку-соонун ортосунда калем-
кагазымдыколума алып, күтүп калдым... Эмнегедир, аларды ошол күнү башыма коюп
жаткамын.
Аңгычаэле көкүрөгүмдү тээп, мен эзелиойлобогон, укпаган дагы, жашоо-өмүр
тууралууойлор, ыр саптары куюлушуп келе баштады... А мен аларды араң-араң жетишип,
кагазымакөчүрдүм. . Эртең менен ушунчалык сергек, жеп-жеңил ойгондум да: «Жана мен
түшкөрдүмбү же чын эле ыр жаздымбы?» – дейм. А бирок, чындап эле дептеримдин
бетиндеушундай ыр саптары калыптыр:
«Чексиздиккекайып болуп,
Булжашоодон алыстап,
Кеттиңузап! ..
Кандайкайгы!
Тагдырмынча табышмак?!
Жалбырактаршуудурашат,
Шооратыбы, жамгырдын?
Жандүйнөмдөжоготуу, муң –
Сенденкантип айрылдым!
Бүгүнбарбыз,
Эртеңжокпуз неге биз?
Билбеймнеге жаралабыз, өлөбүз?
Кимкүнөөлүү –
Жазатаюу, жаңылуу,
Жанада не,
Өксүпкүз жаш төгөбүз?
Өкүнсөкда
Келбейтбирок өткөндүр,
Каталарда
Кайраэч качан түзүлбөйт!
** *
Кучагындасагынычтын, кусанын,
Сенденалыс,
Алыс-алысузадым!
Анткенменен абай салып, айланып,
Айрылаалбай,
Арубак саа арбалып,
Жалбырактайкалкып учуп асманда,
Тегеренемсени санаа басканда.
Менушуну салтка айлантып алгамын,
Жазгыжелге айланам да айдарым,
Саамайыңданэркелетип өбөмүн,
Жолдоруңаак жарык нур төгөмүн.
«Кимсиң?»– дейсиң,
«Периштеңмин, сени дайым коргогон! »
«Каяктасың? »
«Кайдаот жанса,
Ошолжакта мен болом!..»
«Сүйүм!Сенчи?
Бирбелги бер, өтүнөм?!.»
Амен шамды,
«Үлп!»эттирип өчүрөм!..
-март, 00-жыл»
** *
Дагыбир ажайып кызык – туулган күнүндү Зарина-кыздын ата-энелерди дарбыз
менентосуп алганы! Бул окуя мындайча болгон.
Чоң-Арыккөрүстөнүндө корукчу болуп иштеген Алихан күндөрдүн биринде эки
жаштынкүмбөзүнүн башында өскөн дарбызды көрүп таң калат да, ким бирөөлөр жулуп
кетпесиндеп үстүн чөп-чар менен жаап коет.
Дегиэле бул тегеректе дарбыз өскөнүн, же кимбирөөнүн өстүргөнүн ал уккан да,
көргөнда эмес. Кандайча болуп бул дарбыздын өсүп калганы аны айран таң кылат.
Ошентип,дарбыз күн санап чоңоюп, чатырап чоңое берет. Заринанын туулган күнүнө
келгената- энелерди Алихандын жаңылыгы абдан таң калтырат. Дарбызды өз колдору
менен үзүп, ошол жерден союп, куран окушат...Чындап эле өрттөй кып-кызыл бышкан,
муп-муздак, болуп көрбөгөндөй ширин дарбыз Заринанын аларга атайын арнап жазган
жайылдастаркону сыяктуу сезим калтырган... .
Ананкалса, апасына ар дайым Зарина кыз ак булуттардын арасынан көрүнө берет.
–Жеңиш, карасаң Заринаны! Тигине, – дейт эне.
–Койчу, Клара! Мен эч нерсе көрбөй эле турам! – дейт ал.
Дагыбир жолу, кеч күздө экөө эс алганы көлгө барышат. Эненин эсинде качан
болбосункызы жүрөт да, ошондо да жалгыздап келатып: 0
–Зайка, Закуля, эгерде сен азыр мени көрүп, туюп атсаң... Эгерде сен чындап элебар
болсоң,анда мага кандайдыр бир белги берчи? – дейт. Айлана-тегеректе бак-дарак түгүл,
биркөл, бир кумдан башка эч нерсе жок эле. Аңгыча кайдан-жайдан калкып учуп келет
да,сары-кызыл жалбырактын алаканына конуп атканы! Эненин жүрөгү «дирт» эте түштү:
– Закуля! Алтын кызым, менин! Ишенем, сен ардайым менин жүрөгүмдө эле эмес,
жанымдасың берекем!.. Мен ар убак сенин шыбыртыңды, шооратыңды туям! Өзүңдү
сагынып,сабыркаган жаныма кайра өзүң кайрат, дем берип келесиң, кереметим! .. – эне
жалбырактыэрдине тийгизип, бооруна кысты...
Абирок, ушундай окуя, белги болгонуна Жеңиш дагы эле ишенер-ишенбесин билбей
турду.
–Бая күнү ар кайсыны ойлоп, кызымдынкылык- жоруктарын эстеп, капаланып атып
уктагам.Түн ортосунда эле... уктап атсам эшик кыйч этет. Ойгонуп кеттим. Демимди
ичимекатып, эшик жакты карап жатсам, ким бирөө акырын ачып аткандай дагы ошентти.
Эмнегедиржүрөгүм кубанып, «болк» дей түштү. Чындап эле, кызым тирүү кирип
келаткандайордумдан ыргып туруп, жарыкты күйгүздүм. Ашканага өтүп барып
дарстарконгокызымдын жакшы көргөн тамак-ашын, анын ичинде алмасын коюп, өзүм да
шашпайотуруп чай ичтим...
Эмнегедир, ошол учурда чындап эле менин жанымда Зайкам отургандай сезилип
атты.Эми элеки кайгы-капам жуулуп, көңүлүм көтөрүлүп, кубаттана түшкөнсүдүм, – дейт
эне.
–Апама барып айтып коюңузчу, – дептир бир жолу чоочун эле бир аялдын түшүнө
кирип,– Апам ыйлабасынчы, мен жакшы элемин...
Ошондонкийин Клара-апа ыйлаганын койгон.
–Канат экөөбүз уулдуу болдук. Жети ай болуп калды... Апама сүйүнчүлөп койсоңуз! –
дегенэкен дагы бирөөгө аян берип. Аппаккийинип, абалкысындай эле эки ууртунан
күлкүсүтөгүлүп, колуна торолуп калган эркек баланы көтөрүп алган имиш.
Айткандайэле, эки ашыктан, Жараткан Теңирден аян болуп келген ошол наристе азыр
эмгектеп,кас- кас туруп басып калды...
Булда өзүнчө бир чийеленишкен, кызык окуя. Уулу өлгөндөн кийин жоготуу азасына
кошул-ташыл, Гүлнара катуу ооруп калды.
–Жатынды операция жасаш керек! – деди дарыгерлер бир ооздон. Бирок эле бир
күнү:
–Операцияга барбасын! Анын жети айлык боюнда бар. Кудагыйыңа айт! – дейт Роза
аттуукөзү ачык Клара Досматовнаны чакыртып:
–Анын үстүнө бул жөн бала эмес, Канат менен Заринанын рухунан бүткөн касиеттүү
бала!
Ошолкүндөрү Зарина да: «Апама айтыпкойгулачы, мен -үйдөмүн,» – депдагы
бирөөнүнтүшүнө кирет. Ошондон бери: «Бул деген сан эмне болду экен?» – деп Клара-
апатүйшөлө берер эле. А көрсө Зарина аны дагы жөн жеринен айтпаптыр... Анын сыры
кийиначылып атпайбы!
Клара-апаРоза эженин айткандарына бирде ишенсе, бирде ишенбейт. Ишенейин
десе,эки эле кат болуп, эч кандай ичи билинбеген Гүлнара канча дарыгердин көз
алдынан өтүп, канча аппаратка түшүп, ошонун негизиндедиагнозу коюлуп атпайбы!
Ишенбейиндесе, бул аял аябай эле ишеничтүү айтып атат. Анын үстүнө өгүнү эле Зарина
кимбирөөнүн түшүнө кирип: «Канат экөөбүзбалалуу болдук!» – деп атса?!. Акыры,
эмнесиболсо да көрө жатарбыз деп, Розанынкабарын кудагыйына айттырат. Анткен
менен,Гүлнара ага адегенде макул болбой, атүгүл капа болуп, таарынып да калат:
–Каяктагы жети айлык бала? Менин эч кандай боюмда жок! Мени эмне, тамашалап
атасыңарбы? Ошол эле жетпей атты эле! – дейт ал.
Клара-апачындап эле оңтойсуз абалда калат. Роза эже болсо, кайра да айттырат.
Ошондогана Клара Досматовна өзү барып:
–Гүлнара, сен балаңдан айрылсаң, мен да баламдан айрылдым. Экөөбүз бирдей эле
азаптартып, аза күтүп турабыз. Бир жолу менин айтканыма көнүп койчу? Акыркы жолу,
дагыбир жолу жакшылап текшерилип көрчү? – деп атып акыры ынандырат да,экөө
шаардагыэң күчтүү, эң жогорку квалификациялуу деп саналганмедициналык
борборлордунбирине барышат.
Текшерүү учурунда эле... Мына укмуш! Аппараттынэкранында колу-бутун
тарбаңдатып. ..эркек бала жатат! Атургай ал кимдир бирөөлөрдүн өзүн карап, тынчын
алыпатканын билип аткандай чукуранып, көздөрүн бүлбүлдөтүп ачып-жумуп атканы!..
– О, Кудай! Сүйүнчү, Гүлнара?! Биз уулдуу болотэкенбиз! – деген Клара-апанын
кубанганданжүрөгү лакылдап, карегине жаш толупкетти. А бирок баланын апасын
ишендирүү, ынандыруу оңойго турган жок!
–Андай болсо ичим чоңоюп, кандайдыр бир белгилер болот эле го?! – дейт ал.
Айткандайэле, ал качан ошого муюп, макул болгондон кийин гана, эки-үч күндүн
аралыгындакурсагы кадимкидей жайылып, чоңойгону! .. Кандай жакшы?! Кандай
кубаныч! Кудайдын сүйүп берген белеги бул!
Ошондонэки ай өтүп-өтпөй эле Канаттынапасы – Гүлнара алмончоктой уул төрөп,
Сооронбайата наристеге Аян деген ысым ыйгарды. Ал эми Зарина айттырган « » деген
сан– ал Аяндын туулган күнү – -июнь экен!
А бирок, бул жашоодо ар адам өзүнчө жалгыз! Шааркүл апа кенедейинен жонуна
көтөрүпбаккан тун небереси, жанбиргеси Канатынын кайгысын андан ары көтөрө алган
жок!..Канатынан айрылган алгачкы күндөн тартып эле абалкысындай боло албай, аздап-
аздапалы-күчүнөн тайып, азайып отуруп... акыры бир күн балдарынын аркасынан өзү да
кайрылгыссапарына аттанып кете берди!.. Сооронбай ата, бала-бакырасы, жакын урук-
туугандарыэле эмес, ошентип кыргыз адабияты, маданиятынын өкүлдөрү да асыл
апабызданайрылып, аза күттүк! Айрыкча, поэзия жанрын туу туткан акын кыздар үчүн
Шааркүлапа ким эле?! Ар бир жолу «төркүлөп» барганыбызда апабыз агынан жарыла
кубанып,кучагын жайып тосуп алуучу да, берерге ашын, айтаарга сөзүн таппай, ар
бирибизгеайланып- тегеренип, энелик мээрим менен эркелетип:
–Айланып кетейиндер! Садага болоюндар! .. – деп жалынып-жалбарып, өпкө-жүрөгүн
чаапатуучу.
Олда,кайратыңдан кагылайын асыл ай! Сооронбай атабыздын айкөлдүгүн айтам...
Кабыргасыкайышып, канчалык катуу кайгырып, кан жутуп атса да бала-бакырага кайрат
берип,калдайып караан болуп, бармактайынан баш кошкон байбичесин узатуу расмисин
ырастап,бары- жогунун башында турбадыбы! ..
** *
Кечээ,жакында эле акын Бактыгүл Чотурованын «Сагыныч» аттуу ырлар жыйнагы
жарыккачыкты. Бактыгүл эжемдин кубанганын сурабаңыз! Ал да өзүнчө бир айкөл, асыл
адам!
Эжемдинкарегинде кылгыра түшкөн жашты көрүп, менин да ыйлагым келип кетти.
Эжекемэкөөбүз бири-бирибизди карап, кайра кытылдап күлүп атабыз...
–Эже, эмне болду? – десем кайра ал мага:
–А сага эмне болду? – деп коет.
Бул– кубанычтын көз жашы эле. Акын үчүн китебинин жарыкка чыгышы – сөз менен
айтыпжеткирүүгө болбой турган ырахат!
–Сооронбай агай менен Клара Досматовнага рахмат! – деди эжем. – Алар болбосо,
булкитеп качан чыгат эле?! Чыгат беле?!.
Айткандайэле, бу күндөрү «Канат менен Зарина» фондуна ыраазычылык билдирген
таланттаркөп. Өзүнүн уюшулганына аз эле күндөр болсо дагы фонд канча бир автордун
китебинжарыкка чыгарып, композиторлордун концерттерин каржылап, искусствонун
кайсылтармагында болбосун чыгармачыл адамдарга колдоо көрсөтүп келет.
Оюнабир нерсе түшүп кеткендей бир убакта эжем:
–Жүрү, Сооронбай агайдыкына барып, китепти көрсөтүп келебиз? – дейт. Колунда –
«Сагынычтын»мукабасы али даяр боло элек биринчи экземпляры.
–Мукабасы чыкканда баралыбы? – дейм.
–Жок! Бара береличи... – дейт акын эжем.
Бизкелсек, Сооронбай агай иштеп отуруптур. Эжемди куттуктап, мени да: «Китебиңди
аяктапкалдым деп атасың, куттуктайм! » – деп бетимден өөп, жылуу кабыл алды. Агай
тынымсызиштеп, канча бир чет элдик поэзия өкүлдөрүн которуп, басмага даярдап аткан
экен.Эмки жылга өзүнүн ырларын да басууга берерин айтты.
Агайаркы үйгө кирип кеткенде эжем мени муңая карады:
–Шааркүл апа эсиме түшүп кетти... – деп.
Мендагы үйдүн ичине тегерете көз кырымсалып, Шааркүл апа менен Канат азыр
көрүнөкалуучудай боло бердим...
КайтаарыбыздаСооронбай Жусуевич тартмасынан конфет алып чыгып, чөнтөгүбүзгө
салды.
–Агай бизди кичинекей баладай эле көрөт, – деди эжем сыртка чыкканда күлүп...
Биринен-бири өткөн ушундай асыл адамдардын арасындажүргөнүм менен ичимде
сыймыктаныпбараттым.
** *
Күндөрдүнбир күндөрүндө Зарина апасынын түшүнө кирет:
– Апа, сиз алып берген ак мончогумду эч кимгебербеңиз. Аны Наташа күйөөгө
чыккандатагынсын.
Ошондонкийин эненин ою ордунда эмес: «Эми эмне кылам? Мен аны эчак эле
бирөөнөкармата койбодум беле...» – дейт. Акыры, ордуна башка мончок алпарып берип,
Заринаныкынкайра апкелип коеюн деген чечимге келет. Бирок, бир күнү Заринаныкына
барсаэле, баягы мончок үйдө турат дейт!
–Ай, муну мен бирөөнө бербедим беле?! – дейт таң калган эне.
– Сиз берген башка. Ал – Канат алып берген мончок болчу. Бул – сиз алып берген
мончокэмеспи, – дейт Наташа. Ал абалкысындай эле, куран окутупкелип- кеткендерди
тосуп,Заринанын буюм-кечелерин ирээттеп, үй-жайын жыйнап-тазалап бул үйдө. Эненин
ошондогубир кубанганын сурабаңыз!
Көпөтпөй эле Наташа чиркөөгө камынат. А бирок, ал сыйынууга эзели барып көргөн
эмес.Деги эле чиркөөгө баруу буга чейин анын үч уктаса түшүнө да кирбептир! Бирокэле
жүрөгү ээленип, баргысы келбей атса дагы кандайдыр бир күчкө жетеленип, чиркөөгө
жөнөйт.
Ошолчиркөөдөн ал бир жигит менен таанышат. Экөө тең адегенде бири-биринен көз
алаалбай арбала калышат. Чыгып баратканда жигит анын атын сурайт. Экөө аялдамага
чейинкобурашып келишет. Наташанын баамында ошол жигит кандайдыр бир сырдуу,
оорбасырыктуу, ойлуу эле. Айлана-тегерекке абай салып, ким бирөөнү издеп аткансып
элесезиле берген. Ушул сырдуу жигит тууралуу Наташа келип эле Клара Досматовнага
айтат:
– Эмнеге экенин билбейм. Мунун баары тең кандайдыр бир... менин эркимден
тышкарыболду. Мындай жолугушуу, мындай сезим болот деп эч качан күткөн эмесмин.
Анын үстүнө, анын көз карашы бир башкача сыйкырдууэле. .. Ал көздөр менин акыл-
эсимдитаптакыр ээлеп алгандай! .. Анан да, ал жигит мага түшүнө кирип, Бишкекке
чакыраберүүчү, өзү эч качан өңүндө көрбөгөн бир кыргыз кызды издеп жүргөнүн айтты.
Таңкаларлык! ..
Ушунданулам Клара-апанын оюна бир нерсе «тык» эте түштү:
–Наташа, бул баягы-баягы, сага Зарина айткан жигит эмеспи?
Эсиңдеби,ал сени күйөөгө өзүм берем, жигитти өзүм таап берем дечү эмес беле?
Түшүмөкирип, мончок тууралуу айтканычы?
–Билбейм, – деди эмнегедир жүзү тамылжый түшкөн кыз ийнин куушуруп.
– «Ошол биринчи жолугушууда менинкөйнөгүмдү кийип бар» дегениэсиңдеби? –
дедиэне.
–Эсимде...
Анткенменен Наташа Заринанын кай көйнөгүн кийерин элестете алган жок. Анткени,
кийимининдээрлик көбү элге тарап кеткен. Анын үстүнө, Зарина көп учурда шым кийер
эле.Анын саналуу, бир-эки эле көйнөгү болотурган. А бирок, буга да жооп табылды.
Кайсыбир күнү кыз Заринанын кийимин кайра да бир ирээттеп, жыйнап атып анын көк
сарафанынтаап алды. Буга чейин көйнөктүн кай жакта жашынып жатканына таң берди
кыз.Кожойкесинен алда канча сөөк-саактуу экендигине карабай, атайылап ага арнап
алгандайчак келип калганын айт!
Аларкайсы бир кафеден жолугушмак. Эмнеси болсо да көрөйүнчү деп, Заринанын
сүрөтүн өзү менен кошо алып, жолугушууга чыкты. Вадим аны күтүп отуруптур.
Эмнегедир, Наташа кирип келгенде эле нес болгон адамча көз ала албай, аңкая тиктеп
калды.
–Наташа, кечирип койчу, бирок... алиги менин түшүмө кирип жүргөн кыз да ар дайым
ушундайкөйнөк кийет, – деди.
Сыралдырбаганы менен, Наташанын келмеси оозунан ыргып кетти. Ушундай укмуш
болоорунал эч ойлогон эмес. Бирөө айтса да ишенбейт эле! Ошентсе да сыр алдырбай
отурду.Качан- качан ыгы келе калганда блокнотун барактап атып, «капысынан эле»
Заринанынсүрөтүн колунан түшүрүп алды. Аны алып бере коеюн деп эңкейе калган жигит
сүрөттүколуна кармаган боюнча эле... ката түштү!
–Эмне болду? – деди Наташа.
–Бул ким?! – деди Вадим жооп берүүнүн ордуна кайра өзүнө суроо берип.
–Зарина, – деди кыз. Анда тигил жигит:
–Мен издеген кыз ушул! – дебеспи!
–Койчу?! – чындап эле көздөрү алайды кыздын. – Кантип эле?..
–Ырас айтам! – кубангандан көздөрү жайнаган жигит, – Мен аны менен таанышуум
керек!– деди.
Наташаага Зарина жөнүндө болгонун болгондой кылып, атүгүл өзү тууралуу ушинтип
убадабергенин дагы айтып берди. Ошондо гана алар Зарина ал экөөнү атайылап
табыштырып, тааныштырып, бири-бирине жол ачып атканына ишенип:
– Бул – керемет! Бул – адамбаласынын акылын айран кылуучу укмуш жомок! –
дешти.Экөө ошондон кийин ысык-ынак болуп,сагынышкандай тез-тез жолугуша турган
болду.Кийин- кийин жигит эки-үч айга дайынсыз жоголуп кетип, күндөрдүн бир
күндөрүндө:
– Заринанын тилин албай коюп, аварияга учурапооруканага жатып чыктым, – деп
келди.Көрсө, окуя мындайча болуптур:
Алматыда, өзүнүн офисинде отурса эле, эшиктен Заринанынэлеси шашылыш кирип
келетимиш.
–Бүгүн Карабалтага барбай эле кой, – дейт кыз, -кырсыкка учурап каласың.
Аныменен сүйлөшүү кадыресе көрүнүш катары болуп калган жигит:
–Жок, барышым керек! Антпесем ишим үзгүлтүккө учурап калат! – депкараманча
ынанбай,жолго камынат. Ошондо кыз:
–Болуптур, тил албадың. Наристе бирок аман калат. Өзүң жаракат аласың, –дейт.
Жаштык – мастык эмеспи. Анын үстүнө Заринанын айткандарын дагы бир жолу
сынамаккажолго чыгат. Адегенде баары тең элеойдогудай өңдөнгөн. Атүгүл кайра
чыгаардаайдоочуга ишенбей, рулга өзү отуруптур. Ээн жол, алдыда да, артта да эч
машинажок болчу дейт. Аңгыча эле, кайдан-жайдан беш-алты жашар бала алдынан чыга
калып,андан качам деп машина аласалып, кабыргаларынан кан түкүрүп ооруканага
түшүп,эми-эми айыгып чыккандагысы экен бу...
#36 14 Август 2013 - 18:10
Ушулкитепти жазып жүрүп, ушундай сырдуу, а бирок көздөй адамдардан уккан
окуяларданулам мен дагы эзелтен таанып-билген эң жакын, жакшы көргөн Бермет
Алымбаеваэжеме барып жүрдүм. Бермет эже – эки жолку жогорку билими бар, беш бала
өстүргөнасылкеч эне. Адегенде Ленинград полиграфиялык институтунун бүтүрүп,
редакторадистиги менен «Мектеп» басмасында иштеп, кийин Кыргыз Улуттук
университетининорус тили, адабияты факультетин бүтүрүп түштүктө мугалим болуп
иштеген.
Бирыр жыйнагы, эки прозалык чыгармалардан турган китептин автору. Кыргызстан
жазуучуларсоюзунун мүчөсү. Бирок, анын мен айтайын деген өзгөчө касиети башка. Ал
көрүп-көрбөйтуруп эле кимдин болбосун өткөн-кеткенинжана алдыда эмне күтүп
атканын айта алат.
– Бермет эже, Канат менен Зарина жөнүндө айтып бериңизчи? – дедим бир күнү
атайылапбарып.
–Канат менен Зарина жөнүндө эмнени билгиң келет? – деди ал.
– Менимче, эки ашыктын бу жалган жашоодогутагдыр, таржымалын жазып
атпаймынбы, жакшы эле билем го... Экөөнүн аркы дүйнөдөгү жашоосу барбы? Ошону
айтсаңыз?- десем эже теспесин карап отуруп:
– Бейшемби күндөрү, экөөнүн күмбөзүнө барганкезде тынч туруп тыңшасаңар,
кандайдырбир жумшак, назик шоорат угулуп турат... – деди.
–?..
– Алэки жаштын шоораты. Экөө кол кармашыпалып тээ закымдарга, чексиздикке
ааламкезип, сабалап учуп кетишет да, кайра өздөрүнүн бейитине келип конушат.
Эмнегедир, алар Канаттын мүрзөсүнүн үстүнө көп аярлашат экен.
Ананда, а балким ата-энеси өзү деле сезбесе керек, Зарина бала күндөн кандайдыр
биркасиеттүү кыз болуптур. Аны булутка окшогон кандайдыр бир аппак нерсе ар дайым
колдоп,коргоп турчу экен...
–Анда, эмнеге ал Заринаны ажалдан коргоп калган жок?
Ушуарада «булут» жөнүндө айтканыкөкүрөгүмө «тык» этип, Заринанын булутту
жакшыкөрөрү, апасына ак булуттардын арасынан көрүнөөрү көңүлүмө уялай калса дагы
ушинтипсурадым.
– Анткени, бу – тагдыр, – дедиБермет эже. – Алар төрөлгөндө эле Алла-Таалам
бешенесинеошону жазыптыр... Анан да, Зарина менен Канат ата-энелерине абдан
ыраазыдай.
Биздинмаегибизге шериктеш болгон сыяктуу, радиодон Алина Жетигенованын
аткаруусундагы, Камчыбек Букалаевдин «Канат менен Заринанынсүйүүсү» деген ыры
сыбызгып,бөлмөгө кандайдыр бир жакшы маанай,жагымдуулук жаратып, көңүлдү
көтөрүпийди:
Сүйүүнүким ырдабаган, жазбаган?
Сүйүүдөнким ыйлабаган, азбаган?
Кылымырдап бүтпөс бирок бир ырды,
Заринакыз эчак ырдап таштаган...
Адамзатжок өтпөй турган өмүрдөн,
Арманда жок кетпей турган көңүлдөн.
Экиашыктын махабаты күн санап,
Нургаайланып барат ырдап төгүлгөн.
«Махабатжок! ..» -деген өксүк кейиштен,
Жүрөктөрдүсакайтууга келишкен,
Алартунук сезимдердин символу,
Арзуудагыадаштырбас периштем!
Канатменен Заринанын сүйүүсү,
Кылымдардан- кылымгаырдап жүрүүчү,
Өлбөсулуу касиетке эгедер,
Жүрөктөрдөырга айланып жүрүүчү!.. .
** *
Чоң-Арыккөрүстөнүндө кош бейит бар...
Бейиттердинүстүнөн жылдын кай мезгили болбосун келип кеткен адамдардын аягы,
гүлүзүлбөйт. Куран окуп, ар бир жолу келген сайын ата-энелер кош дөбөнүн үстүнулам
эскиребаштаган гүлдөрдөн арылтып, тазалап турушат.
Былтырбул мүрзөгө эки-экиден ээрчишип, алтыадам үзбөй каттачу. А быйыл алар
биргекем! Анткени, Сооронбай ата акыркы күндөрдө жалгыз келет. Келет да, балдарга,
ананда балдарын сагынып, аркасынын кошо ээрчип кеткен байбичесине куран окуйт...
Анакей,Канат менен Заринанын күмбөзүн издеп, дагы бирөөлөр келатышат. Кыз-
жигиттер.. .Алар төртөө экен. Акырын басып келишип, эки ашыктын мүрзөсүнө гүл коюшту
да,көпкө чейин тунжурашып, эстеликтинбетиндеги Канат менен Заринанын сүрөтүнөн
көзала албай карап турушту.
Маркумдардынмахабатка айланган руху алардын жандилине аруу сезимдин
асылдыгынсездиргендей, кандайдыр бир нурдан б?тк?н жылуулук – жандүйнө, дене-
бойлорунөрдөп, балкытып өткөн өңдүү...
–Мен сени сүйөм, Арнас! Сен менин... Канатымсың! – деди кыздардын бири карегине
каканактайтүшкөн ысык жашты алаканы менен арчып, жигитине эркелеп да, эреркей да,
акырынунчугуп.
– Менда сени сүйөм, менин «Заринам! »..– дедижигит да кыздын чачынан аяр
жыттап.
Кызжигитине жакын ыктай, ый аралаш күлө багып, сүйүү толгон кош каректер бири-
биринежалжылдай тиктеди...
Айтмакчы,ушул тапта обончу-ырчы жигит Бакыт Мамаев да кыялында кыңылдап
ырдап,арзуунун ак дастанына айланган даңазалуу кыз-жигиттин таржымалынан
таасирленипжазган жаңы обонун кайрып, ошонун ыргагында өзү кошо оболоп, кыз-жигит
жатканМАХАБАТТЫН МАЗАРЫНА сыйынууга алып-учуп келаткан:
Сүйүүжок деген жалган! Жалган! Жалган!
Сүйүүсүзжашоо көрктүү болмок кайдан?!
Чыныгысүйүү – жыргал, азап, кайгы!
Абирок сүйбөй өтүү андан да арман!
Жашоонунөзү арман, жашоо – жалган!
Биркүнү келет ажал кайдан-жайдан!
Абирок арман ошол – жүз жыл жашап,
Бирокда татым сүйүү татпай калган!
Сүйүү– чын! Сүйүүнүн кош канаты бар,
Алжактан бир-бириңди табасыңар!
АйланыпАалам кезип, сүйүүнү ырдап,
Өзүңөрырга айланып каласыңар!
Азжашап, чоң сүйүүгө кезиккендер,
Ээрчишип,эгиз учуп кетишкендер!
Мазарымахабаттын болоор дайым,
Экөөңдүкучагына бекиткен жер!
Эрчишип,эгиз учуп кетишкендер. ..
** *
Ошолэле күнү кечке маал Чоң-Арыккөрүстөнүнүн алдына жылтылдаган жап-жаңы
«Мерседес»келип токтоп, андан бутунан-башына чейин кара кийген беш жигит түштү.
Уламкөрүстөнгө жакындаган сайын Азыктынжүрөгү опкоолжуп, эмнегедир тамагы
жашкамуунуп баратты. Каректеринде каканактаган ысык жашты аарчып, бет алдынан
чыкканэле бирөөдөн Канат менен Заринанын бейитин сурады.
–Аа, алар тигине, жакын эле жерде. Көрүнүп турбайбы, – деди ал адам гүлгөоронгон
кошбейитти жаңсай.
–Рахмат! – деген Азык шашкалактап, жанындагылардан алда канча алдыда баратты.
–Зарина? Канат?.. – деди кыз-жигиттин бейитине гүлсебетин койгон Азык эриндери
дир-дирэте. – Мени кечиргиле?! Жаткан жериңержайлуу, топурагыңар торко болсун!..
Жанболот! – дедианан жанагы эле таш эстеликтин бетиндеги сүрөттөн көз албаган
калыбында.
–Ии?
–Куран окуйлу?
–Азыр...
Жигиттеркыркаар тарта тизилип олтуруп, Жанболот коңур, мукам, муңдуу үн созуп,
куранокуп атты. Ансайын Азыктын көзүнүн жашы токтобой, баягы-баягы күндөр – Канат
мененЗаринанын элеси биринен сала бири эсине түшүп, жаш балача балбаалап ыйлап
атты.Аны көрүп, калгандары да эриндерин кырча тиштеп, баштарын жерден албай,
качанкыбир кылыктары үчүн кыз-жигиттенуялгандай тунжурап олтурушту. Качан гана
Жанболот:
– Оомийин! – дегенде ким-кимисине жанкиргендей козголо, алакан жайышты. –
Ушулкурандын сообу Дайыр уулу Канат менен Жеңиш кызы Заринага тийсин!.. Жаткан
жерлерижайлуу, топурагы торко болуп, Кудайым жанын жанатта кылсын!..
Батакылышкандан кийин да жигиттер ар кимиси өз-өзүнчө ойго чөмүп, көпкө
отурушту.
–Менин күнөөлөрүмдү кечир, Кудай?! – деди Азык өзү менен өзү сүйлөшүп аткандай
күңгүрөнүп. – Силерге кыянаттык кылып, силердин сүйүүңөрдү «уурдайм» деген мен
чынындаэле келесоо окшобоймунбу! Көрсө, экөөңөрдү ажал дагы ажырата алмак эмес
тура?Кандай бактылуусуң, Канат?! Заринанын артыңдан кошо ээрип кеткени үчүн эмес,
ошондойаруу кыздын тамчыдай таза, тунук махабатына арзыганыңды айтам... А менчи?
«Бактылууменен баарлашпа, таалайлуу менен талашпа» болуп!..
Мен...Бирок Заринадан адамдан башкача бир асылдыкты, туруктуулукту, тунуктукту
ошондотуура эле туюптурмун! Балким, мени өзүнө арбаган ошол улуу касиеттер
болгондур? Албетте, адам деген ач көз, анын өзү тойсо да, көзү тойбойт! Ал өзүндө жокту
издейт!Ошону тапкысы, ошого жеткиси келет! Ал эми өзү ошого арзыйбы, арзыбайбы,
аныменен иши да жок! Анткени, анын да башкалардай бактылуу болгусу келет! Бир гана
иреткелчү бул өмүрдү каалаган адамы менен, каалаганындай өткөргүсү келет!..
Кечиргиле? !.А бирок силерди убагында убарага салып, кыянаттык кылганым үчүн мен
эмиөмүр бою өкүнүп, өксүгүмдү өчүрө албай жүрүп өтөрмүн, арман! Анткен менен, мен
экөөңөргө чексиз ыраазымын! Силер мени адам кылып, адамча жашоого, адамча ой
жүгүртүүгө үйрөттүңөр! Силер менин турмушумду башканукка бурдуңар! .. Силер мени
өзгөрттүңөр. ..
–Шеф, – деди бир убакта баягы узун чач Шерип деген жигит акырын унчугуп. Бирокбу
саамал чачын кыска кырктырып, сыйдалап артка тарап алыптыр. – Убакыт болуп калды,
шеф...
Машинанынарткы отургучунда чалкалай, термелип ойлуу келаткан Азык жол
боюндагы«Зарина» деген дүкөндү көрүп:
–Токтотчу! – деди. Анын катарында эле «Аян» аттуу дагы бир дүкөн бар экен.
–Бул дүкөндөр... кимдики болду экен? – деди Азык. Анын оюн илгиртпей биле койгон
Шерип:
–Жок, булардын Заринага эч кандай тиешеси жок. Бөтөн эле бирөөлөрдүкү, –деди.
– Кеттик! – «шеф» машина ордунанкозголгондо дүкөндү эмес, «Зарина» деген
жазуунудагы бир кылчайып карап алды.
Алар«Асанбай» кичи району жакка бурулушту.
–Бул окуя биз кеткенден кийин бат эле, бир-эки күндөн кийин болуптур да? – деди
баятанбери унчукпай келаткан Азык.
– Биз жетисинде кеткенбиз. Канат сегизинде,Зарина он биринде каза болуптур, –
дедиШерип тактап.
Кайраданунчугушпай калды.
«Мерседес»Зарина жашаган үйдүн так алдына,баягы- баягы биринчи жолу
«Хундайды»кубалап келип токтогон жерде турду. «Баягычы? Ошондо ушундай болбоду
беле?!.» – дешип бир жарым жыл мурунку окуяны баштан-аяк эстеп атышканда, кудум
ошолкүнкүдөй болуп, тигил коңшу үй тараптан Кубан көрүндү.
–Эй, карагыла! Баягы жигит – Заринанын «агасы»! – деп аны көрө калган Жанболот
шашыпкетти.
– Кана?! – деп ал тарапка жапырт караганжигиттер чындап эле жоготкон күндөрүн
кайратаап алгандай шашкалактап, машинаданчыга калышты эле, Кубан да аларды
таанып,бир чети сестенгендей, бир чети таң калгандай токтоп калды.
–Кандай дос?! – деди Шерип озуна кол сунуп. – Жакшыбы?!
– Кандай?! – деп калгандары да жайдаңдап колберишип, жакшы тааныштардай
учурашыпатышты. Акырында калган Азык да Кубандын колун кысып, көпкө кармап турду
да,жаш тегеренип кеткен көздөрүн ала качып, жигитти күтүүсүз эле жерден бооруна
тартып,далысынан таптагылып, кучактап калды...
Кубанда аларды түшүндү. Анткен менен өзү да араң турган окшоп, муун-жүүнү бошоп
кетти.
–Кечир? – деди Азык. – Баягылар үчүн кечир?!.
Кубан:«Эч нерсе эмес! Өткөн иш өттү, кетти!»- дегендей эки ийнин куушура,
күлүмсүрөпкойду.
–Бизди Зарина табыштырды эле, тааныш болуп жүрөлү! – деди Азык жөнөй берерде.
– Бирок, чочулабай эле кой, биз «баягылар»эмеспиз! Азыр жакшы иш баштаганбыз,
жакындабиздин фирманын бет ачары болот. Кааласаң ишке кел?
–Рахмат, – деди Кубан дагы чын дилинен. – Силерди Канат менен Заринанын руху
колдосун!..
#37 14 Август 2013 - 18:13
ROUSE (13 Август 2013 - 12:03) жазган:
Karagulov90 (14 Август 2013 - 01:10) жазган:
Ворддон көчүрүп келип жазсам сөздөрдүн ортосундагы боштук, пробелдер жоголуп кетип жатат... Оңдоюн десем ашмалтайы чыгып калыватыр... Автордун эскерүүлөрү да кошулуп кеттиби, билбейм. бошогондо карап коём...
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 15 Август 2013 - 09:55
#38 14 Август 2013 - 18:46
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#39 14 Август 2013 - 22:01


