салам достор мага туулган кун жонундо ыр жоно колочу каало Тилек
Куттуктоолор! Каалоо-тилектерди жазабыз
#122 17 Сентябрь 2015 - 16:09
Эли журт тууган иничекке тойу боло электе каалоо жазайын дедимле сиздердин жардамыңар менен
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#124 22 Сентябрь 2015 - 23:13
Кумуш тойго каалоо-тилек керек блуп жатат. Жарамдашып койгулачы суранам
#125 24 Сентябрь 2015 - 09:27
#132 30 Ноябрь 2015 - 17:33
Туулган күнүң кут болсун!
Жакшылык дайым жуп болсун!
Караңгы туман жолобой,
Башыңа оомат, кут консун!
Ден соолук болсун биринчи,
Оорубай дайым күлүп жүр!
Көңүлүң гүлгө бөлөнүп,
Көркөм, сулуу өмүр сүр!
Аман- эсен көз жарып,
Энелик бакыт балкытсын!
Ырыстын баары балада,
Дилиңди жыты жаркытсын!
Кең ачсын бакыт кучагын,
Үйүнө кирбе кайгы- кусанын.
Капталдап өтсүн жамандык,
Каалаймын тынчтык, амандык!
Жакшылык дайым жуп болсун!
Караңгы туман жолобой,
Башыңа оомат, кут консун!
Ден соолук болсун биринчи,
Оорубай дайым күлүп жүр!
Көңүлүң гүлгө бөлөнүп,
Көркөм, сулуу өмүр сүр!
Аман- эсен көз жарып,
Энелик бакыт балкытсын!
Ырыстын баары балада,
Дилиңди жыты жаркытсын!
Кең ачсын бакыт кучагын,
Үйүнө кирбе кайгы- кусанын.
Капталдап өтсүн жамандык,
Каалаймын тынчтык, амандык!
Билдирүүнү түзөткөн: tynara81: 30 Ноябрь 2015 - 17:34
#133 30 Ноябрь 2015 - 17:37
Нази курбум, туулган күнүң кут болсун!
Куттуу үйүңө береке, ырыскы жык толсун!
Узуун болсун, байсалдуу болсун өмүрүң!
Кирдебесин гүлдөй назик көңүлүң!
Ден соолук орун тапсын өзүңдөн,
Кайгы- муң көрбөйлү эч көзүңдөн!
Жакшылыкка келген конок үзүлбөсүн,
Ыйман нуру уялаган төрүңдөн!
Гүлгө толсун, ар бир баскан кадамың
Нурга толуп, жанып турсун жамалың
Сени сүйүп, түбөлүккө бир болсун
Жүрөк сүйгөн, кадырлаган адамың!
Уул- кыздын көргүлө жакшылыгын,
Көрсөтпөсүн азабын, тарткылыгын!
Жаратканым жакшылыктарды жанаштырсын!
Жамандыкты жашооңдон адаштырсын!
Куттуу үйүңө береке, ырыскы жык толсун!
Узуун болсун, байсалдуу болсун өмүрүң!
Кирдебесин гүлдөй назик көңүлүң!
Ден соолук орун тапсын өзүңдөн,
Кайгы- муң көрбөйлү эч көзүңдөн!
Жакшылыкка келген конок үзүлбөсүн,
Ыйман нуру уялаган төрүңдөн!
Гүлгө толсун, ар бир баскан кадамың
Нурга толуп, жанып турсун жамалың
Сени сүйүп, түбөлүккө бир болсун
Жүрөк сүйгөн, кадырлаган адамың!
Уул- кыздын көргүлө жакшылыгын,
Көрсөтпөсүн азабын, тарткылыгын!
Жаратканым жакшылыктарды жанаштырсын!
Жамандыкты жашооңдон адаштырсын!
#134 30 Ноябрь 2015 - 18:06
Балдарың болсун кашыңда,
Алганың болсун башыңда
Бактылуу өмүр сүргүлө
Жашоону баркта жашыңда!
Оорубай эми эч жериң,
Ооруканага эми жетпегин!
Жакшылык болсун жашооңдо
Кайгынын сазын кечпегин!
Алганың болсун башыңда
Бактылуу өмүр сүргүлө
Жашоону баркта жашыңда!
Оорубай эми эч жериң,
Ооруканага эми жетпегин!
Жакшылык болсун жашооңдо
Кайгынын сазын кечпегин!
Билдирүүнү түзөткөн: tynara81: 30 Ноябрь 2015 - 18:17
#135 30 Ноябрь 2015 - 18:12
Аяшымдын туулган күнү кут болсун! Жакшылыгыңар дайым жуп болсун!
Ойлогон ой, максаттарыңарга жеткиле!
Үйлүү жайлуу, машиналуу болуп, тезираак Москвадан кеткиле!
Бала- чаканын көргүлө жакшылыгын,
Кудайым тарттырбасын тарткылыгын!
Аяштын башына оомат кушу келип консун!
Үйүңөргө ырыскы, кут, береке, кубаныч толсун!
Ден соолугу чың болсун аяшымдын,
Кыры чыгып жүрсүн дайым кара шымдын!
Ийгилиги кубантсын ар ишинин,
Эч жери оорубасын ал кишинин!
Больницага "путевка" берилбесин!
Аяшым жашоодо эч жеңилбесин!
Ойлогон ой, максаттарыңарга жеткиле!
Үйлүү жайлуу, машиналуу болуп, тезираак Москвадан кеткиле!
Бала- чаканын көргүлө жакшылыгын,
Кудайым тарттырбасын тарткылыгын!
Аяштын башына оомат кушу келип консун!
Үйүңөргө ырыскы, кут, береке, кубаныч толсун!
Ден соолугу чың болсун аяшымдын,
Кыры чыгып жүрсүн дайым кара шымдын!
Ийгилиги кубантсын ар ишинин,
Эч жери оорубасын ал кишинин!
Больницага "путевка" берилбесин!
Аяшым жашоодо эч жеңилбесин!
#136 30 Ноябрь 2015 - 18:16
Аяштын кут болсун туулган күнү!
Шаңдуу, өктөм,,бийик чыксын дайым үнү!
Ден соолугу чың болсун, оорубасын,
Бөөдө кырсык, кокустуктар тоорубасын!
Убайын көргүлө балдардын,
Эң алдуусу болсун теңтуш чалдардын!
Сүйүүңөр, бакытыңар эскирбесин,
Бактылуу жашооңорго кеч кирбесин!
Кудайым колдоп жүрсүн ар тараптан,
Кызыл плюс имаратка жеткирбесин!
Шаңдуу, өктөм,,бийик чыксын дайым үнү!
Ден соолугу чың болсун, оорубасын,
Бөөдө кырсык, кокустуктар тоорубасын!
Убайын көргүлө балдардын,
Эң алдуусу болсун теңтуш чалдардын!
Сүйүүңөр, бакытыңар эскирбесин,
Бактылуу жашооңорго кеч кирбесин!
Кудайым колдоп жүрсүн ар тараптан,
Кызыл плюс имаратка жеткирбесин!
#137 30 Ноябрь 2015 - 18:25
Туулган күнүң кут болсун,
Башыңа бакыт, кут консун.
Эч качан оорубагын,
Гүлдөй жайна, гүлдөй бирок соолубагын!
Узуун болсун өмүрүң,
Эч чөкпөсүн көңүлүң..
Жамандык сенден алыс качсын,
Жакшылык жаныңан түнөк тапсын.
Кубаныч сенден кетпесин,
Кусалык кууп жетпесин.
Кайгыны куусун жакшылык,
Карманда болсун барчылык!
Башыңа бакыт, кут консун.
Эч качан оорубагын,
Гүлдөй жайна, гүлдөй бирок соолубагын!
Узуун болсун өмүрүң,
Эч чөкпөсүн көңүлүң..
Жамандык сенден алыс качсын,
Жакшылык жаныңан түнөк тапсын.
Кубаныч сенден кетпесин,
Кусалык кууп жетпесин.
Кайгыны куусун жакшылык,
Карманда болсун барчылык!
#139 16 Январь 2016 - 17:36
Мен, жаны эки жашка каалоо уйрондум,
Ак-кууну бердим, таптап алыныз ,
Ак жибек жип бердим, саптап алыныз .
Жакшы созду ашырып, жаман созду жашырып .
Куда кудагый кыздарыныздын катарына, биздин да кызды кошуп алыныз .
Ак-кууну бердим, таптап алыныз ,
Ак жибек жип бердим, саптап алыныз .
Жакшы созду ашырып, жаман созду жашырып .
Куда кудагый кыздарыныздын катарына, биздин да кызды кошуп алыныз .
#140 16 Январь 2016 - 18:01
Мен эн кыска тост билем. Ал «ГД» деген тост .Мааниси «главный денсоолук» деп чемеленет .