Жакында Нарын жергесине барган жеринде финансы министри А. Жапаров төмөнкүдөй ойду айттыптыр:
Пенсионерлер боюнча быйыл мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет
03 август 2012, 09:30
Баракелде - Бул боюнча маалыматты КРнын Каржы министри Акылбек Жапаров Жумгалда болгон иш сапарынын алкагында билдиргенин аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев кабарлады. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү «пенсиядагы кызматкерлер канча убакытка чейин иштешсе болот?» деген суроо беришти.
«Быйыл өзүнчө берене менен республикалык бюджетке өзгөртүү киргизебиз.
Эгер пенсиядагы киши иштесе, айлыгынын 50% алыш керек. Советтер Союзу убагындай же пенсиясынын 50% алышы керек, анан тыяктан да пенсия, быяктан да эмгек акысын албай. Бизде 520 000 пенсионер бар экен», - деди А.Жапаров.
«Бизде көбүнчө пенсионер мугалимдер иштешет» деп айтышты тургундар.
«Эгерде алардын ордуна иштей турган киши болсо, анда пенсияга чыга берет, эгер ордуна киши жок болсо, анда иштей берет. Пенсионерлер боюнча мыйзамды быйыл оңдойбуз жана өзгөртүү киргизебиз.
Мен 1-сентябрда бюджетке ошолорду оңдоп киргизем, алар пенсияларынан баш тартышсын, же айлыгынан баш тартышсын, иретке келтирип албасак, чаржайыт болуп кетти», - дейт А.Жапаров.
Булак : Баракелде
Сиздердин оюңуздар кандай? Чын эле:
1. Пенсионердин пенсиясы иштеп айлык алып аткан соң мамбюджет үчүн ашыкча жүкпү? Башкача айтканда, ал айлык акыны башка мугалимге бергени канчалык пайда берет?
2. Эгер А. Жапаров айткан ой ишке ашса, анда пенсионерлер айлыгын, же пенсиясын гана алып иштөөгө макул болушабы?
3. Мектептерден тажырыйбалуу пенсионер мугалимдер быйылкы 1-сентябрдан кетишсе, окуучулардын билим деңгээлине оң таасир этеби, же терспи?
- (2 )
-
- 1
- 2
Министр А. Жапаров эмне дейт? же пенсия жана пенсионерлер жөнүндө пикир
#1 05 August 2012 - 13:28
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#2 05 August 2012 - 23:33
Барс аба бул кылганы туура эмес булардын.Пенсионерлерди жарга такагандын ордуна өзүлөрүнүн алкымын тыйышса болмок.Ал-күчү жетсе иштеп өзүлөрүн бага беришсин.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#3 06 August 2012 - 02:19
Эмне деп дабдырап суйлоп койгон???
Тим эле мамлекети кыйратып пенсия же айлык акы толоп берип жаткансып...
иии коооп нерсе айткым келет гоо ...
Министрлерибиз ушундай деп отурса,мамлекетибиздин экономикасы эч качан онолбойт..
Барпылыктар рулит))
#4 06 August 2012 - 03:47
Бул А.Жапаровдун акыл эси жайындабы өзү же министр болуп отурса эле өз каалаганын кыла берсе боло берет бекен.Как будто Кыргызстанда 1 000 000 пенсия берип жаткансып,кайдагы оюна келгенди сүйлөбөй андан көрө пенсия,айлык акыны көтөрүү тууралуу сүйлөбөйбү.
Аз да болсода жамоочумду жамап алайын деп иштеп жаткан пенсионерлердин акчалары көзүнө көрүнүп калыптырбы финансы министрдин.
Андан көрө миллиондогон долларларды жеп эч нерсени көрбөгөндөй болуп отурган адамдарды карабайбы.Кыскасы кыжырды кайнаткандан башка айта турган сөз жокда бул адамга.Курсагы ток,кийими бүтүн жүргөндө тынч эле отура бербедида ушул киши дагы.
Баарынарга бакубат жашоо болсун!
#5 06 August 2012 - 08:42
Министр мырзанын айласы куругандай го. Бюджеттин тешиги бутолмок тугул кайра айрылып бараткандай.
Айласы кеткенде акыл качат эмеспи. Созуну кайра ондойт деп ойлойм.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#6 06 August 2012 - 17:27
Сиздердин оюңуздар кандай? Чын эле:
1. Пенсионердин пенсиясы иштеп айлык алып аткан соң мамбюджет үчүн ашыкча жүкпү? Башкача айтканда, ал айлык акыны башка мугалимге бергени канчалык пайда берет?
2. Эгер А. Жапаров айткан ой ишке ашса, анда пенсионерлер айлыгын, же пенсиясын гана алып иштөөгө макул болушабы?
3. Мектептерден тажырыйбалуу пенсионер мугалимдер быйылкы 1-сентябрдан кетишсе, окуучулардын билим деңгээлине оң таасир этеби, же терспи?
1. Пенсионердин пенсиясы иштеп айлык алып аткан соң мамбюджет үчүн ашыкча жүкпү? Башкача айтканда, ал айлык акыны башка мугалимге бергени канчалык пайда берет?
2. Эгер А. Жапаров айткан ой ишке ашса, анда пенсионерлер айлыгын, же пенсиясын гана алып иштөөгө макул болушабы?
3. Мектептерден тажырыйбалуу пенсионер мугалимдер быйылкы 1-сентябрдан кетишсе, окуучулардын билим деңгээлине оң таасир этеби, же терспи?
1. Ар бир кесиптин өз ээлери болот. Медицинадан кабары жок адам кайсы бир медициналык операция жөнүндө ой билдире албагандай эле, финансы маселелери боюнча атайын билими жок адамдар бул суроого жооп бере албайт деп ойлойм. Жооп берсе да анын сөзү эч кандай мааниге ээ эмес. Ошондуктан бул суроого ошол багытында иштеген же окуган адамдар жооп берсе жакшы болмок. Эгер форумчулардын арасында ошондойлор бар болгон болсо.
2. Менимче көпчүлүгү макул болушпайт. Бирок айылдагы пенсионерлер үйдө бекер отургандлан көрө деп убакыт өткөрүү максатында макул болуулары мумкүн.
3. Эгер чындап эле тажрыйбалуу болгон болсо албетте терс таасирин тийгизет. Бирок бизде 15-20 жыл бир эле методту колдонуп сабак берген, алга карай жылбаган мугалимдер да көп эле кездешет. Мен өзум да ошондой адамдардан сабак алганмын. Эгер ошондой адамдар жок болсо бул пайда алып келет деп ойлоймун. Алар кетмейинче алардын ордуларына татыктуу кадрлар келүүсү кыйын.
#7 08 August 2012 - 11:19
Akilsizbek Japarov,alga!azamatsin!
Sendeyler kgda koboysun,tezireek kgni jep butkulo!
#8 08 August 2012 - 11:22
ayliktan kecheturganday pensiyan,je pensiyadan keche turganday ayligyn jogoru bolboso,kantip kechet!birok tuura masele,jani uy bulo kurgan jawtardi chetke iwtegeni ketirbey,pensionerlerdin orduna aliw kerek,birok aylik AAZ!
#9 08 August 2012 - 12:02
3. Эгер чындап эле тажрыйбалуу болгон болсо албетте терс таасирин тийгизет. Бирок бизде 15-20 жыл бир эле методту колдонуп сабак берген, алга карай жылбаган мугалимдер да көп эле кездешет. Мен өзум да ошондой адамдардан сабак алганмын. Эгер ошондой адамдар жок болсо бул пайда алып келет деп ойлоймун. Алар кетмейинче алардын ордуларына татыктуу кадрлар келүүсү кыйын.
Кеп ошол 15-20 жыл бир эле усулду колдонуп иштеп жаткан мугалимди кетирип, окутуунун интерактивдүү усулдарын өздөштүрмөк турсун, ошол сабактан теориялык билими да жок жаш мугалимдин мектепке келип калуу коркунучу бар экенин эске алуубуз туурасында болуп жатат. Же азыркы ЖОЖдордон акча менен экзамен, зачет тапшырып жүрүп бүткөндөрдүн баарысы, баарысы болбосо да жарымысы, жанагы бир эле усул менен окутуп аткан мугалимден өйдө сабак бере алат дегенге кепилдик барбы?!
Ал эми, Дауд, Сизге жакшы мугалимди Жараткан маңдайыңызга жазбаганы өтө өкүнүчтүү! !!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#10 08 August 2012 - 17:49

Менин мугалимдеринин баары эле андайлардан болушкан эмес. Мен кээ бирлери деген ойдо жазган болчумун )).
Кеп эмне тууралуу болуп жатканын тушундүм. Ошондуктан эгер чындап эле тажрыйбалуу болгон болсо албетте терс таасирин тийгизет деп айттым. Бирок ошону менен биргеликте, Союз таркап, мугалимдер жетишсиз болуп турган убакта сиз айткандай окутуунун интерактивдүү усулдарын өздөштүрмөк турсун, ошол сабактан теориялык билими да жокабалда кызматка келип ошол бойдон ал кызматты өзүнө менчик кылып алган мугалимдерге да токтолуп кетүүнү туура көрдүм.
Мен ошондой мугалимдерди алмаштыруу жөнундө сөз козгодум. Менимче баардык эле студенттер ЖОЖ ду акча берип бутүрүшпөсө керек. Арасынан пенсионерлердин ордун баса ала тургандары да чыгып калса керек?
Албетте кепилдик жок. Бирок үмүт бар.
#11 09 August 2012 - 14:21
Картайганда кор тирликтин айынан иштеп жатса анан 50% эле алса,ушундай да болобу? Ошон учун аты10% бекеринен коюлган эмес,ЭЛтр ден жиндеп кетти эле го,сураганда.
Союз убагын унуталычы,канча жыл отту. тук кошула албайм,пенсиядан да жегиси келип калса керек да.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#12 09 August 2012 - 20:59
Өзүнүн ардагерлерине шарт тузүп бере албаган мамлекетттен татыктуу келечекти үмүт этип болобу. Министр мырза терен ойлонуп, акчаны үнөмдөөнүн башка булактарын да издесе болмок.
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#14 10 August 2012 - 08:53
Эгер иштеп жаткан бир пенсионер (мугалим, врач, карагул (сторож), пол жуугуч ж.б.) Жапаровдун азыркы ою боюнча же айлыгын, же пенсиясын алсын десе, болор-болбос алып жаткан (2000-5000) айлыгынан кечип, жумушун таштаса, анын ордуна башка жаш бирөө келип иштейт да, ошол айлыкты алат. Анда бюджетке кандай пайдасы бар? Же иштеп жаткан пенсионерди иштөөгө мажбурлайт болду бекен, пенсиясын берип, айлыгын кармап, бекер иштетүү үчүн? Кайда логика?
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#15 10 August 2012 - 13:37
Чындап эле куздо революция болуп кетиши да мумкун, кокус баарын кымбаттатып,
элди кыйнай берсе. Эми чондор пенсияга асыла баштаптырда а?! Акаев, Бакиев акаларин эстеп, жанына баргысы келип калганго Жапаров мырза.
#16 10 August 2012 - 16:45
Эгер иштеп жаткан бир пенсионер (мугалим, врач, карагул (сторож), пол жуугуч ж.б.) Жапаровдун азыркы ою боюнча же айлыгын, же пенсиясын алсын десе, болор-болбос алып жаткан (2000-5000) айлыгынан кечип, жумушун таштаса, анын ордуна башка жаш бирөө келип иштейт да, ошол айлыкты алат. Анда бюджетке кандай пайдасы бар? Же иштеп жаткан пенсионерди иштөөгө мажбурлайт болду бекен, пенсиясын берип, айлыгын кармап, бекер иштетүү үчүн? Кайда логика?
Менимче эч кандай логика жок бул жерде. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт да. Эгер Жапаров жөнүндө жакшы күмөн кыла турган болсок анда ал муну кадрларды алмаштыруу үчүн кылып жатат деп ойлош керек болот. Бирок мынтип ойлоонун бир кемчилидиги бар: Жапаров финансист. Кадр маселесинин ага кандай тиешеси бар деген суроо пайда болот.
Кыскасы логика жок. Же биздин акылыбыз Жапаровтун акылы жеткен нерсеге жетпейт.
#17 10 August 2012 - 16:56
Бир бечераны ыйлатып, анын нанын тартып алып, бир бечараны кубандырып,
ошол нанды ага берген сыяктуу болуп жатат го! Буга чоң акылдын кереги деле жок го дейм?!!
Андан көрө эки бечараны да, өз деңгээлине көтөрүп чыгуу жагын ойлонушу зарыл беле дейм да бизден акылдуу министр мырза А. Жапаров... Карайлаган там сүзөт болбой.
Андан көрө эки бечараны да, өз деңгээлине көтөрүп чыгуу жагын ойлонушу зарыл беле дейм да бизден акылдуу министр мырза А. Жапаров... Карайлаган там сүзөт болбой.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#18 11 August 2012 - 15:03
Жапаров биздин саятсатчылардын эн эле "акылдуусу"
озгочо мыйзамдарды ойлоп тапканды жакшы корот.
2010 жылдагы малдарга паспорт деген мыйзамы менен Кыргызстанды дуйно жузуно шылдын кылды эле. Эми кыларга иш таппай пенсионерлерге асыла баштады.
Албетте мен ошондой чийки жана эч кимге кереги жок мыйзамдарга каршымын. Жапаров бар эле болсун, аман болсун. Ошого окшогон министрлерди жумуштан кетириш керек деп эсептейм.
Байкуш пенсионер ансыз деле пенсиясы аябай аз, эч нерсеге жетпейт. Азыркы заманда тамак-аш кундон кунго кымбаттап жатат. Ошон учун пенсиясы аз болгон учун пенсионерлер иштеп жатышат да жана аларды пенсиясынан ажыратыш бул туура эмес.
Бул мыйзам адамдардын укуктарын бузуп жатат.

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#19 17 August 2012 - 15:59
Министр мырза ушундай "уникалдуу"
ойлору менен озгочолонуп келет... Менимче бул туура эмес... Бюджет тансыздыгын пенсионерлердин жонунан жонуп жабам дегени жарабаган эле ой... Пенсионерлер жашоосуна жетиштуу пенсия алган болсо, кобу уйундо эле отурушмак...
убагында алар да керектуу толомдорду пенсиялык фондко чегерип турушкан, азыр иштеп жатышса толук кандуу эмгек кылып анан айлык акы алып жатышат... анын 50% кемитип салуу га окмоттун кандай акысы бар экен...
Министр мырза андан коро башка финансы булактарын издештирсе болмок... Эми совет мезгилинде пайдаланылган практикадан башка жолдор да толтура.Олкодо салык жана бажы системасын оптималдаштыруу керек, канчалаган каражаттар бюджетти кыйгап кетип жатат... дээрлик бут жеке менчик ээлери "двойная бухгалтерия" менен салык боюнча отчет беришет, бажы толомдорун жашырышат, ж.б.у.с. ири бизнестерге, ири киреше ээлерине,экономикалык активдуу жарандарга жуктолуш керек мындай жуктор, кары-картан, пенсионерлерге эмес. "Жашында берсин мээнетти,карыганда берсин доолоту" деген элибиз...Пенсионердин тапканына тап бергенибиз туура эмес.

"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео