Суперстан: Historic'тин чөнтөк дептери - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Historic'тин чөнтөк дептери Окуп койгула)))

#101 Пользователь офлайн   historic   30 Ноябрь 2012 - 11:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Өзүң нашаам, а мен болсом наркоман
Өлүп калам доза берип салбасаң
Өзөгүмдү өрттөдүң го очүрбөй
Өтүп кетип, кыя басып ар качан

Өзүң гүлүм, а мен болсо аарыңмын
Тойгум келет ширесине балыңдын
Секетим деп, тегеренип келемин
Сенсиз калсам бутун эмес жарыммын:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   aisel   30 Ноябрь 2012 - 13:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 331
  • Катталган: 07 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Май 2013 21:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Yakutya

:достор: Азаматсын!
Если у вас хватает времени лезть в мою личную жизнь,значит у вас просто нет собственной! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   historic   04 Декабрь 2012 - 19:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Айылым...

Атыр жыттуу абасынан айылдын
Алгач жыттап, анан өлсөм кайылмын
Айкырыгы аалам жарып туруучу
Айылдагы эшегимди сагындым

Эстен кетпей ойноок кезим мурдагы
Эх айылым ойлорумду чырмады
Уйларымдын мөөрөгөнүн элестейм
Угулганда машинанын сигналы

Токтолбостон күндөр жылга жалгашты.
Токто десек, тагдыр көнө калмакпы?
Азан салып ойготуучу корозум
Азыр болсо будильникке алмашты

Күчүк кезден кубалашып чоңойгон
Керек болсо итимди да көп ойлойм
Ата-энемди, досторумду ал эми
Айтпасамда түшүндүңөр деп ойлойм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   aisel   04 Декабрь 2012 - 19:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 331
  • Катталган: 07 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Май 2013 21:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Yakutya

Просмотр сообщения historic (04 Декабрь 2012 - 19:39) жазган:

Айылым...

Атыр жыттуу абасынан айылдын
Алгач жыттап, анан өлсөм кайылмын
Айкырыгы аалам жарып туруучу
Айылдагы эшегимди сагындым

Эстен кетпей ойноок кезим мурдагы
Эх айылым ойлорумду чырмады
Уйларымд :crazy-girl: ын мөөрөгөнүн элестейм
Угулганда машинанын сигналы

Токтолбостон күндөр жылга жалгашты.
Токто десек, тагдыр көнө калмакпы?
Азан салып ойготуучу корозум
Азыр болсо будильникке алмашты

Күчүк кезден кубалашып чоңойгон
Керек болсо итимди да көп ойлойм
Ата-энемди, досторумду ал эми
Айтпасамда түшүндүңөр деп ойлойм





Айылды сагынганым аз келгенсип,сагындырып койгонун эмнен ия ? деп калайынбы ..Азамат! Мактап жатам..
Если у вас хватает времени лезть в мою личную жизнь,значит у вас просто нет собственной! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   REKETIR   05 Декабрь 2012 - 07:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 361
  • Катталган: 28 Май 11
  • Соңку аракети: 16 Июл 2021 21:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

уйундогу жаныбарларын кошо сагыныптыр го чиркин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   A.l.y.m.k.a.n   12 Декабрь 2012 - 18:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 41
  • Катталган: 29 Август 12
  • Соңку аракети: 19 Май 2014 11:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Азаматсыз хисторик мен да айылымды абдан сагындым сизге окшоп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Zamira   12 Декабрь 2012 - 18:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 155
  • Катталган: 18 Апрель 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2012 17:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек.

Көптөн бери жаңы ырлар жокко... :гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   za.MiR   13 Декабрь 2012 - 00:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 718
  • Катталган: 01 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 30 Дек 2012 02:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бан

Алыкул Осмонов кайра жаралганбы, азаматсын,жакшы ырларын бар экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   historic   16 Декабрь 2012 - 14:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Жылмайганда ууртунан чырак жанып
Журогумдон ыр чыгат булактанып
Шыр-п барактап китепти олтурасын
Шедеври ааламдын сыяктанып!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   adalsvards   16 Декабрь 2012 - 14:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Хисторик, "Айылым" деген ырың үчүн менден бир упай!..)))
Жылмаюу жаратуучу болуптур, ар жагында сагыныч-куса болсо да...)))
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   kg_girl1991   16 Декабрь 2012 - 23:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 476
  • Катталган: 29 Март 12
  • Соңку аракети: 17 Май 2013 11:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борборум Бишкек!

Жакшы создорду баарын айтсам да аздык кылчуудай. Азаматсын! Ийгилик!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   s.jenta   17 Декабрь 2012 - 21:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 11 Июнь 12
  • Соңку аракети: 21 Янв 2016 01:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ырлар дүйнөсү СЖ

Саламатсызбы? Ырларынызды эргуу менен кайра-кайра окуп, чыгармачылыгынызга таазим кылдым. Бар болунуз, элибиздин сыймыгына айланып. Ийгилик, Сизге!
Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Jinn.   06 Январь 2013 - 22:23

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 22 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Сен 2013 15:55
  • Жынысы:Белгисиз

Ай historic,сен каяктасың? Чөнтөк дептериңди "жаңы ырлар жазылды бекен?" деп тез-тез барактай берип,жыртып салмай болдум. :гезит: Күттүрбөй кел эми тезирээк...
Не всякий козел может испортить настроение, а только самый любимый.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Барс   12 Январь 2013 - 21:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

historic тин өтүнүчү менен көпчүлүк форумчулардын суранычы менен анын ушул жаңы ырын илип турамын. Окуп ырахат алыңыздар...

Китепканадагы сулууга

Жылмайганда ууртуңан чырак жанып,
Жүрөгүмдөн ыр чыгат булактанып.
Шыр-п барактап китепти олтурасың,
Шедеври ааламдын сыяктанып!
Сени тиктеп олтурам маңдайыңда,
Сезимимдин күүсүнө кулак салып.

Көңүлүм жай, кубанып оттой жана
Көз кырыңды сен салып койсоң мага,
Качат менден кайгы-муң басып турган,
Качат менден жолумду тоскон санаа.
Эки көзүн дал мени карап турмак,
Эх ошондо китебиң болсом кана!

Жаннаттагы үр кызы көрүнгөндөй,
Жамалыңа кое албайм көңүл бөлбөй.
Бажырайган көзүңдүн нурларына,
Бара жатат чагылып көзүм көрбөй.
Байкап турган асмандан күндүн дагы,
Бир өзүңө нурлары төгүлгөндөй.

Качан сени жетелейм теңиң болуп?
Каласыңбы сен менин перим болуп?
Деген ойлор башыма келген сайын,
Дел боломун жегеним желим болуп.
Айылымдан жаш сулуу орун алчы,
Апакеме суйкайган келин болуп...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Jinn.   12 Январь 2013 - 22:57

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 22 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Сен 2013 15:55
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Барс (12 Январь 2013 - 21:45) жазган:

historic тин өтүнүчү менен көпчүлүк форумчулардын суранычы менен анын ушул жаңы ырын илип турамын. Окуп ырахат алыңыздар...

Китепканадагы сулууга

Жылмайганда ууртуңан чырак жанып,
Жүрөгүмдөн ыр чыгат булактанып.
Шыр-п барактап китепти олтурасың,
Шедеври ааламдын сыяктанып!
Сени тиктеп олтурам маңдайыңда,
Сезимимдин күүсүнө кулак салып.

Көңүлүм жай, кубанып оттой жана
Көз кырыңды сен салып койсоң мага,
Качат менден кайгы-муң басып турган,
Качат менден жолумду тоскон санаа.
Эки көзүн дал мени карап турмак,
Эх ошондо китебиң болсом кана!

Жаннаттагы үр кызы көрүнгөндөй,
Жамалыңа кое албайм көңүл бөлбөй.
Бажырайган көзүңдүн нурларына,
Бара жатат чагылып көзүм көрбөй.
Байкап турган асмандан күндүн дагы,
Бир өзүңө нурлары төгүлгөндөй.

Качан сени жетелейм теңиң болуп?
Каласыңбы сен менин перим болуп?
Деген ойлор башыма келген сайын,
Дел боломун жегеним желим болуп.
Айылымдан жаш сулуу орун алчы,
Апакеме суйкайган келин болуп...

Китепканадагы сулууга десе Сүймөнкул менен Таттыбүбүнү элестетип койдум эмнегедир... Экөө тартылды көз алдыма.
Не всякий козел может испортить настроение, а только самый любимый.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Meeri1892   17 Январь 2013 - 11:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 64
  • Катталган: 29 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Июн 2018 22:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Азаматсын! мындан артык мактоо жок болсо керек..Ийгилиииик. ... :кош бол: :кош бол:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   tabyshmak   28 Январь 2013 - 17:01

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 904
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 20 Апр 2023 17:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан

Просмотр сообщения historic (24 Октябрь 2012 - 20:44) жазган:

Сүйүү эмне?

Сүйүү деген бул эмне?
Сүйүү деген булбулбу же шактагы?
Ал эмине күн-түн сайрап бактабы?
Сүйүү деген балким болуп журбосун
Сүйүнүшкөн жүрөктөрдүн аптабы

Балким анын азабы бар, балы бар
Балким анын кечи да бар таңы бар
Кайгырткан да, кубанткан да адамды
Билбейм деги сүйүү кандай жаныбар

Биле албадым качан мага келээрин
Биле албадым неге келген себебин
Качан келсен тосуп алам сүйүү деп
Капаланбай шайыр жашап келемин

Бир жагынан келбесе да сүйүнөм
Кутулмакмын ал сүйүүнүн жүгүнөн
Турмушумду жашай берем улантып
Түпкү атам өлгөн эмес сүйүүдөн:)!




"Коргон кундун баарын ичке камтыган,

Бут омурум дептердин бир барагындай.

Ал баракка оз изимди калтырам,

Чиймеленген калем саптын сыясындай." деп чиймелоодон ушул саптар жаралды эле... Ушул сыяктуу сен да бул чектелуу жашоодо жалан гана жакшылыктарды багындырып, ошол жакшылыктарды чагылдырган ушундай ыр саптарын жарата бер. Ийгилик сага!


Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Jinn.   28 Январь 2013 - 17:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 22 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Сен 2013 15:55
  • Жынысы:Белгисиз

historicтин тайпасы - тартип бузгандар деп турабы...?! Бүгүн байкадым. Эмне кирбей кетти деп жүрсө... Берки дагы бир нигиң бар эле го,ошону менен кирип ырларыңдан жазып тур,эл быякта күтүп атабыз. :гезит:

Билдирүүнү түзөткөн: Jinn.: 28 Январь 2013 - 17:12

Не всякий козел может испортить настроение, а только самый любимый.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Spartak0001   31 Январь 2013 - 02:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 407
  • Катталган: 03 Август 12
  • Соңку аракети: 07 Июн 2019 12:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Улуу Кыргыз Державасы

Ар шаршемби күнү саат 21:00дө Кыргыз Радиосунан эфиринен "Таланттар таймашы" уктуруусу орун алат. Эки катышуучунун арасында өткөн таймаштын бир бөлүгүндө бир тема берилип, 10мүнөттө ошол темага ылайык ыр жазуу керек болот.

Бир жолу ошол уктурууну угуп жатсам "Саат" деген теманы берип калды. Бул жакта отуруп мен да ошол темага ыр жазып көрдүм эле:)

Саат

Такыр тынбай, эртели кеч чыкылдап
Табияттан эсепке так ушул зат
Акылдуулар менден саат жасаса
Анда ал саат эчак эле бузулмак

Эшикте суук аяз ырдайт чыкылдап
Эч токтобой обон созот ызылдап
Уктап калып сабагымдан кечиктим
Ыр жазам деп, ойлорумду кыш уурдап

Көздөн өтүп жылуу жерде ысынмак
Кыш суугунан кулак-мурун тызылдап
Кайра-кайра кол саатыма үңүлө
Карды малтап, бара жатам бышылдап

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Spartak0001   31 Январь 2013 - 02:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 407
  • Катталган: 03 Август 12
  • Соңку аракети: 07 Июн 2019 12:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Улуу Кыргыз Державасы

А бул болсо "Таланнтар таймашына" катышып жатканымда 10мүнөттө жазылган ыр. "Кечирип кой" деген тема берилди эле.

Кечирип кой

Жолукканда сыр айтып чечилип кой
Жаным деп сен эркелеп эзилип кой
Катаал шартты койсон да көнө берем
Катачылык кетирсем кечирип кой

Кечирип кой сен мени кечирип кой
Мурдагыдай ай сымал сезилип кой
Сөйкө шакек апакем камдап жүрөт
Сүйлөшүлгөн, калбасын кечигип той

Кечирип кой мен эгер жаңылышсам
Кетпейличи айрылып таарынычтан
Ааламдагы бактылуу жар бололу
Алтын шакек колдорго тагынышкан

Билдирүүнү түзөткөн: Spartak0001: 31 Январь 2013 - 02:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 61 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 61, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июл 2025 11:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: