Суйуу сезими!
Historic'тин чөнтөк дептери Окуп койгула)))
#142 15 March 2013 - 22:56
"Нурлуу сүйүү", же "Сүйүү нуру" деп атасачы?
"Сүйүүнүн керемети" ,"Эх сүйүү,сүүү" ,"Сүйүүдөгү абал" десе да болот.
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#143 22 March 2013 - 23:55
Энекелер гүлдөйсүңөр буралган,
Энекелер жаркынсыңр күн - айдан.
Жаннат болсо таманыңар астында,
Жүрөгүңөр кандай жайын биле албайм.
Энекелер жаркынсыңр күн - айдан.
Жаннат болсо таманыңар астында,
Жүрөгүңөр кандай жайын биле албайм.
#144 02 April 2013 - 17:58
Ушул ырга ат коюу үчүн кастинг жарыяланат!
Жеңүүчүлөргө аябай ыраазы болмокмун
/>.
Басып жүрдүк ал күнү таңды атырып,
Бар көз ирмем мен үчүн анда кызык.
Оттой жанган жүзүңдөн сүрдөгөнөй,
Ошол күнү чыкпады ай жашынып.
Ыраа көрбөйм айды да теңегенге,
Ырасында мага айдын кереги эмне?
Жамалыңдан ааламды ороп нурга,
Жарык чачып сен турсаң теребелге.
Ыраак калып сүрдөөлөр баштагыдай,
Ырга окшоштук жанаша саптагыдай.
Түн күзөткөн керемет ушул учур,
Түш болуудан чынында сакта кудай.
Кеп түгөнбөй сырдаштык түнү менен,
Кетиргим жок таптакыр үйүңө мен.
Эмнегедир бир башка сезимдемин,
Эх, чиркин ай, ушулбу сүйүү деген?!
Басып жүрдүк ал күнү таңды атырып,
Бар көз ирмем мен үчүн анда кызык.
Оттой жанган жүзүңдөн сүрдөгөнөй,
Ошол күнү чыкпады ай жашынып.
Ыраа көрбөйм айды да теңегенге,
Ырасында мага айдын кереги эмне?
Жамалыңдан ааламды ороп нурга,
Жарык чачып сен турсаң теребелге.
Ыраак калып сүрдөөлөр баштагыдай,
Ырга окшоштук жанаша саптагыдай.
Түн күзөткөн керемет ушул учур,
Түш болуудан чынында сакта кудай.
Кеп түгөнбөй сырдаштык түнү менен,
Кетиргим жок таптакыр үйүңө мен.
Эмнегедир бир башка сезимдемин,
Эх, чиркин ай, ушулбу сүйүү деген?!
нооруз күнұ көрдүм элем теледен.
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#145 02 April 2013 - 18:31
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#146 16 April 2013 - 15:17
Чоң энеме
Айыл десе элден мурда жөнөгөн,
Анда мен жаш, тынчыбаган, шок элем.
Ар күн сайын айылчылап келчүбүз,
Аркасына артып алып чоң энем.
Тентек кылсам атам берсе шапалак,
Өңгүрөнүп ыйлачумун "апалап" .
Арачыга энем түшүп анда да,
Сооротчу эле сунуп мага шокалад.
Азыр болсо окуп жүрөм алыста,
Алгам түшүп мезгил менен жарышка.
Энем үчүн жасайм бир күн чоң белек,
Элим үчүн жарап берип намыска!
Айыл десе элден мурда жөнөгөн,
Анда мен жаш, тынчыбаган, шок элем.
Ар күн сайын айылчылап келчүбүз,
Аркасына артып алып чоң энем.
Тентек кылсам атам берсе шапалак,
Өңгүрөнүп ыйлачумун "апалап" .
Арачыга энем түшүп анда да,
Сооротчу эле сунуп мага шокалад.
Азыр болсо окуп жүрөм алыста,
Алгам түшүп мезгил менен жарышка.
Энем үчүн жасайм бир күн чоң белек,
Элим үчүн жарап берип намыска!
#147 16 April 2013 - 16:03
Чонток дептерин унутуп кайда журот десе, чон энесин эстеп жургон экен да бул иним:-)
#148 18 April 2013 - 00:40
Автобустагы окуя
Аптабы күч, жай мезгил күн ысыкта,
Автобуста баратам тыгылышта.
Көңүлдөрдү өзүнө тартып алчу,
Көзүм түштү көк көйнөк сулуу кызга.
Автобусту ал байке айдаса бат,
Азгырылам селкиге кайра карап.
Жамалы анын мага окшош жигит эмес,
Жан алгычтын өзүн да арбап алат.
Адамдардын мынчалык жыйналганын,
Араң чыдап жактырбай турган жаным.
Көздөрүңө көздөрүм чагылганда,
Кайдадыр бир жок болду кыйналганым.
Ырас эле бир чыкты жолубуз деп,
Ынгайлуурак таанышуу жолун издеп.
Түшүп кеттиң камданып жатканымда,
Тигил жерден токтотуп коюңуз деп.
Эх, ушинтип жүрөктү жарасыңар!
Эми кайда көңүлдүн дабасы бар?
Маанай түшүп мен байкуш кала бердим,
Момпосуюн алдырган бала сымал.
Аптабы күч, жай мезгил күн ысыкта,
Автобуста баратам тыгылышта.
Көңүлдөрдү өзүнө тартып алчу,
Көзүм түштү көк көйнөк сулуу кызга.
Автобусту ал байке айдаса бат,
Азгырылам селкиге кайра карап.
Жамалы анын мага окшош жигит эмес,
Жан алгычтын өзүн да арбап алат.
Адамдардын мынчалык жыйналганын,
Араң чыдап жактырбай турган жаным.
Көздөрүңө көздөрүм чагылганда,
Кайдадыр бир жок болду кыйналганым.
Ырас эле бир чыкты жолубуз деп,
Ынгайлуурак таанышуу жолун издеп.
Түшүп кеттиң камданып жатканымда,
Тигил жерден токтотуп коюңуз деп.
Эх, ушинтип жүрөктү жарасыңар!
Эми кайда көңүлдүн дабасы бар?
Маанай түшүп мен байкуш кала бердим,
Момпосуюн алдырган бала сымал.
#149 18 April 2013 - 00:47
Автобустагы окуя
Аптабы күч, жай мезгил күн ысыкта,
Автобуста баратам тыгылышта.
Көңүлдөрдү өзүнө тартып алчу,
Көзүм түштү көк көйнөк сулуу кызга.
Автобусту ал байке айдаса бат,
Азгырылам селкиге кайра карап.
Жамалы анын мага окшош жигит эмес,
Жан алгычтын өзүн да арбап алат.
Адамдардын мынчалык жыйналганын,
Араң чыдап жактырбай турган жаным.
Көздөрүңө көздөрүм чагылганда,
Кайдадыр бир жок болду кыйналганым.
Ырас эле бир чыкты жолубуз деп,
Ынгайлуурак таанышуу жолун издеп.
Түшүп кеттиң камданып жатканымда,
Тигил жерден токтотуп коюңуз деп.
Эх, ушинтип жүрөктү жарасыңар!
Эми кайда көңүлдүн дабасы бар?
Маанай түшүп мен байкуш кала бердим,
Момпосуюн алдырган бала сымал.
Аптабы күч, жай мезгил күн ысыкта,
Автобуста баратам тыгылышта.
Көңүлдөрдү өзүнө тартып алчу,
Көзүм түштү көк көйнөк сулуу кызга.
Автобусту ал байке айдаса бат,
Азгырылам селкиге кайра карап.
Жамалы анын мага окшош жигит эмес,
Жан алгычтын өзүн да арбап алат.
Адамдардын мынчалык жыйналганын,
Араң чыдап жактырбай турган жаным.
Көздөрүңө көздөрүм чагылганда,
Кайдадыр бир жок болду кыйналганым.
Ырас эле бир чыкты жолубуз деп,
Ынгайлуурак таанышуу жолун издеп.
Түшүп кеттиң камданып жатканымда,
Тигил жерден токтотуп коюңуз деп.
Эх, ушинтип жүрөктү жарасыңар!
Эми кайда көңүлдүн дабасы бар?
Маанай түшүп мен байкуш кала бердим,
Момпосуюн алдырган бала сымал.
Бали,талантынызга таазим!
Адамга адам кымбат болуш керек....
#150 18 April 2013 - 00:55
Чоң энеме
Айыл десе элден мурда жөнөгөн,
Анда мен жаш, тынчыбаган, шок элем.
Ар күн сайын айылчылап келчүбүз,
Аркасына артып алып чоң энем.
Тентек кылсам атам берсе шапалак,
Өңгүрөнүп ыйлачумун "апалап" .
Арачыга энем түшүп анда да,
Сооротчу эле сунуп мага шокалад.
Азыр болсо окуп жүрөм алыста,
Алгам түшүп мезгил менен жарышка.
Энем үчүн жасайм бир күн чоң белек,
Элим үчүн жарап берип намыска!
Айыл десе элден мурда жөнөгөн,
Анда мен жаш, тынчыбаган, шок элем.
Ар күн сайын айылчылап келчүбүз,
Аркасына артып алып чоң энем.
Тентек кылсам атам берсе шапалак,
Өңгүрөнүп ыйлачумун "апалап" .
Арачыга энем түшүп анда да,
Сооротчу эле сунуп мага шокалад.
Азыр болсо окуп жүрөм алыста,
Алгам түшүп мезгил менен жарышка.
Энем үчүн жасайм бир күн чоң белек,
Элим үчүн жарап берип намыска!
Ыйлатты мени моо ыр. Эхх-х!
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#151 18 April 2013 - 01:41
Автобустагы окуя
Аптабы күч, жай мезгил күн ысыкта,
Автобуста баратам тыгылышта.
Көңүлдөрдү өзүнө тартып алчу,
Көзүм түштү көк көйнөк сулуу кызга.
Автобусту ал байке айдаса бат,
Азгырылам селкиге кайра карап.
Жамалы анын мага окшош жигит эмес,
Жан алгычтын өзүн да арбап алат.
Адамдардын мынчалык жыйналганын,
Араң чыдап жактырбай турган жаным.
Көздөрүңө көздөрүм чагылганда,
Кайдадыр бир жок болду кыйналганым.
Ырас эле бир чыкты жолубуз деп,
Ынгайлуурак таанышуу жолун издеп.
Түшүп кеттиң камданып жатканымда,
Тигил жерден токтотуп коюңуз деп.
Эх, ушинтип жүрөктү жарасыңар!
Эми кайда көңүлдүн дабасы бар?
Маанай түшүп мен байкуш кала бердим,
Момпосуюн алдырган бала сымал.
Аптабы күч, жай мезгил күн ысыкта,
Автобуста баратам тыгылышта.
Көңүлдөрдү өзүнө тартып алчу,
Көзүм түштү көк көйнөк сулуу кызга.
Автобусту ал байке айдаса бат,
Азгырылам селкиге кайра карап.
Жамалы анын мага окшош жигит эмес,
Жан алгычтын өзүн да арбап алат.
Адамдардын мынчалык жыйналганын,
Араң чыдап жактырбай турган жаным.
Көздөрүңө көздөрүм чагылганда,
Кайдадыр бир жок болду кыйналганым.
Ырас эле бир чыкты жолубуз деп,
Ынгайлуурак таанышуу жолун издеп.
Түшүп кеттиң камданып жатканымда,
Тигил жерден токтотуп коюңуз деп.
Эх, ушинтип жүрөктү жарасыңар!
Эми кайда көңүлдүн дабасы бар?
Маанай түшүп мен байкуш кала бердим,
Момпосуюн алдырган бала сымал.
Ээ анан сен да түшүп калбайт белең,кыз түшкөн жерден.
Ээрчип алдым ал кыздын артынан,
эми кантип атын сурап батынам?
Эбин таппай эдиреңдеп,элеңдеп,
Келе жаттым өзүмдү-өзүм жемелеп деп. Хе-хее
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#153 20 April 2013 - 22:03
#154 20 April 2013 - 22:06
Өлкөмдүн табияты
Көркүн айтам өлкөмдүн угуңуздар,
Көлдөрүбүз, көк кашка суубуз бар.
Жашыл кийген токойду караандабайт,
Жаз келгенде жасанган сулуу кыздар.
Табияттын кооздугун байкап туруп,
Таңданамын башымды чайкап туруп.
Тирек болгон асмага зоолорубуз,
Турган өңдүү жигиттей калпак кийип.
Тоолор менен дартымды дарылыттым,
Тоолорумдан келбейт эч ары баскым.
Теңир дагы арзуумду билип менин,
Жаратыптыр койнунда табияттын.
Көркүн айтам өлкөмдүн угуңуздар,
Көлдөрүбүз, көк кашка суубуз бар.
Жашыл кийген токойду караандабайт,
Жаз келгенде жасанган сулуу кыздар.
Табияттын кооздугун байкап туруп,
Таңданамын башымды чайкап туруп.
Тирек болгон асмага зоолорубуз,
Турган өңдүү жигиттей калпак кийип.
Тоолор менен дартымды дарылыттым,
Тоолорумдан келбейт эч ары баскым.
Теңир дагы арзуумду билип менин,
Жаратыптыр койнунда табияттын.
#155 03 May 2013 - 22:27
АТА-ЭНЕМ
Апакем ай, асылым шам чырагым,
Акыл кебиң мойнума артынамын.
Кең Аллахым эркиме койгон болсо,
Келет сага миң жашты тартуулагым.
Артта калбай турмуштун агымынан,
Аярлабай алдыга барып улам.
Жакшы сөзүң жүрөккө тумар кылып,
Жазбасам дейм атаке калыбыман.
Арбын болуп кетирген каталарым,
Арсыз болуп дүйнөдө жашаганым.
Аз экенин билсем да өмүрүмдүн,
Ата-энеме чоң эмгек жасабадым.
Убайымды көп тартып билем силер,
Уулуңардын өмүрүн тиленчүлөр.
Жалгыз гана күн көрөм өзүңөр деп,
Жашоодогу бүт кенчим силерсиңер!
Апакем ай, асылым шам чырагым,
Акыл кебиң мойнума артынамын.
Кең Аллахым эркиме койгон болсо,
Келет сага миң жашты тартуулагым.
Артта калбай турмуштун агымынан,
Аярлабай алдыга барып улам.
Жакшы сөзүң жүрөккө тумар кылып,
Жазбасам дейм атаке калыбыман.
Арбын болуп кетирген каталарым,
Арсыз болуп дүйнөдө жашаганым.
Аз экенин билсем да өмүрүмдүн,
Ата-энеме чоң эмгек жасабадым.
Убайымды көп тартып билем силер,
Уулуңардын өмүрүн тиленчүлөр.
Жалгыз гана күн көрөм өзүңөр деп,
Жашоодогу бүт кенчим силерсиңер!
#156 03 May 2013 - 22:50
Жаңы котормо:
Бир кез көңүл ооруткан соң...
Эчен эрлер келди кетти,
Алардан да өмүр өттү.
Торгой эмес бүркүт дагы,
Бул дүйнөдөн учуп кетти.
Жолду туура кармаган бол,
Акыйкатты жандаган бол.
Эрлер турбайт бийиктикте,
Төмөн жакты тандаган бол.
Туура жолго түшкөн болсоң,
Туура жолдош күткөн болсоң.
Кайрымдуулук кылган болсоң,
Байлык болор күткөн нерсең.
Юнус Эмре
(Түрк акыны)
Бир кез көңүл ооруткан соң...
Эчен эрлер келди кетти,
Алардан да өмүр өттү.
Торгой эмес бүркүт дагы,
Бул дүйнөдөн учуп кетти.
Жолду туура кармаган бол,
Акыйкатты жандаган бол.
Эрлер турбайт бийиктикте,
Төмөн жакты тандаган бол.
Туура жолго түшкөн болсоң,
Туура жолдош күткөн болсоң.
Кайрымдуулук кылган болсоң,
Байлык болор күткөн нерсең.
Юнус Эмре
(Түрк акыны)
#157 04 May 2013 - 02:01
Ангемениз соонун жазылыптыр боорум эзилип калды го чиркин. Талантынызга таазим, ар дайым аман болунуз.
"Сен таза болсон мен таза болсом, коом дагы таза болот."
#158 10 June 2013 - 20:56
Сериалым
Көздөй жөнөйм күн сайын жетине албай,
Көңүл дегдеп, көрсөм деп сезим арбай.
Күлүп жайнап чыгасың тээ бир кезде,
Көп күттүрүп башталган сериалдай.
Калтыратып сүрдөтүп затың дагы,
Камдап алган сөздөр жок акылдагы...
Жарымына келгенде сериалдын,
Жарнамадай апаңдын чакырганы! .
Тоодон чыккан ай болуп затың дагы,
Толкундоолор сезимде басылбады.
Аягына келгенде сериалдын,
Ай, ушу ай, апаңдын чакырганы! ...
Алоолонуп отуңа жандым жаным,
Азыр дагы үйүңдүн алдындамын.
Сен чыкканча сырдашчу күчүгүңө,
Ташып бүттүм үйдөгү нандын баарын.
Жан сырымды айтайын эми баарын,
Жашайт өчпөй сүйүүмдүн деми дайым.
Керек болсо саат эмес кылым бою,
Күттүрсөң да тажабайм сериалым!
Көздөй жөнөйм күн сайын жетине албай,
Көңүл дегдеп, көрсөм деп сезим арбай.
Күлүп жайнап чыгасың тээ бир кезде,
Көп күттүрүп башталган сериалдай.
Калтыратып сүрдөтүп затың дагы,
Камдап алган сөздөр жок акылдагы...
Жарымына келгенде сериалдын,
Жарнамадай апаңдын чакырганы! .
Тоодон чыккан ай болуп затың дагы,
Толкундоолор сезимде басылбады.
Аягына келгенде сериалдын,
Ай, ушу ай, апаңдын чакырганы! ...
Алоолонуп отуңа жандым жаным,
Азыр дагы үйүңдүн алдындамын.
Сен чыкканча сырдашчу күчүгүңө,
Ташып бүттүм үйдөгү нандын баарын.
Жан сырымды айтайын эми баарын,
Жашайт өчпөй сүйүүмдүн деми дайым.
Керек болсо саат эмес кылым бою,
Күттүрсөң да тажабайм сериалым!
#159 16 June 2013 - 01:18
Хисторик жанагы 1 оорунду илип кеткен баланын ,"Суйолог"
деген ырын жазып коё аласынбы?
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#160 16 June 2013 - 01:43
Дагы жазсан боло. Жок болуп кеттин сен.
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















