Spartak0001 (10 Июнь 2013 - 20:56) жазган:
Көздөй жөнөйм күн сайын жетине албай,
Көңүл дегдеп, көрсөм деп сезим арбай.
Күлүп жайнап чыгасың тээ бир кезде,
Көп күттүрүп башталган сериалдай.
Калтыратып сүрдөтүп затың дагы,
Камдап алган сөздөр жок акылдагы...
Жарымына келгенде сериалдын,
Жарнамадай апаңдын чакырганы! .
Тоодон чыккан ай болуп затың дагы,
Толкундоолор сезимде басылбады.
Аягына келгенде сериалдын,
Ай, ушу ай, апаңдын чакырганы! ...
Алоолонуп отуңа жандым жаным,
Азыр дагы үйүңдүн алдындамын.
Сен чыкканча сырдашчу күчүгүңө,
Ташып бүттүм үйдөгү нандын баарын.
Жан сырымды айтайын эми баарын,
Жашайт өчпөй сүйүүмдүн деми дайым.
Керек болсо саат эмес кылым бою,
Күттүрсөң да тажабайм сериалым!
сизге соз жок, азаматсыз! Талантыныз оркундой берсин! Мага устат болсонуз жакшы болмок...