Суперстан: Стресс же депрессия... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Психиатрия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Стресс же депрессия... Стресс же депрессия...

#101 Пользователь офлайн   sensei   14 Ноябрь 2014 - 22:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 599
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2020 12:40
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения youngyoung (08 Август 2014 - 18:01) жазган:

Маанай тушуу, стресс, депрессия учоо уч башка тепкичте турат, менин версиям боюнча.

Стресс - бул тулку денеңдин, деги эле бүткөн денеңдин курчап турган чөйрөңө жооп кайтаруусу да. Маанай чөгүү деле стресске кирет менимче. Анткени, маанайыңдын түшүшүнө да сырткы курчап турган чөйрө таасир этет да. Бирок, мындай күнүмдүк майда-барат стресске чалдыгуу деле пайда дешет эмеспи адистер.
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Zamknutaya92   23 Ноябрь 2014 - 00:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 255
  • Катталган: 14 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 19 Май 2015 14:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал абад

Мен да 2 жыл мурун депрессия болгом. Интернетке кирип журуп арылгам. Анан балам торолгондон кийин чексиз бактылуу болгонмун. Ушинтип депрессиядан кутулгам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Zamknutaya92   23 Ноябрь 2014 - 00:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 255
  • Катталган: 14 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 19 Май 2015 14:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал абад

Мен да 2 жыл мурун депрессия болгом. Интернетке кирип журуп арылгам. Анан балам торолгондон кийин чексиз бактылуу болгонмун. Ушинтип депрессиядан кутулгам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   shazi   29 Ноябрь 2014 - 20:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 187
  • Катталган: 15 Февраль 13
  • Соңку аракети: 22 Апр 2016 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Депреция учурунда таксиден тушуп жолдо досум турган экен аны бир карап учурашпай кете берипмин. Учурашпадын деп смс жазды. Чын созум сени коргон жокмун дедим. Ал досум да тушунду. Чакчайып козум калды ондон азып, имунитетим тушуп кан басымым 70 ге тушкондо, ооруканага бар дешет. Жолдо озумду жоготкондо менин ооруп жатканымды сезишти. Мм деп эле барбадым, барган менен менин дарым ал жакта жок.Бироо кичине эле тескери карап койсо да ыйлай берип, коздорум кадимкидей ачышчу болду. Эн жакшы дартка даба бул убакыт. Билбейм же убакыт айыктырды, же мен ал нерсеге конуп калдымбы, озумо да тушунуксуз. Азырынча эч нерсени сезбей турам.

Смысл жизни улыбка мамы.
.

Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   mulan01   06 Декабрь 2014 - 17:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 12 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Дек 2014 00:57

болор-болбос нерсеге ыйлай берседа депрессия болобу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   vankuver.   08 Декабрь 2014 - 14:18

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Менда депрессияда жургондоймун. Чындыгында бул абал ото оор абал. Эч нерсеге конул келбейт.

Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.

Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   vankuver.   08 Декабрь 2014 - 14:19

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Менда депрессияда жургондоймун. Чындыгында бул абал ото оор абал. Эч нерсеге конул келбейт.

Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.

Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   Feijipiao   08 Декабрь 2014 - 14:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Мен да учурда депрессияда журом...
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Июнь 2015 - 01:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Аялзатынын басымдуу бөлүгү төрөттөн кийин депрессияга жана стресске кабылышат. Айрымдары бул абалды оңой эле жеңсе, ал эми кээ бирлери өтө жабыркашат. Бирок, депрессия менен стрессти көпчүлүк учурда алмаштырып алышат. Ошондуктан бул жагдайды так аныктап билүү алуу маанилүү.

Стресске төрөгөндөн кийин дээрлик ар бир аял кабылат жана аз-аздан гормоналдык деңгээл өз калыбына түшөт. Бул атайын дарыланууну талап кылбайт, стресстен чыгуу үчүн жагымдуу маанай, эс алуу, жолдошунун жагымдуу мамилеси эле дары болуп айыктыра алат.

Ал эми депрессия - бул жөн гана чөгүңкү маанай эмес, психикалык оору катары эсептеленет. Төрөгөндөн бир нече күндөн, атүгүл бир нече сааттан кийин башталып, айга, кээде бир жылга чейин созулушу да мүмкүн. Ошондой эле төрөттөн кийинки депрессияга медициналык атайын дарылануу талап кылынат. Бул ооруга жаш курагына карабай кабылышат. Мындан сырткары, канчанчы жолу балалуу болуп жатканыңыздан да көз каранды эмес, биринчи балаңыздан кийин деле, алтынчы балаңызды төрөгөндөн кийин да сизде төрөттөн кийинки депрессия болушу толук ыктымал. Көпчүлүк учурда жаш энелер депрессияга кабылышканда баласын талаптагыдай карай албай жана эмизүүдөн баш тартышат.

Депрессия эмнеден келип чыгат?

1- Кош бойлуу учурунда деңгээли жогорулаган гормондор төрөттөн кийин кескин түшүп кетип, депрессияга жол ачат

2- Бала оорукчан же кандайдыр бир жетишсиздик менен төрөлгөндө

3- Төрөгөндөн кийинки кан басымдын, организмдеги кандын көлөмүнүн өзгөрүшү да эненин жан-дүйнөсүнүн абалына терс таасирин тийгизет

4- Өзүнүн келбетине канааттанбай калган учурда. Келбетини озгөрүшү, салмагынын кошулгандыгы

5- Эне болууга даяр эместик, сезимине азгырылып кеткендиги

6- Наристесине каражаттын тартышсыздыгынан каалаган нерсесин сатып бере албаган учурда

7- Жолдошунун колдоосуна кур жалак калганда

Депрессияны жеңгенге болот

Наристеңиз менен таза абада көбүрөөк сейилдеп, бош боло калганда спорт менен машыгыңыз. Анткени спорт маанайды көтөрүүгө жардам берет. Өзүңүзгө аяр мамиле жасаңыз. Ашыкча чарчап калууга жол бербеңиз. Жагымдуу музыка тыңдаңыз. Ваннаны сууга толтуруп, ага жыты жагымдуу гель кошуп түшүңүз. Көбүрөөк уктаганга аракет жасаңыз жана туура тамактаныңыз. Жолдошуңуздун көңүл буруусуна муктаж экендиизди ага кыйытып айтып коюңуз. Анын сиз менен көбүрөөк убакыт өткөргөнү депрессиягы "кууганга" чоң жардам берет.

Жеке тажрыйбалардан:

Төрөттөн кийинки өзгөргөн келбетиңизге жана ашыкча салмагыңызга ашыкча көңүл бурууну токтотуңуз. Эң маанилүүсү Жараткан сизге эне болуу бактысын ыйгарды. Ушуга каниет кылып ыраазы болуңуз. Анткени кандайдыр бир себептер менен баланын ыңаалаган үнүнө зар болгондор жок эмес. Ал эми сизге бакыт тартууланды. Ошондуктан балалуу болгон бакыттын даамын татып, жашоонун кереметин сезиңиз. Сиз ким үчүн жашай тургандыңызды жана кимге керек экендигиңизди өзүңүздөн сурап көрдүңүз беле? Жообу эң жөнөкөй. Сиз кандай болсоңуз ошондой кабыл алып сүйгөн ата-эне, бир туугандарыңыз, жолдошуңуз жана наристеңиз бар. Анда, ким үчүн келбетүү болуп, азап тартып арыктагыңыз келет? Ойлонуп көрүңүз. Сизге башкалардын толуп кеткен келбетиниз тууралуу айткан сын-пикирлеринин баасы бар бекен? Албетте, жок. Ошондуктан майда- барат нерселерге көңүл чөктүрүп депрессияга кабылбай балаңыздын күлкүсүнө, түгөйүңүздүн сүйүүсүнө магдырап бактылуу жана балпайган байбиче болуңуз.

Дагы бир мааанилүү учур, чөйрөңүздөгү сизди толуп кетиптирсиң, арыкташың керек экен, жүдөп калыптырсың деп сынаган эмес, сыйлагандар менен гана баарлашып туруңуз. Мындай адамдар сизде жок эмес. Мейли туугандар арасындабы же кесиптештериңизденби, айтор сизди депрессияга түрткөн эмес, андан арачалагандар болсун. Мындай пикирлеш акылы тунук чөйрөңуздөгү адамдар менен сиз депрессияны эле эмес, андан оор турмуштук жагдайларды жеңе аласыз. Мен муну өзүм жеке жон терим менен сезгем.

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   aiwa1990   11 Июнь 2015 - 12:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 197
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 05 Июл 2020 15:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Mediziner (10 Июнь 2015 - 00:45) жазган:

эн сонун кенештер экен
Назка
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Nurum15   21 Июнь 2015 - 21:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 196
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 28 Май 2016 01:49

Просмотр сообщения kanat4ik (05 Ноябрь 2013 - 11:36) жазган:

Профессионалдык стресс Профессионалдык стресс - адамды өз милдетин нормалдуу аткарууга тоскоол боло турган өзгөрүш. Ага моюнуна өтө көп милдет алып, көп убакыт бою эс алууга мүмкүнчүлүк таппай жүргөн адамдар тушугат. Психологдордун айтымында күнүнө өз нормасынан көп убакыт компьютер менен иштеген адамдар да чалдыгышат. Профессионалдык стресс өөрчүп кетсе, адамдын андан аркы жашоосуна катуу зыянын келтириши мүмкүн. Анткени, дарыгердин жардамысыз жашай албай калат. Ар кандай күчтүү дарыларды кабыл алуу, аша чапкан эмоционалдуулукка, олдоксон кыймыл-аракетке, ар нерсени тобокелчиликке салууга, агрессияга, оройлукка, уурулукка, бардык жакындар ме
нен мамиленин бузулушуна, акырында өз өмүрүнө кол салууга чейин алып барат.

Эн туура, окшоштугун окуп алып коркуп да кеттим.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Chopi1990   06 Июль 2015 - 23:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 223
  • Катталган: 09 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2018 00:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия, Москва

Мен эмне болуп жатканымды деле билбейм.Жакында жолдошум м.н урушуп кеткенбиз,ошондон бери эле,эч ким м.н суйлошкум келбейт,жолдошумдун жанына да жаткым келбейт,кечке жаман нерселерди ойлонуп,нервтене берем,Озум жалгыз эле жургум келет,
Мен олуп калсам баардыгы женемби деген да,ой келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Bermet_Kasymova   28 Июль 2015 - 04:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 269
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2019 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Олло жинин келгенде жмне кылыш керек? Только унчукпаш керек дебениз. Унчукпай журо бебип нерв болуп калгандар канча? Бир баля кылыл керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   malika14   28 Июль 2015 - 05:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

Ozy negizi biroolor menen yrysha albaim,joldoshum menen bir jilda bir kichine koigoi bolboso baary jainda sebebi konulun oorytyp alyydan korkom. A ozym streske kabulsam ichime jutup sir berbei juro berem.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Holerik10   28 Июль 2015 - 11:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Bermet_Kasymova (28 Июль 2015 - 04:40) жазган:

Олло жинин келгенде жмне кылыш керек? Только унчукпаш керек дебениз. Унчукпай журо бебип нерв болуп калгандар канча? Бир баля кылыл керек

Подушка ур же груша болсо ошону кучун калбай калгычакты ур,болбосо эч ким укпаган жерге барып кыйкырып ал анан жинин жоголуп озуно келип каласын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   janaika-95   28 Июль 2015 - 11:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 562
  • Катталган: 12 Июль 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2022 22:13
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Менда депрессияда жургон кезим. Эч нерсеге конул жок эч ким менен суйлошпойм. Эч кимге кошцлгумдв келбейт бироо караса эле мени шылдындагандай сезилет. Жолдошум екообуз таарынышкандан бери ушундай. Эмне максатта эмне учун жашап жатканымды билбееейм. Себеби мен аны катуу жактырган екенмин.
Ассаламу алайкум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Milana.   29 Июль 2015 - 05:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 128
  • Катталган: 27 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 17 Мар 2018 03:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Марс

мен мен мен уйкусузмун козумду жумам бирок уктабайм эч нерсеге калооом жок уйдон чыкпамам эч ким менен суйлошпосом мага эч ким суйлобосооо жарыкты да коргум жок баааааарына жададым тажадым
Сени корсом
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   suiuktuum   20 Сентябрь 2015 - 12:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 220
  • Катталган: 06 Апрель 15
  • Соңку аракети: 06 Апр 2017 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:МАЙРАМБЕКТИН YЙYНДӨ.

Депрессиядан чыккандан кийин кайра мурунку абалына келсе болобу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Nurmatova   24 Октябрь 2015 - 09:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

Дүйнөдө ой күлүк... Ой жеткен жерге кол жетпейт... Анткен менен ошол ойду дагы тарбиялай билсек өз жашообузду, саламаттыгыбызды жакшы жолго сала алган болобуз. Ойлонууну жакшы багытта тарбиялай алсак, анда көптөгөн кара энергиялардан арылып, аң-сезимибиз тазарып, нерв системаларыбыз жакшы иштей баштаарын окумуштуулар тастыкташкан. Келиңиз, ошол ойду өзгөртө билүүнүн сырлары менен таанышып алыңыз.

Аффирмация - бул өзүн-өзү жакшы сезүүнүн, туура ойлонуунун формуласы. Адамдын таанып-билүүсүнө жана позитивдүү маанай жаратуусуна аң-сезимин тарбиялоо болуп саналат. Каалаган кыялыңызга жетүүгө алардын жардамы чоң. Илимпоздордун айтымына караганда адам баласы болуп жаткан кырдаал, же өзүнүн абалына карай кандай ой ойлосо, автоматтык түрдө организмде активдүү гармондор иштелип чыгып, мээде ошол боюнча программа ишке киришип, натыйжасы ойлогон ойдой болуп чыгарын далилдешкен. Демек, сиздин бардык маселеңизди туура багытта ойлонгон оюңуз эле ийгиликтүү чечип бере алат. Ал үчүн аффирмация ойлоону жана ойлоп табууну билиңиз. Ойлоп табууда сөздөрдүн эң керектүүлөрүн, тагыраак айтканда маңыздуусун тандаңыз. Алардын айрымдарын мисал катары сиздерге сунуштап кетмекчибиз.

Арыктоодогу аффирмациялар
Мен бүгүн өзүмдү келишимдүү сезип жатам
Арыктоо бул оной эле
Мен акырындык менен арыктап жаткандыгым чындык.
Ден соолугум чың жана тулку боюм келишимдүү болуунун чоң жолундамын.
Менин денем күндөн-күнгө күчтүү, сак-саламат, сымбаттуу көрүнүп жатат.
Толук кандуу тамактарды жеп жатканым менен сыймыктанам.
Өзүмдүн сымбаттуулугум үчүн бардыгына даярмын.
Келишкен мүчөлүү, акылдуу болууга татыктуумун.
Суу жаңылантат жана тамакка болгон тартылуумду азайтат.
Тамактарды тандоодо менин ден соолугума пайда келтирүүчү гана сапатына көңүл бурам.
Ар бир күнү денемдеги жакшы өзгөрүүнү байкап жатам.
Өзүмө болгон камкордук ишенимди бекемдейт.

Жашоодо сүйүүнүн күч алышын шарттоочу аффирмациялар

Мен канча кааласам ошончо сүйүү ала алам.
Менин жүрөгүмдүн ар бир согушу сүйүү менен коштолот.
Мен сүйөм жана өзүмдү баалайм.
Бардыгына сүйүү жана кубаныч менен карайм.
Мен жашоону өмүрүмдүн аягына чейин сүйүү менен кабыл алам.
Кудайдын сонун жараткан жанымын. Ал мени чексиз сүйөт жана мен аны.
Мени элдер жакшы көрөт жана мен аларды сүйөм.
Өзүмдү коопсуз сезем, анткени сүйүү өзүмөн коргойт.
Мени жагымдуу ойлорум жылуу мамиле түзүүгө, толук сүйүүгө жардам берет.
Менин бактым өзүмдүн гана колумда.
Өз тагдырымдын жаратуучусумун.
Кыялымдагы адам менен жашап жатам.
Менин мамилем күндөн-күнгө жакшырып бара жатат.
Жетишкендик менен ийгиликке карай аффирмациялар
Мен ар убакта керектүү чечим кабыл алам.
Өзүмө толук ишенем.
Ийгилигимдин өсүшү үчүн ар кадамымда жаңы нерсе үйрөнөм.
Бактылуу жашоонун тандамалымын.
Менин кирешем ар убак өсөт.
Жаңы багыт, жаңы тажрыйбаны жеңил кабыл алам.
Жумушумдагылар мени жакшы көрүшөт.
Ар дайым жетекчилерим сонун кишилер болуп калышат.
Карьераны оңой түзө алуучу адаммын.
Менде ушул жумуш бар экенине аябай кубаттанам.
Мен 100% иштеген эмгегимдин үзүрүн кайрып алам.
Менин бизнесим өсүп жатат, таң менен бардык ийгиликтер мени күтөт.
Ушундай жумушум бар экенине миң мертебе ыраазымын.
Ушунчалык көп иш пландарым бар, баарын ишке ашырууга күчүм жетет.

Акчаны көбөйтүүчү аффирмациялар

Мен акчаны кубаныч менен берем жана ыраазычылык менен алам.
Мен акчаны өзүмө магниттей тартам.
Менин байлыгым ааламдай ченемсиз болот.
Мен эмнеге муктаж болсом ар убак аны ала алам. Азыр өзүмө чоң акча тапканга шарт койдум.
Мени бакытка жана байлыкка алып баруучу жакшы ойлорду гана ойлойм.
Кудайга ишенем, ал менин талаптарымды канааттандырат.
Мен бардык тараптан ийгиликке жетишем.
Мен жашоону сүйөм жана бар нерсеге каниет кылам.
Аялдар үчүн:
Эң алгач өзүмдүн сулуулук бийиктигимди көргүм келет.
Аялдык энергиянын эң сонун балансы менде бар.
Мен жаш, келишкен мүчөлүү сулуу жана сексуалдуу айыммын.
Мен жалгыз кайталангыс жанмын.
Мен күчтүү, акылдуу, сулуу аялмын.
Мен сүйүүгө жана урматтоого татыктуу айыммын.
Мен өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алам.
Мага аял болуп жаралган чоң бакыт.
Ушул жерде азыр мен сүйүктүүмүн жана сүйүүчүмүн.
Келбетим өзүмө жагат.
Эркектер менден назиктикти, көркөмдүктү көрө алышат.
Эң сулуу жан кылып жаратканы үчүн Кудайга ыраазымын.
Мага башка айымдардын дагы сулуулугу жагат жана аларды урматтайм.
Өз жашоомдун кожоюнумун.
Мен өзүмдү сүйөм.
Өз бактым үчүн биринчи кадам жасоого даярмын.

Кош бойлуулар үчүн:

Менин кош бойлуулугум сонун өөрчүп жатат.
Мен өзүмө ишенем жана сабырдуумун.
Күлкү жана кубаныч менен наристемдин ден соолукта жарык дүйнөгө келишине жардамдашам.
Бардык органдарым сак-саламатта жана күчтүү. Төрөткө катышууга даяр.
Дем алуум жеңил жана эркин.
Эч коркунучсуз жатынымдын булчуңдары аба менен азыктандыруучу заттарды ичтеги балама жеткирип жатат.
Менин төрөтүм жеңил жана жакшы өтөт.
Төрөттө куру бекер кыйкырып күчүмдү кетирбешим керек.
Ар бир толгоону сүйүнүп тосуп алуум керек. Себеби баламдын жарык дүйнөгө келишине секунд сайын жакындап жатам.
Мен аман-эсен көз жарып алышыма толук ишенем.

Ден соолукту жакшыртуучу аффирмациялар

Сууга ден соолук үчүн түшүп жатам.
Менин денем күч менен сүйүүнүн храмы.
Өзүмдү аябай жакшы сезем.
Мен таптакыр оорубайм.
Мен ден соолугума мааниси чоң тамактарды гана тандап жейм. Денемдеги ар бир клеткамды жакшы көрөм.
Сак-саламаттагы карылыкка жетким келет. Ошондуктан азыртадан баштап ден соолугума кам көрөм.
Мен ар дайым саламаттыгымды жакшыртуучу жаңы жолдорду издеп келем.
Эгер менин ден соолугума керек болуп жатса жардам суроодон уялбайм.
Ар дайым менин талаптарыма жооп бере турган тажрыйбалуу медицинаны колдонушум керек.
Мен толук кандуу соо адамдардай уктап жатам жана менин денем асыроомду баалай алат.
Айыгуума сөзсүз жол табылат. Мен бүгүндөн баштап бул оорудан кутулам.
Денемдин бардык талаптарына сый-урмат менен мамиле кылам.
Мыкты ден соолукта болуу үчүн жакшы ойлорду гана ойлонуу абзел.
Өз организмиңе болгон камкордук - өзүңдү сүйүүнүн белгиси.
Менин акылымда биринчи орунда ден соолук жашайт.
Менин ден соолугум чың жана зат алмашуу процесси эң мыкты өөрчүгөн.
Күн өткөн сайын улам жакшы болуп баратам.
Мен оорудан кутулдум, толугу менен жашоонун ыргагындамын.
Менин бардык органдарым идеалдуу иштейт.
Ден соолук - бул мага Кудайдын берген белеги. Ар убак аны сакташым керек.
Саламаттыкка эң кыска жол - жан дүйнөнү кубанычтуу ойлор менен толтуруу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Afina   03 Ноябрь 2015 - 00:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 233
  • Катталган: 31 Май 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2020 11:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:KG ♥

salamatsynarby?
ozumdun urgon jurum turmunan ulam psihologgo kairylyp korsombu dedim ele. psihologtordun darektein bilsenizder aityp koiunuzdarchy suranych????
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Психиатрия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: