Суперстан: Стресс же депрессия... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Психиатрия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Стресс же депрессия... Стресс же депрессия...

#61 Пользователь офлайн   kanat4ik   05 Ноябрь 2013 - 11:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кантип көзөмөлдөө керек? Бардык көйгөйлүү маселелерди, окуяларды жеңил кабылдап, ар нерседен кабардар болуп турууга аракет кылуу шарт. Кандай гана милдет жүктөлбөсүн аларды дайыма так аткарып, жакын адамдар, достор, кесиптештер менен мамилени көзөмөлдөп туруу шарт. Андан тышкары дайыма позитивдүү ой жүгүртүп, кайгылуу, капалуу маалыматты туура кабыл алганды үйрөнүү керек. Нервге абдан басым кылуучу жумуштарда иштеген кызматкерлер көңүлдүү эс алууга, үй- бүлө менен бирге убакыт өткөрүүгө, сейилдөөгө жана башка ушул сыяктуу күч бере турган нерселерге убакыт табуу керек.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   kanat4ik   05 Ноябрь 2013 - 11:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Стресске көбүнчө кимдер чалдыгышат? - Эркектерге салыштырмалуу көбүнчө аялдар чалдыгышат. Айрыкча кош бойлуу учурунда стресс болуу абдан коркунучтуу. Ал баланын өз салмагында төрөлүүгө же нерв тамырларынын жабыркашына алып келет. Кээде стресстин айынан балдар майып болуп төрөлгөн учурлар кездешет. Оор стресс кош бойлуулуктун 24-28- жумаларында өзгөчө кооптуу. Бул учурдагы стресс баланын баш мээсинин калыптанышына терс таасирин тийгизет. Натыйжада, изилдөөлөр көрсөткөндөй, "аутизм" менен ооруган балдар төрөлөт. Ошондуктан, аялдар ден соолугу чың баланын төрөлүшү үчүн кош бойлуу учурунда стресс боло турчу нерселерден оолак болушу шарт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   kanat4ik   05 Ноябрь 2013 - 11:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Адам стресс аркылуу кандай ооруларга кабылышы мүмкүн? - Стресс психологиялык оору болгондуктан, анын аркасы менен көптөгөн оорулар козголот. Стресс болгондо адамдын бир нече клеткалары өлөт. Адам өзү дайыма чыңалып, кайсыл бир көйгөй чечилмейинче стресс менен жүргөн убакыттар да болот. Мисалы, тез чарчоо, кыжалаттык, шалдыроо, жүрөк, ашказан, ичеги-карын, ашказан, баш оорулары, рак, артрит, остеохондроз жана башкалар стресстин айынан болорун медицина эчак эле аныктаган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Ноябрь 2013 - 11:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Маңызы окшош "Стресс-бардык дарттын башаты" темасы менен бириктирилди. kanat4ik , ушул темадан уланта бериңиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Стресстен арылтуучу 10 азык
Жашоонун бушайман кылган көрүнүштөрү көп учурда бизди эмоцияга алдырууга кептеп коюп жатат. Билинбегени менен мындай маалда организмде кортизол жана адреналин гормондору ашыкча бөлүнүп чыгып, алар глюкозаны төмөндөтүп жиберишет. Өзүңүздү алсыз, чарчаңкы жана оор сезген бул абал "стресс" деп аталат. Бирок, кам санабаңыз, бизде стрессти жокко чыгаруучу азыктар да жетиштүү.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Грейпфрут.
Грейпфрут С витамининин булагы болуп саналат, анан да ал организмге энергия берүүгө жөндөмдүү. Жегенден көп убакыт өтпөй эле грейпфрут денедеги стресс гормону болгон кортизолдун бөлүнүп чыгышын чектейт, чарчоону жазат жана көңүлдү көтөрөт. Аталган цитрус жемишин кабыл алууда чектөө коюлбайт, себеби, анын организм үчүн коркунучтуу жагы жок.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Сулу боткосу.
Сулу боткосу адамдын жан дүйнөсүндөгү оорчулукту кубалоого жана аны толугу менен тынчтандырууга эгедер. Ал үчүн 2 стакан сулу талканына 3 стакан суу куюп, жай отто суусу соолуганча кайнатасыз. Андан соң үстүнө 3 стакан сүт куюп ботко болгуча бышырасыз да, оттон алгандан кийин татымына жараша туз жана каймакмай кошуп жейсиз. Сулунун курамы углеводго бай келгендиктен, ал тез эле организмде кубанычтын гормону болгон серотониндин бөлүнүп чыгуусун жөнгө салат. Банан. Курамында табигый шекер, калий жана белок көп болгон үчүн банан нервди басууга жөндөмдүү келет. Андагы триптофан аттуу белок организмге түшкөндөн кийин тез эле серотонинге айланып, адамды тынчтандырат, эс алдырат жана көңүлүн көтөрөт. Ошондуктан, бананды стрессти жазуу үчүн жесе болот, ал эми депрессия менен күрөшүү үчүн күнүнө сөзсүз 1-2 банан жеп турууга туура келет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Ромашка чайы.
Элдик медицинада стрессти ромашка чайы менен кубалоого тең келе турган ыкма жок деп айтылат. Адамдагы оорчулукту жокко чыгаруу менен гана чектелбестен, ал организмдеги титирөөнү, бушаймандыкты жана муундардагы алсыздыкты жоёт. 1 чай кашык ромашка гүлүн 250 мл кайнак сууга демдөө жана аны жылуу абалында ичүү шарт. Бул үчүн дарыканадан алынган да, үй шартында кургатылган да ромашка гүлүн колдоно берүүгө болот.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Грек жаңгагы.
Грек жаңгагы адамдагы бушайман абалды жокко чыгарат жана ага ишеним тартуулайт. Мында албетте, "кантип?" деген суроо туулушу мүмкүн. Жаңгактын курамындагы химиялык активдүү заттар - май кислоталары кандын курамындагы холестеринди төмөндөтөт эмеспи, муну менен катар психологиялык стресс дагы жоголот. Андыктан, нервдин бир калыпта болушу үчүн күндө эмес, бирок, маал-маалы менен грек жаңгагын жеп туруу зарыл.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Болгар калемпири.
Болгар калемпирин күнүмдүк турмушта тамакка кошулган түрдө да, чийки түрүндө да көбүрөөк жеп жүргөн жакшы. Себеби, ал денеде сүйүнүчтүн жана ырахаттын гормону болгон эндорфиндин жакшы бөлүнүп чыгышын шарттайт. А бул болсо өз учурунда оор-жеңилди бирдей көтөрүүгө, бушайман болбоого жана токтоолукка, сабырдуулукка негиз болот. Ошондой эле болгар калемпири баштын чыдаткыс болуп турган оорусун басаңдатат.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Төө буурчак.
Нерв системасына жагымдуу таасир эткен азыктардын катарына төө буурчак да кирет. Төө буурчакта адамдын организминин нормалдуу иштеши үчүн керек бардык минералдар болгондуктан, ал стрессти кубалайт, баш мээни сергитет жана булчуңдардын, муундардын титирешин токтотот. Өзгөчө эмоцияга алдырып, өзүңүздү жаман сезип турганда жашыл төө буурчак кошулган тамактарды, салаттарды жегениңиз таасирдүүрөөк болот.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Кара шоколад.
Катуу стресске дуушар болуп, өзүн жаман сезген шартта адам күн сайын 40 граммдан кара шоколад жеп турса болот. Илимде мындай ыкма аркылуу анын стресс гормондору толук 2 жумада калыбына келери тастыкталган. Так айтканда, бул маалда шоколаддын курамындагы какао жүрөк-кан тамыр тутумунун иштешин жакшыртып, булчуңдардагы глюкозанын нормалдуу иштелип турушуна шарт түзөт экен. Бул болсо албетте, адамдын психологиялык абалына оң таасирин тийгизет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Сабиз.
Кыргычтан өткөрүлгөн бир сабизге бир аз бал кошуп алып жесе, ал адамды тынчсызданып турган абалдан тезирээк чыгарат. Бул анын курамында бор, йод сыяктуу микроэлементтердин жана табигый шекердин көптүгү менен түшүндүрүлөт. Бирок, колдон келишинче буга сабиздин көлөмдүүсүн колдонгон жакшы, себеби, анда шире жана каротин көбүрөөк болот. Стресстин алдын алуу максатында курагы 30 жаштан өтүп калгандар күн ара 200 г үй шартында сыгылган сабиз ширесин да колдонушу керек.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   ANGEL_   06 Февраль 2014 - 22:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Семичке.
Семичкенин курамындагы В витамини адамдын нерв системасын бекемдөөгө жөндөмдүү. Андыктан, чөгүп турганда, стресске кабылганда, депрессияга туш болгондо куурулган семичке чагууну адатка айлантып алган жакшы. Аны менен алаксуу аркылуу кантип сабырдуулукка, туруктуулукка алдырып койгонуңузду сезбей каласыз. Ошон үчүн илимпоздор семичкени мыкты антидепрессантка теңеп коюшкан.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   mili84   07 Февраль 2014 - 14:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 366
  • Катталган: 20 Апрель 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 10:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:неизвестно

Просмотр сообщения ANGEL_ (06 Февраль 2014 - 22:21) жазган:

Семичке.
Семичкенин курамындагы В витамини адамдын нерв системасын бекемдөөгө жөндөмдүү. Андыктан, чөгүп турганда, стресске кабылганда, депрессияга туш болгондо куурулган семичке чагууну адатка айлантып алган жакшы. Аны менен алаксуу аркылуу кантип сабырдуулукка, туруктуулукка алдырып койгонуңузду сезбей каласыз. Ошон үчүн илимпоздор семичкени мыкты антидепрессантка теңеп коюшкан.


Азаматсыз чон рахмат, чын эле тамеки менен арак ичкиче семичке сонун жол го. Сормо конфеттер да жакшы деп уктум эле.
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   kanat4ik   10 Февраль 2014 - 19:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения ANGEL_ (06 Февраль 2014 - 22:16) жазган:

Кара шоколад.
Катуу стресске дуушар болуп, өзүн жаман сезген шартта адам күн сайын 40 граммдан кара шоколад жеп турса болот. Илимде мындай ыкма аркылуу анын стресс гормондору толук 2 жумада калыбына келери тастыкталган. Так айтканда, бул маалда шоколаддын курамындагы какао жүрөк-кан тамыр тутумунун иштешин жакшыртып, булчуңдардагы глюкозанын нормалдуу иштелип турушуна шарт түзөт экен. Бул болсо албетте, адамдын психологиялык абалына оң таасирин тийгизет.

Шоколад кайрадан стрессти козгойт деп уккан болчум.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Vazir   10 Февраль 2014 - 22:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Ангел менен Канат силерге рахмат форумду кызытып жакшы нукура маалыматар менен болушуп жатканынарга. !

Билдирүүнү түзөткөн: Vazir: 10 Февраль 2014 - 22:24

Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   02 Май 2014 - 11:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Жакшы кенештер жазылыптыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   momuntay   01 Июль 2014 - 18:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 755
  • Катталган: 06 Апрель 14
  • Соңку аракети: 09 Авг 2018 15:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орто Азиядагы Байыркы шаар

Просмотр сообщения kanat4ik (05 Ноябрь 2013 - 08:34) жазган:

Жалгыздыкты самоо жакшы эмес Бул дартка чалдыккандар болбогон нерсеге тынчсызданып, абдан кабатыр болушат, көңүлү суз тартат. Өзүнө болгон ишеним жоголуп, өзүн өзгөлөрдөн төмөн коюп, чукул жинденип, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей калат. Энергиясы аз болот. Бат-баттан чарчап, ызы-чууну сүйбөй калат. Жалгыздыкты самайт. Түнкүсүн уйкусуздук менен жабыр тартат же тескерисинче уйку басат. Дайыма башы ооруйт, өзүн алсыз сезет, жөнү жок ыйлагысы келет, бирөөгө бат таарынат. Булчуңдардын, муундардын какшап оорушу стресске алып келет. Бир канча жаңы өнөкөт ооруларга туш болуу жана мурдагы ооруларды андан да өтүштүрүп жиберүү. Демек, мындай болбош үчүн өз убагында чара көрүп, иммунитетти көтөргөнгө аракет кылышыңыз абзел.


Чын. Азыркы тапта мен ушул абалдамын ал эле эмес эки ай аралыгында 4 кг салмак когуоуп кетти. Кантип арылат дешсе кобуле сейилде, музыка ук, аны кыл муну кыл аны же муну же дешет. А мен деген эч нерсе кылгым келбей калат. Музыка кино кочодогу адамдар мени кыжырдантып а кан учуру. Просто сама собой болуп калат. Угу тапта мен н жиниме эч ким тие корбосун деп отурам......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Июль 2014 - 20:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Стресс- адамдын эмоционалдык жактан озгоруусу.Стресске кабылган адам озу жашап турган чойродон алыстап,айланасындагы адамдарга жакындабай калат.Мындай абалда адамдын тынчы кетип,уйкусу бузула баштайт.Адамда кандайдыр бир коркунуч пайда болуп,ички туюмунда мурда болуп корбогондой сезимдер туюла баштайт.Айланасында болуп жаткан корунуштор ага эч кандай таасир этпестен,тескерисинче дайымкы корунуштордон алыстагысы келет.Копчулук учурда тун бир убакта ойгонуп алып,кайра уктай албай кыйналат.Ошол эле учурда тамакка табити тартпастан, бардык нерсеге болгон кызыгуусу жоголот.Кандайдыр бир нерсеге абдан конулу чогуп,озун таштап койгон учурда стресске кабылган адамдан эн биринчи томонку белгилерди байкаганга болот:
-Жанындагы адамдар менен суйлошпой калат
-Оз алдынча эле кандайдыр бир белгисиз нерселерден чочулай берет
-Мурунку калыбынан таптакыр башкача болуп,келбети да озгорулуп калат.
-Жашоо образы бузулат
-Уйкусуздук пайда болот
-Ой жугуртуусу начарлайт
-Жумушка жондомдуулугу азайып,эч нерсеге кызыкпай калат
-Кандайдыр бир алсыздык пайда болуп,бат чарчайт.
Адам стресске кандайча кабылып калганын озу дагы сезбей калат.Кандайдыр бир маселени коп убакытка чейин ойлонуп журо берет,ичиндеги сырды сыртка чыгарбайт,натыйжада узак убакыт ойлонуудан улам адам стресске чалдыгуу менен,иштеги жондомдуулугун азайтат.Белгилей кетуучу нерсе,стресс бир кундун ичинде эле,тез убакытта эле башталбайт. Канчалаган убакыттар бою адамдын чечилбеген маселеси,тынч албаган ички туюму стресске себепкер болот.Эгерде адамда кандайдыр бир тынчсыздануу, акырындык менен кыжырдануу пайда боло баштаса,ал адам стресске чалдыкпаш учун ошол чойродон алыстап,жаны чойрого дароо аралашып кетуу мындай дартка чалдыкпай калууга мумкунчулугу бар.Кандайдыр бир алыска сапар тартып келуу дагы жакшы жардам берет.Ошол учурда микроклиматты алмаштыруу зарыл.Андан сырткары созсуз турдо кимдир бироолор менен пикир алышып,ачылып суйлошуу керек.Ошондой эле кандайдыр бир жумуш менен алектенуу стресске чалдыккан адамды акырындык менен айыктырат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Психиатрия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 02:45

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: