Суперстан: Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... Жан дүйнөмдүн жаңырыгы жаңыланды!

#121 Пользователь офлайн   ales   04 Февраль 2015 - 15:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Керемет создорду бири-бирине байлап, ар бир жазышы бир филсофия. Мындай суротторду кайдан табаарынды сыр болбосо жаза кетчи. Эч болбосо купуяга.
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   adalsvards   06 Февраль 2015 - 14:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

ales, сыр деле эмес, интернет деген мейкиндиктен эле табылат)
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   ales   06 Февраль 2015 - 14:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Так ошо интрнет мейкиндиктен издеп, конулго топ келгенин таба албай, ушул жерден табам да... Балким озунчо сайт барбы дегеним го...
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   adalsvards   09 Февраль 2015 - 12:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

ales, өзүнчө сайты деле жок :) көзгө ар жерден урунуп калат, мен тексттин ылайыгына жараша жайгаштырып коём, болгону ушул...
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   sekelek96   09 Февраль 2015 - 15:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 484
  • Катталган: 07 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Мар 2018 20:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтуу Ысык-Кол

Улантпайсызбы. ..чыдамсыздык менен кутуудомун
Суйлосон жакшы соз суйло,болбосо УНЧУКПА!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   raxelya   09 Февраль 2015 - 18:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 17 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 03 Сен 2016 09:05

Сиздин теманыз менен чыгарманыз дал келишбейт.Филосовкий коз караш менен караганда филосовдор 2суйлом менен ажаатынды ача турган маанилуу ойлорду калтырышат. Досторунуз китеп,анан чеги жок ой жугуртуу экени жакшы,балким ушул тапта озунузду ким экенинизди издеп жаткан чыгаарсыз?! Тажатма ой жугуртуудон коро сонун ыр жазып берсениз жалпы журтка кызыктуу болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   adalsvards   10 Февраль 2015 - 12:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

raxelya, неме-неме, бар го, мен филосоВ(-ф) эмесмин) капкарапайым эле сапсары кызмын) досторум кадимки өзүмө окшош жөпжөнөкөй адамдар, ал эми ой-жүгүртүү да тилекке каршы, чектелүү, чексиз болсо, ушул жерде тантып отурмак белем?) ии баса, ыр жаз дегениңиз да өЛЛө кызык демилге экен))) бул жерде мени да тажатпай, өз талааңызга барып, дыйканчылыгыңызды уланта бериңизчи) ыр жазасызбы, философиялык трактат жазасызбы, как-то мага "кү-үүн ысыК-Кы, абда-аан ысыК-Кы!" Ийгиликтер! :)
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   vankuver.   10 Февраль 2015 - 16:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер


Ыр жазып берсеңиз дейби? )))


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   adalsvards   11 Февраль 2015 - 09:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

vankuver, форумда реалдуу чындыкта жолуктурбагандын баарын кезиктиресиң дешсе, ишенчү эмесмин!) мындан ары биле жүрөм) мля, балким, "Манас" эпосунун адальсча вариантын жазып көрөттүрмүн)))

Кой, ушуну менен теманы булгоону токтотолу, эч ким эч кандай пикири менен бөлүшпөй эле койсун, бул менин фронтум!)


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   raxelya   13 Февраль 2015 - 14:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 17 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 03 Сен 2016 09:05

Просмотр сообщения adalsvards (10 Февраль 2015 - 12:41) жазган:

raxelya, неме-неме, бар го, мен филосоВ(-ф) эмесмин) капкарапайым эле сапсары кызмын) досторум кадимки өзүмө окшош жөпжөнөкөй адамдар, ал эми ой-жүгүртүү да тилекке каршы, чектелүү, чексиз болсо, ушул жерде тантып отурмак белем?) ии баса, ыр жаз дегениңиз да өЛЛө кызык демилге экен))) бул жерде мени да тажатпай, өз талааңызга барып, дыйканчылыгыңызды уланта бериңизчи) ыр жазасызбы, философиялык трактат жазасызбы, как-то мага "кү-үүн ысыК-Кы, абда-аан ысыК-Кы!" Ийгиликтер! :)
Ой жожом,кун ыссыкы,абдан ыссыкы деп кой!)))Ха ха,азаматсын юморлуу адамдарды баалайм.Жашоодо теригесин,ийилесин анан адам болосун.Балким китеп жазып калсан сындан откорсо баардыгын талаага дыйканчылыка узатасынбы? !)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   adalsvards   13 Февраль 2015 - 17:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

raxelya, баардыгын эмес, анткени, сиздей "ушундан көрө ыр жазбайсыңбы" деген сынды бул темада биринчи жолуктурушум, демек сиздей адамдар бириндеп деп эсепке алсам, анда антифанаттарым аз болсо керек деп ойлойм. Мен эч кимге ушул убакка чейин темамды таңуулаган эмесмин, балким сиздей бөтөнчө адамдар чындап эле, бул темадан алыс болуп, ыр жазылган жактарга баш баксын деген ойдо жаздым гой)))
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   kara_kulzha   17 Февраль 2015 - 20:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 30 Апр 2024 22:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Көчүрүп жаза берсем болобу? Одноклассникиге?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   adalsvards   23 Февраль 2015 - 16:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Просмотр сообщения kara_kulzha (17 Февраль 2015 - 20:28) жазган:

Көчүрүп жаза берсем болобу? Одноклассникиге?


Уруксат. Жазылган сын-пикирлер болсо, купуядан күтөм.


Бул жерге иле көрбөгүлө :)


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   adalsvards   23 Февраль 2015 - 17:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXXXI

"Жаныма чейин жакында/жолобо"

Эч кимди жаныма жарым карыш да жолоткум келбейт. Мейли, өмүрүмдүн бир теңи менен барабар чогуу жүргөн болсун. Мейли, ата-жотомдон тартып акыркы жаңылыктарыма чейин кабардар болсун. Мейли, өтө жакшы көргөн, же жек көргөн болсун...

Айрыкча, мунун кесепети - сенин жан дүйнөң кыйсыпырга түшүп, кыбылаң кай жак экенин таппай калганында өтө орой формада даана билинет. Жүрөгүңдүн ооруп турганын, керек болсо, сага өмүр тартуулаган адамга да айта албаганың, бул катастрофа! Сени кыйнап жаткан дарттан даба табууга эч бир нерсенин жардам кылбай калгандыгы бул кыямат! Ааламың алай-дүлөйгө түшүп турса да, ал ахвал сенин сырткы кебетеңден таптакыр билинбегени, кымындай тырыштан да байкалбаганы, бул магия, бул керемет!

Ар бир жаралган көйгөйүмдү көмүп кете берүү - эбак көнүмүшкө айланганына, не дешиме да башым маң. Баарынан кызыгы көйгөйдүн канчалык чоңоюп жатканын өзүм беш колдой биле туруп, керек болсо, ошонун көлөмүн көбөйтүүгө кошкон салымдын ээси мен экенимди айта турган болсом, садист деген атка татыктуу болуп чыгармын... Баш айланта бергенде эмне, ушуну менен канчанчы жакын адамымдан кол жууп жатканымды бир мен билбесем, анда экинчисин эгер бар болсо, анда Жараткан билет.

Актоого аргумент издей баштайм. "Алар дагы да мага жакындашса, мен алардын бирин жанымдан чыгармак эмесмин" деп жатам. Уялбай көптүк санда жазып койгонумду кантейин?.. Ушунун өзүнөн эле менин канчалык наадандыкка барышым мүмкүн экенин билдирет.

Бул сапар жерге берүү зыйнаты мени жүдөтүп койду. Көйгөй өтө узакка созулуп, көлөмү өтө ирик болуп кеткен экен. Өзүмдү алдап жатам. Сен сабырдуусуң, сен чыдамдуусуң, сен көтөрүмдүүсүң деп. Мен жериме сени да батыра алам. Абийирим саатынан эрте ойгонуп кетпесе эле, эртең сенин үстүңө байчечекей өсүп чыгат.


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 14 Сентябрь 2015 - 16:38

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   akusya   07 Март 2015 - 01:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 051
  • Катталган: 21 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 20:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

СүрөтСүрөтСүрөт
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   adalsvards   06 Апрель 2015 - 17:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXXXI I

"Куласам, кучагың жайылуу экенин билем"

Жалгыздыгым жадатма жарнама болуп бүтсө да, жанымда бир жан жок болсо да, мен сенин тирүүлүгүң менен дем алган адаммын, мен сенин аман жүргөнүң менен бул дүйнөнүн адамымын. Мен беш колдой билем, эгерде боюмду таштап кулай турган болсом, эбак эле сен менден мурун ошол жардан секирип, кыйыры көрүнбөгөн аңга түшүп, сен мени ал жактан кучагыңды жайып тосуп аласың. Арманым аттын башындай болуп кетсе, жөлөк болчу далыңды тосууга даяр экениңди, бырылдап-шырылдап ыйлай турган болсом, жүзүмдөн ар бир жашымды аарчып турууга белен экениңди эң жакшы билем.

Мен баарын сезип-аңдап турам. Билинер-билинбес чачымдан сылаганыңды, байкатар-байкатпас кучагыңа катканыңды, көрүнөр-көрүнбөс мени абайлап турганыңды, угулар-угулбас дуба тилегениңди - мага баары сопсонун жетип турат.

Аба кемеси калкыган асманда, миң түркүн булуттар арасында, миллион бейтааныштын чөйрөсүндө, бул кең аалам биригип, жүрөк жалгыздыгын толтурууга алсыз. Мага тим койсо, сенин мен гана баткан кучагыңдан чыкпай коюу - баасыз белегим болмок.

Ушул жаздын жылуу илеби, астейдил соккон жели, мени калп эле болсо да, ким бирөөнүн чуркап келүүсү үчүн болсо да, кулаткысы келип турат. Кулатып туруп, ошол кимдир бирөөнүн кучагынан таптыргысы келип турат. Баарынан да башкысы - ошол кучактын кылымдарга кулпуланып калуусун тилеп турат...

Сүрөт




Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Dinakg   06 Апрель 2015 - 23:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 25 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 17 Июн 2020 22:50

Ушул автордун жазгандарын окугандымда ичине сунгуп кирип ошол жерде жургондой сезем озумду.Суротторду жазууларга дал келтирип койгону да башкача.Жан дуйносу бай ой жугуртуусу кенен адам экениниз жазганыныздан билинип турат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Pantherka   07 Апрель 2015 - 14:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 229
  • Катталган: 11 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Апр 2021 23:27
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения adalsvards (06 Апрель 2015 - 17:40) жазган:

XXXXI I

"Куласам, кучагың жайылуу экенин билем"

Жалгыздыгым жадатма жарнама болуп бүтсө да, жанымда бир жан жок болсо да, мен сенин тирүүлүгүң менен дем алган адаммын, мен сенин аман жүргөнүң менен бул дүйнөнүн адамымын. Мен беш колдой билем, эгерде боюмду таштап кулай турган болсом, эбак эле сен менден мурун ошол жардан секирип, кыйыры көрүнбөгөн аңга түшүп, сен мени ал жактан кучагыңды жайып тосуп аласың. Арманым аттын башындай болуп кетсе, жөлөк болчу далыңды тосууга даяр экениңди, бырылдап-шырылдап ыйлай турган болсом, жүзүмдөн ар бир жашымды аарчып турууга белен экениңди эң жакшы билем.

Мен баарын сезип-аңдап турам. Билинер-билинбес чачымдан сылаганыңды, байкатар-байкатпас кучагыңа катканыңды, көрүнөр-көрүнбөс мени абайлап турганыңды, угулар-угулбас дуба тилегениңди - мага баары сопсонун жетип турат.

Аба кемеси калкыган асманда, миң түркүн булуттар арасында, миллион бейтааныштын чөйрөсүндө, бул кең аалам биригип, жүрөк жалгыздыгын толтурууга алсыз. Мага тим койсо, сенин мен гана баткан кучагыңдан чыкпай коюу - баасыз белегим болмок.

Ушул жаздын жылуу илеби, астейдил соккон жели, мени калп эле болсо да, ким бирөөнүн чуркап келүүсү үчүн болсо да, кулаткысы келип турат. Кулатып туруп, ошол кимдир бирөөнүн кучагынан таптыргысы келип турат. Баарынан да башкысы - ошол кучактын кылымдарга кулпуланып калуусун тилеп турат...

Сүрөт





Класс баскым келди, сонун жазыпсын!
Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   unknown666   07 Апрель 2015 - 14:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 429
  • Катталган: 29 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2021 20:34
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Аска зоолуу, ала тоонун бир боору.

Автор саламатсызбы? Чынын айтсам сиздей созунон соз куюлуп,бал тамган адамды учураткан емесмин.калеминиз курчуй берсин.юморду ото баалайм.чынында сиздей созго бай,сиздей акылдуу болгум келди. Бирок биз таптакыр башка чойронун адамдарывыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   madina.87   07 Апрель 2015 - 18:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Керемет создор!! !
Автор ийгилик!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 02:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: