Суперстан: Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... Жан дүйнөмдүн жаңырыгы жаңыланды!

#61 Пользователь офлайн   adalsvards   18 Февраль 2013 - 14:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XVI

"Баары жакшы... эмес!"


Жалганга жамынып алгандаймын. Калп деген калкандын артында калып кеткендей.

- Бул мен.
- Ыы.
- Кандайсың?
- Жакшы.
- Ден соолугуң?
- Жакшы.
- Ишиң?
- Жакшы.
- Проблемаларың жокпу?
- Жок. Баары жакшы.
- Жардам керек болсо, айт. Барам.
- Жок. Баары жакшы. Рахмат.
- Мейли анда.
- Ыы.

Ушул диалогдон тажаганыма көп болду. Же ала албай коё албайм. Унутканымды далилдегим келип, дайыма жооп берем. Мага окшоп тажасын деп, окшош жооп узатам. Эгерде, байкасаң, мен бир да суроо бербейм, кызык эмессиң, тирүү экенсиң, азырынча сен суроо берип жатасың. Тирүү экем, мен сага дале жооп берүүдөн тажабай келем. А чынында, сүйлөшүүбүздүн таптакыр башкача нукта өнүгүшүн каалайт элем...

- Бул мен.
- А, буууууууул меееен!
- Кааандайсың?
- Эң сонун. Сенчи?
- Мен да. Үшүкчөлсүң. Грипптен алыс элесиңби?
- Ооба, сен айткандай өзүмдү жакшы карап жүрөм. А сенчи? Жылуу эле кийинип жүрөсүңбү?
- Ыы. Сен айткандай. Жумуштан чарчабадыңбы?
- Жооок. Сенчи? Эс алууга качан чыгасың?
- Билбейм. Проблемаларың жокпу?
- Бар. Келип кетчи мага.
- Макул. Бүгүн. Барам.
- Күтөм.

Ушундай сүйлөшүүнүн уланышын күтө берип тажадым. Билем, баары менден. "Баары жакшы" деген мен. "Муктаж эмесмин" деген мен. Сурабаган да мен. Кызыкпаган да мен.

Үч күн мурун ыйлап чалгым келди. Жазбай чалчу, жазбай куттуктачу, эч качан унутулбаган, эч качан кечиктирилбеген мүнөт тынчтыкта өтүп кетти. Жымжырттык. Моюн сундум. Чындыкка. "Баары жакшы" деген сөзүм бумеранг болуп өзүмө кайтты.

Бакыргым келди. "Баары жакшы эмес!"
Шыбырагым келди. "Баары жакшы... эмес!"

Өзүмө сөз бердим. Эми, сен сураганда, мен үн катпайм.

Сен күткөн күнү мен жымжырттыкка айланам. Ошол тынчтыктан өзүң каалаганыңды угуп ал.

Болгону бул жымжырттык жакпай бара жатат. Моюнумдан муунулгандай, астейдилдик менен аба жетпей бараткансып, кыйкырганга ал жок, кол жаңсаганга күч жок.

Билесиңби? Мен сенин суроолоруңа байланып калбайм. Качып кетем, алыстарга. Мейли, "баары жакшы" деген жалганга жамынсам да, мен бир күнү чындап эле, баары жакшы деген күнгө жетем. Бирок ошол шаарга, мен зымырап учуп бара жаткан, шашкалактап кадам шилтеген, аңды-ойду карабаган алга сызган, ошол шаарда сен болосуңбу? Сен болосуңбу?

Сүрөт



Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 18 Февраль 2013 - 14:39

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Жолоочу_kerri_* 28 Февраль 2013 - 16:57

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

jakty. dagy jazynyz.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Egois   28 Февраль 2013 - 17:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 889
  • Катталган: 04 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Окт 2020 09:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Белгисиз

Чиркин гана кыздын тагдыры
Наарындан жазган сааалам кааат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   adalsvards   11 Март 2013 - 19:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XVII

"Мага баары бир?"


Жашоодо ушул сөздү көп угабыз. Ойлойсуң, "бу, байкуш тойгонго" деп!

Мен да көп кайталайм: "Ээ, мага баары бир, ысык-суугу жок!"

А, чынында, эбак эле жан-дүйнө майып болуп, сезимдер сойкуга айланып калган болот.

Жаз келгенде, айрыкча, күнүмдүгүңө үңүлөсүң. Ал, болсо, эчак эле туманга чулганган. Жарк эткен күнү жок! Дыбыраган жамгыр, кычыраган кары, арылдаган шамалы да жок! Таш балакет да жок! Карбаластап, көзүңө эч нерсе көрүнбөйт, колуңа эч нерсе кармалбайт. Күтө турайын дейсиң, туман таркасын деп. Бирок ал, тарачудай эмес. Качасың андан, кутулчудай эмессиң. Жөө сени менен кошо кубалашат. Терезени самындап жуугандай, дүйнөмдү тумандан тазалагым келет. Апапакай кылып. Анан тып-тып деген өткүн жаадырмакмын. Анан беш мүнөт өтпөй, күн чыкса, кийин, албетте узаттырбай, Асан-Үсөн чыгат. Мен ошол күн желесин карап, жашыл шиберде жатсам. Эсептеп, анын түсүн, кызыл, сары, көк деп...

Мага чын эле, баары бирби? Уруп ойнобой калдымбы чындап эле? Эмнеге, эмнеге?

Мага баары бир эмес. Жан дүйнөм мейли, азыр майыптыр, бирок ал тирүү. Мейли, сезимдер алдамчыдыр, сойку сымал сатылып калгандыр, бирок алар сууй элек, оту өчү элек...

Үч жыл мурун чептүү кепеден чыгып кеткем. Ушул жылдар тентидим, кыйла эле. Ар ким кезикти, жолдон. Достор болду, кастар болду.

Бир билгеним, тамтыгы калбаган дүйнөмө, империямдын урандысына кайрылып барбайм. Дубанага айланып, анда сен турсаң да, басып барган бутум шал болсун!

Кулайын деген кепеге да жан суутпайм, анткени ал бош.

Мен быйыл азыр турган жеримди гүлгө айлантам, жаңы дүйнөмдүн биринчи ташын коём. Анткени, эми мага баары бир эмес! Ысыкка чыдап, суукка чыдап жашоону чечтим. Ыйлаганда, ыйлайм, күлгөндө, күлөм. Тегерегимди курчаган кайдигер адамдарды да жок кылам. Мына, ушундай, бүгүнкү старт, быйылкы жаз...

Сүрөт

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Жолоочу_Kosmopolitka_* 13 Март 2013 - 20:35

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Sonun jazgansyz,sizge chygarmachylyk erguu kaalaim...dagy kutup kalam...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   adalsvards   06 Апрель 2013 - 22:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XVIII

Жол эми меники

Шашкалактап жолго аткан октой чуркадым. Эмне кылам? Кимге айтам? Кантип? Жетишемби?

Кайдан- жайдан ал пайда болду. Жанындагысын көзгө илбей оозумдан чыкканы "керексиң мага" дедим. Ал заматта мени менен жөнөдү. Жолду катар башымды билгизбей койгулап жатам, акмаксың сен деп, акыл кирбеди сага деп! Жулуп алып жөнөгүдөй киммин? Эмне деп ойлоп калды? Бул да ээрчиген жинди?!
Анан жол боюнда ачылган бак-шакка көңүлүм бурулуп кеткенин байкабадым. Ичимден сыздым, эшикке чыга албай жатканым үчүн. Астейдил сейилдей албаганым үчүн. Мындан өткөн керемет барбы? Жок. Мейли, түнү-күнү жанымда болгон адамым жок болсо да, ар бир белек сымал тартууланган мындай мүнөттөр үчүн тагдырга ыраазымын. Мени унутпаганы үчүн.

Бул жолдор эмнени гана көрбөдү? Баш ийише уктаганыбыз. .. Кол кармашканыбыз. .. Урушканыбыз. .. Талашканыбыз. .. Ыйлаганыбыз. .. Эскергенибиз. .. Үн-сөзү жок рэп укканыбыз... Сырларыбызды бөлүшкөнүбүз. .. Сооротконубуз. .. Телмире карашканыбыз. .. Анан албетте, көлөкөң менен чогуу ээрчигеним. ..

Жыл сайын өрүк кандай гүлдөсө, адамдын деле гүлдөгөн мезгили бир эле жолу болот экен. Мен да эрте бүрдөп алгам, күн болуп нуруң менен кучактасаң, жылуулугуң менен сүйсөң, заматта гүлдөрүмдү ачып салдым. Ар бир гүлдүн желекчелерин абай кармап, катуу шамалга кор кылбадың, кара булуттарды алыстан кууп, жамгырды да жолотподуң. А мен ар таңда шашыла гүлүмдү ачам сага. А сен батуу убактысына чейин жанымдан карыш жылбайсың. Бирок түндүн да өз убактысы кандай келсе, жаздын өз мезгили да өтөт экен.
Биз жолуккан күндөн көп өтпөй кар жаап салды. Кандай баналдуу көрүнүш! Сен менин жанымдан жылган күнү мени да үшүк уруп кеткен. Күйүп турган отко суу чачкандай. Назик гүл желекчелери кардын тикенектүү бүртүктөрүнө каршылык көрсөтө албай, жөн гана багынып берди.

Сени менен даңгыр жолго чыга качып кетким келди. Ошол биздин бакка. Бутубузду шилтөөгө батынбаган бакка. Мазардай аярлап сактаган бакка.

Экөөбүз бара жаткан кара жолдун кайсы бир сыйкырчынын күчү менен дайрага айланып кетүүсүн кааладым. Жол деле суу сымал. Агып жөнөсөк. Анын шардуу агымына баш ийүү менен гана. Баары бир эмеспизби, аман жетебизби, же сөөгүбүз биринчи барабы ошол бакка, кыскасы көз ачып жумганча бир кездеги окуяларда жашагым келди. Сен айттың "жараат канчалык терең болсо, ошончолук иллюзияга алдыра берет экенсиң" деп. А мен, ошол иллюзиялар менен өмүр бою жашоого макулмун. Сенчи?

Мейли, жол дайрага айланбаса да, өрүк гүлүн Күн сүйбөй, үшүк алып кетсе да, бак өтө алыс болсо да, элестеткен дүйнөмдөн карыш жылгым жок. Анда сен барсың, мен бармын. Мага ошол жетиштүү. Себеби, тандоом ушул, жолум ушул...

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 14 Сентябрь 2015 - 16:19

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   guli_1007   06 Апрель 2013 - 23:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 120
  • Катталган: 19 Январь 13
  • Соңку аракети: 11 Июл 2015 00:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Азаматсыз! !! кооп коптон жаза бериниз талыкпай
Сабырдын тубу - сары алтын!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Janylka22   07 Апрель 2013 - 08:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 12 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 02 Сен 2013 01:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Jalal-Abad

Iygilik sizge!Ar bir chygarmanyzdy beriluu,taasirlenuu menen okuim.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   dina   16 Апрель 2013 - 17:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Акыркы күндөрү ушул тема жетелеп келет форумга.Сүрөт
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   adalsvards   26 Апрель 2013 - 18:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XIX

"Жамгыр жууп кетчи мени, сел агызып кетчи мени..."

"Ээн баш, ээн чоку чыктың сен!", "Талаалап качан бүтөсүң деги?", "Тил тешилип бүттү! Кай заман токтойсуң?" ... Узун урушуу... Убара тартымыш убайым...

Ошондон көрө бир чаап алсачы дейсиң. Жок, алардын ар бир айткан сөзү мени караңгылыкка түртүп жатты. Кыштан тазаланып чыккан жанымды карага боёп жатышты. Тамтыгын калтырбай, башымдан өйдө баткак төгүштү. Жолдо жүргөн жаным, азырынча башпаанек таппай жүргөн жаным, ак жаанда калып кеттим. Күн да тийбейт. Мени буттан чалып, ылайга булап, улам турган сайын, кайра түртүп жыгытышты.

Тоотпогонго аракет жасадым, сооротконго далалат кылдым. "Мен үчүн кам жебей эле койгулачы" дедим. Күлкүм келди, мени ойлонгон ушунча көп адам бар экенин билбепмин.

Баарынан да ачууга тийгени, ошол эл-журттун менин сырымдан кабардар болгону. Биле туруп, өлүмүш боло туруп, мага мораль окугандарычы, кеңеш бергендеричи, насаат айткандырычы, мени быкшытат. "Жоголгула жашоомдон! " деп кыйкыра албайм, желмогуздар, кыйкыра албашымды да билесиңер... Жейсиңер, жеп бүтпөдүңөр!

Жакшы кыздын образынан безе качкым келет. Качкын болгонум ушул, жолумдун аягына чыкпадым, же аялдамага токтободум. Токтоп калсам эле, кууп жетчүдөй болот. Аракет жасадым. Кимдир бирөөнүн үйүнө кирүүгө. Жай отуруп, сүйлөшүүгө. Чай ичишип, философтонуп түбөлүктүү темалар тууралуу кобурашууга. Жагып калса, көнүшүүгө. Көнө баштасам, жайгашып калууга...

Бирок көп өтпөйт. Көлөкөдөй кууган караан жетип келет. Келип, колуңдан жула тартып, ээрчитип кетүүгө күчү жетпейт. Жөн гана тилемчидей сени карайт да турат. Качан бул үйдөн чыгат деп күтөт. Сени тешип жиберейин деген көздөр арсыздан ыңгайсыздыкка түртөт. Анан чыгам, ал үйдөн. Жолго чыгам да, аны карайм да, кийинки чекитке чейин безе чуркайм.

Куушмай да бүтөт окшойт. Жакында сенден калган акыркы белекти таштанды сыяктуу ыргытып ийишиптир. Чынын айтсам, азыркыга чейин андан пайда болгон ачуумду толугу менен көзөмөлгө ала элекмин. Бул тагдырдын белгисиби? Кутулчу сен деп боору ачыганыбы? Аттиң, билбейм, жакшылыкка, же жамандыкка. ..

Сурабайт чыгарсың, ал кайда деп... Жообум жок. Жетимдей таштап салган элем бир жайга, жайдын ээси алмашып кетип, атайын алып чыкпайын деп чечтим андан. Унутумуш болуп. Бирок жүрөгүм чыдабады. Кайра бардым. Күлүн көрдүм, сенин тумарыңдын. Көргөндөр айтты, жамгыр шатырап төккөн күнү ыргытышыптыр, эки күн жатыптыр сууда, анан күн тийген күнү, өрттөп салыптыр. Аздектеп сактаган белегиңдин капкара гана күлү калыптыр... Аны бир күнү шамал учуруп кетет, ошол менен бул жашоодо изи да жоголот.

Билесиңби, мен ошол белектин түбөлүктүү болушун каалаган элем, ошонун ордуна арзыбаган экөөбүздү ыргытып ийсе болмок, суук жаанга... Биз, чынында, ошого эле татыктуубуз. Кел, жамгыр жааган күнү сыртка чыгабыз, шөмтүрөп суу болгончо турабыз, калтырап-титирегенче, илептерибиз көгөрүп чыкканча, асман суусуна чылана, анын оордугун көтөрө албай, тизелеп чөгөлөгөнчө, тыпылдаган тамчылар бизди биротоло баткакка бөлөгөнчө... Сөз бересиңби?! Жамгыр ак жаан болуп, селге айланып кетсе, агызып кетсинчи... Жараткандын берген жазасын жууп кетсинчи...

Жамгыр күнү күтүп турам, качпайм, а сен, кууп жетчи...

Сүрөт


Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 17:15

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   27 Апрель 2013 - 09:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Сүрөт Кызыгуу менен окуп келем.....
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   online   02 Май 2013 - 16:00

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 253
  • Катталган: 11 Апрель 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2013 15:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кудайга шүгүр жердин үстүндө

чыгармачылыгынызга ийгилик.!
кто-то оставляет шрам в
душе, а кто-то саму душу забирает.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   adalsvards   13 Май 2013 - 18:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XX

"Ыйлап бердим..."

Ыйлаак өстүм. Эч бир даярдыкка муктаж эместей. Заматта эле бышылдап-бырылдап отуруп берчүмүн.

Ортодо эмне болду билбейм, чыйралдымбы, же көз жаш какшып калдыбы, кыйлага чейин ыйлай албас болгом. Таш боор, мерез атка кондум. Мени карап "былтыйып отурганын, жок дегенде, кичине капа болумуш этпейби" дешчү.

Анан ыйлаактык сезону кайтууда. Бүгүн таң атпай, бир ооз кеп үчүн көз жашымды көлдөтүп отуруп калдым. Мен анын шамшардай кескилеп салуудан аянбаган сөзүн токтотууга шаштым. Эрдемсинген жаным, алдын ала жаттап алган, эки апта бою репетициядан өткөрүп жаткан бир да репликамды айтууга жетишпедим. Не деген ууга чыланган сөздөрдүн бирин, бирин да... Жөн эле салмактатып, аны уккандан кийин тургустай кылам деген бир да сөзүмдүн... Сөз эмес, баш тамгасын атабай калдым.

Өзүмдү барган сайын чоң таштандыга айланып бараткандай сезүүдөмүн. Ооздорунан чыккан ыплас сөздөр акыр-чикирдей мага төгүлөт. Көмүлүп калдым мен ошого.

***

Антпесе жакында эле...

Күүгүмдө жолугуштук. Бирөө жарым көрсө да, күмөнсүп калган алдамчы маалда. Жалган сааттын сырын, баркын биз гана билебиз, жарык коштошо электе, караңгы кире электе...

"Сагындым" деп тосуп алдың. А менин жообум көздөрүмдө жазылуу. Колумдан кармай шашыла жөнөдүк. Ичимден толтура суроолор туулуп жатты, бул кайда карайлаган кечте... Анан тык токтой "неге муздак?" деп колдорумду кыса сурады. "Сеники жылуу..." деп оозумдан биринчи сөзүм чыкты.

Эл көп кирген жайдын ичине чочуркабай кирдик, күңүрт бөлмөгө...

Бирок байкабай коюу мүмкүн эмес эле. Ак көйнөк туруптур! Дал мен каалагандай! Жөн гана ак көйнөк, парпырагы жок, жылтырагы жок...))) Буга чейин оюма жүз, миң, миллион вариант келип-кетсе да, көйнөк көрүүгө келем деп үмүт кылбапмын. Дендароого түшүү, толкундануу, тымызын кубануудан турган маанай мени заматта кулга айландырды.

***

Алсыздыгыман пайдаланылып калуудан корком. Келишим түзүп калсам, биринчи пункт кылып, "мени ыйлатпа" деп жазам. :)

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 17:36

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Odik11   24 Июль 2013 - 11:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 15 Июль 11
  • Соңку аракети: 27 Дек 2018 17:00
  • Жынысы:Эркек

Эээх илхамы келбей журобу......зарплатаны куткондой куттум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   adalsvards   13 Сентябрь 2013 - 17:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXI

"Эң суук жай"

Өзүң жок канчанчы жайды жашап өткөнүмдү санагым келбейт. Мезгилдердин ичинен эң жек көргөнүм - сени эске салган аптаптуу саратан. Мейли, бул жылдыздарды эсептеген түндөрбү, кечки жайдын от учкундарына жыргообу, жээкте уктообу, көлдө сүзүүбү, сууда ойнообу - жайкы көңүл ачуунун, эс алуунун, кайсы бири болбосун, мунун баары сени секунд айлантпай, тирилтет.

Акыркы билдирүүм жаздын акыркы айында жазылыптыр, азыр болсо, күз. А балким, калп болсо да, "жайды кантип өткөрдүң" деп сурарсың?..

Жашоосунан тойгондой наалыгандан да тажадым, анткен менен бул жай мезгили мага эң суук сезилди. Күн катуу жылый баштады, суранбасам да, көпчүлүктүн камкордугу буга кошумча болду. Астейдил жылып-жылмышып, жарыктын жылчыгы да кирбеген, жылулуктун илеби да сокпогон үңкүргө кача кирдим. Көзгө сайса көрүнгүс бул караңгылык мени кара топуракка кошуп жууруп жатты. Анан таптап туруп, бир бурчка ыргытты. Туш тарабымдан "мыррр" деген үндөр угулуп, жакындаган сайын ал үндөр миллионго көбөйүп, дал кекиртегиме, көмөкөйүмө келген кара мышыктар учтуу-курчтуу тырмактары менен тытмалап кирди. Мына гана жемин басып жыккан гепарддай сезилишти бул кара мышыктар башында, кызыл кан шорулдап агып чыкканда, кыңшылдап ийишти канчык чөөлөр сымал, азуулууу жаркыраган тиштери этимди тиштегенде бөрү го дедим. Аары талаганчалыкка жетпедим, жырткыч ишин жакшы билет, баарын кекиртектен ашырышпады. Жылдар бою көкүрөгүмдө топтолгон бук тытып бүткөн болчу, мени...

Үңкүргө кайсы бир оозунан жарык шооласын төктү. Кара мышыктар жоголду бир-бирден. Нурлар чачымды сылады, а мен жараатымды жалай-сылай баштадым. Айыгып-айыкпай, жолго түштүм. Түз эле ошол биздин оазиске жөнөдүм.

Өйдөгө көтөрүлүп бара жатып, алдымдан бир кездеги экөөбүздүн тосуп чыкканын байкабай калыптырмын. Дал ошол жаштагы экөөбүздүн элесибиз жашап жүрүптүр дале. Окшош кийимчен: үстү ак, асты көк болуп. Окшош бактылуу: жүздөрүнөн ажырагыс жылмаюу, кол-буттарына бакыттан канат тигилгендей. Аларды ээрчидим, мени биринчи аянтчага алып келишти, андан ары бактын түбүнө алып барышты. Роботтун маскасын кийип алган мен экөөнүн өмүр бою романтизм доорунда калып кеткенине күлгүм келди. Капыстан колдоруна көзүм түштү: сен берген билерик жүрөт ошол кездеги меникинде, ошол кездеги сенин колуңда мен берген тумар. Заматта кара мышыктардын тытып кеткен жарам ачышып чыкты, мына азыр, кайрадан туш тараптан басып келе жатышкандай мени... "Унуткам" деп кайдигер турган мен тизелей-чөгөлөй жыгылдым, бетим кара топурак менен өбүштү. Жаштар кетти. Кыйкыргым келди. Ыйлай бердим, "кечиргиле" деп былдырактап алгам.

Экөө мени тургузушту. Көзүмдү аарчып жатышты, билериктүү, тумарлуу колдору менен. Экөө эки жагымдан кучакташты. Көздөрүн тике карай албайм, бирок ийинимден ылдый көкүрөгүмө алардын мупмуздак жаштары куюлуп жатты. Ичиркенип чыктым.

Силерди ушунчалык күттүрүп койдум беле? Кечиргиле, мендей итти...

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 17:39

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   adalsvards   14 Октябрь 2013 - 18:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXII

"Чыккынчымын! "

- Ачууга алдырбасаң. .. Мынча түтөйсүң?! Унута элексиңби? Сени көрүп калбасам эле, бар экениң эсте жок,- деген күнү калпычыга айландым.

- Ар бирибиз өз жолубуз менен бололу. Мындан ары мен сага, сен мага кийлигишпе. Бакыт каалайм, - деп оозумдан жаңылган саатта саткын болдум.

А бирок... Билесиңби? Сезер бекенсиң? Алтынчы туюмуң алдыңкы бешөөнү аркандап алып, кайдадыр сүйрөп жөнөйбу?

Калп айткан көздөрдөн качам.

Сатып кеткен жүрөктөн жаза таям.

А бирок...

Айласыздан бет келишип калганда, Титаникти дагы бир жолу талкалоодон тайбаган айсбергге айлансам да, суук караштарым менен "алыс бол" десем да, сенин соболдоруңа узаткан жоопторум, андагы дирилдеген үнүм, заматта мени беш пулга айырбаштап, чыккынчыга айланат.

Бетимди кабаттаган маскалар жапса да, үн кайсы бир түпкүрдөн титиреп чыга берет экен...

Ушунун айынан саз сүйлөөчү болдум. Баардыгы менен! Бугумдун баары көмөкөйгө кептелгенде, чыккынчы үндөр суурулуп чыгып, "мен бармын, мен аманмын" деген жашыруун коду менен ыйламсырап кирет.

Үнсүз учурашуулар. Добушсуз коштошуулар. Жакын адамдарымды аёосуз жанчып жатсам да, үн чыгарбаганга аракет жасайм. Актанбайм, айыбын угузбайм. Тилден калган киллер сыяктуу. Тышкы ааламдагы үндөрдөн баш тартып, ички дүйнөмдөгү айкырык-кыйкырыктын кулуна айландым. Өкүрчү үндөргө да аз калды. Ага чейин дагы чыдай тур, эми...

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 17:40

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   baku24   18 Октябрь 2013 - 20:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 433
  • Катталган: 16 Январь 12
  • Соңку аракети: 16 Апр 2021 10:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

каарманды аяп журогум эзилип кетти. талантынызга таазим
Турмуш- бул чоон мектеп!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   adalsvards   30 Октябрь 2013 - 20:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Сүрөт

XXIII

"Боштук"

...Кээ бирлерден угуп калам: "Баягы (ыңгайсыздана ) бир темаң бар го? Посттордун ылдыйында сүрөттөрү укмуш эми..."

Бул сапар жазчум деле жок. Көзүмө жогорудагы картина илинип калды. Автору кореялык Ли Рим деген экен. Чыгармасы "Боёктогу кыздар" деп аталат. Ал: "Ишимдин башкы темасы - бул адамдын эмоциясы менен психологиялык абалы",- дейт.

Өзүмчө: "Мен болсом керек дедим",- андагы кызга карап. Дал, менмин!


Эгер мүмкүн болсо, ошол боёкту эч качан өчүрмөк эмесмин жүзүмдөн, тулку боюмдан...

Эгер мүмкүн болсо, дал сүрөттөгүдөй көзүмдү жумуудан ачууга ашыкмак эмесмин!

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 17:42

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   adalsvards   05 Декабрь 2013 - 17:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXIV

" Дагы бирөө көмүлдү..."

Дүйнөмдүн эң бейтынч жайы - бул көрүстөндөр кыштагы. Жашабай жатып, канчасын көмүп салдым? Санап көрөйүн деп, бармактарым эки муштумду түйгөндөн кийин шалдырап отуруп бердим. Жек көрүндүмүнбү, же мен баарын жек көрөмүнбү? Казына берип, кажыла берип, ушул суроонун жообун кошо көрүстөндөрдүн бирине жашырып салгандаймын.

Мени түшүнгөн, мен аны түшүнүүгө аракет кылганым бар болчу. Ачыгын айтканда, же ато-жотосун билбейм, жер-жытынан да кабарым жок, аз болду, изин да жоготуп алдым. Алакандай катка жазылган "сен көңүлүмдү оорутуң" деген кайыр кошу менен.

Ага анча жакындап алганымды түшүндүрүп бере албайм, экөөбүздү окшош камырдан жасалган деп айтууга да болбостур. Болгону ортобузда табышмактуу байланыш бар эле. Ал канча жолу үзүлүп, кайра биригип, кыскасы тамтыгы калбай калганбы, баягы эле, баягы менин оройлу гумдун айынан чорт кесилди. Оңой менен эч кимден кечирим сурабайм. Бирок анын алдында бир эмес, бир канча жолу тизе чөгөлөдүм. Башы маң, эми кантип көңүлүн жибитем? Чынында, мага окшош орой жанга баш ийүүнүн өзү өлүмгө барабар...

Баарынан кызыгы аны көмүп салган көрүстөнүмдөн кайра казып чыгууга болгон далалатым. Бейтынч кыштагыма акыркы күндөрдө көп каттачу болдум. Акыркы катарынын орто ченине жашырган элем сени. Казып алып, табытты ачып, сага өмүр берсем, мени кечиресиңби? Же оройлугумду табияты го деп эсептеп, кинодогудай, мумиялыктан өзүң тирилип келесиңби?

Антпесең, эшиктеги аппак кар да кубантпай калды...

Антпесең, аппак карга көмүлүп берүүгө да макул болгону калдым...


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 17:43

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   adalsvards   12 Декабрь 2013 - 12:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXV

"Жашоом жаңыланат, дүйнөм жаңырат"

Жаңы жыл жакындаган сайын өзүмчө эле толкунданып алам, жүрөк дүгүдүк-дүгүдүк, кан тамырлар кызып, демим энтигип, маанай көкөлөп, жүзүмдү жылмаюулар кытыгылап калат. Бир гана мээ - аутта, тагыраагы паузада. Ал өзүнчө башка бир ааламда, чеги жок эсеп жана анализдерди чыгаруу менен алек. Оң жагына караганда сол шарына ишенген моторумду эмдиги жылга жакшылап даярдап жатам. Жетишет. Эс алдың. Жыл бою жайы Күнгө какталган, суукта ийинден чыкпаган Жыландай жыргап гана жаттың. Биздин шамал менен жарышкан, туягыбыз жерге тийип-тийбей зымыраган күндөрүбүз жакындоодо.

Токойго жөнөйүн, балатыга барайын. Аны эртең эрге тийчүдөй жасайын. Өңүн өмүрү өзгөртпөгөн даракка кызыл, сары, көк сөйкөлөрдү илейин. Жашомду кантип кооздосом болот? Төрөлгөндөн ар Жаңы жылда керемет күткөн "беш, төрт, үч, эки, бир, кирип кел!" салтын кимге багыштайын?

Жыйырмага жакын күн калды. Ага чейин тымызын тилек тизмеси толуп жатат. Эски достор чогулсак. Жаңылбай, эң жакыным куттуктап келсе. Ааламыма батырган адамдарымды балатыны тегеректеп топтосом. Айды кызгантып, асманды жалтур-жултур учкундарга байытсак.

"Үч, эки, бир! Жаңылбай жаңыланууга даярмын! Артка жол жок, келечек мени эртерээк жетелеп-ээрчитип кет!"

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 17:46

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 02:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: