Суперстан: Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... Жан дүйнөмдүн жаңырыгы жаңыланды!

#81 Пользователь офлайн   adalsvards   21 Январь 2014 - 15:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXVI

"Кыйракандамын. .."

Өзүмдү көптөн бери "Тез жардамдын" машинасы сыяктуу сезип жүрөм. Элдин беймазасын жаратып, ызы-чуулуу сиренасы менен топ жарып бара жаткандай. Ичиндеги бейтаптын жардам алчу каалоосу да жок. Жетип келип, салып кеткен ак халатчандарды сөгүп-тилдеп. "Суук колуңду тарт ары, тийбе мага" деп ызырынган бейтапка түшүнбөгөн айдоочу мындайлардан тажагандай көрүнүштө.

Үстөккө- босток ар кимиси ар демке дейт.

- Кышында өлгөн жакшы болсо керек ээ? Курт-кумурска жок. Жаз келгиче, чирип кетүүгө жетишеби сөөк,- деп сурады бир тантык. Мээм аңтарылып түштү.

- Ар ким менен жатып жүргөндөн көрө эптеп бирөөнү караан кылып алайын дедим. Бир күн карасам, ичимде бирөө тыбырчылап ийди,- деди экинчиси өмүр таржымалынын акыркы бөлүгүн жыйынтыктай . Угуп отурганыма уялып кеттим .

- Кыялдарым чаташып калды. Эрте менен эч ким ойготпогон, кечинде эч ким чакырбаган жактарга кетким келип жатат,- деди мынагана келечегинин кенен эшиги ачылчу дагы бирөө. Кадырына жетпей жатканды баштан ары бир коюуну кааладым.

Чөйрөмдөгүлөрдүн таасири чоң. "Силерге кеткен убакыттын өзү коромжу" деген мен да өзгөрдүм. Жогорудагыдай сөздөрдү угууга чейин жеткенимди эске алса...

Адам жалгыз калса, алсыз экен. Бир кездеги кыйракан менен баарын унута түшкөнүм үчүн, убагында ар бирине колумду сунбаганым үчүн күнөөлүүдөймүн.

- Кышында эмес, өз ажалың жеткен күнү өлгөн туура болсо керек. Эң жакшысы ниет кылуу, балким Азезилиң "буюртмаңды" эске алар. Бирок көр казчуларды да унутпа ээ, тоңголокто топуракты омкоруу оңой эмес,- дедим. Кыш сүйүүсү үчүн өлүм арноосун чогуу күткөн адам сыяктуу.

- Туура кылыптырсың. Этек менен төшөктүн таза болуусу дале маанисин жоготпосо, анын үстүнө ушунчалык ыпластыктын ичинде наристенин айыбы эмнеде,- дедим ымыркайга карап ыйламсырай.

- Энең сатып кетсе да, кыялдар эч качан сени сатпайт. Ал болгону сенин сатып кетпешиңди тилейт,- дедим ой кошо үчүнчүсүнө.

"Тез жардам" болгум келди баарына. Жүрөгүмдүн үшүн алып, мээмди аңтара-ченемди ыргыта койсоңор да!

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 05 Февраль 2014 - 20:44

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   adalsvards   05 Февраль 2014 - 21:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXVII

"Ишенгим келет"

- Күлөттүрсүң, ишеними жок мендей бирөө ишеничти баарынан жогору коёруна. Мейли, Кудайдан жөө качкан жандырмын, бирок ал тескери жарышты бардык үмүтүн байлай турган адамга чуркап бара жатат деп бил. О дүйнө бар болсо, ал жак мага алыстай сезилет, мен үчүн ушул турмушта тирөөч болчу бирөө маанилүү. Улуу күч бар болсо, ал мага өтө эле бийикте тургандай туюлат, дубаларым бир дубалдын бурчунда калып кетүүсүн каалабайм, мага ошол тилектеримди тең бөлүшчү бирөө жетиштүү. Мифтеги Олимпке ишенбейм, ансыз да өз жомокторумдан ажырай албаган жана ага муктаж жанмын.

Бир гана үмүт артуу кадамын таштоо кыйын болуп турат. Талкаландыдан жамап алган ишенимимди тепселеп кетпейт бекен, сүткө күйгөн жаным айранды үйлөгөн абалымды көрүп түшүнөр бекен? Көрсөм көрмөксөн, уксам укмаксанга салганымдын жөнүн кабылдайбы? Мунун баарына чыдамы жетеби? Ушунча тантырактын ичинен таамайын талдай алабы?

Ишенгим келет (бул сөздү кимге айтпайын , мен ага): бүтүндөй өзүмдү арнагым келет...

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 03 Март 2014 - 17:26

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   adalsvards   03 Март 2014 - 18:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXVIII

"Көксөөм көктөмдө көккө жетти"

Аябай бат кубулам. Бир канатым аппак периштеники, бир канатым капкара шайтандыкы. Оң колум көп жакшылык кылса, сол колум көп кылмыштын аткаруучусу. Оң бутум үйгө эртерээк ээрчитип келсе, сол бутум босогосун аттай элек үйлөргө жетелеп барды. Мээмдин жарымы "баары алдыда, баарына чыда" деп турса, калган жарымы "текке кеткен мээнет, бекерге коромжу жашоо" деп сайрап турат. Жүрөк эчак эле хамелеондон кем калышпай калган.

Жыргашымды, кайгырышымды билбей калганыма күнөөкөрдөн өч алдым. Айбан экенмин мен! Сепилимди ураткандын үйүнө эки секунд ичинде сапырып салчу торнадо жөнөтсөм, эң сонун жарашмак. Же уусунан турбай калган жыланды байкатпай короосуна киргизип ийсем, менден эч ким көрмөк эмес. Экскаваторго айланып алып, тамын таш рабатка айлантып, өзүн тирүүлөй көмүп салсам да, тозок менин жоругумду жокко чыгармак.

Быйыл онунчу жаз келди. Бумеранг кеч кайтып келди. Мойнумдан алып чыккан жиптин акталарына кылымдай убакыт өткөнсүдү. Мен бирок чексиз ыраазымын. Кайсы Кудай укса да, кандай күч дубамды кабыл алса да, рахмат!

Үйү кулап түштү. Жашоочулары тентип кетти. Түбөлүккө делген убадасы бузулду.

Кекчил экенимди эми билсем да, анын традегиясынан дабаа таап отурам. Ооба, мойнума алам, угар замат өзүмдү жаман сезип жаттым. "Каргабасам болмок экен" дедим. Жаңылыптырмын. Акылым менен "өзүңө кел, бирөөнүн кайгысына кубанба" демиш адаммын, а бирок жаш улактай кубанычтан так секирген жүрөктү кайда жашырам? Бүтүндөй бир коломтонун азасына жылмайып бүтө албаган жүрөктү кайда жоготом? Жырткыч экенмин мен!

Бул жаз эски жараатты жаңылап койсо да, жаным ачышкан жок. Мен мындай дартка бышып бүткөн жанмын. Бул кебетем менен өчүм узакка созулуусу үчүн сенин жараатыңды карттантууга жеткирбей тытмалап турууга убада берем! Сен үчүн кышты узартып, жаздын үшүгүнө айланам...

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 17:47

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Жолоочу_Kosmopolitka_* 03 Март 2014 - 19:50

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Укмуш.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   adalsvards   11 Апрель 2014 - 15:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXIX

"Өзүмө өзүм батпай калдым"

Азыркы абалым мына-мына жарылайын деген жанар тоонун үстүндө отургандаймын. Чайнектен куюп жаткан адам саамга ааламды унута пияладан мына-мына ысык чайы ашып төгүлчүдөй. Ичимдеги оргуштаган, жаны жай таппаган күч бүтүндөй денемди тешип чыкчудай болуп турат. Же аны баса алчудай шарап ичпейм, же аны уулап салчудай ийне сайынбайм, же аны буулап салчудай чылым чеге албайм, же аны атып салчудай бир октуу куралым жок.

- Уксаң керек, мен ошентип, анан ушинтип калдым,- деди тагдырын талкалап алганым.

- Ыы,- оозумдун алы ушуга жетти. Ичимден "кыйратыптырсың" деп.

- Чын, тажадым. Үйдөн, бул дүйнөдөн.

- Ага да көнөсүң. Жип алып чуркачу да курак өттү,- деп түйшүккө бара жаткан сөздүн нугун тамашага салдым.

- Ал да чын. Эсиңдеби, безе качып жүргөндөрүң. .. Бир жолу эшикти ачсам турасың. Шөмтүрөп.

- Чоң шүгүр, ошонун баары өтүп кеткенине.

- Меники эми башталды окшойт.

- Көңүл айтам,- деп дагы ары жок жылмайдым.

Бул жашоодо менин көзүмдөн, турган-турпатымдан, сүйлөгөн тонумдан түшүнгөн жалгыз адамым. Тилибиз бир, тилегибиз бир эле. Толкунубуз бир, жолдорубуз бир эле. Кармашканыбыз бир, жазданганыбыз бир эле.

Азырчы? Сенин көздөрүңдөн, сөөлөтүңдөн, сөзүңдөн баарын түшүнүп турам. Бирок илгеркидей жүрөгүмдөгүнү айтууга даай албай калыптырмын. Экөөбүз бетме-бет келише, шыбырашканчалык жакындашып отурсак да, сен таптакыр башка планетада, мен таптакыр башка планетада отургандаймын. Керек болсо, сен мына жип таап, менин алдымда асыла турган болсоң да, сени бул тирүүлүктө кармап калууга аракетим жоктой абалдамын. Кайылмын. Кайдигермин.

Таарыныч, ый, кайгы, сагыныч, кусалыктан куралган бук топтолуп отуруп жанар тоодой өстү. Баарынан да сенин дартыңды дастан кылып отурганыңда жарылбайын. Ушунчасы бүтүп, өмүрүңдүн алдыңда күнөөгө баткым келбейт.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 17:49

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   adalsvards   14 Май 2014 - 10:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXX

"Жазды кийинип, жайды чечким келет"


Баарыбызга жаз жарашат. Анын жашыл түсү кулак тунжураткан тынчтыкты, мемиреген бейпилдикти берет. Башкача бир кайф сезим! Бак-шактар, гүлдөр-пүлдөр, чымчыктар, пешене тушуңда тоолор, таман алдында тегиз талаа, жапжашыл килем - кулачты жая, тиштин баарын көрсөтө жылмая, сыдырым шамал мелдеше чуркагың келет. Зымырык куш сымал тоолорго чейин канат каккылап барып, бийиктиктин чексиздигине чөмүлө тик учкуң келет.

Жаз. Жаздын жылымык күнүн, атыр жытын, сайраган серенадасын кийинип алып, көчөдө бойду кенен таштап, ары-бери кылчактай баскың келет. Өзүңдү анын жанында лилипуттай сезген даракка жип артып, башыңды салаңдата, чачыңды желбирете, мойнуң үзүлгүчө селкинчек тепкиң келет. Бул жашоодо башка иш жок калгансып, сыя көк гүл желекчелерин оронуп алган аппак көпөлөктөрдү кубалагың келет.

Сени көрүп, жаз кийинген, жай чечинген өзүмдү кайтардым. Жан дүйнөмдө той, салтанат, шаан-шөкөт. Айнектен караган көздөрүңдөн жаз кийинген, жай чечинген сени көрдүм.

Керемет жаз! Рахмат, жаз! Кош кел, жай! Жылаңач жай! :)


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 17:51

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   meerimka86   17 Май 2014 - 13:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

Дааа!Керемет !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   adalsvards   20 Май 2014 - 18:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXXI

"Чүш, мен эми жаныңдамын"

- Ыы. Ыхм. Неме. Мындай. Жөн эле. Ушул жакта жүргөн болчумун. Анан. Ошо...

Ыңгайсыздык. Оңтойсуздана актануу. Көкүрөктө топтолгондун баары көмөкөйдөн чыгып жаткан кубаныч. Жүрөктө жашырылгандын баары каректерден билинген сүйүнүч. Жылмайып гана карагың келет мындай көрүнүшкө.

Босогоңо кечигип келген бакытты чочутуп албайын деп, кучагыңа бекем кысып алуудан коркосуң. Манжаларга жан кирип, бири-бирин бекем мыкчып, алакандар тердеп, көздөр эбак эле эптеп экинчи көздөргө кармалып калбашы үчүн алыстарга тентип кетип, айтор, катуу жерде эмес, же жумшак калкыган абада эмес, кайсы бир экөөнүн ортосунда калып кеткен катмарда тургансыйсың.

- Өт. Ичимден өзүмдү жемелеп, миллион суроолор арты-артынан жааса да, жинди немедей аларга жооп бергим келбей жатты. "Өзүңдү карма" деген сөздөр менен өзүмдү дубалоого кириштим.

- Эмне кылып жаттың эле?

- Эч нерсе.

- Бош белең?

- Ооба. А, жок. Ой. Ых. Бош эле болчумун.

- Ойдо жок жерден келейин деген эмесмин...

- Жок, жок. Эч нерсе болбойт. Ичимден "ойдо жок жерден сени ким мага түртүп-байлап- жетелеп келсе да, чоң рахмат" деген адаммын.

Жүрөк үшүткөн жайдан тажагам, ачыгы. Таң агарайын дегенде, адат сымал түшкө кирчүсүң. Дирт эте чочуп ойгоносуң. Керек болсо, аны түшкө да киргизе койгуң келбей. Акырын, муздак полду жылаңайлак басып, анын суугун бүт денең менен сезип, терезени көздөй жыласың. Таңкы аба түшүңдү томкоро, өзүңдү ойгото, жүрөктү серүүнгө чулгайт. Ошо менен уйкунун изи да жок, сары чачтарын сербейте чыккан Күн гана сенин таңкы коногуңа айланат.

Мен үчүн жай сенсиң. Саратаным сенсиң. Канбаган, чаңкаткан, тердеген, нымдалышкан, чапташкан, жанашкан мезгилим сенсиң. "Чүш, мен эми жаныңдамын" дегенди күткөнүм сенсиң.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 17:52

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   adalsvards   16 Июль 2014 - 12:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXXII

"Сен дайыма туурасың"

Көз ачып-жумганча чечимимди өзгөртүп иймейим бар. Түптүз жолдо бара жатып эле бурулуш жоктугуна карабай, аң-дөңгө көз салбай, таптакыр бейтааныш жолго түшүп кетүү мен үчүн өтө тааныш. Сыртымдан мемиреген көл, тынч жаткан океан көрүнөм, ичимден болсо кыяматмын, тозокмун. "Бекем чептей көрүңөсүң" деп мага айтылган сөздү заматта талкалап, чебимди башка жакка көчүрүп кетүү мезгил-мезгили менен кармап калчу өнөкөт дартым. Анан "сен дайыма туурасың" деп өзүмдү алдап- актап баштайм. Акылдан чындап азган бирөөдүрмүн, ар бир таштаган кадамымды буга чейин жаңылыштык деп кабыл алып көрбөгөн жанмын.

- Канча жылдан бери жакынбыз. Сага канчанчы жолу белек алып жатам. Жакшылап ойлоп көрсөм, өз табитиме таянып эле белек алып жүрүпмүн буга дейре. Сен эмнени жакшы көрөсүң? Сага эмне жагат? Сага эмне жакпайт? Табышмаксың. Жоопторду таппай койдум,- деди бирөө. Соболу дагы жоопсуз калды. Мен өзүм өзүмө эмне жагарын, эмне жакпай турганын чече элекмин. Анткени жанымдан артык жактыргандарым жек көрүндүлөргө, жек көргөндөрүм жанымдан чыкпаган жактыргандарыма айланган. Ошол үчүн "ушул мага жагат, мунусу жакпайт" деп айтуудан корком. Айтышы айтып алып, эртең сөзүмдөн кайтуудан корком.

Өзгөрүүлөргө аз калды. "Сен дайыма туурасың..."

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 14 Сентябрь 2015 - 16:24

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   dina   20 Июль 2014 - 20:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Суперстанда күтүп окуган темаларымдын башкысы. Ар бир теманы эжеме копиялап жиберип талкуулаганды өнөкөткө айланткам. Анткени менин жан дүйнөм сүйлөп тургандай сезилет. Калемиң курчуй берсин, замандаш!
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   bermet104   20 Июль 2014 - 21:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 509
  • Катталган: 01 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2022 14:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыс жактарда...

Суусап турган жан дуйномо сунулган бир ууртам суу, суусуз кургап бара жаткан гулумдун тамырына куюлган суу болду го Эльвира эженин бул чыгармасы.
Убакыт даарылайт деген созго ишенбей бараткандаймын. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   adalsvards   21 Июль 2014 - 18:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXXIII

"Жалгыздык жаназасы"

- Бир да жолу сени бузуку жолго түшүп кетет, чегип кетет, ичип кетет, же дагы бир жамандыкка тушугуп калат деп ойлоп көрбөптүрмүн. Ишен, ишенбе, бир да жолу сен тууралуу жаман ойго барган эмесмин. Ооба, бул чоң мактоодур. Бирок, билип кой, сага карата бир жаман оюм, бул - сени жалгыз калып кетпейт бекен - дегеним. Ал санаа сары сууга батырып бүттү.

Кызык жандар өтө көп. Алдамчы ойлорго ишенгендер андан... Айрыкча, "жалгыздык" деген сөздөн жаа бою качкандар толтура.

Биз бул жарыктыкка жалгыз келгенбиз жана жалгыз кетебиз. Жараткан дене мүчөлөрүбүздүн көбүн коштоп бергендир, бирок жүрөк жалгыз. Андан орун тапкан адам да тек санда. Ал бир адамдын тагдыры сеники менен байланыша албаса, анда бул бешене. Байкуш, бешене да жалгыз.

Өмүр миң, өлүм бир. Өмүрлүк шериктердин санын экиге көбөйтө албайм, ал мен үчүн өлүмгө чогуу баш ийүүгө даяр эмес болсо...

Убада миң, ант бир. "Меникинде калууга макул болсоң, айтканыңдын баарына кайылмын" дешет, а мен эчак эле "сен мендиксиң, мен сендикмин" деген касам ичүүгө күбө болгом...

Кудай миң, ишеним бир. Ай караймынбы, сүрөткө жалынамынбы, баарынан баш тартып, Кудай кулуна айланамынбы, "экөөбүз бирге болобуз" деген ишенимим баарынан күч.

Жалгыздык бул жазмыш эмес, бул тандоо. Жалгыздык бул алсыздардын эмес, күчтүүлөрдүн тагдыры. Жалгыздык бул алыстан угулган жаңырык эмес, ал болгону каңырыш...

Жалгыз калам деп чечкендерди аёо айыптуу, андан көрө өз жалгыздыгыңдан куткарыл. Ал сага окшош эшсиз жашоону элестетпегендерге жетип алса, жалгыздык жайган тордон чыга албай, жыгылып берүүдөн башка жаза күтпө.

Жалгыз жана жапайы жандарды жайына койгула. Антпесе, жай тындыруу үчүн деле жаныңдагы жалгызыңды тынчытып, сени жапайылардын клубуна кошуп алат. :)

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 14 Сентябрь 2015 - 16:26

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   adalsvards   02 Сентябрь 2014 - 18:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXXIV

"Мен мурунку жашоомдо периште болсом керек..."

Чын. Ак шейшепти оронуп алгандай көйнөк кийген, тармал чачтуу, өңү сары, а балким, "күн сүйгөндөй" сепкил жүздүү, жылмаюу байырлаган уячалуу, буту жерге тийбей, эки канаты астейдил каккылап турган кадимки периште болсом керек. Ким бирөө кыткылыктап шылдыңдап жаткандыр, а ким бирөө жаңырта каткырып алгандыр...

Мекеним асман, досторум ак булуттар, душманым чагылган, күн нурларына эркелеп, жамгырга жуунуп, аппак карды кыш башталары менен лапылдата чачкан жан болсом керек. Өзүмө да күлкү, бирок кээде "периштенин" ролун ойноп коймоюм бар. Анан айныгандай ый аралаш ырсаюу пайда болот... "Кантип дитиң барды" деген суроо берилет да, бирок жообу табылбайт.

Периштелигимде мени бирөө сатып кетсе керек, анан мен отуруп алып, канатымды канаганына карабай, бирден жулуп чыксам керек. Анан бир аз кирдей түшкөн булутта отурган жеримден өзүмдү жер тозогуна, шайтан отуна таштап ийсем керек. А бирок канат кайра бүтөбү мага, кайра уча аламынбы, ордума кайра бара аламынбы? Баасы канча турат? Сүйүүмдү берейинби, же бакытымдыбы? Өмүрүмдүбү, же өлүмүм анын баасыбы?

Периште кейпин кийген Азезилге айлансамбы? Же мен азыр ошолмунбу? Антпесе, мени бүгүн башкарган ким? Мен аны тааный албай турам...

Мынчалык жек көрүү сезимин кайдан топтодум? Кантип байытып алдым? Белекке берсем, бирөө жарым алар бекен?

Кыйналып бүттүм дебейм. Тажадым да дебейм. Кыйнап бүттүң дебейм. Тажаттың да дебейм.

Болгону, болгону канаттарымды кайрып берчи. Учуп кетем. Таштап кетем. Кайра келбейм.

Сүрөт


Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 14 Сентябрь 2015 - 16:28

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   sekelek96   17 Сентябрь 2014 - 12:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 484
  • Катталган: 07 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Мар 2018 20:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтуу Ысык-Кол

Talantynyzga taazim!18 ge chykkychakty myndai chygarmany keziktirbegem dajy bolot dep da oilobogom!Barakelde! Orkundoi beriniz ,Alga!!"
Суйлосон жакшы соз суйло,болбосо УНЧУКПА!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   jasi   17 Сентябрь 2014 - 14:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 432
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 23:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бул темага маани бербей кайда журдум экен.

Укмуш. Талантынызга таазим! Калеминиз курчуй берсин!

Ушунчалык табышмактуу, журокко жеткиликтуу создор!


Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   adalsvards   17 Сентябрь 2014 - 17:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

X XXV

"Жамандыгымды жашырбайм, жар салам!"

Баш туман. Жүрөк түтүн. Кан шарап. Жүз түкүрүк. Тил уу.

Жийиркеничтүү жашоо. Түңүлгөн адамдар. Үмүтсүз тилектер.

Кээде татаал, тайгак жолдон секирик жасагың келет. Абагабы, суугабы, айырмасы жок. Тегеректеген адамдардан жардам сурагың да, түшүндүрмө уккуң да келбей калат. "Кандай" деген суроого берилген жоопту чала уккан миллион бейтааныш адамдардын тобунабы, же жалгыздыккабы, тандоо жок.

Өмүр түйшүгүн таштап, саамга болсо да, туманга, түтүнгө, шарапка, түкүрүккө, ууга думчуккуң келет. Бир кездегидей. .. Чогуу... Эч кимди көзгө илбей, баарын уруп ойнобой... " Ишиң канча" дегенди төл сөзгө айлантып... Жеңилдеп, өзүмдү кыйла жакшы сезип калмакмын. Жок дегенде, ностальгияга кайтып! :)

Сүрөт
Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 27 Ноябрь 2015 - 17:24

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Miregya   28 Сентябрь 2014 - 13:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Окт 2020 20:02
  • Жынысы:Аялзаты

Талантынызга таазим.Адашпасам алтынчы жолу окушум .Сизден дагы коп чыгармаларды кутуп калабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   vip.men.kg   28 Сентябрь 2014 - 13:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 99
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Сен 2014 21:00
  • Жынысы:Эркек

Автор ийгилик дагын коптогон чыгармаларды жаратыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   adalsvards   01 Октябрь 2014 - 18:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

XXXVI

"Сен кимсиң? Жо-жооок, мен сени тааныбайм"

Чөйрө тазаламай. Көбүнө эле өтө тааныш жана аябай машакаттуу иш болсо керек. Туруп-туруп эле сени тегеректеген адамдарды сорттоп, иретке келтирип, чирип-ирий баштаганын таштандыга ыргытып, тажатмаларын алысыраак бөлүккө казыктап, ал эми тартынчаак, сени жүрөгүнө жакын туткандар үчүн жол бошотуп бересиң. Сени өзүндөй көргөн адамдарың деле саналуу. Мисалы, жакында эле меникинен бирөө алыска сапар алды. Башында жоктоп жаман болуп жүрдүм. Алым жеткенчелик даттанып турмайым бар эле ага. Адам бар да, бирден жок. Кат-кабар алышып турабыз бүгүн деле дечи, бирок бет маңдай отуруп алып, эмоциялардын учкундары жана толкундары менен алмашып, ууртунан жылмаюу жана көздөрдөн жаш көргөнчөлүк эмес да анын баары...

Башка жакындарым деле бар. Үчөө. Бири балалыктан, экинчиси өспүрүмдүк курактан, үчүнчүсү 25тик жаштан. Ар бири өмүр сапарларымдын сувенирлери сыяктуу. Бир мезгилде кантип тил табышып, сыр бөлүшүп калганымды кайдан билейин, барган сайын алыстап эле баратам, жат эле болуп баратам. Үчөө тең сүйлөшүп алгандай баштарынан өлүмгө тете оор күндөргө туш болду жана жакында эле чакан жакшылыктарын өткөрүштү. Баш тарттым. Эми "сувенирлерим" капа. Ал кайгысына деле ортоктош болгум жок... Мындай темп менен үчөө тең мени таштандыга ыргытып ийбесе эле!

Үңкүрдөй болгон жер төлөдөн чыккысмын. Ичине зындан да куруп алдым. Өзүмдү жазалагым келгенде камай тургандай кылып... Чочулаганым, өмүр бою ушул жер төлөдөн көтөрүлбөй, үйүмдүн жогорку бөлүгүн тургузбай өтүп кетсемчи деген ой.

Жаз менен жай көңүлдүү өттү, анын акысын эмитеден төлөй баштадым. Жер төлөгө кире качканым да ошондон. Бет жок өзү менде?! Жакындарымдын ичинен эң жакыныма, тек бир адамга, кайталангысыма караңгылык тартуу кылдым. Каргай берип, башы кырсыктан чыккыстай болду. Өч алам деп издеп келсе, кара дубаларды окуткан мен экенимди билсе, жер төлөгө бастырып кирер бекен? Ал жерде, тагыраагы зынданда ага тузак даярдап отурганымды туяр бекен? Же менин жер төлөмө жетпей, өз көрүнө көмүлөр бекен? Мовул, күз, артынан келчү кыш, мени биротоло сызга отургузуп кетет окшойт)


Сүрөт





Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   sekelek96   03 Октябрь 2014 - 20:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 484
  • Катталган: 07 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Мар 2018 20:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтуу Ысык-Кол

Mmm de,ar bir sozdu karap otursam kundo koldonchu jopjonokoi ele sozdor .....kyzyk birok bawkacha takyr bawkacha ....uwunu tuwunup atkan ozumo "Bali" dep koidumda)) sizdi realda korup,baarlawkym kelip atat(urmattuu aftor
Суйлосон жакшы соз суйло,болбосо УНЧУКПА!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 07 Сен 2025 13:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: