Аллах кайда?Ааламдардын Роббисине мактоолор болсун,жана Анын Элчиси Мухаммадка анын үй бүлөсүнө,жана Сахабаларына жана алардын жолун ээрчигендерге саламдар жана салаваттар болсун!
БисмиЛлахи рохманир рохим.
Аллах кайда? деп суроого уруксат экендиги жөнүндө,жана ушинтип айтканга болбойт дегендерге жооп.
Кайда деген суроо боюнча,Пайгамбарыбыз салля Аллаху алейхи уа саллямдын сүннөтүнөн далилдер.
Имам Муслим рахматуЛлахи алейхи өзүнүн “Сахих” китебинде Муавия радыяЛллаху анхудан хадис айтат; Муавия радыяЛлаху анху айтты:менин күң кызым бар эле, менин койлорумду Ухуд жана Аль-Джуванийа ,жакта кайтарчу.Бир күнү ал кой кайтарып жүрүп бир дөбөгө чыгып,карышкыр койду көтөрүп кеткенин көрөт.Мен ал окуяга капа болуп,күң кызымды бетине чаап ийдим.Андан кийин ушул кабар менен, Аллахтын элчисине салля Аллаху алейхи уа саллямга келип айтып бердим.Ал салля Аллаху алейхи уа саллям мен кылган ишти күнөөлүү иш деп баалады.Анда мен Ага айттым:кылган ишим үчүн мен күңдүү азаттыка чыгарам деп.Аллахтын элчиси айтты;мага алып кел деп,келгенден кийин Ал салля Аллаху алейхи уа саллям андан сурады, Аллах кайда ? Күң кыз жооп берди асманда деп,Мен киммин? Күң кыз жооп берди Сен Аллахтын элчисисиң деп.Анда Аллахтын элчиси мага айтты ;Азаттыка бошот анткени бул ыймандуу деди “Сахих Муслим” 537.
Бул хадис Аллах кайда? деп суроого уруксат экенинин,жана Асманда деп жооп берүүгө уруксат экенинин,ошондой эле мындай жооп берген адамдын ыйманы бар экендиги,жана Аллахтын сыпаттары жөнүндө бир аз илими бар экендиги жөнүндө түз жана ачык далил.
Алгачкы соолих муундар-Сахабалар,
табииндер,баардыгы бир пикирде Аллах кайда деп суроого уруксат экендигинде.
Алгачкы соолих муундардын,
Аллах кайда?: деп айтканга уруксат экендиги туралу маалымат
Сахаба Ибну Аббас радыяЛлаху анхума (Аллах экөөнөн тең ыразы болсун) айткан; “Аллахтан башка нерселер жөнүндө Ой жүгүрткүлө,
акыйкатта жетинчи кабат асман менен «Курсинин» арасында жети миң нур бар” .кара “Исбат Улув” 34 бет,автору ибну Кудама,”Асмау уа Сифат” 420 бет автору Байхакы.Имам Бухари Ибн Аббас радыяЛлаху анхума айткан сөзун айтат:Аллах Муса алейхис салям менен сүйлөшүп атканда,Асманда добуш болгон,жана Аллах асманда болчу. Кара “Хальк ‘афаль Ибад 53” бет
Имам Абу Ханифа рахматуЛлахи алейхи;Ким айтса:”Мен билбеймин,Роббим кайсыл жакта экендигин,асмандабы же жердеби” деп,ал куфр (капырлык иш) кылды.”Ошондой эле ким айтса;Аллах аршта,бирок мен билбейм арш каякта экенин десе ал дагы куфрлука (капырлыка) түштү”.кара “аль-Фикх аль абсат”46 бет,ушу сыяктуу сөздөрдүү шейх аль-Ислам Ибну Теймия “Маджму аль-Фатавада” 5/48,Ибну аль-Каййим “Иджтима’и Джуйуш Исламия” 139 бет,Захаби “Улув” 101-102 бет,Ибну Кудама “Улув” 116 бет,Ибну Аби аль-Изз бин Абд ас-Салям “Шарх аль Акыда ат-Тахавия” 301 бет.
Бир аял имам Абу Ханифа рахматуЛлахи алейхиге суроо берет;Сен сыйынган «Зат» кайда? Дегенде Абу Ханифа:Акыйкатта Таза жана Бийик Аллах жерде эмес, асманда деди.
Дагы бир адам Абу Ханифадан сурайт:Курандагы аят боюнча, «Ал-кайда болсоңор да силер менен бирге.Аллах силердин жасап жаткан иштериңерди көрүүчү.” 57 Хадид сүрөсү 4 аят”,Абу Ханифа мындай жооп берет; “Сен эгерде бирөөнө кат жазсаң,мен сени мененмин деп,бирок сен анын жанында эмессиң” Аль-Асма уа ас-Сыфат “ 429 бет.
АбдуЛлах ибну Мубарак
Имам Абдуллах ибну Мубарак аль-Маруази рахматуЛлахи алейхи,Хорасан шаарынын факыхы,чоң Алим,Муджахид (Аллахтын жолунда көп аракет кылган),белгилүү Суфьян ас-Саури жана Имам Малик рахматуЛлахи алейхималардын окучусу болгон. Ибну Мубарак хижра боюнча 118 жылы туулган,182 жылы каза болгон.кара”Хулятуль Аулия” 8/162.
Ал айткан; “Биздин Роббибиз жети кабат асмандан жогоруу,арштын үстүндө,өзүнүн макулуктарынан (жаратылган нерселер) бөлүнгөн,жана биз джахмиттердей айтпайбыз” (джахмия-бул Джахм ибну сафван деген кишиден таркаган өтө чоң адашуудагы агым,булар-джахмия,
Аллахтын ысым сыпаттарын жокко чыгарышат,Куранды жаралган дешет Аллахтын сөзү дебей, ж.б адашуулары көп)
Ибну Мубарак рахматуЛлахи алейхинин дагы ушундай айткан сөздөрү бар; “Аллах жети кабаттан жогору,Арштын үстүндө,жана биз джахмиттердей айтпайбыз” кара “Имам Бухари Хальк ‘афаль’Ибад” деген китебинде 25 бет,Имам ад-Дарими “Джахмиттерге” жооп деген китепте 272 бет,Ибну Кудама “Исбат Сыфати Улув”,48,Байхакы “Асмау уа Сыфат” 427 бет.
Сулейман ибн Тархан ат-Тейми абу аль-Му’тамар аль-Басри
Өз убагында Басра шаарынын имамы.Имам Бухаринин устазы,Али ибн Мадини айткан; Сулеймандан 200дөй хадис келет. Шуба рахматуЛлахи алейхи айткан;мен Сулейман ат-Теймидей чынчыл адамды көрө элекмин деп.Ахмад ибну Ханбаль рахматуЛлахи алейхи, Сулейман сикъа(ишеничке татыктуу,хадис илиминин шарты) деген.Сулейман ат-Тейми рахматуЛлахи алейхи 97 жашында,143 хиджра жылында өлгөн.Ал жөнүндө “Сияр А’лям ан-Нубаля” деген kитепте 6/195-202,жана “Джарх уа т’a диль” 4/124 окуса болот. Ат-Тейми айткан; “Эгерде менден сурашса Аллах кайда? Деп,мен жооп берем Аллах асманда деп.Анын Аршы(тактысы) кайда эле,асманды жарата электе? Анда мен айтам; «суунун үстүндө» деп.Эгерде Арш суу жаратыла электе кайда эле десе? Мен билбейм деп жооп берем.” ,бул сөзгө имам Бухари кошумчалап кеткен; Алар –Анын калоосунан (Аллах айткан же жеткиргенден башка) башка эч нерсе билишпейт!
2 Бакара сүрөсү 255 аят.Имам Бухари “Хальк афаль Ибад” 42 бет,Имам аз-Захаби “Улув” 130 бет,Имам Лялякаи “Шарх усул Итикод” 3 том/401
Саид ибну Амир
Басра шаарынын имамы.ибну Аби Шейба ал жөнүндө мындай деген;Саид чынчыл.Яхья ибну Маин айткан:Саид сикъа (ишенүүгө татыктуу).Ал жөнүндө “Джарх уа Тадиль” деген китепте айтылат 4/48-49 бет.Саид ибну Амир айткан: “Джахмиялар сүйлөгөн сөздөрүнөн,
яхуд жана христиандардан да жаман.Анткени яхуд жана христиандар Аллах “Аршта” деп айтышат,джахмиттер болсо Аршта эч нерсе жок дешет” имам Бухари “Халк афаль Ибад” 26 бет,имам Захаби “Улув”,шейх ибну Каййим Джаузия “Иджтимаа Джуюш Исламия” 215 бет.
Али ибну Асим
Имам Ахмад рахматуЛлахи алейхинин шейхи, хиджра жыл эсептөөсүү боюнча 105 жылы туулган.Багдад шаарында жашаган,Мухаддистер (хадис илими боюнча аалымдар) ,ал жөнүндө “Джарх уа Тадиль” деген ибну Хатимдин китебинде 3/198,жана “Тарих Багдад” 11/446-4567
Али ибну Асим айткан:адамдарды кайтаргыла Марисиден жанын анын жан жөөкөрлөрүнөн!
акыйкатта алардын сөздөрү өтө коркунучтуу адашууга алып келет.Мен алардын устазы Джахм ибну Сафван менен сүйлөшкөм,жада калса ал асманда Аллах бар экенин тасдыктабайт.
имам Бухари “Халк афаль Ибад” 28 бет, шейх ибну Каййим Джаузия “Иджтимаа Джуюш Исламия” 217 бет.
Мухаммад ибну Юсуф
Мухаммад ибну Юсуф аль-Фирьяби,
имам Бухаринин устаздарынын бири.Ал айткан;Ким айтса Аллах өзүнүн аршында эмес деп,ал куфр иш кылды (капырлык),ким айтса Аллах,Муса пайгамбар алейхис салям менен сүйлөшкөн эмес деп (ага тынчтык болсун Аллахтан) ,ал куфр иш кылды. имам Бухари “Халк афаль Ибад” 42 бет,
АбдуЛлах ибну Мухаммад аль-Ансари аль-Харави
Шейхуль-Ислам,
Хафиз, «Хара» деген жерде Ахлю-Сунна имамы,Абу Исмаил,481 хиджра жылы каза болгон.Көп илимий китептердин автору: “Маназил Саирин”,”аль-
Фарук”,”Замул Калям” ж.б.Ал жөнүндө “Табакат Ханабиля” 2/247,”Алям”,
Заркали. Аль-Харави ; Джахмиттердин ой пикирлерин алган жана колдогондор жөнүндө,мындай деген; Оо акыл ээлери! Джахмиттер айтышат,Аллах баардык жерде деп.Джахмиттерди ээрчигендер жана алардын ой пикирлерин алгандар айтышат,Аллах кайда? Деп суралбайт,жана анын орду жок деп.Аллахтан кабарларды жеткирип турган Пайгамбарыбыз Мухаммад солля Аллаху алейхи уа саллям,Муавия ибну Хакам радыяЛлаху анхунун күң кызына кайрылып,Аллах кайда деп сурады эле го!? “Заммуль Калям” 135 бет
Имам Захаби
Имам Хафиз Шамсуддин Мухаммад ибну Усман Захаби аш-Шафии,атактуу Мухаддис,тарыхчы,
жана Алымдардын өмүр баянын жазган, көптөгөн китептердин автору.748 хиджра жылы каза болгон.Ал Күң кыз жөнүндө хадисти айткандан кийин,мындай деди: Аллах кайда? деп суроо менен суралгандарды биз көргөнбүз,алардын табияты алардан оозуп айтат; “Аллах асманда деп.” Бул хадистен биз эки нерсе билебиз.
1) Шариатта уруксат экендигине Аллах кайда деп суроо бергенге.
2) Суралып аткан адамдын жообу “Асманда”
Кимде ким ушул эки нерсеге каршы болсо жана ,кабыл кылбаса,ал Аллахтын Элчиси Мухаммад солля Аллаху алейхи уа саллямга каршы чыгып атат.”Улув” 28 бет.
Абу Хасан аль-Ашари
Абу Хасан аль-Ашари ,Ашария акыйда мазхабынын (акыйда-ишенич,
мазхаб –жол) негиздөөчүсү.
Өмүрүнүн аягында алгачкы соолих муундардын акыйдасына кайткан.Ал өзүнүн “Ибана” атту китебинин « Арштын үстүнө көтөрүлүү» деген баабында (главасында) төмөнкү далилдерди алып келет;Уламалардан келет,Бир жолу бир адам Пайгамбарыбызга солля Аллаху алейхи уа саллямга күн кызы менен келип айтат;Оо Аллахтын элчиси Мен бул күңдү,өзүмдүн күнөө ишим үчүн азаттыка чыгарайын деп атам,ушундай кылсам болобу? Дегенде,Пайгамбарыбыз сурады; “Аллах кайда? Деп,Күң жооп берди асманда деп,Аллахтын элчиси сурады Мен киммин? Деп,күң жооп берди,Сен Аллахтын элчисисин деп.Андан кийин пайгамбарыбыз айтты;бошот аны,ал ыймандуу” деди. “Ибана” 103 бет.
АбдуЛлах ибну Куляб
АбдулЛах ибну Куляб аль-Каттан,Мутакаллимдердин имамы,240 жылы чамасында,өлгөн.
Ал айткан; Аллахтын Элчиси,жаратылгандардын арасынан тандалган,эң жакшы Аллахтын кулу,Аллах жөнүндө эң жакшы илими бар. «Аллах кайда» деп сураганга уруксат берип атат,жана «Аллах асманда»,деген жоопту туура деп атат. Джахмиттер болсо,»Кайда?
» деп суроо бергенге болбойт дешет.(Эми биз кимдин сөзүн угалы? Аллахтын Элчиси,Мухаммад солля Аллаху алейхининби?
Же Джахм ибну Сафвандын сөзүнбү? Албетте Пайгамбарыбыздын сөзүн алабыз). Кара Шейх ибну Теймия” Тааруд акыль маа накыль” 6/193 бет.
Корутунду
Жогоруда айтылган сөздөрдөн,жыйынтык чыгарсак; «Аллах кайда?» Деген суроого асманда деп жооп берүү,алгачкы соолих мууундардын мазхабы экенине күбө болдук
Сөзүбүздүн аягында,Аллах Тааляга мактоолор болсун!
«Кашаада алынган сөз редактордун сөзү»
Аллаh кайда? Илим cоз менен амалдан мурун
#2 25 November 2011 - 06:30
Аллах кайда деген суроого күң кыз ошол кездеги түшүнүк менен "Асманда"
деп эң туура жооп берген.
Асманда дегенде салыштырмалуу айтылат. Башкача айтканда, жердин астында эмес деген мааниде.
Болбосо асманда дегенде кандайдыр бир чекти, мекенди, мейкиндикти билдирип айтса, каапырдык болот.
Анткени Алла Таала турак-жайдан аруу, алыс Зат.
Аллах кайда деген суроого Аллах бардык жакта деп жооп берүү туурараак болот, анткени анын болушу эч бир мейкиндикке сыйбайт, анткени ал Чексиз Зат.
Сөзүмдү бир тамсил менен аяктагым келет:
Бала балык апасынан сурайт:
- Апа, суу жөнүндө көп угам, суу кайда?
Анда эне балык минтип жооп берет:
- Балам, сен мага суудан башка нерсени айт, мен да сага сууну көрсөтөйүн.
Тактап айтканда, суу балык дүйнөсүндө бардык жакта бар.
Тамсилде ката болбосун, Аллах дагы бардык жакта.
Илгери, бир шейх шакирттерин сынамакка минтип айтат:
- Колуңарга бирден тоок алгыла дагы, Аллах көрбөй турган бир жакка барып союп келгиле.
Баары бир жакка барып союп келишет, бир гана шакирти тоогун сойбой келет.
Себебин сураганда, минтип жооп берет:
- Алла көрбөй турган бир да жерди тапкан жокмун.

#3 25 November 2011 - 14:57
Аллах ким ал жонундо ойлонсо ошонун жанында . Аллах менин журогумдо.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#4 27 November 2011 - 01:11

А'узубиллях, Куран Сунна жана имамдардын созун тамсил менен четке кагайын дегенин туура эмеско.Балким Аллах баардык жерде болсо анда чочкодо,мусурларда, туалеттин ичинде жана башка ыплас жерлерде да бар экенда а?Аллах Куранда айтты:"Он сотворил небеса и землю и то,что между мини, за шесть дней,а потом вознесся на Трон (или утвердился на Троне).Он- Милостивый. Спрашивай об этом Ведающего.(аль- Фуркан аят 59). Баардык жерде деп айткан адам озу куфр болот,мындай ишениминди журоктон чеч.Мындай ишеним эн биринчи Джахм ибн Софван деген кишиден тараган.Ошондуктан бул ишенимдеги адамдар Джахмиттер, Джахмиттер жонундо Имам ибн аль-Мубарак мындай дейт:"Ар бир эл билет,эмнеге сыйынып жатканын,джахмиттерден башкасы" аль-Бухари "Хальку аф'аиль-' Ибад 72.Аллах Корком ысым сыфаатарга ээ,жана Аллахтын бир ысымы "Угуучу" ,балким адамдар жана башка жаныбарлар деле угат,бирок алардыкы ченемдуу.А Аллахтыкы чексиз,баардык жерде угат.Жана Аллахтын дагы бир ысымы "Коруучу" бул сыфааты да Аллахтын улуктугуна жарашкан баардык жерде корот.Аллах баардык жерде Озунун Угуусу менен Коруусу менен.А Аллах Озу тободогу аяатта айткандай "....Аршка(Тронго) которулгон".
#5 05 December 2011 - 04:00
А'узубиллях,
Куран Сунна жана имамдардын созун тамсил менен четке кагайын дегенин туура эмеско.Балким Аллах баардык жерде болсо анда чочкодо,мусурларда,
туалеттин ичинде жана башка ыплас жерлерде да бар экенда а?Аллах Куранда айтты:"Он сотворил небеса и землю и то,что между мини, за шесть дней,а потом вознесся на Трон (или утвердился на Троне).Он- Милостивый.
Спрашивай об этом Ведающего.(аль-
Фуркан аят 59). Баардык жерде деп айткан адам озу куфр болот,мындай ишениминди журоктон чеч.Мындай ишеним эн биринчи Джахм ибн Софван деген кишиден тараган.Ошондуктан бул ишенимдеги адамдар Джахмиттер,
Джахмиттер жонундо Имам ибн аль-Мубарак мындай дейт:"Ар бир эл билет,эмнеге сыйынып жатканын,джахмиттерден башкасы" аль-Бухари "Хальку аф'аиль-'
Ибад 72.Аллах Корком ысым сыфаатарга ээ,жана Аллахтын бир ысымы "Угуучу"
,балким адамдар жана башка жаныбарлар деле угат,бирок алардыкы ченемдуу.А Аллахтыкы чексиз,баардык жерде угат.Жана Аллахтын дагы бир ысымы "Коруучу"
бул сыфааты да Аллахтын улуктугуна жарашкан баардык жерде корот.Аллах баардык жерде Озунун Угуусу менен Коруусу менен.А Аллах Озу тободогу аяатта айткандай "....Аршка(Тронго) которулгон"
.
Аллах бардык жерде дегенде сен айткандай ыпылас жерлерде дагы бар деп ойлоо, келесоолук. Менин айткандарыман ошондой маани чыгарсаң, анда сенин түшүнүгүң ошондой, бул менин күнөөм эмес. Аллах бардык жерде дегенде Аллахтын Самиъ (бардык нерсени угуучу), Басиир (бардык нерсени көрүүчү) деген эки субутий сыпатын түшүнүү керек. Анан дагы, сенден сураныч, Курандын аяттарынан мисал келтирсең, кыргызча жазып жүрчү, бул жер кыргызча форум. Сен айткан аршка көтөрүлгөн дегенди материалдык бир нерсе деп ойлосоң, каапырдык кылган болосуң, абайла. Анын чечмелениши башкача. Убагы келгенде чечмелегенге аракеттенем. Аллах мекенден, турак-жайдан аруу Зат.
#6 05 December 2011 - 21:53
Куран аяаттарын сен мисал деп кабыл алуун туура эмес,Куран аяаттары Аллахтын создору ал мисал эмес ал далил сага.Аллах Озу жонундо Озу жакшы билеби же сен жакшы билесинби?Аллах жонундо Анын Элчиси жакшы билеби же сен жакшы билесинби?Жазсан далили менен жаз.Мен сенин оюунду же акылындан чыккан нерсени же тамсилдеринди далил деп эсептебейм,
Мага далил Куран жана Суннот жана Куран Суннотту Сахабалардын тушунугу.Кун кыздын Аллах асманда деген созу туптуз маанини бербесе Пайгамбар тушундуруп берет эле го,Пайгамбар туптуз маанисин туура деп жатпайбы эч кандай озгоруусу жок эле.Же Пайгамбар калп нерсени туура деп койгонбу?Уаль 'иазу биллах!Эгер Аллах асманда деген адам кяфир болсо анда Пайгамбар дагы кяфир экенда а?-себеп дегенда ал "Аллах асманда" деген созду эч кандай озгоруусу жок эле туура деп:"Коё бер чындыгында бул ыймандуу экен" деп жооп бердиго?Эгер бул "Аллах асманда" деген созду Пайгамбар (солля Аллоху алейхи уассаллам) башкача тушундургон болсо далил бер жон эле герсе бербей?
#7 05 December 2011 - 22:13
Чындык бироо эле!Же Куран Суннот-Аллахтын асманда экенин далилдеген же кимде мындан башка чындык болсо далил алып келсин?Аллах Куранда айтты:"Далил алып келгиле,эгер силер чындыкты айтып жаткан болсонор"
#8 17 December 2011 - 13:22
Кун кыздын Аллах асманда деген созу туптуз маанини бербесе Пайгамбар тушундуруп берет эле го,Пайгамбар туптуз маанисин туура деп жатпайбы эч кандай озгоруусу жок эле.Же Пайгамбар калп нерсени туура деп койгонбу? себеп дегенда ал "Аллах асманда" деген созду эч кандай озгоруусу жок эле туура деп:"Коё бер чындыгында бул ыймандуу экен" деп жооп бердиго?Эгер бул "Аллах асманда" деген созду Пайгамбар (солля Аллоху алейхи уассаллам) башкача тушундургон болсо далил бер жон эле герсе бербей?
Туугандар ызы-чуу салып урушуп, бири-бирибизди каапырдыкта айыптабай маданиятуу турдө талкууласак.
Сиздин жогорку сөзунузгө мен толугу менен кошула албаймын. Себеби Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) башка бир хадисинде намазда турган убагыңарда алды жагынарга тукүрбөгулө. Себеби Аллах пенде менен анын кыбыласынын арасында деп айткан (Сахих Бухарий).
Ал эми башка бир хадисте сахабалардын Аллахка катуу үн менен жалбарып жатышканын көрүп өзүнөргө ырайым кылгыла себеби силер дүлөй жана силерден алыс болгон Затка кайрылып жатканыңар жок. Чындыгында Ал Угуучу жана силерге силердин күрөө тамырыңардан да жакыныраак деп айткан (Сахих Бухарий).
Эгер булар түптүз маанини бербесе Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) аны түшүндүрүп берет эле го деген сөзүнүз анча деле туура болбой калды го деп ойлоймун. Себеби Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бул хадистерди да тушундүруп берген эмес.
Сиз бул хадистерге тушүндурмө берип өтсөңуз, андан кийин талкууну улантсак.
#9 17 December 2011 - 14:46
Хадистер Бухариде канчанчы номерде келген?Хадистерге номер койо кетсениз,мен хадисти окуп коройун.
#10 18 December 2011 - 02:48
Куран аяаттарын сен мисал деп кабыл алуун туура эмес,Куран аяаттары Аллахтын создору ал мисал эмес ал далил сага.Аллах Озу жонундо Озу жакшы билеби же сен жакшы билесинби?Аллах жонундо Анын Элчиси жакшы билеби же сен жакшы билесинби?Жазсан далили менен жаз.Мен сенин оюунду же акылындан чыккан нерсени же тамсилдеринди далил деп эсептебейм,
Мага далил Куран жана Суннот жана Куран Суннотту Сахабалардын тушунугу.Кун кыздын Аллах асманда деген созу туптуз маанини бербесе Пайгамбар тушундуруп берет эле го,Пайгамбар туптуз маанисин туура деп жатпайбы эч кандай озгоруусу жок эле.Же Пайгамбар калп нерсени туура деп койгонбу?Уаль 'иазу биллах!Эгер Аллах асманда деген адам кяфир болсо анда Пайгамбар дагы кяфир экенда а?-себеп дегенда ал "Аллах асманда" деген созду эч кандай озгоруусу жок эле туура деп:"Коё бер чындыгында бул ыймандуу экен" деп жооп бердиго?Эгер бул "Аллах асманда" деген созду Пайгамбар (солля Аллоху алейхи уассаллам) башкача тушундургон болсо далил бер жон эле герсе бербей?
Сен урушуу үчүн жазган окшойсуң бул теманы.
Оболу маданияттуу жазганды үйрөн.
Урушуп-талашуу менен эч нерсе чечилбейт.
Пайгамбар Аллах асманда дегенде ошол кездеги адамзаттын түшүнүгү менен айткан.
Бирок мааниси асмандын бир жеринде эмес.
Аллах асманда дегенде асмандын тигил же бул жеринде деген маанини берген болсоң, Аллахты материалдык бир алкакка сыйдырган болосуң. Бул болсо каапырдык.
Сен асман дегенди кандай түшүнөсүң?
Пайгамбарыбыз (алейхиссалату вассалам) "самаа" деген сөздү колдонгон.
Араб тилинде "самаа" сөзү "бир нерсенин үстү жагы" дегенди туюндурат.
Башкача айтканда, Пайгамбарыбыз "Аллах самаада" дегенде Жер Шарынын үстү жагында деген, бирок белгилүү бир чекти чектеген эмес.
Эгерде Аллах материалдык асманда дей турган болсок, чексиз Аллах Тааланы чектүү асманга сыйдырган болобуз. Бул болсо, ыйманга карама-каршы келет.
Менин айтайын дегеним ушу, Аллах Тааланы материалдык асманда деп түшүнбөө керек.
Куранда Аллах Таала айтат: "Инсанды Биз жараттык, ага күрөө тамырынан дагы жакын болгонубуз үчүн эмне деп шыбыраганын билебиз." Каф/16
Анан дагы Пайгамбарыбыз ар дайым тамсилдүү түрдө айткан. Мисалы мындай деген: "Мергенчинин, жүкчүнүн жана уурунун намазы кабыл болбойт." деген.
Сенин логикаң боюнча ойлоно турган болсок, башкача айтканда, Пайгамбарыбыз кандай айтса, ошондой кабыл алсак, анда бул үч кишинин экөөсүн каякка алпарабыз. Ууру го, макул, бирөөнүн малын уурдаган киши, арам нерсе кылгандын намазы кабыл болбойт. Ал эми жүкчү менен мергенчи адал иш кылып жатат ко? Сенин логикаң боюнча, бардык мергенчилер менен жүкчүлөрдүн (грузчиктердин) намазы кабыл болбойбу?
Сен оболу ушул суроого жооп берчи.
Мергенчинин, жүкчүнүн жана уурунун окуган намазы эмне үчүн кабыл болбойт?
#11 18 December 2011 - 02:53
Туугандар ызы-чуу салып урушуп, бири-бирибизди каапырдыкта айыптабай маданиятуу турдө талкууласак.
Сиздин жогорку сөзунузгө мен толугу менен кошула албаймын. Себеби Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) башка бир хадисинде намазда турган убагыңарда алды жагынарга тукүрбөгулө. Себеби Аллах пенде менен анын кыбыласынын арасында деп айткан (Сахих Бухарий).
Ал эми башка бир хадисте сахабалардын Аллахка катуу үн менен жалбарып жатышканын көрүп өзүнөргө ырайым кылгыла себеби силер дүлөй жана силерден алыс болгон Затка кайрылып жатканыңар жок. Чындыгында Ал Угуучу жана силерге силердин күрөө тамырыңардан да жакыныраак деп айткан (Сахих Бухарий).
Эгер булар түптүз маанини бербесе Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) аны түшүндүрүп берет эле го деген сөзүнүз анча деле туура болбой калды го деп ойлоймун. Себеби Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бул хадистерди да тушундүруп берген эмес.
Сиз бул хадистерге тушүндурмө берип өтсөңуз, андан кийин талкууну улантсак.
Сиздин жогорку сөзунузгө мен толугу менен кошула албаймын. Себеби Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) башка бир хадисинде намазда турган убагыңарда алды жагынарга тукүрбөгулө. Себеби Аллах пенде менен анын кыбыласынын арасында деп айткан (Сахих Бухарий).
Ал эми башка бир хадисте сахабалардын Аллахка катуу үн менен жалбарып жатышканын көрүп өзүнөргө ырайым кылгыла себеби силер дүлөй жана силерден алыс болгон Затка кайрылып жатканыңар жок. Чындыгында Ал Угуучу жана силерге силердин күрөө тамырыңардан да жакыныраак деп айткан (Сахих Бухарий).
Эгер булар түптүз маанини бербесе Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) аны түшүндүрүп берет эле го деген сөзүнүз анча деле туура болбой калды го деп ойлоймун. Себеби Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бул хадистерди да тушундүруп берген эмес.
Сиз бул хадистерге тушүндурмө берип өтсөңуз, андан кийин талкууну улантсак.
Дауд, сенин айтканыңа толук кошулам.
Оболу хадисти кандай түшүнүшүбүз керек, ошону тактап алышыбыз керек, туурабы?
Пайгамбарыбыз кандай айтса, дал ошондой кабыл ала берсек, логиканы каякка катабыз?
Антсек, диндин ашмалтайы чыгып калат да.
Деги эле талашып-тартышуу жакшылыкка алпкелбейт.
Жөн гана пикир билдирип коюу керек, кааласа кошулсун, каалабаса, кошулбасын, ар кимдин өз эрки.
#12 18 December 2011 - 03:04
Куран аяаттарын сен мисал деп кабыл алуун туура эмес,Куран аяаттары Аллахтын создору ал мисал эмес ал далил сага.Аллах Озу жонундо Озу жакшы билеби же сен жакшы билесинби?Аллах жонундо Анын Элчиси жакшы билеби же сен жакшы билесинби?Жазсан далили менен жаз.Мен сенин оюунду же акылындан чыккан нерсени же тамсилдеринди далил деп эсептебейм,
Мага далил Куран жана Суннот жана Куран Суннотту Сахабалардын тушунугу.Кун кыздын Аллах асманда деген созу туптуз маанини бербесе Пайгамбар тушундуруп берет эле го,Пайгамбар туптуз маанисин туура деп жатпайбы эч кандай озгоруусу жок эле.Же Пайгамбар калп нерсени туура деп койгонбу?Уаль 'иазу биллах!Эгер Аллах асманда деген адам кяфир болсо анда Пайгамбар дагы кяфир экенда а?-себеп дегенда ал "Аллах асманда" деген созду эч кандай озгоруусу жок эле туура деп:"Коё бер чындыгында бул ыймандуу экен" деп жооп бердиго?Эгер бул "Аллах асманда" деген созду Пайгамбар (солля Аллоху алейхи уассаллам) башкача тушундургон болсо далил бер жон эле герсе бербей?
Оо, кокуй, сен али кыргыз тилин толук билбейт турбайсыңбы. ..
Мен Курандын аяттарын мисал деп кай жерде жазыптырмын?
Курандын аяттарынан мисал келтирүү дегенди эмнеге башкача түшүнөсүң, түшүнбөйм.
Мисалы, Бакара сүрөсүнүн 2-аяты деп мисал келтир, же башкача айтканда цитата келтир.
Мунун эмнеси жаман?
Бөйрөктөн шыйрак чыгара бергениң кызык экен.
#13 18 December 2011 - 03:36
Негизи, "Аллах кайда?" деген суроо - туура эмес берилген суроо.
Анткени "Кайда?" деген суроо материалдык нерселер үчүн берилет.
Мисалы, адам баласынын жүрөгү кайда дегенде, көкүрөгүнүн сол жагында деп жооп берилет.
Ал эми руху кайда дегенде, ошол денесинин тигил, же бул жагында деп айтылбайт.
Анткени рух материалдык эмес.
Адамдын мээси кайда дегенде, башында деп жооп берилет.
Ал эми акылы кайда, дегенде мээсинин ичинде, же денесинин тигил, же бул жагында деп айтуу туура эмес болуп калат.
Аллах материалдык эмес Зат болгондуктан, аны Ал жараткан материалдык асманда деп айтуу, логикага жатпайт.
Материалдык эмес Аллах кантип материалдык асманда болмок эле?
Бир аз акыл жүгүртүп, ойлонуу керек, менимче.

#14 18 December 2011 - 13:56
Аллах айткан адамдын оозунда , ишенген адамдын журогундо .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#15 18 December 2011 - 14:14
Аллах ар бир адамдын журогундо...
акылында ...оюнда
Только злые люди, зла боятся!
#16 18 December 2011 - 17:54
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#17 19 December 2011 - 16:50
Хадистер Бухариде канчанчы номерде келген?Хадистерге номер койо кетсениз,мен хадисти окуп коройун.
Биринчи хадис Намаз китебинин Мечитте түкүруктү кол менен суртүү бөлумүндө келет. 379-хадис. Бирок Сахих Бухарийдин басмалары бири-биринен айырма болуп номерлери туура келбей калуусу мүмкүн. Ошондуктан жогоруда көрсөтулгөн баптан тапсаныз болот.
Ал эми экинчи хадис :Жихад китебинин Такбирде ундү жогору көтөрүүнүн жаман көрүлгөндүгү тууралуу бапта айтылган. 2830-хадис.
#18 20 December 2011 - 01:06
Maga birin4i hadistin Buharidegi original nomerin berseniz? Bilseniz kerek kiskartilgan versiyalarinda eki nomer bolot,kawanin i4indegisi original,owonu berseniz?A ekin4i hadisti bilem,daje anday ayat bar,InwaALLAH anin tuwundurmosun berem.Men dindi orus4a uyronom,bul jakka orus4a jazsam kee birleri karwi bolup jatiwat,eger makul bolsonuz Daud sizge li4no jonotoyun eger uruksat bersenizder bul jakka ele salayin?
#19 20 December 2011 - 11:59

405-номерди карап көрүңүз. Стирание слюны со (стены) мечети деген бөлүмдө. Макул жөнөтүңүз. Бирок мен орусча жакшы сүйлөй албаймын. Эгер тушүнбөгөн суроо же айта турган башка сөздөр болуп калса кыргызча жазуума туура келет.

Супер-Инфо
super.kg
видео