“Кыргыз кыздардан “Оруска тиесиңби?” десең, “Тийбе-ейм! ” деп так секирет. Орус мени алабы деп ойлобойт”.
Кыздар учун "Оруссиянын" эшигин кантип жапсак болот?
#141 01 July 2015 - 21:57
Салижан Жигитовдун цитатасы эске түштү, кызыктуу да.
“Кыргыз кыздардан “Оруска тиесиңби?” десең, “Тийбе-ейм! ” деп так секирет. Орус мени алабы деп ойлобойт”.
“Кыргыз кыздардан “Оруска тиесиңби?” десең, “Тийбе-ейм! ” деп так секирет. Орус мени алабы деп ойлобойт”.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
#142 01 July 2015 - 23:39
Эмне үчүн Орусияда жүргөн кыздардын жүрүм туруму айтылып, Кыргыз жеринде жүргөндөрдүкү көмүскөдө калып жатат? Себеби, Орусия атаңардын төрү эмес! Кой жайып ышкырып жүргөн жайлооңор эмес! Ал жакта ар кошкон эл жашайт, алардын баары кыргыздарды силер аркылуу таанып жатат(өзүн жаман алып жүргөндөргө кайрылып атам), менден сурайт бир башка улуттун жигити, силердин кыздардын баары эле ошондойбу деп, жаным чыккандан жаактан ары тартып жибере жаздаганда,
кыргыздын кымча бел кыздары кыйкырып айкырып мас болуп сөгүнүп жүргөн видеону көзүмө сайды. Арга жок жыгылдым. Ар нерсени бир айтып сөздүн нугун ала качтым. Айтасыңар өзүбүздүн ишибиз деп, албетте иш силердики, бирок тепселенген намыс баардык кыргыз элиники, биздин улттуку! Ата бабаларыбыз 21кылымда кыргыз намысын душман эмес, өз кыздарыбыз тепсейт десе ишенмек эмес болушу керек деп ойлойм. Айта кетиш керек араңарда жакшылары да толтура, бирок, бир кумалак бир карын майды чиритет дешет, анын сыңарындай араңардан чыккан бир жаман, баардыгын жаман көрсөтүп жатканы нагыз сөз. Ал эми, Кыргыз жеринде жаман жүргөн кызжар менен чет элдиктердин иши деле жок, алар ошол Орусияда жаман жүргөндөрдү гана көрүп жатышат...
Судьба не приговор, судьба творение...
#143 02 July 2015 - 00:18
Күлүчтөп, сываркалап жапкыла.)
Таможня турган фурашка, пагончон братандар эле өткөрбөй койсо болду да анын эмне кыйын жери бар экен.

#144 02 July 2015 - 00:39
Жаба албайбыз,бирок басаңдата алабыз! Ал үчүн ар бир эркек келечектеги жашоосу жакшы болушу үчүн баш көтөрбөй иштеп,анан ошо өзүнүн кыздары,балдары Россияга келбей тургандай шарт түзүү керек.Баары жетишип турса эч ким чет өлкөлөп темселеп жүрбөйт.Ар бир мигрантта "буюрса менин балдарым мага окшоп талаалабайт"
деген максат болсо бул көрүнүш басаңдай баштат деп ойлойм.
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#145 02 July 2015 - 01:02
Салижан Жигитовдун цитатасы эске түштү, кызыктуу да.
“Кыргыз кыздардан “Оруска тиесиңби?” десең, “Тийбе-ейм! ” деп так секирет. Орус мени алабы деп ойлобойт”.
“Кыргыз кыздардан “Оруска тиесиңби?” десең, “Тийбе-ейм! ” деп так секирет. Орус мени алабы деп ойлобойт”.
Кыйрап калдым го!
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#146 02 July 2015 - 01:04
Жаба албайбыз,бирок басаңдата алабыз! Ал үчүн ар бир эркек келечектеги жашоосу жакшы болушу үчүн баш көтөрбөй иштеп,анан ошо өзүнүн кыздары,балдары Россияга келбей тургандай шарт түзүү керек.Баары жетишип турса эч ким чет өлкөлөп темселеп жүрбөйт.Ар бир мигрантта "буюрса менин балдарым мага окшоп талаалабайт"
деген максат болсо бул көрүнүш басаңдай баштат деп ойлойм.
Эхх, кана эми ушундай болсо...
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#147 02 July 2015 - 08:04
Эмне үчүн Орусияда жүргөн кыздардын жүрүм туруму айтылып, Кыргыз жеринде жүргөндөрдүкү көмүскөдө калып жатат? Себеби, Орусия атаңардын төрү эмес! Кой жайып ышкырып жүргөн жайлооңор эмес! Ал жакта ар кошкон эл жашайт, алардын баары кыргыздарды силер аркылуу таанып жатат(өзүн жаман алып жүргөндөргө кайрылып атам), менден сурайт бир башка улуттун жигити, силердин кыздардын баары эле ошондойбу деп, жаным чыккандан жаактан ары тартып жибере жаздаганда,
кыргыздын кымча бел кыздары кыйкырып айкырып мас болуп сөгүнүп жүргөн видеону көзүмө сайды. Арга жок жыгылдым. Ар нерсени бир айтып сөздүн нугун ала качтым. Айтасыңар өзүбүздүн ишибиз деп, албетте иш силердики, бирок тепселенген намыс баардык кыргыз элиники, биздин улттуку! Ата бабаларыбыз 21кылымда кыргыз намысын душман эмес, өз кыздарыбыз тепсейт десе ишенмек эмес болушу керек деп ойлойм. Айта кетиш керек араңарда жакшылары да толтура, бирок, бир кумалак бир карын майды чиритет дешет, анын сыңарындай араңардан чыккан бир жаман, баардыгын жаман көрсөтүп жатканы нагыз сөз. Ал эми, Кыргыз жеринде жаман жүргөн кызжар менен чет элдиктердин иши деле жок, алар ошол Орусияда жаман жүргөндөрдү гана көрүп жатышат...
"Коенду камыш,эрди намыс олтурот"! Силердей патриот жигиттерди акылсыз кыздар"созго сомтук,кепке кемтик"кылып жатышпайбы! !!Андай женил ойлуу кыздарды укканда,мен деле уятыман кирээрге тешик таппай калдым,уялбагандардан озум уялып...
#149 02 September 2016 - 16:16
Эмне үчүн Орусияда жүргөн кыздардын жүрүм туруму айтылып, Кыргыз жеринде жүргөндөрдүкү көмүскөдө калып жатат? Себеби, Орусия атаңардын төрү эмес! Кой жайып ышкырып жүргөн жайлооңор эмес! Ал жакта ар кошкон эл жашайт, алардын баары кыргыздарды силер аркылуу таанып жатат(өзүн жаман алып жүргөндөргө кайрылып атам), менден сурайт бир башка улуттун жигити, силердин кыздардын баары эле ошондойбу деп, жаным чыккандан жаактан ары тартып жибере жаздаганда,
кыргыздын кымча бел кыздары кыйкырып айкырып мас болуп сөгүнүп жүргөн видеону көзүмө сайды. Арга жок жыгылдым. Ар нерсени бир айтып сөздүн нугун ала качтым. Айтасыңар өзүбүздүн ишибиз деп, албетте иш силердики, бирок тепселенген намыс баардык кыргыз элиники, биздин улттуку! Ата бабаларыбыз 21кылымда кыргыз намысын душман эмес, өз кыздарыбыз тепсейт десе ишенмек эмес болушу керек деп ойлойм. Айта кетиш керек араңарда жакшылары да толтура, бирок, бир кумалак бир карын майды чиритет дешет, анын сыңарындай араңардан чыккан бир жаман, баардыгын жаман көрсөтүп жатканы нагыз сөз. Ал эми, Кыргыз жеринде жаман жүргөн кызжар менен чет элдиктердин иши деле жок, алар ошол Орусияда жаман жүргөндөрдү гана көрүп жатышат...
Туура.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#150 02 September 2016 - 19:00
#151 02 September 2016 - 21:45
Ар бир эркек үй-бүлөнөрдү эч нерседен кемитпей баксанар эле эч бир кыз чет жерге тентип кетпейт. Себебин билип туруп кайра калп эле күйгөн адам боло бербегилечи.
Кайсы кыз орустун жерине жыргап, атасынын акчасын короткону келсин?! Көр тириликтин айынан аргасыз келип жатат да. Келгениме эки жыл болду-бир да ушул жерде жүргөнүнө өзүн бакиылуу сезип, жыргаганымдан жүрөм деген аял затын жолуктура элекмин. Бири күйөөсү ичкич, балдарын багышы керек, биринин атасы таштап кеткен апасына жардам бериши керек, биринин ага-инилери аялынын артынан кеткен карыган ата-энесине жардам бериши керек, биринин турмуш шарты оор, үй бүлөдө улуу кызы болгон үчүн өзүнүн келечегин жоготсо да бир туугандарын багышы керек, ата-энесине жардам бергенге милдеттүү ж.н.б толтура себептер. Анан теманын автору айткандай бир эле көчөгө чыгып кеткен деле кыздарды жолуктура элекмин. Силер эле кайдан көрө бересинер билбейм. Ушунлай жардам бергинер келип жатса оозунар менен орок оро бербей "ДВИЖЕНИЕ КЫЛГЫЛА!"
.
#152 02 September 2016 - 22:13
Буга биз эркектер куноолубуз.
Силерди ачка коюп жыртык кийим кийгизип, особнякта жашатпай тузуктоп бага албаган. Бизди кечиргиле!
(дагы не дейин анан?)
#153 02 September 2016 - 22:23
Менин ата энемда канча жылдар Россияда иштеген. Ошол учунбу бирибиздида ал жакка жибербей койду. Акемдида менида синдимдида окуту биздей кыйналбагыла деп. Апам байкуш кыйналсада окуугула дейт эле. Менда канча кызыктым ал жакта жыргал жашоо бардай. Атам апам такыр жонотподу . Биздин уйдода кыйынчылык болду кеде нанга акча жок малдар ошондода атам кыз балага Россия болбойт дейт эле жалгыз.
#154 02 September 2016 - 22:26
Эч бир адам жыргаганынан барбайтда. Мен россияны корбодум кыздардыда,
балдардыда эч нерсе дей албайм.
#158 23 September 2016 - 12:45
Бузулам деген кыздар Кыргызстанда деле бузулушат да.Айлык аз болсо Кыргызстанда эмнеге Россияга эшикти жаап салыш керек кызыксыз го?((Айлык 5-8мин сом менен жашап кор Кыргызстанда,
же квартирана же кийимине же тамагына жетпейт..
#159 23 September 2016 - 13:22
Бузулам деген кыздар Кыргызстанда деле бузулушат да.Айлык аз болсо Кыргызстанда эмнеге Россияга эшикти жаап салыш керек кызыксыз го?((Айлык 5-8мин сом менен жашап кор Кыргызстанда,
же квартирана же кийимине же тамагына жетпейт..
Туура, ар кимдин дээринен да.
Мен ата энемден алыста эле журом жапжакшынакай эле. Эч ким тааныбайт шаарда деп кутуруп кеткен жокмун ушунча жылдан бери. Россия жонундо айта турган болсом, такыр барып коргон эмесмин, эч нерсе деп айта албайм. КРнын чек арасынан чыкпай эле 6 мин сом айлык менен ушуга да шугур деп коюп, карыздан карызга чоюп жашап журом(((
Мен деле "элдин кыздарындай" болуп коп акча таап, сыртка чыксам дейм. Бирок духум жетпейт, ата энем да жибербейт, бир да таанышым жок чет жерде...
"Акчанызды эмнеге коротосун?" темасында копчулук мигранттар картама салам, чогултам, уй, машина алганга деп жазышыптыр. Алардын жазгандарын окуп биякта менин кызыгуум артып жаткан учур...
#160 23 September 2016 - 14:19
Жазышка бир аз туура эмес болсо да жазгым келип кетти)))))
Туугандардын кыздары такыр барбайт десем болбой калатго, бар эми аз анда санда тууган уругу менен жөнөтүшөт. Буларда көбүнчө мектепти 9-класска чейин окутушат да (тамга таанып алгыча), андан кийин швея, мед сестра, кулинария ушуга окшогон кыздарга керектүү курстарга берип, үйрөнгөндөн кийин сразу күйөөгө беришет. Бизчилеп өзү иштеп үй алып, машина минип жүргөндөрүн дээрлик көрбөйсүң.
Эрте эле турмушка берип койгондорунун пайдасы чоң экен деп койдум, анткени улуттун саны өсүп жатат.Экинчиден күйөөлөрүн карасаң бир да тынып жүргөнүн көрбөйсүң, навайчы,ашпозчулуктан баштап бардык ишти иштеп үй бүлөсүн багышат.А аялдары бала төрөп, багып үйдө олтурат. Россияга да өздөрү (күйөөлөрү) кетет, аялдары калат .......
А бизчи бойго жеткен кызды жөнөтөбүз, турмуштун түйшугу менен жүрүп, убактысы кетет, баарынан кечиге баштайт.
А турмушка чыккандар болсо акча табышым керек, балдарды ким багат, буну төрөсөм акча табалбай калам деп гинекологиянын алдына кезекке турушат.Канча балаң бар десе ар зорго 2 болот.Ушинтип олтурсак улут каякта өсмөк, а ал жактан акча деп жүрүп ден соолукту түгөтүп келсек.)))))

Супер-Инфо
super.kg
видео