Салам форумчулар.
Аял затында а й сайын кайталануучу айыз (месячный) келет эмеспи,бирок айыз келген кундору оору м.н коштолуп кобу кыйналат...эмне себептен оору м.н келет?жана кантип ооруну болтурбай алдын алса же даарыланса болот?кеп кенешиниздерди бере кетсениздер.
Кандай чара колдоносуздар?
Алдын ала рахмат.
Аял затында кездешүүчү оору.
#2 17 Сентябрь 2012 - 01:38
Ар бир айым айызы келгенде ооруну сезет. Айырмасы, ал оору биринде жеңил болсо, экинчисинде катуу болот. Бизди ай сайын кыйнап турган бул оорунун себептери жана аны кантип басаңдатуу тууралуу төмөнкү макалада сөз болот.
Себептери
Белгилүү болгондой, ай сайын аялдардын организминде жумуртка клеткасы бышып жетилет. Эгер бойго бүтүү болбосо, ал өлөт. Ал эми организм өзүндөгү ашыкча нерселерден арылууга аракет жасайт: жатындан керексиз ткандарды жана суюктукту бөлүп чыгарат. Ашыкча нерселер жакшы бөлүнүп чыгыш үчүн бул учурда организм булчуңдардын жыйрылуусуна жардам берүүчү простагландин аттуу затты иштеп чыгарат. Эгер бул зат өтө эле көп иштелип чыкса, анда оору менен коштолот. Бул албетте, айыз учурундагы оорунун жалгыз эле себеби эмес, мындан башка да төмөнкүдөй себептери бар:
Гинекологиялык оорулар. Эгер айымдын ички жыныс органдары сезгенген болсо, жыныс органында инфекция болсо, анда айызы келген учурда айым катуу ооруну сезет. Бойго бүтүүдөн сактоочу спираль да оорунун бир себеби болушу мүмкүн.
Физикалык кыймылдын аздыгы. Көп кыймылдабай бошоп калган булчуңдар организмдеги ар кандай өзгөрүүлөрдү оор көтөрөт. Андыктан, айыз келгенге чейин спорт менен машыгуу керек.
Тукум куучулук. Эгер сиздин апаңыз айызы келген учурда ооруга кабылса, анда ушул эле көрүнүш сизде да кайталанат.
Кальцийдин жетишсиздиги. Организмде кальцийдин жетишсиздиги да айыз учурунда ооруну жаратат. Мындай учурда курамында кльций көп азыктарды көбүрөөк пайдалануу керек. Кальций сүт жана сүт азыктарында, брокколи капустасында, төө буурчакта, бадамда көп.
Магнийдин жетишсиздиги. Магний булчуңдардын калыптагыдай иштешине таасир этет. Эгер организмде магний жетишсиз болсо булчуңдар жыйрылып, айыз учурунда оорутууга жеткирет.
Ооруну басаңдатуунун ыкмалары
- Ысык ваннага түшүңүз
- Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге басыңыз. Бул жыйрылган булчуңдарды бошоңдотуп, ооруну азайтат.
- Туздуу, майлуу, таттуу, ошондой эле сүт азыктарын азайтыңыз. Айрыкча айызыңыз башталаарына бир жума калганда. Ал эми жашылчаларды көбүрөөк жеңиз.
- Чөп чайлар, мисалы, ромашканын чайы да оорунун басаңдашына жардам берет.
- Курамында кофеин бар коюу кара чай, кофе, шоколад сыяктуу азыктардан жана алкоголдон качыңыз. Кофеин ооруну күчөтөт, ал эми алкоголдук ичимдиктер суюктуктун бөлүнүп чыгышын жайлатат.
- Айыз келип жаткан учурдагы ашыкча кыжырдануу, жинденүү, стресс болуу - ооруңузга оору кошот. Андыктан, өзүңүздү тынч алып жүргөнгө аракет кылыңыз.
- Такыр эле оору басылбай койсо, анда таблетка ичүүгө туура келет. Анальгин, баралгин, спазган, но-шпа ооруну басат, бирок буларды көп ичүүгө болбойт.

Бири кем арман дүйнө...
#3 17 Сентябрь 2012 - 01:40
Ошондой эле айыз учурунда өтө ысык же өтө муздак суу колдонуу сунуш кылынбайт. Себеби, муздак суу эндометриоз сыяктуу олуттуу гинекологиялык оорулардын келип чыгышына себепчи болот...
Айыз учурундагы стресстен арылууга эмне жардам берет?
- Айыз учурунда көптөгөн айымдарда болор-болбос нерселерге кыжырдануу, өзүн жаман сезүү сезими күчөйт. Бул сезимден арылуу үчүн күрүч жардам берет. Кимде-ким айыз күндөрү бир гана күрүчтү колдонсо, эч кандай оору да, шишик да, стресс да болбой, бул күндөр тынч өтүп кетет. Ал үчүн бир стакан күрүчтү сууга бышырып, үч бөлүккө бөлүп алып үч жолу жеш керек. Күрүчкө туз кошпой эле койгон оң.
Ошондой эле айыз учурунда нерви чыңалгандар үчүн бир күндө эки мандарин же бир банан сунуш кылынат. Анткени, бул жемиштерде стрессти басуучу эфир майы бар. Мандариндин кабыгын ыргытпай сактап коюп, нерв боло баштаганыңызда жыттап алсаңыз, баары жайына келет. Жемиштерден тышкары, нервди сактоо үчүн семичке менен жер жаңгак да жакшы, анын үстүнө буларда аялдарга пайдалуу көптөгөн витаминдер бар.

#5 17 Сентябрь 2012 - 09:32
Меники да болезненно келет,ооруйт,
дайыма келгенде Но-шпа ичем,кадимкидей ооруну басат....
Только злые люди, зла боятся!
#6 17 Сентябрь 2012 - 09:32
ООрубаш учун месяцный убакта эмес ээртерек кам коруш керек,белди,
бутту жылуу кармаш керек.муздак сызга отурбаш керек.
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ.
.
#8 17 Сентябрь 2012 - 10:34
Ээ оруй берет, срочно куйоого тийгиле калып калат гарантия берем!
Меники да ошентчи биринчи куну жарым олук болуп жатып калчым, куйоого тийгени калды.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#9 17 Сентябрь 2012 - 10:37
Ээ оруй берет, срочно куйоого тийгиле калып калат гарантия берем!
Меники да ошентчи биринчи куну жарым олук болуп жатып калчым, куйоого тийгени калды.
мен да уккам күйөөгө тийгенден күндө секас болсо калып кетет деп...Нерв да калыбына келет экен....тааак- с, 2-3 кандидат бар,ошолорду ойлоноштуруп көрсөмбү....
Только злые люди, зла боятся!
#10 17 Сентябрь 2012 - 10:40
мен да уккам күйөөгө тийгенден күндө секас болсо калып кетет деп...Нерв да калыбына келет экен....тааак-
с, 2-3 кандидат бар,ошолорду ойлоноштуруп көрсөмбү....
ии да кор, эми кундо болбосо да иши кылып куйоого тийсен куйоон дарылайт!
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#11 17 Сентябрь 2012 - 11:20
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
#13 17 Сентябрь 2012 - 14:30
мен да уккунымды айтып кетейин : эгер айыз келгенде оруу катуу болсо, оруутса анда аял келечекте женил коз жарат деп айттат апам.
#14 18 Сентябрь 2012 - 14:27
#15 22 Сентябрь 2012 - 02:16
Менде да аябай ооруп келет,кокурогум ичим ишип кетет. 1-2кундору чалажан болуп калам. 5кун кыйнайт да. Аябай капризная болуп,ар ким менен урушуп жинди боло жаздайм. Кээде чыдабай Брал деген таблетка ичип алам.
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
#16 25 Сентябрь 2012 - 16:22
Kyz bolup jaralbaganyma suyunom. Korso kalgany myndayle nerse turbayby 
Ушу аялдарга тиешелуу жерге жазбай эле койсонор сураныч туура тушунгуло,уялып сорго жазсак биякка да комент жазып ,кенеш болсо мейли врач болсонор! !!
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#17 25 Сентябрь 2012 - 16:26
мен да уккунымды айтып кетейин : эгер айыз келгенде оруу катуу болсо, оруутса анда аял келечекте женил коз жарат деп айттат апам.
Ушу созуно кошула албайм,анткени чала жан болуп аябай ооручу торотум болсо аябай узак анан кыйналып сорго тородум, укол болбосо воше ле 5 кун журмок белем, 2-3 бала оной торолот дешкен ал деле жон эле соз экен, ар бир адамдын организмине жараша болот окшойт.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#18 25 Сентябрь 2012 - 16:28
Эээ кыздар мумкун болсо эрозия жонундо ,кантип лечение кылыш керек жазсанар, анан дагы алтын,кумуш спиралдар чыгыптыр го ээ, ошол жонундо информ берсенер,эрозияны лечение кылбай салдырса болобу?
Ушул жакка аялдарга тиешелуу ооруларды жаза берели ээ,быкыратып тема ачпай.
Ушул жакка аялдарга тиешелуу ооруларды жаза берели ээ,быкыратып тема ачпай.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#19 25 Сентябрь 2012 - 17:04
А менде келеерде кичине белим ооруйт болду андай деле кыйналбайм,
бирок оло нервтенип кееде болор болбос нерсеге ыйлап алам анан оло задержка мн келет бир эки уч ай келбей да калат эмнеден андай болорун билсениздер жаза кетсениздер.
..

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия