Байдылда Сарногоев акындын ыр дүйнөсүнө саякат
#21 31 Октябрь 2012 - 23:01
Тээк гана терикпестен кулуп туруп
Не кылам жаман айтып жаакташып
Мен сенин ит экенин билип туруп...
ушул ыры мага аябай жагат.
#22 31 Октябрь 2012 - 23:26
#23 01 Ноябрь 2012 - 14:35
Ал мени итсиң деди.
— Итмин — дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып
Мен анын ит экенин билип туруп.
Ал мени эшек деди,
— Ооба — дедим.
Болбосо шылдыңдоого жетет тилим...
Не кылам ажылдашып, кажылдашып
Мен анын билип туруп эшектигин.
Ал мага албууттанып жана берди
Сөздөрү жийиркентип кара жерди.
Ролун эки айбандын бир аткарып
Артымдан ээрчий басып кала берди.
#24 09 Ноябрь 2012 - 11:12
Колумда койкоңдогон калем сабы- эхххххх кандай гана керемет ыр саптары. Акындардын алпы эле.
#25 11 Ноябрь 2012 - 16:19
#26 28 Январь 2014 - 14:37
АЯЛ, АЯЛ
Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы
Үйдүн куту, апакеси балаңдын.
Жаман дебей, жакшы дедим баарысын,
Акыйкатта айтпайт дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, миң ката
Кекээрлебей кечирип кой анысын.
Аял, аял... Айтар сөзүм менин миң,
Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.
Элжиретип эркелеген назына
Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.
Өлүм арс го өкүмүнө көнөрмүн,
Кез жеткенде келбес жайга жөнөөрмүн.
Ошондо да жыйып соңку күчүмдү,
Аял, сени бир жалт карап өлөрмүн!
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 28 Январь 2014 - 14:38
#27 28 Январь 2014 - 14:41
СОК, ЖҮРӨГҮМ
Оо, жүрөгүм, ээн койбой жайыңа,
Көп кыйнадым, көп чыдадың баарына...
Арак ичтим, арак уусу кошулуп,
Сага барды аралашып каныма.
Бир да жолу белги берип оорубай,
Фильтр болуп тазаладың аны да.
Соңку тилек-максаттарга жеткиче,
Сок, жүрөгүм, сого бергин дагы да!
Кай бир кезде сага ырайым кылбастан,
Аз кубантып, андан арбын ыйлаткам.
Ачууланып болор-болбос нерсеге,
Айрым кезде азоо тайдай туйлаткам.
Сени менен ойду-тоону кыдырып,
Сени менен жаман, жакшы ыр жазгам.
Ыйлатпаймын, кыйнатпаймын эми мен,
Сок, жүрөгүм, сого бергин тынбастан!
Оо, байкушум, ашык жүрөк менде жок,
Сенин жалгыз экендигиң сезбестен,
Ысыгыма, суугума батырып,
Эчен түрлүү тоскоолдорго беттешкем...
Кээ бир кезде жалбарынтып, жалынтып,
Келин-кызга чүкө кылып өкчөткөн.
Өкчөтпөймүн, өкчөлбөйсүң сен эми,
Сок, жүрөгүм, сого бер «кыңк» этпестен!
Сок, моторум, өмүрүмсүң сен менин,
Бир да жолу ремонтко бербедим.
Эне-атадан эрте жетим калганбыз,
Мени менен нени гана көрбөдүң...
Ата журттун арабасын айдайлы,
Сок, жүрөгүм, кокус токтой көрбөгүн.
Солгун тартып бара жатат кагышын,
Сен токтосоң, анда менин өлгөнүм,
Сок, жүрөгүм, сого бергин, өлбөгүн.
#28 28 Январь 2014 - 14:43
КАРТАЙБАЙТ МЕНИН ЖҮРӨГҮМ
Бир кезде сүрсө денемди,
Кой тили менен жашчылык.
Жибектей жумшак болбойт деп,
Жүрүпмүн бекер наз кылып.
Бул кезде бир топ улгайтып,
Калгансып мени сагынып.
Денеми сүрө баштады,
Уй тили менен карылык.
Сыртымды мейли картайтсын,
Сүргүлөп бодур тил менен.
Жүрөгүм жапжаш дайыма,
Жигит кез чактай гүлдөнөм.
Кайраттуу менин жүрөгүм,
Карыбас жакка маш болгон.
Көп жылдар жашап, көз жумса,
Көрдө да жатат жаш бойдон!..
#29 28 Январь 2014 - 14:50
АЯЧЫ МЕНИ
Асманда турган алыскы,
Ай алат Күндөн жарыкты.
Ай болсом, өзүң Күнсүң го,
Аячы мендей карыпты.
Миң өчүп, кайра миң жанып,
Сүйгөнүм үчүн кимде айып...
Күттүрүп күндө күйгүзбөй,
Бир күлүп койчу жылмайып.
#30 28 Январь 2014 - 14:52
БУК БОЛУП ЖАЗГАН АРМАНЫМ
Жаштык кез өтүп жат болду,
Карылык мага мат койду.
Кайран бут сынып, башыма —
Карыптык түшкөн чак болду.
Жанымда жаткан кемпирчем
Жантакбай деген ат койду.
Жигит кез өтүп жылт койду,
Жыргал жай өтүп, кыш болду.
Тандабай баскан таманым,
Тайгалак музга туш болду.
Самаган жакка бара албай,
Сары акын байкуш бук болду.
Үйүмдө илкип көп ирет,
Үшкүрсөм боюм жеңилет.
Үч мүнөт баскан жолдорум,
Үч айлык жолдой көрүнөт.
Энтиксем эстүү кемпирчем,
Эс алгын чалым — деп ийет.
Калтылдай бассам кас-кас деп,
Кайратын берет бас-бас деп.
Кадырын билбес чалынын,
Кемпирден деле акмак көп...
Өлүмүн тилеп жүргөн бар,
Өлөсүң качан какбаш деп.
Адептүү, эстүү балдарым,
Аталап турат ар дайым.
Барктабай алар коймокпу...
Бапестеп бакса алганым.
Бир гана үйдөн чыга албай,
Бук болуп жазган арманым.
ноябрь, 1996-жыл.
#31 28 Январь 2014 - 14:55
ОТ КОЙГУН МАХАБАТТЫН МИЛТЕСИНЕ
Жыттасам жыпар мончок илебиңден
Жылдызым учуп чыгат жүрөгүмөн.
Күндүзү Күнүм болсоң, түнкүсүн Ай,
Экөө тең өзүң го деп жүрөмүн мен.
Бакытым сенин чолпон көздөрүңдө
Байлыгым сенин наздуу сөздөрүңдө.
Жүз жылдык ырахатты алгансыймын,
Жүзүңдөн бир нур чачып өткөнүңдө.
Ак куунун моюнуна окшоп салааларың.
Жиресе чачтарыңдын араларын.
Таптакыр эрип эле кетким келет,
Тапшырып жан дүйнөмдүн сага баарын.
Эмесе, жаным, бирге жаркын жазым
Жаштык кез алмаз болуп жалтылдасын.
От койгун махаббаттын милтесине,
Чагылган жарк-журк этип чартылдасын.
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 28 Январь 2014 - 14:56
#32 29 Январь 2014 - 13:38
Мен жактырган жазуучуда, эн сонун ырлардын автору!
#33 29 Январь 2014 - 13:43
Nursaikal (31 Октябрь 2012 - 22:01) жазган:
Тээк гана терикпестен кулуп туруп
Не кылам жаман айтып жаакташып
Мен сенин ит экенин билип туруп...
ушул ыры мага аябай жагат.
Магада жагат ушул саптары.
#34 29 Январь 2014 - 18:44
Мага шерик тун уйкуга жыккан ыр.
Мас кылгандай маанисинде чеги жок
Мага шерик Байдылдадан чыккан ыр...
А.Жоодар.
#35 30 Январь 2014 - 05:26
КАНТИП ЖЕНДИМ
Маныз менен айтыштым "кыйын" экен,
Манилуу соз ал учун тыйын экен.
Кезек бербей келжиреп суйлой берди,
Кечке чейин чеккени чылым экен.
Топон созун тоо кылып уйуп жатты,
Ыксыз жерден ырсактап кулуп жатты.
Менин кебим мээсине жетсе дагы
Кабыл албай, эмгегим куйуп жатты.
Акырында айтканын уктум, уктум,
Бирок озум унчукпай женип чыктым.
Куч сынаштым коп жолу арак менен,
Женген жокмун, женилдим, танат белем
Канча жолу эрксиздик кылганымды,
Каалап турсан калтырбай санап берем.
Эссиздигим экен деп ыйлайынбы,
Эстейм кээде откондо кылганымды.
Кок теректи кучактап козду сузуп,
Кокту карап ыкшыйып турбадымбы.
Акырында акылдуу ойго келдим
Ичип женбей аракты ичпей жендим.
#36 30 Январь 2014 - 05:48
Топтолук бутуп торор кун
Толгосу бышып энемдин,
Устундо туулган экенмин
Уй жечу саман олондун.
Саманды азыр ойлоном,
Эмне учун сокур болбогом?...
Борошо бороп, кыш болуп
Боз уйго карлуу муз тонуп.
Какылдап далай ыйлапмын
Калчылдап ушуп, бут тонуп.
Анда мен бышык ондоном,
Эмне учун сууктан олбогом.
Колго алар кийим кийбепмин,
Кокочтой болуп кирдепмин.
Койгулап жерге башымды
Коломто чукуп, кул жепмин.
Эстесем кулду эми коп
Ичегим темир ондонот.
Бирде ток, бирде ач калып,
Кирпигим какпай чакчайып,
Оорупмун далай кыйналып
Онтолоп коздон жаш тамып.
Ал кезде эстеп кайрадан
Ажалым жокко тан калам.
Кубанып атам кетчу экен
Чуко атып, сака окчосом.
Коп турлуу оюнчугум жок
Конулум кантип осту экен?
Ойлосом кейип кетемин
Баарынан кемчил экенмин.
Жетишпей журсом мен анда,
Жетиштуу баары баламда.
Саманга туулуп, кул жебей
Сары жамбаш болуп кирдебей
Саламат журот садага.
Ойногон оюнчуктары
Озунчо чакан араба.
Ойносом деймин кошулуп
Окшошпойм бирок локуюп....
Байдылда агайыбыздын ушул ырын кичине чагымда окуп алып аябай кулгом.

#37 30 Январь 2014 - 06:49
Карындаш, менин сенден суранарым,
Канча деп жаш эсебин сурабагын.
Отуздан оодум дешке оозум барбайт,
Жыйырмага чыктым дештен уяламын.
Атайылап китебимди белектедим
Агай деп копко чейин жонотподун.
Качанкы как баш го деп ойлосон да
Жылгындай жигит кезим элестедин.
Китепте бул турмушта алгандарым,
Сындагын жакшы жагын, жалган жагын.
Кааласан мени суйбой ырымды суй
Какшыктап катырбасын алган жарым.
#38 30 Январь 2014 - 06:58
Тун кузоп акындар ыр жазат экен,
Туйшуктон мээси чарчап катат экен.
Дукондон турлуу буюм алабыз деп
Тушкоруп аялдары жатат экен.
Акындар ойлой берип тажайт экен.
Танга маал таттуу уйкуну самайт экен.
Эбиреп эртен менен аялдары
Канча деп ыр саптарын санайт экен.
Жакшы акын ыр омурун тилейт экен.
Жакшы аял ал тилегин суройт экен
Жаманы койнокторум коп болсо деп
Аз жазса ачуу тилин булойт экен.
Ошентип акын байкуш жудойт экен.
#39 30 Январь 2014 - 07:04
Кай бир кезде жигит болуп чиренген,
Конулумдо коп кыздарды суйом мен.
Бирок, аздап мокой берет экенсин
Бир кездеги курчтугундан булонгон.
Бет алдымдан перизаттар жолукса
Карттыгымды билеби деп иренден,
Алдыртадан карап коюп тим болом
Мергенге окшоп дурмоттору тугонгон.
Билдирүүнү түзөткөн: Ханбийке: 30 Январь 2014 - 07:04
#40 30 Январь 2014 - 07:14
Куйкум созу куйбогонду куйдургон,
Кулк-мунозу суйбогонду суйдургон,
Кайран Мидин, кайран гана Райкан
Куудул эле кулбогонду кулдургон.
Коргон, билген жоруктарын айттырдык,
Коп создорун коонубузго жат кылдык.
Кээ бир кезде бет арчуну белендеп
Козубузго жаш чыкканча каткырдык.
Байкап корсом сен алардын кукуму
Маныз созго чыгарасын кучунду.
Курап айткан куудулдугун курусун
Мостойтосун кулуп жаткан кишини.
Куйручуктан ашкан куудул ким болмок?...
Сени корсо доопорос деп тим болмок.
Шаршен келип сабак берип окутса
Сага дайым "2" койбой "1" коймок!