БЕЛГИҢДИ БЕРЧИ
Көмүрдөй көзүң коюлган,
Көркөмүң куудай чоюлган.
Түнкүсүн түштөн, күндүзү
Түк кетпей койдуң оюмдан.
Акмарал сындуу төшүңдөн,
Акырын айткан сөзүңдөн.
Жароокер, жумшак мүнөзүң,
Жайдагы кечтей көшүлгөн.
Жыргалдуу салкын таңдайсың,
Жылдызды көктөн өчүргөн.
Жалбырттап сезим жазында,
Жалбарып турмун кашыңда.
Турмушум туура бурулду,
Тушугуп сендей асылга.
Белегим сага ушул ыр,
Белгиңди бергин акынга.
ЭРКАЙЫМГА
Кыйын күндө кылчайып бир карашпай,
Жакындарым жакшы сөзгө жарашпай.
Жалгыз калып жарты болуп жүргөндө
Жай сурадың, достон эстүү аяштай.
Сен сырымды түшүнүп да түшүнбөй…
Бизди бир жип байлагансыйт үзүлбөй.
Басынбачы байке — деген сөздөрүң,
Бакыт өңдүү башка конгон күтүлбөй.
Күлөрүмдө күйүп жерде жатсам да,
Тое жебей, жаман кийип бассам да.
Жылыйм минтип, сендей жандар учурап,
Жылтылдаган жылдызым бар асманда
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 05 Сентябрь 2013 - 19:31