ЖЕЛЕГЕ БАЙЛАНГАН СҮЙҮҮ</b>
(аңгеме)
Кийинки күндөрү сен көмпүтер менен көп айпалышчуу болдуң, ансыз сенин таңың да атпайт, күнүң да батпайт. Күндөлүк турмушуңда компүтерсиз жашоону сен эч качан да элестете албайт болчусуң. Интернет сенин турмушуңа сиңип кирип, жашооңду сырткы дүйнө менен айрылгыс кылып байлап салды. Өзгөчө өз улутуңдун тилиндеги тор беттеринин көптөп ачылышы, бир боор тордошторуң менен өз жазууңда талкууга катышып ой бөлүшүп коом, кырдаал, адабият, маданият, салт-санаа жөнүндө кеп күрмөшүп турушуң сенин бул чет-жака тоолуу айылдагы кундакталгандай караңгы, ары жетимсиреген чөйрөңдү укмуштай шаттыкка бөлөп, жашооңду жаңыча түскө киргизди.
Сен аны менен жуукта интернетте таанышып калдың, ал оболу сенин купуя кат сандыгыңа сөз калтырып күкүк номуруңду (QQ номуруңду) сураган. Сен айтып бердиң. Ошондон көп узабай эле ал сага күкүктөн салам-саатын айтып кат жазды. Сенын мурда тордо таанышкан досторуң деле көп болчу, ошолордун бири катарында жаңы тордошуңа жылуу-жумшак мамиле жасап, анын саламын алик алып, жооп кайрыдың. Күкүктөн таанышып кол учун беришкен достордун көп бөлүгү өздөрүнүн өң-түсүн, жаш курамын, дарегин купуя туткандыктан алардын ким экенын анык билбеген соң андайларга ашыкча боор берип деле кетчү эмессиң.
- Жаныбек ага, мен сизди тааныйм... - деди, ал сөз башында эле сенин чын атыңды атап. Сен торго өзүңдүн жакында түшкөн сүрөтүңдү илип койгонсуң, бирок тордогу колдонгон атың башка эле.
- Өзүң ким болосуң?- деп сурадың, бейтааныш коноктон.
- Мен Канбийкемин.
..- деди, ал жооп кайтарып. Сен эстей алган жоксуң. Анын да тордогу аты башка болчу, сүрөтүнөн тааный албадың, тордогу сүрөт анын өзүнүкүбү же жөн эле бирөөнүн баш сүрөтүн илип алганбы билбедиң.
- Тордогу сүрөт өзүңдүкүбү?
- деп сурадың, сен жөнсалды.
- Ооба...- деди, Канбийке.
Сүрөттөгү Канбийке аябагандай ажарлуу кыз болуп, бир караган адамды эрксизден өзүнө жалт каратат болчу. Бирок, сен бул сулуу кызды кайдан жолуктурганыңды эч бир элестете албай койдуң.
- Сены тааный албадым го?!...- деиың акыры чын сөзүңдү айтып.
- Беш жылдын алдында сиздин үйүңүзгө барып даам татыгамын. - деди, ал ансайын сырдуу сүйлөп. Сен көпкө ойлонуп анын кандай кезде үйүңө келип конок болгонун ар кантип да эсиңе ала алган жоксуң.
- Кечирип кой, эсиме алалбадым...
- дедиң, дагы эле аргасыз.
- Ал кезде сиз жаңы эле той жасагансыз.
Мен сиздин балдызыңыздын досу элем, ошол байланыш менен сиздин тоюңузга катышып, анан жаңыдан түтүн булаткан ак өргөөңүзгө барып куттуу төрүңүздөн даам сызып кайтканмын.
Сен ошондо гана аны эрең-бараң эсиңе алдың. Ал кезде Канбийкенин жогору мектепте окуп жаткан учуру болсо керек, жаш өспүрүм кызга сен ашыкча деле көөн бурган эмессиң.
- Ээ, эмы эсиме келдиң, ал кезде сен кичүү эмес белең...- деп койдуң көңүл кош эле.
Ал силердин ошол кездегы бактылуу турмушуңарга суктанып азырга чейын унуталбай эстеп жүргөн экен. Анан сенин жакында аялың менен ажырашып кеткениңди угуп өкүнүптүр.
Канбийке азыр борбор шаарда кызматтанып жатканын, быйыл жыйырма сегиз жашка чыкса да алиге чейин той жасабай жүргөнүн сага божурап кеп салды. Ошентип силер күкүк аркылуу кайрадан таанышып, жакын сырдаш болуп калдыңар. Ал жакында түшкөн сүрөттөрүн сага күкүк аркылуу жөнөтүп берди. Бир кездеги бала кыял секелек кыздын эмы тал чыбыктай буралып, күндөй күлүп, айдай толуп турган кези экен.
Сен да илгери бала кезиңде аябагандай келишкен көркөмдүү жигит болчусуң. Ал кездерде сага ашык болгон кыздарда аз эмес эле. Сенын келишкен келбетиң, чечен сөзмөрлүгүң,
ырдасаң кулакка жагымдуу мукам үнүң кыздардын жүрөгүн ээритип, акылын дал кылып, аркаңан ээрчибеске аргасын кетирчү. Бирок, сенин чыныгы сүйүүңдү козгоп, көңүлүңө толгон бирөө болбогондуктан отуз жашка киргенче эч кандай кызга сөз берип, той жасоого бекий албай жүрдүң. Сага жетем деп жан-алы калбай артыңан ээрчиген кыздарды сен анчейин жактырчу эмессиң. Алар сага жабышып алган сайын өзүңдү качырып, сүйүлүүдөн зеригип, сен дагы от менен жалын болуп, чын жүрөгүңөн берилип сүйүүгө арзыгыдай жар тапканды арзуулар элең.
Канткен менен сага андай тагдыр туш болбоду. Ошол күнүңө чейин сен күткөндөй кыз жолукпады. Ал кездерде сен шаарда кызматтанчысуң.
Жогору окуу жайын бүтүрүп келип, төтөлөй кызматка бөлүнүп, мектепте бир топ жыл мугалим болуп иштегенсиң.
Бирок шаардан туз буюрбай акыры өзүңдүн айылыңдагы көрүп-билип жүргөн көзгө тааныш тектүү жердин кызы, айылдашың Айымгүл менен той жасоого бүтүштүң. Айымгүл өзүнүн айды уялткыдай сулуу келбети, аруу-тазалыгы менен айылдагы кыздардын алды болуп, жигиттердин жүрөгүнө чок салып эч кимге кол учун карматпай кычырап жүргөн кезы экен. Сен айылдаш дос-курбуларыңан анын атак-даңкын угуп, ата-энең, тууган туушкандарыңдын да анын ата тегин жактырып <<сүйлөшүп көр>> деген өтүнүчү боюнча Айымгүл менен жолугушуп, анан жолугушкан жерден эле экөөң тил табышып макулдашып калдыңар. Айымгүлдүн кызматы айылда эле, ошого тартышып атайын шаардан айылга жөткөлүп келгенсиң. Аялың баштооч мектепте, сен орто мектепте мугалим болуп кызматтандыңар.
Той жасап бир канча жылга чейин аялыңдын боюнда калбады. Ал үчүн сен аялыңды күнөлөгөн эмессың. Бирок, Айымгүл согончогу канабаган сайын өзүнөн өзү кичирип, тең-курбуларынын алдында бир нерседен кем болгонсуп туталанып жүрдү. Күн өткөн сайын өзүнөн өзү кадиксинип,
сени ансайын берилип жакшы көрүп, жанынан карыш чыгаргысы келбей, башкалардан орунсуз кызганып, өтө эле күнүчүл болуп, териси таарып баратты. Сен кээде дос-курбуларың менен бирге жүрүп үйгө кечигип түн жарымында келсең да анын ар качанда уктабай сени күтүп түйүлүп олтурганы олтурган. Кайда бардың, кимдер менен жүрдүң деп суракка тартып, кол телефонуңду аңтарып, кимдер менен сүйлөштүң деп, көрүнгөнгө телефон согуп кызыл-сары болуп бетиңди кетирди. анын кызганчактыгы ең жогору чекке жетып, бир канча жолу ашыкча дары ичып, тамырын кесып өлүп алмак болуп сенын айабай көөнүңдү калтырды. сен азелтеден еле өзүңө жабышкан, еркындыгыңды тебелеп, зордоп таңылган адамды жек көрчүүсүң. акыры сенын чыдамың кетып, айымгүлдүн жан кыйам деген долулугунан тажап, аны менен зорго ажырашып тындың. ошондон кыйын жүрөгүң катуу үшүп, кайра той жасоо жөнүндө ойлонбой азырга чейын бойдок жүргөнсүң...
Ошондон улам айылдагы дос-курбуларың,
тааныш-былыштерың менен көп байланыш жасаганды каалабай, елден бөлүнүп жалгыз жүргөндү жактырчу болдуң. анан баш-отуң менен ынтернетке берылып, бош убактың болсо еле компыётердын алдынан жылбай, өзүң да сезбегендей торго кумар болуп бараттың. тордо күкүк аркылуу купуйа сырдашчуу досторуң да көбөйдү. сен ошол езелтен бет көрүшүп бакпаган жаңы тордошторуң менен ой бөлүшкөндү жактырып, азда болсо көңүлүңдү жубатар елең.
ошондой күндөрүңдүн бырынде канбыйке капысынан еле сенын тууруңа келып конгон бакыт кушундай болуп, чөккөн көңүлүңдү көкөлөтүп, өчкөн маанайыңды жаркытып, сага ойлобогон жерден шаттык багыштады. башкаларга караганда анын аздыр-көптүр сага тааныш екены, сага болгон урматы, болупдагы анын азырга чейын той жасабай башы бош жүргөнү сены ерыксызден өзүнө тартып жатты. сылердын ойлогон ойуңар, айтышкан сөзүңөр бир жерден чыгып, күн өткөн сайын жакындашып,
жан дүйнөңөр камыр-жумур болуп жуурулушуп баратты.
- сулуу кыз той качан?- деп сурадың бир күнү андан кеп тешып.
- жыгыт жок...деды, ал сыр каткансып
- жактырбай жаткан чыгарсың, же мурда көөнүңдү ооруткан адам болгонбу?...-
дедың, ансайын ычкерылеп.
- ооба, көөнүм ооруган адамым да болгон, өткөн иш өттү... бирок, алыге чейын көңүлгө толуп, жүрөктүн кылын черткен бырө болбой жатат...- деген, ал кылыктанып.
тор дегеның да өзүнчө бир кызык дүйнө екен, алакандай айнектен бет-оройун көрүшүп, үн алышып сүйлөшүп, сезымдер серпылып, жүрөктөр алып учуп, кадымкыдей еле сүйүү оту тутанып, алтургай алоолоп күйүп калат екен. ооба, сен да ошондой болдуң. өмүрүңдө түзүк көз токтотуп көрүп бакпаган бир кызга ашык болуп, өзүңдү карманалбай желеден жел болуп сызып, ерыксызден ошол кызды көздөй айдалып бараттың. канбыйке нын өзү кол учун берып таанышып жакындашканынан улам, аны да өзүңдү өзүңдөй сүйөт болуш керек деп ойлодуң. емы сен чындап еле ага жыпсыз байланып калган болчусуң. тордон бир күн көрүшбөй калсаң кусадар болуп, сүйлөшүүгө кумартартып,
анын унүн укканга зарыкчысуң.
мурдагы менчыл мүнөзүң түптөн өзгөрүп өзүң озунуп аракет кылып, ал үчүн үзүлүп түшүп жаттың. ал дагы сены кайдыгер калтырбай өтүнүчүңдү орундап сыйыңа сый көрсөтүп турду. компётердын алдынан кеткенде кол телефон аркылуу сырдашып, кат жазышып дегендей, айтор сылер үчүн ечкандай мезгыл-убакыт,
мекен-жай ченемы жок, каалаган учурда каалагандай баарлашчу болдуңар.
бир күнү канбыйке жакын өткөн бир досуна акча карыз берып турганын айтып, ошол аласасын алалбай анын ешыгынын түбүндө жарым күн сактап олтурганын сай медыреп какшады. сылер кол телефон аркылуу байланышып турдуңар.
- ал досумдун башына күн түшкөндө колумдагы мекеменын акчасынан берып турган болчумун, үч күндө кайтарам деп бир жумадан беры жок. жанымдагы бар акчаны чогултсам да жетышпей, кызматташтарымдын алдында айабай тилым кыскарып жатат...-деды,
ал катуу кыжалат болуп жатканын айтып. чоң шаарда кызматтанып жүргөн жаш кыздын ата-енесы алыста, ал жерде тааныш-билышы болбосо жалгыз чылык тартып, мойну кысылып калбасын деп ойлоп, <<жардам кылайын>>
дедың. канбыйкенын башкалардын алдында жер көз болуп калышын сен ечкачанда каалабайт болчусуң.
- жок, сызден жардам сурасам кантып болсун? сиз алыста турсаңыз...- деды, ал ансайын кыжалат болуп.
- тартынба, мынчалык жакын сырдаш болуп калдык, башка күн түшкөндө биры-бырыбызге жардам колубузду сунбасак болобу?- дедың ак жүрөктүүлүк менен.
- досумду бир-екы күн күтүп багайын, ал байкушта айласын табалбай менден качып жүрсө керек?...
- шаарга барсам утурлап чыгаласыңбы?
- деп сурап калдың, сен өзүңчө еле.
- албетте, кучак жайып тосуп алам...-деды,
канбыйке жайдары.
сен анын ошол бир ооз сөзүнөн сүйүндүң. айтбасада мөртүн таап шаарга барып, канбыйке менен бет орой көрүшүп сүйлөшүп келүүнү ойлоп жүргөнсүң. ошентып, ертесы кызмат ордуңан быр-екы күнгө суранып, утуру шаарды көздөй сыздың.
сен ылгеры ерекче жумушуң болуп калбаса шаарга көп каттаганды жактырчу емессың. шаардагы адам менен машыненын көптүгүнөн урулуп-согуламбы деп жайма-жай жол жүргөлү болбогонунан,
кулак-меены жеген жаңырык-сүрөөндөн,
кыстаңчылык,
дымыкчылыктан буруктум болуп, өзүңчө тыталанып кыйналчусуң.
өз кезынде сендагы ушул кайнаган шаар турмушунда биртоп жыл жашап зерыккенсың.
кыйнкы жылдары жыл аралап шааарга келып калсаң борбор калаанын күн санап өнүгүп- өсүп келатканына,
артүркүн жаңылыктарына анчейын деле мааны берчү емессың. бул жолку келышың жайдын толуп турган кезыне түш келгеныненбы,
шаардын жадыраган кооз көрүнүшү, жашылдыкка чүмкөлгөн чөйрө, пүрдөп өскөн бак-дарактар,
көчө бойундагы түркүн-түстүү ачылган бай-чечекей гүлдөр , быйык-быйык имараттар, бирынен быры жол талашып байма-бай өтүшүп турган машиналар, өз жумуштары менен алек болуп жүрүшкөн шаардын бей тааныш адамдары кандайчадыркөзүңө башкача жагымдуу көрүнүп, көөнүң ачылып, маанайың жаркып турду.
канбыйке сены шаардагы ел бакчасынын алдында тосуп турмак болгон, болжошкон жерге жетып барсаң ал чын еле ошол жерде сены күтүп туруптур. ал алыстан еле сены таанып колун булкалап алдыңа келды. сылер кудум ескы тааныштардай еле кол алышып жылуу саламдаштыңар.
канбыйке сүрөттөкүсүнөн да сулуу екен. шыңка бойлу арык чырай, табыйгы кара узун чачатарын төбөсүнөн бууп далысы ылдый коёберыптыр,
көкүлүн шүйгөн кунандай болуп шайланып, ак маңдайын жаркыратып,
балбылдаган екы көзүнөн жаштыктын оту жалындап турат. ылгеры ечкандай кыздын алдында ечнерседен корунбай кайра кыздарды сүрдөтүп өктөм да, өкүм турчу сен бүгүн емне гедыр ушул секелек сулуу кыздын алдында жүрөгүң апкарып, бүткөн бойуң дүркүрөп, кан тамырларың тымызын тырсылдап турду. түшкү тамак маалы болупкалган,
канбыйкенын жол башташы менен сылер шаардын борборуна жайгашкан чөйрөсү тыныч, тамагы даамдуу, жасалгалуу кооз тамакканага барып тамактандыңар.
- кызмат байланышы менен екы күндүк жыйынга келдым...- деп койдуң, сен жөн еле шылтоолоп.
- демейде шаарга көп келбейсызбы?
-деп сурады канбыйке.
- мен да ылгеры шаарда бир топ жыл жашаганмын,
емнелыктендыр шаар турмушунан тажап айылга кеткенмын. емы бул жакка өкүмөт жумушу менен айда-жылда бир келып калбасак, жекелей жумуштарыбыз айылдан, оодан шаарчасынан еле бүтөберет. азыр айыл менен шаардын деле айрымасы аз болуп калбадыбы?..
.-дедың, сен өзүңдүн өскөн жерыңды жактап.
анан сен жыйынга барчу жерыңе ашыкпай турганыңды айтып, канбыйкеге бакчага кырып сейылдеп чыгуу сунушун бердың. ал дагы бүгүн түштөн кыйын кызматтан суранып койгонун айтып маакул болду.
жайдын тонурдай ысык күнүндө бакчага кырып сейылдеп, бактын көлөкөсүндө салкындап отуруп аңгемелешүү кандай сонун дечы чыркын! сылер бакчанын еен жерындегы екы кышылык бош орундукка барып олтуруп алып, сак жарым күн аңгемелештыңер.
көрсө канбыйке бул борбор калаага сага окшоп андай оңой еле ышке орундаша албаптыр, ал жогору окуу жайын бүтүрүп келып кызматка бөлүнө албай биырканча жыл күтүп, соңунда кесыптык сыноого катышып, анан сыноодон өтүп тандалып, шаардагы телегыраф шеркетынын тейлөө борборуна кызматка чыгыптыр. канбыйкенын ачылып-жазылып аңгеме салып, ойундагы сырларын төкпөй-чачпай айтып, сага чоң ышеным көрсөтүп ой бөлүшүп турганынан айабагандай ыраазы болдуң.
- жеке турмушуңду ойлонуучу кезың келген екен?- дедың, сөздү канбыйкенын турмуштук ышыне бурап.
- буйруганы бардыр... көңүлгө толгон кысшың болбосо, зорлонуп бырөөнө баш кошколу болбойт екен. сүйөм деп артыма түшкөн жыгыт көп, бирок кандайчадыр менын жүрөгүмөн түнөк табаар жан болбоду... - деды, канбыйке жылмайып.
- ашыктык дарты ерте же кеч болсун арбир адамдын башында бар дечы, бирок кудай дылыңе салбаса ага арга жок екен...-дедың,
сен дагы өз көзкарашыңды айтып.
сыр чертышып олтуруп убакыттын кандай өткөнүн былбей калдыңар, канбыйке саатына карап кечте ыш кошуп ыштейтурганын айтып, сены менен коштошуп жүрмөк болду. сенын емнегедыр кош айтканга көзүң кыйбай дагы бираз олтуруп муңдашкың келып турса да, амалың жок жаш сулууга колуңду сунуп кош айтыштың.
- алыгы досуңдан алчу аласаңды алалдыңбы?- деп сурадың коштошуп жатып.
- жок, алалган жокмун. ал дагы еле мага жолукпай качып жүрөт-деды, канбыйке жерды карап.
- канчалык акча керек болуп жатат?
- екы миң йуан...
- еч канча емес екен, ал акчаны мен берып турайын сага.
- жок, болду. сапарда жүрсөңүз сызды убара кылбайын...
- керек жок, сен кыйын күнгө туушуксаң мен карап турсам болобу?
- болуптур анда, ыракмат сызге! сиз жыйндан бошогунча сөзсүз кайтарып берем .- деп еркелеп, таттуу күлдү канбыйке.
кан быйкены жолго салып, өзүң конок сарайга барып жатак жай алдың. жатагыңда жалгыз жатып алып терең ой деңызыне чумулдуң. өзүңдүн мурда далай кыздар менен жолугушсаңда еч кымысыне канбыйкеге тартылгандай тартылып бакбаганыңды сезынып, аны чын еле сүйүп калганыңды мойундадың.
бирок, бул сүйүүнүн сага өтө кечыгып келгенынен,
ечак ныкеленып бир турмуштуу болуп болгонуңда өзүңөн бир топ жаш кычүү кызга туш болгонуңан апкарып жаттың. ордуңан туруп терезенын түбүнө барып, быйык имараттан шаардын кечкы чөйрөсүнө суктана карап, айлананы күндүзкүдөй жарытып турган көчө чырактарнын сүттөй аппак нурларына арбалып көпкө турдуң. акыры болбой чыдамың кетып, кол телефонуңду алып канбыйкеге телефон чалып <<көрүшөлү>
> дедың. <<жумушум карбалас>>
деды, ал кадымкысындей еле жайдары. <<мен жатакта жалгыз мын...>> дедың, ал азыр еле сенын жаныңа жетып келчүдөй болуп. <<жакшы ес алыңыз, жыйыныныңыз түгөгөндө көрүшөлү>>
деп, телефонун койуп салды канбыйке.
сенын жыйынга емес, атайлап аны ыздеп келгеныңды ал кайдан былсын? тордо таанышып тил табышкандан бүгүн бирынчы жолу бет орой көрүшүп, ычыңдегы сүйүү оту ансайын жалындап, анысыз күнүңдүн батмагы, түнүңдүн атмагы да кыйын болуп жатканын чунак кыз кайдан сезсын? ал түнү түн бир оокумга чейын уктайалбай ычыңдегы сырларыңды төгүп, сүйүү байаныңды айтып, кан быйкеге токтобой учур жаздың. << айылга алып кетейын, сены ечнерседен кем кылбай ак жоолуктун алды кылып сыйалап жүрөйүн>>
деп жаздың. <<айылга барганга көнбөсөң сенын жаныңа шаарга кайтып келейын, сенден бир өмүр айрылбай жашайын>>
деп өтүндүң. кан быйке жооп кайтарган жок. мүмкүн сенын жазган каттарыңды ал окуп жатсада жооп бергысы келбегендыр,
мүмкүн сенын сөздөрүңө мааны бербей телефонун бекытып салып, ечак еле уктап калгандыр. емнегедыр сен канбыйкеге төтөлөй телефон чалып, ой-максатыңды түздөн-түз айтканга далалат кылалбадың.
кол телефонуң аркылуу гана учур жолдоп, ашыктык дартыңды төгө бердың, төгө бердың... сенын еч нерсе менен ишың жок, ал түнү чын еле жындылендың,
бет алдыңан алоолонуп закым жүргөнсүп, азыткы туйумдар ес-учуңду жоготуп, баары нерсе есыңен чыгып, дүйнө көзүңө көрүнбөй, өзүңдү бүт бойдон унутуп, кашайып карашайың кеткенде анан уктап калдың...
ертесы таң атып, козтүш болойун дегенде анан ордуңан турдуң. кече түнү түнүбойу куру кыйалга алдырып, ойуңа келгенды айтып, сүйүү каттарын суудай айдатып бүт ичы-кардыңдагыны канбыйкеге төкпөй-чачпай айтып салганыңан емы кайра өкүнүп аттың. өзүңдү карманалбай жаш кызга кенедей жабышып олдоксондук кылганыңан намыздандың.
ашыктык отунун көздү челдетып, ес-акылдан адаштырарын ошондо гана бир билдың.түндөгү кыйал мас болуп жазган каттарыңдын ылаайым кан быйкеге барбай калышын тыледың. ушул телефон деген немены кандай кысталак жараткандыр деп, ошонун жеты атасына жеткызе сөктүң...
ордуңан туруп беты-башыңды жууп, түшкү тамак маалы болгондуктан бырдыкте тамактаналы деп канбыйкеге телефон чалдың. телефон уланган жок. кайра-кайра чалдың. <<телефон өчүк, же сегынал жок, сөз калтырың>>
деген катчы быйкечтын жагымсыз үнү кайталанып угулуп турду. канбыйкеге емне болгонун быле албай абыдан тынчың кетты...
сен талаага чыгып өзүң жалгыз тамактандың,
анан базарга чыгып максатсыз түрдө көчө айланып жүрдүң. түштөн кыйын ел жумушка чыкканда канбыйкены иш ордуна ыздеп бармак болдуң, бирок сен екы күндүк жыйынга келдым деп өзүң айтып алгансың, ошондон улам былдырбейын дедың. мүмкүн ал дагы сены жыйн менен карбалас деп ойлоп, кабарлашпай аткандыр. сен көчө айлангандан зерыгып, кайра жатагыңа кырып ес алдың. кечте байланышайын деп ойлодуң, ага чейын өзүда кабарын берып калар деп үмүттөндүң.
кечкы тамак маалына чейын күтсоң да канбыйкеден кабар болбоду, акыры болбой өзүң телефон чалдың. бул жолу анын кол телефону уланды.
-саламатсыңбы карындашым?
кайактарда жүрөсүң?- дедың, сен башка сөз таппагансып шашкалактап.
- кечырыңыз агай, алдыңызда уйаттуумун.
алыгы аласам бар досумду ыздеп келсем үйүндө жок екен, ошону күтүп отурам.-деды,
канбыйке кыжалат болгонсуп.
- анын емне зарылчылыгы бар, ашыкпай ыздесең деле болмок?...
- ал досуман акчаны албасам болбойт, мекеменын акчасын ыштетып алып кызматташтарымдын алдында бетым кетып жатат...
- алыгы мен берып турган акча жетышкен жокпу?
- жок...дагы екы миң йуан кемып жатат...-деды,
канбыйке бир түрдүү жалооругансып.
сенын дагы ал үчүн акча берып тургудай шартың жок болчу, айаласыздан үн катпай туруп калдың.
- жаныбек ага, сыиз дагы бир жолу жарадам колуңузду суна албайсызбы?
- деп суранды, канбйке сенын ойуңдагыны билып жаткансып.
- жардам кылсам болот еле, азырынча амалым жок. айылга кайтып барсам бир айласын табат болчумун...-дедың,
сен чын сөзүңдү айтып.
- жардам кылсаңыз болот еле?!- деп бечарасынды,
канбыйке ансайын жүрөгүңдү езып. сенын чөнтөгүңдө бары-жогу бир канча жүз йуан гана акчаң калган. бул акча менен ептеп үйүңө жетып албасаң болобойт еле. жакшы көргөн кызыңдын зарыккан жерынен чыга албаганыңан өзүңдү өзүң жек көрүп да кеттың.
- тамак жедыңбы? кечкы тамакта бырге бололу.-дедың,
сен кечкы тамак маалы болуп калганын естеп.
- жок, тамак жегенге табытып тартпайт, өзүңүз жейберыңыз.
-деп, телефонду койуп салды, канбыйке ачуулангансып.
сен кечкы тамакты өзүң жалгыз жедың. канбыйкенын баштагыдай емес, бет көрүшкөндон кыйын мүнөзүнүн өзгөрүп баратканын байкадың. анын емнены ойлоп жатканын түшүнө албай маң болдуң. тамактан кыйын канбыйкеге телефон чалдың, кулакка муш ургандай болуп дагы еле ошол<<телефон өчүк...>>деген үрөйү суук үн угулду. жатар маалга чейын күттүң, канбыйкенын телефону ачылбады. телефон сактап мукурап, акыры уйку мас болуп уктап калыпсың. таңсаардан ойгонуп карасаң дагы еле белгы жок. емы сенын абыдан чыдамың кеткен болчу, шашылыш ордуңан туруп жүзүңдү жууп, сааркы тамагыңды да жебей канбыйкены ыздеп жөнөдүң. бул шаарда көп жашагандык кылып анын айтып берген дайны бойунча кызмат ордун оңой еле таап бардың. ешыктен кырып барсаң биртоп кызматчыларынын катарында компыётерге кадалып олтуруп, карбалас ыштеп жатыптыр. сены көрүп елеңдей түштү.
- саламатсыңбы?
түшкө жуук кетмекчы елем, сены менен коштошойун деп келдым.- дедың, сен түз еле.
- сыртка чыгып сүйлөшөлүчү.
..-деп ордунан турду, канбыйке емнедендыр кабатырлангансып.
сылер ерчышып талаага чыктыңар.
- кызык адам екенсыз, кычыне акчаңызды алып койгонуман емнедеп иш ордума ыздеп келесыз? ашыкпасаңыз кайтарып берет елем го... -деп, айабай ачуулу сүйөлдү канбыйке. сен ечнерсеге түшөнбөй нес болдуң.
- адамгерчылыгыңыз ушунчалык беле? акчаны берып болуп еле сүйөм дей баштадыңыз.
.. акчанын кадырына салып сүйүүгө зордойм деп ойлойсузбу?
-деды, ал сага жекырып. сен уккан кулагыңада,
көргөн көзүңө да ышенбей, анын сөзүнөн уйалып көзүңдү башка жакка ала качтың.
- ката түшүнүп калдың карындашым,
мен акчаны деп келген жокмун... болуптур анда, карбалас болсоң жумушуңду жасайбер, кабатыр болбо... кош жакшы тур, мен кетейын...
сен ошол сөздөрдү айттың да, канбыйкеге кайрылып караганга үлгүрбөй шашылыш жолуңа түштүң.<<
акчаңызды артыңыздан салып жыберем...>
>деп кыйкырган үнүн дагы уккуң келбей ычыңен өрттөнүп бараттың. бир топ күндөн беры зееныңды козгоп, тынчыңды алган, сүйгөнгө арзыйт деп үмүтүңдү байлаган перыштеңдын сага ечкандай сезымы жок, каражанынын кайкысын жеп жүргөн жөнөкөй еле бир жан екенынен жан дүйнөң жанчылып баратты...
сен айылга кайтып келып да канбыйкены унута алган жоксуң. компыётерды ачышың менен анын көзгө тааныш сүрөтүн көпкө карап емнегедыр жүрөгүң ачышып, каңырыгың түтөп, жалынсыз күйүп жаттың. көндүм адатыңа салып бир күнү күкүктөн канбыйкеге кат жазып салам айтып да алдың. салам айтып болуп кайра өзүң чочуп кеттың. сенын бул ысык саламың канбыйке үчүн салам емес аласаны доолаган дооматтай болуп сезылбесе екен деп кабатыр болдуң. ал сенын саламыңды мурдакыдай ачык маанайда кабыл албады, анчейын <<карбаласмын>
> деп гана жооп кайрып койду ооз учунда. сен ошондо да андан күдөр үзгөн жоксуң, компыётерды ачкан сайын желеден анын сүрөтүн ыздеп таап күндө мың жолу карагандан зерыкбедың.
ылгеркы аны менен желеден көрүшүүгө ашыгып, түгөнбөгөн сөздөрдү айтышып божурашып, сезымдер сел болуп аккан бактылуу миноттарыңды естеп ычыңен от болуп күйдүң. сен чын еле аны сүйүп калгансың. шаарга барып аны ыздеп таап, жагдайды толук түшүндүрүп дагы бир жолу өтүнүп көрүүнү ойлогон болсоң да, бирок андай жасаганга емы сенын жүрөгүң жол койбоду. анан дагы емне гедыр канбыйкенын желелеш досторуңдун катарындагы сага кылчайып карап турган көркөм сүрөтүн компыётерыңен бир отоло жууп салганга колуң барбай калтырап турду. анткены, сенын сүйүүң желеге байланган болчу...
Толкун Ади
Желеге байланган сүйүү tolkun adi
#2 14 December 2012 - 16:21
ммда рахмат, кызык экен. Анан акчасын бериппи кайра аа
Журоктор ыйманга толсун.
#5 20 December 2012 - 15:21
Чыгарма абдан мыкты болгон.
Кытайлык кыргыз туугандарыбыз бүгүнкү күнгө дейре арап тамгасын колдонуп келишет. Арап жазуусунда баш (чоң) тамга жок, анан "и" деген тыбыш "ы" деген тамга менен берилип, алардын жазуусун биздин жазууга (программанын жардамы менен) оодарганда жогорудагыдай кээбир орфографиялык каталар болуп калышы мүмкүн. Аны түшүнүү менен кабылдайбыз. ..
Кытайлык кыргыз туугандарыбыз бүгүнкү күнгө дейре арап тамгасын колдонуп келишет. Арап жазуусунда баш (чоң) тамга жок, анан "и" деген тыбыш "ы" деген тамга менен берилип, алардын жазуусун биздин жазууга (программанын жардамы менен) оодарганда жогорудагыдай кээбир орфографиялык каталар болуп калышы мүмкүн. Аны түшүнүү менен кабылдайбыз. ..
Кытай,
Ички Монголия, Хух-Хото
#6 19 September 2015 - 14:12
Канбийке болбой калсын,
Жалындаган суйууну сезбеген адамдар-дагы болот э
Озу башында неге -жабышат деймда..
Жалындаган суйууну сезбеген адамдар-дагы болот э
Озу башында неге -жабышат деймда..
#9 07 October 2015 - 20:42
максаты ушул тура. Ойлогом казактыкы же кытайлык кыргыздыкы деп))). Ойлогондой эле экен. Анткени 2000 юань сурабадыбы

Супер-Инфо
super.kg
видео















