Суперстан: Пульмонология - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • > Өкмөт жооп берет
  • > Саламаттыкты сактоо министрлиги
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Пульмонология кислородко ар турдуу препараттарга муктаж адамдар

#1 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   12 Октябрь 2012 - 02:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Мен Колго бара коём деп,суук отуп,пульмонологияга жатып калган элем.Ошол кезде кислород менен дем алган оорулууларды кордум.Кислород жиберуучу апараттар жетишпейт экен.Бир кислородтуу апарат 20-25 мин сом турат.Астма менен ооругандар омур бою чачыраткыч (брызгать),дарыларга муктаж болушат .

Азыркы пульмонологиянын абалы сизди канааттандырабы?
Врачтардын мамилеси кандай?
Кандай женидиктер бар?

Балким бироо жарымга керек болуп калаар деп бул теманы ачтым!

Билдирүүнү түзөткөн: ayildik_kiz: 12 Октябрь 2012 - 02:54

Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Апрель 2013 - 17:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Просмотр сообщения ayildik_kiz (12 Октябрь 2012 - 02:52) жазган:

Мен Колго бара коём деп,суук отуп,пульмонологияга жатып калган элем.Ошол кезде кислород менен дем алган оорулууларды кордум.Кислород жиберуучу апараттар жетишпейт экен.Бир кислородтуу апарат 20-25 мин сом турат.Астма менен ооругандар омур бою чачыраткыч (брызгать),дарыларга муктаж болушат .

Азыркы пульмонологиянын абалы сизди канааттандырабы?
Врачтардын мамилеси кандай?
Кандай женидиктер бар?

Балким бироо жарымга керек болуп калаар деп бул теманы ачтым!


Суроого Саламаттык сактоо министрлигинин пресс-борборунун адиси Света Байтикова жооп берди:


Пульмонологиялык жардамдын азыркы абалы объективдүү жана субъективдүү себептерден жана кемчиликтерден улам канааттандырат деп айта албайбыз.
Алсак, дем алуу органдарынын оорулары (ДОО) – Кыргызстан калкынын эң көп кездешкен ооруларынын бири, ооруларга чалдыгуунун жалпы түзүмүндө алар чоң кишилер арасында 25-27% жана балдар арасында 45-47% түзөт. Жылына Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелерине дем алуу органдарынын оорулары менен орто эсеп менен 500-550 миң бейтап кайрылат. Белгилеп кетчү нерсе, Кыргызстанда акыркы он жылдарда ДООдон болгон өлүмдөр жогорку деңгээлде белгиленген, ал ДССУнун Европалык регионундагы өлкөлөрдө эң бийик бойдон калууда.
Ушуга байланыштуу 2003-2010-ж.ж. бизде Дем алуу органдарынын оорулары менен күрөшүү боюнча республикалык программа (2003-2007-ж.ж.) жана “Өпкө саламаттыгы” Республикалык программалар (2007-2010-ж.ж.) ишке ашырылган. Бул программалар Кыргыз-Финн өпкө саламаттыгы боюнча долбоорунун колдоосу менен жүргүзүлдү.
Финн эксперттери менен бирге өткөрүлгөн талдоо көрсөткөндөй, ДООдон болгон өлүмдөрдүн көп болуу себептери ар кандай жана медициналык жардамдын жетишсиз деңгээлине да, тобокел факторунун жогорку деңгээлине (тамеки чегүүгө) жана сергек эместурмуш үлгүсү кеңири таркагандыгына байланыштуу болуп турат. Мындан тышкары, ДООдон өлүмдөрдүн көп болуу себеби болуп абаны булгаган ТЭЦ жана өнөр жай ишканалардын түтүнү, автомобилдик газдар, айыл жергесинде көмүр-отун жагуудан бөлмө ышталганы саналат. Акыры, ДООдон болгон көп өлүмдөрдун маанилүү фактору болуп бийик тоолуу шартта жашаганы саналат.
Дарыгерлердин кызматка болгон мамилеси кызматтын жабдылышы оңолгону жана кызматкерлердин окутулушунан улам жоопкерчиликтүү болуп баштады.
Алсак, аталган программалардын алкагында ДООдо медициналык жардам көрсөтүү деңгээлин көтөрүү үчүн кыйла иш-чаралар көлөмү өткөрүлгөн, атап айтсак, Кыргызстандын бардык дарыгерлери пульмонология боюнча окутулду жана жабдылды, Кыргызстандын бардык пульмонологиялык жана облустук ооруканалар жабдыктар менен жабдылды, дары-дармектер менен камсыз кылуу жакшыртылды (алсак, ДОО дарылоо үчүн бардык негизги дары-дармектер МКПга жана ММК КПга камтылды), кыргыз жана орус тилдеринде 100 нускадан ашуун тираж менен билим берүү материалдар иштелип чыгып, басып чыгарылды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында ДООдон өлөмдөр санын кыйла азайтууга жетиштик, жогоруда аталган мезгил ичинде оорулардын ушул тобунда гана жакшы жеткишкендиктер байкалган. Алсак, 2003-жылдан 2010-жылга чейин ДООдон болгон өлүмдөр 37% азайган. Бардык облустук жана аймактык ооруканаларда бүгүнкү күндө дем алуу органдарынын функцияларын изилдөө үчүн, ингаляциялык жана кычкылтектик терапия жүргүзүүгө жабдыктар бар жана колдонулат. Ошентип, пульмонологиялык жардам көрсөтүүдө дурус натыйжалар бар десек жаңылышпайбыз.
Бирок, албетте, бул ишти мындан ары өркүндөтүү керек, айрым жаңы технологияларды ишке киргизүү зарыл. Дары-дармектер менен камсыз кылууну, жабдыктарды сатып алууну пландуу тартипте жүргүзүү керек.
Бирок, эң башкысы, квалификациялуу медициналык кадрлар керек, өзгөчө саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинде, анткени ДОО менен ооруган 500 миң бейтаптын ичинен 450-460 миңине диагнозду үй-бүлөлүк дарыгерлер коюшат жана дарылоону өткөрүшөт. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө баштапкы деңгээлде иш шарты жакшы болбогондуктан, дарыгерлердин жетишсиздиги өтөт сезилип турат. Талдоо көрсөткөндөй, көп окутулган, квалификациялуу үй-бүлөлүк дарыгерлер системадан кетип калышты. Бул азыркы күндө пульмонологиялык жардам көрсөтүү чүнү гана эмес, жалпысынан саламаттык сактоо системасы үчүн негизги коркунуч болуп турат.
Башка жагынан алып караганда, калктын өз ден соолугуна болгон кайдыгер мамилени белгилеп кетиш керек. Акыркы бир нече жылдарда тамеки чеккендердин саны азайбастан, тескерисинче эки эсеге көбөйдү! Калктын көпчүлүгү сергек эмес турмуш үлгүсүндө жашайт, ошол эле мезгилде өз ооруларына дарыгерлерди күнөөлөшөт. Дагы бир жолу баса белгилеп кетиш керек, тобокел факторлор менен күрөшүү өтө маанилүү, бирок бул биринчи кезекте дарыгерлерге эмес, адамдын өзүнө көз каранды!
Дем алуу органдарынын ооруларын натыйжалуу алдын алуусун жогорулатуу үчүн азыркы мезгилде Саламаттык сактоо министрлиги “Кыргыз Республикасында 2013-20120-ж.ж. негизги инфекциялык эмес ооруларды контролдоо жана алдын алуу мамлекеттик программасы” иштелип чыгууда., ал ДООдон сырткары, жүрөк-кан тамыр, онкологиялык ооруларды жана диабетти камтыйт. Бул программада басым секторлор аралык кызматташууга жана ишмердүүлүккө жасалат, анткени Президент Аппаратынын, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн иштиктүү аракеттери гана өлкөдөгү калктын ден соолугуна байланыштуу кырдаалды өзгөртүшү мүмкүн. Саламаттык сактоо министрлиги бул ишмердүүлүктүн негизги консультанты болушу керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июн 2025 01:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: