Мен аты-жөнүмдү өзгөртөйүн дегем, жаңы паспорт алуу үчүн кандай документтерди топтошум керек?
Аты-жөнүн өзгөртүүнү көздөгөндөргө жаңы паспорт алуу үчүн... Редакцияга келип тушкөн суроолордон
#2 16 October 2012 - 09:42
Мен аты-жөнүмдү өзгөртөйүн дегем, жаңы паспорт алуу үчүн кандай документтерди топтошум керек?
Керектүү документтер жана төлөмдөр:
1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү).
2. Ата-энесинин паспорттору (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү).
3. Аскердик билет (1-26-беттердин көчүрмөсү) же аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүк (1-2-беттердин көчүрмөсү) жана түп нускасы.
4. Жашаган жеринен маалым кат.
5. №1-форма карточкасы (бул жергиликтүү паспорттук столдон берилет).
6. Сүрөт 4 даана (4Х6 көлөмүндө, түстүү, ачык фондо, баш кийимсиз жана көз айнексиз).
7. Социалдык коргоо күбөлүгү.
8. Салыктарды төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк (паспортту жасоого 1,18 евро (72 сом), арыз бланкына 0,43 евро (26 сом) жана мамлекеттик төлөм 30 сом. Бул төлөмдөр банкка же паспорттук столдун ичиндеги кассага төлөнөт).
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер жана төлөмдөрдөн сырткары төмөнкүлөр керек:
1. Алмаштырууга зарыл болгон паспорт (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү).
2. Аты-жөнүн өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (жарандык ал-абалынын актыларын жазуу бөлүмүнөн (ЗАГС) алынат).
3. Нике тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү, эгер никеси жок болсо, талап кылынбайт).
Паспорттук столдун иш тартиби:
Дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин.
Кээ бир аймактарда шаршемби күнү саат 12:00гө чейин гана иштейт.
Түшкү тамактануу – саат 12:00дөн 13:00гө чейин.
Ишемби жана жекшемби – дем алыш.
Эскертүү! Паспортко төлөнүүчү төлөмдөр КРнын Улуттук банкынын еврого болгон курсу менен эсептелинет (10-октябрга карата 1евро=60.88 сом).
Жогорудагы маалымдамалар КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынан алынды.
#3 17 October 2012 - 15:02
Менин баламдын фамилиясын которсом (озгортсом) болобу? Паспорт эмес Туулгандыгы жонундо куболук
Мисалы:
Мен Баратов Тилек Джамалидинович
балам Джамалидинов Исабек Тилекович
атам Баратов Джамалидин Абдимажитович
ушунун ичинен баламды Баратов Исабек Тилекович кылыш керек, кандай документ керек.
Мисалы:
Мен Баратов Тилек Джамалидинович
балам Джамалидинов Исабек Тилекович
атам Баратов Джамалидин Абдимажитович
ушунун ичинен баламды Баратов Исабек Тилекович кылыш керек, кандай документ керек.
#4 17 October 2012 - 15:25
А мен башта фамилиямды озгорткомда.
Кайрадан аты жонуму озгортсом болобу?
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#5 17 April 2013 - 16:49
Менин баламдын фамилиясын которсом (озгортсом) болобу? Паспорт эмес Туулгандыгы жонундо куболук
Мисалы:
Мен Баратов Тилек Джамалидинович
балам Джамалидинов Исабек Тилекович
атам Баратов Джамалидин Абдимажитович
ушунун ичинен баламды Баратов Исабек Тилекович кылыш керек, кандай документ керек.
Мисалы:
Мен Баратов Тилек Джамалидинович
балам Джамалидинов Исабек Тилекович
атам Баратов Джамалидин Абдимажитович
ушунун ичинен баламды Баратов Исабек Тилекович кылыш керек, кандай документ керек.
Суроого КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков жооп берди:
Болот, бул маселе боюнча жергиликтүү граждандык абалдыкаттоо бөлүмдөрүнө кайрылсаңыз (ЗАГС), ошол кызматкерлер чечип беришет.
#6 17 April 2013 - 16:50
А мен башта фамилиямды озгорткомда. Кайрадан аты жонуму озгортсом болобу?
Суроого КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков жооп берди:
Сиз дагы бул маселе боюнча жергиликтүү граждандыкабалды каттоо бөлүмдөрүнө кайрылсаңыз (ЗАГС), ошол кызматкерлер жеринде маселенини карап чыгып анан жооп беришет. Себеби сиздин документтерди көрбөй туруп бир нерсе айтыш туура эмес болуп калат.

Супер-Инфо
super.kg
видео










