КТРКнын журналисттерин токмоктоогон ЖКнын экс-депутатынын уулу Айдин Кулбаев экен
#1 09 January 2013 - 14:40
Жаӊы эле Соӊку кабарлардан КТРКнын журналисттерин токмоктоогон ЖКнын экс-депутатынын уулу Айдин Кулбаев экенин окуп шок болдум. 7-январда Бишкектин Ата-Түрк сейил багынын аймагындагы Малдыбаев №16 үйүнүн жанынан эфирге сюжет даярдап жүргөн Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо" маалымат программасынын журналисттери Ширин Асанакунова менен Бурулай Пусурманкулова белгисиз адам тарабынан токмоктолгон. Журналисттер аталган парктын аймагындагы элиталык үйлөрдөгү электр-энергиясын мыйзамсыз пайдалануу иштери боюнча эфирдик материал даярдап жүрүшкөн экен. Ошол учурда маалым болгондой КТРКнын 2 журналистин 1983-жылы туулган Айдин Кулбаев аттуу жигит сабап салган. Андан кийин качып кеткен окшойт. Кабарлардан окуганымда ал 8-январда кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алыныптыр. Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, ЖКнын экс-депутаты Абдраим Кулбаевдин уулу жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Аида Кулбаеванын бир тууган иниси экени белгилүү болду. Окуп алып чын эле шок болдум. Байкуш кабарчылар өз ишин аткарып жүрүшсө неге сабайт? Ушундай чиновниктер электр энергиясы үчүн акча төлөшпөйт, жүрө беришет, анан ортодо бизге окшогондорго чачыратып, төлөтүшөт. Өткөндө 120 сом карыз экенсиӊер деп светти кесип кетишиптир, каным кайнаганын айткыла, миллиондогон карызы барлар ушинтип жүрүшөт, а биз 100 сом карыз болсок ушундай мамиле... Аны билип, дадилдеп көрсөтөм деген журналисттерге мындай мамиле... Келгиле ушул жаатта талкуу жүргүзөлү. "Чоӊдорго" баары боло береби? Энергетика жаатында иштегендер ишин "эӊ сонун" жүргүзүп жаткан үчүн ушул проблемага туш болуп жаткан жокбузбу? Экс-депутаттын уулу эртеӊ акталып чыкса кандай түшүнөбүз?..
#2 09 January 2013 - 14:47
Кабарчылардын бири ооруканада окшойт, жаӊылбасам Ширин Асанакунова.
Ал бир топ эле жаракат алган экен. Экинчиси деле, эси оогончо сабалганын жаӊылыктардан айтып жатышкан. Ушул кандай болсун. Кабарчыга, кыз кишиге ушундай кол көтөргөн "АЗАМАТ"
ким болду экен?! Акыл эси ордундабы? Эмне үчүн билегине таянды?
Кабарчы кыздарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм, ал эми тиги токмоктогон жигитке сөз жок.
Кабарчы кыздарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм, ал эми тиги токмоктогон жигитке сөз жок.
#3 09 January 2013 - 15:15
Абдан эле жаман болуптур.Журналист кыздарда эмне күнөө.Атасынын акчасына көпкөн го.Керегинче пайдаланып алышып,төлөгөнгө келгенде качышат.Карапайым калк болсо үнөмдөп бир комнатага бала-чакасы менен тыгылышат.Балык башынан сасыйт деп бекер айтылбайт да.Электр энергиясына төлөбөгөн акчасын эми сотко төлөйт.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#4 09 January 2013 - 17:46
Биздин чондорубуз эч качан адам болбой калышты го.Кантип,анан Кыргызстаныбыз онугот.Чондордун ушул кылык-жоруктарынан улам элибиздин жашоо тиричилиги онолбой жатса,анан жаштардын баары чет жактардын жарандыгын алып кетип жатышпайбы.
Уялышпай дагы жаштарыбызды Кыргызстанга мекенине кайрыш керек,чакырыш керек деп коюшат.
#5 09 January 2013 - 22:26
Тема оз болумуно жылдырылды!
Авторго эскертуу!
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#6 10 January 2013 - 05:05
Бугун ушул жанылыкты апамдан уктум эми кабарчыларга эркиндик берет дейт. Айланайын санаалаштар бул жерде олтуруп зээн кейиткендин пайдасы тийсе кана жакшы болмок биз биринчи озубузду тарбиялап жакшы окуп жаштар чогулуп ар мамлекеттен барып чын эле бир уюм ачып озубузчо иш жургузуп элге жардам берсек болмок кары теке саясатчыларды карап олтура бербей
Эркиндик-
мейкиндик алкагында!
#8 10 January 2013 - 22:40
Копту го булар,соз жок чондордун кылыктарына.
Эх эгер бийликте болгонумда ушул акмак адамдарды эмне кылышты озум билмекмин...
#9 11 January 2013 - 14:46
Куноолуу оз жазасын алсын!!!
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#10 13 January 2013 - 00:02
Барга КОПБО дегени ушуда...
Аябай бактылуумун жана туболуко бактылуу болом!!!Инша Аллах....
#11 22 January 2013 - 14:19
Ааааааааааааааааааааааааа
Менин возмущениемде чек жок. КТРКнын журналисттери арызын алышканга тан калып жатам. Бет деген жок экен. Мен журналист Бахиянаны тигиндей абалга чейин жеткизишти, булар тигил сабаган зоокурду кеминде 5 жылга каматышат дегем. Байлык, бийлик баарын чечип калган экен. Ушул КТРКнын журналисттери укмуш актриса экен. Эл алдында, камера алдында улуп уншуп ыйлашты эле.
Менин возмущениемде чек жок. КТРКнын журналисттери арызын алышканга тан калып жатам. Бет деген жок экен. Мен журналист Бахиянаны тигиндей абалга чейин жеткизишти, булар тигил сабаган зоокурду кеминде 5 жылга каматышат дегем. Байлык, бийлик баарын чечип калган экен. Ушул КТРКнын журналисттери укмуш актриса экен. Эл алдында, камера алдында улуп уншуп ыйлашты эле.
Жашоо улана берет!
#12 28 January 2013 - 14:45
СДПК партиясынын депутаттары ошондой болуп самындын кобугундой кобуп калган. Иштеткен светине акча толобойт да ошол кантип депутат.
#13 28 January 2013 - 16:51
Мени таң калтырганы тиги баатырдын кыздарга кол көтөргөнү болду. Анан оператор бала камеранын сак-саламат болуусу үчүн аларга жакындабай турганы... Бийликти тоготпогону,
ошол мамлекеттик каналдын кабарчыларын ур-токмокко алганынан эле көрүнүп турбайбы...
Аман эле болсун. Кабарчы кыздардын арызын кайра алганы бир күмөн туудурат. Бирок, аны изилдеп чыгуу биздин колдо эмес да.
Аман эле болсун. Кабарчы кыздардын арызын кайра алганы бир күмөн туудурат. Бирок, аны изилдеп чыгуу биздин колдо эмес да.
тоголок жерде, тоголок суроолорго бай болгон тоголок жашоо....

Супер-Инфо
super.kg
видео


















