Суперстан: Бөрү жатыш - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Дерматология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бөрү жатыш Кеңеш бергилечи

#1 Пользователь офлайн   enigma   28 Октябрь 2012 - 23:19

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 315
  • Катталган: 24 Апрель 12
  • Соңку аракети: 19 Янв 2013 16:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Асман менен жердин ортосу

Бир айдай болуп калды саныма бир нерсе чыгып жаткан. Ал нерсе аары чакканда ишийт го, домпоюп. ошондой болуп саныма чыгат, анан кычышат. Тырманам. Дагы кычышыт. Дагы тырмалайм. анан через какое-то время(кээде жарым саат, кээде бир саат) домпойгон жерлер озунон озу жоголуп кетет, кудду денеме эч нерсе чыкпагандай . апама айтсам АЛ ООРУ БООРУ ЖАТЫШ ОКШОЙТ ,ЖУГУШТУУ ЭМЕС, СУУКТАН ЧЫГАТ, ЫСЫК ЖУР деди. а мен ысык эле журом. кож.вендиспансерге барайын дейм, биррок, убакыт таппай жатам.
анан ошол домпойгондор мурда бутума эле чыкса , азыр мойнума, желкеме, алаканыма чыга баштады. бугун болсо козумун чекесине да чыгып алыптыр.
ким ушул оору менен тааныш болсо, мага кабар билдирип коюнуздарчы. кантип кутулса болот, эмнеден улам чыгат?
Жашоо деген сандык экен,
Сандыкты ачасын сен умут менен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   laki   29 Октябрь 2012 - 00:03

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 788
  • Катталган: 14 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 19 Май 2024 19:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Текес 特克斯

Jelik dep koichu ele, apanyz tuura aitkan. jyluu jurunuz, suuktuk tamaktardan koro ysyktyk tamak menen azyktanynyz! misaly, "jash sorpo" (koidun eti bolsun, azyr kochodo koidun eti dep ele echkinin etin sata berishet.) echkinin eti bolboit.
Эн кызыгы, олдум деп мин кайталасан да жашай бересин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   enigma   29 Октябрь 2012 - 00:04

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 315
  • Катталган: 24 Апрель 12
  • Соңку аракети: 19 Янв 2013 16:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Асман менен жердин ортосу

Просмотр сообщения laki (29 Октябрь 2012 - 00:03) жазган:

Jelik dep koichu ele, apanyz tuura aitkan. jyluu jurunuz, suuktuk tamaktardan koro ysyktyk tamak menen azyktanynyz! misaly, "jash sorpo" (koidun eti bolsun, azyr kochodo koidun eti dep ele echkinin etin sata berishet.) echkinin eti bolboit.

рахмат.
кой шорпосун ичсем айыгамбы?
оору жугуштуу эмеспи
Жашоо деген сандык экен,
Сандыкты ачасын сен умут менен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Aydashka   29 Октябрь 2012 - 00:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Просмотр сообщения enigma (28 Октябрь 2012 - 23:19) жазган:

Бир айдай болуп калды саныма бир нерсе чыгып жаткан. Ал нерсе аары чакканда ишийт го, домпоюп. ошондой болуп саныма чыгат, анан кычышат. Тырманам. Дагы кычышыт. Дагы тырмалайм. анан через какое-то время(кээде жарым саат, кээде бир саат) домпойгон жерлер озунон озу жоголуп кетет, кудду денеме эч нерсе чыкпагандай . апама айтсам АЛ ООРУ БООРУ ЖАТЫШ ОКШОЙТ ,ЖУГУШТУУ ЭМЕС, СУУКТАН ЧЫГАТ, ЫСЫК ЖУР деди. а мен ысык эле журом. кож.вендиспансерге барайын дейм, биррок, убакыт таппай жатам.
анан ошол домпойгондор мурда бутума эле чыкса , азыр мойнума, желкеме, алаканыма чыга баштады. бугун болсо козумун чекесине да чыгып алыптыр.
ким ушул оору менен тааныш болсо, мага кабар билдирип коюнуздарчы. кантип кутулса болот, эмнеден улам чыгат?

Туура айтасыз,бул оору-жугуштуу эмес.Бөрү жатыш аллергиялык оору түрүнө кирет.Оору капысынан башталат. Кол, бут, чанда бетке бүдүрлөр чыгат. Бүдүрлөрдүн көлөмү жана формасы ар түрдүү, ачык мала кызыл, кээде ак түстө болуп, ортосу томпоюп турат. Абдан кычышып, дүүлүгөт, көлөмү жана формасы өзгөрүлүп турат. Көп учурда бүдүрлөр бир нече сааттан кийин эле эч так калтырбай жоголот. Бүдүрлөр чыккан дене ысыйт, оорулуунун алы кетип, сабыркайт. Кээде ал өтө чоң болуп, жумшак таңдайдын, кулкундун, ички органдардын былжыр чели шишийт. Бөрү жатыштын бул формасы өтө оор өтөт. Мындай учурда тезинен врач чакыруу зарыл.Сиз кеч болуп,денеңизге жайылып кете электе адисттерге кайрылыңыз. Бул оорунун келип чыгышына ар кандай себептер болот:
Дарыдан улам келип чыккан бөрү жатыш.
Тамак-аштан улам келип чыккан бөрү жатыш.
Сууктан (суукта калган соң адатта 1-2 суткадан кийин билинет) улам келип чыккан бөрү жатыш.
Ысыктан (кош бойлуу кезде, этек кир келер алдында, сууктан ысыкка киргенде) улам келип чыккан бөрү жатыш.
Уудан (чалкан чакса, курттардын түктөрү денеге тийсе, аары чакса ) улам келип чыккан бөрү жатыш.
Күн нурунан (күндүн ультрасыя, инфракызыл нурунан) улам келип чыккан бөрү жатыш.
Эмдөөдөн улам келип чыккан бөрү жатыш.

Сөзүз бул ооруну доктурга 10күндөй жатып дарыланышыңыз керек.1-2 ай диета кармоо керек.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   enigma   29 Октябрь 2012 - 00:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 315
  • Катталган: 24 Апрель 12
  • Соңку аракети: 19 Янв 2013 16:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Асман менен жердин ортосу

Просмотр сообщения Aydashka (29 Октябрь 2012 - 00:07) жазган:

рахмат, сиз айткан оорунун белгилери дал келип жатат. домпокчолордун формасы озгорот
Жашоо деген сандык экен,
Сандыкты ачасын сен умут менен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   cholpon_b   30 Октябрь 2012 - 03:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 221
  • Катталган: 29 Март 07
  • Соңку аракети: 21 Апр 2019 20:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан :)

Просмотр сообщения Tentewka (29 Октябрь 2012 - 17:50) жазган:

аллоо,ой аллооо угулбай жатавы?Сүрөт

Доктор жана Тентешка силерге эскертуу!
Надо во всём быть 1-ой, всегда иметь 2-ую половинку, никогда не быть 3-им лишним, иметь свой 4 уголка, что бы всё в жизни было на 5, иметь 6-ое чувство и быть на 7-ом небе от счастья!!! Не вижу смысла быть несчастной, имею наглость быть счастливой! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   miniusha   30 Октябрь 2012 - 09:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 893
  • Катталган: 10 Апрель 12
  • Соңку аракети: 01 Май 2014 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:no comment...

Менин дагы иним ушундай оору менен жабыркайт,корунбогон врачы калган жок канча анализ тапшырды частныйлар аман эле болушсун, куртттан деп анализ тапшырды баары таза, диета баарын кылды жардам жок, жанагы кетотифенди нандай эле жеп журот азыр,негизи аллерго центр бар го ошол жакка барсан 30 нерсеге тест кылып корот, ошондо билинет эмнеден болуп жатканы. Негизи кайненем айтып калат меники дагы бору жатыш бар болчу сууктан чыкчы деп анан карышкырдын тырмагы болот экен шону ырымдап тагынып журуп калып калыптыр,оорунун аты эле айтып турбайбы (бору-карышкыр). Ошол иниме айтсам ширк деп болбойт намаз окуйт да, бирок ошол эле калды, баарын корду, жаман зээнин кейийт да бул бара бара кобойот экен да.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Daud   30 Октябрь 2012 - 10:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Aydashka (29 Октябрь 2012 - 00:07) жазган:

Дарыдан улам келип чыккан бөрү жатыш.

Сөзүз бул ооруну доктурга 10күндөй жатып дарыланышыңыз керек.1-2 ай диета кармоо керек.

Дарыдан улам келип чыккан бөрү жатыш жөнүндө анан кандай диета кармоо керектиги жөнундө маалымат бере аласызбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Aydashka   30 Октябрь 2012 - 13:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Просмотр сообщения Daud (30 Октябрь 2012 - 10:22) жазган:

Дарыдан улам келип чыккан бөрү жатыш жөнүндө

Жогоруда бөрү жатыштын "дарыдан келип чыгышы" дегеним,үй шартында өз алдынча дары ичкенде адамдын организми ошол дарыга аллергиясы бар экенин билбей ичкенде чыгып кетиши ыктымал.Организмдеги инфекция очогу, ички органдардын оорулары тери ооруларына түрткү берүүчү ички фактор болуп эсептелет.Бардык факторлор теринин сезгенүү, кан куюлуу, катуулануу, пигментациянын, теринин азыктануусунун бузулушу жана башкалар патологиялык процесстерди пайда кылат. Мунун натыйжасында кызыл бүдүрлөр, ар кандай формадагы жана түстөгү тактар пайда болот.Ал эми кийин адистерге кайрылганда, ошол аллерголог же дермтологдун гана кеңеши жана көзөмөлүндө болуп бөрү жатышка каршы укол,дарыларды колдонот.Ар кандай изилдөөлөрдүн жардамы менен тери ооруларынын диагнозун аныктап, туура дарылоону сунуш кылат.Дарылоодо бөрү жатышка каршы дарылардын ичинен сезгенүүгө каршы таасир берүүчү синтез жолу менен алынган препараттар, гормондордон — кортикостероид препараттары, витаминдер, сыйпоого — май дарылары жана башка колдонулат.
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Aydashka   30 Октябрь 2012 - 13:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Просмотр сообщения Daud (30 Октябрь 2012 - 10:22) жазган:

кандай диета кармоо керек?

Oоруну күчөтпөс үчүн эмгек менен эс алуу режимин сактоо, туура тамактануу жана башка зарыл,көп учурда айрым тамак-аш (айрыкча жумуртка, бүлдүркөн, шоколад, бал, айрым балыктар) жана дарылар (көбүнчө антибиотиктер) жакпаганда болот. Дүкөндө сатылган катырылган нандар (сухарилер) өтпөй калган нандардан жасалып, даамын жакшыртуучу заттар кошулат. Андыктан нанды үйдө бышырып алып катырып, колдонгон жакшы. Айран, чай ичүүгө, өңү жашыл түстөгү жемиштерди (сырты жашыл алма, бананды, бирок модификацияланган болбошу керек!), газдалбаган сууну ичүүгө, кантты, өсүмдүк майына даярдалган суюк тамакты колдонууга болот. Ал эми йогурт, газдалган суусундук өзгөчө кока-кола, фанта дегендерди, тооктун, жылкынын этин жегенге болбойт. Булар бөрү жатышты ого бетер көбөйтөт. Уйдун, койдун семиз эмес этинен шорпо кайнатып ичүүгө, этин жегенге уруксат. Бирок шорпосу бир кайнап чыккан соң аны төгүп салып, кайра суу куюп кайнатып, анан ичүү керек. Бул экинчи кайнатма деп аталат.

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 30 Октябрь 2012 - 13:24

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   30 Октябрь 2012 - 18:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Женемдин денесине кез кезде бору жатыш пайда болот.Биз укканыбызга караганда бору жатышты козгой турган болуп жузум да эсептелет экен.Жузумдон кобуроок жеп койсо да бору жатыш чыгып кетет.Азырынча эч кандай кыйналбай эле себеби жаны башталып жатат ,маалыматыныздарга рахмат,врачка кайрылып коруусун сунуштайм женеме.
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Daud   02 Ноябрь 2012 - 13:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Aydashka (30 Октябрь 2012 - 13:15) жазган:

Oоруну күчөтпөс үчүн эмгек менен эс алуу режимин сактоо, туура тамактануу жана башка зарыл,көп учурда айрым тамак-аш (айрыкча жумуртка, бүлдүркөн, шоколад, бал, айрым балыктар) жана дарылар (көбүнчө антибиотиктер) жакпаганда болот. Дүкөндө сатылган катырылган нандар (сухарилер) өтпөй калган нандардан жасалып, даамын жакшыртуучу заттар кошулат. Андыктан нанды үйдө бышырып алып катырып, колдонгон жакшы. Айран, чай ичүүгө, өңү жашыл түстөгү жемиштерди (сырты жашыл алма, бананды, бирок модификацияланган болбошу керек!), газдалбаган сууну ичүүгө, кантты, өсүмдүк майына даярдалган суюк тамакты колдонууга болот. Ал эми йогурт, газдалган суусундук өзгөчө кока-кола, фанта дегендерди, тооктун, жылкынын этин жегенге болбойт. Булар бөрү жатышты ого бетер көбөйтөт. Уйдун, койдун семиз эмес этинен шорпо кайнатып ичүүгө, этин жегенге уруксат. Бирок шорпосу бир кайнап чыккан соң аны төгүп салып, кайра суу куюп кайнатып, анан ичүү керек. Бул экинчи кайнатма деп аталат.

Маалымат үчүн ырахмат. Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   enigma   04 Ноябрь 2012 - 01:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 315
  • Катталган: 24 Апрель 12
  • Соңку аракети: 19 Янв 2013 16:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Асман менен жердин ортосу

2кун мурун кожвенге барып, врачка корундум. врач мага
РОЛИНОЗ деген таблетка даарыны кунуно 1жолудан 10кун ичесин
АМОКСИЦИЛЛИН кунуго 3жолудан 10кун ичесин
КАЛЬЦИЙ ГЛЮКОНАТты 10кун укол ал деди.
10кундон кийин результатын коромго, анан дагы жазып кетем.

бул боору жатышты 2туру бар экен:
1. острый
2.хронический

бул оору отуп кетсе, жаман экен гуглдан суротторду коруп алып шок болдум. КРАПИВНИЦА деп издесенер

Билдирүүнү түзөткөн: cholpon_b: 09 Ноябрь 2012 - 00:54

Жашоо деген сандык экен,
Сандыкты ачасын сен умут менен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Konilove   08 Ноябрь 2012 - 16:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 30 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Сен 2023 09:41
  • Жынысы:Белгисиз

Бул оору менде дагы бар болчу.Качан тороп кан алмашканда балана отуп кетет экен.Апамада кыз мезгилинде да бору чатыш чыкчуу экен.Апамдан мага откон бейм,мага да чыгып жургон.Азыр балалуу болгондон кийин чыкпай калды.Мумкун сеники дагы жок болуп кетер кан алмашканда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Feijipiao   06 Сентябрь 2014 - 13:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Бөрү жатышта
Бул майда кызыл бүртүкчөлөр, айрым учурда бир чоң такка айланат. Ал абдан кычышат жана сайгылашып да оорутушу ыктымал. Кээде ал териге караганда кубарыңкы келип четтери кызыл ичке тилке менен курчалат. Бүртүкчөлөрдүн ордунда кээде ыйлаакчалар пайда болот.
Бөрү жатыш коркууга, чатакташууга, нервге доо кеткенге, диабетке, нефритке байланыштуу чыгат. Ошондой эле аллергиядан улам пайда болгон ашказан бөрү жатышы да кездешет. Бирок, бөрү жатыштын эменеден пайда болгонуна карабастан алгач ашказанды тазалоо керек, ал үчүн адаттагыдан көбүрөөк өлчөмдөгү ич алдыруучу дары ичүү зарыл. Андан кийин бир нече убакытка чейин өсүмдүк азыктарынан гана жасалган тамактарды жейт. Эгерде андай кылууга мүмкүнчүлүк жок болсо эң башкысы майлуу эт, чочко эти, куш эти жана ачуу татымалдарды жебеш керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   kanyshaikg   24 Октябрь 2014 - 23:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

ага конул бурбай тырмабай,жылу жатыа алсаныз эч нерсе болбой калат. эгер чыдабайм десениз аллергиянын дарысын ичип алыныз.карышкырдын тишин же чукосун тагынсаныз жакшы жыйынтык берет.мен да бат-баттан болуп турат
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   fittoniya   27 Октябрь 2014 - 17:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 133
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 09:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.

Мен дагы кызыма карышкырдын чукосун таккам.ош базарда сатат 500 сом.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   kanyshaikg   28 Октябрь 2014 - 11:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

карышкырдын тиши чукосу жакшы жардам берет экен
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   LEDI7MERI   30 Октябрь 2014 - 08:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 08 Май 14
  • Соңку аракети: 30 Май 2015 16:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токмок-Москва

Мага да пайда болду. Кулагымдын артына,.башыма, колдорума,манжаларыма, ичиме,сандарыма чыгат. Нервтенгенде. сразу чыгат. Зодак ичем.кычышып, абдан оорутат. Эгерде карышкыр жардам берсе анда сөссүз алам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   kanyshaikg   03 Ноябрь 2014 - 18:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 01 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 02:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:талас

тавегил деген дары бар аны ичсен уктайсын анан кунандан соо болуп чыга келесин
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дерматология
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: