Эки неберем бар. Бири 5те, экинчиси 4тө. Уулум, кыздардын атасы иштебейт, ичкиликке жакын неме. Келиним болсо биринчи кызын 3 айында таштап кеткен эле. Кийин 6 айдан боюмда бар деп келип, айылдагы төрөтканада төрөп, 20 күндөн кийин анысын да таштап, Орусияга кетип калган. Ара-тородо чалып калат, кыздарым барбы деп. Кыздарынын экөөсүнүн тең туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн албаптыр. Откөндө бирөөсү тыйын жутуп алган экен, Бишкек барып дарылатып келдим. Анда да документ боюнча кыйынчылык жаралып, эптеп тааныштар аркылуу дарылаттым.
Келиниме келип куболук алып берип кет десем, "силер мени энелик укуктан ажыратканы жатасынар"
деп болбойт. Бироосу мектепке барайын деп калды. Куболугу жок албайт да аны да. Кантип неберелериме куболук алсам болот? Жардам бергилечи, кагылайындар.
Кудакеев Жеңиш,
Таластан.
Неберелериме туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жүрөм Редакцияга келген суроолордон
#2 24 October 2012 - 02:02
Неберелериңизге күбөлүк алыш үчүн балаңыздын ЗАГСы менен балдардын төрөлгөндүгү тууралуу справкасы керек.Неберелериңиз чоңоюп калыптыр.Эми сизге бала тирүү деген справка алышыныз керек.Жашаган жериңизден.
Кызыңыздын кыздарына келсек.Алардын да ЗАГСы керек.Эртерээк аракет кылбасаңыз кийин мындан да кыйын болот.Эгер сиз айылда жашасаңыз.Айыл өкмөткө кайрылыңыз.
Алар сизге тийиштүү мекемеге жөнөтүшөт.Төрөлгөндө эле алып койсоңуз бул проблема жок болмок.Балаңыз келиниңиз менен чогуу жашайбы?
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#3 24 October 2012 - 16:37
Неберелериңизге күбөлүк алыш үчүн балаңыздын ЗАГСы менен балдардын төрөлгөндүгү тууралуу справкасы керек.Неберелериңиз чоңоюп калыптыр.Эми сизге бала тирүү деген справка алышыныз керек.Жашаган жериңизден.
Кызыңыздын кыздарына келсек.Алардын да ЗАГСы керек.Эртерээк аракет кылбасаңыз кийин мындан да кыйын болот.Эгер сиз айылда жашасаңыз.Айыл өкмөткө кайрылыңыз.
Алар сизге тийиштүү мекемеге жөнөтүшөт.Төрөлгөндө эле алып койсоңуз бул проблема жок болмок.Балаңыз келиниңиз менен чогуу жашайбы?
Тилекке каршы, баласы меен келини чогуу жашабайт экен. Келини Орусиялап кетиптир. Келинине келип алып бер десе, энелик укуктан ажыратканы жатасынар деп болбойт имиш. Нике куболугу да жок экен булардын. Абышка телефондон арыз арманын айтып жатып ыйлап да алды. аябай боорум ооруду. кемпири да каза болуп калыптыр. Ушундай аракеч балдардан Кудай сактасын.

Супер-Инфо
super.kg
видео








