Суперстан: „Хадис” . - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.

#1061 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   20 Июнь 2015 - 20:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз


БАЙЛАРДЫН СООПТУУ БОЛУШУ.
Ошол эле Абу Зарр (рози Аллоху анху) нун айтымында: Алланын Элчисинин сахабаларынан (пикирлеш, санаалаш замандаш жоро- жолдошторунан бир нечеси) Алланын Элчисине: «О, Алланын Элчиси, байлар бизден көп сооп табышат экен, анткени алар (деле) биздей эле намаз окуп, биздей эле орозо тутушат да өздөрүнүн ашык оокаттарынан садака кылышат»- дешти. Алланын Элчиси айтты:
«Сооп тапчу садакаларды Алла силерге деле бербедиби: Ар – бир Тасбих1 бул –садака (сооптуу иш), ар бир Такбир2 бул – садака, ар бир Тахмид3 бул – садака, ар бир Тахлил4 бул да садака, жакшылыкка буйрумак (башкаларды үгүттөп-чакырмак) бул –садака, күнөлүү иштерден (башкаларды) кайтармак бул да – садака, ар бириңди жыныстык жакындашууң (өз аялдарыңарга) бул да – садака»-деди. Алар:
«О Алланын элчиси, эгер бизден бирөө (аялына) жыныстык кумарын кандырса ал ошондон да сооп табабы?»- дешти. Ал (Алланын Элчиси) айтты:
«Айткылачы, эгер ал арамга (арам иштерге) барса күнөөлүү болобу? Албетте,, ошол сыяктуу эле өзүнүн никелүү адал аялына барса сооп табат». (Муслимден).



1Тасбих- Субханаллах- (Кемчиликтерден таза, телегейи тегиз Алла деген мааниде).
2 Такбир-Аллаху Акбар (Алла улук, улуу).
3 Тахмид-Алхамду лиллах (Аллага мактоолор болсун).
4 Тахлил- Лаа иллаха иллаллох (Алладан башка кудай жок).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: mountain-stream-early-autumn-poster-image-a-gurmankin.jpg

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1062 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   20 Июнь 2015 - 20:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз


ЗУЛУМДУКТУН АРАМДЫГЫ.
Абу Зарр ал – Гиффаари (рози Аллаху анху)нун айтымында: Алланын Элчиси тарабынан берилген риваятта анын Раббы (Алла Таала) айткан экен:
«О, менин пенделерим! Зулумдукту мен өзүмө да силерге да арам кылдым, андыктан бир-бирине зулумдук кылбагыла! О, менин пенделерим! Мен түз жолго салгандан башкаларыңар баарың адашкансыңар ошондуктан менден (гана) туура жол сурангыла, ошондо мен силерди туура жолго саламын. О, пенделерим! Мен тоюндургандан башкаңар бүт баарыңар ачкасыңар, ошондуктан Менден азык сурагыла, ошондо мен силерди азыктандырам. Оо, пенделерим! Мен кийиндиргенден бөлөгүңөр баарың жылаңачсыңар, ошондуктан менден кийим сурагыла, ошондо мен силерди кийиндиремин. О, менин пенделерим, силер күндүр- түндүр күнөөгө батасыңар. Мен бардык күнөөлөрдү кечиремин, анда Менден (гана) кечирим тилегиле, Мен силерди кечиремин. О, менин пенделерим! Силерге Мага зыян келтиргидей эч кандай зыяндын түрүн кыла албайсыңар жана Мага пайда кылгыдай эч кандай пайда да келтире албайсыңар. О, менин пенделерим! Силердин алгачкыңар болсун же акыркыңар болсун, инсаныңар же жиндериңер 1 болсун силер баштан – аяк бардыгыңар араңардагы эң бир таза, эң ыймандуу бирөөнүн жүрөгүндөй тап-таза ыймандуу болсоңор да ал Менин Падышалыгымды (мүлкүмдү) эч кандай өлчөмдө көбөйтө албайт. О, Менин пенделерим!
Силердин алгачкыңар болсун же акыркыңар болсун, инсаныңар болсун же жиндериңер болсун, силердин бардыгыңар тең баштан-аяк араңардагы эң ыплас бирөөнүн жүрөгүндөй болсоңор да ал Менин Падышалыгымды (мүлкүмдү) эч кемите албайт. О, Менин пенделерим! Силердин алгачкыңар же акыркыңар болсун, инсаныңар же жиндериңер болсун бардыгыңар баштан –аяк бир жерге чогулуп алып тилек тилеп Мага кайрылсаңар, а Мен болсо ар бириңе эмне тилегиңер болсо да ошонун баарын берсем- бул, Менин колумдагыны: ийнени деңизге малгандай гана (деңизге малып кайра алганда ийнеге жуккан тамчы суудай гана) кемите алат. О, менин пенделерим! Мен силердин эмне кылганыңардын баарын көрүп –билип турамын, жана ошонуңарга жараша, ар кимиңерге өз энчиңерди беремин. Ошондуктан ким жакшылык тапса-(акыретте Бейишке кирсе) ал Алланы мактасын, ал эми ким андан башканы тапса2 ал өзүн-өзү гана күнөөлөсүн!
(Муслимден).



1 Жиндер да Кудайдын кулдары. Алар да өзүнчө уруулар, өзүнчө эл, өзүнчө падышалыктар жана аял-эркек (жуп) болуп жашашат. Алар да Кыямат күнүндө Күнөө жана сооптору Бейишке же Тозокко киргизилет.
2 Акыретте Бейишке эмес Тозокко кирсе деген мааниде.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 900_0073.jpg

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1063 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   20 Июнь 2015 - 20:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз


ПАРЗДАРДЫ АТКАРУУ МЕНЕН БЕЙИШКЕ КИРҮҮ.
Абдулла ал- Ансаринин уулу Абу Абдулла Жабирдин (ал экөөнө тең Алланын ыраазылыгы болсун) айтымында:
Бир эркек Алланын Элчисинен мындай деп сурады: «Кана мага айтып берчи, эгер мен парз кылынган намаздарды түгөл окуп, Рамазан айында орозо тутуп, адалды адал деп билип, арамды арам деп билип жана андан сактансам (ошентип) мына ушулардан артык эч нерсе кылбасам Жаннатка (Бейишке) кире аламбы?». (Алланын Элчиси ага): «Ооба»- деди. (Муслимден).


Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: RMH_Vista1.jpg

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1064 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   20 Июнь 2015 - 22:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

АЛЛАХКА ИШЕНДИМ ДЕП АЙТЫП, ТУУРА ЖҮР.


Абу Амранын ал, Абу Суфийан ибн Абдулла деп да айтылат (ага Алланын ыраазылыгы болсун) айтымында:
Мен айттым: «О Алланын Элчиси! Мага Исламда (ислам тууралуу) бир сөз айтып берчи аны Сенден башкадан сурабайын» (Алланын элчиси) айтты: «Аллахка ишенем деп айткының да, түз жүр!» (Муслимден).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: the_mountain__s_calm_by_iclust3r-d4vwj22.jpg

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1065 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   20 Июнь 2015 - 22:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз


УЯТТУУЛУК ЫЙМАНДЫН БЕЛГИСИ.
Абу Масуд Укба ибн Амрин ал — Ансари ал- Бадри (рази Аллоху анху)дан: Алланын Элчиси айтты: «Адамдарга мурунку Пайгамбарлардан калган сөздөрдүн ичинде мындай бир сөз бар: «Эгер сен уялууну (уят-сыйытты) билбесең өзүң билгенди жасай бер ». (Бухариден).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: slide4.jpg

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1066 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   20 Июнь 2015 - 23:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз


АЛЛАНЫ ЭСТЕСЕҢ АЛЛА СЕНИ ЭСТЕЙТ.
Аббас уулу Абу Аббас Абдулланын (ал экөөнө тең Алланын ыраазчылыгы болсун) айтымында: «Бир жолу мен Алланын Элчисинин арка жагында олтурдум эле, бир маалда Ал:
«Жаш жигит! Мен сага айрым сөздөрдү үйрөтөйүн: Алланы ар дайым көңүлдөн чыгарба, (ошентсең) Алла сени коргойт. Алланы эсиңен эч чыгарба ошентсең Ал сага аброй, кадыр — барк бергенин көрөсүң. Эгер сен сурасаң Алладан гана сура. Эгер сен жардам издесең Алладан изде жардамды. Билгиниң: Эгер эл чогулуп сенин мартабаңды (даражаңды) көтөргөнү жатышса алар сенин мартаба-даражаңды Алла сенин тагдырыңа жазгандай гана (көтөрө алышат), билгин: Эгер эл чогулуп сага бир залал (зыян) келтиргени жатышса да алар сага тагдырыңа Алла жазган залалды гана келтире алышат. Калем (кагаздан) ажыраган жана барактар кургаган»- деди.
(Тирмизиден)
Ал бул хадис тууралуу: Мыкты, туура хадис- деген. Ал эми Тирмизиникинен башка да бир хадисте мындайча айтылган:
«Алла жөнүндө эсте ошондо сен Аны бет алдыңан табасың. Алланы сен жаштык күчүң бар кезинде таанып бил ошондо Ал сени кыйынчылыкта (карылык, оору-сыркоо жана башка дагы ар кандай кыйынчылыктарда) таанып билет (камкордук көрөт, коргойт, сактайт). Билгиниң жеңиш чыдамкайлык (сабыр) менен (болот), рахат кайгыдан кийин, жеңилденүү кыйынчылыктан кийин болот».


Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: MG_8644_5_6_7_8_9_tonemapped-900x400.jpg

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1067 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   20 Июнь 2015 - 23:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз


МҮНӨЗДҮН МЫКТЫЛЫГЫ
Абу Зарра Жундуб ибн Жунад жана Абу Абд ар Рахман Муаз ибн Жабалдын (ал экөөнө тең Алланын ыраазылыгы болсун) айтымында:
Алланын Элчиси айтты: «Алла Тааладан кайда болсо да, качан болсо да корккунуң. Эгер бир жаман иш кылып койсоң аны жууп кетсин үчүн артынан дароо жакшы иш кылгының жана адамдар менен жакшы мамиледе бол!» (Тирмизиден).


Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: la-jolla-cove.jpg

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1068 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   20 Июнь 2015 - 23:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз


ЖАКШЫЛАП СОЮГА КЫЛЫНГАН БУЙРУК
Абу Йаьла Шаддад ибн Аус (рози Аллоху анху) нун айтымында:
Алланын Элчиси айткан:
«Алла Таала бардык нерсеге жакшылык кылууну парз кылды. Андыктан эгер сен өлтүрсөң да жакшылап өлтүр: эгер сен малды сойсоң да кыйнабаш үчүн силердин ар бириңердин бычагыңар жакшылап курчутулган болсун.»


Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: snowy-back-mountain-road.jpg

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1069 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   20 Июнь 2015 - 23:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

ПАЙГАМБАР (САВ)ГА кабырдагы адамдардын кыйналыганы кыйкырыгы угулчу эле... ПАЙГАМБАР (САВ) Айтат: Эгерде мен Алладан дуба кылып сурансам Кабырдагы кыйкырыктарды менин умотторумо да угузкула' .деп Анда жерге адамдар комулбой калмак бири-биринерди комбой калмаксынар дейт кабыр азабынан коркуп...
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1070 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   20 Июнь 2015 - 23:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

ПАЙГАМБАР (САВ) Айтат: Кедейлер байлардан жарым кун мурда бейишке киришет. Ал жарым кун,бул дуйнонун беш жуз жылына барабар>> .
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1071 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   20 Июнь 2015 - 23:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Мухаммад САВ айты: Бир дарак тиксенер андан момо осуп чыкса,ал момону кошунан жейби, жырткычтар жейби, ууру жейби,ал сага садака болуп жазылат деген.


Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1072 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   21 Июнь 2015 - 19:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мында! дегенин кабарлайт: “Күн (чыгыштан) чыккан күндөрдүн эң мыктысы — Жума, Адам (а.с.) ушул күнү жаратылган, ошол күнү ал Бейишке киргизилген жана ошол эле (жума) күнү ал Бейиштен чыгарылган» (Муслим. “Сахих” хадис). Ушул эле хадистин башка версиясында: “Өлгөндөр (дүн баары Кыяматта) жума күнү кайра тирилтилет! ” — деп айтылат. Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегенин кабарлайт: “Аллах Таала Адам (а.с.) ды жаратып болуп, ага бир нече периштени көрсөтүп мындай деди: “Бар, тигилерге салам айт жана алардын саламына кулак сал, (бүгүндөн баштап) ошол саламдашуу сен үчүн жана сенин урпактарын үчүн саламдашуу (каадасы) болуп калат!” Ал (Адам (а.с.)периштелерге барып): “Силерге тынчтык болсун!” [Ас саламу ‘алайкум] — деп айтты эле, алар (бул саламдашууга) “Аллахтын ырайымы…” — деген сөздү кошуп, минтип айтышты: “Сага да Аллахтын тынчтыгы жана ырайымы болсун!” [(Ва) ас-саламу ‘алай-ка ва рахмату-Ллахи! Бейишке кирген адамдардын бой-келбети Адам (а.с.) дын бою сыяктуу (узун жана келбеттүү) болот» (Бухари; Муслим) -
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1073 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   21 Июнь 2015 - 19:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегенин кабарлайт:


“Бейишке биринчилерден болуп кирген жамаат толгон ай сыяктуу (сулуу) болот, алардын артынан кирүүчүлөр болсо асмандагы эң жаркырак планета сыяктуу (кооз) болушат. Алар заң чыгарышпайт, чимкиришпейт, түкүрүшпөйт, заара ушатышпайт; алардын (чач тароочу) тарактары (нак) алтындан (жасалган) болот, алардын (денесинен чыгуучу) терлери миск жыттанып турат, алардын жыпар жыты берекелүү “алоэ” дарагынан болот, алардын аялдары чоң көздүү үр кыздар болушат, алардын (келишимдүү) келбеттери бир эле адам сыяктанып турат. Алардын бойлору алтымыш чыканак (узун) болот”. (Бухари; Муслим).
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1074 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   21 Июнь 2015 - 19:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегенин кабарлайт:


“(Бир жолу) Аллахтын Элчиси (с.а.в.) менин колумдан алды да минтип айтты: “Аллах Жерди ишемби күнү жаратып, анын үстүндөгү тоолорду жекшемби күнү жараткан; Аллах дарактарды дүйшөмбү күнү жаратып, баардык жамандыктарды Ал шейшемби күнү жараткан; Аллах шаршемби күнү нурду жаратып, жан-жаңыбарларды(н баарын) болсо Ал бейшемби күнү (жаратып, Жер бетине) тараткан; Аллах Адам (а.с.) ды жума күнү асыр маалында жараткан жана (ошентип) Адам (а.с.) асыр менен түн киргенге чейинки (жаратылган) эң акыркы макулук болуп калган” (Муслим).
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1075 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   21 Июнь 2015 - 19:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Абу Муса ал-Аш’ари (р.а.) нун сөзүнө таянуу менен имам Ахмад бин Ханбал (рахм.а.) Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарыбыздын мындай дегенин кабарлайт:


“Аллах Таала Адам (а.с.) ды бүткүл Жер жүзүнүн чар тарабынан алынган бир ууч топурактан жараткан. Ошондуктан Адамдын балдары ушуга дал келет: алардын айрымдары(нын түсү) ак, кээ бирлери(нин иреңи) — кызыл, үчүнчүлөрүнүкү — кара, төртүнчүлөрү болсо — аралаш түстүү болушат. Алардын айрымдары жумшак, башкалары катуу, үчүнчүлөрү — орточо. Алардын кээ бирөөлөрү жаман (мүнөздүү), башкалары — жакшы (ахлактуу), үчүнчүлөрү болсо — орточо”.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1076 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   21 Июнь 2015 - 19:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Судди (р.а.) Ибн ‘Аббастын, Ибн Мас’уддун жана башка айрым сахабалардын (алардын баарынан Аллах ыраазы болсун) мындай деп айтканын кабарлайт: Аллах Таала (Адамды жаратаарда) топурак алып келүү үчүн (оболу) Жабраил (а.с.) периштени Жерге жиберет. (Ошондо) Жер ага айтат: “Эгер сен менден бир нерсе алып, мени буза турган болсоң, мен сенден коргоосун тилеп Аллахка сыйынамын (ошондуктан менден эч нерсе алба)!” Ошондо Жабраил Жерден эч нерсе албастан кайтып (асмандардын жетинчи кабатына кайтып) келет. Аллахка кайтып келген Жабраил минтип айтат: “Оо, Роббим! Жер Сенден жардам сурап дуба кылды эле, мен (аны аягандыктан) анын эркине моюн сунууга аргасыз болдум”. Анан Аллах Таала Жерден топурак алып келүүгө Микаил (а.с.) периштени жиберет. Ал топурак алганы Жерге келген кезде Жер андан коргоп калуусун тилеп Аллахка кайрылат да, ал да эч нерсе албастан Аллахка кайтып келип, Аллахка Жабраилдин сөзүн кайталайт. Ошондо Аллах Таала жан алгыч периштени б.а. өлүм периштеси болгон Азреилди жиберет. Жер андан сактоосун тилеп Аллахка кайрылат. Бирок Азреил минтип айтат: “Мен да Аллахтын буйругун аткарбастан баруудан сакташын тилеп Аллахка сыйынамын! ” Анан ошол өлүм периштеси Азреил Жердин сырткы катмарынан топурак алат. Ал топуракты бир эле жерден эмес, бир канча жерден, агынан бир аз, кызылынан бир аз, карасынан бир аз кылып, аралаштырып алат. Ошондуктан Адам (а.с.) дын урпактары түрдүү түстөгү инсандар болуп калышкан. Анан Азреил асмандарга чыгат да, аны сууга чылап жумшартат. Анан Иблис өзүн топурактан жогору коюп, текеберленбесин деп, Аллах Таала Адам (а.с.) дын келбетин Өз Колу менен жасайт. Анан Алах Таала топуракка адам сымбат-келбетин берет. Ошол жума күндөн кийин дагы 40 жыл өткөнгө чейин топурактан жасалган Адам (а.с.) айкел түрүндө тура берген. Периштелер болочоктогу Адамдын айкелинин жанынан өткөн кезде чочуп кетишчү, баарынан көп Иблис коркоор эле. (Ошондуктан, аны кыйратып салуу максатында) Иблис аны урган кезде ал кургап калган чопо сыяктуу шыңгыраган добуш чыгарчу. Ошол себептен Кудуреттүү Аллах Таала:


“Инсанды (Аллах) чоподой бышырылган кургак ылайдан жаратты” (55:14); “Чындыгында, Биз шыңгыраган келишимдүү кургак чоподон инсанды жараттык” (15:26) — деп айткан.


Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1077 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июнь 2015 - 14:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Жаабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтат: "Бир жолу Убай бин Каьб кубалык адамдарга имам болуп намазга киришти да, узун сүрөнү баштап алды. Алар менен бирге ансарлардан бир жаш бала да намазга киришкен болчу. Качан, ал узун сүрөнү окуй баштаганда бала акырын намаздан чыгып кетти. Ал суу куйуу ишине даярданууну каалайт эле. Намаз окулуп бүткөндөн кийин, адамдар ага баланын намаздан чыгып кеткенин айтышты эле ал ачууланып, Пайгамбарыбызга (Аллах андан ыраазы болсун) арызданып келди. Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тиги бала да арызданып келген болчу. Анын сөзүн укканда Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жүзүнөн ачуулангандыгы билинип, мындай деди: "Чындыгында, силердин араңарда качыруучулар бар. Эгер силер намазга имам болсоңор, анда аны жеңил окугула. Анткени силердин артыңарда алсыздар, карыялар, ооруулар же муктаждар болуусу мүмкүн".
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1078 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июнь 2015 - 14:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Умая бин Махший (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, минтип айтат: "Бир адам Аллахтын атын атабастан тамактана баштайт, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аны карап отурган болчу. Качан гана тамактан бир тиштем калганда тиги: "Бисмиллахи фи аввалихи ва фи аахирихи - деп айтты.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1079 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июнь 2015 - 15:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Абу Хурайранын риваяты боюнча Пайгамбарыбыз (САВ) күндөрдүн биринде: “Менден кийин, “аттиң, азыр ээ болуп турган мал-мүлк, байлык жана бала-бакырабыз болбой эле, андан көрө пайгамбарыбызды көргөндө” дешип сагынгандар келет” – деп айткан.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1080 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июнь 2015 - 15:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Абу Йала бул риваятты мындайча толуктаган: “Аллахтын Элчиси (САВ): “Бир туугандарымды качан көрөм” деп терең дем алды. Анын жанындагылар: Ээ, Аллахтын Элчиси, сенин бир туугандарың биз эмеспизби? – деп сурашат. Ал болсо: “Силер менин досторумсуңар! Бир туугандарым болсо кийин келишет. Мени көрбөй туруп, мага ыйман келтиришет” деген”.

Абу Хурайранын башка риваятында күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (САВ) сахабалары менен көрүстөнгө барышат жана мындай дейт:

- Аллахтын саламы болсун, эй, момундар журтунун тургундары! Иншаллах, бир күнү биз дагы сиздерге кошулабыз.

Бир туугандарымды көрүүнү абдан каалап турам. Аларды ушунчалык сагындым.

Муну уккан сахабалар:

-Биз сенин бир туугандарың эмеспизби, ээ, Аллахтын элчиси!?” – деп суроо беришет.

Пайгамбарыбыз (САВ):

- Силер менин досторумсуңар, бир туугандарым болсо али келише элек” – деп жооп берген.

Сахабалар:

- Үммөтүңөн али келе электерин кантип тааныйсыз, ээ, Аллахтын Элчиси? – деп сурашат.

Анда Пайгамбарыбыз (САВ):

- Бир адамдын маңдайы жана буттары ак түстө болгон аты бар экенин элестеткиле. Ал адам бул атын бардыгы капкара болгон ат үйүрүнүн арасынан таба албайбы?” – деп сурайт. Сахабалар:

- Ооба, таба алат, ээ, Аллахтын Элчиси, – дешип жооп берет. Анда Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген:

- Ооба, алар дагы алган даараттарынан улам жүздөрү нурдуу, колу жана буттары жаркырап келишет. Мен алардан мурун барып Кавсар булагынын башында сый көрсөтүү үчүн күтүп турам. Көңүл бургула! Бир нече адамдар жат төөнүн үйүрдөн куулуп чыкканындай менин көлмөмдөн дагы куулушат. Мен аларга: “Бул жакка келгиле” деп чакырам. Мага: “Алар сенден кийин абалдарын өзгөртүштү (Сенин сүннөтүңдү жолдошпой, башка жолдорго түшүштү, чоң күнөөлөр кылышты)” – деп айтылат. Муну уккандан кийин: “Алыс болушсун, алыс болушсун! ” – дейм.

Башка риваятта мындайча айтылат: “Мага, сен алардын сенден кийин эмне кылгандарын билбейсиң” – деп айтылат. Мен болсо: “Менден кийин (багыттарын жана абалдарын) өзгөрткөндөр алыс болушсун! – деп айтам”.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 26 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 26, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Сен 2025 21:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: