Суперстан: „Хадис” . - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.

#1081 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июнь 2015 - 15:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өз осуяттарында балдын пайдасы тууралуу абдан көп айтып өткөн. Бир жолу бир адам келип, агасынын ичи ооруп жаткандыгы тууралуу айтат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага бал ичирүүнү буйруйт. Ал экинчи күнү келип, дагы эле айыкпагандыгын айтат. Пайгамбарыбыз дагы бал ичирүүгө буйруйт. Үчүнчү күнү дагы келип, айыкпагандыгын айтканда, Пайгамбарыбыз: "Аллахтын айтканы чын, агаңдын ооруганы жалган экен" - деп айтат.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1082 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июнь 2015 - 15:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Кимде-ким ар бир айда эртең менен үч күн бал ичсе, ал ар кандай балээлерден алыс болот" - деп айткан. Хадис аалымдарынын айтымында бал бир гана дене ооруларына дары болбостон, рухий жактан да дарылоочу болуп эсептелет. Таза балды ичип жүргөн адам жин-шайтандардын азгырыгынан да алыс болору айтылган.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1083 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июнь 2015 - 15:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):"Силерге Куран менен балда шыпаа бар" - деп айтылган. Куранды окуп дем салуу менен дене оорулары айыгат. Куранды окуп ой жүгүртүү менен жан дүйнөнүн оорулары айыгат.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1084 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июнь 2015 - 15:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Кимге Аллах тамак берсе, анда ал: «Аллахым аны берекелүү кыл жана бизди андан да жакшы нерсе менен азыктандыр» деп айтсын. Ал эми кимге Аллах сүт ичирсе, анда ал: «Аллахым аны берекелүү кыл жана аны көбөйтүп бер» деп айтсын, мен сүттөн өткөн жакшы тамакты билбеймин» - деген.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1085 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июнь 2015 - 15:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Сүт ичкиле, ал бардык ооруларга дары» - деп айткан. (Абу Дауд). Сүттүн өзгөчө касиетке ээ экендигин Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) асманга көтөрүлүү кечесиндеги окуядан да байкоого болот. Тарыхта Исра жана Мираж кечеси деп аталып калган түндө Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бирине арак экинчисине сүт куюлган эки чөйчөк сунулганда, ал сүт куюлган чөйчөктү тандап алган. Ошондо Жибрийил периште: «Сени туура жолго баштаган Аллахка мактоо болсун, эгер башка чөйчөктү алганыңда, үммөтүңдү адаштырат элең» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1086 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июнь 2015 - 15:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүт ичкенден кийин суу алдырып, аны менен оозун чайкаганы айтылган. (Бухарий, Муслим).
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1087 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   08 Август 2015 - 02:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~ХАДИС~

Адамды жок кыла турган жети нерседен алыс болгула.

– Оо, Алланын Расулу! Бул жети нерсе эмне? – деп сурашканда, Пайгамбарыбыз саллаллаху ъалайхи вассалам:
Алла таалага шерик табуу,
Сыйкырчылык кылуу,
Алла тарабынан өлтүрүлүшүнө тыюу салынган жанды жөнү жок өлтүрүү,
Сүткордук кылуу,
Жетимдин мал-мүлкүн алуу,
Душманга чабуул койгондо согуштан качуу,
Ар-намыстуу жана өз адеби менен жүргөн момун аялдарга ойноштук өңдүү жалаа жабуу.”
(Бухари, Тыбб-48; Муслим, Иман-38).

ЫЙМАН НУРУ
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1088 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   08 Август 2015 - 03:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

"АК КӨҢҮЛ, ЫЙМАНДУУ ИНСАН"

Бир ак көңүл ыймандуу,билимдүү адамдын үйүндө чычкандар аябай көбөйүп кетти.Адамдар ага.
— Эмнеге үйүңө мышык бакпайсың?—дешти.
Мышык чычкандардын айгагы экендигин билесиң го,эгер бир эле мышык баксаң,чычкандардын чабуулунан кутуласың,—дешти.
Билимдүү,ыймандуу адам аларга:
—Туура айтасыңар,бирок берген кеңешиңерди дилим ,жүрөгүм кабыл албайт.Эгерде мышык баксам, бардык чычкандар мышыгы жок кошуналарымдын үйлөрүнө таралышат,кошуналарыма көптөгөн азап келтиришет.
Өзүмө каалабаган нерселеримди кошунуларыма каалайынбы?
Өз пайдамды көздөп,башкаларга зыян келтирейинби?
—Жок, бул ишти көңүлүм таптакыр кабыл албайт,—деп жооп берген экен.

"ТУТКАН ЗАТЫҢ ДИЛИҢЕ ТӨП КЕЛБЕСЕ.
АНДАЙ ЗАТТЫ БӨТӨНГӨ ЫРАА КӨРБӨ"
ЫЙМАН НУРУ.
"Насыят китебинен"
Баян кылган Аруузат Муслима.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1089 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   08 Август 2015 - 03:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~ АДАМ (А.С.)ДЫН ЖАРАТЫЛГАН КЕЗИ ТУУРАЛУУ БАЯНДАГАН КУТТУУ ХАДИСТЕР~

Абу Хурайра (р.а) Аллахтын Элчиси саллаллоху ъалайхи вассаламдын мындай дегенин кабарлайт:
"Кун (чыгыштан) чыккан кундордун эн мыктысы- Жума, Адам (а.с) ушул куну жаратылган, ошол куну ал Бейишке киргизилген ж-а ошол эле (жума) куну ал Бейиштен чыгарылган" . (Муслим).

Абу Хурайра (р.а) Аллахтын Элчиси саллаллоху ъалайхи вассаламдын мындай дегенин кабарлайт:
"Аллах Таала Адам (а.с)ды жаратып болуп, ага бир нече периштени корсотуп мындай деди: "Бар, тигилерге салам айт ж-а алардын саламына кулак сал, (бугундон баштап) ошол саламдашуу сен учун ж-а сенин урпактарын учун саламдашуу (каадасы) болуп калат!" . Ал (Адам а.с периштелерге барып):" Силерге тынчтык болсун!" (Ассаламу алайкум)-деп айтты эле, алар( бул саламдашууга): "Аллахтын ырайымы..." -деген созду кошуп, минтип айтышты:" Сагада Аллахтын тынчтыгы ж-а ырайымы болсун!" (Ва ас-саламу алайка ва рахмату-Ллахи! ). Бейишке кирген адамдардын бой-келбети Адам (а.с.)дын бою сыяктуу (узун ж-а келбеттуу) болот". (Бухари, Муслим).

Абу Хурайра (р.а) Аллахтын Элчиси саллаллоху ъалаүхи вассаламдын мындай дегенин кабарлайт:
" Бейишке биринчилерден болуп кирген жамаат толгон ай сыяктуу (сулуу) болот, алардын артынан кируучулор болсо асмандагы эн жаркырак планета сыяктуу (кооз) болушат. Алар зан чыгарышпайт, чимкиришпейт, тукурушпойт, заара ушатышпайт: алардын (чач тароочу) тарактары (нак) алтындан (жасалган) болот, алардын (денесинен чыгуучу) терлери миск жыттанып турат, алардын жыпар жыты берекелуу "алоэ" дарагынан болот, алардын аялдары чон коздуу ур кыздар болушат, алардын (келишимдуу) келбеттери бир эле адам сыяктанып турат. Алардын бойлору алтымыш чыканак (узун) болот". (Бухари,Муслим).

Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын элчиси саллалоху ъалайхи вассаламдын мындай дегенин кабарлайт:
"(Бир жолу) Аллахтын Элчиси саллаллоху ъалайхи вассалам менин колумдан алды да минтип айтты: "Аллах Жерди ишемби куну жаратып, анын устундогу тоолорду жекшемби куну жараткан; Аллах дарактарды дуйшомбу куну жаратып, бардык жамандыктарды Ал шейшемби куну жараткан; Аллах шаршемби куну нурду жаратып, жаныбарлардын баарын болсо Ал бейшемби куну (жаратып Жер бетине) тараткан; Аллах Адам (а.с)ды жума куну асир маалында жараткан ж-а (ошентип) Адам (а.с) асир м-н тун киргенге чейинки (жаратылган) эн акыркы макулук болуп калган". (Муслим).

Абу Муса ал-Аш'ари (р.а)нун созуно таянуу м-н имам Ахмад бин Ханбал (рахм.а) Мухаммад (саллаллоху ъалайхи вассалам) Пайгамбарыбыздын мындай дегенин кабарлайт:
"Аллах Таала Адам (а.с)ды буткул Жер жузунун чар тарабынан алынган бир ууч топурактан жараткан. Ошондуктан Адамдым балдары ушуга дал келет: алардын айрымдары(нын тусу) ак, кээ бирлеринин ирени-кызыл, учунчулорунуку- кара,тортунчулоруну болсо-аралаш тустуу болушат. Алардын айрымдары жумшак, башкалары -катуу, учунчулору- орточо. Алардын кээ бироолору жаман (муноздуу), башкалары-жакшы (ахлактуу), учунчулору болсо-орточо" .

" Пайгамбарлар тарыхы" китебинен

Китеп ээси: А. Жалалов

ЫЙМАН НУРУ
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1090 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   08 Август 2015 - 03:26

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~АЯЛДАР МЕНЕН ЭРКЕКТЕРДИН ЧОГУУ ЖУРУШУ~

...Бир жолу Аллахтын Элчиси(саллаллооху ъалайхи ва саллам)мындай деп айткан: Даюус эч качан Бейишке кирбейт!,- деп айткан кезде сахабалар андан сурашты:Даюус деген ким?. Аллахтын Элчиси(саллаллооху ъалайхи ва саллам)минтип жооп берди:Оз аялына кимдер келип-кетип жатканына кызыкпаган эркек!Ар бир мусулман эркек учун оз аялына кимдир бироолордун келишине жол беруу,анан (уялбастан)ал аялын кароо жана аны менен суйлошуу-бул ото оор кордук,абдан азаптуу шерменделик жана аябагандай жек корумчу адат болуп эсептелет. Ошондуктан, ата учун да оз кызына чоочун эркектин келишине уруксат беруусу,ал (уялбай уйго келген бетсиз)эркек соройдун кыздын уйундо болуусуна жана кызы менен суйлошуусуно уруксат беруу-бул катуу тыюу салынган харам жолиш(жана ал учун ар бир ата Кыямат куну катуу жооп берет). Туболуктуу тозок отунан озунду сактап калуу учун эркектерге жана аталарга гайр махрам(б.а. нике кыюуга боло турган)башка эркектер менен оз аялдарынын жана кыздарынын суйлошуусуно катуу тыюу салып,андай уятсыздыктын алдын алуучу катаал чараларды коруп,мындайга эч жол бербей тургандай катуу козомолго алуу абзел.

:"Суйуктуу Пайгамабарыбыз(саллаллооху ъалайхи ва саллам)сунноттору" китебинен.

ЫЙМАН НУРУ
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1091 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   08 Август 2015 - 03:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~ХАДИС~

...1148. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Ким талаптагыдай даарат алып, анан жума намазына келсе, (хутбаны) унчукпастан укса, анын мурдагы жана (эки) жуманын ортосундагы, ошондой эле (ага кошумча) дагы үч күндүн (ичинде жасаган майда) күнөөлөрү кечирилет. Ал эми майда таштарды термелеп (ойноп) олтургандар — пайдасыз амал менен алектенишүүдө”. (Муслим).

...1149. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Беш маал намаздар, жума намаздары жана Рамазан айы өздөрүнүн араларындагы күнөөлөрдү жууп кетишет, эгер ал арада оор күнөөлөр жасалбаган болсо”. (Муслим).

musulman.kg.сайтынан.

ЫЙМАН НУРУ
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1092 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   08 Август 2015 - 03:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~ХАДИС~

✏...1150. Абу Хурайра жана Ибн Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) өзүнүн жыгачтан жасалган минбарында турган Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлашат:
“Ант болсун, же адамдар жума намазын каза кылганды токтотушат, же Аллах алардын журөкгөрүн мөөрлөп салат да, ошондон кийин алар сөзсүз (динге) кайдыгерлердин катарына кирип калышат!”
(Муслим).

...1151. Ибн Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Эгерде силерден кимдир бирөө жума намазына келүүнү чечкен болсо, ал гусул даарат алып келсин!” (ал- Бухари; Муслим).

...1152. Абу Саид ал-Худри (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Балагатка жеткен ар бир адам жума күнү гусул даарат алууга милдеттүү! ” (ал-Бухари; Муслим).
Бул жерде “милдеттүү” деп “фарз же важиб” айтылган жери жок, тек гана ал аткаруу абдан зарыл болгон пазилети мыкты сүннөт экени кабардалууда . Мисалы, бул — кайсыл бир адамдын өзүнүн диндеш тууганына (Аллахтын ысмы менен) ант ичип: “Сенин акыңды берүү — мен үчүн фарз” дегенчелик катуу милдет эмес.

musulman.kg.сайтынан.

ЫЙМАН НУРУ
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1093 Пользователь офлайн   Beka.   16 Август 2015 - 15:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 247
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Мар 2017 19:11
  • Жынысы:Эркек

Расулуллах с.а.в.:

«مَنْ رَأَى سُلْطَانًا جَائِرًا مُسْتَحِلاًّ لِحُرُمِ اللهِ نَاكِثًا لِعَهْدِ اللهِ مُخَالِفًا لِسُنَّةِ رَسُولِ اللهِ يَعْمَلُ فِى عِبَادِ اللهِ بِالْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ فَلَمْ يُغَيِّرْ بِقَوْلٍ وَلاَ فِعْلٍ كَانَ حَقًّا عَلَى اللهِ أَنْ يَدْخُلَهُ مَدْخَلَهُ»

«Кимде-ким Алла арам кылган нерсени адал кыла турган, Аллага берген убадасынан кайта турган, Расулулланын сүннөтүнө тескери иш кылып, Алланын пенделери туурасында күнөө жана душмандык кылып жаткан залим султанды көрүп туруп, бирер сөз же иш менен аны өзгөртпөсө, Алла аны кире турган жайына (тозокко) киргизүүгө акылуу болот», - деген (Табарий «Тарых» китебинде, Ибн Асир болсо «Комил» китебинде риваят кылган).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1094 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 03:25

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~АЯТТЫН МААНИСИ~

“Оо, ыйман келтиргендер! Аллах Таалага, пайгамбарга жана өзүңөрдөн (мусулмандардан) болгон жетекчилериӊерге моюн сунгула. Кайсыл бир маселеде талашып калсаңар -эгерде Аллахка жана Акыретке ишенүүчү болсоңор- ал маселени Аллах Таалага жана Пайгамбарына кайтаргыла.  Ушул (силер үчүн) жакшы жана эн абзел чечим”, деп айткан.  (Ниса 59.)

ЫЙМАН НУРУ
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1095 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 03:27

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~Хадис~

Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.дан риваят кылынган хадисте: “Эсиӊерде болсун, ар бириӊер жетекчисиӊер жана ар бириңер өз раиятыӊардан жоопкерсиңер. Адамдарга башчы болгон имам жетекчи жана ал өз раиятынан жоопкер. Эркек киши өз үй-бүлөсүнө жетекчи жана ал өз раиятынан жоопкер. Аял киши эринин үй-жайына жана балдарына жетекчи жана ал алардан жоопкер. Кишинин кулу өз кожоюнун малына жетекчи жана ал андан жоопкер. Эсиӊерде болсун ар бириңер жетекчисиӊер жана ар бириңер өз раиятыӊардан жоопкерсиңер” , - деген.

Islam.kg

ЫЙМАН НУРУ.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1096 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 03:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

ПЕРИШТЕЛЕР ДУБА КЫЛЫЧУУ 10 ТУРДУУ АДАМ

Периштелер Аллах Тааланын
таза макулуктары. Алар күнөө
жасашпайт, жалаң гана Аллах-
тын буйругун аткарышат. Демек,
мындай таза макулуктардын
кылган дуба-салаватын Аллах
Таала күмөнсүз кабыл кылат.
Төмөндө, периштелер салават
айтып туруучу 10 түрдүү адам
тууралуу айтылат:

1 намаз окуп бүткөн соң,
дааратын бузбастан, башкалар-
га тоскоол болбостон ордунда
отурган адамга

2 эрте келип, биринчи сапта
намаз окуган адамга

3 кийинки намазды күтүп ме-
читте отурган адамга

4 саптардагы бош орунду тол-
туруп туруучу адамга

5 кечинде даарат менен жа-
тып уктаган адамга

6 башкаларга дин илимин үй-
рөтүүчү адамга

7 эртең менен эрте туруучу
адамга

8 оорулуудан кабар алуучу
адамга

9 айланасындагылар тамак-
танган учурда орозо болгон
адамга

10 Пайгамбарыбызга (Ага Ал-
лахтын салам-салаваты болсун)
салават айткан адамга
Периштелер дуба кылуучу

10 түрдүү адам
Аллах Таала сооптуу иш жаса-
гандарга берилүүчү сыйлыкты
да, күнөөлүү иш жасагандарга
берилүүчү жазаны да ачык-ай-
кын айтып койгон. Мына ошон-
дой аяттардын биринде бейиш-
тин эң жогорку даражасы бол-
гон "Фирдаус" бейишине ыйман-
дууларды алып барууга себеп бо-
луучу сыпаттарды айтып өткөн,
алар:

1 намазды коркуу менен ат-
каруу

2 маанисиз, керексиз сөз-
дөрдөн алыс болуу

3 зекет жана садака берүү

4 жыныс мүчөлөрүн арам-
дан сактоо

5 аманатка кыянат кыл-
боо

6 убадага бекем болуу

7 намазды калтырбай, та-
кай окуу.

БЕЙИШ + ЖОЛУ ГЕЗИТИНЕН

ЫЙМАН НУРУ

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Senuchunzhashaim: 17 Август 2015 - 03:33

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1097 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 03:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~ АЛЛАНЫН КЕЧИРИМИНИН КЕҢДИГИ~

Анас (рози Аллоху анху)нун айтымында: Алланын Элчиси айтты:

«Кудуреттүү Алла айтты: О, Адам уулу, сен Мага жалбарып турган жана Мага кайрылып тилеп турган учуруңда Мен сенин кылгандарыңды кечиремин жана мага баары бир. О, Адам уулу, ал турсун, эгер сенин күнөөлөрүң асмандагы булуттарга чейин жетсе да анан сен кечирим сурап жалбарсаң Мен сени кечиремин. О Адам уулу, эгер сен Мага Жердин чоңдугундай күнөөлөрүң менен келсең да (бирок) Мага эч кимди шерик кылбасаң (Алладан башка Алла жок деп ишенсең) Мен сага ошончолук чоңдуктагы магфират (кеңчилик-кечирим) беремин».

(Тирмизиден)

«Мас кылуучу нерселердин баары хамр (ичкилик), а хамрдын баары-харам (арам)».

(Хадис Муслимден келтирилген).

«Мас кылуучу баардык ичимдиктер харам».

(Хадис Бухари Муслим, Абу –Дауд, Тирмизи жана Нававилер тарабынан келтирилген)

Которм. Эскертүүсү.

«Мас кылуучу ичимдиктерди ичпегин! Анткени аныгында ал бардык күнөөлү иштердин себепкери…. »

(Муаз ибн Жабал рози Аллоху анху тарабынан келтирилген).

«Ким Аллага жана Кыямат күнүнө ишенген болсо үстүндө хамр (спирттик ичимдик) турган дасторконго олтурбасын! »

(Ахмаддан (А.Ы.Б.) келтирилген; мааниси ушуга эле жакын хадис Тирмизиде да кездешет).

Ал эми азирети Али (рази Аллоху анху) нун айтымында:

«Бир жолу Пайгамбарыбыз (Мухаммад алайхис салам) бир мас болгон аялга 40 камчы урууга буйрук кылган».

(Муслимден, Абу Дауддан).

«Кимдин адамдарга ырайымы болбосо Алланын да ага (ал кишиге) ырайымы болбойт».
(Хадис жыйноочулар тарабынан хадистин тексти тууралуу макулдашылган).

«Мусулмандардын алдында мусулмандын беш милдети бар (Алар): Эгер аны менен жолуксаң: (Ассалоому алайкум» )деп салам айтуу: Эгер чакырса жооп кайтаруу: Эгер ал туура кеңеш угууга муктаж болуп жатса (кеңеш) берүү: Эгер ал чүчкүрсө жана: «Алхамду лиллаахи» (Аллага мактоо) деп айтса ага: («Йаа архамука Алла»)деп жакшылык каалоо, Эгер ал оору болсо барып көрүү, Эгер ал өлсө денесин узатуу.

(Бухариден).

Сахль ибн Сааддын (А.Ы.Б.) айтымында (бир жолу) Алланын Элчиси саллаллаху алейхи ва саллам: «Жетимдерге камкордук көргөндөр менен Мен бейиште мына мындай (бирге) болобуз»- деп сөөмөйү менен ортонун арасын ачып көргөздү.

(Бухариден).

Islam kg.ru

ЫЙМАН НУРУ.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1098 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 03:53

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~ХАЛАЛ (АДАЛ) ДА, АРАМ ДА АНЫК~

Башир уулу Абу Абдулла ан-Нумандын (ал экөөнө тең Алланын ыраазычылыгы болсун) айтымында: Алланын Элчисинин (саллаллаху алейхи ва саллам) айтканын уктум:

Бирок: «Баары бир Алланын буйругун көрөмүн»-деп арам адалды ылгабай күнөөлүү иштерди кылып жүрө берүү бул эч бир туура эмес, наадандык жана зор күнөө болуп саналат, анткени Алла Таала Өзүнүн ыйык Куранын жана ыйык динди адамзат билбестиктен ар кандай күнөө, жаңылыштыктарды кыла бербестиги үчүн , аларды сактандыруу жана аларга Өзүнүн туура жолун билгизип, көргөзүү үчүн, өз ырайымдуулугу катары түшүрдү; Пайгамбарларын да ушул эле максат менен жиберген.

(Котормочунун эскертүүсү).

Пайгамбардын (саллаллаху алейхи ва саллам)аялдары мусулмандар үчүн эне катары болот. Бул туурасында Алланын ыйык Куранында

(«Азхап» сүрөөсү, 6-аят) ачык айтылган.

Исламга жат же ага каршы келчү иштер.

(Котормочунун эскертүүсү).

«Адал (уруксат этилген иштер) белгилүү, арам (Алла тарабынан тыюу салынган) иштер да белгилүү. Бул экөөнүн аралыгында толуп жаткан шектүү(арам- адалы белгисиз) иштер бар. Муну ар ким эле биле бербейт. Ошондуктан мындай шектүү иштерден сактануучулар алар –динин жана абийрин таза сактоочулар. Ал эми андай арсар-күмөн иштерден өзүн сактай албагандар күмөндүү иштерге барып кабылат. Андайлар кудум эле корук жайдын айланасына кой жайган койчу сыяктуу: (Койлор) корукка тез эле жайылып кетүүсү мүмкүн. Акыйкатта ар бир падышанын коругу болот. О, уккула! Алла Тааланын коругу анын арам кылгандары (тыюу салуулары). О, уккула! Адам денесинде бир кесек эт бар эгер ал түзүк болсо бүт дене түзүк болот, эгер ал бузук болсо, бүт дене бузук болот, ал-жүрөк (дил).

(Бухари жана Муслимден).

"КЫРК ХАДИС"китебинен.

ЫЙМАН НУРУ
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1099 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 03:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~АМАЛДЫН АКЫРКЫСЫ ЭТИБАР ЭКЕНДИГИ ТУУРАЛУУ~

Абу Абд ар Рахман Абдулла ибн Масуддун (А.Ы.Б.) айтымында: «Биз анык ишенген Алланын Элчиси мындай деп айтып берген:

«Акыйкатта силердин ар бириңердин жаралууңар энеңердин курсагында өтөт: 40 күн урук түрүндө 40 күн уюган кан түрүндө, анан дагы 40 күн бир үзүм эт түрүндө болот. Анан ага периште жиберилип жан салат жана ага 4 сөздү жазууга буйрук кылынат. Ал жазуу төмөнкү төртөө: Анын ырыскы-насиби, анын ажалынын мөөнөтү, анын амалы(иш-аракеттери) жана касам ичип айтамын: Силердин кай бирөөңөр Бейишке кирүүчүлөрдүкүндөй иштерди кылып жүрүп анан ага (Бейишке) кирерине бир кадам орун калганда Анын (Алланын) жазмышы өткүрлүк кылат да ал тозокулардын кылчу иштерин кыла баштап акыры Тозокко барып түшөт. А кээде болсо, кай бирөөнүн кылган иши тозокулардыкындай болуп тозокко кол жеткидей жакын калганда Алланын жазуусу өткүрлүк кылып ал адамдын амалы (иш-аракети) өзгөрүлүп бейишилердикиндей жакшы иштерди кыла баштайт да акыры бейишке чыгат».

(Бухари жана Муслимден).

"КЫРК ХАДИС"китебинен.

ЫЙМАН НУРУ
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1100 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 04:12

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~АЛ СЕНИН УЙ -БУЛОНДОН ЭМЕС...~

Аллах Таала мындай дейт:
“(Мусулмандар кемеге түшүп жаткан кезде Нухтун) уулу: “(Мен сенин кичинекей кемеңе эмес,) Мени суудан сактай турган (эн бийик) тоого чыгып кетемин!” — деди. Анда атасы: “Бүгүн Аллах ырайым кылгандардан башкаларга Аллахтын буйругунан сактап калар эч нерсе жок!” — деди. Ошондо экөөсүнүн ортосун толкун каптап, ал (уулу) чөктүрүлүүчүлөрдөн болду” (11:43).
Ибн Касир (рахм.а.) муну мындайча чечмелейт: Чөгүп өлгөн ал бала-каапырлыгынан улам кыйроого учураган Нух (а.с.) дын Ям аттуу уулу болчу. Аллах Таала Нух (а.с.) дын чөгүп өлгөн ошол уулу жана анын уулунун тагдырына тынчсыздануусу тууралуу мындайча кабарлайт:

(Ошондо) Нух Роббисине кайрылып: “О Роббим! Чындыгында уулум менин үй-бүлөмдөн эле го. Албетте, Сенин убадаң сөзсүз аткарылат. Сен өкүмдарлардын Өкүмдарысың! ” — деди. (Аллах:) “Оо, Нух, ал сенин үй- бүлөңдөн эмес. Анткени анын жасаган иши дурус эмес. Ошондуктан (өзүң жакшы) билбеген нерсеңди Менден сураба. Наадандардан болбошунду насыят кыламын”, — деди. (Нух:) “О Роббим, чындыгында, билбегенимди Сенден суроодо Өзүң менен сактанам. Эгер мени кечирип, ырайым кылбасаң, зыянга учуроочулардан болуп калам” — деди» (11:45-47).
Муну мындайча чечмелөөгө болот: Нух Аллах Тааладан: “Оо, Жараткан, Сен менин үй-бүлөмдү сактап калууну убада кылгандай болгон элең, андай болсо эмне үчүн менин уулум Топон Сууда калып өлдү, канткең менен ал да менин үй-бүлөмө таандык эмес беле?” -деп суроодо. Ошондо Аллах ага чөгүп өлгөн бала анын тирүү калууга тийиш болгон үй-бүлөсүнө таандык эмес экендигин айтуу менен: “…ал эми үй-бүлөңдөн болсо өздөрүнө каршы (зулумдук кылгандыктан улам Аллах тарабынан кыйратылууга) өкүм чыгарылгандардан башкаларын алып, кемеге түш. Жана заалымдар үчүн Менден (кечирим) сураба, анткени алар (эми сөзсүз) сууга чөктүрүлөт! ” (23:27). -деп кабарлаганын эскертет. Ошентип, анын уулу Аллахтын каргышына жана каарына калгандардын катарында болгон, ошондуктан ал өзүнүн каапырлыгынан улам топон суу астында калып өлдү.

musulman.kg сайтынан.

ЫЙМАН НУРУ
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 27 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 27, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Сен 2025 03:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: