Суперстан: „Хадис” . - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.

#1101 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 16:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Абу Хурайра (р.а)дан риваят:Ал Пайгамбар (с.а.в) мындай дегенин укту:"Кимде- ким эртен менен жана кечинде "Субханаллоохи ва бихамдихи" десе,куноосу дениздин кобугунон кобуроок болсо да,кечирилет" . (Хаким)
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1102 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 17:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Али (р.а) риваят кылат:Мен Пайгамбар (салаллооху алейхи ва салам)дын мындай деп айтканын уктум:"Ким эртен менен мусулман бир тууганынан кабар алганы барса,ага жетимиш мин периште кечке чейин кечирим дуасын сурашат.Эгерде кечинде кабар алса,тан атканга чейин кечирим дуасын сурашат жана ага бейиштен бир бак берилет". (Тирмизи)
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1103 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 17:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Умар бин Хаттаб (р.а)дан риваят.Пайгамбар (с.а.в) мага айтты:"Эгерде сен оорукчандан кабар алсан,андан сага дуа кылып коюусун отун.Себеби, анын дуасы периштелердин дуасындай (кабыл болот)". (Ибну Мажа)
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1104 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 17:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Азирети Абу Бакрдын чыныгы мусулмандык касиетине бейтаптар да далай ирет күбө болгон. Күндөрдүн биринде Алла Элчиси жамаатка суроо салат:
– Араңардан бүгүн орозо кармагандар барбы?
– Мен орозомун! – дейт Абу Бакр.
– Кимиңер бүгүн жаназа намазына катыштыңар?
– Мен катыштым Пайгамбарым! – дейт Абу Бакр.
– Кимиңер бүгүн бир кембагалды тойгуздуңар?
– Мен! – дейт Абу Бакр.
– Бүгүн бир бейтаптын ал-абалын сурагандар барбы араңарда?
– Мен кабар алдым! – дейт Абу Бакр.
Мындай суроолор менен үммөтүн жалаң гана изгиликке чакырган Азирети Пайгамбарыбыз:
«Кимде-ким мына ушул салих-изги амалдардын баарын бир учурда орундата турган болсо, ал сөзсүз бейишке чыгат» деди (Муслим, Фадаилус-Сахаба, 12).

Билдирүүнү түзөткөн: Senuchunzhashaim: 17 Август 2015 - 17:10

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1105 Пользователь офлайн   EdikoKG   17 Август 2015 - 17:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 816
  • Катталган: 11 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 07:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))

Эхх. Кандай гана журок жибиткен хадистер. Терен ыраазычылык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1106 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 17:15

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Ибн Аббас (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:
Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун) бир торбо арпага келишим түзүп түнү бою бирөөнүн курма багын сугарат. Күн чыккандан кийин өз акысын алып үйүнө кайтат. Жубайы арпаны жаргылчакка тарткандандан кийин «Хазира» делген тамакты жасайт. Тамак бышырылып, эми дасторконго коюлуп жаткан кезде бир тилемчи «өзөк жалгаганга жарты нан болсо да» деп көзү жашылданып эшик кагат. Кайрымдуулук кылуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгаргысы келбеген момун мусулман бүлө бышкан тамакты ошол бойдон кайырчыга салып беришет да, маңдай тер менен таап келген арпанын дагы бир бөлүгүн жаргылчакка тартып тамак жасашат. Бул ирет да тамак бышкан кезде ачкалыктан иреңи кубарган жетим кайырчы эшик кагат. Жетимдин абалына көңүлү түтпөгөн камкор сахаба бышырылган тамакты бүт бойдон жетимге салып берет.
Өздөрү ачка болгондуктан торбонун түбүндө калган акыркы арпадан тамак бышырышат. Аңгыча эшик чертилет. Сырка чыгып карашса, мушриктердин колунда жүргөн бир туткун экен. Туткун дагы өзөк жалгаганга бир нерсе сурап келгенин айтат. Аллага тобокел кылган Алинин бүлөсү акыркы тамакты туткунга берип, жаңы башталган күндү ачка өткөрүшөт.
Башка бир айтымда Азирети Алинин үй-бүлөсү ооз ачарга деп бышырган тамактарын үч күн катары менен кембагалга, жетимге жана туткунга берип, өздөрү суу менен ооз ачышкан.
Мына ушул ажайып берешендиктин артынан береги аят түшүрүлгөн:
«Алар өздөрү ачка отурса да жетимдер, туткундар жана жакырлар менен ырыскыларын бөлүшүшөт жана: «Биз силерден ыраазылык да, сый да күтпөстөн Алланын ыраазычылыгы үчүн гана силерди тойгузабыз, Биз Эгебизден жана азабы оор Күндөн коркобуз» (дешет). Алла аларды ал Күндүн жамандыгынан сактап, нурдуу жана кубанычтуу кылды» (Инсан сүрөсү, 8-11-аяттар) (Вахиди, 470-бет; Замахшари, VI, 191-192; Рaази XXX, 244).
Аятта баяндалгандай, Алла Тааланын мактоосуна арзыган пенделер кайрымдуулук кылганда: «Биз силерден ыраазылык да, сый да күтпөстөн Алланын ыраазычылыгы үчүн гана силерди тойгузабыз» деген ой-максат менен беришет. Ал берешен пенделер бул айтымдарды кайырчынын бетине айтпастан, көөдөндөгү ыйман тили менен айтып, Алла Таалага тобокел кылышкан. Мына ушул нерсеге басым жасоо максатында «дешет» деген айтым түздөн-түз эмес, каймана түрдө маалымдалган.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1107 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 17:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Эркек учун махрам эмес аялды (чоочун аялды) кармагандан коро башына темир ийне (мык) кирип кеткени жакшыраак. ( Табарани)
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1108 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 18:50

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Кадырман Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир хадисинде:
«Кимде-ким сооп болооруна ишенип жана акыбетин Алла Тааладан гана күтүп мусулмандын жаназасын окуп, көрүстөнгө барып, жерге бергенге чейин күтсө, Ухуд тоосунун көлөмүндөй эки кырат соопко эгедер болот. Кимде-ким жаназа намазын окуган соң, (маркум) жерге бериле электе артка кайтса, бир кырат соопко эгедер болот» – деп буйруган (Бухари, Иман, 35).
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1109 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 18:52

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Абу Хурайра Пайгамбар салаллооху алайхи ва саламдан риваят кылат: «Жети кыл тайпа кишилер бар, көлөкөсү жок Күндө аларды Алла Өзүнүн көлөкөсүнө алат:
1. Адилет жетекчи.
2. Алла Азза ва Жаллага ибадат кылуу менен эрезеге жеткен өспүрүм.
3. Дили мечиттерге байланган киши.
4. Кудай үчүн бири-бирин жакшы көргөндөр, алар Кудай үчүн биригишет, Кудай үчүн ажырашышат.
5. Мансаптуу жана чырайлуу аял чакырганда «Мен Алладан коркомун» деген киши.
6. Оң колу берген садаканы сол колу билбеген киши.
7. Жалгыз абалында Алланы эстеп, көзү жашка толгон киши».
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1110 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 18:53

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Пайгамбарыбыз айтты: «Чындыгында, уят менен ыйман бири-бирине тыгыз байланышкан. Эгерде экөөнүн бирөөсү эле кетсе, анда экинчиси да кошо кетет». (Сахих аль-Жаамиъ, 1603)

Ибну Аббас айтты: «Уят менен ыйман бир түйүндө бекем байланган. Эгерде адамдан экөөнүн бирөөсү эле кетсе, анда экинчиси да кошо кетет». ("Шуаъбуль Ийман", аль-Байхаки, 8825)
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1111 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 20:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Эң жаман дасторкон - кедейлери калып байлар отурган досторкон. (Хадис).
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1112 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   17 Август 2015 - 20:48

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

170) Анас бин Малик (разияллооху
анху) дан риваят:
«Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)
айтты: «Кыямат күнү дүинөдө эң
жакшы жашаган тозоку кишини
(кайра алып келип) тозоко бир
таштап алып, андан сурашат: «Оо,
адам баласы! Бул жашоодон
кандайдыр бир жакшылык
көрдүңбү? Же бир жакшылык сенин
алдыңан өттү беле?». Ал жооп
берет: «Жок, Аллахка ант! Оо,
Роббим! Эч кандай жакшылык
көргөн эмесмин». Ушундай эле
дүйнөдө эң жаман (кыйынчылык
менен) жашаган бейиштик кишини
бейишке бир таштап кайра алып
андан сурашат «Оо, адам баласы!
Бул жашоодо кыйынчылык көрдүң
беле?». Ал жооп берет: «Жок
Аллахка ант! Оо, Роббим! Эч
кыйынчылык көргөн эмесмин,
кыйынчылык мага келген эмес».
(Муслим).
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1113 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   18 Август 2015 - 00:53

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~ХАДИС~

Азирети Хузейфа айтат:"мен Пайгамбарыбыз (с.а.в) алдына барып:"Оо Аллхтын элчиси! Жакшылыка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу бул жакшы элдердин амалын башчысы. Бул эки амалды элдер качан таштап койот,"-деп сурадым.
Пайгамбарыбыз (с.а.в):" качан Исраил коому жамандык кылгандай, силер дагы жамандык кылганынарда" -деп жооп берди. Мен "Оо Аллахтын элчиси Исраил коому Кандай жамандык кылган эле?-деп сураганымда, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:" качан силердин жакшы адамынар, диндин мамилесин жонундо куноокор адамдардын алдында жумшак мамиле кылышса, дин илими жаман адамдарга келгенде, падышалык ылайыксыз адамдын колуна тийгенде. Силер ото катуу фитнага душаар болсунар. Силер фитнага карап барасынар жана фитна силерге карап келет.

"ХАЙАТУС САХАБА"китебинен

ЫЙМАН НУРУ
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1114 Пользователь офлайн   osh93   20 Август 2015 - 12:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Уяттуулук адам баласындагы эң улуу сыпаттардан. Адам уяттуу болуу менен аруу сапаттарга жетет жана көптөгөн жаман сапаттардан арылат. Ислам дининде да уяттуулуктун орду бийик жана ыйманга тийгизген таасири абдан чоң.

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айткандай:
«Уяттуулук адамга жакшылыкты гана алып келет». (Имам аль-Бухари)

Абдулла ибну Умар айтты:
«Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир адамдын жанынан өтүп баратып, анын өз инисин уялгандыгы үчүн урушуп жатканын көрүп калат. Ошондо Алланын Элчиси ага мындай деп айтты: «Аны жөн койгун! Чындыгында, уялуу да ыймандан». (Имам аль-Бухари; Имам Муслим)

Ал эми башка хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Ыйман жетимиштен ашуун бөлүктөрдөн турат. Алардын эң жогоркусу – “Лаа илааха иллаллах” келмеси жана эң төмөнкүсү – жолдогу зыяндуу нерсени алып таштоо. Ал эми уяттуулук – ыймандын бөлүктөрүнүн бир бөлүгү». (Имам аль-Бухари; Имам Муслим)

Араб тилинде «аль-Хая’у» (уяттуулук) деген сөз «аль-Хаят» (жашоо) жана «аль-Хая» (жамгыр) деген сөздөрдөн алынган. Адамдын жүрөгү канчалык жандуу болгон сайын, анын жашоосу маани-маңызга ээ болот жана бул анын уяттуулугун күчөтөт. А эгер анын уяттуулугу кетсе, бул анын жүрөгү өлгөндүгүнөн жана жашоосу маани-маңызын жоготконунан кабар берет.

Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, уяттуулук туурасында мындай деп айткан:
«Кимдин уяттуулугу кетсе, таквалыгы да кетет. Ал эми кимдин таквалыгы кетсе, анын жүрөгү өлдү дегенге барабар».

Уяттуулук – адамдагы сыпаттардын эң жакшысы, эң пайдалуусу жана адамды көп жакшылыктарга жеткирет. Алланын пендеси канчалык уяттуу болсо, анда бул сыпат аны жакшылыктарды кылууга, жамандыктардан алыс болууга түрткү болот. Кимде-ким уяттуу болсо, анда бул аны күнөөлөрдөн тыят жана диний милдеттерин аткарууда кайдыгерликтен тосот.

Ал эми уятсыз адам канчалык чоң күнөө кылабы, бузукулук кылабы, ал үчүн баары бирдей.

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Алгачкы пайгамбарчылыктан адамдарга жеткен сөз: «Эгерде уялбасаң, анда каалаганыңды кыла бер». (Сахих аль-Бухари)

Уятсыз адам кылган күнөөсүнө көңүл бурбайт, аны кылуудан да баш тартпайт. Анткени ал Алладан да, адамдардан да уялбайт.

Кээ бир адамдар уятсыздыгынан улам кайсы жерде болбосун, эч көңүл бурбастан күнөө кылышат. Ал эми кээ бирлери кылган күнөөсү аз келгенсип, аны адамдарга айтып мактанат. Ал өз оюнда эң туура кылдым деп ойлойт.

Уяттуулуктун эң жакшысы жана эң зарылдуусу – ааламдардын Раббисинен жана бардык макулуктардын Жаратуучусунан болгон уялуу.

Эй, адам баласы! Билгиниң, уяттуу болуу – бул сени жараткан, сага чексиз неъматтарды тартуулаган жана сени көрүп, билип туруучу Алла Тааланын өкүм-буйругу.

Имам Ахмад “аз-Зухд” китебинде риваят кылды:
«Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Мага наасат кыл»,– деп айтканда, ал айтты: «Өз элиңден салих адамдардын биринен кандай уялсаң, Алладан да ошондой уялууңду сага наасат кыламын».

Төмөндөгү иш-аракеттер адамдын жүрөгүндө уяттуулукту пайда кылат:
• Алла Тааланы улуктоо;
• Аны жакшы көрүү;
• Аны көрүп, билип турат деген терең ишенимде болуу;

Мына ушул үч иш-аракет адамдын жүрөгүндө уялуу сезимин пайда кылат. Качан адамдын жүрөгү Раббисин улуктаса, Аны жакшы көрсө жана Ал ар бир кылган ишин көрүп, билип турат деп ишенсе, анда анын жүрөгү Алладан болгон уялуудан жанданат.

Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Алладан талаптагыдай денгээлде уялгыла». Биз айттык: «О, Алланын Элчиси! Албетте, биз уялабыз, Аллага шүгүр». Ошондо ал айтты: «Андай (уялуу) эмес. Алладан талаптагыдай денгээлде уялуу – бул башты жана андагы (мүчөлөрдү күнөөлөрдөн) сактоо; курсакты жана андагы (мүчөлөрдү күнөөлөрдөн) сактоо; өлүмдү жана чирип жок болууну эстөө. Ал эми ким Акыретти кааласа, анда ал дүйнө кооздуктарын таштайт. Мына ушуларды ким аткарса, ал Алладан талаптагыдай денгээлде уялган болот». (Имам Тирмизи)
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1115 Пользователь офлайн   osh93   20 Август 2015 - 12:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Бул хадисте айтылган төрт иш-аракет өзүнө көп жакшылыктарды камтыган:

1. Башты жана андагы мүчөлөрдү күнөөлөрдөн сактоо.
Башты күнөөлөрдөн сактоо деген – бул андагы жайгашкан көздү харамды кароодон сактоо, кулакты арамды угуудан сактоо, тилди күнөөлөрдү сүйлөөдөн сактоо, жүздү күнөөгө бет алуудан сактоо. Эгерде кимде уяттуулук болсо, анда бул сыпат сөзсүз түрдө анын дене-мүчөлөрүн күнөөдөн сактоого түрткү берет.

2. Курсакты жана андагы мүчөлөрдү күнөөлөрдөн сактоо.
Курсакты күнөөлөрдөн сактоо деген – бул харам тамакты жегенден сактануу, ич көңдөйүндө жайгашкан жүрөктү жакшы сыпаттарга жетүү аркылуу бузукулуктан, күнөөлөрдөн сактоо жана жыныс мүчөлөрдү зынаадан сактоо.
Кимдин жүрөгү уяттуулукка толгон болсо, анда ал адам өзүнүн баш жана курсак көңдөйүндөгү жайгашкан бардык дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн жана бузукулуктан сактоого шашылат.

3. Өлүмдү жана чирип жок болууну эстөө.
Кимде-ким өзүн бул дүйнөдө түбөлүк калбастыгын жана бир күнү башына өлүм келээрин, кабырда денеси чирип жок болоорун жана Кыяматта Алланын алдында бул дүйнөдөгү ар бир кылган иши үчүн жооп берерин эстесе, анда ал күнөө кылуудан уялып, Алла Тааланын жана Анын Элчисинин буйруктарын аткарууга умтулат.

4. Дүйнө кооздуктарына азгырылбоо.
Бул дүйнө жашоосу убактылуу гана ырахат жана андагы кооздуктар да чектелүү. Алла Таала бул жашоону адамдарды сынаш үчүн жараткан. Ким бул жашоонун убактылуу кооздуктарына жана күнөөлөргө азгырылбастан Алланын берген неъматтарын Анын жолунда ибадат кылууга жумшаган болсо, анда ал адам руханий жактан да, материалдык жактан да кем болбойт жана Акыретте Алланын ыраазычылыгына жетет.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1116 Жолоочу_Nurzida-88_* 25 Август 2015 - 04:11

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Сахабалар айтышкан: «Акыйкатты сен жек көргөн адам айтса да, аны кабыл ал. Жалганды сен жакшы көргөн адам айтса да, аны кабыл алба». ("Мадаариж ас-Сааликин" )
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1117 Жолоочу_Nurzida-88_* 25 Август 2015 - 04:12

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Ооруган адамдын күнөөлөрү дарактын жалбырактары күбүлгөндөй күбүлөт." [Ибни Хиббан]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1118 Жолоочу_Nurzida-88_* 25 Август 2015 - 04:20

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Эгер (карыз адам) кедей болсо, бай болгонго чейин күткүлө. Эгер (карызды) садака кылып жиберсеңер- өзүңөргө жакшы, эгер билсеңер.
Бакара:280
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1119 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   30 Август 2015 - 05:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Анас (разияллооху анху)дан риваят: Пайгамбар (саллаллаху алайхи ва саллам) айтат: "Алла Таалага зикир чалгандарды издеп жүргөн периштелер бар. Алар зикир чөйрөсүн табышканда, ал жерди курчап, ороп алышат. Анан Ызаттуу Алла Таалага бир элчи жиберишет. Ал барып, периштелердин атынан: "Оо, Роббибиз! Биз Сенин жакшылыгыңды (Куран, ыйман, ислам) улуктугун айтып, китебиңди окуп, Пайгамбарга (саллаллаху алайхи ва саллам) салават жолдоп, дүйнө-акыреттин жакшылыгын сураган пенделериңди кезиктирдик" - дейт. Алла Таала: "Аларды Менин ырайымым менен курчагыла" - дейт. Элчи: "Оо, Роббибиз! Алардын ичинде бир күнөөкөр пенде бар" - дейт. Алла Таала: "Алардын баарын Менин ырайымыма бөлөгүлө. Себеби бул ушундай бир берекелүү жыйын (чөйрө), анда катышкандын баары (Алланын ырайымынан) кур калбайт" - дейт. (Баззар)

"Тандалган хадистер" китебинен.

ЫЙМАН НУРУ
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1120 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   30 Август 2015 - 05:52

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

~КУЙӨӨСҮНӨ КЫЗМАТ КЫЛУУ-САДАКА~

Ибн Умардан р.а риваят, Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи уа саллам айтты: " Сенин куйооно кылган кызматын - Садака ".
Пайда: Мал - мулкун Аллах жолуна сарптаганда сооп болгондой, аялдар да куйоолоруно кызмат кылса сооп болот.
Кызматтын тушунугу ото кенен экендигин билуу керек.
Мисалы: Тамак - ашын анын каалоосуна жараша жасоо жана анын буюмдарын сактап тыкан коюу, гусул жана дааратта жардам беруу, жылуу сууга даарат, гусул алууга адаты болсо, аны айттырбастан даярдоо жакшы. Зарыл болгон убакта кийимдерин жуу, жыртылган болсо тигуу, зарылчылык болсо массаж кылуу, ооруп калса даарыларын берип, шыпаа таба турган тамактарды ырастоо, эртен менен багымдатка, тушто пешимге ойготуу, достору менен конокторуна конул кобу. Куйоосунун каалаганындай чай берип жарык маанайда кызмат кылуу, кечинде кечиксе кутуу, мезгилге жараша ысык, же муздак тамак беруу. Кыскасы, куйоосуно жаккан ар бир нерсеге конул коюп, кызмат кылса, садака бергендин сообу берилет. Ошондуктан кайсы бир аял мал менен садаканын сообун ала албаса, куйоосуно кызмат кылып жатып ошол соопту ала алат.

" БЕЙИШКЕ ТАТЫКТУУ АЯЛ " китебинен.
Которгон: Камалидин уулу Абдулхамид.

ЫЙМАН НУРУ

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Senuchunzhashaim: 30 Август 2015 - 05:54

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 28 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 28, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Сен 2025 03:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: