Кимде-ким уктап калып,же унутуп калып намазын окубаса,эстегенде дароо окусун.(Абу Дауд Салат-11;Ибн Маажа,Салат-
10;Насаи ,Маваакит-53 )
„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.
#202 25 Апрель 2014 - 18:34
Анас бин Малик (разияллооху анху) дан риваят: «Бир киши Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дан «Кыямат качан болот? Оо, Аллахтын элчиси!» - деп сурады. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) жооп берди: «Сен ага эмне даярдык көрдүң?». Ал айтты: «Кыяматка көп деле (нафил) намаз окуп даярдыгым жок, көп деле (нафил) орозо туткан жокмун, көп садака берген да жокмун бирок Аллахты жана Анын элчисин сүйөм. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Сен Кыямат күнү (бул дүйнөдө) кимди сүйсөң ошону менен бирге болосуң». (Бухари)
.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#203 26 Апрель 2014 - 20:39
Ибн Аббас (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:“Силерден эч ким эч качан чоочун аял менен - эгер ал анын жакын (махрам) тууганы болбогон болсо - жалгыз калбасын!
” (ал-Бухари; Муслим).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#204 26 Апрель 2014 - 20:41
Кимде ким бирөөнүн кемчилигин көрүп айыптаса, ал нерсе өзүнүн башына келмейин өлбөйт. (Тирмизий,
Кыяма-53)
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#205 26 Апрель 2014 - 20:49
Пайгамбар (сав) дагы бир хадисте мындай дейт: «Мейкиндик менен убакыт жакындашмайын Кыямат келбейт». («Маджмау-завид»)
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#206 26 Апрель 2014 - 20:51
МУсулмандын
пайдасыз сөз-аракеттен алыс болуусу – анын мусулманчылыгынын жакшы жышааны. (Тирмизий,
Зухд-11; Ибн Маажа, Фитан-12)
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#207 26 Апрель 2014 - 20:54
Умара ал-Бара бин ал-‘Азибдин (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат“Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) бизге жети амалды: • ооруп калган (мусулман) адамды зыярат кылууну; • көз жумган (мусулман) адамды (акыркы сапарга) узатууну;
• чүчкүргөн (мусулман) адамга жакшылык каалоону :
• алсыз (мусулман) адамды (зулумдардан) коргоону жана зулумдукка учураган (мусулман) адамга жардам берүүнү;
• (мусулмандар арасында ) саламдашууну жайылтууну;
• (мусулман чакырса ал) чакырууну кабыл алууну;
• ант берген (мусулман) адамга антын аткарууга көмөктөшүүнү! буюрган!”
(ал-Бухари; Муслим.
• чүчкүргөн (мусулман) адамга жакшылык каалоону :
• алсыз (мусулман) адамды (зулумдардан) коргоону жана зулумдукка учураган (мусулман) адамга жардам берүүнү;
• (мусулмандар арасында ) саламдашууну жайылтууну;
• (мусулман чакырса ал) чакырууну кабыл алууну;
• ант берген (мусулман) адамга антын аткарууга көмөктөшүүнү! буюрган!”
(ал-Бухари; Муслим.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#210 26 Апрель 2014 - 21:42
Аййуб бин Муса атасы аркылуу чоң атасынан бул хадисти баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты:
“Эч бир ата, балага жакшы тарбиядан дагы баалуу белек бере албайт”.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#211 26 Апрель 2014 - 21:43
Сахабалардан Абу Сайид ал-Худрий бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты: “Ким, үч кыз чоңойтуп, жакшы тарбиялап, күйөөгө узаткан болсо, ал үчүн бейиш бар”Абу Дауд.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#212 26 Апрель 2014 - 21:45
Айша энебиз бул хадисти баяндаган: Чөлдө жашаган бир араб пайгамбарыбызга (САВ) келип мындай деп айтты: “Силер балдарыңарды өбөсүңөрбү?
Биз болсо өппөйбүз. Пайгамбарыбыз (САВ): ”Аллах сенин жүрөгүңөн мээримдүүлүктү алып койсо, мен эмне кылайын? (мен сенин жүрөгүңө мээрим бере албайм) деген”.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#213 26 Апрель 2014 - 21:47
Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Эн кемел ыйманга момундардын ичинен эң адеп-ахлактуусу ээ; ал эми силердин эң мыктыңар - өз аялдарыңарга жакшы мамиле кылганыңар!
” (Бул хадисти “жакшы ишенимдүү хадис” деп белгилеген ат-Тирмизи келтирет).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#214 26 Апрель 2014 - 21:55
#215 26 Апрель 2014 - 22:37
<b>
«Хади́с» (арабча
: الحديث
«сөз»)— Мухаммед пайгамбардын
(САВ
) санат сөздөрү («кауль»), жактыруулары (макул табуулары) («такрир»), көрүнүшү («васфи») же кылган иш-аракеттери («филь»). Хадистер Сахабалардын
жардамы менен айтылып, сакталып келген
Хадистерди колдонуу Мухаммед пайгамбардын

убагында эле башталган. Ар бир хадис бири-бирине айтып жеткирген адамдардын үзгүлтүксүз чынжырчасынан - иснаддан туруш керек. Башкача айтканда жеткирүүгө катышкан, эң биринчи уккан адамдан баштап бардык инсандардын тизмеси. Бирок хадистин шексиздиги,
ырас экендиги (чын эле пайгамбар ушинтип айтканбы, же башка адамдар ойлоп чыгарганбы) үчүн үзгүлтүксүз иснад зарыл болгону менен, хадисти чындыка чыгаруу үчүн жетишсиз болгон. Жеткирүүчүлөрдүн толук тизмеси түзүлгөн соң, айтып берген адамдардын өмүр баяны изилденген.
Эгер, кайсы бир айтып берүүчүнүн начар эс-тутуму, психикалык жактан токтоо эместиги, же жөн гана чынчыл эместиги билинсе, анда ал адам – начар жеткирүүчү катары саналып, айтылган хадис шектүү болуп саналган. Хадистер аныгы жагынан шексиз (сахих), жакшы (хасан), начар, шектүү жана ойлоп чыгарылган (башка адам атайы ойлоп чыгарып, пайгамбар айткан деп жайылтуу, калп) болуп бөлүнгөн Хадистер жөн гана насаат болуп тим болбойт. Мухаммед пайгамбар, ким пайгамбар айтпаганды айтты деп жалаа жаап, пайгамбардын атынан айтса ал тозоктон орун алат деп айткан. Пайгамбардын бул сөзү кудайга баш ийүүчүлөргө катуу таасир эткен. Хадистердин маңызы - Куранда жазылгандарды кененирээк,
түшүнүктүүрөк кылып ачып берүү. Мисалы, Куранда
намаз
окуу буйрулган. Ал эми хадис намазды кандайча окуу керектигин түшүндүрөт.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#216 26 Апрель 2014 - 22:40
Белгилүү,
беделдүү хадис жыйноочулардын бири – имам Мухаммад ибн Исмаил аль-Бухари (810—870). Ал 700 миңдин тегерегинде хадис жыйнап, алардын 7400 гана «аль-Джами'
ас-Сахих» жыйнагына киргизген. Бул бардык хадистердин 1% ашыгыраагын гана түзөт. Ал эми калган хадистерин шектүү же начар хадис деп санаган
Эң көлөмдүү жыйнактардын бири 40 миң хадис камтыган имам Ахмад ибн Ханбалдын «аль-Муснад» жыйнагы (Ибн Ханбал 1 миллионго жакын хадис жыйнаган).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#217 26 Апрель 2014 - 22:53
Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун): «Мен Алланын элчиси алейхиссаламдын мындай дегенин уккан элем: «Кары адамдын жүрөгү эки (нерседе) жаш бойдон калат: бул дүйнөгө болгон сүйүүсүндө жана түгөнбөгөн үмүттөрүндө».
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#218 26 Апрель 2014 - 22:54
Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын саламдары жана салаваттары болсун) кызматчысы Абу Хамза Анас бин Малик ал-Ансаринин (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:
“Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламдары жана салаваттары болсун) мындай деген: “Чындыгында,
Аллах Өзүнүн кулунун тообасына силердин бирөөңөр чөлдө төөсүн жоготуп жиберип, кайра таап алганда сүйүнгөндөн да катуураак сүйүнөт”. (ал-Бухари; Муслим).Муслимдин айтылышында (Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламдары жана салаваттары болсун) мындай дегени кабардалат):
“Чындыгында,
Аллах Өзүнө тооба менен кайрылган кулуна силердин араңардан бирөөңөр каймал төөсү менен чөлдө баратып, анысы колунан суурулуп чыгып, анын бүткүл азыктары жана суусу менен (качып) кеткенде, (табылышынан) үмүтүн үзүп, дарактын түбүндө (абдан кайгырып) олтуруп караса, төөсү жанында турганын көрүп, ушунчалык катуу сүйүнгөндүктөн : “О Аллах - Сен менин кулум, ал мен Сенин Эгеңмин!” деп жиберген адамдан да катуу сүйүнөт”
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#219 26 Апрель 2014 - 22:55
Йахйа Сухайб бин Синандын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:
“Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) минтип айтты: “Момундардын абалы кандай сонун! Чындыгында,
анын абалында бардык нерсе ал үчүн жакшылык болуп чыга келет. Мындай нерсе момундардан башка эч кимге берилген эмес: эгер аны бир нерсе кубандырса,
ал (Аллахка) шүгүр кылат, бул ал үчүн жакшылык (сооп) болуп калат, а эгер ага бир балээ келген болсо, ал сабыр кылат да, бул да ага жакшылык болуп калат”. (Муслим).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#220 26 Апрель 2014 - 22:57
Абу Хурайра р.а бул хадисти баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты: “Ким Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирген болсо, мейманын сыйласын. Ким Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирген болсо, тууган-уруктары менен карым-катнашта болсун (аларга каралашсын).
Ким Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирген болсо, жакшы сөз сүйлөсүн, же унчукпасын”.
Бухарий жана Муслим.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео









Мобилдүү версия